Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 18-сентябры №682

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
       24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө
         Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
                    толуктоолорду киргизүү жөнүндө

   «Ысык-Көл»   биосфералык   аймагынын   зонасына   киргендик    үчүн
автотранспорттон   акы   алууну  тартипке  салуу   максатында   Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
   
   1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40
«Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому
менен   бекитилген  «Ысык-Көл»  биосфералык  аймагы   жөнүндө   Жобого
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
   -  31-пунктунун  биринчи  абзацы төмөнкүдөй  мазмундагы  абзацтарга
алмаштырылсын:
   «Биосфералык аймакка кире беришке экологиялык посттор  коюлат  жана
автотранспорттун   киргени  үчүн  жыйым  алынат.  Жыйымды   «Ысык-Көл»
биосфералык  аймагынын  Башкы  дирекциясынын  атайын  ыйгарым  укуктуу
органдары  аныкталган тартипте алышат. Автотранспорттун  киргени  үчүн
жыйымдын  өлчөмдөрүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын Башкы дирекциясы
иштеп  чыгат жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо  боюнча
мамлекеттик органы бекитет.
   «Ысык-Көл»   биосфералык  аймагына  киргенде  төмөнкүлөрдөн   жыйым
алынбайт:
   -   региондун  тургундарынын  Кыргыз  Республикасынын  Ички   иштер
министрлигинин биосфералык аймактагы органдарында аныкталган  тартипте
каттоого алынган транспорт каражаттарынан;
   -   Улуу   Ата  Мекендик  согуштун  катышуучуларынын  жана   аларга
тењештирилген  адамдардын, жаратылышты коргоонун жана  токой  чарбанын
эмгек сињирген кызматкерлеринин транспорт каражаттарынан;
   -  мамлекеттик  башкаруу органдарынын бул аймакта  кызматтык  иштер
боюнча  жүргөн  кызмат  адамдарын  тейлеген  транспорт  каражаттарынан
(командировкалык жана кызматтык күбөлүктөрү болсо);
   -  укук  коргоо  органдарынын  жана  айлана-чөйрөнү  коргоо  боюнча
мамлекеттик   органдын  структураларынын  кызматкерлеринин   транспорт
каражаттарынан;
   -   аскердик  кошуундардын  атайын  ташууларды  аткарган  транспорт
каражаттарынан;
   -   балдарды   жайкы   эс  алуу  лагерлерине  уюшкандыкта   ташыган
автобустардан;
   - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы
менен  бирдикте  бекиткен тизмеге киргизилген, Кыргыз  Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бекиткен график боюнча Ысык-
Көл  жана  Нарын  облустарынын калктуу конуштарына баруучу  автобустук
маршруттарда туруктуу рейстерди аткарган чоњ автобустардан.».
   2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 263
«Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2000-жылдын  24-январындагы  №  40
«Ысык-Көл»   биосфералык  аймагы  жөнүндө  Жобону  бекитүү   тууралуу»
токтомуна  толуктоо  киргизүү  жөнүндө»  токтому  күчүн  жоготту   деп
эсептелсин.
   3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

     Премьер-министр                                   Ф.Кулов