КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 10-декабры № 90
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2003-жылдын 17-февралындагы № 37, 2008-жылдын 18-июлундагы № 158, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307, 2013-жылдын 13-февралындагы № 15, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2013-жылдын 3-августундагы № 185, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2015-жылдын 24-июлундагы № 188, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат, көрсөтүлгөн маркалоого ылайык сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилейт, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктайт.
(Экинчи абзац КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(3-14-абзацтар КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Главанын аталышы КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан мамилелерди укуктук жөнгө салуу
1. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынуучу башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органдарына керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө нормалар камтылган актыларды кабыл алууну тапшыра албайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
керектөөчү - тапшырык берүүгө же сатып алууга ниеттенген же болбосо пайда көрүү менен байланышпаган, жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) тапшырык берүүчү, сатып алуучу же пайдалануучу жаран;
даярдоочу - өз атынан продукция өндүрүүнү же аны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу жана анын техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу үчүн жооптуу юридикалык же жеке ишкер катары катталган жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;
аткаруучу - менчигинин түрүнө карабастан кайтарымдуу келишим боюнча иш аткарган же керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер;
сатуучу - сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишими боюнча товарларды сатуучу жана кызматтарды көрсөтүүчү уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан уюм, жеке ишкер жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда жаран (жеке жак);
ылайыктуулук сертификаты - продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилге чыгаруу процесстеринин, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына ылайык келүүсүн ырастоочу документ;
стандарт - көп жолку ыктыярдуу пайдалануу үчүн продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү белгиленген, консенсустун негизинде иштелип чыккан документ. Стандарт терминологияга, символикага, таңгактоого, маркировкалоого жана/же этикеткалоого карата коюлуучу талаптарды да камтышы мүмкүн;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) кемчилиги же талаптагыдай эмес сапаттагы товар - товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) стандартка, келишимдин шарттарына же товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына карата адатта коюлуучу талаптарга ылайык келбегендиги;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) олуттуу кемчилиги - товарлардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) максаттуу багытына ылайык пайдаланылышына мүмкүндүк бербеген же жол бербеген же болбосо четтетүү мүмкүн болбогон, же болбосо четтеткенден кийин деле кайрадан пайда боло берген, же болбосо аны четтетүү үчүн чоң чыгымдар талап кылынган, же болбосо келишим түзүүдө анын кесепетинен керектөөчү эсептөөгө укуктуу болгондордун кыйласынан ажырап калган кемчилик;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугу - кадимки шартта пайдаланууда, сактоодо, ташууда жана утилдештирүүдө керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугу, ошондой эле ишти (кызмат көрсөтүүнү) аткаруу процессинин коопсуздугу;
соода предмети ар кандай товарды, продукцияны, кызмат көрсөтүүнү же соода кызмат көрсөтүүлөрүн чыгарууну камтыйт, бирок чектебейт;
сатып алуу-сатуу келишими - товардын сапаты, мөөнөтү, баасы жана сатып алуу-сатуунун башка шарттары, иштердин аткарылышы, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө сатуучу (аткаруучу) менен керектөөчүнүн ортосундагы макулдашуу;
мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар;
ыйгарым укуктуу орган - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
монополияга каршы мамлекеттик орган - товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
виртуалдык активди сатууу – виртуалдык активди улуттук же чет өлкөлүк валютага алмаштыруу. Бир виртуалдык активди башка виртуалдык активге алмаштыруу аны сатуу болуп таанылбайт.
мониторинг жүргүзүү - фото- жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлүүчү жана ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузууларды табууга жана четтетүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин ишин байкоо, чогултуу, түшүрүү, талдоо процесси, ал текшерүү болуп саналбайт жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп бере албайт. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар табылган учурда монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан табылган бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берилет. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуулар кайрадан табылган учурда табылган бузууларды четтетүү жөнүндө монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан жазма эскертүү чыгарылат, аны аткаруу милдеттүү мүнөзгө ээ болот.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган эл аралык келишимде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө ушул Мыйзамда каралгандагыдан башкача эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
3-берене. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагынан агартууга керектөөчүлөрдүн укугу
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагынан агартууга керектөөчүлөрдүн укугу мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана жалпы билим берүү жана кесиптик программаларга тийиштүү талаптарды киргизүү жолу менен, ошондой эле өз укуктары жөнүндө жана ушул укуктарды коргоо боюнча зарыл аракеттер жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат берип туруу системасын уюштуруу аркылуу камсыз кылынат.
4-берене. Товардын (иштин, кызматтын) сапаты жана саны
1. Сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө сапаты жана саны келишимге ылайык келген товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
2. Келишимде товардын (иштин, кызматтын) сапаты жөнүндө шарттар айтылбаса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө адатта ошол максатта пайдаланылуучу товарды (ишти, кызматты) берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
3. Эгерде сатуучу, аткаруучу келишим түзгөн учурда товарды сатып алуунун (ишти аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн) конкреттүү максаттары жөнүндө керектөөчү тарабынан кабарландырылса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул максатка ылайык пайдалануу үчүн жарактуу болгон товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
4. Үлгүсү жана (же) сүрөттөлүшү боюнча товарды сатууда сатуучу керектөөчүгө үлгүгө жана (же) сүрөттөлүшүнө ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, эрежелердин жыйындысында жана келишимдердин шарттарында товардын коопсуздугуна карата милдеттүү талаптар жана товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатына карата талаптар каралса, сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул талаптарга ылайык келген товарды өткөрүп берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
6. Керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында акы төлөйт. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда товарларга, иштерге жана кызматтарга акы төлөө алдын ала төлөөнү киргизүү жолу менен да жүргүзүшү мүмкүн.
Керектөөчү чыны менен алган товардын (иштин, кызматтын) эсебин алуу таразалардын, приборлордун, аспаптардын, эсептегичтердин жана башка өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөө каражаттарынын көрсөтүүлөрү боюнча сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) тарабынан жүргүзүлөт, камсыз кылынат.
Аталган жана керектөөчү алган товарлардын (иштердин, кызматтардын) санынын жекече эсебин алуунун башка чен-өлчөм приборлору сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) менчиги болуп эсептелет жана ал тарабынан тейленет.
Эгерде сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүгө келишимде каралгандан аз санда товар (иш, кызмат) берсе, келишимде башкача каралба- са, мындай учурда сатуучу керектөөчү тарткан чыгымдын ордун толук төлөп берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2013-жылдын 13-февралындагы № 15, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтүн, жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле товардын (иштин) кепилдик мөөнөтүн белгилөө жагындагы укуктары жана милдеттери
1. Узакка пайдаланылуучу товарга (ишке) даярдоочу (аткаруучу) колдонулуу мөөнөтүн - даярдоочу (аткаруучу) керектөөчүгө товарды (ишти) тиешесине жараша пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана анын күнөөсү менен пайда болгон олуттуу кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартуу аралыгында милдеттенген мезгилди белгилөөгө укуктуу.
2. Даярдоочу (аткаруучу) узак пайдаланылуучу товардын (иштин), анын ичинде белгилүү мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу үчүн коркунуч келтирүү, анын мүлкүнө же курчаган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон комплектилөөчү жасалгалардын (тетиктердин, тоомдордун, агрегаттардын) колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү. Мындай товарлардын (иштердин) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтү убакыт бирдиктери, ошондой эле товардын функциялык багыттарына (иштин натыйжасына) негизденүү менен башка өлчөө бирдиктери (километр, метр жана башка бирдиктер) менен эсептелиши мүмкүн.
4. Тамак-аш азыктарына, парфюмериялык-косметикалык товарларга, медикаменттерге, турмуш-тиричилик химиясынын товарларына жана башка ушул сыяктуу товарларга (иштерге) даярдоочу (аткаруучу) жарактуулук мөөнөтү - өтүп кеткенден кийин товар (иш) максатына жараша пайдалануу үчүн жараксыз жана керектөөчүлөргө сатып өткөрүүгө болбойт деп эсептеле турган мезгилин белгилөөгө милдеттүү. Мындай товарлардын (иштердин) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Белгиленген мөөнөтүнөн өтүп кеткен товарды, ошондой эле колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгону менен, андай мөөнөт коюлбаган товарды сатууга (иштерди аткарууга) тыюу салынат.
6. Даярдоочу (аткаруучу) товарга (ишке) кепилдик мөөнөт - анын ичинде товарда (иште) кемчилиги табылган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) ушул мыйзамдын 17 жана 38-беренелеринде белгиленген керектөөчүнүн талабын аткарууга милдетүү болгон мезгилин белгилөөгө милдеттүү.
Товардын кемчилдиги айкындалган учурда сатуучу тарабынан белгилиленген кошумча кепилдик мөөнөттүн ичинде сатуучу ушул Мыйзамдын 17 жана 38-беренелеринде белгиленгендей керектөөчүнүн талабын канааттандырууга милдеттүү.
Керектөөчү сатуучу тарабынан белгиленген кепилдик мөөнөттүн ичинде товардын кемчилиги табылган учурда сатуучуга коюуга укуктуу болгон талаптар, ушул талаптарды канааттандыруу тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле сатуучунун жоопкерчилиги керектөөчү менен сатуучунун ортосунда түзүлүүчү келишим менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Керектөөчүнүн товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугуна укугу
1. Керектөөчү товар (иш, кызмат) кадимки шартта пайдаланылып, сакталып, ташылып жана утилге чыгарылган учурда керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, айлана-чөйрө үчүн коопсуз болушуна, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирбөөсүнө укуктуу.
Керектөөчүнүн өмүрү жана ден соолугу, курчаган чөйрө үчүн товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугун камсыз кылууга тийиш болгон талаптар, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу милдеттүү болуп саналат жана мыйзамда аныкталган тартипте белгиленет.
2. Даярдоочу (аткаруучу) белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн же товардын (иштин, кызматтын) жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде товардын (иштин) коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
Товардын (иштин) коопсуздугун камсыз кылбоонун кесепетинен керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян ушул мыйзамдын 15-беренесине ылайык өндүрүлүүгө тийиш.
3. Эгерде товарды (ишти, кызматты) пайдалануу, сактоо, ташуу жана утилге чыгаруу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын эрежелерди (мындан ары - эрежелер) сактоо зарыл болсо, даярдоочу (аткаруучу) товардын (иштин), кызмат көрсөтүүнүн коштомо документациясында, этикеткасында марка коюу же башка ыкма менен ушул эрежелерди көрсөтүүгө, ал эми сатуучу (аткаруучу) ушул эрежелерди керектөөчүгө маалымдап жеткирүүгө милдеттүү.
4. Техникалык регламенттер менен керектөөчүнүн өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу жана керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирүүгө жол бербөөчү талаптар белгиленген товар (иш, кызмат), ошондой эле керектөөчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуздукту камсыз кылуучу каражаттар белгиленген тартипте ылайык келүүсүн милдеттүү түрдө ырастоого тийиш. Милдеттүү сертификациядан өткөрүлүүгө тийиш болгон товарлардын (иштердин, кызматтардын) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Эгерде керектөөчү тарабынан товарды (ишти) пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелери сакталганы менен ал керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирсе же зыян келтириши мүмкүн экендиги белгилүү болгон учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) зыян келтирүүнүн себебин четтеткенге чейин, аны чыгарууну (сатып өткөрүүнү) дароо токтото турууга, ал эми зарыл учурларда аны жүгүртүүдөн алып салуу жана керектөөчүдөн (керектөөчүлөрдөн) чакырып алуу боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
Эгерде зыян келтирүүнүн себебин четтетүү мүмкүн болбогон учурда, даярдоочу (аткаруучу) мындай товарды (ишти, кызматты) өндүрүштөн алып салууга милдеттүү. Даярдоочу (аткаруучу) товарды, (ишти, кызматты) өндүрүштөн алып салуу милдетин аткарбаган учурда, аны жүгүртүүдөн чыгаруу жана керектөөчүлөрдөн жыйноо товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органынын (анын аймактык органдарынын) буйругу боюнча жүргүзүлөт.
Товарды (ишти, кызматты) кайта алууга байланыштуу керектөөчүгө келтирилген зыян даярдоочу (аткаруучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.
6. Эгерде сатуучу (аткаруучу) керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирген товарларды саткан (иштерди аткарган)учуру аныкталса, мындай товарлар (иш) сатуучудан (аткаруучудан) мыйзамда белгиленген тартипте алынып коюлат.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Керектөөчүнүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу жана товарлар (иштер,кызматтар) жөнүндө маалымат алуу укугу
1. Керектөөчү даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу, анын иш режими жана ал сатып жаткан товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө зарыл жана так маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар соода-сатык келишими жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) жөнүндө келишимдер түзүлгөн учурда кадимки жана күнүмдүк билим тармагындагы сөздөрдү, алгылыктуу өлчөмдөгү шрифти же кагаз бетинде даана көрүнгөн сыяны пайдалануу менен мамлекеттик жана орус тилдеринде керектөөчүлөрдү тейлөөнүн айрым чөйрөлөрүндө кабыл алынган ыкмалар менен көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү түрдө керектөөчүлөргө маалымдалат.
(КР 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө маалымат
1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) өз уюмунун фирмалык аталышын (аталыштарын), анын жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана иштөө режимин керектөөчүгө билдирүүгө милдеттүү. Сатуучу (аткаруучу) көрсөтүлгөн маалыматтарды көрнөктүн бетине түшүрөт.
Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) - жеке ишкер - керектөөчүгө өзүн каттаган органдын аталышы жана мамлекеттик каттоо туурасында маалымат берүүгө тийиш.
2. Эгерде даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жүргүзүп жаткан иштин түрү (түрлөрү) лицензияланууга тийиш болсо, керектөөчүгө лицензиянын номери, анын колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалымат, ошондой эле керектөөчүнүн талабы боюнча ушул лицензия берген орган тууралу маалымат берилүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган маалыматтар ошондой эле соода-сатык, керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө убактылуу жайларда, жарманкелерде, күркөлөрдө жүргүзүлгөн учурда жана соода керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө сатуучу (аткаруучу) туруктуу жайгашкан жерден тышкары жерде жүргүзүлгөн башка учурларда да керектөөчүлөргө маалымдалууга тийиш.
9-берене. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматтар
1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.
Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек.
2. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) аталышын;
сунушталып жаткан иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн;
эгерде товар (иш, кызмат көрсөтүү) техникалык регламенттерде, стандарттарда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн ырастоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш болгон учурда, ылайык келүү белгисин;
техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө маркалоону;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги керектөөчүлүк касиеттери жөнүндө маалыматтарды, ал эми тамак-аш азыктарына карата - курамы жөнүндө маалыматтарды (анын ичинде аларды даярдоо процессинде пайдаланылуучу башка тамак-аш азыктарынын жана тамак-аш кошулмаларынын тизмегин), тамак-аш азыктарында гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу менен алынган компоненттердин болушу, тамак-аш азыктарынын салмагы жана көлөмү, калориялуулугу, аларда ден соолук үчүн зыяндуу заттардын камтылышы жөнүндө, ошондой эле оорулардын айрым түрлөрүндө колдонуу үчүн болбой турган жактары жөнүндө маалыматтарды (маркировкалоону);
товардын (иштин натыйжасынын) санын (көлөмүн) же комплекттүүлүгүн;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук валютадагы жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасын, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин, ошондой эле сатып алуу шарттарын;
эгерде ал ушул Мыйзамга ылайык белгиленсе, кепилдик мөөнөтүн;
товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) натыйжалуу жана коопсуз пайдалануу эрежелерин жана шарттарын;
товарлардын (иштердин) ушул Мыйзамга ылайык белгиленген даярдалган күнүн, колдонулуу мөөнөтүн же жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин керектөөчүнүн зарыл болгон аракеттери жана эгерде товарлар (иштер) көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирсе же арналышы боюнча пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса, мындай аракеттерди аткарбай коюунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтарды;
даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана даярдоочу (сатуучу) тарабынан керектөөчүлөрдөн дооматтарды кабыл алууга ыйгарым укук берилген жана товарды (ишти) оңдоочу жана техникалык жактан тейлөөчү уюмдун (уюмдардын) жайгашкан жерин;
эгерде аларды белгилөө Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде каралган болсо, товарлардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстары тууралуу, ошондой эле имараттардын, курулмалардын энергетикалык натыйжалуулугунун имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайыктуулугу тууралуу маалыматтарды;
товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү) эрежелери жөнүндө маалыматтарды.
Эгерде керектөөчү сатып алган товар мурда колдонулган болсо же анын кемчилиги (кемчиликтери) четтетилсе, керектөөчүгө бул тууралуу маалымат берилүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган маалыматтар товарларга (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тиркелүүчү техникалык документацияда, этикеткаларында,маркаларында же товарлардын (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) айрым түрлөрү үчүн кабыл алынган башка ыкма менен керектөөчүгө маалымдалууга тийиш. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ылайык келүүсүн ырастоо жөнүндө маалымат белгиленген тартипте маркалоо түрүндө жана сертификациялоо же декларациялоо жүргүзүлгөндүгү (ылайык келүүсү жөнүндө сертификаттын жана декларациянын номери) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен берилет.
Эгерде товарлардын техникалык документтери (техникалык паспорт, пайдалануу боюнча көрсөтмө жана башкалар) чет тилде болсо, анын кыргыз жана/же орус тилиндеги котормосу сөзсүз болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында кутуларга салынган же оролуп таңгакталган тамак-аш азыктары алардын даярдалган жери жана аларды жасаган жөнүндөгү маалыматтар менен жабдылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2008-жылдын 18-июлундагы № 158, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Сатуучунун (аткаруучунун) иш режими
1. Мамлекеттик, муниципалдык соода, турмуш-тиричилик уюмдарынын жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн башка түрлөрүнүн иштөө режими тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча белгиленет.
2. Соода, турмуш-тиричилик чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн башка түрлөрүн жүргүзгөн жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн уюмдардын, ошондой эле жеке ишкерлердин иш режими алардын өздөрү тарабынан өз алдынча белгиленет.
3. Сатуучунун (аткаруучунун) иш режими керектөөчүлөргө маалымдалат жана белгиленген убактысына ылайык келүүгө тийиш.
11-берене. Товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) жоопкерчилиги
1. (КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Эгерде товар (иш, кызмат) жөнүндө, ошондой эле даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес, башкача айтканда жалган же анча толук эмес маалымат берүү төмөндөгүлөргө алып келсе:
керектөөчү өзүнө зарыл болгон касиетке ээ эмес товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) сатып алса, керектөөчү келишимди бузууга жана тарткан товарга төлөнгөн сумманы толугу менен кайтарып алууну жана тарткан чыгымдарды калыбына келтирүүнү талап кылуу укуктуу. Мында керектөөчү товарды (аткарылган ишти) даярдоочуга (аткаруучуга, сатуучуга) кайтарып берүүгө милдеттүү;
сатып алган товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) өз максатында пайдаланууга мүмкүн болбосо, керектөөчү ага жетиштүү кыска мөөнөттө тийиштүү маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде андай маалымат айтылган мөөнөтүндө берилбесе, керектөөчү келишимди бузууга жана тарткан товарга төлөнгөн сумманы толугу менен кайтарып алууну жана тарткан чыгымдарды калыбына келтирүүнү талап кылуу акылуу. Мында керектөөчү товарды (аткарылган ишти) даярдоочуга (аткаруучуга, сатуучуга) кайтарып берүүгө милдеттүү.
керектөөчүгө берилгенден кийин товардын (иштин) кемчилдиги билинсе, ал ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-4-пункттарында каралган талаптарды сатуучуга (даярдоочуга) коюуга же аткаруучуга ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1-пунктунда каралган талаптарды коюуга укуктуу;
керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилген учурда, ал даярдоочудан (аткаруучудан, сатуучудан) ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган тартипте зыяндын ордунун толукталышын талап кылууга, ошондой эле керектөөчүнүн менчигинде (пайдалануусунда) турган жаратылыш об»ектилерине келтирилген чыгашанын ордун толук өндүрүп берүүнү талап кылууга акылуу.
3. Товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө жалган же анча толук эмес маалыматтардан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө керектөөчүнүн талаптары каралган учурда, товардын (иштин, кызматтын) касиеттери жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө керектөөчүнүн атайын билими жок экендиги жөнүндө болжолго таянуусу зарыл.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги
1. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамда же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн товарды сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишиминде каралган жоопкерчиликти тартат.
2. Керектөөчүгө келтирилген зыян ушул Мыйзамда же келишимде айып төлөм (пеня) ашкан толук суммасында өндүрүлүп берилүүгө тийиш.
3. Айып төлөмдү (пеняны) төлөө жана чыгашанын ордун толтуруу сатуучуну (даярдоочуну, аткаруучуну) керектөөчүнүн алдында ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан бошото албайт.
4. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) эгерде милдеттенмесин аткарбай коюу же аны туура эмес аткаруу колдон келбеген күчтүн кесепетинен, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча болгондугун далилдей алса, милдеттенмесин аткарбагандыгы үчүн же милдеттенмесин туура эмес аткаргандыгы үчүн тарта турган жоопкерчиликтен бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене. Товардын (иштин, кызматтын) кемчилигинен улам келтирилген зыян үчүн мүлктүк жоопкерилик
1. Товардын (иштин, кызматтын) конструктивдүү өндүрүштүк рецептуралык же башка кемчиликтеринин кесепетинен керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.
2. Товардын (иштин, кызматтын) кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыянды өндүрүүнү талап кылуу укугуна сатуучу (аткаруучу)менен келишимдик мамиледе болгондугуна же болбогондугуна карабастан ар кандай жапа чегүүчү ээ.
3. Керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян товардын (иштин) белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн же жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде келтирилсе, анда зыян өндүрүлүп берилүүгө тийиш.
Эгерде ушул Мыйзамга ылайык даярдоочу (аткаруучу) тарабынан товарга (ишке) колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлууга тийиш болуп, бирок ал коюлбаса, же товар сатылган (иш аткарылган) керектөөчү колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийинки зарыл аракеттер жана көрсөтүлгөн аракеттер аткарылбаган учурда, мүмкүн болуучу натыйжалар жөнүндө эскертилбесе, зыян келтирилген убактысына карабастан кайтарылууга тийиш.
Товардын кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыян жабыркоочунун каалоосу боюнча сатуучу же даярдоочу тарабынан товар өндүрүлүп берилет.
Иштин же кызмат көрсөтүүнүн кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыян аткаруучу тарабынан өндүрүлүп берилүүгө тийиш.
4. Даярдоочу (аткаруучу) материалдарды, жабдууларды, аспаптарды жана товар чыгаруу (иш аткаруу, кызмат көрсөтүү) үчүн зарыл болгон башка каражаттарды пайдаланууга байланыштуу керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат, мында илимий жана техникалык билимдердин деңгээли алардын өзгөчө касиетин табууга мүмкүндүк берээр бербеси эске алынбайт.
5. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) колдон келбес күчтүн кесепетинен же керектөөчү товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелерин бузгандыктан зыян келтирилгендигин далилдей алса, жоопкерчиликтен бошотулат.
14-берене. Моралдык зыянды компенсациялоо
Даярдоочунун (аткаруучу, сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде аткарган уюмдун бузуусунан улам керектөөчүгө келтирилген моралдык зыян, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы мамилелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана нормативдик укуктук актыларында каралган керектөөчүнүн укуктары зыян келтирүүчүнүн күнөөсү болгон учурда компенсацияланат. Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмү сот тарабынан аныкталат.
Моралдык зыянды компенсациялоо мүлктүк зыяндын жана керектөөчү тарткан зыяндын орду толтурулгандыгына карабастан ишке ашырылат.
15-берене. Керектөөчүнүн укуктарын кыскан келишимдин шарттарынын жараксыздыгы
1. Керектөөчүнүн укуктарын кыскан жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келген келишимдин шарттары жараксыз деп табылат.
Эгерде керектөөчүнүн укуктарын кыскан келишимди аткаруунун натыйжасында керектөөчү чыгаша тартса, ал даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.
2. Бир товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууну башка товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) милдеттүү түрдө сатып алуу менен шарттоого тыюу салынат. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) эркин тандап алууга керектөөчүнүн укугун бузуунун кесепетинен ага келтирилген зыян сатуучу (аткаруучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлөт.
3. Сатуучу (аткаруучу) керектөөчүнүн макулдугусуз акыга кошумча кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Керектөөчү өзүнүн макулдугусуз көрсөтүлгөн кошумча кызмат үчүн төлөнгөн сумманы кайтарууну сатуучу (аткаруучудан) талап кылууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын соттук, администрациялык жана коомдук коргоо
1. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө доолор сотко Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелерге ылайык берилет.
3. Мамлекеттик монополияга каршы орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде сотко чейинки коргоону жүзөгө ашырат, ошондой эле керектөөчүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко доо берүүгө укуктуу.
4. Укуктарынын бузулушу менен байланышкан доолор боюнча керектөөчүлөр, ошондой эле монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн) кызыкчылыгы үчүн коюлган доолор боюнча керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.
5. Сот керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн), керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамда белгиленген талаптарын канааттандырганда, сот керектөөчүнүн укугун бузган сатуучудан (даярдоочудан, аткаруучудан) керектөөчүнүн талаптарын канааттандыруунун ыктыярдуу тартибин сактабагандыгы үчүн доонун баасынын өлчөмүндө республикалык бюджетке айып тарттыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгерде керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн) укугун коргоо үчүн доо арызы менен чыгышса, өндүрүлгөн айыптын суммасынын элүү пайызы көрсөтүлгөн бирикмелерге (алардын союздарына, ассоциацияларына) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына которулат.
6. Ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулуу фактылары каралганда жана алар бузуучуларга айып салганда, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) материалдары боюнча салынган айыптардын суммасынын отуз пайызы ошол коомдук бирикмелердин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) бюджетине которулат.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II бөлүм.
Керектөөчүлөргө товарды
сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
17-берене. Сапаты жакшы эмес товарды сатуунун кесепеттери
1. Эгерде сатуучу тарабынан эскертилбеген сапаты жакшы эмес товар сатылса, керектөөчү өз каалоосу боюнча:
товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү;
сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну;
ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну;
сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну;
Соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылат.
Мында керектөөчү ошондой эле сапаты жакшы эмес товарды сатуунун кесепетинен өзүнө келтирилген чыгашанын ордун толук толтурууну талап кылууга укуктуу. Чыгаша керектөөчүнүн тийиштүү талаптарын канааттандыруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өндүрүлөт.
Ушул пункттун төртүнчү-алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөндөй техникалык жактан татаал товарларга карата керектөөчүнүн талабы мындай товарлардан олуттуу кемчиликтер табылган учурда канааттандырылат. Мындай товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Керектөөчүлөргө сатуу үчүн сатуучу комиссиянын келишими боюнча сатып алган товарларга карата, ушул пункттун экинчи жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн керектөөчүнүн талаптары сатуучунун макулдугу менен канааттандырууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучуга же сатуучунун милдетин аткарган уюмга керектөөчү тарабынан коюлат.
3. Керектөөчү ушул берененин 1-пунктунун экинчи жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптарды даярдоочуга же аны менен келишимдин негизинде даярдоочунун милдетин аткарган уюмга коюуга укуктуу.
Мындай талаптарды коюунун ордуна керектөөчү сапаты жакшы эмес товарды даярдоочуга кайтарып берүүгө жана мындай товарга төлөнгөн сумманын кайтарылышын талап кылууга укуктуу.
4. Жарактуулук мөөнөтү коюлган сапаты начар товарды кректөөчү сатып алган учурда сатуучу мындай товарды сапаты жакшы товарга алмаштырып берүүгө же эгерде товардын кемчилиги жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде табылса керектөөчүгө төлөнгөн сумманы кайтарып берүүгө милдеттүү.
5. Керектөөчүнүн талаптары керектөөчү тарабынан товардын же кассалык чек же товарларды накталай эмес формада төлөгөндүгүн ырастаган документ көрсөтүлгөндө, ал эми кепилдик мөөнөтү коюлган товарларга карата техникалык паспорту же башка аны алмаштырган документи көрсөтүлгөндө каралат.
Сатуучу керектөөчүгө товардык чек же сатып алуу фактысын күбөлөндүргөн башка документ берүүгө милдеттүү.
Сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм сапаты жакшы эмес товарды керектөөчүдөн кабыл алууга, ал эми зарыл учурда товардын сапатын текшерүүгө милдеттүү. Керектөөчү товардын сапатын текшерүүгө катышууга укуктуу.
Товардын кемчиликтеринин пайда болуу себептери жөнүндө талаш чыкканда сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм өз эсебинен товарды экспертизадан өткөрүүгө милдеттүү.
Эгерде товарды экспертизалоонун негизинде анын кемчилиги товарды керектөөчүгө аны пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелерин бузуунун, үчүнчү адамдардын же колдон келбес күчтүн таасиринин кесепетинен пайда болгондугу аныкталса, керектөөчү сатуучуга (даярдоочуга) же келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмга экспертиза өткөрүүгө кеткен, ошондой эле аны өткөрүүгө байланыштуу товарды сактоого жана ташууга кеткен чыгымдарды өндүрүп берүүгө милдеттүү.
Сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм, эгерде товардын кемчилиги керектөөчүгө товарды өткөрүп бергенден кийин аны пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелерин бузуунун, үчүнчү бирөөлөрдүн же колдон келбес күчтүн аракеттеринин кесепетинен пайда болгондугун далилдей албаса, керектөөчүнүн талаптарын канааттандырууга милдеттүү.
6. Көлөмү чоң товарды жана салмагы беш килограммдан ашкан товарды ремонт, арзандатуу, алмаштыруу үчүн жеткирүү жана керектөөчүгө кайтарып берүү сатуучунун (даярдоочунун) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмдун күчү менен жана анын эсебинен ишке ашырылат. Бул милдет аткарылбаган, ошондой эле сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм болбогондо керектөөчү турган жерге көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү жана кайта алып келүү керектөөчү тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. Мында сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү жана кайтарып келүү менен байланышкан чыгымдарды керектөөчүгө толуктап берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 24-июлундагы № 188, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларында ылайык)
18-берене. Товардын кемчилигине карата талаптарды керектөөчү тарабынан коюу мөөнөтү
1. Керектөөчү эгерде товардын кемчилиги ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык даярдоочу белгилеген кепилдик мөөнөттүн же жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде табылса, ушул Мыйзамдын 17-беренесинде белгиленген товардын кемчиликтерине карата талаптарды коюуга укуктуу.
Эгерде товарлардын кемчилиги аны керектөөчүгө берген күндөн тартып алты айдын ичинде табылса, ал эми жылбас мүлккө карата аны керектөөчүгө берген күндөн тартып эки жылдан ашпаган мөөнөттүн ичинде берилсе жана мыйзамда же келишимде мындан узак мөөнөттөр белгиленбесе, кепилдик мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлбаган товарларга карата керектөөчү жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды коюуга укуктуу.
2. Товардын кепилдик мөөнөтү, ошондой эле анын колдонулуу мөөнөтү товар керектөөчүгө сатылган күндөн тартып эсептелет. Эгерде товар сатылган күндү тактоо мүмкүн болбосо, ушул мөөнөт товар даярдалган күндөн тартып эсептелет.
Мезгилдүү товарлар (бут кийим, кийим жана башкалар) үчүн ушул мөөнөттөр тийиштүү мезгил башталган учурдан тартып эсептелет, анын башталуу мөөнөтү керектөөчү жашаган жердин климаттык шарттарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Товарлар үлгүлөрү боюнча почта аркылуу сатылган учурда, ошондой эле эгерде соода-сатык келишими түзүлгөн учур менен товарды керектөөчүгө өткөрүү учуру дал келбеген учурларда, ушул мөөнөттөр товарды керектөөчүгө жеткирип берген күндөн тартып эсептелет, ал эми товар атайын орнотуу (кошууга) же куроого муктаж болсо, аны (кошуу) же куроо күнүнөн тартып эсептелет. Эгерде товарды жеткирүү, орнотуу (кошуу) же куроо күнүн аныктоо мүмкүн болбосо, ушул мөөнөттөр соода-сатык келишими түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.
Жылбаган мүлкүн кепилдик мөөнөтү жана колдонулуу мөөнөтү жылбас мүлктү сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып эсептелет.
Товардын жарактуулук мөөнөтү аралыгында ал пайдаланууга жарактуу болгон күндөн тартып же ага чейин товар пайдаланууга жарактуу болгон күндөн тартып эсептелүүчү мезгил менен аныкталат.
Товардын жарактуулук мөөнөтүнүн узактыгы техникалык регламенттер менен белгиленген товардын коопсуздугуна карата коюлуучу милдеттүү талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
3. Кепилдик мөөнөттөр негизги товардын комплектилөөчү жасалгаларына жана составдуу бөлүктөрүнө коюлушу мүмкүн. Комплектилөөчү жасалгаларга жана составдуу бөлүктөргө кепилдик мөөнөттөр негизги товарга кепилдик мөөнөт коюлгандай эле тартипте эсептелет.
Негизги товардын комплектилөөчү жасалгаларына жана составдуу бөлүктөрүнө кепилдик мөөнөттөр негизги товарга коюлуучу кепилдик мөөнөттөн аз болушу мүмкүн эмес.
Эгерде комплектилөөчү жасалгаларга негизги товардын кепилдик мөөнөтүнө караганда узагыраак кепилдик мөөнөт коюлса, керектөөчү комплектилөөчү жасалганын кемчиликтери негизги товардын кепилдик мөөнөтүнүн өткөнүнө карабастан, ушул жасалгага кепилдик мөөнөттүн ичинде табылган шартта товардын кемчиликтерине карата талап коюуга укуктуу.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттөр ушул Мыйзамдын 9-беренесине ылайык керектөөчүгө сунуш кылынуучу товар жөнүндөгү маалыматта керектөөчүгө билдирилет.
5. Даярдоочунун күнөөсү менен жол берилген товардын олуттуу кемчиликтери табылган учурда, керектөөчү ушул берененин 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин товардын кемчиликтерин акысыз четтетүү жөнүндө даярдоочуга талап коюуга укуктуу. Көрсөтүлгөн талап товардын белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде же товардын колдонулуу мөөнөтү белгиленбесе, товар берилген күндөн тартып он жылдын ичинде коюлушу мүмкүн. Эгерде керектөөчү мындай талап койгон күндөн тартып жыйырма күндүн ичинде талап канааттандырылбаса, керектөөчү өз каалоосу боюнча даярдоочуга ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-пунктунда белгиленген башка талаптарды коюуга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларында ылайык)
19-берене. Даярдоочу (сатуучу) тарабынан товардын кемчилигин четтетүү
1. Товардан табылган кемчиликтер керектөөчү товардын кемчилигин четтетүү туурасында талап койгон күндөн тартып жыйырма күндүн ичинде аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде даярдоочу (сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аткарган уюм тарабынан четтетилүүгө тийиш.
2. Узак мезгилге пайдаланылуучу товарларга карата даярдоочу (сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аткаруучу уюм аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде керектөөчү тарабынан көрсөтүлгөн талап коюлганда жети күндүк мөөнөттө керектөөчүгө ремонт жүрүп жаткан мезгилге ошондой товарды акысыз берип, өз эсебинен жеткирип берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн талап жайылтылбаган узакка пайдаланылуучу товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
3. Товардын кемчилиги четтетилген учурда анын кепилдик мөөнөтү товар пайдаланылбаган мезгилге узартылат. Бул мезгил товардын кемчилигин четтетүү жөнүндө керектөөчү талап коюп кайрылган күндөн тартып ремонт бүткөндөн кийин, аны кайтадан берген күнгө чейин эсептелет.
4. Кепилдик мөөнөтү коюлган негизги товардын комплектилөөчү жасалгасы же составдуу бир бөлүгү алмаштырылып, товардын кемчилиги четтетилген учурда негизги товардын жаңы комплектилөөчү жасалгасына же составдуу бөлүгүнө кепилдик мөөнөт ремонт бүткөндөн кийин ушул товар керектөөчүгө берилген күндөн тартып эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Сапаты талаптагыдай болбогон товарды алмаштыруу
1. Керектөөчү товардын кемчилигин таап жана мындай товарды алмаштырууну талап кылган учурда, сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм керектөөчү тарабынан көрсөтүлгөн талап коюлган күндөн тартып, жети күндүн ичинде ушул товарды алмаштырып берүүгө, ал эми зарылчылыгы болсо сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм көрсөтүлгөн талап коюлган күндөн тартып, жыйырма күндүн ичинде мындай товардын сапатын кошумча текшерүүдөн өткөрүүгө милдеттүү.
Сатуучуда (даярдоочуда) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюмда көрсөтүлгөн талап коюлган күнү товарды алмаштыруу үчүн зарыл болгон тетиктер жок болсо, сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм ушул товарды көрсөтүлгөн талап коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде алмаштырып берүүгө тийиш. Керектөөчүнүн талабы боюнча сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм узак мезгилге пайдаланылуучу ошондой товар менен алмаштырылган мезгилде аны өз эсебинен жеткирип берүүнү камсыз кылып, керектөөчүгө тиешелүү товарды убактылуу пайдаланууга акысыз берип турууга милдеттүү. Ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык тизмеси белгиленген товарларга ушул эреже жайылтылбайт.
Товарлар сезон учурунда ташылып келинүүчү райондор үчүн товарды алмаштыруу жөнүндө керектөөчүнүн талабы, мындай райондорго тийиштүү товарды кезектеги жолу жеткирүү үчүн зарыл болгон мөөнөттө, сатуучуда (даярдоочуда) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмда көрсөтүлгөн талап коюлган күнү алмаштыруу үчүн зарыл болгон товар жок болгон учурда ишке ашырылат.
2. Сапаты талаптагыдай болбогон товар жаңы товарга, башкача айтканда мурда колдонулбаган товарга алмаштырылууга тийиш.
Товар алмаштырылган учурда анын кепилдик мөөнөтү кайрадан товар керектөөчүгө берилген күндөн тартып эсептелет.
21-берене. Керектөөчүнүн айрым талаптарын канааттандыруу мөөнөттөрү
Товардын сатылуучу баасын өлчөмү менен азайтуу, товардын кемчиликтерин түзөтүүгө кетүүчү чыгымдарды өндүрүп берүү жөнүндө керектөөчүнүн талаптары, ошондой эле соода-сатык келишимин бузуу менен керектөөчүгө келтирилген чыгашаны өндүрүү (сапаты талаптагыдай болбогон товарды даярдоочуга кайтарып берүү жөнүндө керектөөчүнүн же үчүнчү бирөөлөрдүн талаптары сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм тарабынан тийиштүү талап коюлган күндөн тартып он күндүн ичинде канааттандырылууга тийиш.
22-берене. Керектөөчүнүн талабын аткаруу мөөнөтүн созуп жиберген учурда сатуучунун (даярдоочунун) жоопкерчилиги
1. Ушул Мыйзамдын 19, 20 жана 21-беренелеринде каралган мөөнөттөрдү бузгандыгы үчүн, ошондой эле ремонт (алмаштыруу) мезгилинде ага ошондой товарды берип туруу жөнүндө керектөөчүнүн талабы аткарылбагандыгы (аткарууну создуктургандыгы) үчүн буга жол берген сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм, керектөөчүгө созуп жиберген ар бир күнү үчүн товардын баасынын бир проценти өлчөмүндө айып төлөмүн (пеня) төлөйт.
Товардын баасы мындай талап ыктыярдуу түрдө канааттандырылган күнү же эгерде талап ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, соттун чечими чыккан күнү сатуучу (даярдоочу) же аны келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм тарабынан керектөөчүнүн талабы канааттандырылууга тийиш болгон жердеги баа менен аныкталат.
2. Ушул Мыйзамдын 19-21-беренелеринде каралган мөөнөттө керектөөчүнүн талаптары аткарылбаса, керектөөчү өз каалоосу боюнча ушул Мыйзамдын 17-беренесинде белгиленген башка талаптарды коюуга укуктуу.
23-берене. Сапаты талаптагыдай болбогон товарды сатып алган учурда керектөөчү менен эсептешүү
1. Сапаты талаптагыдай болбогон товар ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырылган учурда товардын наркын кайрадан эсептеп чыгуу жүргүзүлбөйт.
2. Сапаты талаптагыдай болбогон товар башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырылган учурда, алмаштырылууга тийиш болгон товардын баасы анын ордуна алмаштырылган товардын баасынан төмөн болсо, керектөөчү баалардагы мындай айырманы төлөп берет; эгерде алмаштырылууга тийиш болгон товардын баасы анын ордуна алмаштырылган товардын баасынан жогору болсо, баалардагы мындай айырма керектөөчүгө төлөнүп берилет. Ушундай эсептешүүдө алмаштырылуучу товардын баасы жогору болгон учурда анын баасы керектөөчү тарабынан талап коюлган күнгө карата, ал эми баасы төмөн болгон учурда - керектөөчү аны сатып алган күнгө карата колдонулат.
3. Соода-сатык келишими бузулган учурда, же сапаты талаптагыдай болбогон товар даярдоочуга кайтарылып берилгенде же сатык баасын азайтуу жөнүндө керектөөчүнүн талабы канааттандырылганда керектөөчү менен эсептешүү товардын баасы жогорулап кеткен учурда соода-сатык келишимин бузуу жөнүндө же сапаты талаптагыдай болбогон товарды даярдоочуга кайтаруу жөнүндө же сатык баасын азайтуу жөнүндө керектөөчүнүн талабы канааттандырылган күнкү товардын баасына таянуу менен, ал эми товардын баасы төмөндөгөн учурда, товарды сатып алган күнкү анын баасына таянуу менен жүргүзүлөт.
4. Товар кредитке сатылган керектөөчү менен соода-сатык келишими бузулган учурда, товарга төлөнгөн акчалай сумма кредит товар кайтарылган күнү төлөнгөн өлчөмдө кайтарылат, ошондой эле кредит берилгендиги үчүн төлөнгөн акы өндүрүлөт.
24-берене. Сапаты талаптагыдай болгон товарды алмаштырууга керектөөчүнүн укугу
1. Эгерде товар формасы, көлөмү, фасону, түсү, өлчөмү боюнча же башка себептер менен керектөөчү тарабынан тиешелүү максаты боюнча пайдаланылышы мүмкүн болбосо, керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон мындай азык-түлүк эмес товарды өзү сатып алган сатуучудан алмаштырып алууга укуктуу.
Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды сатылып алынган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу.
Эгерде көрсөтүлгөн товар колдонулбаса, аны товардык көрүнүшү, керектелинүүчү касиеттери, пломбалары, фабрикалык жарлыктары, ошондой эле керектөөчүгө сатылган, көрсөтүлгөн товар менен берилген товардык чеги же кассалык чеги сакталган учурда сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товар, анын ичинде мурда колдонулбаган, арзандатылган жана төмөндөтүлгөн баада сатып алынган товарды алмаштырылат.
Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер боюнча алмаштырылбай турган товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Керектөөчү сапаты талаптагыдай товарды кайра кайтарганда анын товар үчүн төлөнгөн акчалай сумманы кайтаруу жөнүндө талабы сатуучу тарабынан токтоосуз канааттандырылууга тийиш. Эгерде керектөөчүнүн талабын токтоосуз канааттандырууга мүмкүн болбогон учурда. талапты канааттандыруу үчүн максималдуу мөөнөт жети күндөн ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
241-берене. Товарларды сатуунун дистанттык ыкмасы
1. "Товарды чекене сатып алуу-сатуу келишими каталогдор, проспекттер, буклеттер, фотосүрөттөр, байланыш каражаттары (телеберүү, почта, радио байланыш жана башка), интернет аркылуу сатуучу сунуш кылган товарды сыпаттоо менен керектөөчүнү тааныштыруунун негизинде же мындай келишимди түзүүдө керектөөчүнүн товар же товардын үлгүсү менен түздөн-түз таанышуу мүмкүндүгү болбогон башка ыкмалар (товарды сатуунун дистанттык ыкмасы) аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Келишим түзгөнгө чейин сатуучу (даярдоочу) тарабынан керектөөчүгө товардын негизги керектөө касиеттери, сатуучунун дареги (турган жери), товардын чыгарылган жери, сатуучунун (даярдоочунун) толук фирмалык аталышы, товардын наркы жана сатып алуунун шарттары, аны жеткирүү, колдонуу мөөнөтү, жарамдуулук мөөнөтү жана кепилдик мөөнөтү, товарды төлөөнүн тартиби, ошондой эле келишимди түзүү жөнүндө сунуштун колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалымат берилүүгө тийиш.
2. Керектөөчүгө товар жеткирилген учурда. ушул Мыйзамдын 9-беренесинде каралган товар жөнүндө маалымат, ошондой эле ушул берененин 3-пунктунда каралган товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
3. Керектөөчү товар берилгенге чейин кандай гана болбосун убакытта, ал эми товар берилгенден кийин – он төрт күндүн ичинде андан баш тартууга укуктуу.
Эгерде талаптагыдай сапаттагы товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат товарды жеткирген учурда жазуу жүзүндө берилген учурда, керектөөчү товар берилген учурдан тартып үч айдын ичинде андан баш тартууга укуктуу.
Эгерде анын товардык көрүнүшү, керектөө касиеттери, ошондой эле көрсөтүлгөн товарды сатып алуу фактысын жана шарттарын ырастаган документ сакталган учурда, талаптагыдай сапаттагы товарды кайтарып берүүгө мүмкүн. Керектөөчүдө товарды сатып алуу фактысын жана шарттарын ырастаган документтин болбогону, аны товарды ушул сатуучудан сатып алгандагы башка далилдерге таянуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
Керектөөчү товардан баш тартканда, сатуучу керектөөчү тийиштүү талапты койгон күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен, же болбосо сатуучу кайтарылган товарды алган күндөн тартыпбеш күндөн кечиктирбестен келишим боюнча керектөөчү төлөгөн акчалай сумманы ага кайтарып берүүгө тийиш.
Сатуучу кайтарылып берилген товарды алган датаны ырастоочу болуп товарды өткөрүп берүү жөнүндө почта же чабарман кызматынын белгилөөсү саналат.
Дистанттык ыкмада сатып алынган товарларды кайтаруу менен байланышкан чыгымдарды сатуучу көтөрөт.
4. Сапаты талаптагыдай болбогон товарды аралыктык ыкма менен сатуунун кесепеттери ушул Мыйзамдын 17-23-беренелеринде каралган жоболордо белгиленген.
(КР 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене. Соода-сатык келишимдеринин айрым түрлөрүнүн эрежелери
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
III бөлүм.
Мыйзамсыз соода ишинен
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
26-берене. Сооданы негизсиз чектөө
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27-берене. Соодадагы тыюу салынган аракеттер
Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төмөндөгүлөргө укуксуз:
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген продукцияны даярдоого;
Кыргыз Республикасынын аймагында ылайык келишин ырастоого тийиш болгон продукцияны ылайык келүү сертификаттарысыз же ылайык келүүсү жөнүндө декларацияларсыз сатууга;
керектөөчү тарабынан билдирме жок болгондугуна карабастан акы төлөө боюнча эсебине сунуш кылуу менен товарларды берүү же кызмат көрсөтүүгө;
кандайдыр бир товар сатылбаса же кызмат көрсөтүлбөсө, иш жүзүндө үйгө эч кандай зыян келтирилбесе, товар же болбосо кызмат көрсөтүү коркунучту четтете албай тургандыгы көрүнүп турса деле, кандайдыр бир кемчиликтен улам үйдө керектөөчүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна, коопсуздугуна же өмүрүнө коркунуч келтирүүдө деп билдирүүгө;
товарларды же кызмат көрсөтүүнү акысыз же жеңилдик көрсөтүү менен берүү туурасында билдирүүгө же аларды алуу шарттарын ачык жана так көрсөтпөй туруп жогоркудай маанидеги сөздөрдү пайдаланууга;
керектөөчүүдөн ар кандай материалдык фактыны жашырууга, мунун кесепетинен аны адаштыруу жана алдоо жана ушул туурасында керектөөчүнүн билбөөсү;
(сегизинчи абзац КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
жагдай түзүп, ага жараша кардар скидка алуу же бүтүм түзүү үчүн түрткү катары башка жеңилдик алууга, бирок мында жеңилдик бүтүм жасалгандан кийин болуп өтүүчү иштерге жараша болушу;
майыптыгынан, сабатсыздыгынан же келишим түзгөн экинчи тарап ал үчүн пайдаланган тилди түшүнө албагандыгынан улам керектөөчү өз кызыкчылыгын коргой албастыгын билип туруп же кардардын мындай жөндөмсүздүгүн билүүгө себептери болуп туруп мындай жагдайдан пайдаланууга;
бир эле бүтүмдүн сатуучу оозеки баяндаган жана макулдашуунун жазуу жүзүндөгү вариантынын ортосундагы чоң айырмачылыкка же убада кылган пайданы камсыз кылууга бүтүм түзгөн экинчи тараптын жөндөмсүздүгүнө жооп берүүгө;
иштин чыныгы абалы башкача болуп турса, бүтүмдүн фактысы жөнүндө адам ишенгидей кылып билдирүүгө;
бүтүм түзүүдө олуттуу болуп саналган фактыларды жашырууга, бирок анын жоктугу товардын жакшы презентацияланышына алып келишине;
аларды алмаштыруунун техникалык негиздемелерисиз жана керектөөчүнүн каалоосун эске алуусуз жаңы номердик белгилерди, контролдоп-өлчөөчү приборлорду жана башка каражаттарды сатып алууну таңулоого.
товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок туруп, продукцияга (көрсөтүлгөн кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын (органикалык жана/же адал продукция жана кызмат көрсөтүүлөр) коюуга.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2015-жылдын 24-июлундагы № 188, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-берене. Сатууда укукка каршы атаандаштык
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
29-берене. Сатып алуудагы укукка каршы атаандаштыктар
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
30-берене. Кеткен чыгымдарга негизделбеген баа боюнча аргасыздан сатуу
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
31-берене. Айрым бир сатуу учурундагы эрежеден четтөөлөр
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
32-берене. Тамак-аш азыктарын мыйзамсыз жок кылуу
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
33-берене. Эсеп-фактураны мыйзамсыз өзгөртүү
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
34-берене. Жоопкерчилик тартуучу
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
35-берене. Мыйзамга каршы аракеттердин далили
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
IV бөлүм.
Иш аткарууда (кызмат
көрсөтүүдө) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
36-берене. Иш (кызмат) аткаруу мөөнөттөрү
1. Аткаруучу иштин аткарылышын иштердин айрым түрлөрүн аткаруу эрежелеринде (кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүүдө) же иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттө иштердин аткарылышын (кызматтын көрсөтүлүшүн) жүзөгө ашырууга милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн эрежелерде ал каралбаса, ошондой эле көрсөтүлгөн эрежелерде белгиленгенден мөөнөтү кыска болсо, иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишимде иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөтү каралышы мүмкүн.
2. Иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөтү ага карата иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) аякталууга тийиш болгон дата (мезгил) же (жана) аткаруучу иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) киришүүгө тийиш болгон дата (мезгил) менен аныкталууга тийиш. Эгерде, иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде бөлүк-бөлүктөрү боюнча ишке ашырылса, иштерди аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) жекече мөөнөттөрү (мезгилдери) каралууга тийиш.
37-берене. Аткаруучу тарабынан иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөттөрүнүн бузулушунун кесепеттери
1. Эгерде аткаруучу иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) өз учурунда киришпесе же иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) учурунда иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) мөөнөтүндө бүткөрүлбөй тургандыгы айкын болуп калса, ошондой эле иштерди аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) создуктуруп жиберген учурда керектөөчү өз каалоосу боюнча:
аткаруучуга жаңы мөөнөт берүүгө, анын ичинде аткаруучу иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жана (же) иштердин аткарылышын (кызмат көрсөтүүнү) аяктоого киришүүгө жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) үчүн бааны азайтууну талап кылууга;
калыс баага үчүнчү бирөөлөргө иш аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) же аны өз күчтөрү менен аткарууну тапшырууга жана аткаруучудан тарткан чыгымдардын өндүрүлүшүн талап кылууга;
иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) үчүн баанын азайтылышын талап кылууга;
иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга укуктуу.
Керектөөчү ошондой эле иштерди аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) баштоо жана (же) бүткөрүү мөөнөттөрүн бузууга байланыштуу ага келтирилген зыянды толугу менен өндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Тарткан зыян керектөөчүнүн тийиштүү талаптарын канааттандыруу үчүн белгиленген мөөнөттө өндүрүлөт.
2. Керектөөчү дайындаган аралыгында аткаруучу ишти аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) киришүүгө жана ишти аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) аяктоого тийиш болгон жаңы мөөнөттөр иштин аткарылышы (кызматтын көрсөтүлүшү) жөнүндөгү келишимде көрсөтүлөт.
Жаңы мөөнөттөр создуктурулган учурда керектөөчү ушу берененин 1-пунктунда белгиленген башка талаптарды аткаруучуга кое алат.
3. Иштин аткарылышы (кызматтын көрсөтүлүшү) жөнүндө келишим бузулганда керектөөчүгө кайтарылуучу, ошондой эле аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын азайтууда эске алынуучу аткарылган иштердин (көрсөтүлгөн кызматтын баасы) ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык аныкталат.
4. Иштин аткарылышы (кызматтын көрсөтүлүшү) жөнүндө келишим бузулганда, эгерде аткаруучу ишти аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) өз учурунда киришпесе же ишти аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) жайбаракат ишке ашыргандыктан, белгиленген мөөнөтүндө ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) мүмкүн эмес болгон учурларда, аткаруучу ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) процессинде болгон өзүнүн чыгымдарын өндүрүп берүүнү, ошондой эле ага чейин аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн акы төлөөнү талап кылууга укуксуз.
Мындай учурларда керектөөчү менен аткаруучунун ортосундагы эсептешүүлөрдүн тартибинин өзгөчөлүктөрү иштин айрым түрлөрүн аткаруу (кызмат көрсөтүү) эрежелери менен белгиленет.
5. Ишти аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) башталышынын жана аякталышынын белгиленген мөөнөттөрү же ушул берененин 1-пунктунун негизинде керектөөчү белгилеген жаңы мөөнөттөр бузулган учурда, аткаруучу керектөөчүгө созуп жиберүүнүн ар бир күнү (эгерде мөөнөтү саат менен аныкталса, анда сааты) үчүн ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасынын үч проценти өлчөмүндө айып төлөмүн (пеня) төлөп берет, ал эми ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишимде ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасы аныкталбаса - заказдын жалпы баасын төлөп берет. Ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө керектөөчү менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн келишимде айып төлөмүнүн (пенянын) кыйла чоң өлчөмү белгилениши мүмкүн.
Ишти аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) баштоо мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы үчүн айып төлөмү (пеня) ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) башталганга же керектөөчү ушул берененин 1-пунктунда каралган талаптарды койгонго чейин ар бир күн (эгерде мөөнөтү саат менен аныкталса, анда саат) үчүн төлөнөт.
Ишти аткарууну (кызмат көрсөтүү) аяктоо мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы үчүн айып төлөмү (пеня) ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) аяктаганга же керектөөчү ушул берененин 1-пунктунда каралган талаптарды койгонго чейин создуктуруунун ар бир күнү (эгерде мөөнөтү саат менен аныкталса, анда саат) үчүн төлөтүлөт.
Керектөөчү өндүргөн айып төлөмүнүн (пенянын) суммасы ишти аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) айрым түрүнүн баасынан же эгерде иштин айрым түрүн аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасы ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде аныкталбаса заказдын жалпы баасынан ашпоого тийиш.
Айып төлөмүнүн (пенянын) өлчөмү ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасына таянуу менен аныкталат, эгерде көрсөтүлгөн баа аныкталбаса, керектөөчүнүн талабы аткаруучу тарабынан канааттандырылууга тийиш болгон жерде мындай талап ыктыярдуу канааттандырылган күнкү же керектөөчүнүн талабы ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, соттун чечими чыккан күнкү заказдын жалпы баасына таянуу менен аныкталат.
6. Эгерде аткаруучу ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөттөрүнүн бузулушу колдон келбес күчтүн таасиринен же керектөөчүнүн күнөөсү менен болуп өткөндүгүн далилдей алса, керектөөчүнүн ушул берененин 1-пунктунда белгиленген талаптары канааттандырылбайт.
38-берене. Аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтери табылганда керектөөчүнүн укуктары
1. Керектөөчү аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтери табылганда өз каалоосу боюнча төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу:
аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин акысыз четтетүүнү;
аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын тиешелүү түрдө азайтууну;
ошондой эле сапаттагы окшош материалдан башка буюмду акысыз даярдап берүүнү же ишти кайтадан аткарууну. Мында керектөөчү ага аткаруучу мурда берген буюмду кайтарууга милдеттүү;
аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин өз күчү менен же башка бирөөлөр тарабынан четтетүүдө тарткан чыгымдарын өндүрүп берүүнү.
Кемчиликтерди акысыз четтетүү жөнүндө, башка буюмду жасатуу жөнүндө же ишти (кызмат көрсөтүүнү) кайтадан аткаруу жөнүндө керектөөчүнүн талабы, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын азайтуу жөнүндө талап менен коштолушу мүмкүн.
Эгерде аткаруучу аткарылган иштин (көрсөткөн кызматтын) кемчиликтерин келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө четтете албаса, керектөөчү иштин аткарылышы (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга жана тарткан чыгашасын толук кайтарууну талап кылууга укуктуу. Керектөөчү ошондой эле аткарылган иштен (көрсөтүлгөн кызматтан) олуттуу кемчиликтерди же келишимдин шарттарынан башка да олуттуу четтөөлөрдү тапса, ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга укуктуу.
Керектөөчү ошондой эле аткарылган иштин (көрсөткөн кызматтын) кемчиликтерине байланыштуу өзүнө келтирилген чыгашаны толук өндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Чыгаша керектөөчүнүн тийиштүү талаптарын канааттандыруу үчүн белгиленген мөөнөтүндө өндүрүлөт.
2. Аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишим бузулган учурда керектөөчүгө кайтарылуучу, ошондой эле аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын азайтууда эске алынуучу баасы ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык аныкталат.
3. Ушул берененин 1-пунктунда белгиленген талаптар аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алууда же ишти аткаруунун (кызмат көрсөтүү) жүрүшүндө кемчиликтер табылган учурда коюлушу мүмкүн, ал эми аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алууда кемчиликтерди табуу мүмкүн болбогон учурда, кепилдик мөөнөттүн ичинде же кепилдик мөөнөтү болбогон учурда, аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алган күндөн тартып алты айдын ичинде коюлушу мүмкүн. Аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алууда табуу мүмкүн болбогон курулуштагы же башка жылбас мүлктөгү кемчиликтерге карата талаптар аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчилиги табылганда кепилдик мөөнөттүн ичинде, ал жок болсо - он жылдын ичинде коюлушу мүмкүн.
4. Аткаруучунун күнөөсү менен аткарылган иште (көрсөтүлгөн кызматта) жол берилген олуттуу кемчиликтер табылган учурда керектөөчү аткаруучуга аткарылган ишке (көрсөтүлгөн кызматка) аткаруучу тарабынан коюлган кепилдик мөөнөт өткөндөн кийин же ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөндөн кийин аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин акысыз четтетүү жөнүндө талап коюуга укуктуу. Керектөөчүнүн көрсөтүлгөн талаптары аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) белгиленген мөөнөтүнүн ичинде же аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) колдонулуу мөөнөтү белгиленбесе, аткарылган ишти (көрсөтүлгөн кызматты) кабыл алган күндөн тартып он жылдын ичинде коюлушу мүмкүн.
Эгерде мындай талап ушул Мыйзамдын 39-беренесинде белгиленген мөөнөттө канааттандырылбаса, керектөөчү өз каалоосу боюнча төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу: аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн бааны тийиштүү түрдө азайтууну;
аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин өз күчү же башка бирөөлөрдүн күчү менен четтетүү боюнча тарткан чыгымдарын өндүрүүнү;
иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууну жана чыгашасын өндүрүп берүүнү.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-берене. Аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин четтетүү мөөнөттөрү
Аткарылган иштин (көрөстүлгөн кызматтын) мындай иштин жүрүшүндө табылган кемчиликтери керектөөчү белгилеген туура мөөнөтүндө четтетилүүгө тийиш.
(Экинчи бөлүк КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кемчиликтерди четтетүүнүн керектөөчү белгилеген же тараптар менен макулдашылган мөөнөтү келишимде же тараптар кол коюучу башка документте көрсөтүлөт. Аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин четтетүүнүн ушул беренеде каралган мөөнөттөрүнүн бузулушу үчүн аткаруучу керектөөчүгө созуп жиберүүнүн ар бир күнү үчүн айып төлөмүн (пеня) төлөйт, анын өлчөмү жана эсептөө тартиби ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 5-пунктуна ылайык аныкталат.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөр бузулган учурда, керектөөчү аткаруучуга ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 1 жана 4-пункттарында каралган башка талаптарды коюуга да акылуу.
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Керектөөчүнүн айрым талаптарын канааттандыруу мөөнөттөрү
1. Аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн бааны азайтуу жөнүндө, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин өз күчү менен же башка бирөөлөрдүн күчү менен четтетүү боюнча тарткан чыгымдарын өндүрүү жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктунда жана 38-беренесинин 1 жана 4-пункттарында каралган иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишимди бузуу менен келтирилген чыгашанын ордун өндүрүү жөнүндө керектөөчүнүн талаптары тийиштүү талап коюлган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө канааттандырылууга тийиш.
2. Ошондой эле сапаттагы окшош материалдан башка жаңы буюмду акысыз даярдап берүү жөнүндө же ишти кайтадан аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө керектөөчүнүн талаптары ишти шашылыш аткаруу (кызмат көрсөтүү) үчүн белгиленген мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт белгиленбесе ойдогудай жасалбаган ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде каралган мөөнөттө канааттандырылууга тийиш.
3. Керектөөчүнүн айрым талаптарын канааттандыруунун ушул берененин каралган мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн аткаруучу созуп жиберүүнүн ар бир күнү үчүн керектөөчүгө айып төлөмүн (пеня)төлөйт, анын өлчөмү жана эсептөө тартиби ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 5-пунктуна ылайык аныкталат.
Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузган учурда, керектөөчү аткаруучуга ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктунда жана 38-беренесинин 1 жана 4-пункттарында каралган башка талаптарды да кое алат.
41-берене. Керектөөчүнүн иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга укугу
Керектөөчү аткаруучуга көрсөтүлгөн келишимди бузуу жөнүндө кабарды алганга чейин аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) бөлүгүнө пропорционалдуу болгондой өлчөмдө баасынын бир бөлүгүн төлөп берип, ар кандай учурда иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди буза алат. Керектөөчү ошондой эле көрсөтүлгөн келишим бузулгандыгы жөнүндө кабар алганга чейин аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн төлөнгөн баанын бөлүктөрүнүн ортосундагы айырманын чегинде иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузуу менен жана аткарылуучу бардык иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасы менен келтирилген чыгашаны аткаруучуга төлөп берүүгө милдеттүү.
42-берене. Иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) сметасы
1. Иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде каралган иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) бекем же жакындаштырылган смета түзүлүшү мүмкүн.
Керектөөчүнүн же аткаруучунун талабы боюнча мындай смета милдеттүү түрдө түзүлөт.
2. Эгерде керектөөчү мындай ишти аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) макулдук бербесе же аткаруучуга мындай иштин аткарылышын (кызмат көрсөтүлүшүн) тапшырбаса, аткаруучу иштин аткарылышына (кызмат көрсөтүлүшүнө) жана кошумча чыгымдарга акы төлөөнү талап кылууга укуксуз.
Эгерде болжолдуу сметадан ашуу зарылчылыгы пайда болсо, аткаруучу керектөөчүгө ушул туурасында дароо эскертүүгө милдеттүү. Мындай болгон учурда керектөөчү алгач аныкталган сметага ылайык аткаруучу тарткан чыгымдарды жана аткарылган ишке (көрсөтүлгөн кызматка) жумшалган чыгымдарды өндүрүп берип, иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимдин аткарылышынан баш тартууга укуктуу. Эгерде аткаруучу болжолдуу сметадан ашып кете тургандыгы жөнүндө керектөөчүгө эскертпесе, аткаруучу ишти алгачкы болжолдуу сметанын чегинде аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
43-берене. Ишти аткаруучунун материалынан жасоо
1. Эгерде керектөөчү иштин аткарылышын өз материалынан бүткөрүүнү талап кылбаса, аткаруучу иш аткаруу жөнүндө келишимде аныкталган жумуштарды бүткөрүүгө милдеттүү.
Ишти өз материалынан жасаган аткаруучу ушул материалдын тийиштүү сапаты үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Аткаруучунун материалы көрсөтүлгөн келишимди түзүүдө керектөөчү тарабынан толугу менен же иштин айрым түрлөрүн аткаруу эрежелеринде же тараптардын макулдашуусунда аткаруучунун материалы үчүн эсептешүүнүн башка тартиби каралбаса, керектөөчү аткаруучу бүткөргөн ишти алган учурда биротоло эсептеше тургандыгын шартташуу менен иштердин аткарылышы жөнүндөгү келишимде иштердин айрым түрлөрүн аткаруу эрежелеринде көрсөтүлгөн өлчөмдө керектөөчү тарабынан төлөнүп берилет.
3. Көрсөтүлгөн эрежелерде же иштердин аткарылышы жөнүндөгү келишимде каралган учурларда, материал аткаруучу тарабынан керектөөчүгө кредитке берилиши мүмкүн. Кредитке берилген аткаруучунун материалынын баасынын андан аркы өзгөрүшү кайрадан эсептешип чыгууну талап кылбайт.
4. Аткаруучунун материалы жана иш аткаруу үчүн зарыл болгон техникалык каражаттар, шаймандар жана башкалар иш аткарылган жерге аткаруучу тарабынан жеткирилет.
44-берене. Керектөөчүнүн материалынан (буюмдарынан) иш аткаруу
1. Эгерде иш толугу менен же жарым жартылай түрдө керектөөчүнүн материалынан (буюмдарынан) аткарылса, аткаруучу ушул материалдын (буюмдун) сакталышы жана аны туура пайдаланылышы үчүн жооп берет.
Аткаруучу:
керектөөчүгө ал берген материалдын (буюмдун) жараксыздыгы же сапатсыздыгы жөнүндө эскертүүгө;
материалдын чыгымдалышы жөнүндө отчет берүүгө жана анын калдыгын кайтарып берүүгө милдеттүү.
Керектөөчүдөн кабыл алынган материал (буюм) толук же жарым жартылай жоготууга учураганда (зыян келтирилгенде), аткаруучу үч күндүк мөөнөттө аны ошондой эле сапаттагы окшош материал (буюм) менен алмаштырууга жана керектөөчүнүн каалоосу боюнча ушул буюмду жетиштүү мөөнөтүндө, ошондой эле материалдан (буюмдан) жасап берүүгө, ал эми ошондой сапаттагы андай окшош материал (буюм) болбогон учурда - керектөөчүгө жоголгон (зыянга учураган) материалдын (буюмдун) баасын, ошондой эле керектөөчү тарткан чыгымдын эки эселенген баасын төлөп берүүгө милдеттүү.
2. Жоголгон (зыянга учураган) материалдын (буюмдун) баасы керектөөчүнүн талабы аткаруучу тарабынан канааттандырылууга тийиш болгон жерде, мындай талап ыктыярдуу түрдө канааттандырылган күнү же керектөөчүнүн талабы ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, соттун чечими чыгарылган күнү аткаруучу тарабынан канааттандырылууга тийиш.
Аткаруучуга берилген материалдын (буюмдун) баасы керектөөчү тарабынан аныкталат жана иштин аткарылышы жөнүндө келишимде же анын корутундусун ырастаган башка документте (квитанцияда, заказда) көрсөтүлөт.
3. Эгерде керектөөчү аткаруучу тарабынан толук же жарым жартылай жок кылынышы (зыянга учуратылышы) мүмкүн болгон материалдык (буюмдардын) өзгөчө касиеттери жөнүндө аткаруучу тарабынан эскертилсе, аткаруучу өзү керектөөчүдөн кабыл алган материалдын (буюмдун) толук же жарым жартылай жок болушу (зыянга учурашы) үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Аткаруучунун материалдын (буюмдун) өзгөчө касиеттерин билбөөсү аны жоопкерчиликтен бошото албайт.
45-берене. Аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) сапатына таасир тийгизиши мүмкүн болгон жагдайлар жөнүндө керектөөчүгө аткаруучунун маалымат берүү милдети
Керектөөчүнүн көрсөтмөлөрүн сактоо жана керектөөчүгө байланышкан башка жагдайлар аткарылуучу иштин (көрсөтүлүүчү кызматтын) сапатын төмөндөтүшү мүмкүн экендиги жөнүндө аткаруучу керектөөчүгө өз учурунда маалымат берип турууга милдеттүү.
Эгерде керектөөчү аткаруучунун өз учурундагы жана негиздүү маалыматтарына карабастан өз мөөнөтүндө жараксыз же сапатсыз материалды алмаштырбаса, иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) ыкмасы жөнүндө көрсөтмөлөрдү өзгөртпөсө же аткарылуучу иштин (көрсөтүлүүчү кызматтын) сапатын төмөндөтүшү мүмкүн болгон башка жагдайларды четтетпесе, аткаруучу иштин аткарылышы (кызматтын көрсөтүлүшү) жөнүндө келишимди бузууга жана тарткан чыгашасын толук кайтарып берүүгө укуктуу.
46-берене. Аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн эсептешүү тартиби
Аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн эсептешүү тартиби керектөөчү менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.
Керектөөчү аткаруучу толугу менен бүтүргөн ишке (көрсөтүлгөн кызматка) аны керектөөчү кабыл алгандан кийин төлөп берүүгө милдеттүү. Керектөөчүнүн макулдугу менен иш (кызмат көрсөтүү) келишим түзүүдө толук өлчөмдө же аванс берүү жолу менен төлөнүшү мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
47-берене. Керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө эрежелери
Керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө эрежелери (иштердин айрым түрлөрүн аткаруу эрежелери жана кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүү эрежелери) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
48-берене. Кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүүнү жөнгө салуу
Эгерде мындай келишимдер өзүнүн мүнөзү боюнча ушул главанын колдонулушуна туура келбесе, кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүү жөнүндө келишимдердин шарттарын бузуунун кесепеттери жарандык мыйзамдар тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
V
бөлүм.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын мамлекеттик жана коомдук
коргоо
481-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары
1. Ыйгарым укуктуу орган:
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
керектөөчүлөрдүн даттанууларына жарым жылдык, жылдык талдоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишине жыл сайын талдоо жүргүзөт;
мамлекеттик органдарга алардын ушул Мыйзамды жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сунуштарды (сунуштамаларды) киргизет;
керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин бирдиктүү реестрин түзөт, жүргүзөт жана пайдаланат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын алдында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
49-берене. Монополияга каршы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Монополияга каршы мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт;
даярдоочуларга (аткаруучуларга, сатуучуларга) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды токтотуу жөнүндө жазма эскертүүлөрдү жиберет;
ыйгарым укуктуу органга керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча жылдык маалыматты отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жана жарым жылдык маалыматты учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен берет.
ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторинг жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
50-берене. Мамлекеттик органдарга маалыматтарды берүү боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдети
Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) монополияга каршы мамлекеттик органдын, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча, ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдардын жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон, ушул Мыйзамдын 8-10-беренелеринде каралган контролдоо предметине тиешелүү анык документтерди, жазуу жана оозеки жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды алар белгилеген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
51-берене. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттердин, мыйзамдардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде:
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата техникалык регламенттердин талаптарынын жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптарды бузууларды четтетүү, коопсуздук талаптарына ылайык келбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүштөн алып салуу, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарларды жана жарактуулук мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгон, бирок белгиленбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө анык жана жетиштүү маалымат болбогондо, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, аларды керектөөчүлөрдөн чакыртып алуу жана бул жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо, алардын ар кандай түрдөгү таңгактардагы оролгон товарлардын санынын аларды ачууда, сатууда жана импорттоодо таңгактагы көрсөтүлгөн санына ылайык келбегендиги тууралуу жазма эскертүүлөрдү жөнөтөт;
ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторингди жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча ар жылдык маалыматты жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жарым жылдык маалыматты учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
52-берене. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, анын ичинде он төрт жашка чыга элек балдарга арналган товарларды өндүрүү же сатуу, иштерди аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, ошого тете көрсөтүлгөн товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүн ырастоочу расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу этиятсыздыктан олуттуу жана/же оор зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
4. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар), сыноо лабораториялары (борборлору) төмөнкүлөргө даттанууга укуктуу:
мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жазма эскертүүлөрүнө Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган сотко чейинки тартипте, андан ары - соттук тартипте;
мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пулдарды салуу жөнүндө токтомуна.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
53-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
Айылдык аймактын, шаардын аймагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:
керектөөчүлөрдүн даттанууларын кароого, алардын укуктарын коргоо маселелери боюнча аларга консультация берүүгө;
керектөөчүлөрдүн укуктарын бузган шарттарды табуу максатында сатуучулар (аткаруучулар, даярдоочулар) керектөөчүлөр менен түзгөн келишимдерди талдоого алууга;
сапаты талаптагыдай болбогон, ошондой эле керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү үчүн кооптуу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) табылганда жана ушул Мыйзамдын башка талаптары бузулганда материалдар мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу монополияга каршы органга же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, алардын ушул Мыйзамдын 49 жана 51-беренелеринде каралган ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын көрүү үчүн өткөрүлүп берилет;
анык жана жетиштүү маалымат менен коштолбогон же жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же жарактуулук мөөнөтү коюлбаган же мындай мөөнөтүн коюу милдеттүү болгон товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү) аныкталган учурларда маалымат берилгенге чейин товарларды сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтото турууга же товарларды сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтотууга;
керектөөчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн) укуктарын коргоп сотко кайрылууга укуктуу.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
54-берене. Керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын ассоциацияларынын, союздарынын) укуктары
1. Граждандар Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана уставдарына ылайык өз ишин жүргүзүп жаткан керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерине (алардын ассоциацияларына, союздарына) ыктыярдуу негизде биригүүгө укуктуу.
2. Керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын ассоциациялары, союздары) көрсөтүлгөн бирикмелердин (алардын ассоциацияларынын, союздарынын) уставдарында каралган учурларда:
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата милдеттүү талаптарды белгилеген техникалык регламенттердин, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүгө (заказдар боюнча тийиштүү уюмдарда же өз лабораториялары болсо алар тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан техникалык компетенттүүлүккө аккредитацияланган шартта);
керектөөчүлөрдүн укуктарынын жана керектөөчүлөрдү соода-сатык, турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө эрежелеринин сакталышын текшерүүгө, керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган фактылар боюнча экспертизалар жүргүзүлгөн учурда керектөөчүлөрдүн тапшыруусу боюнча ага катышууга;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатын жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу болгон товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) жүгүртүүдөн алып салуу боюнча мамлекеттик башкаруу органлдарына, уюмдарга сунуш киргизүүгө;
жөнгө салынуучу баалардын колдонулушуна контроль жүргүзүүгө мамлекеттик аткаруу бийлик органдары менен бирге катышууга калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга мамлекеттик органдар бел- гилөөчү тарифтерге көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүгө;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна жана сапатына коюлуучу талаптарга ылайык келбеген товарларды чыгарууда жана сатып өткөрүүдө (иштерди аткарууда, кызмат көрсөтүүдө), ошондой эле керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген укуктарын бузууда күнөөлүү болгон адамдарды жоопко тартуу жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына жана мамлекеттик башкаруу органдарына киргизүүгө;
мамлекеттик аткаруучу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан мамилелерди жөнгө салган мыйзамдарга карама-каршы келген актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө протест киргизүү өтүнүчү менен прокуратура органдарына кайрылууга;
керектөөчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн) укуктарын коргоп сотко кайрылууга акылуу;
ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча керектөөчүлөрдүн даттанууларынын саны жана мазмуну, уставдык максаттарда жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат берүүгө.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
55-берене. Керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн таламдарын коргоо
Монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары), товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын ассоциациялары, союздары) сатуучулардын (даярдоочулардын, аткаруучулардын) же алар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде сатуучулардын (аткаруучулардын) милдетин аткарган уюмдардын керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнө карата аракеттерин мыйзамга каршы деп таануу жана мындай аракеттерди токтотуу жөнүндө сотторго доо коюуга укуктуу.
Мындай доо канааттандырылган учурда сот массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка ыкма менен соттун чечимин сот белгилеген мөөнөттө керектөөчүлөргө кабарлоого мыйзам бузуучуну милдеттендирет.
Сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмдун керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнө карата аракеттерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарып жаткан уюмдун мындай аракеттерди жасагандыгы аныкпы жана ал аракеттер ошол адамдар тарабынан жасалдыбы, деген маселе боюнча алардын аракеттеринин граждандык-укуктук кесепеттери жөнүндө керектөөчүнүн доосун карап жаткан сот үчүн милдеттүү.
Керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн же айрым керектөөчүнүн таламында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмеси (алардын ассоциациясы, союзу) тарабынан коюлган доону канааттандыруу менен бир эле мезгилде сот керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерине (алардын ассоциацияларына, союздарына) ишти кароо менен байланышкан соттук чыгымдарды, анын ичинде ишке эксперттерди катыштыруу боюнча чыгымдарды өндүрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
551-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы өнөктөштүк
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
552-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56-берене. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
2. «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2 жана 3-пункттарында, 6-беренесинин 4-пунктунун биринчи абзацында жана 17-беренесинин 1-пунктунун сегизинчи абзацында камтылган жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү тизме бекитилген күндөн тартып күчүнө киргизилет.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1992-ж, № 3, 83-ст.);
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 101-ст.)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.
(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |