Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                             КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 18-ноябрындагы №277
токтомунун редакциясына ылайык
күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 19-сентябры № 418

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

       Ветеринардык препараттарга контролду жана сертификаттоону
                      уюштуруу маселелери жөнүндө

     Ветеринардык дары каражаттардын сапатына контролду уюштуруу, алар-
ды  каттоону жана сертификаттоону камсыздоо максатында Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №
562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын  ишке  ашыруу
боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
     - 5-пунктунун биринчи абзацында "Ветеринардык препараттарды" деген
сөздөрдөн  жана 7-пунктунун үчүнчү абзацында "Ветеринардык препараттар-
ды" деген сөздөрдөн кийинки "стандартташтырууну" деген сөз алып  салын-
сын.
     2. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине ка-
раштуу Ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификаттоо  боюнча
мамлекеттик лаборатория жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
     3. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги каржылоонун жана материалдык-техникалык жабдуунун мурда
каралган көлөмүн эске алуу менен Мамлекеттик лабораторияны кармоого жа-
на приборлор, жабдуулар менен жабдууга жыл сайын каражат бөлүүнү, лабо-
раторияны аккредитациялоону жана ага тапшырылган милдеттерди ишке  ашы-
рууну камсыз кылуу максатында кадрларды окутууну караштырсын.
     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө тапшырылсын.

      Премьер-министр                                      А.Атамбаев