КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 22-июну № 243
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун
жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби
жөнүндө типтүү жобо тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 3-сентябры № 602 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага
берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө тиркелген типтүү жобо жактырыл-
сын.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 3-сентябры № 602 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Жогоруда аталган Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин бекитүүсүнө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-
гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Кыргыз
Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри
аталган Типтүү жобону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайында-
лышсын.
4. "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага
берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-августундагы № 461 токтому жо-
горуда аталган Типтүү жобону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бе-
киткен күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев