Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-марты № 112
 
               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
     
             Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке
                салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа
            өлкөлөрү менен визалык режимди белгилөө жөнүндө
 
     Кыргыз Республикасы  менен Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн
жарандарынын өз ара катташуу режимин тартипке салуу  максатында  Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. Албания Республикасынын,  Болгария Республикасынын, Босния жана
Герцеговинанын,  Македония Республикасынын, Польша Республикасынын, Ру-
мыния Республикасынын,  Сербия Республикасынын,  Словения Республикасы-
нын,  Словакия  Республикасынын,  Хорватия Республикасынын,  Черногория
Республикасынын, Чехия Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз  Республи-
касына келүүдө визалык тартип өз аралык принципте белгиленсин.
     2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тийиштүү  мамле-
кеттерге дипломатиялык каналдар боюнча маалымдасын.
     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын
Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-
гине, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына жана Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине жүктөлсүн.
 
     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов