Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 18-сентябры № 671

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

           "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо
            киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
                   долбооруна Кыргыз Республикасынын
                    Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

     Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. "Кыргыз   Республикасынын  Эмгек  кодексине  толуктоо  киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген  корутунду-
нун негизинде макулдук берилбесин.
     2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов


2006-жылдын 18-сентябры № 20-7/57

                                                 Кыргыз Республикасынын
                                                 Жогорку Кењешине

           "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо
            киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
              долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
                              КОРУТУНДУСУ

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз  Республикасынын  Жогорку
Кењешинин депутаттары Б.Мурзубраимов, А.Марипов жана М.Мамасаидов тара-
бынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо
киргизүү  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,
аны кабыл алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.
     Бул Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин коом-
дук тапшырмаларды  аткарууда  жумушчуга  келтирилген  зыян  үчүн  жумуш
берүүчүнүн  жоопкерчилигин кароочу жањы статья менен толуктоо сунуш кы-
лынат.
     Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  жумушчу  менен жумуш
берүүчүнүн ортосундагы эмгек мамилелери эмгек келишиминин негизинде ке-
лип чыгат.
     Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 1-бөлүмүнүн  6-статьясынын
6-бөлүгүнө  ылайык  аталган Кодекс,  эмгек укугунун нормаларын камтуучу
мыйзамдар  жана  башка  нормативдик  укуктук  актылар  жарандык-укуктук
мүнөздөгү  келишимдер (подряд,  тапшыруу ж.б.у.с.) боюнча йщтеген адам-
дарга жайылтылбайт. Бул негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин
225-статьясынын,  жумуш берүүчү менен эмгектик мамиледе турбаган, бирок
жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу убагында зыян тарткан жумушчуга зыяндын
ордун  толтуруу бөлүгүнө толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Эмгек
кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн нормасына каршы келет.
     Жогоруда баяндалгандардын  негизинде "Кыргыз Республикасынын Эмгек
кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын
бул долбоорун кабыл алуу, максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов