Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 18-сентябры №682
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө
Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын зонасына киргендик үчүн
автотранспорттон акы алууну тартипке салуу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40
«Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому
менен бекитилген «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобого
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 31-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтарга
алмаштырылсын:
«Биосфералык аймакка кире беришке экологиялык посттор коюлат жана
автотранспорттун киргени үчүн жыйым алынат. Жыйымды «Ысык-Көл»
биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын атайын ыйгарым укуктуу
органдары аныкталган тартипте алышат. Автотранспорттун киргени үчүн
жыйымдын өлчөмдөрүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын Башкы дирекциясы
иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча
мамлекеттик органы бекитет.
«Ысык-Көл» биосфералык аймагына киргенде төмөнкүлөрдөн жыйым
алынбайт:
- региондун тургундарынын Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин биосфералык аймактагы органдарында аныкталган тартипте
каттоого алынган транспорт каражаттарынан;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана аларга
тењештирилген адамдардын, жаратылышты коргоонун жана токой чарбанын
эмгек сињирген кызматкерлеринин транспорт каражаттарынан;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын бул аймакта кызматтык иштер
боюнча жүргөн кызмат адамдарын тейлеген транспорт каражаттарынан
(командировкалык жана кызматтык күбөлүктөрү болсо);
- укук коргоо органдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча
мамлекеттик органдын структураларынын кызматкерлеринин транспорт
каражаттарынан;
- аскердик кошуундардын атайын ташууларды аткарган транспорт
каражаттарынан;
- балдарды жайкы эс алуу лагерлерине уюшкандыкта ташыган
автобустардан;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы
менен бирдикте бекиткен тизмеге киргизилген, Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бекиткен график боюнча Ысык-
Көл жана Нарын облустарынын калктуу конуштарына баруучу автобустук
маршруттарда туруктуу рейстерди аткарган чоњ автобустардан.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 263
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40
«Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»
токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп
эсептелсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов