Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-июну № 318

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

        "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз
      Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
       киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
                                жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
     2. Көрсөтүлгөн  Мыйзам  долбоору  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
     3. Кыргыз  Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитетинин төрагасынын орун басары  көрсөтүлгөн  мыйзам  долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

      Премьер-министри      						     И.Чудинов


                                                          Долбоор

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

        "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз
      Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
                           киргизүү тууралуу

     1-статья. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"

     Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына  (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин ведомосттору,  1996-ж.,  № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилсин:
     1. 5-статьяда:
     биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "жана Кыргыз Республикасынын ай-
магында түзүлүүчү чет өлкөлүк юридикалык жактар" деген сөздөр  ",  ушул
статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүктөр катышкан юридика-
лык жактарды жана алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарын  кошпогондо,"
деген сөздөр менен алмаштырылсын;
     - экинчи  бөлүктүн экинчи абзацында "юридикалык жактардын тиешелүү
аймагына," деген сөздөрдөн мурда "иш-аракеттери Кыргыз  Республикасынын
Өкмөтү  бекиткен  тизмеге ылайык пайдалуу кендерди эксплуатациялоо (иш-
тетүүгө) багытталган чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык  жактарды  жана
алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарын кошо алганда," деген сөздөр ме-
нен толукталсын.

     2-статья.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик
актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     3-статья.

     Бул Мыйзам расмий кол коюлган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө
кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти