КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 24-январы ПЖ №17
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ N 198, 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376 "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агентствосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр "Өкмөткө караштуу мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 28-февралындагы № 77 "Кадр саясатын жана мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун мониторинг системасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агентствосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматына "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө белгиленген формада жана мөөнөттө өз убагында отчет берип турсун";
- 7-пункттагы "Администрация" деген сөз "Аппарат" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы № 143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
5. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 198 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
А. Атамбаев
|