Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 20-октябры ПЖ № 261

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун аталышында жана экинчи абзацында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу" деген сөздөр "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева