Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                            КР Өкмөтүнүн
          2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык
                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-декабры № 567

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

                "Командировкалык чыгымдардын нормаларын
            жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө"
             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
             12-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү
                           киргизүү тууралуу

     Командировкага жиберилчү кызматкерлерди социалдык коргоо максатын-
да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы  №
635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тарти-
бин белгилөө жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине  төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр
киргизилсин:
     - "Казакстан" деген позициядагы "30",  "20" жана "60" деген сандар
тиешелүү түрдө "40", "30" жана "70" деген сандарга алмаштырылсын;
     - "КЭР" деген позициядагы "21",  "15" жана "69" деген сандар  тие-
шелүү түрдө "30", "20" жана "75" деген сандарга алмаштырылсын;
     - "Россия" деген позициядагы "30", "20" жана "75" деген сандар ти-
ешелүү түрдө "40", "30" жана "80" деген сандарга алмаштырылсын;
     - "Тажикстан" деген позициядагы "20",  "15" жана "50" деген сандар
тиешелүү түрдө "30", "20" жана "70" деген сандарга алмаштырылсын;
     - "Өзбекстан" деген позициядагы "20",  "10" жана "50" деген сандар
тиешелүү түрдө "30", "20" жана "70" деген сандарга алмаштырылсын.
     2. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
     милдетин аткарып жаткан биринчи
     вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу        И.Айдаралиев