Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 3-марты № 138
 
               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
 
                   Кыргыз Республикасынын азык-түлүк
             коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору
                    жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
 
     Кыргыз Республикасынын  азык-түлүк  коопсуздугу чөйрөсүндө монито-
рингди жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында жана "Кыргыз  Республикасы-
нын  азык-түлүк  коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
                              ТОКТОМ КЫЛАТ:
     1. Тиркелген  Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мо-
ниторинги жана индикаторлору жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо)  бекитил-
син.
     2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору,  жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  Жободо  аныкталган
мөөнөттө милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
     3. Кыргыз Республикасынын  Айыл,  суу  чарба  жана  кайра  иштетүү
өнөр-жай  министрлиги  Кыргыз  Республикасынын  азык-түлүк  коопсуздугу
жөнүндө  маалыматтарды  жыйнап  жана  талдап,  Кыргыз   Республикасынын
Өкмөтүнө  жана  Кыргыз  Республикасынын  Азык-түлүк  коопсуздугу боюнча
кењешке берүүнү камсыз кылсын.
     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын
Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жана  Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана жара-
тылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
 
     Премьер-министр                                     И.Чудинов