Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\6c657a08-a00c-4494-a32d-301e809af0ff\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 25-июну ПЖ № 290

Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин ишин камсыз кылуу максатында, ошондой эле бул кеңешүү-консультациялык органдын өзгөчө милдеттерин эске алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин аппараты мекеменин уюштуруу-укуктук формасында юридикалык жактын статусу менен түзүлсүн.

2. "Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 1-декабрындагы № 426 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 7-пункт алып салынсын;

-8-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2010-жылдын 1-январына чейин Коомдук ордо кеңештин жана анын аппаратынын ишин финансылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.";

- 9-пункт "Коомдук ордо кеңештин" деген сөздөрдөн кийин "жана анын аппаратынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө Жободо:

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

- "Коомдук ордо кеңештин өзүнүн аталышы көрсөтүлгөн бланкы болот.";

- 10-пункттун экинчи абзацында "мүчөсүнүн" деген сөз алып салынсын;

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Коомдук ордо кеңештин курамынан мүчөсү чыккан учурда жаңы мүчө ушул Жобонун 12-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан Коомдук ордо кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө делегацияланууга тийиш.";

- 20-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"34. Коомдук ордо кеңештин ишин уюштуруу, усулдук, финансылык жана башкача камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин аппараты (мындан ары - аппарат) жүзөгө ашырат. Аппарат өз ишинде ушул Жобону, ошондой эле Коомдук ордо кеңеш бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин аппараты жөнүндө Жобону жетекчиликке алат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:

"34-1. Коомдук ордо кеңештин аппараты мекеме болуп саналат, анын өз алдынча балансы, банктык (кредиттик) мекемелерде эсептик жана башка эсептери, кыргыз жана орус тилдеринде өзүнүн аталышы көрсөтүлгөн мөөрү, штамптары жана бланктары болот.

Коомдук ордо кеңештин аппаратынын жетекчиси кызматка Коомдук ордо кеңештин төрагасы тарабынан 2 жылдык мөөнөткө дайындалат. Коомдук ордо кеңештин төрагасы аппараттын жетекчисине карата сыйлоо жана тартипке салуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматынан мөөнөтүнүн мурда бошотуу чараларын колдонууга укуктуу.

Коомдук ордо кеңештин Кеңешинин тапшыруусу боюнча Коомдук ордо кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти Коомдук ордо кеңештин төрагасы жүзөгө ашырат.

Коомдук ордо кеңештин жана анын аппаратынын түзүмү, аппаратынын штаттык саны (11 штаттык бирдиктин чегинде), ошондой эле чыгымдарынын сметасы Коомдук ордо кеңештин Кеңеши тарабынан бекитилет.

Коомдук ордо кеңештин аппаратынын жетекчисине жана кызматкерлерине Коомдук ордо кеңештин Кеңеши аныктаган өлчөмдө, тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде ар айдагы эмгек акы белгиленет.";

- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"35. Коомдук ордо кеңештин жана анын аппаратынын ишин финансылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.";

- 37-пункт "Коомдук ордо кеңешинин" деген сөздөрдөн кийин "жана анын аппаратынын" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешине төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин регламентине ушул Жарлыктан келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин аппараты жөнүндө Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү, андан соң аны Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоо.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Жарлыктан келип чыккан чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жана уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев