Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                         КР Өкмөтүнүн
          2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык
                         КҮЧҮН ЖОГОТТУ


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 14-сентябры № 409

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине 
          өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

     Командировкага жиберилчү  кызматкерлерди социалдык коргоону артты-
руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы №
635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тарти-
бин  белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо кир-
гизилсин:
     - 1-пунктунда:
     "100 сом"  деген цифра жана сөз "200 сом" деген цифрага жана сөзгө
алмаштырылсын;
     төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
     "Командировкалык сарптоолордун нормалары көбөйтүлгөнгө байланыштуу
кошумча  чыгымдар мамлекеттик мекемелер үчүн каралган каражаттардын че-
гинде төлөнөт.".
     2. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы №
388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыла-
рына өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна тө-
мөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     - 3-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.
     3. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев