Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары,Јкмјт Ійі
2007-жылдын 9-апрели №102
   
                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
                                     
            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
                      өзгөртүулөрдү киргизүү жөнүндө
                                     
   «Кыргыз  Республикасынын  Баткен облусунун Кадамжай  районундагы  айрым
айылдык  жана  поселкалык  кењештерди, шаар  тибиндеги  поселокторду  жана
айылдарды  кайра  атоо  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына  ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
   1.   «Кыргыз  Республикасынын  бийик  тоолуу  жана  алыскы  зоналарында
жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377  токтомунун  №  1
тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
   -  «Кадамжай  району» бөлүмүнүн «Калктуу конуштун аталышы» графасындагы
«Хайдаркен»  деген  сөз  «Айдаркен»  деген  сөзгө  алмаштырылсын,   «Кичи-
Хайдаркен» деген сөздөр «Кичи-Айдаркен» деген сөзгө алмаштырылсын.
   2.  «Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана туракжай фондун  каттоого
даярдык  көрүү жана аны өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн
2006-жылдын  31-майындагы  №  396 токтомунун №  1  тиркемесине  төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
   «Баткен  облусу»  бөлүмүнүн «Кадамжай» позициясындагы  «Кетерме»  деген
сөз «Көтөрмө» деген сөзгө алмаштырылсын.
   
   Премьер-министр                                    А.Атамбаев