Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2013-жылдын 21-январындагы

№ 11 Жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн

УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ

 (КР Президетинин 2013-жылдын 27-сентябрынын № 194 Жарлыгына ылайык)

БИРИНЧИ БӨЛҮК. МАМЛЕКЕТ КАТАРЫ КАЛЫПТАНУУ ЖАНА ИЙГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ

НЕГИЗДЕРИН ТҮПТӨӨ

1-глава. Кыргызстан жана учурдун чакырыктары

2-глава. Укуктук мамлекетти түзүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу

3-глава. Элдин биримдиги мамлекеттүүлүктү сактоонун жана ийгиликтүү өнүгүүнүн шарты катары

4-глава. Социалдык милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүү

5-глава. Туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо

ЭКИНЧИ БӨЛҮК. 2013-2017-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ПРИОРИТЕТТЕРИ

6-глава. Экономика эгемендиктин жана улуттук коопсуздуктун башкы фактору катары

7-глава. Экономикалык туруктуу өсүш жана макроэкономикалык туруктуулук

8-глава. Бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу

9-глава. Финансы секторун өнүктүрүү

10-глава. Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү

11-глава. Региондорду экономикалык жактан өнүктүрүү

12-глава. Инвестицияларды чаржайыт пайдалануудан аларды концентрациялоого карай (улуттук долбоорлор)

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР

БИРИНЧИ БӨЛҮК

МАМЛЕКЕТ КАТАРЫ КАЛЫПТАНУУ ЖАНА

ИЙГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ НЕГИЗДЕРИН ТҮПТӨӨ

1-глава

Кыргызстан жана учурдун чакырыктары

 

Соңку жылдары Кыргызстандын коомдук, саясый жана экономикалык турмушунда өлкөнүн келечегин аныктай турган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатат. Жергебизде көз карандысыз жана кубаттуу, гүлдөп өнүккөн мамлекетти куруу үчүн Кыргызстандын эли эң кымбат кун төлөдү.

Кыргызстандын жаңы тарыхында мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, өз экономикасын түзүүгө жана улуттук маданиятты кайра жаратууга алгачкы кадамдар XX кылымда мурдагы Советтер Союзунун курамында жасалган. Элибиз совет мезгилинин учурунда көптөгөн өнүгүүгө жетишкен, бирок ал заман кайра кайтпас болуп кетти.

90-жылдарда Кыргызстанда мамлекеттин бардык негизги институттары түзүлгөн. Биздин өлкөбүз көптөгөн ири эл аралык уюмдардын иш-аракеттерине катышат.

Ошону менен бирге соңку мезгилге чейин жүргүзүлүп келген саясаттын ыраатсыздыгы көптөгөн эл аралык эксперттер жана байкоочулар мурдагыдай эле Кыргызстанды "өсүп-өнүгүүгө жөндөмсүз" мамлекеттердин катарына кошуусуна алып келди. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүнүн келечеги күмөн саноону жаратууда.

1.1.        Приоритетсиз өлкө же "эптеп жан багуу" режиминдеги жыйырма жыл

 

Кыргызстан тез өнүгүп бараткан жаңы дүйнөдө өз ордун табууга тийиш. Мурдагы СССР ыдырагандан кийинки жыйырма жылда Кыргызстандын эли "эптеп жан багуу" мезгилинде жашады жана көп жагынан бул "колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр" мезгили катары бааланып келген. Кырдаалды жакшыртууга, анын ичинде донор-өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын олуттуу колдоосу менен жакшыртууга бир жолу аракеттер жасалган ("Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери" программасы (2001-ж.), "Кедейликти кыскартуунун Улуттук стратегиясы" (2003-ж.), "Жаңы экономикалык саясат" (2009-ж.), өнүгүүнүн көп сандаган тармактык программалары). Бирок, өлкөнү алгачкы эки президенти башкарган мезгилде мамлекетти башкаруунун натыйжасыздыгынан, коррупциядан, ошондой эле айрым мамлекеттик түзүмдөрдүн криминалдашуусунан улам алар өлкөнү өнүктүрүүгө жетиштүү өлчөмдө дурус түрткү бере алган эмес жана кыйла даражада максатына жеткен жок.

Мамлекеттик саясаттын ыраатсыздыгы жана максатка багытталбагандыгы экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн жок. Мунун кесепетинен СССРдин мурдагы көп башка республикаларынан айырмаланып, Кыргызстан 20 жылдын ичинде дүйнөлүк экономикалык процесстерде өзүнүн татыктуу ордун таба алган жок. Кыргызстандын экономикасы өз алдынча, ал тургай борбордук-азия регионунун же КМШнын ажырагыс бөлүгү боло албады.

Апрель революциясына чейин эле эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча Кыргызстан 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШдагы эң кедей мамлекеттердин бири болгон. Бүтүндөй калктын 32%га жакыны же 1,7 млн. ашуун адам кедейликтин чегинен төмөн жашаган, алардын ичинен 76%ы айыл жеринде жашаган; расмий баа берүүлөр боюнча жумушсуздук деңгээли 8%дан ашып кеткен, расмий эмес баа берүүлөр боюнча ал 14-16%га жакынды түзгөн.

Жогоруда саналган, ошондой эле көптөгөн башка факторлор жакынкы мезгилге чейин колдонулуп келген мамлекеттик башкаруу системасы мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгууга жөндөмсүз экендигин тастыктап турат.

Ошону менен бирге узак мезгил бою кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн абалы жана өлкөнүн келечеги жөнүндө олуттуу тыянак чыгарылган эмес. Андан да мыйзамдуулуктун жоктугунан, экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү, региондук саясаттагы, этностор аралык мамилелердеги чечилбеген көйгөйлөрдөн улам кыйратуучу тенденциялар күч алган.

Март (2005-жыл) революциясынан кийин күтүлгөн дурус өзгөрүүлөр акталган жок, бул 2010-жылы апрелде кайрадан элдик революцияга жана бийликти алмаштырууга алып келди.

1.2. Апрель революциясынан кийинки үмүттөр жана чындык

 

Жаңы Конституцияны кабыл алуу, ошондой эле көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2010- жана 2011-жылдары эркин демократиялык шайлоолор жарандардын адилеттүүлүккө жана татыктуу жашоого болгон үмүтүн кайра жаратты.

Ошол эле учурда 2011- жана 2012-жылдары камсыз кылынган туруктуулук анча жетиштүү болбой калды. Жалпы эле өлкөдө ички саясый кырдаалды, анын ичинде тышкы күчтөр тарабынан курчутуу ыктымалдуулугу али жоюла элек. Мамлекет жана өлкөнүн ичинде болуп жаткан процесстер тыштан болгон таасирге дагы деле туруштук бере албайт. Өнүгүүнүн жеке өзүнүн стратегиялык долбоорунун жоктугу, өлкөнүн тышкы долбоорлордун мүмкүн болуучу терс таасирлерине көз карандылыгы дале жогору бойдон калууда.

Коомдун кыйла бөлүгү көңүл чөгүү абалында калып, анын интеллектуалдык курамы соңку жыйырма жылдын ичинде кыйла жукарып кетти. Коомдук-саясый жана кесипкөй элитаны жаратуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу механизмдери жок.

Кыргызстандын укуктук системасы учурдун талаптарына жана чакырыктарына төп келбейт. Анын мындай абалы коомдо, ошондой эле мамлекеттин институттарынын өзүндө укуктук нигилизмди пайда кылды.

Ушул мезгилге чейин мамлекеттик башкаруу өткөөл мезгилде турат. Көп сандаган реформалардын натыйжасында башкаруунун формасы өзгөргөн, бирок мамлекеттик башкаруу органдарынын иштөө, чечимдерди кабыл алуу жана аларды аткаруу ыкмалары мурдагы бойдон калууда. Мамлекеттик бийлик органдарынын ортосунда туруктуу карым-катнаш жок. Көп учурда чечимдерди иштеп чыгуу тармактык жана корпорациялык тар мүдөөлөргө негизделет, чечимдер кыска мөөнөттүү мүнөздө болот.

Мамлекеттик башкаруу системасы вертикаль жана горизонтал боюнча да иштебей калып жатат. Борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы карым-катнаш начар жана натыйжасыз бойдон калууда. Облустук жана райондук деңгээлде бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бүдөмүк, аларды жүзөгө ашыруунун реалдуу механизмдери менен бекемделген эмес. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгүнүн ресурстары чектелүү, бул аларга өз функцияларын жана милдеттенмелерин толук өлчөмүндө аткарууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Соңку мезгилде калыптанган чечимдерди иштеп чыгуунун жалпы аянтчалары анча натыйжалуу эмес, бул мамлекеттик деңгээлде милдеттерди чечүүдө бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.

1.3. Жалпы улуттук өнүгүү долбоору - стратегиялык алдын-ала көрө билүү

 

Коомдо Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн жалпы улуттук стратегиялык долбоорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу зарылчылыгы жөнүндө бирдиктүү позиция калыптанып калды. Муну менен бирге коомдук-саясый, экономикалык, социалдык, идеологиялык, региондук жана этностор аралык кыйла курч маселелерди чечүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жана чыңдоо милдеттери менен ажырагыс байланышкан.

Экономикалык өсүш темпинин туруксуздугу, социалдык саясаттын так эместиги жыйырма жылдын ичинде өлкө аң-сезимдүүлүк менен тандап алган, элдин басымдуу көпчүлүгү колдогон багыт калыптанбагандыгын айкын далилдеп турат. Эгемендүү мамлекет жашап турган мезгилдин ичинде биз кандай өлкөнү курушубуз керек экендиги, Кыргызстандын келечеги кандай боло тургандыгы жөнүндө жалпы бир пикирге келе элекпиз.

Өлкө мындан ары эл колдоого алган так аныкталган максаттуу багыттарсыз өнүгө албайт, коом калктын көпчүлүгү колдоого алган дөөлөттөрсүз туруктуу боло албайт, бүгүнкү күндө Кыргызстан келечекти алдын-ала көрө билүүнү чагылдырган, беш жылдык мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын көрсөткөн стратегиялык документке өтө муктаж болуп турат.

Кыргызстандыктардын дүйнөгө көз карашы менен табигый түрдө айкалышып жана өлкөнүн өнүгүшүнүн өткөн тарыхый мезгилинде топтолгон билим жана тажрыйбаны пайдаланууга жол ачкан максатты аныктоо маанилүү. Максатка карай илгерилөө жигердүү кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгүнө түшүнүктүү жана пайдалуу болууга тийиш, алардын жеке жана корпорациялык пландары жана таламдары менен айкалышып жана ал пландарды жүзөгө ашырууга жардам бериши керек.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш өлкөнүн келечегине болгон өзүнүн көрө билүүсүн сунуш кылып, ишмердиктин башкы багыттарын жана артыкчылыктарын белгилейт, ал өкмөттөр алмашкан учурда да өзгөрүүсүз калууга тийиш. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдык Улуттук стратегиясы өлкөнү саясый, экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиленген, өлкөнүн саясый туруктуулугунун жаңы форматында иштелип чыккан биринчи мамлекеттик документ болуп саналат.

Узак мөөнөттүү келечекте биз Кыргызстанды стратегиялык жактан адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылуу менен алардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, көп тилдүү жана жагымдуу ички чөйрө, мыйзамдуулукту сактоо, билим берүүнүн деңгээли жогору, курчап турган чөйрөсү таза, коомдук туруктуу, эл аралык кадыр-баркы жогору, экономикасы туруктуу өнүккөн жана инвесторлор үчүн жагымдуу өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кирген күчтүү жана көз карандысыз мамлекет катары көрөбүз.

Жакынкы беш жылда (2013-2017-жылдардын мезгилине) Кыргызстандын алдында саясый системасы туруктуу, экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан жана калкынын кирешеси дайыма жогорулап жаткан демократиялуу мамлекет катары калыптануу милдети турат.

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн ушул Улуттук стратегиясы (мындан ары - "Стратегия") ушул милдеттерди чечүүнү камсыз кылууга чакырылган.

Стратегияда каралган саясаттын ар кандай чөйрөлөрүндөгү чаралар, ошондой эле ачык-айкын аракеттер аларды бюджет процесси менен айкалыштырууну жана зарыл болгон финансылык жана башка ресурстар менен камсыз кылууну талап кылат. Биз куру кыялдарга таянбастан, ишке аша турган пландарды түзүшүбүз керек. Кандайдыр-бир бөтөн үлгүлөрдү көчүрүп алуунун же дагы кимдир-бирөөнүн көчүрмөсү болуунун зарылчылыгы жок. Биз Кыргызстан гана болуп, өнүгүүдө өз жолубузду таап жана жеке өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөргө гана таяна алабыз.

Туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы орто мөөнөттүү мезгилде өнүгүүнүн тышкы жана ички тобокелдиктерине карата алдын-алуу чечимдерин иштеп чыгуу жана узак мөөнөттүү келечекте туруктуу өнүктүрүүнүн негиздерди калыптандыруу үчүн багыт болуп калууга тийиш.

Өлкөнүн келечегин стратегиялык жактан көрө билүү орто мөөнөттүү программалардын чегинде долбоорлорду жана пландарды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет, алар өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетүүгө көмөк көрсөтөт. Орто мөөнөттүү программаларды узак мөөнөттүү максаттар менен айкалыштыруу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө жана өлкөнү дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоого жардам берет. Бул Стратегия жаңы өлкөнү куруу жолу боюнча мамлекеттик бийликтин жана коомдун алга карай биргелешкен илгерилөө багытын көрсөтүүгө чакырылган.

1.4. Жаратмандыктын беш жылдыгы (2013-2017-жылдар): мамлекет катары калыптануу жана Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн негиздерин түптөө

 

Жакынкы беш жылда Кыргызстан мамлекет катары калыптанып, ал эми коом - ийгиликтүү өнүгүү ишенимине ээ болушу керек. Бул эгерде мамлекет жана коом Стратегияны жүзөгө ашыруунун чегинде өз күч-аракеттерин үч милдеттүү шартты жүзөгө ашырууга топтогондо гана мүмкүн болот - ал:

- өзүбүздүн жеке мүмкүнчүлүктөргө таянуу;

- укуктун үстөмдүгүн жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу;

- биримдикке жетишүү.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин алкагында улуттук коопсуздук, тышкы саясат, мыйзамдуулукту, адам укуктарын камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, этностор аралык, региондор аралык, диний маселелерди чечүү, мамлекеттик башкаруу жана натыйжалуу мамлекеттик кызматтын ишке жөндөмдүү системасын түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө бир, катар стратегиялык документтерди (концепциялар, программалар, доктриналар ж.б.) иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга киришти.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине негизденет жана мыйзамдардын системасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларында чагылдырылат.

Ушул Стратегиядан келип чыгуучу иштелип жаткан стратегиялык документтер жалпы алганда алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн ыкмаларын, багыттарын жана этаптарын көрсөтүү менен жакынкы жылдарга мамлекеттик курулуштун планына айланат. Стратегияны жүзөгө ашырууга бардык мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду, бардык жигердүү кыргызстандыктарды тартуу керек.

Өлкөнүн коомдук-саясый жана кесипкөй элитасы жеке мүмкүнчүлүктөргө таянбасак, укуктун үстөмдүгүн, мыйзамдуулукту камсыз кылмайынча жана биримдикке жетишмейинче өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө жана жарандардын татыктуу жашоо деңгээлине жете албастыгыбызды аңдап-түшүнүүсү керек.

2-глава

Укуктук мамлекетти түзүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу

2.1. Кыргызстанда укуктук мамлекетти куруунун базалык шарты катары укуктук системаны чыңдоо

 

Кыргызстандын укуктук системасы жалпысынан анын бардык элементтеринде (ченемдик база мамлекеттик жана мамлекеттик эмес укуктук мекемелердин жыйындысы жана укуктук идеялардын жана көзкараштардын жыйындысы (укуктук маданият, укуктук идеология, укуктук илим) азыркы талаптарга жана чакырыктарга шайкеш келбейт.

Ченемдик база тең салмаксыздыгы жана системалуу эместиги (ички карама-каршылыгы), тиешелүү негизи жок айрым топтордун көз ирмемчелик кызыкчылыгынан келип чыккан перманенттүү өзгөргүчтүгү менен мүнөздөлөт.

Мындай ченемдик база мамлекеттик, анын ичинде жогорку мамлекеттик бийлик органдарынын жана мамлекеттик эмес юридикалык мекемелердин (коомдук кесипкөй уюмдардын жана жарандардын) иштерин бүлүндүрөт. Карама-каршы келген жана туруктуу эмес мыйзамдардын талаптарын аткаруу мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле карапайым жарандар үчүн да кыйын жана майнапсыз ишке айланат. Мындай шарттарда мыйзамды колдонуучу жана анын аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик кызматчылардын арасында ыйгарым укуктарды ашыкча жана аларды кара ниеттик максатта пайдаланууну каалаган башка адамдар үчүн өбөлгөлөр түзүлөт, ал эми жарандарда болсо мыйзамды жана бийликти ачыктан-ачык сыйлабоо көз карашы пайда болот.

Көрсөтүлгөн кырдаал ченемдерди чыгаруучу органдарда ошондой эле коомдо да укуктук маданияттын начардыгы, илим менен жакшы жөнгө салынган байланыштын жоктугу менен тереңдөөдө. Анын мындай абалы мамлекеттин өзүнүн институттарында укуктук нигилизмди, мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын иштеринде, ошондой эле коомдо, жарандардын жана алардын бирикмелеринин жүрүм-турумдарында мыйзамдуулуктун жоктугун пайда кылат.

Өлкөнүн коомдук, саясый жана экономикалык турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдуулукту орнотуу туруктуулуктун, мамлекеттин бекемдигинин жана Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн башкы фактору болуп саналат. Мыйзамдуулуктун жоктугу жана жарандардын мыйзамдуу таламдарын этибарга албай коюу Кыргызстанда эки жолу бийликтин революциялык алмашуусуна алып келди.

Ошондуктан анык укуктук мамлекетти түзүү, мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу мамлекеттик бийликтин бүткүл бутактарынын иштеринин маанилүү багыты болуп калмакчы, ал эми Кыргызстан болсо бул жолдун башталышында гана турат жана түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн кийинки 5 жылга күч-аракеттерди төмөнкүдөй багыттарга топтоо милдети турат:

- кабыл алынуучу мыйзамдар же башка укуктук актылар, ошондой эле аларды колдонуу практикасы толугу менен Конституциянын маани-маңызына дал келгендей укуктун чыныгы үстөмдүгүн белгилөө;

- эч кандай мамлекеттик бийлик, жергиликтүү бийлик органы же кызмат адамы мыйзамда белгиленген чектен сырткары иштерди жасай албай турган мыйзамдуулукту камсыз кылуу;

- Акыйкатчы институтунун ишин өркүндөтүүнү кошо алганда, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин чыныгы приоритетин камсыз кылуу;

- бийлик менен калктын ортосундагы обочолонууну жоюу, калктын мамлекеттик бийликке, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына болгон ишенимин олуттуу жогорулатууга жетишүү;

- мамлекеттик бийлик бутактарынын өз алдынчалыгын жана көз каранды эместигин эске алуу менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүү маселелеринде алардын макулдашып иштешин жана ишкердүү өз ара аракеттенишин камсыз кылуучу бийликти бөлүштүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү;

- эл алдында мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын ыйгарым укуктарын элдин таламдарында гана жүзөгө ашыруу;

- соттук реформаны аяктоо, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле мамлекеттин жана коомдун мыйзамдуу таламдарын коргоодо сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана кадыр-баркын жогорулатуу;

- мамлекеттик башкаруунун ишке жөндөмдүү моделин түзүү, мамлекеттик аппараттын так жана жөнгө салынган иштөөсүн, борбордук жана аймактык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу жана координацияланган иштерин камсыз кылуу;

- мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын, башка мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, анын ичинде бизнес-жамаатынын өлкөнү өнүктүрүү максаттарына жана жолдоруна тиешелүү аракеттеринин макулдашкандыгына, ошондой эле биргелешип кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти бөлүшүүгө даярдыгын камсыз кылуу.

Мамлекеттик бийлик органдарын баш коштуруу процессин баштоо, алардын ички биримдигине жетишүү, аткаруу бийлик вертикалын чыңдоо зарыл. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу же коомдук уюмдардын деңгээлинде айрым мамлекеттик функцияларды жана ыйгарым укуктарды децентралдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү керек.

Укуктук мамлекет бир бүтүн жандуу организм сыяктуу өнүгүшү, андагы бардык системалар шайма-шай жана план ченемдүү иштеши керек. Ар бир реформа - мейли ал саясый, соттук, башкаруу, экономикалык болсун, укуктук кайра түзүүлөрдүн жалпы тизмегинин бир чынжыры болуп калууга, башкача айтканда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү бир бүтүн стратегиясына жуурулушуусу керек.

2.2. Конституциянын жана мыйзамдардын туруктуулугун камсыз кылуу, алардын потенциалын жүзөгө ашыруу

 

Кыргызстандагы конституциялык реформалардын тажрыйбасы Конституцияда көрсөтүлгөн саясый күчтөрдүн катышы ар бир жолу ачык-айкын, конъюнктуралык экендигин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда өлкөдө коомдук-саясый процесстер ыкчам өнүгүп жатат. Албетте, кечээ эле кашкайган жана табигый нерсе бүгүн анахронизм болуп калышы мүмкүн. Ошентип, Конституцияга шашылыш өзгөртүүлөрдү киргизүүгө азгырылып кетүү менен биз "конституциялык реформалардын" аягы бүтпөс айлампа жолун улантуу тобокелине кабылабыз. Ошондуктан:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын баркын көтөрүүнүн биринчи даражадагы мааниси бар. Конституциянын айрым жоболорунун натыйжалуу эместиги жөнүндө сындар конституциялык түзүлүштүн туруктуулугуна күмөн санатпоого тийиш. Конституцияга ылайыктуулугу мамлекеттик органдардын бардык аракеттерине жана чечимдерине баа берүүнүн башкы критерийи болууга тийиш.

Конституциялык-укуктук мамилелерди өркүндөтүүдө негизги басымды иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө эмес, дүйнөлүк тажрыйбада кабыл алынган анын принциптерин жана ченемдерин турмуш чындыгынын керектөөлөрүнө карай ийкемдүү өнүктүрүүгө жасоо зарыл.

Конституциянын ар кандай жобосун кайра кароо үчүн өтө олуттуу негиздер болушу керек, демек, андай ар бир кайра кароону өтө кылдаттык менен жасоо зарыл.

Ушундай эле мамиле башка колдонуудагы мыйзамдар менен ченемдик укуктук актыларга карата да жасалышы зарыл. "Оюн эрежелерин" тез-тез алмаштыруу айрыкча инвестициялык кырдаалга терс таасир тийгизип, жашоо-турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндөгү туруктуулукка көмөк көрсөтпөйт, тескерисинче ар кандай бузуулар менен кыянаттыктарга жол ачат.

2.3. Мыйзамды урматтоо жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу

 

Мыйзамдардагы карама-каршылыктар, анын өзгөрмөлүүлүгү, начардыгы, ошондой эле мамлекеттик, коомдук институттардын коррупциялануусу мыйзамды сыйлабоонун келип чыгышына жакшы өбөлгө түзөт. Жашоонун бардык чөйрөлөрүндө ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу, милдеттерин аткарбоо жана мыйзам талаптарына ачыктан-ачык баш ийбөө байкалат.

Ошону менен бирге тарыхый тажрыйба мыйзамды урматтаган, ал эми мыйзамдуулук жогорку маданий баалуулук катары кабылданган өлкөлөр ушул фактордун эсебинен олуттуу өсүп-өнүгүү ресурстарына ээ болуп жаткандыгын ырастап турат. Мыйзам боюнча жашоо укуктук мамлекетте ийгиликке жетишүүнү ойлогон жарандар үчүн ченем болуп калууга тийиш.

Коомдо укук тартибин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бийлик органдары талаш маселелерди чечүүнүн укуктук ыкмаларын иштеп чыгышы жана жигердүү ишке киргизиши, ал маалыматты жарандарга жеткириши зарыл. Бул жаңжалдуу тараптардын жолдорду бууп салуунун, объекттерди кыйратуунун, башка жарандардын мыйзамдуу укуктарын бузуулардын, оппоненттерге жана бийликке көпчүлүктүн басым жасашынын жардамы менен охлократиялык ыкмаларды пайдалануудан баш тартышына көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Жарандардын укуктук маданиятын жана мыйзамдарга ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында жарандарга укуктук тарбия берүү боюнча төмөнкүлөрдү караган комплекстүү мамлекеттик программаны кабыл алуу зарылчылыгы бышып жетилди:

- колдонуудагы мыйзамдар жөнүндө жарандардын маалымдуулугун, анын ичинде тийиштүү структураларды жана маалыматтык ресурстарды түзүү жана өнүктүрүү жолдору аркылуу жакшыртуу;

- жарандардын ченемдик укуктук базаларга жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөштүрүү;

- жалпы билим берүүчү мектептерде, жогорку жана атайын орто окуу жайларда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу системасынын алкагында укук маданиятынын негиздерин окутуу усулдарын жана адам укуктары боюнча багытты өркүндөтүү;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлерге карата мыйзамдарды билиши боюнча талаптарды жогорулатуу;

- адамдардын алдында турган ар кандай маселени чечүүдө укуктук ыкмалардын натыйжалуулугун, жана тескерисинче, охлократиялык ыкмалар ("топтошкондордун бийлиги") менен бийликке кысым көрсөтүүнүн майнапсыздыгын ачык далилдөөнү камсыз кылуу;

- кыргызстандыктардын аң-сезиминде жана күндөлүк турмушунда эркин демократиялык өлкөдө ар бир жарандын укуктары жана эркиндиктери толук өлчөмүндө жүзөгө ашырыла тургандыгын жана ал башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбаганда гана натыйжалуу боло тургандыгын түшүнүүнү бекемдөө;

- ар кандай кылмыш жана укук бузуу үчүн жазалардын кайра жангыс принцибин ачык ырастоону камсыз кылуу.

2.4. Эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылуу

 

Кыргызстанда бийлик эл тарабынан шайланууга тийиш. Эл бийлиги ар бир жарандын коомдук турмуштун маанилүү маселелерин чечүүгө, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоонун жана шайлануунун конституциялык укугу аркылуу эркин катышуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Демократиялык укуктук мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылуу болуп саналат. Коом жана Кыргызстандын саясый уюмдары бийликке карай жол шайлоо аркылуу гана мүмкүн экендигине көнүшү керек. Таза шайлоо гана гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу Кыргызстанды куруу, өлкөдө акыйкат саясый системаны түзүү үчүн негиз боло алат.

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эркин жана атаандаш шайлоо өткөрүү саясый атаандаштыктын күчөшүнө алып келди. Бул улам барган сайын шайлоону ачык-айкын болушуна, өткөн жылдарда шайлоо процессинин катышуучулары колдонуп көнүп калышкан администрациялык ресурстарды жана ыплас технологияларды ачыкка чыгарууга мүмкүндүк берет.

Саясый күрөштүн ыплас ыкмаларына бөгөт коюу максатында Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын негизинде өткөн шайлоолордун, анын ичинде 2012-жылдын жазында жана күзүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын терең талдап чыгуусу зарыл.

Мыйзамдарга төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү керек:

- шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жагынан "администрациялык ресурсту" колдонуу мүмкүнчүлүгүн жоюуну (толук жок кылууга чейин);

- шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан мыйзамда тыюу салынган шайлоо технологияларын натыйжалуу аныктоону жана аларды жоюуну;

- шайлоо процессинин айрым катышуучуларына шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн кыйла пайдалуу шарттарын колдонууга мүмкүндүк берүүчү жоболорун жокко чыгарууну;

- шайлоо мыйзамдарын сактоого контролдукту күчөтүү. Жол берилген тартип бузуулар жана кыянаттык менен пайдалануулар үчүн шайлоо процессинин катышуучуларын жазадан четте калбашын;

- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, ЖМКлардын шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу укуктарын урматтоо, ошондой эле фактылар жана сандар менен бекемделген калыс жана так маалыматтарды алууга шайлоочулардын укуктарын урматтоо ченемдерин өркүндөтүүнү;

- шайлоону калыс, ачык-айкын жана кылдат башкаруу, көз карандысыз байкоочулар, жарандык коом жана эркин ЖМКлар тарабынан шайлоого сапаттуу байкоо жүргүзүү үчүн андан ары так механизмдерди киргизүүнү эске алуу менен шайлоо жол-жоболорунун укуктук түзүмүн өркүндөтүүнү;

- жана башкаларды.

Ошондой эле калктын аялуу топторунун өкүлдөрү, аялдар, улуттук азчылыктардын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоо жана шайлануу укугун камсыз кылуу үчүн мыйзам ченемдерин өркүндөтүүнү улантуу зарыл.

Практикалык иштердин деңгээлинде ошондой эле шайлоо процессин байкоо жүргүзүүнүн техникалык каражаттары менен (видеокамералар, байкоо жүргүзүү, биометриялык паспорт, электрондук добуш берүү каражаттары ж.б.) камсыз кылуу болжолдонууда. Бул шайлоонун таза өтүшүн контролдоонун эң натыйжалуу каражаттарынын бири болот. Таза шайлоо - ишенимдин негизи, демек бул туруктуулук жана коопсуздук.

2.5. Коррупцияга каршы туруу

 

2012-жылдын февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча андан аркы кадамдар мамлекет жана коом тарабынан коррупцияга биринчи олуттуу сокку урууга мүмкүнчүлүк берди. Жогорку саясый элитанын өкүлдөрү кылмыш жазасына тартыла баштаган учурда, мындай оң жылыштар элдин акыйкаттыкка болгон ишенимин жаратты Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык укуктук шаймандарды имплементациялоо боюнча "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2012-жылдын 8-августундагы № 153 жаңы редакцияда кабыл алынды, айрым мыйзам актыларына бир катар маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык жана ички ведомстволук программалар жана пландар иштелип чыкты.

Социологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтары коррупционерлер пара алуудан жана башка коррупциялык иштерди жасоодон чочулай баштагандыгын ырастайт. Алсак, Tra№spare№cy I№ter№atio№al (TI) эл аралык өкмөттүк эмес уюм жарыялаган отчеттордо "Коррупцияны кабылдоо индекси" (CPI) 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өз позициясын 164-орундан 154-орунга чейин жакшырткан.

Бирок коррупциянын деңгээли акырындык менен төмөндөөдө.

Бүгүнкү күндө укук коргоо жана укук колдонуу системасынын абалы коррупцияга каршы турууга жөндөмсүз экендигин айгинелейт, анткени өзүлөрү дагы эле болсо коррупциянын субъектиси болуп саналат. Оң жагына өзгөрүүлөр жайбаракат жүрүүдө.

Ошону менен укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын ыкмалары жана каражаттары менен гана коррупцияга каршы күрөшүү - бул мындай социалдык илдетти пайда кылуучу себептер менен эмес, анын кесепеттери менен гана күрөшүүнү билдирип калат. Түзүлгөн кырдаал коррупцияга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга каршы катаал мыйзамдарды жана жазалоонун чечкиндүү чараларын, ошондой эле кылмыш жазасы үчүн жаза берүүнүн кайра жангыстыгына кепилдик берүүчү так механизмдерди иштеп чыгууну демилгелөөгө мажбурлайт.

Ар кандай антикоррупциялык чаралардын бөлүгүн түзүүчү жарандык коом институттарынын кеңири катмарын тартуу менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укуктук жана институттук алдын-алуу (превентивдүү) чараларын күчөтүү керек.

Коррупция мурдагыдай эле Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн чынында эле коркунуч болуп саналат, анткени: 1) экономикалык жана социалдык кайра түзүүлөргө кедергилик кылат; 2) экономиканын бейформал ("көмүскө") секторун кеңейтет, бюджетке салыктык түшүүлөрдү азайтат, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун төмөндөтөт; 3) саясый жана экономикалык өнөктөштөрдүн алдында өлкөнүн беделине терс таасир тийгизет, инвестициялык климатты начарлатат; 4) жарандардын мүлктүк теңсиздигин көбөйтөт; 5) коомдун аң-сезиминде кылмыштуулуктун жана бийлик адамдарынын алдында жарандардын корголбогондугу жөнүндө түшүнүктү калыптандырат; 6) уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм үчүн азыктануучу чөйрө болуп саналат; 7) коомдун моралдык-этикалык баалуулуктарынын, элдик каада-салттар менен үрп-адаттардын деградациясына алып келет; 8) саясый элитаны түзүүгө, шайлоо процессине, бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын иштерине терс таасир тийгизет; 9) коомдун жана мамлекеттин жакшы өнүгүшүнө кедергилик кылат.

2013-2017-жылдары Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу улантылат. Бул иште приоритеттүү багыттар төмөнкүлөр болот:

- кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттерин натыйжалуу аныктоо жана аларга бөгөт коюу максатында мыйзамдарды өркүндөтүү;

- сот системасын түп-тамырынан бери реформалоону улантуу, мыйзамдуулукту чыңдоо, сот адилеттигинин принциптерин сактоо, бардык адамдардын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги, сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу. Судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун камсыз кылуу, сот системасына ишеним деңгээлин жогорулатуу, бул үчүн шарттарды түзүү жана мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча максатка багытталган чоң иштер алдыда турат. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сот системасынын көз карандысыздыгын бузбайт, ал эми судьялык өз алдынча башкаруу органдары судьялык этиканы камсыз кылууда чоң роль ойнойт;

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасын, анын ичинде прокуратура органдарын жана милицияны түп-тамырынан реформалоо. Укук коргоо органдарынын ишиндеги коррупция көрүнүштөрүн азайтуу (толук жоюуга чейин), таза жана ак ниеттүү кызматкерлерди колдоо жана кызматтык жактан илгерилетүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу. Техникалык жактан камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү, ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүчү адамдардын жана тергөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу программаларына түзөтүү киргизүү;

- колдонуудагы жана иштелип чыгуучу мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды антикоррупциялык жактан сөзсүз экспертиза жүргүзүү. Колдонуудагы мыйзамдарды алардын коррупциялуулук предметине системалуу кайра карап чыгуу; мыйзам долбоорлорун, Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын, ведомстволук укуктук актыларынын долбоорлорун коррупциялуулукка карата милдеттүү түрдө талдоо практикасын киргизүү;

- коррупцияны пайда кылуучу жана аны коштоочу коррупциялык схемаларды аныктоо жана четтетүү, анын социалдык-экономикалык түпкү тамырларын табуу, мыйзамды сыйлап жашоо ыңгайын, социалдык, экономикалык жана укуктук чөйрөлөрдө мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу кепилдиктерди күчөтүү аркылуу мамлекеттин демократиялык жана укуктук постулаттары менен коррупциянын көрүнүштөрүнүн келишпестигин пропагандалоо;

- коррупциялык процесстердин бүлүндүрүүчү таасиринен мамлекеттик кызмат системасын коргоо, антикоррупциялык программаларды жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн жүрүш-туруштун этикалык кодексин иштеп чыгуу жана киргизүү. Пара алуу мамлекеттик кызматчы үчүн пайдасыз жана опурталдуу болушу керек. Мамлекеттик кызматчылардын кызматтык жактан өсүшү, айлык акы жана пенсиялык камсыздалышы алардын жүрүш-турушунун жана ишинин кынтыксыздыгынан тикелей көз карандылыкта болушу керек, моралдык-этикалык аспекттерди эске алуу менен кесиптик негизде жетектөөчү кадрларды тандоону караган кадр саясатын өркүндөтүү зарыл;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде билим берүү мекемелеринин системасында укуктук билим деңгээлин жогорулатуу;

- коррупцияга каршы күрөшүү, ишинде мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү;

- активдүү маалыматтык антикоррупциялык саясатты жүргүзүү, жалпыга маалымдоо каражаттарында коррупционердин терс образын түзүү, жаштар чөйрөсүндө коррупциялык көрүнүштүн зыяндуулугун жана келечеги жоктугун, кылмышкерлердин сөзсүз жазасын ала тургандыгын түшүнүүсүн калыптандыруу.

Антикоррупциялык саясатты жүзөгө ашыруу ийгилигинин негизги индикатору жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик антикоррупциялык саясаттын натыйжаларына жарандык коомдун туруктуу негизде өлчөнүүчү "ишеним индикатору" болот.

2.6. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачыктыгын камсыз кылуу. Жарандык коом менен бийликтин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө

 

Мамлекеттик башкаруунун азыркы абалы Кыргызстандын эли тарабынан адилеттүү сынды пайда кылууда. Мамлекеттик органдарды реформалоо боюнча мурда көрүлгөн чараларды талдоо алардын иштерин укуктук мамлекеттин талаптарына ылайык келтирүү боюнча күч-аракеттердин жетишсиздигин гана эмес, ошондой эле реформанын өзүнө адекваттуу эмес жана системасыз мамилелер тууралуу да ырастап турат. Өзгөртүү министрликтерди жана ведомстволорду реформалоо эмес, көп учурда эски мазмунунда жаңыча түр бергендей таасир калтырат. Функциялык жактан талдоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын саны өзгөрдү, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүү процесстерин башкаруу боюнча алардын иштеринин сапаты сезилерлик деңгээлде жогорулаган жок.

Мамлекеттик органдардын ишинде адамдарга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө багытталган мамиленин жоктугу министрликтер менен ведомстволордун багыттарынын туура эместигине алып келүүдө. Жыйынтыктарды жаратуунун ордуна иштөөнү гана максат кылып алышкандай. Учурдагы милдеттер менен алектенүү менен келечектүү маселелерди көз жаздымдан чыгарып жиберишет, приоритеттүү максаттарга жетүү боюнча айкын чараларды дайыма эле өз убагында иштеп чыгышпайт.

Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрдык потенциалы чабал бойдон калууда. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын белгилүү бир бөлүгүнүн кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү адептик-дөөлөттүк багыттары коюлган талаптарга дал келбейт.

Мамлекеттик башкаруу жагында Стратегиясынын негизги максаты - бул жарандардын бийлик институттарына: мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлигине ишенимин камсыз кылуу. Милдет төмөнкүлөрдөн турат:

- мамлекеттик башкаруунун ишке жөндөмдүү системасын түзүү;

- мамлекеттик аппаратты, анын ичинде өлкөнүн укук коргоо органдарын жана сот системасын жаңылоо;

- башкы керектөөчү - Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапатын жогорулатуу;

- мамлекеттик башкаруудагы терс көрүнүштөрдөн, анын ичинде коррупциядан, кесипкөйлүктүн жана жоопкерчиликтин кемчиликтеринен, ошондой эле функциялардын бири-бирин кайталашынан, урук-туугандык жана жердешчиликтен арылуу;

- материалдык активдер гана эмес, ошондой эле материалдык эмес, гуманитардык активдер менен да оптималдуу башкаруу: ченемдерди, эрежелерди, долбоорлорду, стратегияларды иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашыруу.

Колдонуудагы Конституция бүткүл эл шайлаган өлкөнүн Президенти башында турган Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин түзүмүн аныктайт. Бирок, өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик түзүлүштүн негиздери гана белгиленген, ал эми аларды өнүктүрүү тийиштүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу каралган.

Азыркы учурда мамлекеттик бийлик бутактарынын, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара мамилелердин көп жагдайлары жөнгө салынбай калууда. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтерин карама-каршы коюу логикасы арыла элек. Функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү бир катар маселелер али чечиле элек.

Мамлекеттик бийлик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин толук "инвентаризациялоо", ошондой эле алардын натыйжалуулугуна баа берүү жана аныкталган дисфункцияларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу милдети турат.

Ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын түзүү, мамлекеттик органдардын, анын ичинде мамлекеттик бийликтин борбордук органдарынын жүргүзүлгөн саясаттын жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалары үчүн жоопкерчилигин аныктоо зарыл.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда мыйзам колдонуу практикасын өркүндөтүү милдети турат, анткени колдо бар прогрессивдүү мыйзам ченемдер көп учурда аткарылбайт. Ушуга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, аларды окутуунун системасын өркүндөтүү боюнча чаралар каралат.

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу моделин түзүүдө бийлик органдарынын ортосунда вертикалдуу жана горизонталдуу коммуникацияларды чыңдоо жана өнүктүрүүгө, борбордук жана аймактык бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу жана координацияланган иштерин камсыз кылууга өзгөчө маани берилет.

Администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча көп пландуу иштер улантылат, анын максаты өлкөнү жана региондорду башкаруунун натыйжалуу жана тең салмактуу системасын түзүү болуп саналат. Жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары натыйжалуу башкаруу жана региондордун калкына сапаттуу жана өз убагында кызматтарды көрсөтүү үчүн тең салмактуулукка жетишкенге чейин алардын отчеттуулугун жана контролдоону күчөтүү менен бекемделет.

Бийликке карата жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле калктын көз алдында анын кадыр-баркын жакшыртуу мамлекеттик органдардын жарандык коом институттары менен өнөктөштүк деңгээлине жараша болот. Өз ара ийгиликтүү аракеттенүүнүн тиешелүү программасын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуу экендиги бышып жетилди.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз иштерин жарандык коомдун кылдат көзөмөлүндө жүргүзүүгө тийиш. Жарандык коом менен биргелешкен аракетти күчөтүү, макулдашылган чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу, өз иштери тууралуу коомчулукту дайыма маалымдар кылып туруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракетинин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын жана жолдорун иштеп чыгууга жана жетишүүгө байланыштуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун (анын ичинде бизнес-жамааттын) биргелешкен аракетин камсыз кылуу үчүн чаралар да каралат. Мамлекеттик башкаруунун транспаренттүүлүгүн жогорулатуу максатында коомдук эксперттик кеңештердин жана мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ролу өркүндөтүлөт.

Мыйзамдык деңгээлде жана администрациялык практиканын деңгээлинде жарандык коом менен бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн кабыл алгылыктуу ыкмаларын аныктоо керек. Түз жана кайра байланышты камсыз кылуу максатында эң мыкты эл аралык жана улуттук практикаларды колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоого жарандарды катыштыруу ыкмаларын киргизүү зарыл.

Ар бир мамлекеттик орган боюнча тармактык саясаттын максаттары түзүлүп, ага жетүүнүн индикаторлору аныкталат. Мында көрсөткүчтөр жана индикаторлор өзгөчөлүү жана ар бир ведомство үчүн так, ошондой эле калк үчүн да түшүнүктүү болууга тийиш.

2013-2017-жылдары мамлекеттик органдардын ишинде Интернеттин мааниси жогорулайт, натыйжалуу жана аз чыгымдуу тескөө, демократияны өркүндөтүү жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу максатында заманбап "электрондук өкмөт" системасы түзүлөт.

Мамлекеттик кызматтын бирдиктүү системасынын негиздерин калыптандыруу алдыдагы беш жылдыктагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп калат. Анын максаты мамлекеттин функцияларын натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө багытталган, коррупцияга каршы туруктуу жана коомдун ишенимине ээ болгон компакттуу жана кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү болууга тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын дараметин арттыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кызматкерлеринин бирдиктүү маалыматтар базасын жана алардын кесиптик жактан өсүшүнө дем берүү системасын түзүү, ошондой эле коррупциялык жана трайбалисттик көрүнүштөрдү жоюу максатында башкаруу кадрларын ротациялоо механизмдерин мыйзамдык деңгээлде жолго коюу маанилүү.

2.7. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү

 

Укуктук мамлекетти түзүү жолунда чечүү зарыл болгон маанилүү милдеттердин бири жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү болуп саналат. Өткөн жылдарда ал өнүгүшү ырааттуу түрдө өнүгө алган жок. Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча жетишилген ийгиликтер менен катар солгундоо, ал тургай артка кетүү мезгилдери да болду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук базасын түзүү өткөн жылдарда системасыз болгондугун, ошондон улам ал тармактык мыйзамдарга улам каршы келгендигин белгилей кетүү керек.

Экинчи маселе колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү, аны иштеп чыгуу өнүгүүнүн жалпы концепциясын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанисин түшүнбөй туруп демилге кылуу болуп эсептелет.

Жакынкы келечекте жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо төмөнкүдөй милдеттерге топтоштурулууга тийиш:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук негиздерин өркүндөтүү. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүүнү жана башка тармактык ченемдик укуктук актыларга анын үстөмдүгүн камсыз кылууну болжолдойт.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлөт, ошондуктан мындай мыйзам долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын ассоциациялары менен макулдашуунун таасирдүү механизмин түзүү болжолдонот.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) функцияларын ажыратуу мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү. Мындай чара зарыл тең салмакка жетишүү, аймактарды тийиштүү финансылык бекемдөөсүз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын негизсиз кеңейтүү практикасын жоюу максатында зарыл. Анткени ушулардын бардыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылуучу өздүк функциялардын натыйжаларына жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына таасир этет. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирлерин эске алуу менен мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана аларды аткарууну финансылоонун иштелип чыккан так механизмдерин аныктоо зарыл.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун функциялык жана аймактык жактарын өркүндөтүүнү болжолдойт, мында 2012-2017-жылдарга администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын жүзөгө ашыруу негизги болуп саналат. Ошондой эле бирдиктүү базалык реестрди жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын, аларды колдонуу регламенттерин, ошондой эле социалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү боюнча айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен социалдык заказ кылуу механизмдерин түзүү аркылуу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу зарыл.

4. Бюджет аралык мамилелерди өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык туруктуулугун жана жергиликтүү деңгээлде ресурстарды натыйжалуу башкаруунун камсыз кылуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда мамлекеттик бюджеттик салыкты өркүндөтүү жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүү үлүшүн этабы менен көбөйтүү жана башка салыктарды жергиликтүү бюджеттердин курамына киргизүү, стимулдоочу гранттарды бөлүштүрүү механизмин кайра карап чыгуу, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды финансылоонун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын чыңдоого багытталышы керек.

Шаарлардын жана айылдардын экономикасын өнүктүрүү үчүн муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дем берүүчү, ошондой эле ишкердиктин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүн мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

Шаарларды жана айылдарды комплекстүү өнүктүрүү үчүн ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алардагы өзгөчөлүктөрдү жана өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясын (Программаларды) иштеп чыгышы жана жүзөгө ашыруусу зарыл.

Региондордогу мамлекеттик долбоорлорду финансылоону контролдоо маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жогорулатуу максатка ылайыктуу болот.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жоопкерчилигин жана ролун жогорулатуу, жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын алдында алардын отчеттуулугунун формаларын өркүндөтүү.

6. Кесипкөйлүктү жогорулатуу жана муниципалдык кызматтардын потенциалын чыңдоо. Бул маселелерди чечүү үчүн муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуунун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү, муниципалдык кызматчыларды эмгегинин натыйжасына жана анын эмгек акыга таасирине баа берүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, муниципалдык кызматчынын этикалык Кодексин иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун толук иштешин жана аны андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында мамлекеттик бийлик түзүмүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле жергиликтүү жамааттарды комплекстүү өнүктүрүү маселелери үчүн жооптуу, жогорку рангындагы адистештирилген органды түзүү максатка ылайыктуу.

2.8. Сот органдарын реформалоо, алардын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу

 

Колдонуудагы сот системасы конституциялык принциптерге жана институттук, ошондой эле материалдык жана процесстик укуктарды жөнгө салуу чөйрөлөрүндө сот адилеттигин жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына кыйла деңгээлде жооп бербейт.

1994-2009-жылдарда жүргүзүлгөн кайра түзүүлөр сот системасын мамлекеттик саясаттан тышкары турган жана укуктун үстөмдүгүнө кепилдик берүүчү толук деңгээлдеги мамлекеттик бийлик бутагына айландыра албады.

Соттордун статусун бекемдөө үчүн көрүлгөн чараларга карабастан сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты жана маданияты жакшырган жок. Соттордун кадыр-баркы жана судьяларга карата коомдун ишеними төмөндөп кетти.

Судьялар жана судьялардын кызмат ордуна талапкерлердин бардыгы эле судьялардын статусу - бул бийликке жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу эмес, ал жоопкерчилик маселеси экендигин аңдап түшүнө беришпейт.

Ушул мезгилге чейин компетенттүү эмес жана таза эмес судьялардан сот системасын тазалап арылтуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү жана ишке киргизүү мүмкүн болбой келди.

Мыйзамга туура келбеген чечим чыгаргандык, соттук функцияларды квалификациялык эмес жүргүзгөндүк жана соттук баш-аламандыктар үчүн жоопкерчилик механизмдери жетиштүү түрдө иштелип чыккан эмес.

Сот түзүлүшүнүн колдонуудагы системасы сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүктү жана сотто кетирилген катачылыктарды оңдоо мүмкүнчүлүгүн толук деңгээлде камсыз кыла албайт.

Сот адилеттигинин сапаты судьялардын адистешүүсүнүн жетишсиздигинен, алардын функцияларын кеңейтүүнүн (камакка санкция берүү ж.б.) кесепетинен соттордун иш оорчулугунан жана сотко чейин жараштыруунун натыйжалуу механизмдеринин жоктугунан улам төмөндөп кетти.

Соттук башкарууда коррупциялык көрүнүштөргө көмөктөшүүчү механизмдер сакталууда.

Сот өндүрүшү башкы милдетти - калыс, ачык жана адилеттүү сот укуктарын камсыз кылууну чечпей жатат.

Соттук териштирүү жетиштүү түрдө ачык эмес, ал эми сот актылары коомчулукка анча жеткиликсиз, мыйзамдарда соттук материалдарга жана архивдерге кеңири жеткиликтүүлүк жөнгө салынган эмес.

Жазык сот өндүрүшүндө айып коюуга басым жасоо көбүрөөк, соттук карап чыгуу үчүн мыйзамда аныкталган мүмкүнчүлүктөрүндө мындай карап чыгуулардын алкагында сот тарабынан чыгарылуучу чечимди негиздөө бөлүгүнө өтө жогорку талаптарды аныктоо зарыл.

Сот системасын мамлекеттик финансылоонун кыскарышы сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатына түздөн-түз таасир этүүдө.

Кыргызстандын калкы 2010-жылы Конституцияны кабыл алуу менен көз карандысыз жана натыйжалуу сот системасын тандап алды. Бийлик бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү сот системасын реформалоо процессин бекемдөө зарыл экендигин түшүнүп турат.

Бул багыт мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири болуп калат. Коом сот системасында оң бурулуштарды жана өзгөрүүлөрдү күтүп жатат.

Мамлекет жана коом көз карандысыз сот системасына шарт түзүү боюнча бүткүл күч-аракеттерди көрөт.

Сот системасын андан ары реформалоо азыркы администрациялык, жазык, жазык-процесстик, жарандык процесстик мыйзамдарды, ошондой эле соттордун, укук коргоо органдарынын иштерин уюштурууну жөнгө салуучу мыйзамдарды жана сот адилеттигин жүргүзүү маселелерине түз же кыйыр түрдө байланышкан мыйзамдарды жаңылоону болжолдойт. Ал формасы жана мазмуну боюнча коомдук муктаждыктарга, илимий мамилелерге жана практикалык тажрыйбага жооп берүүгө, эл аралык-укуктук стандарттарга дал келүүгө тийиш.

Сот системасы ачык-айкын болууга, ал эми анын түзүмдөрүнүн иштери жөнүндө маалымат жарандык коом тарабынан контролдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Акыр аягында сот көз карандысыз, жеке кызыкчылыктардан, саясый азгырыктардан жана идеологиялык ынанымдардан эркин, мамлекетте мыйзамдуулуктун жана акыйкаттуулуктун кепилдиги катары чыгуучу сот болууга тийиш.

Күчтүү сот бийлигинин болушу экономикалык укуктук мамилелердин туруктуулугунун жана өлкөнүн экономикасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуунун негизи болот.

Кыргызстандын азыркы шартында соттордун жана укук коргоо органдарынын колдонуудагы системасын трансформациялоого жана алар сапаттуу жаңы түзүмгө өсүп жетилгенге чейин бузуп-жарбастан жаңылоо кыйла акыл-эстүү жана үнөмдүү болуп саналат. Сот системасындагы структуралык өзгөртүүлөр колдонуудагы уюштуруу структурасына таянып, аларды акырындык менен сапаттуу жаңы мазмун менен толуктоо аркылуу этабы менен өтүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында соттук реформанын негизги максаттары жана багыттары аныкталган. Стратегиялык максат катары адамдын жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жөндөмдүү көз карандысыз сот бийлигин түзүү аныкталган.

Ал үчүн төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүү зарыл:

- сот системасын реформалоо;

- сот өндүрүшүнүн тартибин өркүндөтүү;

- сот адилеттигин гумандаштыруу;

- укук коргоо органдарын реформалоо.

Соттук реформа жетишилген ачык-айкын натыйжаларга жараша бааланууга тийиш. Андай натыйжалардын арасында биринчи кезектегилер болуп төмөнкүлөр саналат:

- адамдардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

- сот корпусун кесипкөйлүккө жана кынтыксыздыкка негизделген судьяларды ачык-айкын тандоо аркылуу жаңыртуу, ошондой эле судьялардын таза болушу жана алардын жоопкерчилигин жогорулатуу;

- сот системасынын ачык-айкындуулугун жана анын иши жөнүндө маалыматтардын жарандык коом үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

- сот процессинде тараптардын далил тартыштыгын камсыз кылуу;

- иштеп жаткан мамлекеттик институттар менен катар эле чыр-чатактарды чечүүнүн альтернативалуу механизмдерин өнүктүрүү;

- укук коргоо системасынын жана соттордун ишинде айып коюуга басым жасоодон арылуу, калыс сот өндүрүшүн камсыз кылуу;

- адамдарды кыйноолорду колдонуу коркунучунан, беделин түшүрүүчү мамиледен арылтуу;

- ар бир адамга квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

- жабырлануучулардын укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүү, өндүрүп алуулар жөнүндө соттук чечимдерди кыска мөөнөттө реалдуу аткаруу;

- соттук иштерди ар тараптуу, толук жана калыс кароо процессине таасир көрсөтүү аракеттери үчүн жазык жоопкерчилигин практикада колдонуу;

- судьялардын, соттордун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын системалуу негизде жогорулатуу;

- сот системасын анын чыныгы муктаждыктарын эске алуу менен тиешелүү түрдө финансылоо.

Сот системасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөр этап боюнча, администрациялык мыйзамдарды, жазык мыйзамдарын, сот түзүлүшү жөнүндө мыйзамдарды жана процесстик мыйзамдарды акырындык менен өнүктүрүүнүн базасында жүргүзүлүүгө тийиш, ал төмөнкүлөргө багытталат:

- сот түзүлүшүн өркүндөтүүгө;

- соттук көзөмөлдү өркүндөтүүгө;

- тергөөнү реформалоого;

- сот өндүрүшүнүн далил тартыштыгын өркүндөтүүгө.

Администрациялык, жазык мыйзамдарын, сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды, процесстик мыйзамдарды өнүктүрүүнүн негизги милдеттери төмөнкүдөй чараларды жана механизмдерди киргизүү болуп саналат:

- сот адилеттигинин ачык-айкындык принцибин ишке ашырууну камсыз кылуу;

- сот өндүрүшүн соттордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында конституциялык негиздерде уюштуруу, сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктарын толук жүзөгө ашыруу, ошондой эле соттук катачылыктарды милдеттүү түрдө түзөтүү механизмдерин киргизүү;

- сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын укуктарын натыйжалуу коргоону жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бирдиктүү соттук практиканы түзүү;

- каалаган ар бир жаран тааныша алгыдай (жабык сот жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерди кошпогондо) бардык соттордун чечимдеринин маалыматтар базасын түзүү;

- судьялардын тартип жоопкерчилигинин натыйжалуу механизмин киргизүү, алар кабыл алган чечимдердин сапаты үчүн судьялардын жоопкерчилигин мыйзамдык жактан бекемдөө;

- колдонуудагы мыйзамдарды кыйноолорго жана башка аеосуз, адамкерчиликсиз жана ар-намысты басмырлоочу мамиленин жана жазалоонун түрлөрүнө каршы 1984-жылы 10-декабрда кабыл алынган ООНдун Конвенциясынын талаптарына жана адам укугу боюнча Кыргыз Республикасынын башка эл аралык милдеттенмелерине ылайык келтирүү;

- жазык мыйзамдарын либералдаштыруу жана коомго көп коркунуч келтирбеген, анын ичинде экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды администрациялык укук бузуулар категориясына которуу жана аларды жасагандык үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү менен декриминалдаштыруу, ошондой эле жазаны жеңилдетүү жолу менен айрым кылмыштардын оордук даражасын кайра баалоо;

- эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, анын ичинде айып, үч эселенген айып салуу, коомдук иштерге тартуу жана эркиндигин чектөө, ошондой эле камакка алууга альтернативдик бөгөт коюу чаралары түрүндөгү жазаларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;

- жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү андан ары өркүндөтүүгө, анын оперативдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде тергөө менен кызматташкан айыпталуучуларга карата мыйзамсыз кысымга алуудан жана тергөө тараптан мажбурлоодон натыйжалуу коргоону камсыз кылуу, мындай механизмдердин мыйзамдуулугуна прокуратура органдары тараптан контролдукту камсыз кылуу шартында кубаттоо ченемдерин киргизүү аркылуу жогорулатуу;

- жазык сот өндүрүшүндө жараштыруу жол-жоболорун кеңейтүү, анын ичинде медиация институтун өнүктүрүү, ошондой эле жеке жана жеке-ачык айыптоо жазык иштеринин категориясын кеңейтүү, буга аялдарга, жашы жете электерге карата зомбулуктар жөнүндө, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле кылуу жөнүндө иштер кирбейт;

- тараптардын жарашкандыгына байланыштуу адамдарды жазык жоопкерчилигинен бошотуу тартибин жөнгө салуу, анча оор эмес жана оор эмес экономикалык кылмыштарды жасаган адамдарга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын колдонуу үчүн чектөөлөрдү белгилөө, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун ыктыяры менен толтурган учурда аларды жазык жоопкерчилигинен бошотуу;

- талаш-тартыштарды чечүүнүн соттон тышкары ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

- чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбанын негизинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүү;

- адамдын жана жарандын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылуучу соттук реформалоонун башка багыттары.

2.9. Укук коргоо органдарын реформалоо, алардын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу

 

Ички иштер, прокуратура органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана тергөө аппаратынын (мындан ары - укук коргоо органдары) эгемендик жылдарында түзүлгөн укуктук тартип, уюштуруу жана иштөө системасын камсыз кылуу, ошондой эле алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясында бекемделген мамлекет жана коомдун иштешинин саясый жана экономикалык жаңы шарттарына ылайык келбейт.

Укук коргоо органдары азыркы түрүндө кылмыштуулукка натыйжалуу каршы тура албайт. Коррупция, кесипкөйлүктүн жетишсиздиги, материалдык-техникалык жана финансылык камсыз кылуунун жетишсиздиги - укук коргоо органдар системасынын азыркы курч абалын аныктаган диагноз мына ушундай.

Укук коргоо органдар системасын реформалоону төмөнкү принциптерге негизденүү менен жүргүзүү сунуш кылынат:

- укук коргоо органдарынын ачыктык деңгээлин жогорулатуу, алардын сырттан мамлекеттик жана коомдук контролдоо үчүн жеткиликтүүлүгү;

- артыкбаш, кайталанма функциялардан жана ыйгарым укуктардан арылуу;

- жарандарды (инсандарды) жана коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга күч-аракеттерди топтоо;

- кадр ишиндеги терс көрүнүштөрдү жоюу, кадрларды талапкерлердин кесиптик жана моралдык-этикалык сапаттарынын негизинде тандоо, жогорку кесипкөй жана ак ниет кызматкерлердин кызмат жагынан өсүшүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында, улуттук азчылыктардын, аялдардын, калктын башка аялуу топторунун өкүлчүлүгүнүн болушун, анын ичинде атайын убактылуу чаралардын системасы аркылуу камсыз кылуу;

- кылмыш кылгандардын артынан түшүү жагынан укук коргоо органдарынын ишине баа берүүгө бирдиктүү мамиле кылууну мыйзам менен бекемдөө;

- укук коргоо органдарын финансылоонун тартибин аныктоодо бюджеттер аралык мамилелер принциптерин жүзөгө ашыруу;

- укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин социалдык жана укуктук-жактан коргоо маселесине бирдиктүү мамилени мыйзам менен бекемдөө укук коргоо органдар системасын комплекстүү реформалоонун приоритеттүү багыттарынын бири болуп калууга тийиш.

Ошондой эле коомдук тартипти сактоо, аларды жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук жана финансылык механизмдерин белгилөө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин мыйзам менен конкреттештирүү зарыл.

2.10. Улуттук коопсуздуктун комплекстүү системасын түзүү

 

Укуктук мамлекетти калыптандыруу, мамлекеттүүлүктү сактоо жана бекемдөө, Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгуу милдеттерин чечүү улуттук коопсуздук маселесине комплекстүү мамилени талап кылат.

Акыркы убакта дүйнөдөгү жана борбордук азиялык региондогу окуялар жалпы дүйнөлүк проблемаларды, ошондой эле дүйнөнүн айрым региондорундагы чыңалуу очокторун күч колдонуп чечүү ыкмаларынын таасири өсүп жаткандыгын айгинелейт.

Азыркы учурга чейин Кыргызстанда улуттук коопсуздук өзүнчө тармак катары обочолонуп жана ушул кезге чейин күч түзүмдөрүнүн ишинин алкагынан чыкпайт. Ошону менен бирге азыркы дүйнөдө мамлекетке же айрым адамдарга карата зомбулук менен байланышпаган улуттук коопсуздукка коркунучтар пайда болуп жатат.

Улуттук коопсуздукка тармактык мамиле кылуу анын маанисин тарытат жана күч блогунун көз жаздымынан сырткары турган коркунучтарды баамдоого мүмкүнчүлүк бербейт: б.а. улуттук коопсуздук мамлекеттин тышкы чек араларын кайтаруу, ар кандай бузуку күчтөргө каршы күрөшүү же коргонуу катары гана түшүнүлүп калган.

Улуттук коопсуздук маселелерин жана аларды чечүүнүн жолдорун комплекстүү көрө билүү коргоо Кеңеши жактырган жана Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен улуттук коопсуздук Концепциясында баяндалган.

Өлкөнүн улуттук коопсуздугунун комплекстүү системасын түзүү үчүн төмөнкүдөй приоритеттүү милдеттерди чечүү керек:

- кыргыз мамлекетин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын адам укугунун негиз түзүүчү принциптерин сактоо менен эл аралык аренада ички жана тышкы коркунучтардан коргоону камсыз кылуу;

- аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу (Кыргыз Республикасынын чек араларын бекемдөө боюна иш уланат);

- мамлекеттик чек арада өлкөнүн кызыкчылыгын коргоонун кеңири ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар атайын көп тармактуу мамлекеттик системаны түзүү, чек ара инфраструктураларын курууну аяктоо жана өркүндөтүү, чек араны кайтаруунун заманбап ыкмаларын жана методдорун киргизүү;

- конституциялык түзүлүштү коргоо. Мамлекеттик бийлик институттарынын аракетке жөндөмдүүлүгүн, укуктук системанын иштешин камсыз кылуу;

- өздүк маданий-салттуу баалуулуктардын алкагында коомдук процесстерди коргоону жана коомдун өнүгүүсүн камсыз кылуу, өлкөнүн өнүгүү жана коопсуздук таламында коомдук процесстерди форматтоо;

- улутчулдукка жана этностук сабырсыздыкка каршы туруу, коомдук мамилелер системасында этнорегиончулуктан арылуу, республиканын калкынын жалпы жарандык бирдейлигин калыптандыруу;

- мамлекеттик дин саясатын жана мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мүнөзүн камсыз кылуу, диний негизде мүмкүн болуучу укук бузууларды болтурбоо боюнча алдын-алуучу иш-чаралардын комплексин адамдардын эрк билдирүүгө жана дин тутууга укугун сактоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен иштеп чыгуу;

- коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңги мафиясына каршы системалуу күрөшүү. Формалдуу эмес (көмүскө) экономиканы легалдаштырууга өбөлгө түзүү;

- инсандын жана анын менчигинин коопсуздугун камсыз кылуу;

- бүткүл күч блогун кайра калыпка салуу. Күч блогун реформалоодо улуттук коопсуздук системасында милдеттерге жараша функцияларды так бөлүштүрүүгө, алардын иштеринин укуктук мамлекеттин принциптерине жана ченемдерине дал келишин камсыз кылууга негизги басым жасалууга тийиш.

2.11. Аскердик коопсуздукту камсыз кылуу

 

1992-жылы Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кабыл алынган Советтер Союзунун коргоо комплексинин жана чар-жайыт аскердик түзүлүштөрдүн аз бөлүгү көз карандысыз мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына ылайык келген эмес. Өлкөнү куралдуу коргоонун толук жана натыйжалуу системасын түзүү үчүн аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун өздүк мамлекеттик системасын куруу талап кылынган.

Азыркы учурга чейин Кыргызстан коргонуу курулуш чөйрөсүндө маанилүү натыйжаларга жетише алган жок. Бүгүнкү күндө бул системанын дээрлик бүткүл компоненти канааттандыраарлык эмес абалда. Коргонууну башкаруу жана ар тараптуу камсыз кылуу системасы кайра карап чыгууну жана чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылат Куралдуу Күчтөрдүн өзүндө дагы чечүүнү талап кылган кыйла маселелер топтолгон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга орун алган жана божомолдонгон согуш коркунучтарынан коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарына жооп берген заманбап мамлекеттик аскердик саясаттын негиздерин түптөө зарыл. Бул үчүн негизги максаттуу документти - Аскердик доктринаны кабыл алуу зарыл, анын долбоору азыркы учурда иштелип чыгууда.

Бул чөйрөдө 2013-2017-жылдарга стратегиялык максат Кыргыз Республикасынын аскердик реформасын жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук жана материалдык-техникалык базаны план ченемдүү түзүү болушу керек, ал мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн жана Куралдуу Күчтөрдүн аскердик жөндөмдүүлүгүнүн орун алган проблемаларын четтетет.

Стратегиялык максатка жетишүүдө аскердик саясатта бирдиктүү көз караштарды жана мамилелерди иштеп чыгууну камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аскердик түзүлүшүнүн стратегиясында аскердик реформаны өткөрүүнү уюштурууга негизделген аскердик пландаштырууну жана жолун-жолдоочулукту камсыз кылуу зарыл.

Республикалык бюджеттен финансылоону, ошондой эле стратегиялык эл аралык өнөктөштүк жана кызматташтыкты жакшыртуунун натыйжасында программалык негизде жакынкы 5 жылда эл аралык уюмдардын алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн заманбап курал-жарак жана техникалар менен толугу менен кайра жабдууну камсыз кылуу боюнча иш башталат.

Ошондой эле өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн башкаруунун Бирдиктүү борбору түзүлөт, ага төмөнкү милдеттерди чечүү жүктөлөт:

- армияны зарыл деңгээлге чейин кесипкөйлүккө жеткирүү. Натыйжада биз аскерди контракт жана чакыруу боюнча аскер кызматчылары менен комплекттөөнү оптималдуу айкалыштырууга жетише алабыз;

- аймактык коргонуу күчтөрүн бекемдөө, анын ичинде мобилизациялык-чакыруу резервинин натыйжалуу системасын түзүүнүн негизинде бекемдөө. Алар иш жүзүндө өлкөнүн аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун натыйжалуу жолу болууга тийиш, анткени ал өзүн-өзү коргоонун принциптерине кыйла толук жооп берет. Ушундай эле чараларды жарандык коргоо жагында кабыл алуу зарыл;

- аскердик жамааттарда орун алган жана "кесел" болуп калган армия турмушундагы уставдык эмес өз ара мамилелерди, басмырлоону, кемсинтүүнү түп-тамырынан жок кылуу. Бул максаттарда мыйзам деңгээлинде күнөөлүүлөрдү бул адепсиз укук бузуулар үчүн жазалоону катуулатуу, ошондой эле аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо боюнча чараларды жогорулатууну караган чаралардын комплекси кабыл алынат. Армияда таасирдүү жарандык контролду камсыз кылуу зарыл;

- аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, аскердик кызматтан бошонгондордун социалдык көйгөйлөрүн, айрыкча турак-жай маселесин чечүү.

2.12. Тышкы саясатты жаңыча түшүнүү

 

Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты өз элинин кызыкчылыктарына баш ийүүгө тийиш. Бул чөйрөдө өзүнүн эл аралык деңгээлге бирдейлештирүүнү издөө зарыл, ал улуттук кызыкчылыктарга, тышкы саясый ресурстарга жана аларды ишке ашыруунун натыйжалуу механизмине таянышы керек.

Тышкы саясатты жаңыча түшүнүү зарыл, ал өлкөдөгү, региондогу жана дүйнөдөгү абалды ачык талдоого, ошондой эле улуттук кызыкчылыктар учурдагы саясый өнүгүүнүн алкагынан чыгуу менен стратегиялык, узак мөөнөттүү жана глобалдуу болуп саналат деген түшүнүккө негизденүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты ачык, ырааттуу жана экономикалык жактан пайдалуу болушу керек. Аны өлкөнүн ички керектөөлөрүнүн жана жарандарыбыздын үмүтүн ишке ашыруунун негизинде жүргүзүү керек.

Жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаттын ийгилигине берилген негизги баа ата мекендик товарларды эл аралык рынокторго алып чыгуу, Кыргызстанга тартылган инвестициялардын көлөмү, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болууга тийиш.

Эл аралык коомчулук Кыргыз Республикасында өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык укуктун ченемдерин карманган жана аны менен бирге эле өзүнүн улуттук таламдарын коргоого жөндөмдүү бекем жана ишенимдүү өнөктөштү көрүшү керек.

Тышкы саясат коңшулаш мамлекеттер жана дүйнөнүн алдыңкы державалары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен туруктуу, достук мамилелерге негизденүүгө тийиш.

Бул максаттарда төмөнкүлөр зарыл:

- Кыргызстандын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу тышкы саясый шарттарды түзүүгө багытталган натыйжалуу жана жигердүү тышкы саясат жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

- коңшулаш Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен мамилелерди чыңдоо, ошондой эле КМШнын алкагында интеграциялык процесстердин тез өнүгүшүндөгү башкы ролду ойноочу Россия Федерациясы менен стратегиялык кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгуу. Бул тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат;

- чектеш мамлекеттер менен жакшы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүдө өз ара түшүнүү, өз ара пайдалуу жана колдоо принциптерине таянуу;

- чет өлкөлүк өнөктөр менен өз ара аракеттенүү, бирдей жана өз ара кызыкчылыктарды эске алуу, эл аралык укуктун ченемдерин кыйшаюусуз сактоо шарттарында түзүлүүгө тийиш. Мында Кыргызстандын өнөктөштөрү да өздөрүнүн милдеттенмелерин сакташы керек;

- ЖККУнун алкагында ишенимдүү жамааттык коопсуздук системасын камсыз кылуу. Эл аралык терроризмге, диний экстремизмге, баңги заттарын сатууга каршы ыкчам жана чечкиндүү аракеттенүү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөөнү аяктоо;

- Кыргызстан менен Россиянын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Түркиянын ортосунда товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумушчу күчтөрүн эркин чыгаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

- Кыргызстандын Бажы союзуна кириши аркылуу ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн экономикасына өлкөнү интеграциялоону колдоо, чек аралык жана бажылык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү;

- Кыргызстан менен дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн ортосунда баруулардын жана визасыз алмашуунун жөнөкөйлөтүлгөн режимин киргизүү саясатын улантуу;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын таламдарын өлкөнүн чектеринен тышкары жерлерде эл аралык укуктун ченемдерине ылайык мүмкүн болгон дипломатиялык, укуктук жана башка жолдор аркылуу колдоо жана коргоо. Чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттер аралык механизмдерди жана практикалык ишти андан ары өркүндөтүү;

- АКШ, Европа Союзу, Түштүк-Чыгыш-Азия жана араб регионунун өлкөлөрү менен натыйжалуу экономикалык жана саясый жактан өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын издөө;

- өз ара пайдалуу экономикалык эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык дипломатияны өркүндөтүү.

3-глава

Элдин биримдиги мамлекеттүүлүктү сактоонун жана ийгиликтүү өнүгүүнүн шарты катары

3.1. Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо

 

Кыргызстандын көп улуттуу эли этностордун биргеликте жашоосунун көп кылымдык тажрыйбасына ээ. Өлкөнүн тарыхынын эң көрүнүктүү мезгилдери элдин биримдиги, ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн ортосундагы достук менен шартталган.

Кыргызстан көп этностуу мамлекет болуп саналат. Өлкөдө кыргыздардан тышкары Кыргызстандын калкынын 27,8%ын түзгөн жүздөн ашык ар кандай этностордун өкүлдөрү жашайт. Бирок мамлекеттик саясатта этностук жагдайга дагы көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Мамлекеттик жарандык аң-сезимди калыптандырууга көп жылдар бою өзгөчө маани берилген эмес.

Соңку жылдардагы саясый туруксуздуктун фонунда улутчулдук сезимдер күчөп, социалдык катышуу деңгээли төмөндөп, этностук жамааттар өз-өзүнчө обочолонуусу жана бири-бирине ишенбөөчүлүгү орун алып, бул Кыргызстандын адамдык жана социалдык көрөңгөсүн кыйла солгундатууда.

1990-жылдагы этностор аралык жаңжалдан улам келип чыккан көйгөйлөрдүн чечилбегендиги, социалдык-экономикалык оор кырдаал, саясый кризистер жана мамлекеттин чабалдыгы 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө көп сандаган курмандыктарга алып келген кайгылуу окуяларга себеп болгон.

Этностор аралык мамилелер жагындагы көйгөйлөр натыйжалуу, ийгиликтүү тил саясаты жүргүзүлбөгөндүктөн улам ого бетер татаалдашкан. Өлкөдө мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди билген муун өсүп чыккан жок. Тил маселесинин айланасындагы талаш-тартыштар саясатташып кеткен жана майнапсыз болгон.

Борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде этностор аралык мамилелерди башкаруу системасы түзүлгөн эмес, бул туруктуу мониторинг жана алдын-алуу иштерин жүргүзүүгө кедерги болууда.

Кыргыз Республикасын андан ары ийгиликтүү жана туруктуу өнүктүрүүнүн башкы шарттарынын бири мамлекеттик жарандык аң-сезимди калыптандыруу жана бардык этностук жамааттардын маданий мурастарын сактоо жана толеранттуулукка тарбиялоо менен бардык этностук жамааттардын башын кошуп, улуттук биримдикти камсыз кылуу болуп саналат.

Бул максатка жетүү боюнча мамлекеттик саясат чараларын жүзөгө ашыруу төмөнкү принциптерге негизделет:

- ар түрдүү этностордун өкүлдөрүнүн укуктарын эске алуу менен демократиялык баалуулуктарды кармануу. Өлкөнүн бүтүндүгүн жана эгемендигин бузууга, этностор аралык, конфессиялар аралык араздашууну тутантууга, региондук теги боюнча бөлүнүүгө багытталган иш-аракеттерге бөгөт коюу менен укуктун үстөмдүгүн таануу, жарандардын жеке, социалдык, экономикалык, маданий, саясый укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү;

- мамлекеттүүлүктү жана мамлекеттик жарандык аң-сезимди чыңдоо. Жарандарда өз өлкөсүн демократиялык укуктук мамлекет катары кабылдоо түшүнүгүн өнүктүрүү, өлкөнүн бардык жарандарына тиешелүү жалпы баалуулуктарды бекемдөө менен ар түрдүү этносторго сый-урмат менен мамиле жасоонун ортосундагы тең салмактуулукту табуу. Мамлекеттин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандык коом институттарынын социалдык биримдикти камсыз кылуу боюнча системалуу ишинин негизинде Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоо;

- көп түрдүүлүк биримдигин таануу. Бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын жана башка жарандык коом институттарынын, кадр саясатынан тартып шаар куруу жана архитектураны өнүктүрүүнүн келечектүү пландарына чейинки бардык чөйрөлөрдө биримдик принцибин ырааттуу жүзөгө ашырууга багытталган күч-аракеттерди кубаттоо;

- Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын урматтоо. Мамлекеттин тарыхына урматтоо менен мамиле кылууну калыптандыруу, кылымдар бою иштелип чыккан биримдиктин баалуулуктарын жана идеалдарын, этностордун өз алдынчалуулугун сактоо, маданияттар аралык баарлашууну жана сабырдуулукту өнүктүрүү;

- мамлекеттик тилдин интеграциялоочу ролу. Бардык жарандардын мамлекеттик тилди билүү зарылдыгын коомду баш коштуруунун маанилүү негиздеринин бири катары кабыл алуу;

- дүйнөлүк коомчулук менен интеграциялануу. Коомдун байлыгы жана кыргызстандыктардын маанилүү атаандашуучулук артыкчылыгы катары көп тилдүүлүктү андан ары өнүктүрүү. Этностук азчылыктардын эне тилин сактоо жана өнүктүрүү кепилдигин камсыз кылуу менен мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк дагы бир тилди билген кыргызстандыктардын жаңы "үч тилдүү" муунун калыптандыруу.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту чыңдоого, мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүгө, жарандык коомдун демилгелерин колдоого багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууну талап кылат, алар төмөнкү милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтөт:

- этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу жана тил саясатын жүзөгө ашыруу, жаңжалдардын алдын алуу, улуттук деңгээлде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү, борбордо жана региондордо зарыл инфраструктураны түзүү үчүн жоопкерчилик системасын орнотуу;

- мамлекеттик бийлик органдарынын алдындагы консультациялык-кеңеш берүү органдарын кошуп алганда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун комплекстүү мамилеге жана өз ара аракеттенишине негизделген жаңжалдардын алдын алуу системасын түзүү;

- мамлекеттик тилдин бириктирүүчү жана интеграциялык ролун чындап камсыз кылуу үчүн тең салмакталган тил саясатын жүзөгө ашыруу, аны үйрөнүү, жарандардын расмий тилди, ошондой эле башка тилдерди билишинин эсебинен өлкөнүн тилдик көп түрдүүлүгүн сактоо үчүн шарттарды түзүү;

- мамлекеттик жарандык аң-сезимди калыптандыруу, ар бир инсандын өзүн "Кыргыз жараны" экендигин аңдап-түшүнүүсү, жарандык атуулдукту тарбиялоо, этностор аралык ынтымак жана сабырдуулукту чыңдоо, тынчтык маданиятына жана зомбулуктун жана кодулоонун ар кандай түрлөрүнө келишпестикке тарбиялоо.

Концепцияда белгиленген максаттарга жетишүү үчүн сунуш кылынган ар бир чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын тийиштүү пландары менен программаларында зарыл бюджеттик камсыз кылуу аркылуу аткарылышы керек.

Күтүлгөн натыйжа - этностук таандуулукка эмес, жалпы жарандык бирдейликке негизделген мамлекеттүүлүктү чыңдоо.

Алдыга коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу - өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук структураларын, бардык жарандардын системалуу иштерин талап кылуучу узак мөөнөттүү процесс.

Биринчи кезектеги чаралардын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" (2012-жылдын 1-февралындагы № 24 ПЖ) Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын Мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө" (2011-жылдын 30-июнундагы № 891-V) токтомун аткаруу максатында көп улуттуу Кыргызстан элинин биримдигин камсыз кылууга жана этностук көп түрдүүлүктү башкарууну өркүндөтүүгө багытталган Концепцияны иштеп чыгууну аяктап калды. Бул Концепция бекитилгенден кийин конкреттүү чаралар, индикаторлор, мөөнөттөр жана аларды жүзөгө ашыруунун контролдоо механизмдери менен аракеттенүү планы сунуш кылынат.

3.2. Мамлекеттик-диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди оптималдаштыруу

 

Коомду демократиялаштыруунун жана рынок экономикасынын шартында динге кайрылган адамдардын саны кыйла өстү, бул социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн чечилбегендигине, мамлекеттик так идеологиянын жоктугуна жана конфессиялардын жигердүүлүгүнө байланышкан.

Кыргыз Республикасында азыркы учурда түзүлгөн диний кырдаал карама-каршылыктуу мүнөздө. Бир жагынан, өлкөдө жарандар үчүн өз динин эркин карманууга жана жайылтууга бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошол эле учурда бир катар көйгөйлөр да бар: ал айрым дин өкүлдөрүнүн радикалдашуусу, анын саясатташуусу, мамлекет жана диний уюмдардын өз ара аракеттенишинин натыйжасыздыгы, диний билим берүү системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү, алардын үстүнөн мамлекеттик жана коомдук контролдун жоктугу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан мамлекет менен диний жамааттардын, ошондой эле ар кандай конфессиялардын жолдоочуларынын арасына ажырым салган ар түрдүү тышкы диний-саясый долбоорлордун таламдары кагылышкан аянтчага айланып бара жатат.

Соңку жылдары кырдаал бүткүл дүйнөдө жана Борбордук Азия регионунда диний экстремизмдин өсүшү менен да татаалдашууда. Бул террордук актылардын коркунучун түзүп, мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.

Муну менен бирге диний экстремизм дегеле дин менен жакындашпай тургандыгын белгилей кетүү керек. Ошондуктан маселе динде эмес, көздөгөн максатына жетүү үчүн динди ар кандай каражатты, анын ичинде зордук-зомбулукту актаган идеологиялык куралга айланткан анын радикалдуу формаларында турат. Экстремизм көрүнүштөрүнө бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердиги дин окууларын аша-чабуу менен туура эмес түшүнгөндөрдү ээрчип Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген, коомдо кабыл алынган демократиялык ченемдерди жана эрежелерди, адам укуктарын жана эркиндиктерин четке каккан айрым диний бирикмелерге же адамдарга каршы багытталууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы мамлекет менен диний жамааттардын радикалдуу диний агымдарга биргелешип каршы күрөшүү максатын көздөйт.

Диний экстремизмдин көрүнүштөрүн табуу жана бөгөт коюу боюнча укук коргоо органдарынын аракеттери мыйзамдын гана алкагында жүргүзүлүп, алар бөгөт коюуга тийиш болгон коркунучтарга тете болушу керек. Андай болбосо алар динге ишенгендердин бир бөлүгүнүн радикалдашуусуна алып келиши мүмкүн. Диний экстремизмдин алдын алууда негизги маани билим берүү, агартуу иш-чараларына, радикалдашуунун баштапкы себептерин талдоого жана жоюуга берилиши керек.

Кээ бир диний агымдардын радикалдашуусунун себептеринин бири исламдык диний билим берүү системасынын канааттандыраарлык эмес абалы болуп саналат, ал азыркы шарттарга жана коомдун муктаждыктарына жооп бербейт. Өлкөнүн жарандары диний билим алуу үчүн башка мамлекеттерге чыгып жатат. Алардын айрымдары ар кандай диний билимдердин таасирине кабылып, мекенине кайтып келгенден кийин Кыргызстандын эли үчүн бөтөн болгон жашоо ыңгайын, ырым-жырымдарды жасоонун карама-каршылыктуу ыкмаларын, сырткы кебетени жана жүрүм-турумду таңуулашат.

Диний билим берүүнүн стандарттарын мыйзам менен аныктоо, жарандардын өлкөнүн ичиндеги, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайлардан билим алышын тартипке салуу зарыл.

Бүгүнкү күндө коомдо көп дооматтарды пайда кылып жаткан ажылыкты уюштуруу жана өткөрүү иши да тартипке салууну талап кылат.

Дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын максаты диндердин ортосундагы ынтымакты, динге сабырдуулукту чыңдоо, диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларын жана жолдорун иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын, диний жана коомдук институттардын өз ара кызматташуу системасын түзүү болуп саналат.

Бул максаттарга жетүү төмөнкүдөй негизги принциптерге негизденүүгө тийиш:

- бардык жарандардын диний көз караштарын өз ара урматтоо, дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигинин фундаменталдуу укуктарын, теңдигин камсыз кылуу;

- иштиктүү кызматташтыкты куруу үчүн мамлекет менен диний конфессиялардын жоопкерчилиги жана ишмердигинин ачыктыгы;

- бүтүндөй коомдун кызыкчылыгы үчүн улуттук коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын укуктарын урматтоо менен диний экстремизм көрүнүштөрүнө келишпестикти камсыз кылуу.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин өркүндөтүүгө, жарандык коомдун демилгелерин колдоого багытталган иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну талап кылат, ал төмөнкүдөй милдеттерди чечүүгө көмөктөшөт:

- мамлекеттик бийлик органдары менен диний уюмдардын өз ара аракеттенишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

- динге ишенүүгө болгон жарандардын эркиндиктерин жүзөгө ашыруу, ынтымактык, динге сабырдуулук, толеранттык идеяларын коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдоо;

- коомго карата болгон диний-экстремисттик коркунучка каршы натыйжалуу күрөшүү жана анын деңгээлин төмөндөтүү, радикалдашуунун баштапкы себептеринин алдын алуу жана жоюу.

Дин чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжасында Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган демократиялуу мамлекет бойдон калууга тийиш, ал эми салттуу түшүнүктөр жана динчилдик адам укуктарын бузбастан жекече чөйрөдө жүргүзүлөт.

Жаңы реалийлерди жана коркунучтарды эске алуу менен ушул стратегияны жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 324 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясат Концепциясын кайра карап чыгуу, ошондой эле дин чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагын кароо зарыл.

3.3. Сөз эркиндигин камсыз кылуу жана мамлекеттик маалыматтык саясатты калыптандыруу

 

Сөз эркиндигине болгон укук Кыргызстан калкынын башкы жеңиштеринин бири болуп саналат жана биздин өлкөдө аны коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ошондой эле бир катар эл аралык документтер менен камсыз кылынат, алардын ичинде Адам укуктарынын жалпы декларациясы да бар.

Кыргыз Республикасында көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын иштеши үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн. Ошондой болсо да маалыматка жетишүүгө карата жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылууга багытталган мамлекеттин саясый, укуктук, экономикалык, социалдык-маданий жана уюштуруу иш-чараларынын комплексин караган натыйжалуу Мамлекеттик маалыматтык саясатты калыптандыруу, өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясый жана маданий өнүктүрүү милдеттерин чечүү, анын коопсуздугун камсыз кылуу базасы катары бирдиктүү маалыматтык-телекоммуникациялык мейкиндикти түзүү талап кылынат. 2013-2017-жылдарга мамлекеттик маалыматтык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:

- сөз эркиндигин, өз пикирин билдирүү укугуна жарандардын конституциялык укуктарын, сөз жана басма сөз эркиндигин коргоону камсыз кылуу саясатын улантуу;

- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгын камсыз кылуу;

- маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен таратуу боюнча жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жана мыйзамдарды өркүндөтүү;

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында турган маалыматка жарандардын жеткиликтүүлүгүн мыйзамга ылайык кепилдикке алуу;

- маалыматтык чөйрөдө жалпыга маалымдоо каражаттары менен коомдук көз карандысыз кесиптик бирикмелер жана ассоциациялардын биргелешкен аракети: (1) сөз эркиндигин камсыз кылуу; (2) маалыматка жеткиликтүүлүккө жарандардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу; (3) журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу, (4) жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сын макалаларга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын өз учурунда жооп кайтаруусу; (5) кызмат адамдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара урматтоосу жана өз ара жоопкерчилиги; (6) улуттук, этностук, расалык, диний келишпөөчүлүктөрдү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү пропагандалоого жол бербөө максатында мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу; (7) басмырлоого, каршылашууга же зордук-зомбулукка чакыруучу маалыматтарды жайылтуу фактыларына бөгөт коюу максатында мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу;

- Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жөнүндө Кыргызстандын жарандарынын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу максатында долбоорлорду жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу. 2014-жылдан тартып республикалык бюджетте мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын маалыматтык долбоорлорун каржылоону кароо;

- коомдун маалыматтык суроо-талаптарына ыкчам жооп берүүнүн актуалдуулугун жана маалыматтын өсүп бараткан ролун эске алуу менен басма сөз кызматтарынын жана коомчулук менен байланышты камсыз кылууга жооптуу мамлекеттик органдардын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуу программаларын иштеп чыгуу жана алардын потенциалын жогорулатуу;

- Кыргызстанда коомдук телерадио берүүнү колдоо жана андан ары өнүктүрүү;

- өнүктүрүүнүн приоритеттүү долбоорлорунун бири катары сан ариптик берүүгө өз убагында өтүү үчүн жигердүү даярдык көрүү жана инфраструктураларды түзүү. Санариптик телекөрсөтүү өнүктүрүүдөн артта калуу жаңы технологиялык багытта маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүүдө орду толгус жоготууларга айланышы мүмкүн. Иш-чаралардын бекитилген планына ылайык сан ариптик телекөрсөтүүгө өтүүнүн аркасында Кыргызстан глобалдуу маалыматтык мейкиндикке кирет; мамлекет маданият, билим берүү жана агартуу тармагында социалдык функцияларды аткарат; биздин өлкөдө бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүлөт; экономика тармагынын рыноктук шарттарында телекөрсөтүү тармагын туруктуу иштөөгө жана өз алдынча өнүгүү дараметине ээ болгон кайра түзүүлөр болот;

- адамзат потенциалын өнүктүрүү, экономиканы өстүрүү, маданиятты, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү, инсанды ар тараптуу өнүктүрүү маселелеринде приоритеттүү милдеттердин бири катары Интернетти өнүктүрүү, ошондой эле 2017-жылга чейин өлкөнүн бардык калктуу конуштарын Интернет тармагына толук туташтырууну камсыз кылуу.

4-глава

Социалдык милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүү

 

2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын негизги багыты өлкөнүн жарандарынын социалдык кепилдиктери жөнүндө конституциялык жоболорду мамлекет тарабынан аткарууга, азыркы талаптарды жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргызстанды гуманитардык жактан өнүктүрүү милдеттерин жүзөгө ашырууга, ошондой эле жарандардын социалдык укуктарын камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоого топтоштурулат.

2000-жылы Кыргызстан дүйнөлүк шериктештиктин көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле Миң жылдык Өнүктүрүү Декларациясын жана Максаттарын (МӨМ) кабыл алып, аны жактай тургандыгын билдирип жана бул документте чагылдырылган негизги сегиз милдетти чечүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алган. Кыргызстанда МӨМ индикаторлору өлкөнү орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бир бөлүгү болуп калды. Алар өлкөнүн стратегиялык документтерине улуттук мониторинг жүргүзүү жана МӨМгө жетишүүдө прогресске баа берүү системасына кошулган.

Бирок, Миң жылдык Декларациясында каралган милдеттенмелерди жүзөгө ашырууда белгиленген жетишкендиктерге карабастан тез арада чечүүнү талап кылган кыйла көйгөйлөр дале калып жатат. Расмий маалыматтарга ылайык балдардын дээрлик жарымы (48,5%) дале болсо кедейлик шартында жашап, ар бир сегизинчи бала ёөтө кедейликтен жана жардылыктан жапа чегүүдө. Тилекке каршы балдардын жана энелердин өлүмү кыскарбай жатат.

Сунуш кылынган Стратегия Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган, ал эми аны жүзөгө ашыруу Миң жылдык Өнүктүрүү Максаттарына жетүүгө да көмөк көрсөтөт. Жаңы жумушчу орундарынын пайда болушу жана бюджеттин кирешелеринин өсүшү кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде социалдык маселелерди чечүү, пенсионерлерге жана башка калктын аз камсыз болгон катмарына социалдык жардамды жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө алып келет.

Социалдык чөйрөдө экономикалык маселелер менен катар биринчи кезектеги тартипте чече турган бир катар багыттар жана милдеттер бар.

4.1. Билим берүү системасын жана илимди реформалоо

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын азыркы абалын талдоо сапаттуу билим алууга карай жолдо арымдуу өнүгүүнү кечеңдеткен көп сандаган көйгөйлөр бар экендиги жөнүндө далилдеп турат.

Бүгүнкү күндөгү кырдаал өлкөнүн билим берүү системасы дүйнөлүк керектөөлөрдөн гана эмес, ошондой эле кыргызстандын коомунун өз керектөөлөрүнөн да дайыма артта калуусу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан билим берүү системасын реформалоо менен гана ушундай маселелерге жооп берүүгө болот.

Билим берүү чөйрөсүндө 1,5 миллионго жакын кыргызстандыктар билим алышат жана эмгектенишет. Кыргызстанда билим берүү системасын реформалоонун кыйла маанилүү этабы 2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алуу болуп саналат. Аны ишке ашыруу ата мекендик билим берүүнүн мыкты салттарын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен азыркы талаптарына ылайык ийкемдүү, ачык улуттук билим берүү системасын түзүүгө багытталган.

Реформанын негизинде билим берүү системасы атаандашууга жөндөмдүүлүктү жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууга, ошондой эле адам капиталынын наркын жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүүгө тийиш экендиги камтылган.

Билим берүү чөйрөсүндөгү башкы приоритет мектепке чейинки жана мектептик билим берүү болуп саналат - бул мамлекеттин функциясы.

Мектепке чейинки билим берүү үчүн негизги милдет балдардын мектепке психологиялык-педагогикалык даярдыгын жогорулатуу болуп саналат. Мектепке кирүүдө балдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоо боюнча программаларды колдонууга киргизүү жагында чараларды көрүү зарыл.

Мектепке чейинки мекемелердин өтө жетишсиздигин эске алуу менен мектепке чейинки мекемелердин альтернативдүү моделдерин киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жеке секторду тартуу үчүн шарт түзүү зарыл, бул үчүн колдонуудагы мыйзамдарга мыйзамдык деңгээлде тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Жалпы билим берүү мектептеринин деңгээлинде проблемалардын бүтүндөй бир комплексин чечүү милдети турат. Мектептик билим берүүнүн мазмунун кайра карап чыгууга, жаңы муундагы предметтик стандарттарды киргизүүгө, окуу китептери менен камсыз кылууга, ошондой эле маалыматтык технологияларды, айрыкча алыскы мектептерде өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө басым жасоо зарыл. Ар бир мектепте коопсуз, толеранттуу жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын жана аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн билим берүүнү эске алуу менен билим берүү системасынын инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Билим берүүдө мамлекеттик-коомдук башкаруу принциптерин чыңдоо жана билим берүү уюмдарындагы коррупцияны кыскартуу үчүн Камкорчулук кеңештерин түзүү керек.

Азыркы этапта педагогикалык ишмердиктин приоритеттүү багыты элдин маданий жана руханий баалуулуктары жана каада-салттары аркылуу руханий-адептик негиздерди калыптандыруу болууга тийиш. Тарбиялоо жана билим берүү табигый өз ара байланышкан процесс болушу керек.

Кесиптик билим берүүдө мамлекеттин ролун кайра карап чыгуу талап кылынат. Ички региондук жана глобалдык эмгек рыногу алдыга койгон квалификациялык талаптар менен кесиптик билим берүүнүн байланышынын начарлыгы негизги көйгөй болуп саналат.

Баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнү уюштуруу ушул кезге чейин эмгек рыногу, жеке сектор менен жетиштүү өз ара аракеттенбейт.

2011-жылдын жыйынтыгы боюнча билим берүү системасынын экономикалык натыйжалуулугунун баяндамасында баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү системасынын инфраструктурасын күтүүгө чыгымдар өтө көп экендиги белгиленген. Муну менен бирге 3 миңден ашык окуучулар адистиктери талап кылынбагандыктан улам жыл сайын жумушсуздардын катарын толуктап жатат.

Орто кесиптик билим берүү системасындагы олуттуу кемчилик болуп кадрларды даярдоонун көп деңгээлдүү системасында орто кесиптик окуу жайларынын так статусунун жана ролунун жоктугу жана окуу лабораторияларынын ишин камсыз кыла албаган алардын материалдык-техникалык базасынын эскиргендиги саналат.

Кесиптик, техникалык билим берүүнүн кадыр-баркын жана сапатын жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- жаңы муундагы стандарттарды иштеп чыгуу, бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясына баа берүү, сертификация борборлорун түзүү жана квалификацияны таануу процессине иш берүүчүлөрдү жигердүү тартуу үчүн кесиптик билим берүүнүн программаларынын структурасы менен эмгек рыногунун талаптарынын ортосундагы ажырымды жоюу;

- баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кадрдык потенциалынын сапатын жогорулатуу, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду аткаруу аркылуу бизнес менен кызматташуу жолу менен жогорулатуу;

- кесиптик билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын бүтүрүүчүлөргө карата эмгек рыногу койгон талаптарга ылайык жаңылоо үчүн мүмкүн болгон күч-аракеттерди жумшоо.

Билим берүүнүн сапаты - ар кандай улуттун келечектеги өнүгүшүнүн эң ишенимдүү индикаторлорунун бири болуп саналат. "Кыргызстандын билим берүү системасынын экономикалык жактан натыйжалуулугуна баяндамага" ылайык өлкөдө 2011-жылдагы абал боюнча 52 жогорку окуу жай бар, башкача айтканда, филиалдарын жана түзүмдүк бөлүмдөрүн эске алганда орточо 1 миллион калкка 20 жакын жогорку окуу жай туура келет. Бул көп өнүккөн өлкөдөгүлөрдөн кыйла даражада көп. Мисалы, сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү жагында жогорку үлгү көрсөткөн Улуу Британияда 1 миллион калкка 2 гана жогорку окуу жай, Россия Федерациясында - 6, Казакстанда 10 жогорку окуу жай бар.

Кыргызстандын көп жогорку окуу жайлары сапаттуу жогорку билим алууга коюлган талаптарга жооп бербейт. Пайданын артынан түшүп алуу менен көп ЖОЖдор контракттык топтордун санын көбөйтүшөт, бул жыйынтыгында эмгек рыногунун талап кылынбаган адистерге толуп кетишине алып келүүдө. ЖОЖдордун өздөрүнүн инфраструктурасы да сапаттуу жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк бербейт, окутуучулар курамынын сапаттык деңгээлинин өтө төмөндүгү белгиленген.

Жогорку билим берүү системасындагы коррупциянын кеңири масштабы өтө курч турган көйгөй болуп саналат, ал акыр аягында улуттук негизди кыйратып жана жок кылып, мамлекет менен адамдарды кайра түзүүлөрдү жүргүзүү жөндөмүнөн ажыратууда.

Жогору квалификациялуу кесипкөй кадрларды даярдоо үчүн талап кылынган шарттарга жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатынын кепилдик системасын өркүндөтүү, анын ичинде - ЖОЖдорду аккредитациялоо жана рейтинг жүргүзүүнүн эсебинен өркүндөтүү;

- жогорку кесиптик билим берүү системасында кадрларды даярдоо менен эмгек рыногунун талаптарынын ортосундагы ажырымды теңештирүү, бул үчүн кадрларды даярдоону региондордун өлкөлүк артыкчылыктарын жана экономикалык стратегияларын талдоонун негизинде жүргүзүү;

- жогорку билим берүүнү финансылоонун колдо бар механизмдерин кайра кароо (бир студентке чыныгы минималдуу чыгымдарды эсептөө жана ал сумманы бюджетчилерди даярдоого ЖОЖдорго каражат бөлүү үчүн башкы негиз катары пайдалануу, студент адистешүүсүн өзгөрткөн, жогорку окуу жайдан кетип калган же башка адистик боюнча иш тандап кеткен учурда каражаттарды мамлекетке кайтарып алуу механизмдерин иштеп чыгуу);

- абитуриенттерди тандоо механизмдерин өркүндөтүүнүн, окутуунун сапатына контролдуктун жаңы формаларын киргизүүнүн, Камкорчулук кеңештерин түзүүнүн эсебинен коррупцияга каршы туруктуу күрөш жүргүзүү;

- жогорку окуу жайларда илимди, өзгөчө колдонмо илим нугунда өнүктүрүү, ал студенттер менен окутуучуларды мамлекет үчүн экономикалык жактан мааниси бар долбоорлорду иштеп чыгууга кошууну камсыз кылат.

Жогорку билим берүү келечекте мамлекеттик заказдар механизмин колдонуу менен рынок механизмдерин жетекчиликке алууга тийиш. Бул механизм изилдөөлөргө негиздениши керек, изилдөөдө рыноктун жана билим берүү системасынын өзүнүн абалы аныкталууга, ошондой эле экономикалык жана башка турмуш чөйрөлөрүнүн өнүгүү тенденциялары адекваттуу мамиле кылуу жана өлкөнүн өнүгүү келечектерин эске алуу менен билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жөнгө салынууга тийиш.

Ал тургай билим берүүнүн эң алдыңкы деген мазмуну да билим берүүдө жаңы технология киргизилбесе таптакыр керексиз болуп калат. Бүгүнкү күндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө жаңы муундагы адистерди тарбиялоого орто, атайын-орто жана жогорку билим берүү системасын багыттоо зарыл, бул экономиканы, илимди жана маданиятты келечекте кийинки тездетип өнүктүрүүнү аныктоочу негизги шарттардын бири болуп калышы мүмкүн.

Жогорку билим берүүнүн сапатынын башкы шарттарынын бири болуп анын илим менен ажыралгыс байланышы саналат. Бүгүнкү күндө бизде илим менен билим берүү негизинен бири-биринен обочолонуп калган кырдаал түзүлгөн, бул илимдеги сенектиктин жана жогорку билим берүү системасындагы начарлоонун себеби болуп калды.

Академиялык илимде көп сандаган маселелер чечүүнү талап кылат. Илимий кадрларды даярдоо системасындагы коррупциялашуудан улам илимий даражалардын кадыр-баркынын түшүшүн токтотуу зарыл. Кыргыз илиминин көпчүлүк багыттары дүйнөлүк илимдин жетишкендиктеринен обочо турат, өлкөдө ири илимий долбоорлор жок. Мына ушунун бардыгы инновациянын жоктугунун, кыргыз илиминин фундаменталдуу изилдөөлөр, ошондой эле колдонмо илим жагында артта калгандыгынын себеби болуп саналат. Илим жагында сунуш кылынган саясат өлкөнүн туруктуу өнүгүшү, илимий иштин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн талап кылынган билимдерди алууну, генерациялоону жана берүүнү камсыз кылган илим системасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүнө жана тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталышы керек. Улуттук илимдер академиясынын ишмердигин уюштурууга жаңыча мамилелер зарыл, алар кыргыз илиминин жаңы деңгээлге чыгышына, илим менен билим берүүнү натыйжалуу интеграциялоого, илимдин жетишкендиктерин экономикада, билим берүүдө жана башка чөйрөлөрдө пайдаланууга көмөк көрсөтүшү керек.

4.2. Саламаттыкты сактоону реформалоо

 

Саламаттыкты сактоонун азыркы абалы каржылоонун жетишсиздиги гана эмес, ошондой эле системанын ичиндеги терең көйгөйлөр бар экендигин да ырастап турат.

Бүгүнкү күндө расмий статистиканын маалыматы боюнча иш жүзүндө саламаттык деңгээлинин бардык көрсөткүчтөрү боюнча абалдын начардыгы байкалат, соңку убактарда мындай начар жагдайлар да чыныгы көрүнүштү чагылдыра албай тургандыгы моюнга алынууда.

Ресурстарды натыйжасыз жана сарамжалсыз пайдалануу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Эмгек акыларды төлөөгө чыгымдардын инфраструктураларды каржылоо үлүшү саламаттыкты сактоого бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин 80%дан ашыгын түзөт. Кардарга (дары-дармектер, тамак-аш) түздөн-түз чыгымдар 20-25%ды түзөт. Муну менен бирге медициналык персоналга расмий эмес төлөмдөр өсүп жатат.

Медициналык жабдуулардын көпчүлүк бөлүгү алмаштырууга муктаж. Ушулардын бардыгы саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүү сапатына таасир тийгизүүдө, анын үстүнө бул сектор үчүн сапат көрсөткүчү билим берүү секторуна караганда кыйла начар.

Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде жана алыскы райондорунда саламаттыкты сактоо боюнча кадрдык ресурстардын жетишсиздик маселеси курчуп баратат. Маселе даярдалган кадрлардын жалпы санында эмес, айыл региондору үчүн керектүү адистердин санында жана жаш адистерди тартуу үчүн социалдык жана экономикалык шарттардын жоктугунда турат.

Калкты дары-дармек менен камсыз кылууда да олуттуу көйгөй орун алган. Көп учурларда ден соолукту кадимкидей кармоо үчүн зарыл болгон дарылар кымбат. Врачтар бекер берилүүгө тийиш болгон дары препараттарын саткан учурлар да көп кездешет.

Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү коррупция өтө муктаж болгондорду негизги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн ажыратып, жарандарды алардын социалдык статусу боюнча кодулоону тереңдетип, мамлекеттик башкаруу системасына терс таасир тийгизип жана өлкөнүн экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүп жатат.

Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен саламаттыкты сактоо системасындагы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталышы керек:

- саламаттыкты сактоо секторунда колдо бар ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга;

- саламаттыкты сактоо уюмдарынын структураларын, тармактарын жана чыгымдарын оптималдаштырууга жана медицинага инвестицияларды тартуунун, мамлекеттик-жеке өнөктүктү киргизүүнүн жана клиникалык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү жеке берүүчүлөргө өткөрүп берүүнүн (аутсорсинг) эсебинен атаандашуу чөйрөсүн түзүүгө;

- коррупцияга каршы туруунун жаңы укуктук, уюштуруучулук жана башка механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча системалуу комплекстүү иштерди ырааттуу жүргүзүү жана медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу;

- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, өзгөчө, региондордо жогорулатуу;

- кадр ишин жакшыртуу, медициналык жогорку окуу жайларында жана атайын орто окуу жайларында адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;

- оорулардын алдын-алууну жакшыртуу;

- санитардык гигиенанын ченемдеринин сакталышына контролдукту күчөтүү;

- медициналык илимди өнүктүрүү.

Ооруканалык жардамды жаңылоого, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы медициналык борборлорду курууга жана жабдууга кошумча инвестицияларды тартуу, региондордо топтолгон тажрыйбаларды андан ары жайылтуу зарыл. Ооруканаларды жаңылоо процесси кызмат көрсөтүүнүн сапатын кыйла жакшыртууда карапайым калк үчүн алардын финансылык жеткиликтүүлүгү жапа чекпегидей кылып жүргүзүлүүгө тийиш.

Ага удаалаш эле иштин натыйжасы үчүн жоопкерчиликти бир учурда жогорулатуу менен ички чечимдерди кабыл алууда көбүрөөк өз алдынчалуулук берүү менен саламаттыкты сактоо уюмдарын башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү зарыл.

Медициналык билимдин маңызын кайра карап чыгуу, медициналык жана фармацевтикалык адистиктер боюнча адистерди даярдоого жаңы тактикалык мамилелерди иштеп чыгуу талап кылынат.

Мамлекеттик саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн кыйла күч-аракети коомдук саламаттыкты сактоо жана санитардык гигиена маселелерин чечүүгө, ошондой эле ден соолукту чыңдоо маселесин биринчи кезекте чечүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууга багытталууга тийиш.

Коопсуз сууга жана адекваттуу санитарияга жеткиликтүүлүк да көп жагынан саламаттыкты сактоонун натыйжалуулугун аныктайт. Кыргызстандын бүткүл калкы, айрыкча балдар үчүн турмуштук мааниси бар ичилүүчү суу менен жабдуу, санитария жана гигиена маселесине зор көңүл бурулууга тийиш.

Өзгөчө региондордо суу менен жабдуу, санитария жана гигиена боюнча саясатты мамлекеттик деңгээлде аныктоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде сууга, санитария жана гигиенага жеткиликтүүлүккө болгон муктаждыкты жана жакшыртуу жолдорун иликтөө жана коомдук саламаттыкты сактоонун негизги стратегиясы катары гигиена принциптерин алга илгерилетүү зарыл.

Калктын өз ден соолугуна мамилесин андан ары өзгөртүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу өтө зарылчылык болуп саналат. 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасы дал ушундай милдеттерди чечүүгө багытталган.

4.3. Калкты социалдык жактан коргоонун жана пенсия менен камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу

 

2011-жылы кабыл алынган 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү Стратегиясы социалдык жактан коргоонун келечектеги системасын мамлекеттин комплекстүү көрө билүүсүн чагылдыруучу биринчи документ болуп саналат, аны ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүгө тийиш. Мамлекет даректүү жана натыйжалуу колдоо көрсөтүшү керек.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан энелерге, эмгекке жарамдуу мүчөлөрдүн кирешелери үй-бүлөнүн коомдук зарыл жашоо деңгээлин камсыз кыла турган үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган социалдык-экономикалык мамилелердин комплекстүү системасын түзүү зарыл.

Кыргызстандын жарандары пенсия менен камсыз кылынган: алардын бардыгы эмгектик, социалдык же болбосо башка пенсияларды алууга укуктуу. 2011-жылы биринчи жолу пенсиялардын орточо өлчөмү минималдуу жашоо минимумунан ашты.

Мамлекет бардык пенсионерлердин татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн жыл сайын пенсияларды жогорулатуу саясатын улантат. Бүгүнкү күндө дагы пенсионерлердин кыйла бөлүгү алган пенсияларынын эсебинен өз керектөөлөрүн канааттандыра албай турган абалда.

2012-жылы пенсионерлердин саны 551 миң 976 адамды түздү, бул мурдагы 4 жылдын көрсөткүчүнөн бир аз жогору болду. Алардан, курагы боюнча - 413 миң 958 адам, майыптыгы боюнча - 89 миң 216 адам, багар адамынан ажырагандыгы боюнча - 48 миң 802 адам бар.

Пенсия менен камсыз кылуунун түзүлгөн системасы азыркы талаптарга жооп бербейт жана келечекте жакшырышы күмөн. Ал пенсиялык фонд түзгөн учурда иштеген жарандардын чыныгы салымын толук эске албай жарандарды пенсиялык чегерүүлөрдү төлөөгө үгүттөйт.

Мындан тышкары, ар кандай баа берүүлөр боюнча Кыргызстандын калкынын жалпы санынын 10%дан ашууну бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдө иштешет жана жашашат, алардын кирешелери эч кандай каттоого алынбайт, алар азыркы учурда мамлекеттик камсыздандыруу системасына мүчөлүк акы төлөшпөйт жана келечекте аларга пенсия алуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Пенсия алуучуларга карата камсыздандыруу взносун төлөгөн жарандардын жана иштегендердин санынын катнашы кыскарууда. Азыркы убакта башка өлкөлөргө кетип жаткан жумушчу күчтөрүнүн агымын эске алуу менен иштегендердин жана камсыздандыруу взносторун төлөгөндөрдүн саны пенсионерлерге караганда бир аз көбүрөөк. Демек, Эл аралык эмгек уюмунун рекомендацияларына ылайык бир пенсионерге кеминде 3 төлөөчү туура келүүгө тийиш.

Натыйжалуу пенсия системасы менен камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй негизги параметрлерди өркүндөтүүнү караган бир катар чараларды жүзөгө ашыруу керек:

- келечекте экономикалык жактан активдүү калкта пенсиянын сезилерлик өлчөмүн алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн алардын ар кандай катмарларына карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун адекваттуулугуна жетишүү максатында анын системасынын тарифтик саясатын;

- мамлекеттик бюджеттен пенсияларды финансылоо саясатын;

- пенсияларды индексациялоо саясатын, ал экономикада инфляциянын деңгээлине жана орточо эмгек акынын динамикасына багытталууга тийиш;

- топтоо компонентинин активдерин инвестициялоону өркүндөтүүгө. Инвестициялоонун, контролдук кылуунун жана пенсиялык активдерди инвестициялоону жөнгө салуунун бирдиктүү жолдорун жана ыкмаларын аныктоо зарыл. Мында активдердин сакталышы жана тобокелдиктин жол берилген деңгээлинде кыйла көп киреше камсыз кылынууга тийиш экендиги негизги милдет болуп калат.

- топтоо компонентинин инвестициялык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга. Пенсиялык топтоолорду сабаттуу салуу экономикага дем бере алат эле;

- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга. Аманатчылардын ишенимдүү кепилдигин камсыз кылууда мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду өнүктүрүүгө карата чаралар көрүлүүгө тийиш.

4.4. Маданий чөйрөнү калыптандыруу, спортту өнүктүрүү жана жаштар демилгелерин колдоо

 

Маданий чөйрөнү калыптандыруу жана өнүктүрүү Кыргызстанда жашоо-турмушту жакшыртуунун маанилүү шарттарынын бири болуп калууга тийиш. Маданий чөйрөгө адамдык капиталдын калыптануусунда негизги роль таандык.

Кыргызстандын 90-жылдары рыноктук мамилелерге өтүшү маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө карата мамлекеттин ойлонуштурулган жана негизделген саясатынын жоктугунун мезгили катары мүнөздөлгөн. Бул ушул чөйрөдө интеллектуалдык жана кесипкөй ресурсунун бузулушуна жана түгөнүшүнө, маданият мекемелеринин жана тийиштүү билим берүү мекемелеринин тармактарынын интеллектуалдык-агартуучулук ишмердүүлүктөн массалык жана оюн-зооктук жагына оошу менен сапаттык жана сандык жактан азайышына алып келди.

Бүгүнкү күндө артыкчылыктуу милдеттерди чечүү менен, анын ичинде: улуттук чыгармачылык дараметти өнүктүрүү, маданий баалуулуктарды жана элдин каада-салтын, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасын сактоо, аны руханий өнүктүрүү ресурсу катары колдонуу; өсүп келе жаткан муунду жарандуулук жана атуулдук духунда тарбиялоо, дүйнөлүк жана ата-мекендик маданиятка аралашуусун кошо алганда маданиятты өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуунун зарылчылыгы бышып жетилди.

Маданият өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсу болуп саналат. Мамлекеттик маданий саясат басымды тескөөчүлүк башкаруудан маданияттын өз алдынча өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө карай оодарууда турат. Маданий саясат калктын маданий продуктуларга болгон муктаждыктарынын структурасын табууга жана калктын инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана маданий институттарын өнүктүрүү, маданий тейлөө тармактарын өлкөнүн калкынын реалдуу жайгашуусунун структурасына жана динамикасына ылайык келтирүү, маданият мекемелеринин функцияларын интеграциялоо аркылуу базалык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселелерин чечүү талап кылынат. Алар сергек жашоо ыңгайынын негизи болуп калууга тийиш. Түзүлгөн кырдаалды талдоо, ошондой эле "2011-2016-жылдарга дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн артыкчылыктары" тармактык Концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу бул чөйрөдөгү кризистик абалды чагылдырат.

Калктын ар кандай тобунун, анын ичинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугунун абалынын көрсөткүчтөрү начарлоодо, дене тарбия жана спорттун массалуулугу болгону 6-7%га жетет, бул калктын генофондунун коопсуздугунун босоголук деңгээлинен төмөн (15%); аскерге чакыруу жана чакырууга чейинки курактагы жаштардын жарымынан көбү дене боюнун даярдыгынын ченемдерин жана талаптарын аткара алышпайт. Эл аралык аренада спортсмендер жетишкендиктерге сейрек ээ болот. Өлкөдө олимпиадалык кыймыл абдан начар өнүгүүдө.

Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары бул жашоонун сергек ыңгайына багытталган жарандарга шарттарды, анын ичинде дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, кыргыз спортунун атаандашуучулугун жогорулатууга багытталган.

Алдыга коюлган максаттуу багыттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү керек:

- региондор үчүн тийиштүү программаларды камтыган дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын дене бой жагынан даярдыгынын нормативдерин тапшыруу системасын кайра жаратуу. Мында ченемдер иштелип чыга турган критерийлер, эң оболу кайсы мектеп болбосун, ал тургай заманбап спорттук жабдуулары жана шаймандары жок мектептер үчүн аларды кабыл алууга жеткиликтүүлүктү эске алышы керек;

- кыйла натыйжалуу финансылоо жана ийгиликтүү өнүктүрүү максатында спорттун түрлөрүн ар кандай категорияларга бөлүү программаларын иштеп чыгуу.

Мында спорттун түрлөрүн төмөнкүлөргө квалификациялоо зарыл:

- мамлекеттик финансылоо, ошондой эле спортсмендердин даярдануу программаларынын толук кандуу аткарылышы үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шартында кошумча финансылоону тартууну камсыз кылуу менен Олимпиадалык оюндарда реалдуу натыйжаларды бере турган спорттун артыкчылыктуу түрлөрү;

- жаратылыш-климаттык шарттарды жана башка факторлорду эске алуу менен биздин өлкөдө ийгиликтүү өнүгө турган спорттун келечеги бар түрлөрү;

- калк арасында кеңири таркаган спорттун таанымал түрлөрү (чыгымдар өзүн-өзү актоо менен ийгиликтүү өнүгүшү мүмкүн);

- спорттун массалык түрлөрү (жергиликтүү бюджеттен финансылоо мүмкүн болгон спорттун түрлөрү).

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын 32%ын жаштар түзөт. Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча - жаштардын 35%дан ашыгы окуйт, ал эми 50%дан ашыгы иштейт. Окубаган жана эмгектенбеген жаштардын басымдуу бөлүгү социалдык тобокелдиктеги топту түзөт.

Жаштар коомдун өнүгүшүндөгү маанилүү ресурс болуп саналат, анткени чапчаңдыктын, интеллектуалдык активдүүлүктүн, ден соолуктун, жаңычылдыкты кабылдоого даярдыгынын, өлкөнүн турмушуна өз салымын кошууга умтулуусунун жогорку деңгээлине ээ.

Ошол эле учурда жигердүү социалдашуу мезгилинде турган жаштар өзүндө болгон дараметти ишке ашыруу үчүн мамлекеттин жана коомдун таасирдүү колдоосуна муктаж. Андыктан Кыргызстандагы жаштар саясатын жаш адамдардын өздөрүнүн жигердүүлүгүнө дем берүүнүн негизинде алар өз жолунда туш болуучу проблемаларды өз алдынча чечүү үчүн шарттарды түзүү менен ишке ашыруу өзгөчө маанилүү.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик жаштар саясатынын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

- жаш жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;

- жаштардын прогрессивдүү демилгелерин колдоо;

- азыркы жаштардын өкүлдөрүнүн ичинен Кыргызстандын жаңы кесипкөй элитасын түзүү;

- жынысына, улутуна, социалдык абалына жана диний таандыктыгына карабастан жаштардын ар кандай топторунун кызыкчылыктарын жана суроо-талаптарын эсепке алуу;

- жаштардын социалдык жактан аялуу бөлүгүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды, көп балалуу жана жайсыз үй-бүлөлөрдөгү өспүрүмдөрдү даректик коргоо жана колдоо.

Жаштар саясатынын негизги аспекти жаштарды өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык процесстерине кошуу, алар үчүн жаңы келечектерди, багыттарды жана "өсүү башаттарын" ачуу болуп саналат. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун приоритеттүү багыттары болуп жаштардын атуулдук, адеп-ахлактык жана руханий жактан өнүгүүсү, жаштардын жаратмандык жигердүүлүгүн өнүктүрүү жана жаштардын коомдук маанилүү демилгелерин колдоо, жаш жарандардын экономикалык жактан өз алдынчалуулугун камсыз кылуу жана алардын эмгекке укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү, жаш жарандарда сергек жашоо ыңгайын, тарбиялоо жана билим алуу идеяларын калыптандыруу саналат.

Акыркы жылдарда жаштардын саясый жигердүүлүгүнүн өсүшү, алардын мамлекеттин саясатына таасир көрсөтүүгө умтулуусу дурус тенденция болуп саналат. Жаштарга коомдук жана мамлекеттик курулушка катышуусу, өз дараметин билим берүү, маданият жагында, эс алуу жана спорт ишмердигине жумшоо мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берилиши керек.

Жаштарды бардык деңгээлдердеги мамлекеттик кызмат чөйрөсүнө, жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартуу, жаштардын кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн бардык деңгээлдердеги аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдардын ишине катышуусу үчүн таасирдүү чаралар зарыл. Коомдун жана мамлекеттин алдында турган негизги милдеттердин бири кесипкөйлүк компетенциянын жогорку деңгээлине ээ жана заманбап өндүрүштүк технологиялар жагында билимдери бар эмгек рыногунда суроо-талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат. Ушуга байланыштуу бардык жаш адамдардын билимге жеткиликтүүлүгүн күчөтүү боюнча чаралар зарыл. Андыктан билим берүү органдарынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири формалдуу жана формалдуу эмес деңгээлде чоң кишилердин билим алуусу болушу керек.

Кыргызстандагы жаштардын курч көйгөйү жумушсуздук жана аны менен байланыштуу миграциянын жогору деңгээли болуп саналат.

Эмгек миграциясы жагындагы кырдаалды талдоо эмгектик миграциянын жогорку динамикасынын жана масштабынын сакталып турушунун себеби түздөн-түз улуттук эмгек рыногу жана өлкөнүн калкынын структурасында демографиялык өзгөрүүлөргө байланышкан. Соңку 2 жылдын ичинде эмгекке жарамдуу курактагы калктын санынын өсүшү иш менен камсыз кылуудан 2 эсеге ашып кеткен.

Кыргызстандын эмгек рыногунун жана калкынын миграциясынын мамлекеттик саясаты калктын ички миграциясын тартипке салууга жана тышкы эмгек миграциясын цивилизациялуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө жана экономикалык жигердүү калктын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталууга тийиш.

Бул максатта төмөнкүлөр зарыл:

- улуттук жана региондук эмгек рынокторун өнүктүрүү жана иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү чараларды жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү болгон экономиканын реалдуу секторун тездик менен өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык өбөлгөлөрүн жана шарттарын түзүү;

- эмгек ресурстарын кесипкөйлүк менен даярдоонун деңгээлин жогорулатуунун эсебинен эл аралык эмгек рыногуна цивилизациялуу кирүү үчүн адекваттуу шарттарды түзүү.

Эмгек мигранттары менен иштөө системасын бул алардын экономикалык жана социалдык укуктарын коргоону, ошондой эле жашаган өлкөсүндө билим алуу жана кызмат жагынан жогорулоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгыдай түзүү керек.

4.5. Үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу

 

Атуулдуктун, толеранттуулуктун, жарандык жүрүм-турумдун негиздери түптөлгөн башкы институттардын бири катары үй-бүлөнү чыңдоо коомду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал биздин айылдарда жана шаарларда жашаган ар бир үй-бүлөнүн экономикалык абалына жана жашоо маанайына түздөн-түз көз каранды болот.

Соңку жылдарда ички жана сырткы миграциянын күч алышынан улам салттуу үй-бүлөлүк байланыштар кескин начарлады. Экономикалык кризис жана менчик мамилелеринин өзгөрүшү коомдун негизи катары үй-бүлөдөгү кризиске алып келди. Бул туурасында көз карандысыздыктын жылдары ичинде никесиз төрөлгөн балдардын үлүшү дээрлик үч эсе көбөйгөндүгүнүн фактысы далилдеп турат: эгерде 1989-жылы ал 12,7% болсо, бүгүнкү күндө ал - 31% болду. Энелер менен балдардын өлүмгө учурашынын көрсөткүчтөрү өстү, эмгек рыногунда кесиптик иргөө күч алууда.

Аялдар көбүнчө кийин акы аз төлөнүүчү кесиптерге трансформациялануучу билимдерди тандашат. Салт боюнча "аялдар" иштеген тармактарда "эркектердикине" караганда эмгек акы 2,5 эсе төмөн, анткени алар негизинен мамлекеттик бюджеттен финансыланат жана рыноктук мамилелерге тиешеси аз.

Эркектер да коомдук-саясый жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн, "табышкер" жана "чыныгы" эркектин ролу жөнүндө көндүмдөрдүн терс кесепеттерине дуушар болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өзүн-өзү өлтүргөн эркектер аялдарга караганда 4 эсеге ашат, ал эми эркектердин орточо жашоосунун узактыгы 63,5 жашты түзсө, аялдар орточо 9 жылга узак жашашат. Эркектердин билим деңгээли төмөндөгөндүгү байкалат, бул үй-бүлөдөгү жана коомдогу жаңжалдардын өсүшүнө, айырмачылыктарга чыдай албоого, күч колдонууга алып келиши мүмкүн.

Бирок, Кыргызстандагы эгемендик жылдарында үй-бүлөнү колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин көңүл борборунда болбой, бул жагында бир да мамлекеттик программа кабыл алынган эмес. Бул маселенин кээ бир аспекттери 2015-жылга чейин үй-бүлөнү жана энеликти колдоо боюнча Комплекстүү программада жана 2012-жылы кабыл алынган 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияда чагылдырылган.

Ушул документтердин алкагында үй-бүлөнү колдоо боюнча чаржайыт чаралар каралган. Энеликти жана балалыкты колдоо жарыбаган жөлөкпул төлөө менен чектелген. Кырдаал үй эмгегин жана балдарды багууну жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүчү кызматтардын оор абалынан улам ого бетер тереңдеген. Азыркы учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелери 14%га гана жакын балдарды камтыйт, бул жаш балдары бар аялдардын жумуш издөө жана мансаптык өсүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.

Соңку жылдарда диний көрүнүштөрдүн, үрп-адаттардын жана каада-салттардын жактоочуларынын саны өсүп баратат. Бул эртелеп никеге туруу жана жаш курагында бала төрөөнүн өсүшүнөн көрүнөт, мындай жагдай аялдардын абалынын сөзсүз начарлашына, билим алууда жана кесипке ээ болууда кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө алып келет.

Бул тенденциянын көрүнүштөрүнүн бири башкаруу органдарынан аялдарды "сүрүп чыгаруу" болуп саналат, ал Жогорку Кеңешке бир да аял шайланбай калган 2005-2007-жылдарда жогорку чегине жеткен. Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө кодексине убактылуу атайын чараларды киргизүү өлкөнүн тышкы беделине гана оң таасир эткен, бирок ал аялдардын жана жалпы эле үй-бүлөнүн абалынын жакшырышына олуттуу таасир тийгизе элек.

Бүгүнкү күндө үй-бүлөнү колдоодо реалдуу, натыйжалуу чараларды көрүү, 2015-жылга чейин үй-бүлөнү жана энеликти колдоо боюнча Комплекстүү программанын жана гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын милдеттерин жана приоритеттерин кеңейтүү аракеттерин көрүү зарыл, бул биринчи кезекте өлкөнүн экономикалык абалына көз каранды болот. Ошол эле учурда үй-бүлөнү инвестициялоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жогору рентабелдүү болуп саналат. Изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча аялдар өз кирешелеринин 90%га жакынын үй-бүлөсүнө жумшайт, бул жалпы эле коомдун жашоо-турмушун жакшыртууга алып келет.

Бул саясатты жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй принциптерге негизденүүгө тийиш:

- адам укуктарын сактоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу;

- үй-бүлөнү, балалыкты, энеликти жана аталыкты коргоонун мамлекеттик кепилдиги, балдарды тарбиялоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги;

- мамлекеттик орган менен жарандык коомдун кызматташтыгы жана өз ара аракеттениши.

Мамлекеттик үй-бүлөлүк жана гендердик саясаттын максаты болуп коомдун негизги башаты катары үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу үчүн негиздерди түзүү, үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдар менен эркектердин абалын жакшыртуу саналат.

Ал милдеттерди чечүү үчүн үй-бүлөнү жана гендердик өнүгүүнү колдоо боюнча төмөнкүдөй атайын мамлекеттик чаралар зарыл:

- Кыргыз Республикасында үй-бүлөнүн абалы жөнүндө чыныгы жагдайды талдоо жана үй-бүлө институтун чыңдоого, башка салттуу институттар менен салыштырганда коомдогу анын ролун жогорулатууга багытталган комплекстүү мамлекеттик чараларды иштеп чыгуу;

- көңүл борборун аялдардын саясый иштерге катышуу маселесинен эмгек рыногунда аларга 1 мүнөздүү болбогон кесиптерди өздөштүрүшүнүн эсебинен алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоо программаларын жүзөгө ашырууга буруу;

- эртелеп никеге туруулардын, аялдарга карата зомбулуктардын санын кыскартуу боюнча чараларды көрүү, жакшы салттарды өнүктүрүү, ата-энелик функцияларын ишке ашырууда аталар менен энелерди колдоо, мансап менен үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштыруу.

Мындай саясатты жүзөгө ашыруу өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн пайдубалы түптөлө турган негизги институттардын бири катары үй-бүлөнүн бекемделишине өбөлгө болот.

4.6 Борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү

 

Калкты жана башка керектөөчүлөрдү суу түтүктөрүнөн берилүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын стратегиялык негизги багыттарынын бири болуп эсептелет.

Ичилүүчү суу адамдын жашоо-тиричилигинин, өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп эсептелип, стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ

Калкты сапаттуу ичилуучу суу менен борборлоштуруп туруктуу камсыздоо калктын кедейлигинин денгээлин төмөндөтүүнүн абдан маанилуу факторлорунун бири, калктын саламаттыгын жакшыртуунун өбөлгөсү, анын бакубат жашоосунун жана эмгек рыногун кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүнүн жана адамдын өмүрүн узартуунун негиздеринин бири болуп эсептелет.

Учурдагы абал. Республикадагы борборлошкон чарбалык-ичилуучу суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын көпчүлүгүнүн техникалык абалы канааттандыраарлык эмес болууда, мындай абал өлкөнү маданий өнүктүрүүнүн, өзгөчө айылдык калктуу конуштарда, калктын саламаттыгын сактоонун жана чындоонун талаптарына жооп бербейт жана тургундардын жүйөлүү нааразычылыгын жаратат.

Кыргызстандын калкынын 87,8 %ы чарбалык-ичилуучу суу менен жабдылган, айылдык калктын камсыз болушу 71,7 %ды тузөт.

2000-жылдан бери республикада чет элдик инвесторлордун эсебинен 545 айылда 2 млрд. 500 млн. сом суммасына суу тугуктеру реабилитацияланды жана курулду, азыркы мезгилде бул жааттагы улантылып жаткан иштердин келему аз болууда.

Азыркы мезгилде республиканын айылдарынын 700 мицден ашык "тургуну чарбалык-ичуу муктаждыктары учун сууларды аргасыздан ачык булактардан альт пайдаланууда. Суу менен жабдуу кызматын көрсөтүүнү жакшыртууга муктаж болгондордун жалпы саны болжол менен 1,5 млн. адамды тузөт.

Борборлоштуруп саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалы кыйла проблемалуу бойдон калууда. Республиканын калкынын 24 %ы, Бишкек шаарында 78 %ы, башка шаарларда 6 %дан 17 %га чейинкиси борборлошкон канализация системасын туруктуу колдоно алат. Ал тургай, бар болгон инфраструктуранын деградациясынын айынан айрым шаарларда жана райондук борборлордо канализация системасын колдонуу жылына 1,5 %га кыскарууда. Айыл жергесинде коомдук имараттардын 3 %ы гана канализация системасы менен камсыз кылынган (мектептер, ооруканалар ж.б.).

Борборлошкон саркынды суу чыгаруунун 350 системасынын (канализациянын) ичинен 101 система иштеген абалда болгон. 132,8 млн. куб. м түзгөн саркынды суулардын 93,4 %ы канализациянын тазалоо курулмаларына жиберилет.

Ысык-Көлдун экосистемасын коргоого, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарларындагы борборлошкон канализация, суу менен жабдуу системаларын жана санитария объекттерин реабилитациялоого жана курууга өзгөчө көнул буруу талап кылынат.

Ичилуучу суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу маселелерин чечүүдөгү көптөгөн проблемалардын ичинен төмөнкүдөй башкыларын бөлүп көрсөтсө болот:

- суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун көптөгөн системаларынын техникалык абалынын өтө начар болушу;

- суу менен жабдуу, канализация жана санитария системаларын реабилитациялоого жана жаңыларын курууга финансылык каражаттын жоктугу;

- айылдарда ичилуучу суунун сапатына өндуруштук контролдун жоктугу;

- чакан шаарларда суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык тейлөөнүн жетишсиздиги жана айылдагы суу түтүктөрүн техникалык тейлөөнун жоктугу;

- башкаруу түзүмүн өнүктүрүүнүн жетишсиздиги жана айылдарда адистердин жоктугу.

Максаттар. Белгиленген талаптарга жооп берген, чарбалык-ичилуучу суу менен жабдуунун борборлошкон системаларынан калктын коопсуз ичилуучу сууну алуусун көбөйтүү жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү башкы стратегиялык максат болуп эсептелет.

Жогоруда баяндалган проблемаларды эске алып, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторундагы мамлекеттик саясатта, орто мөөнөттүү келечекте, төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга басым коюлат:

- 2017-жылга чейин 50 айылдын тургундарынын коопсуз ичилуучу суу алуусун көбөйтүү;

- 2017-жылга карата айылдык калктуу конуштардагы чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуу системаларында ичилүүчу суунун жылдык сынамыктарынын 90%ынын ченемдик сапатка туура келишин камсыз кылуу;

- ичилүүчү суунун коромжусун 12 %га чейин азайтуу жана суу ресуртарын сарамжалдуу пайдалануу;

- калктын жакшыртылган канализация жана санитария объекттерин колдонуусун 2013-жылы 24 %дан тартып 2017-жылы 40 %га чейин жогорулатуу;

- ичилүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркундөтүү;

- суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда калктын маалымдүүлүгүн жогорулатуу жана коомчулукту тартуу;

- Ысык-Көлдун экосистемасын коргоону камсыз кылуу;

- ичилуучу суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүүгө инвесторлорду тартуу.

Бекитилген мамлекеттик программалардын чегинде суу менен жабдууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин өлкөнүн бюджетинин финансылык мумкунчулугу менен теңештирүү боюнча артыкчылыктын алкагында төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:

- айылдык калктуу конуштардагы ичилуучу суунун сапатын ендуруштук контролдоо учун Суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин үч өндүрүштүк жана бир көчмө лабораториясын уюштуруу;

- суу түтүктөрүн жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык тейлөө боюнча райондук чарбалык эсептеги сервис борборлорун түзүү;

- кадрларды даярдоо жана квалификациясын көтөрүү боюнча республикалык окутуу борборун түзүү;

- агып чыккан сууларды борборлошкон канализация системаларына кабыл алуунун жана агып чыккан сууларды суу объекттерине агызуунун шарттары боюнча; борборлошкон чарбалык-ичилуучу суу менен жабдуу үчүн булактарды тандап алуу боюнча; суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун тышкы тармактарынын жана курулмаларынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерди иштеп чыгуу;

- суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалыматтар базасын түзүү;

- Кыргыз Респбликасында 2013-2023-жылдарга ичилүүчү суу менен жабдууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча планды иштеп чыгуу;

- Бишкек жана Ош шаарлары үчүн суунун коопсуздугун камсыз кылуу пландарын иштеп чыгуу;

- ичилуучу суу жеткирүүчүлөрдүн өндүрүштүк контролдоо пландарына "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнундө" техникалык регламент киргизуу;

- 100 % мектептердеги жана мектепке чейинки балдар мекемелериндеги суу менен жабдуу системаларынын абалына жана модернизациялоо учун инвестициялардын көлөмүнө баалоо жүргүзүү жана анын негизинде реабилитациялоо жана аларды туруктуу каржылоо булактары менен камсыз кылуу программаларын иштеп чыгуу;

- канализациянын жакшыртылган, анын ичинде кичи системаларынын типтуу долбоорлорун жана аларды пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу;

- Азия өнүктүрүү банкынын "Ысык-Көлдү туруктуу үнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү;

- ичилүүчү суулардын коромжу болушуна талдоо жүргүзүү, жыйынтыктарын кеңири коомчулукка билдирүү;

- суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин учурдагы ондоолорун жургузуу боюнча алдын алуу иштеринин методикасын жана графигин иштеп чыгуу жана киргизуу;

- коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн веб-сайттарды иштеп чыгуу;

- ЖМКда маалымат материалдарын жана басылмаларды чыгаруу аркылуу ичилуучу сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча калк арасында кеңири уюштуруу-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- борборлошкон суу менен жабдуу системаларындагы ичилүүчү сууну лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жол берилип чектелген концентрациядан ашкан ар бир көрсөткүчү боюнча өзүнчө эсепке алуу тартибин киргизуу;

- борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуунун булактарынын санитардык коргоо зоналарынын абалын, Чуй дарыясынын бассейниндеги аларды булгоочу азыркы жана потенциалдуу булактарды тандап алып изилдөөнүн ведомстоволор аралык механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү;

- изилдөөлөрдүн негизинде борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуунун Чуй дарыясынын бассейниндеги булактарын реабилитациялоонун комплекстуу программасын иштеп чыгуу;

- Чуй дарыясынын бассейни үчүн борборлошкон, борборлошпогон ичилүүчү багыттагы суу алгычтардын реестрин иштеп чыгуу;

- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинде мониторинг жүргүзүү бөлүмүн түзүү.

 

5-глава

Туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо

 

Туруктуу өнүктүрүүнүн концепциялык негизи келечектеги муундардын керектөөлөрүн канааттандырууну коркунуч астына койбостон азыркы муундун керектөөлөрүн канааттандырууда турат. Бүгүнкү күндө өлкө өзү өзгөргөндө, чечимдердин, саясый, социалдык, экологиялык маселелердин эски жолдорун жана ыкмаларын кайра караганда жана ушулардын бардыгынын өз ара байланышына жана өз ара көз карандылыгына негизделген өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап үлгүлөрүн калыптандырганда гана дүйнөлүк өнүгүү нугунда кала ала тургандыгы айдан ачык.

5.1. Экологиялык коопсуздук жана экономикалык өсүштүн милдеттери

 

Учурдагы абал. Кыргызстандын экосистемасын биоартүрдүүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген географиялык мейкиндик камсыз кылат. Бүгүнкү күндө калктын саны өсүп жаткан шартта табигый экосистемага катуу кысым жасалып жаткандыгы белгиленүүдө. Мына ушундай өсүп жаткан кысымдын негизинде кедейликтин жогорку деңгээли, ресурстарды керектөөнүн өсүшү, инфраструктураны өнүктүрүү жана демографиялык өсүш жатат, ал жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз башкаруудан, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн булганышынан улам оорлошууда.

Экономикалык өсүш жана өлкөнүн экономикалык структурасы негизинен табиятты көп талап кылган техногендик экстенсивдүү өнүктүрүүгө негизделет. Бул жагынан алганда өлкө толугу менен жаратылыш экосистемасынын абалына толугу менен көз каранды. Муну менен бирге жаратылыш ресурстары азайса жана курчап турган чөйрө булганса экономикалык көрсөткүчтөрдүн кескин начарлашынын тобокелдиги пайда болот.

Азыр иштеп жаткан "күрөң" экономикалык системанын терс залалдары бир кыйла: (i) экологиялык көйгөйлөр жана жаратылыш капиталынын түгөнүшү (антропогендик ишмердиктен улам, эң оболу, көмүртектен турган парник газдарынын чыгышынан улам климаттын өзгөрүшү, коркунучтуу химиялык заттар менен булгануу, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, чөлгө айланууга алып келген айыл чарба аянттарынын кунарсызданышы, сугат суусунун кемчилдиги жана ичилүүчү суунун жетишсиздиги); (ii) кедейлик деңгээлинин жогорулашы; (iii) азык-түлүк жана (iv) энергетикалык коопсуздуктун коркунучу; (v) элдер менен өлкөлөрдүн теңсиздиги.

Келечекте тарыхый жактан алганда "чийки заттык" экономика түгөнүп бара жаткандыгын эске алуу керек, болбосо курчап турган чөйрө менен туруктуу баланста өнүгүүнүн көйгөйлүү жана адамзат өнүгүшүнүн сапатынын камсыз кылуу жөндөмсүз экендиги көрүнүп турат.

Туруктуу өнүгүүгө өтүү экологиялык факторду өнүгүүнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөр системасына кошууну зарылчылыкка айлантат. Чечимдерди кабыл алууда экологиялык факторго жеткире баа бербөө көп жагынан салттуу экономикалык көрсөткүчтөрдө жаратылыш капиталын пайдаланууда (чыгарууда) чагылдырылган табигый ресурстардын балансы деп аталгандарды пайдаланууну нарктык чагылдырууну өнүктүрүүнүн жана курчап турган чөйрөнүн бузулушунан улам келтирилген зыянга экономикалык баа берүүнүн жоктугу менен байланышкан.

Кыргыз Республикасы эл аралык 13 жаратылышты коргоо долбоорлору менен конвенциялардын тарабы болуп саналат, алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу экологиялык туруктуулукту кармап турууну шарттайт жана жаратылыш ресурстарын турукташтыруу жана анын начарлоо процессин болтурбоо үчүн тыштан гранттык каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берет.

2012-жылы "РИО+20" туруктуу өнүктүрүү боюнча ООНдун конференциясында Кыргызстан "жашыл экономиканын" приоритеттерин алга илгерилетүү аркылуу узак мөөнөттүү келечекке туруктуу өнүктүрүүнү жактай тургандыгын билдирди, алар өндүрүштө, ошондой эле керектөөдө энергетикалык жана ресурстук натыйжалуулукту жакшыртуу, абага чыгууларды жана курчап турган чөйрөнү булгоону азайтуу жана биоартүрдүүлүктүн коромжусун болтурбоо үчүн жаңы технологияларды алга илгерилетүүгө багытталган тышкы жана ички "жашыл" инвестициялардын эсебинен калктын кирешесинин өсүшүн жана иш менен камсыз болушун айкалыштырат. "Жашыл" экономика стратегиясында ресурстарды үнөмдөөгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана туруктуулуктун жергиликтүү, региондук жана глобалдык катаал босоголор аркылуу өтүү үчүн курчап турган чөйрөгө кысымды жеңилдетүүнүн рентабелдүү жолдоруна басым жасалат.

"Жашыл" экономика стратегиясы өндүрүш фактору катары табигый капиталдын бардык баалуулуктарын эске алат, жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана өндүрүшкө "калдыксыз же аз калдыктуу" мамиле жасоону алга илгерилетүүгө, ошондой эле энергиянын кайра иштелип чыккан булактарын: күндү, шамалды, сууну, геотермалдык булактарды жана биоотунду ишке киргизүүнүн улам өсүп жатышына негизделген ресурстук-натыйжалуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнү карайт.

Туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу экологиялык коркунучтарды жана тобокелдиктерди эсепке алуу дегенди билдирет, анткени бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө жатыгуу маселеси өтө актуалдуу болуп бара жатат, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту начарлатууга алып барып, суу менен үзгүлтүксүз жабдууга күмөн санатып, калктын өзгөчө кедей катмарына кошумча жүк болуу менен калктын ден соолугуна терс таасир тийгизип жатат.

Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөө да туруктуу өнүгүүгө өтүү темпине таасир тийгизе турган терс фактордун бири болуп саналат. Ошондой болсо да өлкөдө социалдык-экологиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун кээ бир тажрыйбалары бар, аларды жүзөгө ашыруу тышкы карызды туруктуу өнүктүрүүгө алмашуу механизмдерин пайдалануунун эсебинен тышкы карыздын жүгүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Тышкы карызды курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларга алмашуу боюнча ишмердик бүгүнкү күндө актуалдуу болуп бара жатат.

Саясат жана чаралар. Бир тараптан кедейлик деңгээлин төмөндөтүүнү жана социалдык прогрессти камсыз кылган, экинчи тараптан табигый экосистеманын экологиялык туруктуулугунун чегинен ашпаган экономикалык иш өлкөнүн "жашыл" өнүгүүнүн ар кандай элементтери аркылуу туруктуу өнүгүүгө карай өтүү процессин кыйла натыйжалуу пландаштырууну жана башкарууну талап кылат.

Бул үчүн экосистеманын туруктуулугунун бардык аспекттерин камтыган экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ырааттуу жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Мында экономикалык саясатты өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, өнүгүүнү ыкчамдатуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн озуу менен өстүрүү аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багыттоо маанилүү болот.

Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү, экономиканы диверсификациялоо жана экспорттук потенциалды арттыруу үчүн бизнести жана тармактарды өнүктүрүү, анын ичинде экологиялык жактан таза продукция өндүрүү чөйрөсүндө өнүктүрүү үчүн ишкер чөйрөнү жөнгө салуу шаймандарынын үстүнөн кыйла натыйжалуу иштөө пландаштырылууда, алар боюнча Кыргызстан салыштырмалуу артыкчылыктарга ээ. Биринчи кезекте, бул - жашыл өнүгүүнүн негизги артыкчылыктары катары айыл чарбасы жана энергетика, ошондой эле жооптуу кен казып алуу сектору, агрардык тармактын ресурсту натыйжалуу пайдаланган кайра иштетүүчү сектору, экологиялык туризм жана кызмат көрсөтүүнүн бир катар багыттары.

Ошондуктан, инвестициялык саясат акырындык менен жаратылышты көп пайдаланууну сарамжалдаштыруу принцибине өтөт. Жаратылышты көп пайдаланууну азайтуу экономикада эки процессти шайкеш айкалыштырууга: (1) жаратылыш ресурстарын керектөөнүн жана булгануунун көлөмүн кыскартууга; жана (2) бир учурда эле технологияларды жаңылоо жана өркүндөтүү, аз калдыктуу жана ресурс үнөмдөөчү өндүрүштөрдү киргизүү, кайра иштетилген ресурстарды жана калдыктарды экинчи жолу пайдалануу аркылуу экономикалык өсүштүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ушул эки багыт тең экономиканы жаратылышты үнөмдөөчү жана илимди көп талап кылуучу технологиялар жагына түп-тамырынан бери структуралык кайра курууну карайт.

Климаттын өзгөрүшүнө жатыктыруу маселесин стратегиялык пландаштырууда, анын ичинде суу жана энергетика ресурстарынын потенциалын, энергетиканы, айыл чарбасын жана бөөдө кырсыктардын тобокелдиктерин эсепке алуу Кыргызстанга кыйла экономикалык пайда алып келет жана тийиштүү экономикалык зыянды азайтуу менен адамдын ден соолугуна, анын менчигине, коомдук инфраструктурага коркунучту минимумга түшүрүүгө мүмкүндүк берет.

Табигый экосистеманы сактоону жана калыбына келтирүүнү эсепке алуу мамлекет менен коомдун ишмердигинин приоритеттүү багыттарынын бири болуп калышы керек. Анткени дал ошол муундардын байланышын камсыз кылып жана келечекте экономикалык өсүш мүмкүнчүлүктөрүн кепилдик менен камсыз кылат.

Курчап турган чөйрө коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында жаңы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталат:

- менчигинин түрүнө карабастан бардык экономикалык, социалдык жана экологиялык иш субъекттеринин алардын экономикалык, социалдык жана экологиялык курамына бирдей көңүл бурууну караган туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландаштыруу системасына этап менен өтүүсү;

- пландаштырылып жаткан чарбалык жана башка өнүктүрүү долбоорлорунун курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүү аркылуу экономикалык өсүштө экологиялык залалдарды азайтуу;

- жаратылышты пайдалануудан акы алуу жана жаратылышты коргоо мыйзамын бузуунун кесепетинен курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу;

- экологиялык маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы;

- курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга улуттук, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде бардык таламдаш топтордун катышуусу.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана экологиялык жактан коопсуз жаңы технологияларды колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана "жашыл" инвестицияларды тартуу жана климаттын өзгөрүшүнө жатыгуу үчүн жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүү;

- пландаштырылып жаткан жана башка өнүктүрүү долбоорлорунун курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү камсыз кылуу;

- курчап турган чөйрөнүн булгануу параметрлерин эсепке алуу жана отчеттуулук системасын өркүндөтүү;

- салмактуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жагында контролдук кылуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн туруктуу системасын түзүү;

- жашыл технологияларды: жашыл салыктар, бажы алымдары, жашыл сатып алуулар, жашыл инвестициялар аркылуу алга илгерилетүү үчүн финансылык жаңы аспаптарын киргизүү;

- курчап турган чөйрөнүн абалына жана экологиялык коопсуздукка мониторинг жүргүзүү жана баа берүү индикаторлорун киргизүү аркылуу алардын начарлашын жокко чыгарган кайра иштелип чыккан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;

- энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана өзгөчө жылуулук жана электр энергиясынын коромжулугун азайтуу жана энергиянын кайра иштелип чыккан булактарын алга илгерилетүү;

- "жашыл" жумушчу орундарын түзүүгө багытталган экономика секторун мамлекеттик колдоо.

5.2. Бөөдө кырсыктардын тобокелин төмөндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу

 

Стратегия мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууну жана алардын бөөдө жана техногендик кырсыктардын тобокелинен калктын жана аймактардын комплекстүү коопсуздугунун маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенишин карайт.

Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык кайталангыс тоолуу-ландшафттуу жаратылыш-климаттык шартынан улам көп сандаган бөөдө кырсыктарга кабылуучу мамлекет болуп саналат. Бийиктиктердин жана температуранын айырмасы, жаан-чачындардын, суу балансынын жана жер алдындагы суулардын горизонтторунун өзгөрүшү, кыртыштын геоморфологиясы, тектоника жана сейсмикалык активдүүлүк туруктуу өнүгүүгө олуттуу табигый коркунуч түзөт жана республиканын калкына жана экономикасына туруктуу терс таасир тийгизип турат.

Муну менен бирге өнүгүүгө кыйла сандагы коркунучтар адамдын өз колунан жаралган. Кыргызстандын аймагында кен казуу өндүрүшүнүн радиоактивдүү жана уулуу калдыктары бар 92 объект жайгашкан, анын ичинде 36 калдык сактоочу жай бар, алардын 31инде радиоактивдүү калдыктар турат. Алардын көбү өтө сейсмикалуу аймактарда, жер көчүп жана кар көчкү жүрүшү менен трансчек аралык суу агымдары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы бүткүл Борбордук Азия регионунун өнүгүшүнө коркунуч келтирип турат. Коркунучтуу химиялык заттар мурдагыдай эле өнөр жай өндүрүшүндө жана айыл чарбасында пайдаланылып жатат. Андан тышкары, плотиналар менен суу сактагычтардын гидрокурулуштарынын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүү зарыл. Ушул маселелердин бардыгы мониторинг жана контролду башкаруунун талаптагыдай системасына муктаж.

Жыл сайын республиканын аймагында ар түрдүү мүнөздөгү 200гө жакын өзгөчө кырдаалдар болуп турат, Кыргыз Республикасынын ӨКМ маалыматтары боюнча алардын тикелей зыяны 30-35 млн. АКШ долларына барабар, ошол эле учурда алардын алдын-алууга жана кесепеттерин жоюуга мамлекеттик бюджеттен жылына 6 млн. АКШ долларына жакын каражат бөлүнөт, ал эми республиканын аймагында болуп жаткан бөөдө кырсыктардын саны тынымсыз өсүп жатат.

Мына ушунун бардыгы калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдарда коргоо, келечектеги коркунучтарды, тобокелдиктерди жана кооптуулукту көрө билүү маселелерин жаңыча чечүүнү, алардын божомолдоп жана алдын алуунун ыкмаларын өнүктүрүүгө аргасыз кылууда.

2012-жылы өлкөнүн Өкмөтү тарабынан кабыл алынган "2010-2015-жылдарга өзгөчө жана кризистүү кырдаалда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын коопсуздугун комплекстүү камсыз кылуунун Улуттук стратегиясы" калкты жана аймактарды алгылыктуу тобокелдиктердин көрсөткүчтөрүнүн чегинде өзгөчө кырдаалдардан коргоонун кепилденген деңгээлин камсыз кылуу үчүн ушул этапта мамлекеттик саясатты аныктаган негизги документ болуп саналат.

Негизги максатка жетүү - комплекстүү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн - 2005-2015-жылдарга "Мамлекет жана жамааттардын деңгээлинде кырсыктарга каршы туруу потенциалын түзүү" деген аракеттенүүнүн Хиог программасынын төмөнкүдөй беш приоритетин жолдоо пландаштырылат:

I. Кырсык тобокелдиктерин азайтууну жүзөгө ашырууда бекем институттук базанын болушу улуттук жана жергиликтүү приоритет болуп санала тургандыгын камсыз кылуу.

Максат: кырсык тобокелдиктерин натыйжалуу башкаруу үчүн ченемдик укуктук база түзүү.

Милдет: кырсык тобокелдиктерин натыйжалуу башкаруу үчүн укуктук жана институттук негиздерди өркүндөтүү.

II. Кырсык тобокелдиктеринин факторлорун аныктоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү жана эртелеп эскертүүнү жакшыртуу.

Максат: Кыргыз Республикасында тобокелдиктерге баа берүүнү, мониторинг жүргүзүүнү жана кырсыктардын эртелеп эскертүүнү жакшыртуу.

Милдет: Кыргыз Республикасынын бардык калктуу аймактары үчүн коркунучтарды, опурталдыкты жана кырсык тобокелдиктерин аныктоо.

III. Коопсуз шарттарды түзүү илимди, новатордук чечимдерди, билимди жана бардык деңгээлдерде каршы туруу потенциалын пайдалануу.

Максат: илим, билимдерди алмашууну жакшыртуу аркылуу кырсыктардын кесепеттерин азайтуу.

Милдет: маалыматтарды алмашуу аркылуу кырсык тобокелдиктерин азайтуу мүмкүнчүлүктөрү жана ыкмалары жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу боюнча улуттук инфраструктура түзүү.

IV. Кырсык тобокелдиктеринин негизги факторлорун азайтуу.

Максат: кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча чаралар Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына киргизилген.

Милдет: тобокелдиктерди аныктоо жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча саясатка, программаларга жана долбоорлорго кырсык тобокелдиктерин азайтуу жана башкаруу боюнча маселелерди киргизүү үчүн механизмдерди түзүү.

V. Бардык деңгээлдерге натыйжалуу аракеттенүү максатында кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу.

Максат: кырсыктардан улам адамдык жана материалдык жоготууларды азайтуу.

Милдет: улуттук, региондук, райондук деңгээлдерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде (анын ичинде эртелеп кабарлоо системасын өнүктүрүү) даярдык жана аракеттенүү боюнча потенциалды жогорулатуу, ошондой эле кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча потенциалды жогорулатуу.

Бул стратегияны жүзөгө ашыруу бөөдө кырсыктарды алын-алуу жана андан чыгымдарды олуттуу азайтуу, мүмкүн болуучу курмандыктардын санын жана социалдык, экономикалык жана экологиялык зыяндын көлөмүн кыскартуу аркылуу өлкөнүн туруктуулугун чыңдоого багытталган.

ЭКИНЧИ БӨЛҮК

2013-2017-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ПРИОРИТЕТТЕРИ

6-глава

Экономика эгемендиктин жана улуттук коопсуздуктун башкы фактору катары

 

Кыргызстан үчүн экономикалык программанын приоритеттиги азыркы этапта өлкөнүн эгемендүүлүгү жана улуттук коопсуздугу башкы фактору болуп саналган объективдүү жагдай менен шартталган.

Мурдагы СССРдин азыркы жетекчилигинин экономикалык факторго толук баа бербегендиги жана приоритеттерди саясый реформалар тарапка ойлонбостон оодарып жиберүү өз учурунда өлкөнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын бузулушуна жана Советтер Союзунун кыйрашына алып келген.

Кыргызстандын экономикасы өз алдынча болууга, ошол эле учурда региондук жана дүйнөлүк экономиканын шайма-шай курамдык бөлүгү болууга тийиш. Экономиканын приоритеттүү секторлору алардын продукциясы жана көрсөткөн кызматтары башка өлкөлөрдө, биринчи кезекте коңшулаш жана Бажы союзунун өлкөлөрүндө кеңири керектелгенде, атаандашууга жөндөмдүү жана таанымал болгондо гана Кыргызстандын элине олуттуу пайда бере тургандыгын түшүнүү маанилүү.

2013-2017-жылдары мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин маанилүү багыты Кыргызстанда ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн сөзсүз эң жагымдуу шарттарды түзүү болот. Өзгөчө көңүл кен казуу өнөр жайын, энергетиканы, туризмди, айыл чарбасын, транспортту, финансы секторун өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы экологияга багытталган технологияларга негизделген бизнес чөйрөгө топтолот.

Стратегия ошондой эле, келечекте Бажы союзуна кирүүгө байланыштуу ата-мекендик бизнестин бир бөлүгүн кайра багыттоону карайт.

Стратегияны жүзөгө ашыруу Кыргызстанга 2017-жыл аяктаганга чейин энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү жолунда олуттуу илгерилөөгө, ошондой эле жакынкы келечекте электр энергиясын ири экспорттоочунун статусун алууга олуттуу билдирүү жасоого мүмкүндүк берет.

Электр энергетикасынын жаңы объекттерин ишке киргизүү менен өлкөнүн жарандары "кезектүү өчүрүүлөр" түшүнүгүн унутууга тийиш. Арзан электр энергиясын кошумча иштеп чыгуу ишканалардын санын кеңейтүүгө, өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууга жана чакан жана орто ишканаларда жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, региондордун экономикасын жандандырууга алып келет.

Кен казып алуу тармагы өлкөнүн экономикасынын стратегиялык маанилүү тармагы болуп саналат, ал бийликтен Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын иштетүүгө инвестициялык кызыктыруу үчүн шарттарды түзүүнү талап кылат. Мамлекеттик бардык бийлик институттарынын, анын ичинде жергиликтүү бийликтин мыйзамды туу туткан инвесторлорду реалдуу коргоого алуусу ушул иштин натыйжасы болуп калат. Инвестор менен региондук жамааттардын өз ара мамилелери мыйзамдын гана чегинде түзүлөт. Жергиликтүү калк инвестор өз каражатын жумшап жана жаңы жумушчу орундарды түзүп, регионду өнүктүрүүгө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүп жаткандыгын түшүнүшүнө жетишүү керек, ошондуктан аларга карата мамиле жакшы санаалуу жана конструктивдүү болууга тийиш.

Муну менен бирге ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө бизнестин социалдык жоопкерчилик ченемдерин этибарга албай коюу жол берилгис иш. Мындай мамиле салымынын өлчөмүнө карабастан бардык ички жана тышкы инвесторлорго карата жасалууга тийиш. Бул багытта бизнес ассоциациялар маанилүү роль ойной алат, алар бизнестин таламын жигердүү коргоп, коррупцияга каршы туруулары керек.

Мамлекеттик органдардын контролдоп-текшерүү функцияларын кескин кыскартуу зарыл. Экономикалык эркиндик берүүнүн зор маанисин түшүнүү менен эмгектик, пенсиялык, салыктык мыйзамдардын ченемдерин жана экологиялык коопсуздукту сактоо жагында жеке секторду контролдоо үчүн мамлекеттин жөнгө салуучу ыйгарым укуктарын колдонуу зарыл.

Стратегиянын кыйла бөлүгү айыл чарба маселесине арналган. Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун гана камсыз кылбастан, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык экологиялык таза айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген өнөр жай продукцияларын тышкы рынокко ири берүүчү деген статусун өзүнө кайтарып алууга тийиш.

Айыл жеринде өлкөнүн бүткүл калкынын жарымынан ашыгы жашайт жана ошондуктан айыл чарбасын өнүктүрүү бир эле учурда экономикалык да, социалдык да милдет. Дыйкан жана фермер үчүн экономиканын бул секторунда пайдаланылуучу жаратылыш ресурстарынын жеткиликтүүлүгү жана сапаты абдан маанилүү. Бул эң оболу - жер жана суу. Айыл тургундары үчүн 2017-жылга карата 50 миң гектар жаңы сугат жерлер ишке киргизилет жана жүгүртүүгө кайтарылат, ал эми 80 миңге жакын дыйкан чарбалары же 200 миң киши сугат жана ичүүчү суу менен кошумча камсыз болот. Ошондой эле ирригациялык системаларды калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн каражаттар бөлүнүп жана тышкы кредиттер тартылат. Ошол эле жерлерге суу келип, айдоо аянттары жанданып, ал эми айылдык эмгекчилердин турмушу жакшы жагына кыйла өзгөрөт.

Стратегия Кыргызстанды "транспорттук туңгуюктан" алып чыгуу жана транзиттик өлкөнүн катарына өтүү боюнча ачык-айкын инфраструктуралык иш-чараларды камтыйт. Курулушу пландаштырылып жаткан темир жол региондордун экономикасын өнүктүрүүгө түрткү болуп, пайдалуу кен жаткан жерлерге жетүү маселелерин чечет. Мына ушунун бардыгы калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатууга жана алардын экономикалык абалын жакшыртууга алып келет. Бул өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда кошумча транспорттук байланышты камсыз кылат. Ошондой эле жыл сайын асфальтобетон төшөлгөн 300 км ашык автожолдорду калыбына келтирүү жана асфальтобетон төшөө менен кеминде 150 км авто жолдорду оңдоо каралып жатат. Телекоммуникация системасында байланыштын була-оптикалык магистралдык тармагын куруу жана санариптик телерадио берүүгө өтүү долбоорлору аяктайт, бул Кыргызстанга дүйнөлүк электрондук маалыматтык мейкиндикке интеграцияланууга мүмкүндүк берет.

Туризм чөйрөсү жана биздин өлкөнүн заманбап талаптарга жооп берген ири региондук туризм жана эс алуу борборунун статусун алуу жагы Кыргызстанды өнүктүрүүнүн сөзсүз түрдөгү приоритеттеринин бири болуп саналат.

Финансылык кызмат көрсөтүү системасында атаандашууну өнүктүрмөйүнчө экономиканын өсүшү мүмкүн эмес, ошондуктан мамлекет ишкерлердин жана жарандардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын финансылык системага ишенимин өстүрүү үчүн өз ыйгарым укуктарын пайдаланат. Ишкерлер үчүн банктар кардарлардын суроо-талаптарын жана таламдарын эске алышы маанилүү. Бирок кардарлар да жаңжалдар келип чыкпашы үчүн өздөрүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуулары жана мыйзамдарды билиши керек. Өлкөбүздү региондогу финансылык борборго айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар.

XX кылымда жана XXI кылымдын башында жетишилген артыкчылыктарды пайдалануу маанилүү. Кыргызстанда Борбордук Азияда өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун көп маселелери боюнча интеграциялык аянтча болуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда эл аралык банктык финансылык борборду, Борбордук Азияда азыркы көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн, креативдик экономиканын айрым багыттарын өнүктүрүүнүн региондук борборун түзүү керек.

Бүгүнкү күнгө карата мамлекет өзүнүн негизги жөнгө салуучу функциясын аткарбай жатат. Бул жерде ушул кезге чейин бюрократизмге, коррупцияга, чоң, кымбат жана натыйжалуу эмес уруксат кылуу системасынын орун алышы менен байланышкан ири көйгөйлөр бар.

Экономикада мамлекеттик сектордун үлүшү дале болсо олуттуу, мамлекеттик чыгымдар ИДПнын 30%га жакынын түзөт. Бюджеттин тартыштыгы өсүп жатат. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун жогорулатуу жана социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн экономиканы өнүктүрүүгө мамлекеттин күч-аракетин толук көлөмдө топтоо талап кылынат, анткени салык кирешелеринин жана Социалдык фондго келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн деңгээли экономиканын өнүгүшүн көп жагынан кечеңдетип жатат.

Документте белгиленген 2013-2017-жылдарга экономикалык өнүктүрүү саясаты улуттук жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, социалдык кесепеттерди жоюуга жана өлкөдө саясый кырдаал жакшырган шартта өлкөнүн экономикасын өнүгүүнүн туруктуу багытына алып чыгууга багытталган.

Бул документте экономикалык приоритеттер белгиленген, ал жакынкы беш жылда эле экономиканын, мамлекеттик бюджеттин жана эмгек рыногунун абалына олуттуу таасир тийгизүүгө тийиш. Ошондуктан 2013-2017-жылдарга экономикалык приоритеттерди тандоо үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат: (1) жогорку кошумча нарк; (2) салыктын көп өлчөмү; жана (3) жумушчу орундарды түзүү жана ага ылайык жумушсуздукту кыскартуу.

Документте көрсөтүлгөн экономикалык приоритеттерди тездик менен жүзөгө ашыруу алдыдагы беш жылда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жана иш менен камсыз кылуунун өсүшү аркылуу коомдо социалдык оорчулукту төмөндөтүүгө дурус таасир тийгизет.

Алдыда турган келечекте бизнес чөйрө өлкөдө бекем инвестициялык кырдаалды калыбына келтирүүгө жана чыңдоого, мамлекеттик жөнгө салууларды бюрократтыктан арылтууга жана чарбачыл субъекттерге экономикалык эркиндик берүүгө багытталууга тийиш. 2013-жылдан баштап кийинки беш жыл ичинде Кыргызстан 2017-жылы эл аралык "Бизнес жүргүзүү" рейтинги боюнча эң жакшы көрсөткүчтөрү менен биринчи отуз өлкөгө кириши, экономикалык эркиндик рейтингинде 40-орундан төмөн эмес позицияны ээлөө менен КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунга чыгышы үчүн туруктуу жана системалуу иш жүргүзүү зарыл.

Коррупцияга каршы системалуу күрөш жүргүзүү, көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу, мамлекеттик аппаратты дебюрократташтыруу системасы 2017-жылга карата өлкөнү коррупцияга чалынуунун эл аралык рейтингинде элүү өлкөнүн катарына алып чыгууга тийиш.

Бул документте сунуш кылынган жер-жерлерде инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу процесси региондордун экономикалык жактан жакшырышына гана эмес, ошондой эле бүтүндөй социалдык-саясый кырдаалга да дурус таасир тийгизет.

2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү саясатын тариздөөгө концепциялык мамилени эске алуу менен ачык-айкын чараларды жана аракеттерди кең-кесири тактоо бюджеттик процесстин убакыттык алкагына негизденүү менен бул документтин чегинде белгиленген өлкөнүн экономикалык өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ар жылдык жана үч жылга кеңири так пландын алкагында жүргүзүлүшү керек.

Экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууну координациялоо, өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө натыйжалуу жооп кайтаруу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.

7-глава

Экономикалык туруктуу өсүш жана макроэкономикалык туруктуулук

 

Кыргызстан экономикалык туруктуу өсүшкө жетишүүгө жана натыйжалуу иштөөчү социалдык рыноктук экономиканы түзүүгө тийиш. Өлкөнү өнүктүрүүдөгү башкы ролду жеке сектор ойношу керек, аны өнүктүрүүдө мамлекеттин милдети биринчи кезекте жеке сектордун иш-аракети үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө турат.

Макроэкономикалык туруктуулук негизги максаттуу багыт болуп калат. Орто мөөнөттүү келечекте экономиканын туруктуу өсүшүнө, тең салмактуу бюджетке, инфляциянын алдын ала билүүгө жана "келечек муундардын" эсебинен эмес, "каражатка жараша" жашоого жетишүү экономикалык туруктуулуктун негизги өбөлгөсү болуп калат.

Мамлекеттик инвестициялар (Мамлекеттик инвестициялар программасы) алыскы облустардын жана өнүктүрүүгө өсүшү көбүрөөк деңгээлде көмөктөшүүчү жана тектеш тармактарды өнүктүрүүгө кыйла мультипликаттык натыйжага ээ болгон экономика секторлорун өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.

Макроэкономикалык туруктуулук төмөнкүдөй негизги сандык параметрлерге жетишүүдө жана аларды сактоодо көрүнүшү керек:

1-таблица

2013-2017-жылдарга макроэкономикалык туруктуулуктун негизги сандык параметрлери

┌──────────────────────────────────────┬──────────────────────────────┐

│              Параметр                │     Максаттуу көрсөткүч      │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүшү    │Кеминде 7%                    │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Инфляция                              │Интервал 5%-7% (2015-жылдан   │

│                                      │баштап)                       │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Бюджеттин тартыштыгы                  │ИДПга карата 5%дан ашык эмес  │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Мамлекеттик тышкы карыз               │ИДПга карата 60%га чейин      │

└──────────────────────────────────────┴──────────────────────────────┘

 

Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө олуттуу чектөөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:

- географиялык жайгашуусу: деңизге чыгуу жолунун жоктугу жана башкы экономикалык борборлордон обочолугу;

- экономиканын сервистик-агрардык структурасы;

- оңой алынуучу энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин жоктугу;

- рынок экономикасын өнүктүрүүдө мол тажрыйбанын жоктугу;

- экономиканын транзиттик мүнөзү.

Эгемендик алгандан тартып жогоруда көрсөтүлгөн факторлор кайра, куруунун соңку мезгилиндеги макроэкономикалык туруксуздуктун (инфляция, керектөө товарларынын олуттуу тартыштыгы) кесепеттерине дал келди. СССРдин ыдырашы борбордон бюджеттик субсидиялардын жана башка республикалардан арзан энергияларды берүүлөрдүн токтошуна, республикалар ортосундагы соода-сатык кризисине, аскердик продукцияга суроо-талаптын жоголушуна, баалардын кескин өзгөрүшүнө, транспорт чыгымдарынын өтө өсүшүнө, ошондой эле биздин өлкө дуушар болгон таптакыр жаңы милдеттерди чечүү зарылдыгына алып келди.

Натыйжада төмөнкүдөй социалдык жана экономикалык оор кесепеттер орун алды:

- гиперинфляция жана өндүрүштүн кыйла төмөндөшү ИДПнын реалдуу көлөмүнүн жарымынын жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 2/3 жоготууга алып келди;

- эмгек акынын өлчөмүнүн жана социалдык жөлөкпулдардын азайышы, жумушсуздуктун өсүшү жана рынок экономикасында жашоо тажрыйбасынын жоктугу кедейликтин өсүшүнө жана теңсиздикке алып келди, бул калктын өлкөдөн сырткары миграциялык агылуусуна себеп болду;

- билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын абалы жана башка социалдык кызмат көрсөтүүлөр көз көрүнө начарлады.

Бирок, баштапкы өткөөл мезгилде Кыргызстан жаңы шарттарга тез ыңгайлаша алды. 1990-жылдардын биринчи жарымында жүргүзүлгөн комплекстүү институттук, социалдык-экономикалык реформалар базалык мамлекеттик институттарды түзүүгө, өндүрүштүн төмөндөшүн жоюуга, ал эми улуттук валютаны киргизүү баштапкы макроэкономикалык турукташууга, ошондой эле социалдык кызматтарды толук кыйроодон сактап калууга жардамдашты. Бааларды либералдаштыруу, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү, айыл чарбасында ири колхоздор менен совхоздордун ыдырашы, өлкөдө удаалаш жүргүзүлгөн жер реформасы жана тышкы экономикалык либералдаштыруу коом үчүн өтө оор өттү, бирок жеке сектордун, негизинен чакан жана орто бизнестин жаралышына жана анын экономикага кошкон салымынын кеңейишине алып келди. Мындай өзгөрүүлөр ишкерлер, жеке фермерлер жана соодагерлер (анын ичинде "челнокчулар" деп аталгандар) сыяктуу жаңы социалдык топтордун пайда болушуна көмөктөштү.

Тилекке каршы, жогоруда көрсөтүлгөн реформалар дайыма эле ырааттуу жана ар тараптуу болгон жок. Мамлекеттик бюджет балансташпай калды; көптөгөн структуралык реформалар (менчиктештирүү, инфраструктураларды реструкташтыруу) бүтпөй калды; социалдык милдеттенмелер чыныгы финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн ашып кетти. Ушул кемчиликтердин бардыгы өлкөнүн социалдык жана экономикалык туруктуулугун бүлүндүрдү, ал эми 1998-1999-жылдардагы дүйнөлүк финансылык кризистин терс таасири өлкөдө кедейликтин деңгээлинин өсүшүнө, макроэкономикалык дестабилизацияга жана тышкы карыздын өсүшүнө алып келди.

Кризистен кийин, Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы бир аз жакшырды жана кедейлик деңгээли кыйла кыскарды. Бул көптөгөн адамдардын ишинин натыйжасы болду, алар жаңы шарттарга ылайыкташып, өзү жана үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликти ала алышты.

Мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында рынок экономикасынын калыптанышы экономиканын бардык чөйрөлөрүндө түп-тамырынан берки институттук өзгөрүүлөрдү жана рынок механизмдерин киргизүүнү талап кылды, бул ИДПнын өсүшүнө алып келди.

Алсак, 1996-2000-жылдары Кыргызстанда экономикалык өсүштүн орточо темпи жылына 5,6%ды түзгөн, бул КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналган. Бирок, соңку он жылдыктын ичинде экономикалык өсүш орточо жылдык өсүш темптеринин төмөндөшү менен мүнөздөлдү. Алсак, экономикалык өсүштүн орточо мааниси 2001-2011-жылдары 4,3%дан азыраакты түздү. Ошону менен бирге 2007-2008-жылдары экономикалык реалдуу өсүш максималдуу мааниге (8,0%дан ашыкка) жетти. Соңку 10 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн көрсөткүчтөрү КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн болгон.

Мында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык структуралык реформалардын аягына чыкпагандыгы жана ыраатсыздыгы, анын ичинде мамлекеттик башкаруу секторун реформалоо, банктык жана финансылык рыноктордун начар өнүгүшү, жеке ишкердикти өнүктүрүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн айкын эмес жана дайыма өзгөрүп туруучу шарттар туруксуздуктун негизги ички себептери болуп саналат. Буга кошумча экономика тышкы терс факторлордун таасирине катуу дуушар болду, алар: дүйнөлүк азык-түлүк жана финансы рынокторундагы конъюнктурадан кыйла деңгээлде көз карандылык, негизги эл аралык товардык жана финансылык рыноктордон четте калуу; коңшулаш өлкөлөр тараптан тышкы экономикалык иш-аракетте протекционисттик режимдердин болушу.

Соңку жылдары мамлекеттик бюджеттин өтө тартыштыгы өлкөнүн экономикалык башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Мамлекеттик карызды тейлөө мамлекеттик чыгымдардын эң чоң статьяларынын бирине айланды жана мамлекеттин негизги функцияларын аткарууга сарпталуучу ансыз да тартыш каражаттарды кыскартууну талап кылды. Бюджеттин тартыштыгын жабууга тышкы карыз алууларды кескин азайтуу алдыдагы жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп калат. Бюджеттин балансташпагандыгы өлкөдө кыйла расмий эмес сектор түзүлгөндүгүнө байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин берген баасы боюнча ИДПнын 18%га жакынын түзөт (эл аралык финансы институттарынын баасы боюнча 40%дан 60%га чейин).

Кыргызстандагы макроэкономикалык абал соңку жылдардын ичинде али да болсо анча туруктуу эмес бойдон калууда.

Орточо келечекке экономикалык саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- бюджеттин тартыштыгын, тышкы карызды жана инфляцияны кыскартуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү жана аны сактоо;

- экономикага салык жүгүн бирдей бөлүштүрүү аркылуу экономикалык өсүшкө дем берүү, инфраструктурага тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу, экономиканы региондук экономикалык системага интеграциялоо, ошондой эле экономиканын негизги тармактарын (энергетика, кен казып алуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, транспорт, финансылык сектор жана башкалар) өнүктүрүү үчүн структуралык реформаларды ишке ашыруу;

- өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча коюлган максаттарын аткаруу үчүн экономикалык өсүштүн орточо темптерин жылына 7%дан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгы. Бул милдеттерди чечүү экономиканы өнүктүрүүгө толук көмөктөшүүгө багытталган макроэкономикалык саясатты тыгыз координациялоонун негизинде макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүнү жана кармап турууну талап кылат.

- айыл чарбасында ички өндүрүштүн көлөмүн жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле жетиштүү көлөмдө мамлекеттик резервди түзүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

7.1. Монетардык саясат

 

Экономиканын жогорку өсүш темптерине жетишүү үчүн шарттарды түзүүдө баалардын туруктуулугун камсыз кылуу монетардык саясаттын маанилүү салымы болууга тийиш. 2015-жылдан тартып жылына инфляция көрсөткүчүнүн 5%-7% интервалына жетишүү жана кармап туруу зарыл. Мындай саясат финансылык секторду реформалоо жана инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча күч-аракеттер менен катар келечекте экономиканы монетизациялоону 50%га чейин көбөйтүүгө жана пайыздык ставкаларды азайтууга мүмкүндүк берет, натыйжада реалдуу сектор үчүн узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды жеткиликтүү кылат.

Өлкөдө баалардын деңгээлин аныктоочу факторлордун бири болуп сомдун алмашуу курсу саналат. Улуттук валютанын өзгөрүлмө алмашуу курсунун механизмин колдонууну улантуу зарыл, ал өлкөнүн ички рыногунда чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жана сунуштардын катышы менен аныкталат. Мында сомдун чет өлкөлүк валютага карата алмашуу курсунун кескин өзгөрүшү акча-кредиттик жөнгө салуу аспабы менен жумшартылат.

Эл аралык резервдердин көлөмүн импорттун кеминде төрт айлык деңгээлинде кармоо көөнөрбөс артыкчылык болууга тийиш.

Монетардык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүүгө анын оң таасиринин мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн өлкөнүн финансылык рынокторун тереңдетүү жана кеңейтүү, банк системасын оңдоо жана чыңдоо, акча-кредит саясатынын каражаттарын өркүндөтүү, экономиканы кредиттөөнү көбөйтүүнүн эсебинен экономиканы монетизациялоону жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт.

КРУБдун иш-аракетинин ачык-айкындыгын камсыз кылуунун маанилүү багыты акча-кредит саясатынын максатын, мазмунун жана натыйжаларын түшүндүрүү болот, мында анын натыйжалуулугунун критерийлеринин бири айрым иш-чаралар жана жалпы эле акча-кредит саясаты калкта жана рыноктун катышуучуларында канчалык ишеним жарата ала тургандыгын эске алуу керек. Экономикалык саясатты талдоо борборун түзүү аркылуу сапаттуу прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жарыялоолордун, мезгилдүү басылмалардын чөйрөсүн кеңейтүү боюнча КРУБдун функцияларын күчөтүү керек.

7.2. Фискалдык саясат жана мамлекеттик карызды башкаруу

Соңку жылдарда фискалдык кырдаалдан улам бюджеттин туруктуулугунда өтө терс жагдай түзүлүүдө. Фискалдык органдар көпчүлүк учурларда аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпайт. Салыктык милдеттенмелерди бизнестин аткарышы боюнча мурдагыдай эле татаал администрациялык жол-жоболор колдонулат. Коррупциялык схемаларга аралашкан фискалдык органдардын иш-аракети бизнестин мамлекетке болгон ишенимин жоготуп, жалпысынан финансылык туруктуулукту коркунучка кептейт.

Учурдагы абал. 2012-жылы бюджеттин тартыштыгы чоң өлчөмгө - 21,7 млрд. сомго же 462 млн. АКШ долларына (ИДПга карата 7,1%) жетет, ал эми мамлекеттик карыз 3,1 млрд. доллардан ашат. Ошону менен бирге эсебинен өлкө бюджетинин кирешесинин 25%дан ашыгын түзгөн мамлекеттин тышкы жардамдарга катуу көз карандылыгы, ошондой эле салык жүгүнүн өсүшү мамлекеттин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө тобокелдиктерди көбөйтөт.

Мындай кырдаалда мамлекетте пенсияларды, жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды көбөйтүү боюнча реалдуу мүмкүнчүлүктөр чектелүү, ошондой эле иш жүзүндө экономикалык долбоорлор менен программаларды каржылоого бош акча каражаттары дээрлик жок. Жолдорду, мектептерди, ооруканаларды, балдар бакчаларын, театрларды, университеттерди, музейлерди калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча иштер каржылоого өтө муктаж. Ошондуктан бүгүнкү күндө коомдун муктаждыктарына багытталган мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоо маселе мурдагыдан да өтө курч турат.

Мамлекеттик карызды тейлөө маселеси өтө маанилүү, бир жагынан мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мамлекеттик милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу керек, экинчи жагынан социалдык чөйрөнү колдоо жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттин турмуштук маанилүү чыгымдарын карыздык төлөмдөр менен кысууга жол бербөө зарыл. Бирок, карыз көйгөйүн жөнгө салууга мүмкүндүк берүүчү негизги булак мамлекеттик бюджеттин өсүп бараткан кирешелери болууга тийиш. Мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу алардын натыйжалуулугун бир учурда жогорулатуу, каражаттарды мамлекетти жеке сектор тарабынан алмашылбай турган жерлердеги кызмат көрсөтүүлөргө гана, өзгөчө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, даректүү социалдык жактан коргоо кызматтарын көрсөтүүлөргө гана топтоштуруу менен жүрүүгө тийиш. Фискалдык саясатта да ырааттуулукту андан ары жогорулатуу боюнча, анын монетардык жана мамлекеттик саясаттын башка түрлөрү менен макулдашылгандыгы, программалык бюджеттөөгө өтүү, бюджеттик тартипти чыңдоо, бюджет процессинин толук ачыктыгын жана мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

Чыныгы фискалдык децентралдаштырууну камсыз кылуу багытында кадамдар жасалат. Бул максатта жергиликтүү бийлик органдарынын өздүк финансы ресурстары аларга бир катар салыктарды жергиликтүү салыктарды жүргүзүүнү толугу менен өткөрүп берүү жана башка бир катар салыктар боюнча түшкөн каражаттарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн эсебинен кеңейтилет. Бул салык системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана салыктык башкарууну олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге жиберилүүчү гранттардын көлөмү мында кыйла азаят. Муну менен бирге эле жергиликтүү бийлик органдарына алардын жеке карамагына өткөрүлүп берилүүчү чыгымдардын статьяларын каржылоого толук жоопкерчилик жүктөлөт.

Макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары экономиканын абалын эске алуу менен жыл сайын такталат жана конкреттештирилет жана КР Өкмөтү менен Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүлөрүндө чагылдырылат, макроэкономикалык саясатты координациялоо маселеси КР Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш тарабынан каралат.

7.3. Тышкы экономикалык саясат

 

Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы экспортко караганда импорттун дайыма ашыкча болушу менен мүнөздөлөт, ал 1998-жылы эң жогорку чекке жеткен жана ИДПнын 21%ын (алтынды эсепке албаганда 32%) түзгөн. Тышкы соода тартыштыгынын мындай чоңдугу макроэкономикалык олуттуу кесепеттерге алып келди, анткени мамлекет тартыштыкты жабуунун тышкы карыздын көбөйүшүнө алып келбей тургандай булактарын таба алган жок.

2011-жылы экономиканын ачыктыгынын көрсөткүчү (ИДПга карата тышкы товар жүгүртүүнүн катышы) ИДПга карата 105%га жетти. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштардан өтө көз карандылыгы биринчи кезекте ички рыноктун анча чоң эместиги, ошондой эле чийки заттардын жана инвестициялык товарлардын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт. Ошол эле убакта ачыктыктын жогорку деңгээли КР экономикасын дүйнөлүк рыноктордогу баа конъюнктурасынын өзгөрүүлөрүнөн өтө көз каранды кылат. Азыркы учурда кырдаал Бажы союзуна катышкан-өлкөлөр жагынан чек араларды бекемдеши менен да татаалдашууда, бул айыл чарба продукцияларынын экспортунун олуттуу азайышына, тигүү жана кайра иштетүүчү ишканаларда өндүрүштүн кыскарышына алып келет. Ошондой эле ири дүң базарларда сооданын көлөмү азаят.

Соңку жылдарда Кыргызстандын экспортун өнүктүрүүдө жагымсыз тенденция байкалууда. Экспорттук позициялардын начарлашы жөнүндө КМШ өлкөлөрүнүн салттуу рынокторуна берүүлөрдүн кыскарышы, экспорттун чийки зат багытында экспорттун көбөйүшү, анын өлкөлөрдүн чектелген санына, ошондой эле продукциялардын бар болгону бир канча гана түрү болгондугуна көз карандылыгынын күчөшү ырастап турат. Кыргызстандын экспортунун негизин 2011-жылы республикадан алып чыгуунун 52%ын камтыган тогуз товардык топтору түзөт (жашылча-жемиш, тамеки, пахта, текстиль, органикалык эмес химиялык заттар, электр энергиясы, цемент, шифер, чыңалуудагы электр лампалары), ал эми алтын менен бирге алардын салыштырма салмагы жалпы экспорттук операциялардын 96%на жетет.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Бажы союзунун өлкөлөрү (Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы) менен өз ара тышкы соодага интеграцияланышынын жогорку даражасы бар, ал биздин өлкөнүн тышкы товар алмашуусунда 45%га жакынды ээлейт. Муну менен бирге Россия Федерациясынын салыштырма салмагы - 27%ды түзөт.

Ошону менен бирге республиканын эмгек мигранттарынын кыйла көп саны (ар кандай баа берүүлөр боюнча 500 миңден 800 миң адамга чейин) өздөрүнүн эмгектик ишин Бажы союзунун өлкөлөрүндө (Россияда, Казакстанда) жүргүзөт. Бажы союзуна (БС) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) катышуудан Кыргыз Республикасында жаңы келечектер ачылып жаткандыгын, эң оболу, ага катышкан-өлкөлөр үчүн товарлардын алымсыз жүрүшүнүн, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүн аңдап-түшүнүү менен 2011-жылы Кыргызстандын БСга кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр процессине демилге кылынган.

Интеграция жана тышкы экономикалык ишти кеңейтүү үчүн приоритеттерди эске алуу менен Кыргызстандын БСга жана БЭМге кирүү жана орун алуу боюнча ырааттуу жол-жоболорду жүргүзүү зарыл. Муну менен бирге 2013-жылдын биринчи жарымында республиканын улуттук таламдарын сактоо менен сезимтал жана преференциялык товардык позициялар жана экономиканын секторлору боюнча сүйлөшүү позицияларын макулдашуу керек.

Экспорттук позицияларды толук өлчөмдө күчөтүү үчүн республиканын ДСУга мүчөлүгү жана Бажы союзуна кошулууга байланышкан потенциал ишке катыштырылган. Экспорттун өсүшүнө транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, экспортко багытталган ата-мекендик ишканаларды маркетингдик жана маалыматтык колдоо, уруксат берүү документтерин тариздөөдө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү көмөктөшүүгө тийиш. Ошондуктан өлкө үчүн тышкы рынокто ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган экспортту өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү стратегиясын иштеп чыгуу зор мааниге ээ болот.

8-глава

Бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу

 

Өлкөдө инвестициялык жагымдуулук өтө жетишсиз деңгээлде, көптөгөн эл аралык индекстер боюнча анын төмөндөшү белгиленген. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун (ДЭФ) маалыматы боюнча 2012-жылы Кыргызстан дүйнөлүк соодага тартылуу рейтингинде 110-111-орунду ээлеген. 2011/2012-жылы Экономиканын атаандашууга жөндөмдүүлүгүнүн композиттик Индексине ылайык Кыргызстан дүйнөнүн 187 өлкөсүнүн ичинен 126-орунда турат. "Бизнес жүргүзүү 2012" рейтинги боюнча Кыргызстан 70-орунду ээлейт, бул бизнес жүргүзүү боюнча өлкөнүн позициясынын начардыгын ырастап турат.

Колдонуудагы бюджеттик-салык системасы инвестициялык максаттарга, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жана аларга түрткү берүүгө каражаттарды топтоого жетиштүү негиз түзбөйт. Мыйзамдарга бир катар түзөтүүлөр киргизилгендигине, ошондой эле институттук реформаларга карабастан Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси өзүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулата албагандыгы факт бойдон калууда.

Бардык жерлерде компаниялардын иштерине мамлекеттик чиновниктердин мыйзамсыз кийлигишүүлөр жүрүп жатат, бул түздөн-түз коррупцияга байланыштуу. Чарбачыл субъекттердин жана инвесторлордун арасында мамлекеттик бийлик органдарына карата ишеним дээрлик жок.

Жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары инвесторлорду тартмак турсун, аларга тоскоолдук кылып, ал тургай кээде ачык эле акча өндүрүү менен алектенишет.

Ошондуктан, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу, менчик укуктарын коргоо жана кепилдик берүү, тике инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү, жеке активдерди натыйжалуу башкаруу экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар болуп саналат.

8.1. Бейформал экономиканы кыскартуу

 

Адистердин ар кандай баасына караганда коррупциянын жогорку деңгээли, салык жүгүнүн оордугу бизнести көмүскө жакка кетүүгө түртүп, муну менен салык алынуучу базаны төмөндөтүп, өлкөнүн бюджет чөйрөсүнүн дестабилдешүүсүнө шыкак болуп жана көлөмү ИДПнын 18%дан 60%ына чейинкини түзгөн бейформал экономиканын өсүшүнө алып келүүдө. Ушунун бардыгы атаандашуу үчүн тең эмес шартты түзүү менен бизнести өнүктүрүү үчүн өтө олуттуу бөгөткө айланууда.

Бейформал экономиканы изилдөөнүн натыйжалары калктын жана ишкердик субъекттеринин кыйла бөлүгү көмүскө экономикага тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтарды ырастап турат, ошондуктан бейформал экономиканын көлөмүн расмий экономикага трансформациялоо актуалдуу болуп саналат. Бул процессте чечүүчү роль мыйзам ченемдерди, эрежелерди жана чектөөлөрдү калыптандыруучу негизги субъект катары мамлекетке таандык.

Бейформал экономиканын өсүшүн чектеген жана бөгөт койгон, анын масштабынын кыскарышына жана легалдуу экономиканы чыңдоого көмөк көрсөткөн жолдорду жана ыкмаларды иштеп чыгуу зор мааниге ээ болот. Бейформал экономиканын деңгээлин кыскартуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарыл.

8.2. Салык жана бажы саясаты

Учурдагы абал. 2009-жылдан тартып республикада Салык кодексинин жаңы редакциясы колдонулуп жатат. Олуттуу өзгөрүүлөр төмөнкүлөрдө турат: (1) негизги салыктардын ставкаларын төмөндөтүү; (2) салыктардын жана жыйымдардын жалпы санын 16дан 8ге чейин азайтуу; (3) рыноктук эмес каскаддык салыктарды жоюу; (4) ак ниет салык төлөөчүгө карата салыктык тескөөнү либералдаштыруу; (5) өнөктөштүк механизмдерин киргизүү. Ошол эле учурда экономикалык өнүгүү үчүн салык системасы ыңгайлуу болуп саналбайт. Салыктык жүк ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн өтө оорчулук келтирүү менен тармактар жана региондор боюнча бирдей бөлүштүрүлбөйт. Экинчи жагынан мыйзамдык жеңилдиктердин аркасында же бейформал экономикада салыктардан жашырынган башка экономикалык агенттер салыктарды дээрлик төлөшпөйт.

Өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн приоритеттүү мааниге ээ болгон инвестициялар жана экспорт үчүн салыктык дем берүүлөр дээрлик жок.

Мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн деңгээли 2012-жылы өстү жана ИДПга карата 21,7%ды түздү. Буга карабастан өлкөдө салыктарды чогултуунун жалпы деңгээли жетишсиз бойдон калууда, бул башкаруунун начарлыгына байланыштуу.

Салык жана бажы системасынын натыйжалуулугу салыктарды жана башка мамлекеттик кирешелерди чогултуу менен иш жүргүзгөн ведомстволордун ортосунда тийиштүү координациялоонун жана электрондук маалымат алмашуунун жоктугунан кыйла деңгээлде төмөндөөдө, бул ведомстволордун администрациялык системасы өтө чоң жана ачык эместигинин, аларда орун алган коррупциянын кесепети.

Бизнес тарабынан салыктык милдеттенмелерди аткаруу боюнча мурдагыдай эле татаал администрациялык жол-жоболор колдонулат. Коррупциялык схемаларга аралашкан фискалдык органдардын иштери бизнестин мамлекетке болгон ишенимин кетирип, жалпы эле финансы системасынын туруктуулугуна коркунуч келтирет.

Салык саясатынын негизги максаты иштелип чыгып жаткан 2013-2017-жылдарга фискалдык саясаттын орточо мөөнөттүк Концепциясынын чегинде салык салууну жөнөкөйлөтүү бөлүгүндө бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу аркылуу экономиканын өсүшүнө түрткү берүү болууга тийиш.

Бул максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй бир катар милдеттерди чечүү керек: (1) салыктык жүктү теңдештирүү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу; (2) салыктардын толук чогулушун камсыз кылуу; (3) салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо; (4) салыктык отчеттуулук системасын өркүндөтүү.

Салыктык жүктү теңдештирүү жана салыктардын толук чогулушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү керек: (i) салыктык жана бажылык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу; (ii) ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде жүргүзүлүүчү иштердин түрлөрүнүн тизмесин, анын ичинде патенттердин баасын этап боюнча жогорулатуу жолу менен кайра кароо, ошондой эле патенттердин түрлөрүн оптималдаштыруу; (iii) оптималдаштыруу жана КНС жана сатуудан алынуучу салыктын кайталанышын жоюу; (iv) жол инфраструктурасын каржылоо үчүн кыймылдуу мүлккө салык салууну КММ акциздик салыкка трансформациялоо.

Салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан четтеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калат. Өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн чыныгы стимулдарды караган "салыктарды төлөө пайдалуу жана ыңгайлуу" боло тургандай атайын система иштелип чыгат. Фискалдык органдардын иштери "салыктарды өндүрүү эмес, аны төлөөгө жардамдашуу керек" деген принципке негизделүүгө тийиш.

Салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо үчүн 2013-жылдын ичинде төмөнкүлөрдү аяктоо керек: (i) бажы кызматынын бажы декларацияларын электрондук берүү системасын камтыган автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү; (ii) салык отчетун электрондук түрдө берүү үчүн салык кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү, салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык милдеттенмелерди аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү үчүн салыктык башкарууда заманбап технологияларды колдонуу.

Салык жана бажы кызматтарына коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана коррупциянын деңгээлин азайтуу үчүн төмөнкүлөр пландаштырылат: (i) салык декларацияларын иштеп чыгуу борборлорун түзүү; (ii) бажылык өткөрүү пункттарын видео көзөмөлдөө системалары менен жабдуу; (iii) кызмат өтөөдө коррупциялык иштердин алдын алуу боюнча программаларды салык жана бажы кызматтарында ишке киргизүү; (iv) салык жана бажы органдарында коррупциянын деңгээли тууралуу ТЭИнин субъекттердин жана салык төлөөчүлөрдүн арасында дайыма анкета толтурууну киргизүү.

Тышкы соодада "бирдиктүү терезе системасы" киргизилет. Отчеттордун санын кыскартуу жана аларды берүүнүн мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү максатында салыктык отчеттуулук системасы өркүндөтүлөт, бул салыктык жол-жоболорго бизнес тарабынан сарпталуучу убакытты жана ресурстарды кыскартат.

8.3. Инвестициялык саясат

 

Башкы максаттуу милдетти чечүүдө негизги учур экономикалык өсүш темптерин калыбына келтирүү, анын ичинде орто мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүшү үчүн базалык шарттарды түзүү, өлкөнүн экономикасын керектөө форматынан инвестициялык форматка өткөрүү болуп саналат.

Учурдагы абал. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө өндүргөнгө караганда 3%га көп керектейт. Мындай айырма импорттун жана тышкы займдардын эсебинен жабылат.

Жетиштүү көлөмдөгү финансылык ресурстардын жана инвестицияларды тартуунун жана аны кийин пайдалануу менен иш жүргүзгөн интенсивдүү экономикалык өнүгүүнүн туруктуу институттарынын жоктугу башка маселе болуп саналат.

Мамлекет жагымдуу инвестициялык климатты түзүүдө, ресурстарды тартууда жигердүү роль ойноого тийиш. Азыркы учурда өнүгүү үчүн кыйла ресурстарды тартуу үчүн мамлекеттин бизнеске караганда мүмкүнчүлүктөрү чоң экендиги талашсыз. Мында бул ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана өзгөчө Өкмөттүн кепилдиги менен алынган кредиттерди кайтарып берүү маселеси келип чыгат.

Чет өлкөлүк тике инвестициялар өзгөчө маанилүү (ЧТИ), анткени алар башкаруу технологиясын жана тажрыйбасын алып келип, чет өлкөлөрдө жаңы рынокторду ачат. Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан ЧТИнин көлөмү көптөгөн жылдар бою чектелүү, ал эми өлкөнүн экономикасы жагымдуу болбой жатат. ЧТИ көлөмүнүн чектелүү экендигинин негизги себеби экономикалык өнүгүү деңгээлинин начардыгы жана өлкөнүн өндүрүштүк секторунун атаандашууга жөндөмдүүлүгүнүн өтө төмөндүгү болуп саналат. Ошондуктан инвестицияларды тартуу менчик укугун реалдуу коргоочу ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөчү мыйзамдардын болушун, мамлекеттик кийлигишүүлөрдү кыскартууну жана коррупцияны жоюу, финансылык системанын туруктуулугун, чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн бирдей эрежелерди, инвесторлорго артыкчылыктарды берүүлөрдү талап кылат.

Мамлекеттик инвестициялар программасы (МИП) көп жагынан тышкы карыз алуулардын эсебинен каржыланат, бул мамлекеттик тышкы карыздардын жана өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин жүгүн оорлотот. МИП боюнча ишке ашырылуучу долбоорлорду тандоо жана контролдоо талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөйт.

Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулук шарттарын жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган улуттук масштабдагы долбоорлорду максаттуу инвестициялоо негизги максат болуп саналат.

Жогоруда белгиленген маселелерди чечүү үчүн төмөнкүдөй саясат чаралары ишке ашырылат. (i) өлкөнүн экономикалык дараметин жогорулатуу үчүн интенсивдүү экономикалык өнүгүүнүн туруктуу борборлорун түзүү. Өнүктүрүү Банкы жана адистештирилген инвестициялык фонддорду түзүү жана алардын натыйжалуу иштетүү жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик ресурстар бизнес үчүн жагымсыз, бирок социалдык мааниси чоң экономика секторуна: улуттук долбоорлорго, ипотекага, анын ичинде социалдык турак-жайга, лизинг операцияларына жумшалууга тийиш; инвестицияларды тартуу боюнча институт түзүү, анын функцияларына экономика секторлорунун жана жеке сектордун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кылдат иштеп чыгуу, приоритеттүү долбоорлорду тандоо жана ишкерлерге зарыл маалыматтарды берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү; (iii) өз аманаттарын ата-мекендик чакан жана орто бизнеске жумшоону чечкен Кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн жөнгө салуучу, салыктык, администрациялык жана башка жеңилдиктерди түзүү; (iv) мамлекеттик инвестициялар программасын (МИП) кыскартуу жана өлкөнүн стратегиялык жактан маанилүү инфраструктураларын колдоолорго жана өркүндөтүүгө гана кайра багыттоо.

МИП долбоорлорун (кредиттик, ошондой эле гранттык негизде) ишке ашырууга жана долбоорлорду тандоого контролду кыйла күчөтүү, мамлекет тарабынан чогуу каржылоо механизмдерин оптималдаштыруу керек. Ушуга байланыштуу тышкы займдарды тартуунун жана пайдалануунун ачык-айкын механизмдерин белгилөө, экономикага таасир тийгизишинин натыйжалуулугуна баа берүү жана тартылган каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын камсыз кылуу милдети турат.

МИП долбоорлорун ишке ашырууга ата-мекендик курулуш жана башка компаниялардын катышуусун (i) кеңейтүүнү, бул долбоорлордун алкагында инвестиция түзүү үлүшүн жогорулатуу, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, импортунун үлүшүн кыскартууну камсыз кылган чаралар иштелип чыгат, (ii) эл аралык рейтингдерде бизнеске жана экономикага байланыштуу позицияларды сактоо жана жакшыртуу үчүн туруктуу мониторинг жүргүзүү жана мониторингдин жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөрдү четтетүү боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу; (iii) МИПти натыйжалуу жөнгө салуу үчүн тийиштүү ЧУА иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

8.4. Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү

 

Ар бир жигердүү кыргызстандык өзүнүн бизнесин ачууну кааласа мамлекеттин колдоосун сезүүгө тийиш. Ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик органдардын иштеринин приоритеттүү багыты болууга тийиш. Ар кандай рыноктук экономиканын негизин жеке сектор түзөт, мында чакан жана орто ишканалар маанилүү роль ойнойт. Алар баштапкы ири инвестицияларды талап кылбайт, ресурстарды тездик менен жүгүртүүгө болот, керектөө товарлар рыногун түзүү жана керектөө товарлары менен толтуруу маселелерин тез жана үнөмдүү чечүүгө жөндөмдүү.

Учурдагы абал. Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү али да тийиштүү деңгээлден алыс. Чакан жана орто ишкердиктин (ЧОИ) салымы ИДПнын 40%ынан бир аз жогору.

Республикада чакан жана орто ишканалар негизинен соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешет, өндүрүш чөйрөсүндө иштегендер өтө эле аз. Чакан жана орто ишкердиктин мындай өнүгүү жолу экономиканы көтөрүү фактору боло албайт, ал жаратылыштык, эмгектик, интеллектуалдык жана өлкөнүн башка ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга алып келет.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн кыйла көйгөйлүү маселеси анын атаандашууга жөндөмдүүлүгү тууралуу маселе болуп саналат, анткени өлкөдө зарыл өндүрүштүк, адамдык жана илимий потенциалга ээ айрым фирмаларды кошпогондо ири ишканалар такыр жок.

Соңку үч жылда чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө багытталган чет өлкөлүк тике инвестициялардын көлөмү төмөндөп кетти. 2011-жылы чет өлкөлүк тике инвестициялардын көлөмү 15%га кыскарган.

Өткөн жылдарда ишкердик чөйрөсүндө бир топ ырааттуу реформалар жүргүзүлдү. Мамлекеттин жана бизнестин укуктары менен милдеттерин мыйзам тарабынан бекемдөөчү жана чектөөчү бир кыйла ченемдик укуктук база бар. Бирок мыйзамдардын аткарылышында бир катар кемчиликтер бар, алардын арасына бир кыйла сандагы бири-бирин кайталоочу, карама-каршы ченемдик актылар, юридикалык коллизиялар, кабыл алынган чакан мыйзамдардын ишкердик чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдар менен дал келбеши бар.

Ата-мекендик жана чет өлкөлүк бизнес үчүн эң чоң тобокелдик - бул ишкердик иш-аракетти укуктук жактан коргоону жана алардын эркиндигин, менчиктин мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу боюнча мамлекет тараптан толук өлчөмдө кепилдиктердин жоктугу. Рейдердик басып алуулар жана коррупциялашкан чиновниктердин пайдасында жана ак ниетсиз ишкерлердин кызыкчылыгында жеке менчикти бөлүп алуулар орун алган. Мында инвесторлордун узак мөөнөттүү милдеттемелерди алышына жана финансылык ресурстарды кыйла деңгээлде киргизишине негиздер жок.

Жүргүзүлүп жаткан реформаларга карабастан чакан жана орто ишканалар үчүн ушул убакка чейин алардын ички жана тышкы рынокторго киришин чектөөчү, ошондой эле бизнес жүргүзүүдө көйгөйлөрдү жаратуучу көп сандаган тоскоолдуктар (лицензиялоо жол-жоболорунун түшүнүксүздүгү жана бүдөмүктүгү) бар. Бүгүнкү күндө 240тан ашуун лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин түрлөрү бар, аларды бизнес-коомчулуктун пикири боюнча кыскартуу керек.

Контролдоочу органдар тарабынан ЧОИлерди негизсиз текшерүү практикасы сакталып калган. Контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу натыйжасыз болуп саналат, чыгымдуу, көп учурларда бири-бирин кайталоочу, бир кыйла коррупциялык тобокелдиктерди түзүү менен формалдуу мүнөзгө ээ.

Мындан тышкары, чакан жана орто бизнес бутуна туруу үчүн көп учурларда өздөрүнүн чыныгы кирешелерин жашырышат, бул аларга криминалдык жана коррупциялык кырдаалга көнүгүшүнө алып келет.

Негизги максат ЧОИлердин иштеринин атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылууёалардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу болуп саналат.

Максатка жетишүү төмөнкүдөй комплекстүү милдеттерди чечүүгө жараша болот: (1) жеке менчиктин коопсуздугу боюнча мыйзамдарды күчөтүү; (2) ишкердик иш-аракетин жөнгө салууга мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу; (3) ишкердик иш-аракетти финансылык-кредиттик колдоону жана камсыздандырууну камсыз кылуу; (4) "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтинги боюнча алдыңкы отуз өлкөнүн катарына кирүү.

Жеке менчиктин коопсуздугу боюнча мыйзамдарды күчөтүү үчүн төмөнкүлөрдү кароо керек: (i) рейдерликке жана кайра бөлүштүрүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын пакетин кабыл алуу; (ii) улуттук масштабдагы приоритеттүү долбоорлорго катышуучу чет өлкөлүк ири инвесторлор үчүн мамлекеттик камсыздандыруу жана мамлекеттик кепилдиктерди берүү; (iii) жеке менчикти жана инвестицияларды коргоо чөйрөсүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн мамлекеттик кызматты ээлеген адамдарга кылмыш жоопкерчилигин катуулатуу.

Экономиканын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү жана бизнес-коомчулуктун пикирлерин эске алуучу туруктуу мыйзамдарды түзүү үчүн ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузуучу ченемдик актыларды жоюу же кабыл алууну четтетүү үчүн төмөнкүлөр аркылуу шарттар түзүлөт: (i) башкаруу чечимдерин иштеп чыгууда жана кабыл алууда жөнгө салуу таасирине баа берүү системасын реформалоо; (ii) ишкердик чөйрөсүндө мыйзамдарга ревизия жүргүзүү жана бизнес-коомчулук менен дайыма жолугушууларды өткөрүү аркылуу негизсиз жана рыноктук экономикага багытталбаган ченемдик укуктук актыларды четтетүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу.

Ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга мамлекеттин кийлигишүү деңгээлин азайтуу үчүн чаралар көрүлөт, алар ченемдик укуктук жана жол-жобо жагынан бекемделет.

Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдук-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө, техникалык жөнгө салуу системасында мамлекеттик жөнгө салууну реформалоо төмөнкүлөр аркылуу улантылат: (i) колдонуудагы лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн санын кыскартуу; (ii) ашыкча контролдук-көзөмөлдөө функцияларын кыскартуу; (iii) тобокелдик критерийлеринин системасына негизделген текшерүүлөрдүн жаңыланган механизмин түзүү.

Бюрократиялык лицензиялык-уруксат берүү жол-жоболорун кыскартууга, чарбакер субъекттерди каттоонун билдирүүчү мүнөзүн камсыз кылуу, чарбакер субъекттерди текшерүүлөрдүн санын болушунча кыскартууга, аткаруу бийлик органдарынын иштеринин ачык-айкындыгына, отчеттуулугуна дем берүү жана алардын иштерин контролдоону жана ишкердикти жөнгө салууга катышуучу мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин катуулатуу аркылуу чечкиндүү чаралар көрүлөт.

Финансылык-кредиттик колдоо механизмдерин өнүктүрүү бөлүгүндөгү саясат (i) салык салуу тартибин жөнөкөйлөтүүнү жана жеке секторду колдоого кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну; (ii) чакан кредит берүү көлөмдөрүн өстүрүүнү; (iii) орто мөөнөттүү мезгилге өндүрүш чөйрөсүндө түзүлүүчү чакан жана орто чарбакер субъекттерге артыкчылыктарды берүү жана колдоо көрсөтүү; (iv) жогорку сапаттагы экологиялык жактан коопсуз товарларды чыгарууну колдоо жана кубаттоо.

8.5. Мамлекеттик активдерди башкаруу жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ)

 

Мамлекеттик менчикти башкаруунун колдо бар системасы натыйжасыз, ага төмөнкүдөй көйгөйлөр мүнөздүү: (i) өндүрүмдүүлүктүн төмөндүгү; (ii) мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин түпкү натыйжаларга кызыкпагандыгы; (iii) тар топтор тарабынан өз таламдарын, анын ичинде кадрларды көтөрмөлөө; (iv) тескөөчү уюмдардын (министрликтердин) кызыкчылыктарын тейлөө; (v) пайданын аз түшүшү же чыгашалуулук, профилсиз активдерге артыкбаш ээлик кылуу. Андан тышкары мамлекеттик менчикти башкарган персоналдын квалификациялык потенциалынын жетишсиздиги, ашкере бюрократизм жана коррупция таасирин тийгизүүдө.

Ушул убакка чейин коомдо мамлекет натыйжасыз менчик ээси жана жеке бизнес гана жогорку кайтарым менен иштейт деген пикир түзүлгөн. Ага карабастан дүйнөлүк тажрыйба ар кандай мамлекеттин бир катар экономика тармагы: темир жол жана башкалар сыяктуу мамлекеттик компаниялар тарабынан гана натыйжалуу тейлене тургандыгын көрсөттү. Стратегиялык мааниси бар мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик компаниялар зарыл, анткени жеке инвестор тез пайда табууну көздөйт жана аны калктын жашоо турмушун жана экономиканын тектеш тармактарын көтөрүүгө шарттарды түзүү кызыктырбайт.

Учурдагы абал. 2012-жылы мамлекеттик бюджетке мамлекеттик менчик менен жүргүзүлгөн операциялардан 2,7 млрд. сомдук ар кандай киреше түшкөн. Көрсөткүчтүн олуттуу өсүшүнө карабастан болжолдонгон активдердин суммасына салыштырмалуу ал жетишсиз жана ачык эле төмөндөтүлүп берилген. Имараттарды ижарага берүүдөн бар болгону 19,6 миллион сом түшкөн, бул жалпы түшкөн каражаттардын эң аз үлүшүн, болгону 0,7%ды түзөт.

Мындан тышкары, өлкө калкынын көпчүлүгү иштеген экономика тармактарынын кыйла бөлүгүнүн жеке инвесторлор үчүн жагымдуулугу төмөн, жеке ишкерлер үчүн ишканалардын тобокелдик деңгээли жогору.

Мамлекеттик менчиктин башкаруунун максаты болуп мамлекеттик активдерди жана менчикти башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү саналат.

Милдеттер: (1) мамлекеттик менчикти башкаруунун сапатын жакшыртуу жана мамлекеттик менчиктен түшүүчү кирешелерди жогорулатуу; (2) бардык мамлекеттик активдерди толук масштабдуу түгөлдөө, (3) мамлекеттик компаниялардын иш-аракеттеринин экономикалык ченемдерин киргизүү; (4) мамлекеттик ишканаларды башкаруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерин киргизүү.

Биринчи милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик компанияларды контролдоонун кошумча механизми иштелип чыгат, анткени чыгымдардын жана бааларды түзүүнүн багыты боюнча гана монополияга каршы орган тарабынан жүргүзүлүүчү контролдоо операциялык иштерден пайда алуу зарылдыгын эсепке албайт. Анын үстүнө мамлекеттик компаниялардын иштери операциялык иштерге башка субъекттердин: тескөөчү министрликтер, контролдоочу органдар тарабынан кийлигишүүлөрсүз комплекстүү контролго алынат.

Мамлекеттик активдерди кеңири масштабда түгөлдөө жүргүзүлөт жана мамлекеттик менчиктин реестри киргизилет. Ошондой эле мамлекеттик активдер боюнча классификатор иштелип чыгат.

Башкаруу активдеринин функцияларын борборлоштуруунун жана дивиденддерди бөлүштүрүүнүн негизинде мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуу стратегиясы иштелип чыгат. Мамлекеттик компаниялардын иш-аракеттеринин экономикалык ченемдерин белгилөө ачык-айкын механизм болуп саналат. Мамлекеттик компаниялардын иш-аракеттеринин экономикалык параметрлеринин коэффициенттерин иштеп чыгуу, бул коэффициенттердин ченемдик көрсөткүчтөрүн белгилөө жана мындай индикаторлор боюнча мамлекеттик компаниялардын иш-аракеттеринин абалынын натыйжалуулугуна мониторингди киргизүү зарыл.

Мамлекеттик менчикти башкаруунун схемасы жаңыланат: (i) мамлекеттик компаниялардын менеджменти ошол компанияны тескөөчү министрликтер жана ведомстволор тарабынан алдын-ала ачык тандоо аркылуу конкурстук негизде дайындалат, анткени алар бул тармактын өзгөчөлүү милдеттерин чечүү үчүн билимге жана кадрдык дараметке ээ; (ii) ревизиялык комиссиялар мамлекеттик менчикти башкаруу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындайт, анткени ревизиялык комиссиялар толук көз карандысыз жана аткаруу органдарынан өзүнчө болууга тийиш; бул чыгымдардын балансын түзүүгө жана чечимдерди кабыл алууда тең салмактуулукту камсыз кылат; (iii) экономикалык ченемдерди сактоону контролдоо мамлекеттик мүлктү башкаруу үчүн жооптуу органга жүктөлөт.

Мамлекеттик активдерди башкаруу саясаты жагында аныкталган приоритеттер кайра каралат. Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принциби өнүгөт. Мамлекеттик-жеке өнөктүк механизми өнүктүрүлөт.

Азыр мамлекеттик ишканаларды башкаруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктүктүн мыйзам менен бекитилген механизми али кеңири таркай элек. МЖӨнү колдонуу зарылчылыгы айрым мамлекеттик ишканалардын инфраструктурасынын оор абалынан жана аны финансылоонун өнөкөт болгон тартыштыгынан улам келип чыккан. Азыркы учурда Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктүктү киргизүү боюнча алгачкы гана кадамдарды жасап жатат жана бул механизмди киргизүүнүн келечеги кең болот.

МЖӨ механизмдерин киргизүүнүн башкы максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

- инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин жана жеке сектордун материалдык жана финансылык ресурстарын топтоо аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу;

- мамлекеттик бюджетке оорчулукту азайтуу жана бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү;

- МЖӨ жагындагы максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү керек;

- мамлекет менен жеке сектордун натыйжалуу өз ара аракеттениши үчүн шарттарды түзүү;

- жеке секторду тартуунун эсебинен финансылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу жолу менен мамлекеттик менчикте турган объекттерди натыйжалуу эксплуатациялоо;

- МЖӨнүн негизинде долбоорлорду даярдоо жана жүзөгө ашыруу процессин натыйжалуу башкарууну жана контролдоону камсыз кылуу;

- калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу долбоорлорду жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун аныктоого мамилени белгилөө.

8.6. Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү

 

Туруктуу экономикалык өсүштүн негизги ресурстарынын бири болуп өлкөнүн илим-изилдөө потенциалын трансформациялоону камсыз кылуу саналат, ал экономиканы технологиялык жактан жаңылоого жана анын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Учурдагы абал. Республиканын ишканаларынын инновацияларды киргизүүсү өтө төмөн бойдон калууда жана туруктуу экономикалык өсүштүн керектөөлөрүнө төп келбейт. Инновациялардын жоктугу көп жагынан төмөнкүдөй негизги ресурстардын жоктугу менен шартталган: (1) билим; (2) туруктуу финансылоо; (3) илимий персонал; (4) квалификациялуу жумушчу күчү. Кыргызстандын көз карандысыздыгын бүткүл мезгилинин ичинде инновацияларды иштеп чыгууну, анын ичинде институттук жана инфраструктуралык элементтер менен колдоо, башкаруу жана коммерциялаштыруу системасы түзүлгөн эмес.

Интеллектуалдык менчик жана инновация чийки зат ресурстарына жетишсиздигине туш болуп жаткан региондорду өнүктүрүүдө негизги ролду ойной ала тургандыгы айдан ачык. Өлкөбүз салттуу билимдерге бай, ал региондордо чакан жана орто бизнестин жаңы ишканаларын түзүү үчүн негиз боло алат, алар региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө алмак.

Анын максаты болуп улуттук экономиканын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн интеллектуалдык менчиктин жана инновациялык иштин натыйжалуу системасын түзүү саналат.

Милдеттер: (i) инновациялык ишти өнүктүрүү жана интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; (ii) алдыңкы технологиялар аркылуу экономиканы жаңылоого көмөк көрсөтүү; (iii) интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси жөнүндө коомчулуктун маалымдар болушун жогорулатуу; (iv) интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарды коргоонун натыйжалуу системасын түзүү.

Бул милдеттерди чечүү үчүн интеллектуалдык менчиктин жана инновациялык иш объекттерин укуктук жактан коргоо жана сактоо маселесин жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. ЧУА өзгөртүү интеллектуалдык менчик жагында укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө, анын ичинде өлкөнүн аймагына ташылып келген контрафакттык жана каракчылык продукцияларына каршы күрөшүүгө жана инновацияларды түзүүгө жана пайдаланууга дем берүүгө багытталат.

Ойлоп табуучулук жана инновациялык иштерди кубаттоо, ошондой эле жаштарды илимий-техникалык чыгармачылык чөйрөсүнө тартуу жана билим берүү программаларына интеллектуалдык менчик боюнча курстарды киргизүү жолу менен интеллектуалдык чыгармачылыкка дем берүү, колдоо жана активдештирүү долбоорлору жүзөгө ашырылат.

Бизнес жана инвесторлор үчүн тийиштүү кайтарымды жогорулатууга мүмкүндүк берген интеллектуалдык менчик объекттерин, натыйжалуу пайдаланууга багытталган программалар иштелип чыгат. Программалардын алкагында илим-изилдөө борборлорунан технологияларды рынокко өткөрүп берүүгө, ата-мекендик экономиканы жаңылоо жана керектөөчүлөргө жаңы продукциялар менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн чет өлкөлүк алдыңкы технологияларды импорттоо боюнча бир катар чараларды жүзөгө ашыруу каралган.

9-глава

Финансы секторун өнүктүрүү

9.1. Банк сектору

 

Банк системасы республиканын финансы секторунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат, анын абалынан көп учурда кедейликти төмөндөтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын элинин жашоо деңгээлин жогорулатуунун негизи катары акча-кредит саясатынын натыйжалуулугу жана экономикалык туруктуу өсүшү көз каранды болот.

Учурдагы абал. 2008-жылдан 2012-жылга чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын банк системасын өнүктүрүү тышкы, ошондой эле ички саясый мүнөздөгү окуялардын таасири менен коштолгон. Глобалдуу финансылык-экономикалык кризиске, өлкөдөгү саясый туруксуздукка карабастан, Кыргыз Республикасынын жалпы эле банк системасы бекемдиктин топтолгон запасынын негизинде дагы бир жолу тышкы, ошондой эле, ички күтүүсүздүктөргө белгилүү туруктуулукту көрсөтө алды.

2012-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 22 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 272 филиалы иштеген.

Депозиттердин жыл сайын өсүшү дүйнөлүк финансылык кризистин тийгизген таасирине жана Кыргыз Республикасында 2010-жылдагы белгилүү апрель жана июнь окуяларына карабастан, калктын банк системасына ишениминин сакталып калгандыгы жөнүндө ырастап турат. Банк системасы 2012-жылды таза киреше менен аяктады. Ага карабастан, коммерциялык банктардын активдеринин жана тартылган депозиттердин ички дүң продукттун көлөмүнө болгон катышы төмөн бойдон калууда.

Жогоруда аталган фактылар 2010-2011-жылдары республиканын банк системасында орун алган кризистик көрүнүштөрдү жоюу процессинин аягына чыгышын жана банк секторунун финансылык абалын андан ары чыңдоо жана бекемдөө үчүн өбөлгөлөрдү түзүүнү мүнөздөп турат.

Ошону менен бирге, бир катар көйгөйлөрдүн орун алгандыгын белгилеп кетүү керек, төмөнкүлөр алардын негизгилери болуп саналат:

- банк системасына, анын ичинде банктардын кызмат көрсөтүүсүнө муктаж болгондордун финансылык сабаттуулук деңгээлинин начарлыгына байланыштуу калктын жана ишкерлердин ишениминин төмөндүгү;

- коммерциялык банктарда башкаруунун, ички контролдун жана аудиттин жетишсиз салаты;

- кредиторлор катары коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин кызыкчылыктарынын жана укуктарынын жетишсиз корголушу;

- соттук териштирүүлөрдө келип чыгуучу кыйынчылыктардан улам, банктык көзөмөлдүн мыйзамдарда каралган санкцияларын натыйжалуу колдонуунун мүмкүн эместиги;

- коммерциялык банктарда келип чыгуучу көйгөйлөрдү мурдатан аныктоо жана ыкчам чечүү системасынын өнүкпөгөндүгү.

Максималдуу либералдаштыруу принцибине негизделген банк системасында белгиленген көйгөйлөрдү чечүү жана андан ары бекемдөө Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринен болууга тийиш.

Орто мөөнөттүү келечекте консолидацияланган көзөмөл системасын, банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдерди башкаруунун адекваттуу системасын, тобокелдиктерге баа берүү, талдоо, эртелеп жооп кайтаруу жана эскертүү системасын, коммерциялык банктарда башкаруу, анын ичинде корпорациялык башкаруунун ички системасын өркүндөтүүнү улантуу, ошондой эле тобокелдик - багыттоо көзөмөлүнүн айрым элементтерин колдонууга киргизүүнү улантуу зарыл.

Ушул иштердин алкагында күч-аракеттер жарандардын социалдык жактан корголуусун жогорулатууга гана эмес, ошондой эле өлкөнүн экономикасын узак мөөнөттүү финансылоону камсыз кылууга жөндөмдүү болгон институттук инвесторлордун мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого дагы багытталат.

Өлкөнүн калкынын жана ишкерлеринин банктык сапаттуу кызмат көрсөтүүсүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктардын ишин монополияга каршы жөнгө салуу системасын түзүү боюнча иш улантылат, өлкөнүн региондорунда банктардын филиалдарын жана сактык кассаларын каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу сакталат. Ошондой эле, өлкөнүн региондорунда банк системасынын филиалдык түйүнүн сактоо жана андан ары өнүктүрүү жана коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын чөйрөсүн кеңейтүү камсыз кылынат.

Республикада бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу кырдаалды түзүү финансы-кредиттик уюмдар үчүн тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, ага ылайык, кредиттөөнүн көлөмдөрүнүн көбөйүүсүнө шарт түзөт. Буга кредиторлор катары банктардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу жана карыз алуучулардын кредиттик каражаттарды максаттуу колдонуусу жана аларды өз учурунда кайтарып берүү үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу көмөк көрсөтөт.

Ал үчүн күрөө мамилелерин жөнгө салуучу мыйзам актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ак ниет эмес карыз алуучуларга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

Компетенттүүлүктү жана объективдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле соттордо кароонун чыгымдарын жана карыз алуучулар тарабынан алынган кредиттерди кайтаруу менен байланышкан соттук иштер боюнча чечимдердин аткарылышынын мөөнөттөрүн олуттуу кыскартуу маанилүү болуп саналат.

Орто жана узак мөөнөттүү негизде өлкөнүн ишканаларына кредиттерди берүү боюнча биргелешкен фонддордун жана чет өлкөлүк банктардын (мисалы, Кыргыз-казак инвестициялык фонду, Европа инвестициялык банкы сыяктуу) ишмердүүлүгүн кеңейтүү экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүнү жана жаңы жумушчу орундарды түзүүнү шарттайт.

Өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жана Кыргыз Республикасынын калкынын жана ишкерлеринин кредиттерде жана банктык сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдө муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүү болгон финансы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү системасын түзүү банк системасын өнүктүрүүнүн максаты болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын банк секторун орто мөөнөттүү мезгил аралыгында өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөнкү негизги максаттарды камтыйт:

- банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана бекемдөө;

- айылдык жана алыскы аймактарды кошуп алганда банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

- банк секторунун ырааттуу өсүшү үчүн шарттарды түзүү;

- экономикада банк секторунун ролун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасына кредит берүүнүн көлөмүн арттыруу;

- банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жана банк секторунун иштешинин натыйжалуулугун колдоо;

- банк секторунун субъекттеринин финансылык отчеттуулугун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ар бир иштеп жаткан банкынын кредиттик активдеринин сапаты жөнүндө маалыматты ачып берүү аркылуу алардын ачык-айкындуулук даражасын жогорулатуу;

- финансылык ортомчулук деңгээлинин андан ары өсүшү үчүн шарттарды түзүү;

- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү;

- кредиторлордун укуктарын бекемдөө жана банк кызматынын керектөөчүлөрүнүн маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу.

Төмөнкүлөр негизги милдеттер болуп саналат:

- аманатчылардын жана банктардын башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү;

- калктын жана уюмдардын/ишканалардын акча каражаттарын топтоштуруу, аларды кредиттерге жана инвестицияларга трансформациялоо боюнча банк сектору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштин натыйжалуулугун жогорулатуу;

- коммерциялык банктарды ак ниетсиз коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жана мыйзамга каршы (эң оболу, терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу сыяктуу) максаттар үчүн колдонууга жол бербөө;

- атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү жана коммерциялык банктардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу;

- инвесторлор, кредиторлор жана аманатчылар тарабынан республиканын банк секторуна болгон ишенимди бекемдөө;

- банк продукттарына калктын кеңири катмарынын жеткиликтүүлүгүн арттыруу;

- төлөм системасын өркүндөтүү;

- консервация режиминде турган көйгөйлүү коммерциялык банктардагы түзүлгөн жагдайды чечүү.

Ушул документте каралган максаттарга жетишкенден кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана банк сектору келечекте дүйнөлүк рейтинги жогору агенттиктерден көз карандысыз кредиттик рейтингди алуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, эл аралык финансы рынокторунда кыргыз банк секторунун натыйжалуу орун ээлешин приоритеттүү милдет деп эсептейт.

Жогоруда белгиленген максаттарга жетишүү жана алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн көрсөтүлгөн жаатта төмөнкүдөй чаралар ишке ашырылат:

- уюмдар/ишканалар жана калк үчүн, өзгөчө региондордо кредиттөөнүн жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасында финансылоону, анын ичинде ислам принциптеринин негизинде финансылоону жана банк ишин өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Борбордук күрөө каттоо конторасында күрөөлүк кыймылдуу мүлктөрдү ыктыярдуу каттоону камсыз кылууга багытталган же чектүү сумманы көбөйтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- банк секторуна узак мөөнөттүү жана арзан финансылык ресурстарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын финансы секторун андан ары өнүктүрүүгө жана атаандаштык деңгээлин колдоого өбөлгө түзүүчү чет өлкөлүк ресурстарды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

- банк секторунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн, анын ичинде салык мыйзамын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү жолу менен шарттарды түзүү;

- лизингди жана ипотеканы өнүктүрүү үчүн, анын ичинде банк ишинин ушул багыттары боюнча салык салуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизүү үчүн сунуштарды берүү жолу менен шарттарды түзүү;

- банк системасына калктын ишенимин бекемдөө жана тартылган каражаттардын деңгээлин жогорулатуу (ички ресурстарды мобилизациялоо), буга төмөнкүлөр кирет:

- КРда депозиттерди коргоо системасын өркүндөтүү;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдөө функциясын жана коммерциялык банктарда башкаруунун ички системасын өркүндөтүү;

- Банктык көзөмөл боюнча Базель Комитетинин принциптерине ылайык Кыргыз Республикасында банктык көзөмөлдү андан ары шайкеш келтирүү, бириккен көзөмөл системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана тобокелдик-багыттоо көзөмөлүнүн элементтерин колдонууга киргизүү;

- банк ишин укуктук жактан камсыз кылууну өркүндөтүү;

- коммерциялык банктардын ишинде ачыктыкты камсыз кылуу;

- коммерциялык банктарда корпорациялык башкаруунун, тобокелдиктерди башкаруунун жана ички контролдун сапатына коюлган талаптарды жогорулатуу;

- финансылык ортомчулукка банктардын катышуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттер боюнча чараларды өркүндөтүү;

- банк чөйрөсүндө рынок тартибин чыңдоо жана бардык коммерциялык банктар үчүн атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылуу;

- бул иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу калк үчүн берилип жаткан кредиттик ресурстар боюнча пайыздык ставкаларды турукташтырууга жана төмөндөтүүгө шарт түзөт.

Кооптуу жана туура эмес банктык практиканы ишке ашырып жаткан банктан лицензияны чакыртып алуу менен Улуттук банк мыйзамда каралган таасир берүү чараларын колдонот. Директорлор Кеңешинин жана Башкарманын мүчөлөрү, ошондой эле банктардын башка кызмат адамдары мыйзамсыз жана/же күмөн туудурган жана шектүү операцияларды жана бүтүмдөрдү санкциялоо жана ишке ашыруу, банктын негизсиз чыгашалары үчүн жоопкерчилик тартышат. Банктардын кызмат адамдары белгиленген талаптарга жооп бербегенде Улуттук банк андай адамдарга Улуттук банк тарабынан лицензия берилүүчү ар кандай финансы-кредиттик мекемеде тийиштүү кызмат орундарына макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу жана кызмат адамдарынын алмаштырылуусу жөнүндө талаптарды, анын ичинде чараларды жана санкцияларды көрөт.

Банк кызматтарынын керектөөчүлөрүнө кредитти алуунун, колдонуунун жана кайтарып берүүнүн шарттары жөнүндө, эң оболу, кредит боюнча кошуп эсептелүүчү пайыздардын өлчөмү, аларды чегерүү тартиби жөнүндө ачык жана толук маалымат берүүнү банктардын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн көрүлүүчү чараларды жана санкцияларды күчөтүү сунуш кылынат.

Кредиттик тарыхтын субъектинин (юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар) укуктарын милдеттүү түрдө камсыз кылууда кредиттик тарыхтын базасын өнүктүрүүнүн алкагында, карыз алуучулардын банктардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун ак ниеттүүлүгү жөнүндө маалыматтарды банк тарабынан алуу кредиттик тобокелдиктерге баа берүүнүн жана аларды төмөндөтүү жолдорунун бири болуп саналат.

Кредиттик маалыматтарды алмашуу системасы финансы-кредит мекемелеринин ак ниет кредит берүү жана жоопкерчиликтүү финансылоо жүргүзүү үчүн кредиттик тобокелдиктерине баа берүүнүн жана азайтуунун маанилүү жолдорунун бири болуп саналат.

КР Улуттук банк тарабынан кредиттик маалыматтарды берүүнүн милдеттүүлүгү жөнүндө ченемдик жана жөнгө салуу талаптарын киргизүү жана белгилөө кредиттик тарых маалыматтар базасынын андан ары өсүшүнө көмөк көрсөтүп, ошондой эле андагы маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана өз убагында болушун камсыз кылат.

Акча-кредиттик саясаттын каражаттары менен экономиканын реалдуу сектору тарабынан банктардын кредиттерине суроо-талаптын өсүшүнө жардам көрсөтүү инфляцияны алгылыктуу деңгээлде кармап турууга багытталган чараларды ишке ашырууда жана финансы рыногунда пайыздык ставкаларды төмөндөтүүдө, макроэкономикалык параметрлердин жана сомдун курсунун өзгөрүлмө динамикасынын алдын-ала божомолдоону камсыз кылууда турат.

Банк ишин укуктук жактан камсыз кылуу чөйрөсүндө биринчи кезекте, өзүнчө алганда, банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин "Натыйжалуу банктык көзөмөлдүн негиз салуучу принциптери" документинде аныкталган эл аралык ченемдерге ылайык, коммерциялык банктардын иштөөсүнүн укуктук шарттары, анын ичинде төмөнкүдөй жол менен өркүндөтүлөт:

- кредиторлордун укуктарын, биринчи кезекте, алардын күрөө менен камсыз кылынган талаптарга болгон укуктарын, анын ичинде, күрөө буюмдарына соттон тышкары өндүрүп алуу институтун өркүндөтүү маселелерин бекемдөө;

- банктын директорлор кеңешинин жана башкармасынын банктын ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары жана алардын ишинин түпкү жыйынтыктары үчүн, ошондой эле Улуттук банктын кызматчыларынын функциялык милдеттерин аткаруусундагы жоопкерчилигин күчөтүү;

- банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиялары чакыртып алынган коммерциялык банктарды жоюунун укуктук механизмдерин өркүндөтүү;

- банк чөйрөсүндө атаандаштыктын укуктук механизмдерин чыңдоо жана коммерциялык иштин эркиндигин чектөө боюнча аракеттерди болтурбоо;

- коммерциялык банктарга ак ниетсиз адамдардын контролдугун орнотуусуна каршы аракеттенүүнүн укуктук механизмдерин өркүндөтүү;

- банктын акцияларынын пайда алуучуларын (бенефициардык менчик ээлери), банктардын кардарларын, кардарлардын операцияларын жана бүтүмдөрүн, банктардын операцияларын жана бүтүмдөрүн бир түргө келтирүү жана верификациялоо боюнча укуктук механизмдерди өркүндөтүү.

Финансылык ортомчулук системасында банктардын ролун бекемдөө чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү камсыз кылуу зарыл:

- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык абал жана чарбалык ишмердүүлүктүн көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты ачып берүүнүн негизинде чарбачыл субъекттердин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын;

- рефинансылоо жана банктардын ликвиддүүлүгүн башкаруу механизмдерин өркүндөтүүнү;

- коммерциялык банктардын атаандаштыкты арттыруу үчүн заманбап маалыматтык жана банктык технологияларды пайдалануусун.

Банктык жөнгө салуу жана көзөмөл чөйрөсүндө төмөнкүлөр маанилүү багыттар болуп саналат:

- коммерциялык банктар тарабынан кабыл алынган тобокелдиктерге жана тобокелдиктерди башкаруунун сапатына баа берүүнүн негизинде таасир тийгизүү жана көзөмөлдүк жөнгө салуу чараларын колдонуу;

- башкаруунун сапатына баа берүүнү жана ички контроль системасын камтыган эртелеп жооп кылуу жана коммерциялык банктардын ишине комплекстүү баа берүү системасынын иштөөсүн камсыз кылуу;

- банктык көзөмөл алкагында кабыл алынуучу чечимдердин ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.

Банк секторунун ачыктыгын камсыз кылуу саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында КР Улуттук банк секторунун ишмердүүлүгүнүн негизги параметрлерин мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдү КР Улуттук банктын расмий сайтында жарыялоону улантат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, учурдагы жана потенциалдуу кардарлар үчүн коммерциялык банктардын финансылык маалыматты ачып берүүсүн контролдоп турат. Коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнүн негизги параметрлерин мүнөздөөчү маалыматты андан ары ачып берүү үчүн күч-аракеттер жумшалат. Мындан тышкары, КР Улуттук банк кабыл алынып жаткан чечимдер жөнүндө КР Улуттук банктын расмий сайты аркылуу коомчулукка мындан ары маалымдап турууну пландап жатат.

Атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү жана рынок тартибин бекемдөө жагында:

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасын, анын ичинде кредиттик маалыматтарды алмашуунун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

- кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын, анын ичинде менчик ээлеринин (акционерлер, катышуучулар) структурасынын ачыктыгын камсыз кылуу.

Коммерциялык банктарда корпорациялык башкаруу чөйрөсүндө төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурулат:

- банктардын өз ишмердүүлүгүн, анын ичинде ага байланыштуу адамдар менен операцияларды ишке ашырууда келип чыгуучу тобокелдиктерди тескөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга;

- ички контроль системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга;

- корпорациялык башкаруу системасынын ачыктык деңгээлине жетишүүгө, ал кызыкдар адамдардын бардык категорияларын, анын ичинде акционерлерди (катышуучуларды) коммерциялык банктардын ишмердүүлүк маселелери боюнча мыйзамда каралган маалыматтарды, анын ичинде анын финансылык абалы, менчик ээлеринин структурасы жана башкарылышы жөнүндө маалыматтарды өз учурунда жана толук ачып берүүгө;

- коммерциялык банктын тобокелдик-менеджерлеринин, комплайнс-офицерлеринин жана байкоочу органынын ишин сертификациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга.

Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктурлаштыруу боюнча агенттикти бекемдөө максатында штаттын квалификациясын жогорулатуу, ишти пландаштырууну жакшыртуу, заманбап маалыматтык технологияларды колдонууга киргизүү, финансылык отчеттуулук системасын өркүндөтүү жана кредиттик иштерди иликтөө жана карыздарды өндүрүү ыкмаларын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт. Бул реформалар КР Өкмөтүнүн карызкорлор тарабынан финансылык активдерди кайтарып алууга ниеттери жөнүндө ынанымдуу белги бериши керек жана ошону менен банктарга тартылган финансылык ресурстарды акылга салып тескөөгө күчтүү дем берүү керек.

Банк системасын толук кандуу чыңдоо жана туруктуу өнүктүрүү, коммерциялык банктардын, анын ичинде майда банктардын аманатчыларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында банктык көзөмөлдүн санкцияларын натыйжалуу жана өз учурунда колдонуу үчүн укуктук база жана коммерциялык банктардын иши менен байланышкан сот иштерин карап чыгуу жол-жоболору өркүндөтүлөт. Мындай иштерди компетенттүү жана калыс кароону камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлөт.

Депозиттерди коргоо системасынын (ДКС) болушу банк секторуна ишенимди жогорулатуунун маанилүү каражаттарынын бири жана ресурстарды тартууга жана топтоштурууга өбөлгө түзүүчү фактор болуп саналат, ал банктын банкрот болгондо (кудуретсиздикте) аманатчыларга - жеке адамдарга акча каражаттарынын белгилүү бир суммасын кайтарып берүүгө кепилдик берет. Банктардын кудуретсиздигин жөнгө салуу процессинин баштапкы стадияларында Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин катышуусун камсыз кылган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө көңүл буруу зарыл. Бул банктарга көзөмөл жүргүзүүчү органга мамлекеттик саясатка жана көзөмөлдөөнүн максаттарына - башкача айтканда, финансылык туруктуулукту жана аманатчылар менен кредит берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу маселелерине көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

Салттуу банк иши менен бирге, Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү экономикалык укуктук мамилелерди өркүндөтүүгө жана финансылоонун атаандаштык системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү чара катары каралат жана Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун негизинде пилоттук долбоор катары ишке ашырылат.

Республиканын бардык региондорунда, атап айтканда, алыскы райондордо банктык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана төлөм системасын колдоо үчүн Почта банкын түзүү долбоорун жүзөгө ашыруу башталат.

Кредиттик союздарды өнүктүрүүнү колдоо программасы улантылат. Өлкөнүн бардык региондорунда натыйжалуу финансылык институттардын системасын түзүү анын натыйжасы болуп калат. Туруктуу кредиттик союздарга базалык банктык кызматтарды көрсөтүүгө лицензия берилет. Кредиттик союздар системасын мындай өнүктүрүү, "ЭАК банктын" жана "Айыл банктын" филиалдык түйүнүн сактоо жана өнүктүрүү, Почта банкын түзүү өлкөнүн региондорунда финансылык кызматтар рыногунда атаандаштыкты жогорулатууга жана алардын сапатын арттырууга, башкача айтканда, аларга айыл калкынын жана ишкерлердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзөт.

9.2. "Узак мөөнөттүү акча" табуу долбоору

 

Экономиканы модернизациялоо жана диверсификациялоо, региондо эл аралык сооданын көлөмдөрүн көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын экономикасында "Узак мөөнөттүү акча" болушунун маселесин чечүү зарыл.

Төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу зарыл, алар минималдуу кийлигишүүдө ага өбөлгө түзөт, атап айтканда:

- Кыргыз-казак инвестициялык фондун капиталдаштырууну жүргүзүү (296 миң АКШ доллары), бул болсо 30 млн. АКШ долларында биринчи траншты ишке ашыра баштоого мүмкүнчүлүк берет;

- Евразия өнүктүрүү банкынын ишин, атап айтканда, акыркы карыз алуучу үчүн кредит берүүнүн мөөнөтү 3-5 жылдан кем болбоого тийиш деген шарт менен коммерциялык банктар үчүн кредиттик линияларды берүүнү активдештирүү. Бул Кыргыз Республикасындагы бардык коммерциялык банктары үчүн рынок механизмдерин колдонуу менен узак мөөнөттүү каражаттарды (30 млн. АКШ доллары өлчөмүндө) пайдаланууга мүмкүндүк берет;

- Европалык инвестициялык банк (EIB) менен алардын КР аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүү жөнүндө макулдашуу түзүү (10 млн. АКШ доллары суммасында).

Жогоруда аталган чаралар жыл ичинде приоритеттүү долбоорлор үчүн "Узак мөөнөттүү акча" берүү маселесин чечүүгө мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле, ал республикада Финансылык борборду (ФБ) түзүү боюнча долбоорго киришүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал төмөнкү кадамдарды жүзөгө ашырууну талап кылат:

- аймагында көзөмөл боюнча Базель комитетинин көзөмөлдөө талаптары сакталган өлкөлөрдүн тизмесин мыйзамдуу аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же ЭЭАда айрым банктык операцияларды жүргүзүү үчүн көзөмөл боюнча Базель комитетинин талаптарын сактаган өлкөлөр менен чет өлкөлүк банктардын жана банктык топтордун критерийлерин мыйзамдуу аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же ЭЭАда айрым банктык операцияларды жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк банктарга жана банктык топторго бириккен көзөмөл жүргүзүүгө карата көзөмөл боюнча Базель комитетинин талаптарын сактаган алдынкы 10 өлкөнүн жөнгө салуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана макулдашууларга кол коюу жана капиталдын шайкештигинин коэффициенттерин макулдашуу;

- мүмкүн болгон кызыкдар ири финансылык оюнчуларды табуу жана алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү жумушчу топту түзүү;

- Кыргыз Республикасында Финансылык борборду (ФБ) колдонууга киргизүүнүн ишке ашырылышына жана андан кийин техникалык-экономикалык негизделишине талдоо жүргүзүүгө эл аралык финансылык консультанттарды тартуу менен изилдөө жүргүзүү;

- талдоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча коммерциялык банктарды, Банктар Ассоциациясын, мамлекеттик банктарды, министрликтерди жана ведомстволорду тартуу менен жумушчу топ түзүү, алар убакыттын бөлүнгөн мезгилдин ичинде ФБ түзүү үчүн зарыл болгон мыйзам долбоорлорунун топтомун даярдашат;

- колдонулуп жаткан мыйзамдарга андан ары талдоо жүргүзүү жана ФБ ачуу үчүн зарыл болгон мыйзам долбоорлорунун топтомун даярдоо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү мыйзам долбоорлорун киргизүү;

Зарылчылык болгондо, коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү жана эл аралык финансы институттары менен консультацияларды жана макулдашууларды жүргүзүү.

9.3. Микрофинансылоо

 

Банктык эмес сектор финансылык системанын курамдык бөлүгү болуп саналат жана экономиканын реалдуу секторун инвестициялоо үчүн ички финансылык ресурстарды тартууга көмөк көрсөтүүгө чакырылган. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, камсыздандыруу компаниялары, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жана баалуу кагаздардын рыногу экономиканы өнүктүрүүгө таасир тийгизүүчү негизги банктык эмес финансы институттары болуп саналат.

Колдонуудагы укуктук жана жөнгө салуу чөйрөсү Кыргызстанда микрофинансылоонун ыкчам өсүшү үчүн негиз болуп калды. Ошондой болсо да орун алган көйгөйлөрдү жоюу үчүн мамлекет калктын социалдык-аялуу катмарынын сапаттуу ар түрдүү финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуунун жана мамлекеттин колдоого алуу ролунун негизинде социалдык жооптуу институттардын рыноктук-багытталган өсүшүнүн негизинде финансы секторун өнүктүрүүгө таянган жаңы стратегиялык жолду колдонууга тийиш.

Рыноктук процесстерге мамлекеттин кийлигишпөө саясатын ырааттуу жүргүзүшү микрофинансы секторун ийгиликтүү өнүктүрүүнүн андан аркы өбөлгөсү болот жана ошол чөйрөдө жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылат. Мамлекеттин күч-аракети рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды белгилөөгө жана алардын ишинин ачыктыгын жетишүүгө багытталууга тийиш.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында тийиштүү саясый аракеттер жасалып жана эрежелер белгиленет. Калктын укуктук жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү программаларды иштелип чыгуу жана жүзөгө ашыруу экономикалык өнүктүрүүгө узак мөөнөттүү дурус таасир тийгизет.

Микрофинансылык сектор чет өлкөлүк тикелей инвестицияларды тартып жана ички ресурстарды мобилизациялайт. Негизги кадамдар финансы секторунда ички жана сырткы инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу үчүн жасалууга тийиш. Чет өлкөлүктөрдүн катышуучу менен финансы-кредиттик мекемелерди юстиция органдарында каттоо процесси (каттоо, кайра каттоо) мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлүүгө тийиш. Социалдык багыттагы инвесторлордун рынокко чыгышына жагымдуу шарттар камсыз кылынат.

Микрофинансылык институттар үчүн укуктук жана жөнгө салуу алкактарын андан ары жакшыртуу мындан да жагымдуу шарттарды түзүп жана рыноктук принциптерге негизделген микрофинансылык берүүчүлөрдү туруктуу өнүктүрүү үчүн ушул аспапты толук колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Микрофинансылоо үчүн адекваттуу жөнгө салуу стандарттары белгисиздикти азайтат жана секторду өнүктүрүүгө инвестициялоонун жагымдуулугун көбөйтөт. Муну менен бирге микрофинансылоону жөнгө салуу банк секторун жөнгө салуунун салттуу ыкмаларын колдонуу менен гана чектелип калбоого тийиш. Микрофинансылоо секторунда жөнгө салуу жана көзөмөл жекече мамиле кылууну талап кылат, анткени МФУнун ишинде тобокелдиктер стандарттуу банктык технологиялардан айырмаланып, кызмат көрсөтүү технологияларына жараша түрүн өзгөртүп турат.

Микрофинансылык берүүчүлөргө, алыскы региондордо аз кирешелүү рынокторду тейлөө жагында дем берүү үчүн уруксат кылынган финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү керек, ал бир нече финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакетинде айрым кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн өздүк наркын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул ошондой эле инновациялык технологияларды кеңири колдонууга негиз түзөт. Депозиттик микрофинансылык институттарга талап кылганга чейин депозиттерди кабыл алууга уруксат кылуу аларга келечекте кредиттик жана депозиттик продуктулардын тизмесин кеңейтүүгө, карточкалардын жана мобилдүү телефондорду колдонуу менен банк продуктуларын өнүктүрөт. Микрофинансылык институттар коммерциялык банктардын, башка МФУлардын жана камсыздандыруу компанияларынын агенттери катары кызмат көрсөтүүнүн кеңири спектрин берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мобилдик банкингди жөнгө салуу, электрондук акча жана агенттик тармактар аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөр концепциясы жөнгө салуу чөйрөсүнүн бир бөлүгү болуп калууга тийиш.

Микрофинансылоону өнүктүрүүдө эң курч көйгөйлөрдүн бири болуп каражаттарды тартуу булактарын чектеген жөнгө салууга байланыштуу ресурстардын тартыштыгы кала берүүдө. Бул көйгөйдү чечүүдө чечкиндүү алга илгерилөө үчүн ички инвесторлордон каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле апекстик мекемелерди финансылоо аркылуу ресурстарды дүңүнөн берүүчүлөрдүн ишине дем берүү зарыл. Ички аманаттарды мобилизациялоого дем берүү - бул узак мөөнөттүү мезгилде көйгөйлөрдү чечүү үчүн негизги жол болот. Апекстик институттардын ишмердиги үчүн укуктук жана жөнгө салуу негиздерин жакшыртуу кыйла узак мөөнөттүү келечекте микрофинансы секторунун ресурстук базасын кеңейтүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт.

Пруденциялык эмес жөнгө салуу чаралары ар түрдүү чараларды, мисалы, пайыздык ставкаларды ачып берүүнү же шектүү адамдарды жетекчи кызматтарга келишине жол бербөө жана отчеттуулуктун ачыктыгын талап кылууну камтыйт.

Микрофинансылык уюмдар үчүн микрофинансылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бир тибинен кеңейтилген операциялары менен башка финансылык институтка трансформациялануу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү финансылык институттардын сапаттуу өсүшүнө дем берип, финансылык системасын шайкеш өнүгүшү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт жана таза атаандаштык үчүн негизди камсыз кылат. Финансылык институттарды трансформациялоо моделдери иштелип чыгууга жана жүзөгө ашырылуучу операцияларды кеңейтүү жана финансылык институттарды эволюциялык өсүш мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга тийиш.

Стратегиялык фокус туруктуу финансылоо үчүн узак мөөнөттүү негиз катары калктын аманаттарын мобилизациялоого бурулууга тийиш. Депозиттик микрофинансылык уюмдардын иштеп жаткан коммерциялык банктардын депозиттерин коргоо фондуна биригүү же ушул сыяктуу удаалаш системаны түзүү маселеси концепциялык жактан чечилиши керек.

Кредиттик бюролордун ишин тескеген мыйзамдык жана жөнгө салуу талаптарын жакшыртуу көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүп жана кредиттик тарых жөнүндө маалыматтардын толуктугун жана өз убагындалыгын камсыз кылат. Кредиттик тарых жөнүндө маалыматтарды алмашуу системасы ак ниет кредиттөө жана жооптуу финансылоо үчүн негиздердин бири болуп саналат. Башка финансылык мекемелер менен катар МФУ кредиттик тарых базасынын толуктугу үчүн кардарлар базасы жөнүндө отчет берүүгө тийиш. Бул багытта бүткүл өлкө боюнча финансылык институттар үчүн кредиттик бюролордун кызмат көрсөтүүлөрүнө көмөктөшүү стратегиялык милдет болуп саналат.

Кредиттик тарых боюнча маалыматтарды натыйжалуу жана жеткиликтүү алмашууну камсыз кылуу үчүн инфраструктураны өркүндөтүү зарыл, ал микрофинансылык сектордо кредит берүү стандарттарын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Кредиттик тарых жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча атаандаштык, натыйжалуу жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар үчүн институттук өнүктүрүү талап кылынат.

Бардык финансы системасындай эле, микрофинансылык сектордо керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо ачыктыкты камсыз кылуунун өтө маанилүү бөлүгү болуп саналат. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого бизнестин ачыктык жана этикалык сапатын жогорулатуу аркылуу жетишүүгө болот. Бул болсо, кардардын ак ниеттүү кызмат жана продукт алганына, эгерде анын укуктары бузулган болсо, анда коргоо механизмдерин тандоо укугу бар экендигине ишенимдүү болуусуна мүмкүндүк берет. Жөнгө салуучу органдар керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жана экинчи деңгээлдеги институттар (ассоциациялар, апекс-институттар) менен биргеликте финансылык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн даттанууларын карап чыгуунун натыйжалуу механизмдерин аныктоого тийиш.

МФУ финансылык туруктуулукка жана кардарлардын узак мөөнөттүү төлөө жөндөмдүүлүгүнө багытталууга тийиш, ошондо МФУлардын иштеши туруктуу болот. Персоналды окутуу жана сектордун мекемелеринин деңгээлинде жоопкерчиликтүү финансылоонун принциптерин колдонууга киргизүү өзүнчө компаниялар сыяктуу, бүтүндөй системага тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн негиз салат.

Микрофинансылоонун кардарларынын максаттуу топторун - төмөн кирешелүү калкты эске алуу менен, МФУ стандарттуу финансылык көрсөткүчтөр менен бирге ишмердүүлүктүн социалдык көрсөткүчтөрүн камтууга жана ага баа берүүгө тийиш.

Микрофинансылоо калкты социалдык мобилизациялоо үчүн негиз болуп саналарын эске алып, мамлекет калктын аз камсыз болгон катмарына жеткиликтүү кызматтарды жана кредиттик ресурстарды берүүчү микрокредиттик жана микрофинансылык уюмдардын ишине жигердүү жардам көрсөтөт жана келечектеги мезгилде алардын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн мыйзамдуу чектерди түзүүгө чоң көңүл бурат.

9.4. Камсыздандыруу ишмердүүлүгү

 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын рыноктук өнүгүү жолуна өтүүсү менен рыноктук инфраструктуранын ажырагыс бөлүгү катары камсыздандыруу рыногун түзүүнүн объективдүү зарылдыгы келип чыккан. Камсыздандыруу экономикалык, ошондой эле социалдык, анын ичинде өлкөнүн экономикасына орто жана узак мөөнөттүү капиталды берүүнү, калкты жана юридикалык жактарды ар кандай тобокелдиктерден коргоо функцияларын дагы аткарат.

Камсыздандыруу рыногунун андан ары өнүгүүсүнө экономиканын жана реалдуу сектордун жалпы, туруктуу эмес абалы, камсыздандыруу маданиятынын төмөндүгү, ири юридикалык жактардын бул ишке тартылбагандыгы кедерги болууда. Камсыздандыруу компанияларынын салык салуу принциптери камсыздандыруу ишин өнүктүрүүгө дем бербейт. Көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системасы, аларды ишке ашыруу камсыздандыруу көзөмөлүнүн Эл аралык Ассоциациясынын (ККЭА) талаптарына ылайык жеткире иштеп чыгууну талап кылат. Өзгөчөлүү актуардык эсептерди жүргүзүүгө жөндөмдүү болгон адистердин жетишсиз саны көйгөй болуп саналат.

Камсыздандыруу компаниялары капиталды анча талап кылбайт, аларда заманбап технологияларга ээ болгон жана кызмат көрсөтүүнү алга илгерилеткен квалификациялуу кадрлардын саны жетишсиз.

Жарандардын жана юридикалык жактардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана суроо-талабынан төмөнкү деңгээли камсыздандырууну жигердүү өнүктүрүүгө жана өлкө экономикасына ички инвестицияларды мобилизациялоого көрсөтпөйт.

Камсыздандыруу кызмат көрсөтүү рыногунун калыптанышы жана анын бекемделиши үчүн төмөнкүлөр максатка ылайыктуу:

- камсыздандыруу ишинин ченемдик жана укуктук базасын өркүндөтүү, бул камсыздандыруу кызмат көрсөтүү рыногунун андан ары калыптанышы үчүн өбөлгө түзөт;

- республикада камсыздандыруу тарифтерин эсептөөгө тиешелүү мыйзамдарды жана башка укуктук актылардын долбоорлорун актуардык экспертиза жүргүзүү үчүн актуарлар институтун уюштуруу. Ал үчүн маалыматтардын тиешелүү маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү зарыл. Бул структура камсыздандыруу компанияларына жана пенсиялык фонддорго, ошондой эле республиканын финансы институттарына консультациялык, талдоо жана маалыматтык кызматтарды көрсөтөт. Бул үчүн актуардык курстар уюштурулуп, керектүү окуу материалдары даярдалат;

- камсыздандыруу компанияларына финансылык көзөмөл системасын бекемдөө, бул камсыздандыруу рыногунун бардык катышуучуларынын таламдарын коргоо кепилдигин камсыз кылат;

- камсыздандыруунун милдеттүү болгон түрлөрүнүн тизмесинин толуктугун жана жетиштүүлүгүн талдоо. Бул улуттук камсыздандыруучуларды капиталдаштырууну жогорулатууга мүмкүндүк түзөт жана камсыздандыруу компанияларынын торолушуна, калктын камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;

- камсыздандыруу системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жана республикадан капиталдын агылып чыгуусун азайтуу максатында камсыздандыруу компанияларын капиталдаштырууну өстүрүү боюнча чараларды көрүү;

- республиканын ичинде кайра камсыздандыруу системасына дем берүү боюнча чараларды көрүү.

Жарандарды, юридикалык жактарды, мамлекеттик камсыздандыруу жагынан коргоодо муктаждыктарды канааттандыруу жана мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык ресурстарды топтоштуруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу камсыздандыруу ишин өнүктүрүүнүн негизги максаты болуп саналат.

Камсыздандырууну өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн төмөнкүдөй маанилүү милдеттерди чечүү зарыл:

- камсыздандыруу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү мыйзамдык базаны түзүү;

- камсыздандыруунун милдеттүү болгон түрлөрүн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камсыздандыруу) киргизүү боюнча мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча ишти күчөтүү, камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча камсыздандыргандарга жаңы камсыздандыруу продуктуларын берүүнү кеңейтүү;

- ири тобокелдиктерди ооздуктоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле камсыздандыруу уюмдары тарабынан региондук тармактарды кеңейтүү үчүн камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана капиталдаштыруусунун өсүшүн камсыз кылуу;

- камсыздандыруу ресурстарын улуттук экономикага инвестициялоого дем берүүчү механизмдер комплексин иштеп чыгуу жана киргизүү;

- камсыздандыруу кызматтарын алууга калктын кызыгуусуна дем берүүчү, анын ичинде салык салуу системасын өркүндөтүү аркылуу ыңгайлуу шарттарды түзүү;

- бардык деңгээлдеги камсыздандыруу тармактары үчүн, камсыздандыруу индустриясынын андан ары калыптанышын жана өнүгүүсүн тездетүү үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча сапаттуу системаны түзүү;

- камсыздандыруу ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуу механизмин түзүү;

- камсыздандыруу рыногунун инфраструктураларын (актуарлар институту, брокерлер институту, чыгашаларды жана дооматтары жөнгө салуу институту, авариялык комиссарлар институту ж.б.) өнүктүрүү жана андан ары өркүндөтүү;

- жалпыга маалымдоо каражаттары менен максатка багытталган иш жүргүзүү аркылуу калктын камсыздандыруу маданиятын жогорулатуу;

- кайра камсыздандыруу механизмин өркүндөтүү.

Камсыздандыруунун милдеттүү болгон түрлөрүн киргизүү камсыздандыруу бизнесинин, чыгымдарды кайтарып берүүнүн деңгээлин жогорулатат жана мамлекеттик бюджеттен оорчулукту алып салат. Жөнгө салуучу көзөмөлдөө негиздерин өркүндөтүүгө, көзөмөлдөө практикасын күчөтүүнүн өзгөчө көңүл бурулат. Камсыздандыруу компанияларынын салык салуу системасын өркүндөтүү талап кылынат.

Камсыздандыруучулардын иши жөнүндө камсыздандырылгандарды маалымдоого коюлган талаптарга карата чаралар көрүлөт, анткени камсыздандыруу кызмат көрсөтүү рыногунун маалыматтык жактан жабыктыгы туруктуу камсыздандыруучу компанияларды тандоодо потенциалдуу камсыздандырылгандар үчүн көйгөйлөрдү жаратат.

Жогоруда аталган бардык иш-чаралар атаандаштыкка жөндөмдүү камсыздандыруу рыногун түзөт, камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат, алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатат, ар кандай тобокелдерден калктын мүлктүк жана жеке кызыкчылыктарын камсыздандыруу жагынан коргоону колдонуу чөйрөсүн кеңейтет.

9.5. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор

 

Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (МПФ) иши банктык эмес секторду түзүүдө маанилүү ролду ойноого багытталган. Кыргыз Республикасында "Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык фонд жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштейт. Бирок, ага карабастан, өлкөдө бир эле ушундай МПФ иштеп жатат, бул болсо ушул багыттын өнүкпөгөндүгүн ырастап турат.

МПФ иши алардын иштешин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдик базанын өркүндөтүлбөгөнү, алардын иши тууралу калктын жетиштүү түрдө маалымдалбаганы менен мүнөздөлөт. Алардын калыптанышы үчүн аманаттарынын сакталышына кепилдиктин жетишсиздиги жана жогорку инфляциядан улам алардын наркынын түшүп кетүү тобокели негизги тоскоолдук болуп саналат, алар дале болсо жоюлган эмес. Бүтүндөй алганда, мындай абал ички ресурстарды реалдуу секторго тартуу үчүн аларды мобилизациялоого мүмкүндүк бербейт.

Мамлекет экономиканы туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө жетишүүсү үчүн негизди камсыз кылууга тийиш. Туруктуу абалга келтирүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырууда МПФти мамлекеттик пенсиялык системада орун алган альтернатива катары чыңдоо үчүн шарттар түзүлөт.

Республикада МПФ ишинин ченемдик жана укуктук базасын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, көзөмөлдөө системасын жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо механизмдерин түзүү боюнча иш улантылат.

Орто мөөнөттүү мезгилге пенсиялык фонддорду өнүктүрүүнүн максаттары:

- Кыргызстанда ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу деңгээлин жогорулатуу;

- МПФнын милдеттүү пенсиялык топтоону камсыздандыруу системасына катышуусу;

- орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугуна жетишүү;

- пенсиялык "узак мөөнөттүү акчаларды" өлкөнүн экономикасына инвестиция катары тартуу;

- пенсиялык активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Төмөнкү милдеттер ишке ашырылат:

- МПФ ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

- пенсиялык топтоо каражаттары коргоо боюнча диверсификациялык чараларды көрүү;

- коомдук колдоо көрсөтүүнү түзүү, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.

Бул саясатты ишке ашыруу шартында МПФ акча каражаттарын топтоштура алат, андан кийин алар баалуу кагаздарга инвестицияланат. Натыйжада бул фонддор кедейликтен коргоо функциясын аткарат.

Келечекте жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүү пенсияга чыкканда жогорку өлчөмдөгү пенсия алууга, экономика аманаттардын үлүшүн жогорулатууга жана пенсиялык активдердин инвестицияларынын, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен экономикалык өсүшкө мүмкүнчүлүктү болжойт. Капиталдын рыноктук түзүлүштөрүнө ээ болуу менен пенсиялык каражаттарды топтоо финансы рыноктун өнүгүшүнө түрткү берип, узак мөөнөттүү инвестициялардын өсүшүнө түрткү берет жана финансылык мекемелерди (башкаруучу компанияларды, банктарды) түзүүгө дем берет, алар өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн зарыл.

9.6. Баалуу кагаздар рыногу

 

Банктык кредит системасы менен бирге баалуу кагаздар рыногу (БКР) чарбачыл субъекттердин инвестициялык активдүүлүгүн күчөтүүгө, капиталдын тартыштыгын жоюуга, анын бир тармактан экинчисине өтүүсүнө көмөк көрсөтүп, муну менен экономикада түзүмдүк өзгөрүүлөргө дем берет.

Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу зарыл болгон инфраструктурага ээ, анын иштешин жөнгө салуучу ченемдик жана укуктук база түзүлгөн.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын институту түзүлгөн. Мындан тышкары, баалуу кагаздар рыногунда депозитардык, брокердик, дилердик ишмердүүлүктү ишке ашыруучу субъекттер, баалуу кагаздардын жана инвестициялык фонддордун ээлеринин реестрин жүргүзүү, инвестициялык фонддорду тескөө боюнча иш жүргүзүлөт.

Ошентсе да, бул чөйрөдө төмөнкүдөй көйгөйлөр орун алган;

- Кызыктыруучу финансылык куралдардын жетишсиздиги. Корпорациялык баалуу кагаздар негизинен акциялар түрүндө берилген, алар боюнча киреше компаниянын кирешесине көз каранды, ал эми көпчүлүк ишканалардын кирешелеринин деңгээли төмөн. Корпорациялык облигациялар рыногу начар өнүккөн. Ипотекалык, муниципалдык жана туунду баалуу кагаздардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук база жок, бул болсо алардын өнүгүүсүн кечеңдетүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат;

- Ички инвестициялык ресурстардын чектелгендиги. Калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү жана жамааттык инвестициялоо институттарынын жетиштүү түрдө өнүкпөгөндүгү баалуу кагаздарга болгон салымдарга шарт түзбөйт;

- Баалуу кагаздар боюнча мыйзамдар. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча бул тармактагы дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен мыйзамдарды өркүндөтүү жагындагы иштерди улантуу зарыл;

- Инвесторлордун укуктарын коргоонун жетишсиздиги жана баалуу кагаздарга инвестициялоо маселесинде калктын кабардар болуусунун деңгээлинин төмөндүгү;

- Баалуу кагаздар боюнча кирешелерге салык салуу. Баалуу кагаздар боюнча кирешелерге салык салуунун иштеп жаткан системасы узак мөөнөттүү карыздык баалуу кагаздардын рыногунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзбөйт.

Баалуу кагаздар рыногунун иштеп жаткан техникалык инфраструктурасы кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык зарыл чөйрөсүн рынокко сунуш кылууга жөндөмдүү болсо да, республиканын бардык региондорун камтыбайт. Ушуга байланыштуу, региондордо баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүдө кыйынчылыктар келип чыгат.

Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн максаты инвестицияларды топтоштуруунун жана аларды кайра бөлүштүрүүнүн натыйжалуу механизмин түзүүдө, аларды калктын кошумча кирешелерди алуу булагына айландырууда, өлкөгө узак мөөнөттүү финансылык капиталдардын агылып келүүсүнө жардам көрсөтүүдө турат.

Баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү төмөнкү приоритеттүү иш-чараларды ишке ашыруунун эсебинен келип чыгат:

- турак-жай курулуш Программасын ишке ашыруу үчүн баалуу кагаздар рыногунда кошумча финансы куралдарын чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салуучу бир катар ченемдик укуктук документтерди кабыл алуу;

- "Муниципалдык баалуу кагаздар жөнүндө", "Финансылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар жөнүндө" мыйзам долбоорлорун кабыл алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

- узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу өлкөнүн маанилүү тармактарын (улуттук долбоорлорду) финансылоо;

- капиталдар рыногун өнүктүрүү жана экономиканын реалдуу секторуна алардын агылып кирүү механизмдерин түзүү;

- мамлекеттин катышуусундагы компаниялардын акцияларынын үлүшүн сатууну лицензиялуу уюштуруучулардын соода аянтчалары аркылуу өткөрүү.

Өлкөнүн маанилүү тармактарын (улуттук долбоорлорду) финансылоо үчүн узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жакынкы мезгилде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн ресурстардын дагы бир кошумча булагына айланат.

Корпорациялык башкарууну өркүндөтүү да инвесторлордун укуктарын коргоого жана алардын ишеним көрсөтүүсүн жогорулатууга жардамдашууга тийиш. Ишканаларда бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын милдеттүү түрдө киргизүү маанилүү багыт болуп саналат.

Ар түрдүү финансылык куралдарды көбөйтүү жана жаңыларынын пайда болуусу жана колдонулуп жаткандарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу алардын жеткиликтүүлүк маселеси чечилет.

Карыздык баалуу кагаздардын кызыктуулугун жогорулатуу үчүн ушундай кагаздар боюнча кирешелерге салык салууну өркүндөтүү зарыл. Калк арасында инвестициялоо маселелерин, жамааттык инвестициялоо институттарынын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын ишин түшүндүрүү боюнча туруктуу иш жүргүзүү керек. Региондордо БКР кесипкөй катышуучуларынын тармагын кеңейтүү региондук деңгээлде баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнү активдештирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

БКРдын ачыктык маселесин чечүү үчүн эмитенттер, кесипкөй катышуучулар жөнүндө маалыматтын жана баалуу кагаздар рыногу жөнүндө башка маалыматтын кызыкдар болгон каалаган адамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Бул маселени маалыматтык борбор түзүү аркылуу чечүүгө болот, анда потенциалдуу инвесторлор баалуу кагаздар эмитентинин отчеттуулугуна, ошондой эле башка маалымат алууга жеткиликтүү болот.

Бул иш-чаралардын аткарылышы баалуу кагаздар рыногунда инвестициялар үчүн кызыктыруучу финансылык куралдардын санын көбөйтүүгө тийиш. Ал ачык болот, баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарынын сакталышына кошумча кепилдиктер пайда болот, бул кошумча каражаттардын агып келүүсүнө шарт түзүүгө тийиш.

Натыйжалуу иштеген баалуу кагаздар рыногун түзүү инвестициялык иштин активдешүүсүнө көмөк көрсөтөт, бул акционердик коомдордун ишинин кеңейишине, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн көбөйүүсүнө жана анын натыйжасы катары жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, эмгек акынын жогорулоосуна жана мамлекеттик бюджеттин кирешесинин өсүшүнө алып келет.

10-глава

Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү

10.1. Агроөнөржай сектору

 

Өлкөнүн экономикасына кошкон салымы, өнөр жайды чийки зат ресурстары, калкты - тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу жана иш менен камсыз болгон калктын саны боюнча экономиканын бул сектору Кыргыз Республикасын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү приоритеттүү багыттардын бири болгон жана болуп кала берет. Экономиканын ушул секторун өнүктүрүүдө топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү мамиле кылуу айыл жергесинде социалдык чыңалууну жеңилдетүүгө жана бүтүндөй алганда айылды өнүктүрүүнүн келечектүү милдеттерин чечүүгө комплекстүү мамиле кылууга мүмкүндүк берет.

Учурдагы абал. ИДПда айыл чарбасынын салыштырма салмагы жана тармакта иш менен камсыз болгондордун үлүшү акыркы 5 жылда өтө төмөндөгөн, 2011-жылы бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 18% жана 30,7% түздү.

Айыл чарбасынын кошумча наркынын өсүш арымы өлкө боюнча орточо алгандан олуттуу артта калууда. Алсак, тармактын жылдык орточо өсүш арымы 2001-2011-жылдарда 2,2%ды түзгөн, бул ошол эле мезгил үчүн ИДПнын өсүшүнүн тиешелүү көрсөткүчүнөн кыйла аз - 4,3%. Айыл чарбасында орточо эмгек акы экономиканын башка тармактары менен салыштырмалуу өтө төмөн болуп саналат: 2011-жылы эмгек акы өлкө боюнча тиешелүү көрсөткүчтөн 4784 сомду же 51,4%ды түзгөн.

1990-жылдары айыл чарбасында башталган жер реформасынын натыйжасында агрардык өндүрүштүн негизги каражаттары - жерлер, айыл чарба техникалары жана жабдуулар, мал менчиктештирилген. Бирок, жүргүзүлгөн реформалар күтүүлөрдү актаган жок: мамлекеттин ойлонуштурулбаган саясаты бул стратегиялык тармактын чарба жүргүзүүнүн накталай жана майда товардык формага айлануусуна алып келди. 2011-жылы бардык айдоо аянтынын 79,6%ы жеке менчикте, калган 20,4%ы - мамлекеттин менчигинде болгон. Азыркы учурда айыл чарбасынын 97%дан ашык продукциясы жеке сектордо өндүрүлөт.

Жүргүзүлгөн жер реформасы жер ээлеринин табын түздү. Кыргызстанда дыйкан (фермердик) чарбада айдоонун орточо өлчөмү бардыгы болуп 2,7 га, анын ичинде, сугат айдоолору 1,9 га түзөт. Барынан көп айдоо аянттары Чүй облусунун фермерлеринде - 5,7 га (сугат 4 га), барынан азы - Жалал-Абад облусунда - 1,2 га (сугат 0,7 га). Бирок, жер үлүшүнүн аз өлчөмү өндүрүштүн жөнөкөйлүгүнө алып келет жана натыйжалуу айыл чарбасын уюштуруу, фонддук жабдылышын көбөйтүүгө жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү үчүн олуттуу чектөө болуп саналат.

Кыргызстанда айдоо аянтынын өлчөмү бир адамга 0,25 гектарды түзөт. Ошону менен бирге, айыл чарба багытындагы жерлердин бир бөлүгүндө жок болуу процесси бар. Алсак, жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунда кайра уюштуруунун башталышында 296,6 миң га айдоо, анын ичинде, 186,9 га сугат жерлери болгон. 2009-жылдын 1-январына карата бул жерлердин кыскаруусу тиешелүүлүгүнө жараша 67,7 миң га жана 60,5 миң га түзгөн. 2008-2009-жылдары эле айдоо аянты 3,1 миң га кыскарган.

Айыл чарба аянттарынын кунарсыздануу процесси азыркы учурда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирип жана экологиялык разряддан Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө коркунуч келтирген категорияга өтүп жатат. Жер пайдалануу менеджментинин потенциалынын начарлыгы кырдаалды ого бетер кыйындатууда. Кыртыштын күрдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча иштер анча натыйжалуу жүргүзүлбөй жатат. Өлкөдө өзүбүз минералдык жер семирткичтерди чыгарбайбыз, жыл өткөн сайын кыртышка себилген семирткичтердин көлөмү кыскарып бара жатат.

Сугаруу каналдарын реконструкциялоо жана өнүктүрүү, үрөнчүлүк жана асыл тукум иштерин колдоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карабастан, айыл чарба өндүрүшү үчүн ушул чечүүчү багыттардагы иш жакшырбай турат. Иштеп жаткан каналдардын узундугу талап кылынган керектөөлөрдү канааттандырбайт. Алардын кайсы бир бөлүгү каржылоонун жетишсиздигинен жана оңдоо-калыбына келтирүү иштери өз учурунда жүргүзүлбөгөндүгүнөн улам капиталдык оңдоого муктаж. Үрөн жана асыл тукум материалынын сапаты төмөндөп жатат. Мунун бардыгы айыл чарбасы жана калк үчүн олуттуу жоготууларга алып келет. Жыл сайын кыртышы бузулган айыл чарба жерлеринин аянты өсүп жатат, сугат жерлерин көбүн шор басып, сазга айланууда. Ирригациялык каналдардын техникалык абалынын канааттандырарлык эместигинен улам суу тосмосунан талаага чейин аккан суунун коромжусу 40%дан ашыкты түзөт.

Айыл чарба техникасынын жана жабдуулардын ресурсу толук бүткөн.

Кыргызстан азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен өзүн-өзү камсыз кылуунун жетиштүү деңгээлине ээ эмес, бул болсо импортко көз карандылыкка алып келет. 2011-жылы жеке өндүрүштүн эсебинин ички рыноктун камсыз болуусу төмөнкүдөй болду: нан азыктары боюнча - 62,5%, эт боюнча - 57,8%, өсүмдүк майы - 34,2%, шекер - 12,2%, жумуртка боюнча - 38,4%, мөмө-жемиштер боюнча - 23,1%. Мындан тышкары, дүйнөлүк азык-түлүк рыногу акыркы жылдары туруксуздугу менен мүнөздөлөт. Айрым өлкөлөр өз рыногун толтуруу үчүн азык-түлүк товарларынын экспортуна мораторийди колдонушат. Аталган терс процесстер жана көрүнүштөр тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуунун кошумча чараларын көрүү зарылдыгын шарттайт.

Агроөнөр жай комплексинин продукциясын сатуудан алынган кирешелерди айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн, аны кайра иштеп чыккандардын, соода-ортомчулук уюмдардын ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү маселеси чечилбеген көйгөй болуп калууда. Айыл чарба товарын өндүрүүчүнүн салттуу үлүшү азык-түлүктүн акыркы баасында өтө кичинекей болуп калууда. Фермерлер рыноктогу суроо-талапты жана сунушту билбегенден, сактоочу жайлардын жетишсиздигинен улам өз продукциясын сатууда олуттуу жоготууларга дуушар болууда. Алар көп учурда ортомчу компанияларга өз продукциясын арзан баада сатып өткөрүүдө. Бул болсо, чарбаны өнүктүрүү үчүн жетиштүү финансылык ресурстардан гана ажыратпастан, өндүрүштүн көлөмдөрүн өстүрүүнүн экономикалык жүйөлөрүнөн да ажыратууда.

Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жана аны кайра иштетүүнүн ортосундагы ажырым кыскарбай жатат. Кайра иштетүү өнөр жайы жана соода менен айыл чарба кооперациясынын ар кандай формаларын түзүү боюнча көп сандаган күч-аракеттер күтүлгөн натыйжаларды берген жок: жамааттык чарбалардын, анын ичинде айыл чарба кооперативдеринин саны акыркы 5 жылда туруксуз жана кыскара баштаган. Бул потенциалдуу катышуучулардын кооперацияда орун алган укуктук жана экономикалык мамилелерге канааттанбагандыгын тастыктап турат. Агроөнөр жай кластерлерин түзүү боюнча күч-аракеттер дагы күтүлгөн натыйжаларды алып келген жок. Негизги себептер кластердик долбоорлорду ишке ашырууда системалуу мамилени камсыз кылуучу айкын мамлекеттик саясаттын жоктугу, кластердик технологияларды колдонуунун натыйжалуу методологиялык базасынын жоктугу, даярдалган адистердин жетишсиздиги ж.б. менен байланышкан.

Тамак-аш азыктарына баалардын өсүшүнө карабастан, баалардын тең эместиги актуалдуу көйгөй болуп калууда. Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын баалары реформаларды жүргүзүүнүн бардык мезгилинде материалдык-техникалык ресурстарга болгон баалардан тиешелүүлүгү боюнча 4-5 жана 1,5 эсеге артта калган.

Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн чектеш мамлекеттердин рынокторуна жеткиликтүүлүгүн татаалдаткан соода тоскоолдуктары азык-түлүк өндүрүшүн өнүктүрүүгө терс таасир тийгизет. Экспорттун өсүшүн кечеңдеткен дагы бир көйгөй - бул ата-мекендик айыл чарба продукциясынын жана аны кайра иштетүү продукцияларынын сапатынын төмөндүгү. Ага кошумча айыл чарба азыктарынын сапатын контролдоонун жана сертификаттоонун өнүкпөгөн системасы жагдайды ого бетер тереңдетет, ал эл аралык талаптарга жана стандарттарга ылайык продукциянын сапатын тастыктоону камсыз кылбайт.

Белоруссия, Казакстан жана Россия кирген Бажы союзунун мүчөсү болуп калууга Кыргызстандын умтулуусу ата-мекендик айыл чарба сектору үчүн олуттуу талап болуп саналат. Бул өлкөлөр экономиканын өлчөмү боюнча Кыргызстандан кыйла чоң, алар өздөрүнүн айыл чарба тармагына ири финансылык колдоо көрсөтүшөт. Ушул жагдай айыл чарбасын жаңы шарттарга ыңгайлашуу, айыл чарба өндүрүшүнүн түзүмүн өзгөртүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгаруу багытын өзгөртүү зарылчылыгына алып келет.

Банктардын филиалдык тармактарынын кеңейгендигине, чакан финансылык уюмдардын, кредиттик союздардын иштешине, мамлекеттин финансылык колдоосуна карабастан, финансы ресурстарына жеткиликтүүлүк тармактын курч көйгөйү болуп калууда. Продукцияга болгон салыштырмалуу төмөн баалардан жана сатып өткөрүүнүн чектелгендигинен улам аны сатуудан түшкөн акчанын жетишсиздиги, алып жаткан ссудаларды күрөөлүк камсыз кылуу көйгөйлөрү жүгүртүү каражаттарын толуктоону толук көлөмдө ишке ашырууга жана негизги капиталдын өсүшүнө мүмкүндүк бербейт.

Максаттар:

- Агроөнөр жай комплексинин өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү, продукциянын сапатын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

- Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, кайра иштетүү өнөр жайынын дараметин арттыруу жана бардык агроөнөр жай комплексинин продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

- Агроөнөр жай комплексинин бюджеттик кайтарымдуулугун жогорулатуу.

- Дыйкандардын социалдык маселелерин чечүү.

Милдеттер: (1) айыл чарба тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү, жөнгө салуунун жыйынтык берүүсүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу; (2) айыл чарбасы үчүн сервистик жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана курамын жакшыртуу, айыл чарба өндүрүшүн техникалык жана технологиялык жактан жаңыртуу үчүн өбөлгө түзүү; (3) кооперацияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, продукциянын сапатын жакшыртуу; (4) агроөнөр жай комплекси үчүн заманбап рынок инфраструктураны түзүү; (5) агроөнөр жай комплексинин өндүрүшүн жана экспортун өстүрүү, экспортко багытталган кластерлерди өнүктүрүү, (6) жыл сайын жаңы жерлерди колдонууга киргизүү; (7) кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү; (8) жерди пайдалануунун натыйжалуулугун башкарууну жакшыртуу.

Саясат жана чаралар. Айыл чарба тармагын башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган биринчи милдетти чечүүнүн алкагында (i) агроөнөр жай комплексинин иштешине шарттарды түзүү үчүн айыл чарба тармагын башкаруу системасын түп-тамырынан бери реконструкциялоо. Бул багытта, эң оболу, (ii) айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүдөн тартып, сатып өткөрүү рыногуна чейинки кыймылынын толук чынжырын камтыган кластердик мамилени колдонууну камсыз кылуу үчүн айыл чарба министрлигинин жана анын курамына кирген мекемелердин оптималдуу түзүмүн түзүү милдети турат. (iii) Айыл чарба багытындагы жерлерди, өзгөчө айдоо жерлерин трансформациялоону токтотуу зарыл.

Товар өндүрүүчүлөргө экономикалык жактан шыкак берүүнү жогорулатуу боюнча чаралар менчик укуктарын коргоону күчөтүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган. Мамлекеттик жана жеке менчик жерлеринин реалдуу чектерин так эмес белгилөө жана укуктарын белгилөөчү документтерде чек араларын чагылдыруу көрүнүшү менен байланышкан көйгөйлөрдү жөнгө салуу зарыл. Натыйжалуу менчик ээсинин жерин концентрациялоо жана менчик укуктарын өзгөртүүдө чыгымдарды төмөндөтүү үчүн шарттар түзүлөт. Ал үчүн кредиттик мекемелерде күрөө катары жерлерди колдонуу үчүн чектөөлөр алып салынат, жерди сатууда орун алган чектөөлөрдүн айрымдары алып салынат. Бир эле учурда, жерлердин бардык менчик ээлерине менчигинин формасына көз карандысыз түрдө айыл чарба багытындагы жерлерди колдонуу жана алардын түшүмдүүлүгүн (жер кыртышынын физикалык-химиялык жана биологиялык түзүлүшүн) сактоо боюнча талаптар жогорулатылат. Айыл чарба багытындагы жерди сатып алуу-сатуу лицензияланган соода аянтчалары тарабынан уюштурулган атаандаштык тооруктар аркылуу гана мамлекеттик жана коомдук контролдоо менен ишке ашырылат.

Майда дыйкан-фермердик чарбаларды кооперативдерге ирилештирүүгө жана бириктирүүгө багытталган илгерилөөчү реформаларды - "өсүү башаттарын", айыл чарба секторунда алардын иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү орто мөөнөттүү келечекте айыл чарбасын кайра уюштуруу боюнча стратегиялык багыт болот. Мамлекет жамааттык менчигинде: (i) дыйканчылыкта - 100 га кем эмес жери; (ii) мал чарбасы секторунда - кеминде 500 баш майда малы же 300 баш бодо малы бар иши илгери жүргөн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого өз күч-аракеттерин топтоштурат.

Мамлекеттик сатып алуулардын жана товардык интервенциялардын иштей турган механизмин түзүү үчүн алардын ачык-айкындуулугу жакшырат, рынокту жана бааларды туруктуу абалга келтирүүнүн натыйжалуу системасы түзүлөт.

Мамлекеттик жайыттарды тескөөнү жакшыртуу үчүн жайыттарды колдонуунун механизми пайдаланылат, жайыттардын коомчулук үчүн экономикалык кайтарымдуулугунун акылга сыярлык балансынын принциби жана алардын бузулуусун (деградациясын) болтурбоо анын негизин түзөт. Мында натыйжалуулукту жогорулатуунун негизги жолу өлкөнүн жайыт жерлерин башкаруу практикасына заманбап технологияларды киргизүү жана мониторинг жүргүзүү болуп калат.

Агроөнөр жай комплексинин продукциясын тышкы рынокторго чыгаруу жана продукциянын экспортунун географиясын кеңейтүү бизнес мамиленин "сатып өткөрүүнүн чет өлкө рыногу - дыйкандар тарабынан өндүрүлүүчү продукциянын" алкагында ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясы экспорттолуп жаткан Россиянын жана Казакстандын региондорунун мамлекеттик администрациялары менен айыл чарба товарларынын саны, сапаты жана номенклатурасы боюнча тиешелүү макулдашууларга жетишилет.

Ар бир облуста айыл чарба технологияларын өнүктүрүү, дыйканчылык жана асыл-тукум мал чарбасында сорт жаңыртуу үчүн өсүмдүктөрдүн мыкты сортторун жана айыл чарба жандыктарынын тукумдарын калыбына келтирүүгө, өтө өндүрүмдүү жана жаратылыш-климаттык шарттарга ыңгайлашкан жаңыларын чыгарууга мүмкүндүк берүүчү агробиотехнологияларды колдонуунун жакшы практикасын жайылтуу жана колдонууга киргизүү үчүн үрөн жана асыл тукум таяныч чарбалары түзүлүшү керек.

Айыл чарбасы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана айыл чарба өндүрүшүн техникалык жана технологиялык жаңыртуунун өбөлгөлөрүн түзүү боюнча экинчи милдетти чечүү боюнча саясаттын чаралары төмөнкү багыттарга бурулат: (i) ирригациялык тармакты кеңейтүү жана калыбына келтирүү, жерлерди рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүү; (ii) ветеринарияны өнүктүрүү жана өсүмдүктөрдү коргоо, жеке ветеринарияны, анын ичинде жеке ветеринариялык ишти жөнгө салуу маселесин колдоо; ветеринардык жана фитосанитардык абалды жакшыртуу деңгээлин акырындык менен Бажы биримдигинин ченемдик талаптарына ылайык келтирүү; (iii) айыл чарба техникасынын тармагын кеңейтүү жана мамлекеттик-жеке өнөктүк принцибинде түзүлүп кийин мамлекеттин үлүшүн жеке секторго берүү үчүн түзүлгөн ири айыл чарба техникаларынын уюмдарынын кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу аркылуу ага жеткиликтүүлүктү жогорулатуу; (iv) асыл тукум фондун жана айыл чарба асыл тукум малынын башын тукум жана асыл тукум өндүрүүчүлөр үчүн да, айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн да экономикалык дем берүүнү түзүү жолу аркылуу жаңыртууга көмөк көрсөтүү; (v) товар өндүрүүчүлөр үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана айыл үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн продукциялык катарын кеңейтүү (айыл жергесинде финансылык уюмдарды өнүктүрүү, кредиттөө, лизинг, камсыздандыруу ж.б.); (vi) айыл чарба товар өндүрүүчү кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун туруктуу системасын түзүү, туруктуу иштеген курстарды түзүү жолу менен заманбап агротехнологияларына окутуу; (vii) айыл жергесинде өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү (жолдор, электр энергиясы, ичилүүчү жана сугат суу менен жабдуу).

Кооперацияны өнүктүрүүгө, капиталды агроөнөр секторунда топтоого жана айыл чарбасына натыйжалуу менчик ээсинин келишине багытталган үчүнчү милдетти чечүүнүн алкагында төмөнкү чаралар жана аракеттер көрүлөт: (i) кооперативдик мамилелердин потенциалдуу катышуучуларынын таламдарын эске алууну камсыз кылган ченемдик-укуктук базаны, эң оболу менчикти коргоо жана кирешени калыс бөлүштүрүү жагында базаны түзүү; (ii) мамлекеттик жардам механизмин пайдалануу, мында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн-жардам алуучулардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү менен байланыштуу болот; (iii) агрардык секторду мамлекеттик колдоодо айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн деңгээлди сактоого, ал эми келечекте - өсүшүнө, жумушчу орундарды түзүүгө кепилдик бергендерге артыкчылык берилет. Мында кооперациянын бардык түрлөрү мамлекеттик колдоого приоритеттүү укукка ээ болот; (iv) ар бир облуста мамлекеттик-жеке өнөктүк принцибинде пилоттук кооперативдик чарбаны түзүү белгиленет, мында мамлекет бул чарбалардын беш жыл аралыгындагы туруксуздук менен байланыштуу тобокелдиктерди өзүнө алат; (v) айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө тиешелүү техникалык регламенттер кабыл алынат, ошондой эле продукцияны сертификациялоо жол-жоболорун арзандатуу жана ашыкча талаптарды четтетүү багытында өркүндөтүлөт. Продукцияны сертификациялоону жүргүзгөн уюмдардын (продукциянын сапаты боюнча лабораториялар) тармагы кеңейтилет, сертификациялоо боюнча усулдук жана техникалык жабдуу жакшыртылат.

Агроөнөржай комплекси үчүн заманбап рыноктук инфраструктураны түзүүгө байланыштуу төртүнчү милдетти чечүү боюнча саясат чаралары фьючерсдик дүң рынокторду өнүктүрүүгө багытталат. Бул үчүн мамлекеттик-жеке өнөктүктү кийин мамлекеттин үлүшүн жеке секторго берүүнү болжолдогон ченемдик-укуктук документтердин пакети түзүлөт.

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана агроөнөржай комплексинин ишканаларын маалымдар кылуу жана консультация берүү боюнча ишти жакшыртуу үчүн айыл чарба продукциясына региондук жана жергиликтүү рыноктордо ар жылдагы суроо-талаптын болжолу жана сунуштар иштелип чыгат. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн зарыл мамлекеттик маалыматтык ресурстар түзүлөт жана аларга мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү башкаруу органдарынын, ошондой эле агроөнөржай комплексинин чарбачыл субъекттеринин жана калктын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат. Агроөнөржай комплексинин тармагында башкаруунун бардык деңгээлинде чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда маалыматтык камсыз кылуу системасынын каражаттарын кеңири жайылтуу жана колдонуу үчүн шарттар түзүлөт. Окуу-усулдук борборлордун тармагы өнүгөт жана усулдук иш жакшырат. Борборлор ар бир облуста иштеп, айыл чарба өндүрүүчүлөргө консультациялык жардам көрсөтүү боюнча адистерди даярдоону жүзөгө ашырат, консультациялык жардамдын тажрыйбасын таркатат. Мында окуу-усулдук борборлордун тармагына айыл чарба продукцияларын жеке ири өндүрүүчүлөр, үрөнчүлүк боюнча маалыматтык жардам көрсөтүү үчүн иштеп жаткан мамлекеттик сорт сыноочу станциялар жана сорт участкалары киргизилген.

Бешинчи милдетти чечүү боюнча саясаттын чаралары өндүрүштүн өсүшүнө, кластердик уюштуруу технологияларын колдонуу менен агроөнөр жай өндүрүшүн экспорттоого жана түзүүгө багытталат, бул өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн өсүшүнө жана айыл чарба продукциясын түпкү продукцияга чейин иштетүүнү көбөйтүүгө алып келет. Кластерлерди түзүүдө артыкча мамиле ар кандай деңгээлдеги бийлик органдарына негизги ролду берүү болуп саналат, алар баштапкы этапта координациялоочу ролду аткарат: кластердин стратегиясын аныктайт, аны өнүктүрүү үчүн ресурсту бөлөт, компанияларды жалпы проблемаларды чечүүдө натыйжалуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн кластерди түзүүнү жана өнүктүрүүнү шарттайт. Агроөнөржай секторунда кластердик саясатты илгерилетүүнүн факторлору болуп төмөнкүлөр саналат: (i) айыл чарба өндүрүшүндө өлкөлүк жана региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу (реформалардын натыйжалары, кластердин потенциалдуу катышуучуларынын жүйөөлөрү); (ii) кластерлерди өнүктүрүүнүн программаларын түзүү, өлкөнүн/облустун-жергиликтүү бийлик органдарынын стратегиясында тийиштүү бөлүмдөрдү киргизүү; (iii) кластердин негизги катышуучуларынын ортосунда коммуникацияны өнүктүрүү (iv) кластерди колдоонун аспабы катары мамлекеттик заказды активдүү пайдалануу.

Алтынчы милдетти чечүү ирригация системасын модернизациялоону мамлекеттик колдоого жана максаттуу финансылоого жана жаңы айыл чарба сугат жерлерин иштетүүгө киргизүүгө топтолот, жыл сайын кеминде 10 миң га айыл чарба сугат жерлери (анын ичинде жаңыдан өздөштүрүү жана мурда берилген айыл чарбалык жерлерди кайтарып алуу) иштетүүгө киргизилет. Суу менен камсыз кылуу системасын куруу инфраструктуралык милдет болуп саналат, ошондой эле социалдык функцияларды да аткарат - жаңы жумушчу орундарды (көбүнчө дыйканчылык секторунда) жана жаңы аймактарды отурукташтыруу үчүн шарттарды түзөт.

Жетинчи милдетти чечүүнүн алкагындагы саясат чаралары кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат. Агроөнөржай комплексинин ишканаларын колдоонун приоритеттүү багыттары болуп тоют, сүттү жана этти кайра иштетүү өндүрүшү, продукцияны консервациялоо саналат. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жогорулатуу үчүн төмөнкү чаралар кабыл алынат: (i) кайра иштетүү өнөр жайынын жаңыларын түзүү жана иштеп жаткан ишканаларын өнүктүрүү. Кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканалары облустук жана райондук адистешүүсүн эске алуу менен жана мамлекеттик-жеке өнөктүк принцибинде кийин мамлекеттин үлүшүн жеке секторго берүү менен түзүлөт, (ii) агроөнөржай комплексинин ишканаларын айыл чарба техникасын жана технологиялык жабдууну сатып алууга инвестициялык кредиттер боюнча үстөк пайызды төлөөгө чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтурууга субсидияларды берүү боюнча мамлекеттин катышуусу менен этап-этабы менен техникалык жана технологиялык модернизациялоо; өнөр жай ишканаларынын лизингдик төлөмдөрүн жарым-жартылай тындырууга субсидияларды берүү; айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн жабдуулардын лизингин кеңейтүү.

Сегизинчи милдетти чечүү жер жана суу ресурстарын сактоону, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылат.

Төмөнкү милдеттер алдыда турат, алар: (i) жер жана суу ресурстарын мамлекеттик эсепке алуунун жана алардын мониторингин жакшыртуу; (ii) айыл чарба багытындагы жерлердин асылдуулугун арттыруу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу; (iii) жердин асылдуулугун сактоо жана калыбына келтирүү маселелеринде жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын ролун күчөтүү.

Жердин асылдуулугуна масштабдуу баа берүүнү, мониторинг жүргүзүүнүн туруктуу системасын калыптандыруу жана айыл чарба багытындагы жерлер жөнүндө маалыматтар банкын түзүү, суу ресурстарынын чыныгы абалына баа берүү зарыл.

Жерлерди жана сууну сарамжалсыз пайдаланууга, жердин деградациясынын өсүшүнө бөгөт коюучу укуктук ченемдерди жана администрациялык-экономикалык чараларды түзүү керек. Жер жана суу ресурстарын сактоо ченемдерин катаалдатуу, (кыртыштардын жана суу булактарынын ар кандай өнөр жай жана айыл чарба өндүрүш, тиричилик калдыктары ж.б. менен булгоонун жол берилген деңгээли), тартип бузуулар үчүн жазаларды күчөтүү пландаштырылат. Ошол эле учурда контролдоо практикасы жана жаратылышты сактоо технологияларына акырындап өтүү үчүн түрткү берүү олуттуу түрдө жакшырат.

Жердин асылдуулугун сактоо жана калыбына келтирүү маселелеринде жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү, коомдук уюмдардын дараметин колдонуу керек.

10.2. Энергетика

 

Энергетика - калктын жашоо деңгээлине жана экономиканын бардык чөйрөлөрүнө түздөн-түз таасир көрсөтүүчү стратегиялык тармак. Кыргыз Республикасынын энергетикалык базасын түзүүдө жана өнүктүрүүдө негизги роль энергетикага таандык экендигин, энергетикалык ресурстардын жалпы көлөмүндө салыштырмалуу салмагы 52,6% түзөөрүн эске алып, энергетикалык секторду өнүктүрүүнүн бул багыты орто мөөнөттө социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө приоритеттүү катары аныкталган. Бул сектордун үлүшүнө ИДПнын 2,0%га жакыны жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 16%ы, республикалык бюджетке кирешенин 10%ы туура келет.

Гидроэнергетика. Учурдагы абалы. Кыргыз Республикасы экологиялык жактан таза энергиянын ири запастарына ээ. Чоң жана чакан дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд.кВт/саат деңгээлинде бааланат, ал азыр 8-9,5% деңгээлинде гана иштеп жатат.

Гидроэнергетикалык энергоресурстардын жана энергиянын салттуу эмес булактарынын кайра жаралуусу, аларды пайдалануунун чакан деңгээли, органикалык отунга салыштырмалуу экологиялык жактан айкын приоритеттүүлүгү жана мындан тышкары негизги суу агымдарынын жогорку потенциалдуу кубаттуулугу чоң жана чакан гидроэлектростанцияларды куруунун максатка ылайыктуулугун жана жогорку экономикалык натыйжалуулугун шарттайт. Республикадагы электр энергиясынын 90%дан ашыгы гидроэлектрстанциялар тарабынан иштелип чыгат. Бирок бул процессте иш жүзүндө чакан жана орто энергетика ишке кошулган эмес. Бүгүнкү күндө республикадагы чакан дарыялардын гидроресурстарын өздөштүрүү болгону 3%ды түзөт.

Азыркы учурда кубаттуулугу 1200 МВт Токтогул ГЭСи, кубаттуулугу 800 миң МВт Күрпсай ГЭСи, кубаттуулугу 450 миң кВт Таш-Көмүр ГЭСи, кубаттуулугу 240 миң кВт Шамалды-Сай ГЭСи; кубаттуулугу 180 миң кВт Үч-Коргон ГЭСи, кубаттуулугу 120 миң кВт Камбар-Ата-2 ГЭСи, кубаттуулугу 40 миң кВт - Ат-Башы ГЭСи, кубаттуулугу 660 МВт Бишкек шаарынын ЖЭБи жана кубаттуулугу 50 МВт Ош шаарынын ЖЭБи иштеп жатат, бул бүгүнкү күндө 14,8 млрд.кВт.с чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. 2012-жылы иштелип чыгуучу электр энергиясынын көлөмү 14,6 млрд.кВт.с деңгээлинде күтүлөт, анын ичинде экспортко - 1600 млн.кВт.с чыгат.

Электр энергияны керектөөнүн өсүшү (жылына 3%-5%га) жаңы кубаттуулуктардын өсүшүнөн ашат. Алсак, 1990-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде тармактарга эң чоң оорчулук бүтүндөй республика боюнча 1214 мегаваттка, анын ичинде түндүк боюнча 784 мегаваттка, түштүк боюнча - 430 мегаваттка көбөйгөн. Мында кышында электр энергиясын керектөө жайкы керектөөдөн үч эсеге ашат. Бул баанын кыйла өсүшүнөн жаратылыш газын, көмүрдү жана мазутту колдонуунун азайышына байланыштуу, ал жылытууга жана ысык суу менен жабдууга электр энергиясын колдонууга өтүүгө алып келди. Финансылык жана техникалык чектөө шарттарында электр энергетикасынын узак иштеши жабдуулардын техникалык жактан эскиришине алып келди, тармактагы анын деңгээли орточо 60%ды түзөт, анын ичинде Токтогул каскад ГЭСинин жылуулук агрегаттарынын эскирүү деңгээли - 78,8%, Бишкек шаарынын ЖЭБдин негизги жабдуулары - 84%ды түзөт. Электр энергиясын берүү чөйрөсүндө жабдуулардын эскириши 36%ды, бөлүштүрүү чөйрөсүндө - 45,3%ды түзөт, ошол эле мезгилде негизги фонддордун эскиришинин кризистик чектик деңгээли 15%ды, кризистик деңгээли - 25%ды түзөт.

Керектөөнүн региондук жактан бирдей эместиги да олуттуу. Электр энергиясынын булактарынын 90%дан ашыгы өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан, ал эми иштелип чыккан энергиянын 60%дан ашыгын республиканын, түндүк региондору керектейт. Республиканын түндүгү жана түштүгү 500 кВ "Токтогул ГЭСи-Фрунзе" чубалгысы жана Борбордук Азиянын бириккен энергия системасы аркылуу бириктирилген. Бул чубалгылардын биринде кыйроо болгон учурда, түндүк региондордо энергияны керектөөнү 40%га чектөө, түштүк региондордо - 85%га чейин чектөө киргизүү зарыл болот. (Баткен облусу - 85%, Ош облусу - 50%).

Коммерциялык жоготуулардын жогору деңгээли электр энергиясын капиталдаштыруунун мүмкүнчүлүгүн чектейт жана аны технологиялык модернизациялоону жүргүзүүнү, аны өнүктүрүү үчүн тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.

Максат: Энергетикалык сектордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү болуп саналат.

Милдеттер: (1) Электр энергиясын, эң оболу ички керектөөчүлөргө берүүнүн ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу; (2) энергетика компанияларынын чыгымдарын жабууну камсыз кылган тең салмактуу тарифти жүзөгө ашырууну камсыз кылуу; (3) техникалык да, коммерциялык да жоготууларды кыскартууга жетишүү; (4) энергетикада финансылык жана корпорациялык башкарууну жакшыртуу, коммерциялык жана финансылык тартипти күчөтүү; (5) гидроэнергетиканы рентабелдүү деңгээлге чыгаруу; (6) электр энергиясынын региондук деңгээлинде Кыргыз Республикасынын атаандашуу артыкчылыктарын өнүктүрүү; (7) гидроэнергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуунун шарттарын өркүндөтүү.

Электр энергетикасын өнүктүрүүнүн белгиленген милдеттерин жүзөгө ашыруу Кыргызстанга 2017-жылга карата региондогу электр энергиясын ири өндүрүүчүсү болууга, калкты электр энергиясы менен толугу менен камсыз кылууга жана коңшу өлкөлөргө электр энергиясынын экспортун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Саясат жана чаралар. Кубаттуулукту өнүктүрүү чөйрөсүндө Камбар-Ата ГЭСи-1, Жогорку Нарын каскадын ГЭС (4) курулушун баштоону, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча курулушту улантууну жана Сары-Жаз дарыясында ГЭС каскадын куруу маселесин иштеп чыгууну камсыз кылуу керек.

Республиканы электр менен жабдуунун коңшу мамлекеттердин тармактарынан көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн республиканын түштүгүндө 500/220 кВ "Датка" көмөкчү чордону жана жалпы узундугу 410 км "Датка-Кемин" ЖЧ курууну аяктоо зарыл.

Экспорттук потенциалды камсыз кылуу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) даярдап жана "Кемин - Алма-Ата" 500 кВ ЖЧ өткөрүүчү чубалгыларын жана "Кыргызстан-КЭР" 500 кВ ЖЧ жана "Датка-Худжент" 500 кВ ЖЧ ("CASA-1000" долбоору) өткөрүүчү чубалгыларын курууну баштоо зарыл.

Электр энергетика секторун финансылык жактан жакшыртууга багытталган саясат чаралары өзгөртүүсүз болот, бул үчүн электр энергиясынын жоготууларынын 12%дан ашык эмес көрсөткүчүнө, коюлган эсептер боюнча 100%дык чогултууларга жетишүү зарыл, дебитордук карыздын мөөнөттөрү үч айдан ашпоосу керек, бул энергия компанияларынын техникалык абалын жакшыртууга финансылык каражаттардын көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Тармакты өнүктүрүүнүн уюштуруучулук жана финансылык маселелерин чечүүгө багытталган тарифтик саясатты иштеп чыгууга туура келет. Тарифтерди бекитүү, электр жана жылуулук энергиясынын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана жүзөгө ашырууга чыгымдарды толугу менен жабууну, ошондой эле негизги фонддорду жаңыртуу жана энергия системасынын ишинин ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштердин зарыл көлөмдөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

Энергия ресурстарына баанын өсүшү - бул туруктуу тенденция, ал улантылат жана төмөнкүлөрдү чечүү милдети турат: (i) энергияны үнөмдөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жана дем берүү системасын жакшыртуу; (ii) энергияны үнөмдөө имараттардын энергия жактан натыйжалуулук маселелеринде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын ролун күчөтүү, (iii) имараттар жана курулмалар үчүн энергиялык жактан натыйжалуу технологияларды колдонууга шарттарды түзүү, (iv) энергияны калыбына келтирүүчү булактарын колдонууну өнүктүрүү.

Энергияны үнөмдөө саясаты бардык өнүктүрүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болууга тийиш: жалпысынан мамлекет, облустар жана жергиликтүү бийлик органдары. Ар бир үй-бүлө энергияны үнөмдөөгө умтулууга тийиш. Энергиянын көп керектелишин жана экономиканын электрди көп керектөөсүн азайтуу үчүн ченемдердин жана экономикалык стимулдарды түзүү зарыл.

Өлкөнүн энергетика секторун өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири бул секторду инвестициялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу чакан энергетиканы калыбына келтирүү булактарын илгерилетүү болуп саналат.

10.3. Кен казып алуу

 

Учурдагы абал. СССР ыдыраган соң Кыргызстандын кен казуу өнөр жайы бүлүнгөн абалга келген. Кендердин жана шахталардын бир бөлүгү консервацияланып, калгандарында продукцияны өндүрүү ар кандай себептер боюнча кыскартылган болчу. Бардык каалагандарга жер казынасын пайдаланууга укукту ар тараптуу экономикалык негиздөөсүз лицензияны акысыз негизде жана лицензия берүүнүн тартибин ар кандай бузуулар менен берүү жеке структуралар тарабынан өлкөнүн акыркы 50 жылдагы геологиялык изилдөөлөрүнүн көлөмдөрү жөнүндө толук маалыматтарды ачыкка чыгарышына алып келди. 900дөн ашык лицензиаттардын арасында кен иштетүү тармагында дурус тажрыйбасы бар бир да структура жок, ал экономиканын бул чөйрөсүндө кырдаалдын начардыгын айгинелейт. Кен казуу чөйрөсүндөгү саясат мамлекеттин таламдарын көздөгөн эмес жана бул чөйрөнү атайылап мамлекеттин контролдугунан чыгаруу максатында жүргүзүлгөн. Натыйжада мамлекеттик органдар лицензияларга кызыл кулактык кылууга тыюу салууга жана жер казынасын пайдаланууга укукту лицензияга ээ ишкананын уюштуруучу үлүшүн сатуу жолу менен берүүгө жана келечеги бар кен чыккан жерлерге иштерди жүргүзбөстөн жана инвестицияларды тартпастан жылдар бою лицензияны кармап тургандарга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүгү жок болгон. Ушунун айынан бир дагы маанилүү пайдалуу кен чыккан жер, "Кумтөр" долбоорунан тышкары, 20 жыл аралыгында эксплуатациялоого киргизилген эмес.

Баалуу металлдар менен минералдык чийки заттардын чалгындалган жана тастыкталган запастарынын чоң көлөмдөрүнө карабастан азыркы учурда республикада болгону 4 тоо-кен ишканасы иштеп жатат: Кумтөр жана Макмал алтын кендери (жылына 15-18 тонна, жылына 0,2-0,5 тонна), Хайдаркандагы сымап (жылына 300-320 миң тонна) жана Кадамжайдагы сурьма (жылына 1,5 миң тонна) комбинаты. Мындан тышкары, алтын казуу боюнча анча чоң эмес кендер иштейт - Жамгыр, Терексай, Солтон-Сары жана Иштамберды.

Азыркы учурда кен казып алуу өнөр жайында төмөнкү тармактар бар:

Алтын казуу өнөр жайы. Алтындын запастары 2012-жылдын 1-ноябрына карата 60 негизги алтын чыккан жерлер боюнча, алтындын чалгындалган жана тастыкталган запастары 448 тонна жана алтын аралашмалары 24 кен чыккан жер боюнча - 5 тонна көлөмү эске алынган. Бардык түпкү алтын кендеринен азыркы убакта бешөө иштетилип жатат - "Кумтөр", "Макмал", "Солтон-Сары", "Терек" жана "Тереккан". Өнөр жайлык өздөштүрүүгө 6 кен чыккан жер даярдалган ("Жерүй", "Талдыбулактын сол жээги", "Андаш", "Бозымчак", "Иштамберды", "Куру-Тегерек"), алар боюнча иштеп чыгууга долбоорлор түзүлгөн же долбоорлоо аяктап жатат. Калган объекттерде геологиялык чалгындоо жана издөө иштери жүрүп жатат.

Учурдагы абал. Бул жагында азыр 258 лицензия эсепте, анын ичинде издөөгө жана чалгындоого жана иштеп чыгууга 225и бар. Лицензиялардын мынчалык саны контролсуздукка жана өзүм билемдикке алып келди. Лицензиялар адегенде өндүрүштү уюштуруу же мамлекеттик запасты толтуруу үчүн берилбестен, алар менен кызыл кулактык кылуу, ал тургай аныкталган запастарды жеке компаниялардын келечектүү запастары катары эл аралык фонддук биржаларда сатуу үчүн берилип келген. Мындай акцияларды сатуудан жер казынасынын ээси - мамлекет эч нерсе албайт. Кызмат адамдарынын шалаакылыгынан (20 жыл ичинде) азыркы учурга чейин алтын чыккан жерлерге адегенде алынган лицензиялардын негизги бөлүгү жеке структураларга бир нече жолу кайра-кайра сатылган.

Саясат жана чаралар (i) "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу жалпы мамлекеттик масштабдагы алтын кен чыккан жерлерге мурда берилген лицензияларды узартуу керек. (ii) бир лицензиялык аянтчада издөө жана чалгындоо иштерин өткөрүүгө атаандашкан лицензиаттар менен мамлекеттин мамилелеринин маселесин жөнгө салуу керек. Лицензиялык шарттарды жана КР мыйзамдарынын сакталышына контролдукту жана көзөмөлдү күчөтүү зарыл, лицензиялык тиркемелердин шарттарын сактабагандык үчүн кайра чакыртып алууга чейин жоопкерчилик чараларын күчөтүү керек. Мында бул аракеттер инвестициялык макулдашуулардын алкагында өз милдеттенмелерин аткарып жаткан ак ниеттүү инвесторлорго таасирин тийгизбеши керек.

Түстүү металлургия. Сымаптын чийки заттык базасын Хайдаркан сымап комбинаты иштетип жаткан "Хайдаркан", "Новое" сымап-сурьма-флюорит комплекстүү кен чыккан жерлеринин запастары түзөт. Сурьма кен чыгуучу жана "Кадамжай", "Терек", "Хайдаркан", "Новое", "Кассан", "Түндүк Акташ" жана "Абшир" комплекстүү кен чыккан жерлерде сурьманын чалгындалган запасы 265 миң тоннаны түзөт. Республикадагы чалгындалган уран чыккан жерлер иштелип бүткөн жана акыркы 30 жылда Кара-Балта тоо-кен комбинаты Казакстандан алынып келинген чийки затта иштеп келген. Комбинаттын өздүк чийки зат базасы жок жана анын мындан аркы иши уран чийки затын тыштан берүүгө көз каранды. Калай жана вольфрамдын ири запастары "Трудовое", "Үчкошкон" жана "Кеңсуу" кен чыккан жерлерде топтолгон жана 208 миң тонна калайдын жана 125 миң тонна вольфрамдын запастарын түзөт. "Трудовое" кен чыккан жеринде өнөр жайлык өздөштүрүүгө долбоор түзүлүүдө, казуу 2013-жылдан эрте башталбайт.

Көмүр казуу өнөр жайы. Көмүр казуу өнөр жайы өтө кыйын абалда турат. Көмүрдүн чалгындалган запасы 1,3 млрд. тоннаны, алдын-ала бааланганы - дагы 2,0 млрд. тоннаны түзөт. Кокс көмүрүнүн геологиялык запастары жана божомолдуу ресурстар 260 млн. тоннага жетет, бул аларды чалгындоо боюнча иштерди баштоого жана коксохимиялык өндүрүштү курууну пландаштырууга мүмкүндүк берет. Тармактын негизги көйгөйлөрүнүн бири көмүр жана мунайгаз өнөр жайынын канааттандыраарлык эмес абалы болуп саналат, алар өзүнүн дарамети боюнча өлкөнүн көмүргө болгон суроо-талабын толугу менен жана мунай заттарына болгон суроо-талабын жарым-жартылай канааттандыра алат. Мындай абал көмүрдү ташууга жогору чыгымдар, кен казуу технологиясынын артта калышы, негизги өндүрүштүк фонддордун 95%га чейин абдан эскириши, көмүргө суроо-талап азайган шартта көмүр компанияларынын көпчүлүгүнүн натыйжасыздыгы жана керектөөчүлөрдүн төлөө жөндөмүнүн азайышы менен шартталган. 40-50 жыл мурда түптөлгөн көптөгөн көмүр шахталары жана разрездери көмүрдүн технологиялык эмес запастарын иштетип жатышат. Шахта фонду эскирген, пайдаланылган жабдуулар негизинен бүгүнкү күндүн технологиялык талаптарына ылайык келбейт. Темир жол тарифтеринин кескин өсүшү жана көмүргө суроо-талаптын төмөндөшү көмүр казып алуунун көлөмдөрүнүн төмөндөшүнө, анын кесепетинен аны өндүрүүгө чыгымдардын салыштырмалуу өсүшүнө алып келүүдө. Мындан тышкары, көптөгөн ишканаларда иштер өнөр жай коопсуздугу жана эмгек мыйзамдары жагында КР ченемдик-укуктук актыларын одоно бузуулар менен жүргүзүлүүдө. Көмүр өнөр жайындагы кыйын абалдын негизги себептеринин бири натыйжалуу ээсинин жоктугу, менеджменттин төмөн деңгээли болуп саналат.

Учурдагы абал. Республиканын түндүк региондорунда көмүр кени көп чыккан жерлер Нарын жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. Бирок, дал ушул регион үчүн ички рынокто казакстандын көмүрү басымдуулук кылышы белгиленген. "Турук", "Кара-Кече", "Миң-Куш" жана "Жыргалаң" кен чыккан жерлерин иштетүүгө 13 компания менен лицензиялык макулдашуу узак убакыттан бери толук көлөмдө аткарылбайт, анткени бардык лицензиаттардын аталган кен чыккан жерлерди натыйжалуу өздөштүрүү үчүн карьералык жабдуулары жок. Көмүр кендери жер казынасын пайдалануучулардын көптөгөн санын тартуу үчүн көп участкаларга бөлүнгөн, бул кен казууда технологиялык талаптарды одоно бузуу болуп саналат. Муну менен бирге аларда көмүр казуунун көлөмү лицензиялык макулдашууда жазылган көрсөткүчтөрдүн 10%ын да түзбөйт. Жер казынасын пайдалануучулардын мамлекет менен мамилелери башкы макулдашуу да, экономикалык контрактта же башка жөнгө салуучу документтерде да аныкталган эмес. Натыйжада кен иштетүүлөрүн жүргүзүүгө техникалык долбоорду иштеп чыкпастан жана бекитпестен бардык жер казынасын пайдалануучулардын көмүр казуусуна мамлекет тарабынан контролдук жок.

Өлкөнүн түштүгүндө "Таш-Көмүр", "Сүлүктү", "Кызыл-Кыя", "Көк-Жаңгак" жана башка кен чыккан жерлер 30 жеке структуралар тарабынан бөлүнүп алынган, алардын бири да кен чыккан жерлерди өздөштүрүүнүн таасирдүү инвестициялык программасын сунуштаган эмес. Кыргыз көмүрүнөн Фергана өрөөнүндө жайгашкан Өзбекстандын жана Казакстандын жылуулук электр станциялары, ошондой эле калктын көп бөлүгү обочо калган.

Саясат жана чаралар. Инвестициялык макулдашууларды инвентаризация жүргүзүү жана лицензиаттар тарабынан лицензиялык макулдашуулардын шарттарын (лицензиялык тиркемелерди) аткарбаган учурда көмүр кендерин иштетүүгө мурда берилген бардык лицензияларды жокко чыгаруу.

Мунайгаз алуу өнөр жайы. Мунайдын чалгындалган запастары 97,4 млн. тоннаны, алынуучу - 11,6 млн. тонна, газ - 4,9 млрд.куб.м түзөт. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында 15 мунайгаз чыккан жерлер иштетилүүдө.

Учурдагы абал. Бардык мунайгаз кендери 70 жыл мурда ачылган, алар иштетүүнүн акыркы стадиясында жана дээрлик 70% га иштетилген. Мунайдын калган запастарынан 80%ы кыйынчылык менен алынат. 1992-жылы казылган жаңы мунай скважиналарынын амортизациясы 30%ды түзөт. Ушул факторлордун эсебинен казуу көлөмдөрүнүн табигый төмөндөшү жылына 5 миң тонна мунайды түзөт. Жаратылыш газын алуунун деңгээли кен чыккан жерди иштетүүдөн, жабдуулардын эскиришинен, ошондой эле финансылоонун жоктугунан төмөндөөдө.

Жер казынасын пайдалануучулардын колунда геологиялык чалгындоо иштерин өткөрүүгө 38 лицензия жана чалгындалган запастарды иштетүү максатында 14 лицензия бар. Лицензиаттардын негизги бөлүгү төлөөгө кудуретсиз структуралар болуп саналат, алар лицензияны алуу максатында ишти финансылоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө ар кандай жалган документтерди беришкен, кээ бири лицензия алаардын алдында эле каттоодон өтүшкөн. Жер казынасын пайдалануучулар мурда түзүлгөн Макулдашуулардын шарттарын аткарбагандыгына карабастан лицензиялардын мөөнөттөрү бир нече жолу узартылган. Мамлекеттин лицензия берүүгө туура эмес мамилеси мунайгаз тармагын өнүктүрүү үчүн инвесторлор келбей жаткандыгына алып келүүдө.

Саясат жана чаралар. Инвестициялык макулдашууларды инвентаризация жүргүзүү жана лицензиаттар тарабынан лицензиялык макулдашуулардын шарттарын (лицензиялык тиркемелерди) аткарбаган учурда мунай газ кендерин иштетүүгө мурда берилген бардык лицензияларды жокко чыгаруу.

Курулуш материалдары чыккан жерлер. Республиканын аймагында курулуш материалдарынын, тоо-кен жана химиялык чийки заттар чыккан жүздөгөн кендер чалгындалган. Алардын базасында долбоордук кубаттуулугу жылына 1 млн. тонна болгон 3 цемент заводу (Кант комбинаты), 300 миң тонна ("Технолин" ЖЧК) жана 70 миң тонна (Күрмөнтү заводу), ондогон кыш заводдору жана шагыл-кум аралашмаларын, таш, топурак, акиташ, гипс казуу боюнча карьерлер иштейт. Курулуш материалдарынын түзүлгөн чийки зат базасы республиканын керектөөлөрүн толугу менен дээрлик узак убакытка камсыз кылат жана зарылчылык болсо кыска мөөнөттөрдө курулуш материалдарынын жаңы кен чыккан жерлери чалгындалат.

Учурдагы абал. Акылга сыярлык ой жүгүртпөстөн жана иштетүүнүн технологиялык принцибин бузуу менен чийки зат чыккан бирдиктүү жерди бир нече участкага бөлүп ар кандай структураларга лицензия берилүүдө. Мисалы, Кемин районундагы "Карагайлуубулак" кени 4 участкага бөлүнгөн. Ошентип, экономика үчүн чоң потенциал болгондугуна карабастан, кен эмес чийки зат кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз киреше алуунун чөйрөсү болуп калган жана иш жүзүндө мамлекеттин контролдугунан чыгарылган. Тийиштүү кызматтар бюджеттик каражаттардын жетпегендигине шылтоолоп, жерине баруу менен лицензиялык аянтчадагы казылуучу кен эмес материалдардын көлөмдөрүн аныктабай калгандарына көп болду, кен жана башка иштетүүлөрдү аткаруунун тууралыгын контролдонбой калган, бул жер казынасын пайдалануучулар үчүн ар кандай мыйзамга каршы аракеттерди жүргүзүүгө негиз берет.

Саясат жана чаралар. (i) Азыркы учурда кен эмес материалдар жагында колдонулуучу 74 лицензиянын колдонулушун токтотуу керек. (ii) Өкмөт бир лицензиялык аянтчада издөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүү укугуна атаандаш лицензиаттар менен мамлекеттин мамилесинин тийиштүү системасын түзүүгө тийиш.

Кен казып алуу тармагындагы жалпы маселелер негизинен, реформалардын аягына чыкпагандыгы жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жөнгө салуу базанын өнүкпөгөндүгү менен байланыштуу. Мамлекеттин деңгээлинде тармакты өнүктүрүүнүн концепциялык жана стратегиялык жактан көрө билүү боюнча бир нече жыл алдыга так программа жок, бул коюлган айкын максаттар жана милдеттер жоктугунан реформа жүргүзүүнү татаалдантат. Жер казынасын пайдаланууга жеткиликтүүлүктү тариздөө жол-жобосу татаалданган жана көп сандаган экспертизаларды, макулдашууларды талап кылат. Колдонуудагы "Жер казынасы жөнүндө", "Мунай жана газ жөнүндө", "Көмүр жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүү боюнча макулдашуу жөнүндө", "Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" мыйзамдардын жана мыйзамга караштуу башка актылардын кээ бир жоболору бир-бирине карама-каршы келет же кош чечмелөөгө жол берет. Кен мүлкүнө жана кен чыккан жерлерди иштетүүдө жер пайдаланууга ээлик кылуунун бир катар маселелери жөнгө салынган эмес. Жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзам мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын компаниялардын чарбалык ишине кийлигишүүнүн жогорку деңгээлине жол берет, кызмат адамдарына маселелерди өз каалагандай чечүүгө ашыкча ыйгарым укуктарды берет. Изилденген кен чыккан жерлер бир инвестордон башкасына өткөрүлүп берилет.

Кен казып алуучу жаңы ишканаларды долбоорлоо үчүн негиз болгон инфраструктуралык карталар ар кайсы ведомстволордо чар-жайыт тарап кеткен жана жер казынасын пайдалануучулар үчүн жеткиликсиз. Геологиялык маалыматтын басымдуу бөлүгү эскирген кагаздарда сакталган, мүмкүн болуучу жоготуулар геологиялык тармактын өнүгүүсүн кайра артка тартат жана анын кесепети кен казуу өнөр жайынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Аларды электрондук алып жүрүүчүлөргө өткөрүү өтө эле жайбаракат жүрүүдө.

Кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн максаттары:

- тоо-кен секторунан өндүрүштү диверсификациялоо жана дүйнөлүк экономикага интеграциялоо аркылуу кирешени көбөйтүү;

- менчигинин түрүнө жана өлкөлүк таандыктыгына карабастан бардык жер пайдалануучулар үчүн жагымдуу инвестициялык кырдаалды түзүү;

- пайдалуу кен чыккан жерлерди өздөштүрүү жана кошумча жумушчу орундарды түзүү;

- алдыңкы кен казып алуу технологияларын ишке киргизүү жана казуунун ысыраптуу жана экологиялык жактан зыян ыкмаларын колдонууга каршы туруу;

- жер казынасын пайдалануучулардын, мамлекеттин жана коомдун таламдарынын тең салмактуулугун сактоого багытталган мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү.

Кен казуу тармагындагы мамлекеттик саясат мамлекеттин, инвестордун жана жергиликтүү жамааттын таламдарынын тең салмактуулугун сактоого багытталат.

Милдеттер: (1) мыйзамдар жана мамлекеттик жөнгө салуу жагында жагымдуу шарттарды түзүү; (2) геологиялык инфраструктураны өркүндөтүү; (3) даярдалган кендерди колдонууга киргизүү аркылуу алтын казуу тармагын тездетип өнүктүрүү; (4) жаңы кендерди колдонууга киргизүү жана иштелип жаткан кендерде казууну көбөйтүү аркылуу көмүр жана мунайгаз өнөр жайын тездик менен калыбына келтирүү; (5) кен казуу тармактарынын ишинин ачык-айкындыгын жогорулатуу Демилгесинин (КТАЖД) алкагында милдеттенмелерди аткаруу; (6) кен чыккан жерлер боюнча маалыматтар базасына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу; (7) аз калдыктуу жана калдыгы жок өндүрүштү кеңири колдонуу жана курчап турган чөйрөнүн экологиясына терс таасирин азайтуу менен минералдык ресурстарды сарамжалдуу жана комплекстүү өздөштүрүүнү ишке ашыруу.

Саясат жана чаралар. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясат мамлекеттин жана кен казуу бизнесинин тең салмактуулугун колдоонун негизинде түзүлөт. Саясаттын базалык принциби жеке демилгени ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болушу керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кен өнөр жайын өнүктүрүү миссиясын толугу менен жеке секторго жүктөгөн, ал өзүнө жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарда түшүндүрүлгөн жөнөкөй, так жана айкын эрежелердин алкагында финансылык жана адам ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу коммерциялык тобокелдикти өзүнө алууга тийиш.

Кен казуу долбоорлорунун капиталды көп талап кыла тургандыгын жана ички финансылык ресурстардын тартыштыгын эске алып, саясаттын чаралары иштеп жаткан инвесторлорду жигердүү колдоого жана "жаңыларын" тартууга багытталат. "Жаңы" инвестициялар үчүн ыңгайлуу инвестициялык климат иштеп жаткандардын жана дараметтүү инвесторлордун укуктарын сактоо кепилдиктери болгондо түзүлөт.

Кен казуу бизнесинин шарттарын либералдаштыруу, администрациялык контролдоону кыйла аракеттүү рыноктук (экономикалык) жөнгө салгычтарга алмаштыруу аркылуу мамлекеттин ашыкча контролдоо функцияларын төмөндөтүү, кен чыккан жерлерди иштеп чыгууга укукту соттун чечими боюнча гана жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн белгилөө, рейдерлик тартып алууларды жокко чыгаруу, администрациялык-укуктук башкаруудан жарандык-укуктук жөнгө салууга акырындык менен өтүүнү камсыз кылуу белгиленген. Жер казынасын пайдаланууга мамлекеттин контролдоо саясатына ачык, так аныкталган нормалар жана критерийлер менен ченемдик мамиле жүзөгө ашырылат.

Саясаттын айкын чаралары төмөнкүлөр болот: (i) Кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу; (ii) Концессиялар жөнүндө, кен концессиялары жөнүндө мыйзам долбоорлорунун экинчи пакетин, продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашууларды кабыл алуу, келечекте кен казуу бизнесин өнүктүрүүгө багытталган жер казынасы жөнүндө бирдиктүү кодекске аталган мыйзамдарды жана "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамды бириктирүү мүмкүн; (iii) жер казынасына жеткиликтүүлүккө жана жер казынасын пайдаланууну администрациялоого укукту тариздөөнү жөнөкөйлөтүү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жер казынасын пайдалануу укугун тариздөө практикасын киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат; (iv) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын жүзөгө ашыруу боюнча мыйзамга караштуу актыларды кабыл алуу, кыска мөөнөттөрдө жалпы мамлекеттик масштабдагы кен чыккан жерлер боюнча конкурстук ведомстволор аралык комиссияларды, ошондой эле башка кен чыккан жерлер боюнча аукциондорду түзүү. Жер казынасын пайдаланууга укукту тариздөөнүн сүйлөшүүлөр ыкмасынан принципиалдуу баш тартуу жана лицензияларды, концессияларды бөлүштүрүүнүн конкурстук-аукциондук ыкмасына өтүү, Өкмөт тарабынан конкурстарды жана соода аукциондорунун айкын жол-жоболорун колдонууну караган конкурстар жана аукциондор жөнүндө жобону бекитүүсү; (v) акы төлөнүүчү негизде геологиялык фонддорго кеңири жана эркин жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, фонд маалыматтарынын түп нускаларын берүүгө тыюу салуу жана аны электрондук алып жүрүүчүлөргө тез арада көчүрүү; (vi) иштелген жерлерден рекультивациялоо жүргүзбөй кеткендиги үчүн, алынган геологиялык маалыматты өз убагында бербөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казуу үчүн жер казынасын пайдалануучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу; (vii) геологиялык чалгындоочу жана эксплуатациялык иштерди аттестацияланган жергиликтүү долбоордук компаниялар тарабынан гана долбоорлоонун талаптарын жокко чыгаруу; (viii) кен казуучу ишканалардын ишмердигин ак ниет жүргүзүүгө кедергилик кылуучу адамдарды кылмыш жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу бөлүгүндө мыйзамдарды кайра карап чыгуу.

10.4. Транспорт жана коммуникациялар

 

Учурдагы абал. Акыркы жылдары өлкөнүн инфраструктуралык системасын күтүүгө, эксплуатациялоого жана өнүктүрүүгө финансылык ресурстардын чектелүүлүгү кыйла деградацияга жана эскиришине алып келди. Бюджеттик каражаттардын чектелүү экендиги инфраструктуралык базаны калыбына келтирүүгө жана жаңы долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган мамлекеттик инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк бербейт. Бүгүнкү күндө колдо бар жол тармактарын реабилитациялоо жана жаңыларын куруу мамлекеттик кепилдик менен алынган кредиттик каражаттардын кыйла көлөмүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат.

Бирок кредиттер транспорттук инфраструктураны финансылоодо анын керектөөлөрүн толук жабууга мүмкүндүк бербейт.

Автомобилдик, авиациялык жана темир жолдук ташууларды камсыз кылган транспорттук инфраструктура өтө аянычтуу абалда турат, жүргүнчү-жүк ташуулардын көлөмү жыл сайын 10%га чейин өсүүдө, өнүгүүнүн стратегиялык максаттуу багыты болуп калктын товарлар рыногуна жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн өлкөнүн транспорттук транзиттик дараметин жогорулатуу болуп саналат.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл: (1) эл аралык транспорттук коридорду түзгөн автомобиль жолдорунун беш маршрутун реабилитациялоо; (2) асфальт төшөлгөн автомобиль жолдорунун ички тармагын сактап калуу жана жакшыртуу; (3) өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу; (4) техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген темир жол тарамын курууну баштоо; (5) аба-транспорттук түйүн борборун; (6) электрондук өкмөт системасын ишке киргизүү жана санариптик телерадиоберүүгө өтүү; (7) Түштүк-Түндүк альтернативдик автомобиль жолу менен бириктирүү боюнча жетинчи милдетти чечүү үчүн автомобиль жолунун ТЭНин иштеп чыгууга жана курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.

Кыргыз Республикасында колдонулуучу транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту болуп саналаарын көңүлгө алып, орто мөөнөттү келечекте негизги артыкчылык болуп калктын жүргүнчүлөрдү жана транспорттук жүк ташууларга керектөөлөрүн канааттандыруу, автотранспорт каражаттарынын паркын жаңыртуу жана толуктоо, ошондой эле жол тармагын сактоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө саясат жана чаралар жалпысынан жол-транспорттук комплексте мамлекеттик-жеке өнөктүк механизмдерин киргизүүгө багытталат. Экономиканын бул секторуна жеке инвестицияларды, анын ичинде тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө туура келет, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө бардык керектөөчүлөрдүн катышуусунун андан ары кеңейүүсүнө көмөк көрсөтүү керек.

Биринчи милдетти чечүү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгынын программасынын алкагында ишке ашырылат, ал жүргүнчүлөр жана жүк транспортунун макулдашылган региондук ишмердүүлүгүн карайт. Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан соода-сатыкты жана транспорттук каттамдарды өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды четтетүү боюнча аракеттенүү планы иштелип чыккан. Кыргыз Республикасы аталган программанын активдүү катышуусу болуп саналат жана жөнгө салуучу реформаларды демилгелөөгө ниеттенүүдө, аны менен катар эле региондук жол инфраструктурасынын участкаларын жакшыртмакчы. Төмөнкүдөй беш эл аралык транспорттук коридорду реабилитациялоо зарыл:

 

Суусамыр-Талас-Тараз (узундугу 199 км);

Бишкек-Нарын-Торугарт (узундугу 539 км);

Ош-Баткен-Исфана (узундугу 360 км);

Каракол-Түп-Кеген (узундугу 76 км);

Исфана-Сүлүктү-Ходжент (Тажикстан Республикасынын чек арасына чейин (узундугу 44 чакырым)

 

Автомобиль жолдорунун ички тармактарын сактоо жана жакшыртуу боюнча милдетти чечүү үчүн жыл сайын төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: (1) 300 км ашык узундукта асфальт бетон төшөлгөн автожолдорунун эскирген катмарын калыбына келтирүү; (2) 150 км кем эмес авто жолун асфальт бетон төшөө менен капиталдык оңдоо жүргүзүү;

Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында жол берилген салмактык жана габариттик параметрлерди жөнгө салуу боюнча транспорттук контролду күчөтүү каралат. Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына КМШга катышуучу мамлекеттердин автомобиль жолдору боюнча мамлекеттер аралык ташууларды жүзөгө ашырган транспорттук каражаттардын салмагы жана габариттери жөнүндө Макулдашууга ылайык салмактык жана габариттик параметрлери (ок темирге күч келүү) ашкан транспорттук каражаттардын кирүүсүнө тыюу салуу боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу пландаштырылууда.

Өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүү жаңы айланып өтүүчү автомобиль жолдорун куруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Коңшу мамлекеттердин аймагын кесип өтпөстөн куруу пландаштырылып жаткан айланып өтүүчү автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 170 км ге жакынды түзөт. Айланып өтүүчү автомобиль жолдорун курууда негизги үлүш Баткен облусуна туура келет - мында 125 км автожолдорун куруу талап кылынат.

Төртүнчү жана бешинчи милдеттерди чечүүнүн алкагында 2013-жылдын биринчи кварталында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат, бул андан кийин негизделген инвестициялык чечим кабыл алууга жана түздөн-түз темир жол куруу процессине киришүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү темир жол тармагын куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалат. "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Баткен", "Исфана" аэропортторун реконструкциялоо жана модернизациялоо жана алардын базасында авиатранспорттук хабды түзүү жүргүзүлөт.

Алтынчы милдетти чечүүнүн алкагында байланыш жана коммуникациялар тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү, ошондой эле бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти камсыз кылуу жана инфокоммуникациялык инфраструктураларды натыйжалуу пайдалануу максатында электрондук өкмөттү өнүктүрүү жана модернизациялоо Концепциясы иштелип чыгат жана санариптик телерадиоберүү ишке кирет.

10.5. Туризм жана кызмат көрсөтүү индустриясы

 

Туризм социалдык проблемаларды чечүүдө маанилүү ролду ойнойт, ал кошумча жумушчу орундарды түзөт жана калктын, тактап айтканда элет жеринде жашаган калктын бакубат жашоосун жогорулатат. Азыркы учурда туризм экономиканы жандандыруунун приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. ЮНЕСКО туризмди маданий жана гуманитардык өнүгүүнүн башкы факторунун бири катары тааныйт, ал тынчтыкты сактоого, "маданияттардын ортосунда диалог" жүргүзүү жолу менен элдердин жакындашуусуна өбөлгө түзөт.

Учурдагы абал. Туризм чөйрөсүндө ийгиликтин индикатору болуп чет өлкөлүк жарандардын каражаттарынын эсебинен келип түшкөн кирешелер саналат. 2011-жылдагы маалыматтарга ылайык туризмден түшкөн киреше 630 миллион АКШ долларынан ашыкты түзгөн жана республикага 2011-жылы 800 миңден ашык турист келген. Муну менен туризм чөйрөсүнөн ИДП үлүшү акыркы 5 жылда 4%дын тегерегинде өзгөрүп турат.

Бирок өлкөнүн туристтик дарамети толук көлөмдө пайдаланылбайт. Дүйнөлүк туристтик уюмдун божомолу боюнча Кыргызстан туристтик инфраструктуранын өнүгүүсүнүн тийиштүү деңгээлинде жылына 2,5 млн. чейин чет өлкөлүк туристти кабыл алууга жөндөмдүү, бул көрсөткүч 2011-жылдагыдан 3 эсе ашат.

Республика жогорку туристтик-рекреациялык дараметке ээ, анын аймагында кайталангыс жаратылыштык жана рекреациялык ресурстардын кеңири чөйрөсү, улуттук, маданий жана тарыхый мурастын объекттери топтолгон.

Ошону менен бирге туризмдин андан аркы өнүгүшүн кечеңдеткен бир катар көйгөйлөр бар. Туристтик инфраструктуранын өнүгүүсүнүн деңгээлинин төмөндүгү, өлкөнүн дээрлик бардык автомагистралдарында сапаттуу жол четиндеги инфраструктуранын жоктугу негизги себептердин бири болуп саналат.

Коопсуздуктун комплекстүү системасы тийиштүү деңгээлде уюштурулган эмес. Конок үйлөр жана мейманканалар өз тургундарына мүлктүк да, дене боюнун коопсуздугуна да кепилдик берип жана камсыз кылышы керек. Ошондо гана бизнестин бул чөйрөсү атаандаштыкка жөндөмдүү болот.

Туристтик чөйрөнү андан ары өнүктүрүүдө башкы маселелердин бири болуп тейлөөнүн сапатынын жогору эместиги жана тейлөөчү персоналдын чеберчилик деңгээлинин төмөндүгү саналат, бул Кыргызстанга эл аралык жана региондук туризм рыногунда татыктуу атаандашууга мүмкүндүк бербейт. Буга карабастан, республиканын жогорку окуу жайлары башкаруучу звенону окутуп жатышат, билим берүү рыногунда техникалык персоналды окутуу боюнча сунуштар жок.

Жогоруда саналган бардык проблемалар дүйнөлүк жана ички туристтик рынокто ата мекендик туристтик продуктунун атаандашууга жөндөмүнүн андан аркы төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Колдо болгон дараметти жана учурдагы маселелерди көңүлгө алып негизги максат коюлган: Кыргызстан Борбордук Азиядагы туризмдин региондук борборлорунун бири болушу керек.

Саясат жана чаралар. Белгиленген максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй чаралар көрүлөт: (i) туристтик кластерлерди түзүү, бул туристтик продуктту иштеп чыгуу, өндүрүү, илгерилетүү жана сатуу менен алектенген ишканаларды жана уюмдарды чектелүү аймактын алкагында топтоону болжолдойт; (ii) "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгат; (iii) туризм чөйрөсүндө башкаруучу звенонун кадрларын жана тейлөөчү персоналды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу аркылуу кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүү; (iv) Кыргызстанда туризмди, анын ичинде көчмөндөрдүн Дүйнөлүк оюндарын илгерилетүү үчүн дүйнө өлкөлөрүнүн жана элдеринин арасында маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүү; (v) саясый жана экономикалык форумдарды, ошондой эле ири улуттук иш-чараларды өткөрүү үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык форум-борборун түзүү; (vi) жол боюндагы мейманканаларды, кемпингдерди куруу, жеңил жана жүк ташуучу автотранспорт токтотуучу жайларды куруу жана башкы автомагистралдарда коштоочу инфраструктураны түзүү боюнча масштабдуу пилоттук долбоорду ишке ашыруу. Ушундай долбоорлор региондордун өсүү чекиттери болуп калат, алардын айланасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жигердешет.

Муну менен бирге Кыргызстанда туристтик продукт объекти жана туризмди өстүрүү потенциалы катары туруктуу экосистемаларды жана жаратылыш ландшафттарын камсыз кылуу туристтик тармакты өнүктүрүүнүн сөзсүз шарты болуп калууга тийиш.

11-глава

Региондорду экономикалык жактан өнүктүрүү

 

Региондорду өнүктүрүү өлкө үчүн өзгөчө маанилүү, анткени региондордун экономикалык жана социалдык жактан туруктуулугу гана бүтүндөй өлкөгө туруктуулук алып келип, региондордун экономикалык байланышы бүткүл өлкөнүн экономикасын бирге байланыштырууга мүмкүндүк берет. Ушул документте коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык ар бир регионду өнүктүрүү улуттук долбоорлорго, натыйжалуу экономикалык зоналарды, айрыкча айыл чарбасында түзүүгө байланыштуу, анда өлкөнүн экономикасын региондук диверсификациялоонун өзгөчөлүктөрү эске алынат. Жалпы ишкер климатты, соода инфраструктурасын, жол тармагын жакшыртуу, бюджеттик, салык чөйрөсүндө жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү региондо чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, региондун экономикасынын өсүш темпин көбөйтүүгө, чекене товар жүгүртүү жана калкка рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн андан ары өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Региондордо кандайдыр бир приоритеттүү багыттар бар же өнүгөт, алар "локомотив" болуп, бир нече жылдардан кийин анык натыйжаларга ээ болуу үчүн өз айланасына региондун экономикасынын башка тармактарынын ишканаларын чогултат. Мында чечүүчү ролду жергиликтүү ишкерлер жана бийлик ойнойт, бул чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө алып келүүчү багыттарды тандоого мүмкүндүк берет. Региондор үчүн мындай ишканалар бул калкты иш менен камсыз кылуунун ачкычы жана андан аркы социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн мүмкүндүгү.

Бул милдетти жүзөгө ашырууда жеңил жана кайра иштетүү өнөр жай жагында технополистер негизги роль ойнойт, аларда өндүрүштүк жайлар жана инфраструктура (баруучу жолдор, суу жана электр менен жабдуу) түрүндө зарыл шарттар түзүлөт.

Чек арага жанаша аймактарды өнүктүрүү маселеси өтө курч турат, аларда экономикалык жана социалдык милдеттер мамлекеттин чек ара коопсуздугунун маселелери менен тыгыз байланышкан. Мындай аймактар үчүн экономикалык ишмердикти кеңейтүүгө калкты тартуу жана бекемдөө үчүн социалдык маселелерди чечүү, экономикалык жактан дем берүүнүн өзгөчө чаралары сунушталат. Муну менен катар республиканын облустарынын чек арага жанаша калктуу конуштарын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери өлкөнү жана региондорду өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына өзүнчө киргизилет.

Соңку беш жылдын ичинде региондорду өнүктүрүүдө экономиканын стратегиялык тармагы катары айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Сугат суусунун жетишсиздигинин маселесин чечүү үчүн сугат системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча улуттук долбоорлор жүзөгө ашырылат. Ирригацияны өнүктүрүү колдонуудагы системаларды сактоо жана оңдоо, суу ресурстарын сактоо боюнча иштерди кеңейтүү менен катар жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле үрөнчүлүк чарбаларын, мал чарбасын, ветеринардык кызматтарды ж.б. өнүктүрүүгө багытталган башка долбоорлор да ишке ашырылат. Мындай долбоорлорду жүзөгө ашырууда жергиликтүү фермерлердин, товар өндүрүүчүлөрдүн колдоосу зарыл, ал эми жергиликтүү бийликтердин милдети инвестициялар натыйжалуу болушу жана региондордун экономикасынын өсүшү үчүн түрткү бере тургандай иштерди жүргүзүү болуп саналат.

Региондордун экономикасын өнүктүрүү транспорттук инфраструктуранын жетишсиздиги менен кечеңдөөдө, ал продукттарды өндүрүүчүлөрдүн транспорттук чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк бербейт. Жалпысынан өлкө үчүн жолдорду курууга багытталган улуттук долбоорлор каралган, алар бардык региондор үчүн маанилүү. Өкмөт региондордогу колдонуудагы жолдорду оңдоого жана реабилитациялоого каражат бөлөт жана ошол эле убакта жаңы долбоорлор үчүн кредиттик ресурстарды бөлүү боюнча эл аралык финансы уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Бажы союзуна кирүү алдында региондук айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн потенциалын сактоо жана өнүктүрүү өзүнчө маселе болуп саналат. Бул багытта айыл чарба азыктарынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, кооперациялардын жаңы формаларын өнүктүрүү, КМШ өлкөлөрүнө жергиликтүү продукцияларды экспорттоого багытталган ири агроөнөр жай кластерлерин түзүү зарыл.

Региондордун ишкерлери бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттик ресурстардын жетишсиздигине туш болууда, ошондуктан региондордо банктардын филиалдарынын санын кеңейтүү, кредиттик институттардын тобокелдиктерин азайтуу, кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү үчүн ишкерлердин финансылык маданиятын жогорулатуу чаралары көрүлөт. Өкмөт айыл чарбасына жардам көрсөтүү, региондордогу айыл чарбасынын приоритеттүү багыттарын кредиттөө программалары үчүн финансы каражаттарын бөлүү, айыл чарба техникаларынын лизинги, мамлекеттик уюмдар үчүн айыл чарба азыктарын кепилденген сатып алуулар боюнча ар кандай жолдорду жана башка чараларды колдонот.

Өлкөнүн жана региондордун экономикасына алтынды, башка пайдалуу кендерди чалгындоо жана казуу боюнча колдо бар жана курулуп жаткан ири инвестициялык долбоорлор кыйла салым кошот. Жергиликтүү бийликтер жергиликтүү жамааттар менен бирдикте мыйзамды сыйлаган инвесторлор үчүн ыңгайлуу ишкер климатты камсыз кылууга жана келип чыккан маселелерди, айрыкча экология, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жаатында өз ара кабыл алгылыктуу чечимдерди издеши керек. Кен казуу иштеринен жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттарды сарптоонун ачык-айкындыгын жана коомдук контролду камсыз кылуу зарыл. Өкмөт инвесторлор менен жергиликтүү жамааттардын ортосунда узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелердин оптималдуу моделин табуу үчүн кен казыналарын пайдалануу жагындагы мыйзамдарды өркүндөтөт.

Региондордун экономикасын өнүктүрүү жергиликтүү чийки зат ресурстары колдонулуучу, токтоп турган ишканалардын иштерин калыбына келтирүүгө, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүчү салык системасын өркүндөтүүгө, региондордун экономикаларынын приоритеттүү багыттарын колдоого, региондордон ата мекендик товарларды тышкы рынокторго чыгарууга көмөктөшөт. Бардык региондордо айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарын, чакан жана орто бизнести андан ары өнүктүрүү күтүлүүдө, региондордогу жашоо сапаты жакшырат, өлкөнүн региондорунун өнүгүшүндөгү диспропорция кыйла төмөндөйт.

12-глава

Инвестицияларды чаржайыт пайдалануудан аларды концентрациялоого карай (улуттук долбоорлор)

 

Соңку алты жыл улуттук долбоорлоонун мүнөзүн түп-тамырынан бери өзгөртүү зарылчылыгын көрсөттү. Улуттук долбоорлордун негизине өлкөнүн азыркы көйгөйлөрүн талдоонун өтө таасын системасы жана аларды чечүү боюнча так милдеттерди коюу керек. Мамлекеттик башкарууда "өрт өчүрүү командасынын" жана эчак орун алган фактыларга жооп кылуунун жаман тажрыйбасынан баш тартуу керек, келечектүү пландаштыруу - "оорунун кесепетин дарылагандан көрө, анын алдын алуу жакшы" деген тажрыйбага өтүү зарыл. Улуттук долбоорлорду, өнүктүрүү долбоорлорун финансылоодо "калдык принциптеринен" таптакыр баш тартуу камсыз кылынууга тийиш.

Өкмөттүн программаларында бардык улуттук долбоорлор толук көлөмүндө жана зарыл мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылышына жетишүүнүн так милдети коюлууга тийиш. Мамлекет өлкөнүн улуттук долбоорлорун жүзөгө ашырууда саботаж жана коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө аеосуз күрөш жүргүзүүгө тийиш.

Улуттук долбоор - бул Кыргызстандын бардык көйгөйлөрүн чечүүнүн бирден-бир дабаасы эмес экендигин түшүнүү керек. Ошондой эле улуттук долбоорлор - финансылык ресурстарды жөн гана кайра бөлүштүрүү эмес.

Эң оболу, улуттук долбоорлорду жүзөгө ашыруу - бул мамлекеттин өнүгүшүнө революциялык көз караш. Өз алдынча турганда долбоорлор - бул өлкөдө турмушту сапаттык жактан өзгөртүү үчүн тандалып алынган өнүгүү жактарын көрсөтүп турган багыттар.

Долбоордук мамиле мамлекеттин өнүгүшүнүн негизги чөйрөлөрүн камтыгандыгы менен жакшы. Бул долбоорлор алдыда турган жылдарга ишмердиктин багыттарын көрсөтүп турууга тийиш. Ошону менен бирге долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен бир учурда тармактардын өздөрүн жаңылоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү андан кем эмес мааниси бар милдет.

Улуттук долбоорлор Өкмөт, министрликтер, жергиликтүү бийлик эчактан бери "чечилбей жаткан" башка маселелерди да эми чечүүгө аргасыз болгудай ойлонуштурулушу жана пландаштырылышы керек: Экономиканы системалуу реформалоо жана улуттук долбоорлор өлкөнү экономикалык өнүктүрүү милдеттерин оптималдуу чечүүгө чыгуу максатында бири-бирин толуктап турууга тийиш.

Саламаттыкты сактоо, коргонуу, билим берүү же айыл чарбасы ж.б. финансылоонун жетишсиздигин сезип жатат. Бирок, бардыгына бир учурда тез жардамдашуу мүмкүн эмес. Акча каражаттары аргасыз абалдагы эмес, кийин түзүмдүк реформалардын же өнүктүрүү программаларынын чегинде эч кандай каражаттар жардам бере албай турган, толук кыйроодон сактап калуу керек болгон жактарга бөлүнүүгө жана жумшалууга тийиш.

Алсак, 2011-жылы саламаттыкты сактоодо жана билим берүүдө эмгек акылар жогорулатылды. Мындай чечимди сындоонун негизи бар: эмнеге башка социалдык жана бюджеттик кызматкерлерди саламаттыкты сактоого же билим берүүгө кошууга болбосун? Өкмөт буга алгачкы кадам катары барды, анткени ал жерде өзгөчө курч кырдаал турган. Эгерде идея үчүн гана иштеп жатышкан врачтар менен мугалимдерден айрылсак, анда келечекте саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн жаңы моделдеринин чегинде акчаларды эч ким өздөштүрбөй калат.

Улуттук долбоорлорду финансылоо идеологиясы - бул мүмкүн болушунча натыйжа алуу менен орундуу салымдарды салуу. Алар мамлекеттик каражаттардын эсебинен жеке инвестицияларды алмаштырууну талап кылбайт.

Мамлекеттин финансылык каражаттары, эң оболу, даярдык көрүү иштери жүргүзүлгөн долбоорлорго жөнөтүлүүгө тийиш.

Улуттук долбоорлордун каражаттарын так ушундай пайдалансак, алар экономикага улуттук өнүмдү өстүрүү, жаңы салыктык түшүүлөр, жаңы жумуш орундары катары көбөйтүлгөн түрүндө кайтып келет. Бул эң керектүү маселелерди андан ары чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жөн гана дотацияга жумшалган акча кырдаалды да оңдой албайт жана мамлекеттин ресурстарынан биротоло жок болот.

Албетте, улуттук долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жер-жерлерде уурулук жана саботаж коркунучтары болот. Андай көрүнүштөрдү жоюунун биринчи жана зарыл шарты - бул долбоордун бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенишин так жөнгө салууну сапаттуу пландаштыруу жана аныктоо.

Экинчи шарт - бул бардык этаптарда долбоорлордун илгерилешине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо. Заманбап башкаруу жана маалыматтык технологияларды, анын ичинде долбоорлордун аткарылышын автоматташтырылган режимде контролдоого мүмкүндүк берген технологияларды пайдалануу зарыл.

Үчүнчү зарыл шарт - долбоордук мамиле. Ар бир долбоор боюнча министрликтер үчүн да, региондордун өңүтүнөн да этаптык контролдук көрсөткүчтөр бекитилүүгө тийиш. Аларга жетишүү катуу контролго алынууга тийиш.

Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга контролдук кылуу боюнча ишке коомдук контроль да тартылууга тийиш, анын үстүнө ачыктык жана маалымдуулук - долбоордун өзүнө киргизиле турган башкы принциптердин бири. Бул мүмкүн болушунча толук маалымат алуу укугуна дээрлик бардык саясый күчтөр, бардык коомдук бирикмелер ээ болот дегендик. Бирок контролдук кылуу демейки иштөөгө тоскоолдук кылып, аны бюрократтык создуктурууга айландыруу дегенди билдирбейт. Өлкөнүн алдында турган жана чечилишин өлкөбүздүн жарандары күтүп жаткан приоритеттүү милдеттерди чечүүгө администрациялык ресурстарды топтоо зарыл.

Мамлекетке улуттук масштабдагы конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга өз күч-аракетин топтоп жана инвестициялардын "чачыранды" пайдалануу практикасынан баш тартуу зарыл.

Кийинки беш жыл аралыгында экономиканын стратегиялык тармактарында бир катар инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылат. Өзгөчө айыл чарбасында долбоорлорду жүзөгө ашырууга көңүл бурулат. Өлкөнүн түштүгүндө жана башка региондордо сугат суусунун жоктугу жана жетишсиздик көйгөйүн чечүү үчүн сугаруу системасын куруу жана реабилитациялоо боюнча ирригациялык долбоорлор жүзөгө ашырылат. Ошону менен бирге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана агроөнөржай комплексинде кластерлерди түзүүгө багытталган 8 долбоор ишке ашырылат.

Энергетикада энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн күчөтүүгө жана энергетика тармагында экспорттук потенциалды жогорулатуу (техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну аяктоо жана Камбар-Ата ГЭС-1 куруу, Камбар-Ата-2 экинчи жана үчүнчү агрегаттарын ишке киргизүү боюнча курулушту улантуу, ГЭСтин Жогорку-Нарын каскадын курууну улантуу) боюнча долбоорлор ишке киргизилет. Республиканын электр менен жабдууга көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн республиканын түштүгүндө "Датка" 500/220 кВ көмөк чордонун жана жалпы узундугу 410 км "Датка-Кемин" ЖЧ куруу аяктайт. Энергетика жагында стратегиялык долбоорлор энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Мында өлкөнүн туруктуу чакан энергетикасына инвестицияларды тартуу үчүн шарттар түзүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорго да чоң көңүл бурулат. Сооданы жана транспорттук каттамдарды өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды четтетүү үчүн эл аралык транспорттук коридорлорду жана автожолдорду (Суусамыр-Талас-Тараз, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Исфана-Сүлүктү-Худжант) куруу жана реабилитациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылат. Транспорт секторундагы ири долбоорлордун бири "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууну баштоо болуп саналат. Ошондой эле аба кыймылын уюштуруунун (АКУ) улуттук системасын модернизациялоо боюнча долбоор ишке ашырылат.

Ошондой эле "Дордой" жана "Кара-Суу" дүң соода базарларында өндүрүштүк-логисттик комплекстерди түзүү жана өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын Бажы союзунун өлкөлөрүнө экспорттоо боюнча товар өткөрүүчү инфраструктураны куруу, "Текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн технополис" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылат.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР

 

Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы мамлекет жалпысынан ишмердүүлүгүн башкы реформаларга жана стратегиялык багыттарды өнүктүрүүгө топтой алат дегенди билдирет. Стратегия узак мөөнөтүү динамикалуу өнүгүү үчүн негиз болуп саналат.

Туруктуу саясый системасы, арымдуу өнүккөн экономикасы бар жана калктын кирешеси туруктуу өскөн, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган чыңдалган демократиялуу мамлекет Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча беш жылдык иштин башкы жыйынтыгы болуп калууга тийиш.

Ошондой эле 2013-2017-жылдары мамлекеттик башкаруу, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, коомдук жана улуттук коопсуздук, курчап турган чөйрөнү коргоонун ишке жөндөмдүү системалары менен укуктук мамлекеттин түптөлгөн негиздерин бекемдөө маанилүү. Негизинен жаш муундардын өкүлдөрүнөн кесипкөй негизде Кыргызстандын жаңы элитасын калыптандыруу милдети турат. Мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо жарандардын жана ак ниеттүү юридикалык жактардын укуктарын сактоону, экономиканын, анын ичинде жеке менчик институттарынын фундаменталдык негиздерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга тийиш.

2017-жылга карата кыргыз экономикасынын өнүгүү тенденциясында бурулуш болуп керектөөчүлүктөн стратегиялык тармактарды өнүктүрүүнүн "таянуу чекиттерине" - улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорго негизденген инвестициялык экономиканын форматына өтөт. Ошону менен бирге, улуттук долбоорлорду, өнүгүү долбоорлорун финансылоонун "калдык принцибинен" таптакыр баш тартуу камсыз кылынат.

5 жыл аралыгында түзүлгөн структуралык кайра түзүүлөр үчүн платформа, энергетика секторунда кубаттуулуктарды өстүрүү боюнча ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу 2017-жылга карата өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат. Өлкөнүн бүткүл аймагында калыс баа боюнча энергия ресурстары менен үзгүлтүксүз жабдуу камсыз кылынат, электр энергиясына ички суроо-талап канааттандырылат жана региондо электр энергиясын экспорттоодо Кыргызстандын үстөмдүк кылышына шарт түзүлөт. Экологияны сактоо менен жаратылыш ресурстарын акылга сыярлык пайдаланууга жетишилет.

Трансулуттук магистралдар гана эмес, ошондой эле ички республикалык маанидеги жолдорду да куруу жана реконструкциялоо ырааттуу жүргүзүлөт. 2017-жылга карата региондук кубаттуу транспорттук-логисттик түйүндү куруу идеясы жүзөгө ашырылат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирүүчү темир жол бутагын куруу боюнча иштердин чоң көлөмү жүргүзүлөт. Кыргызстанда региондук авиаташуулар борборун түзүү долбоорун жүзөгө ашыруу башталат.

Телекоммуникациялык инфраструктура өнүгөт, байланыштын андан ары өнүгүүсү жана өлкөнүн региондорун камтууну кеңейтүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. 2017-жылдан кеч эмес сапаттуу байланыш, интернет жана санариптик телекөрсөтүү Кыргыз Республикасынын каалаган жеринде жеткиликтүү болот.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү Стратегиясында белгиленген экономикалык саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжасында экономикалык өсүш туруктуулукка жана стабилдүүлүккө ээ болот, бюджет баланстуу, инфляцияны болжолдосо болот, ал эми Кыргызстанды дүйнө жүзү кедей өлкө жана жакыр эл деп эсептебей калат. Экономикалык өсүштүн оң таасири сезилээрлик болуп, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ИДПнын өсүү темпи жылына орточо кеминде 7% болгондо 2013-2017-жылдардагы мезгилде ИДП өлчөмү номиналдуу алганда 2017-жылга карата 630 млрд. сомго жакынды түзөт жана калктын жан башына эсеп кылганда эки эсеге көбөйөт. 2012-жылы 1200 АКШ долларынан 2017-жылы ал 2500 АКШ долларынан ашуунду түзөт. Бул республиканы кирешелери орто деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарына жакындатат.

2013-2014-жылдары инфляция бир орундуу сандын (9%дан ашпаган) чегинде болот, ал эми 2015-жылдан баштап 5-7%дын чегинде болоору күтүлүүдө. Мамлекеттик карыз ИДПга карата 60%га жакынды түзөт, бул 2012-жылга салыштырмалуу 8 пайызга төмөн.

Бирок экономиканын өсүшүнүн кургак сандарынын артынан адамдар экономиканын өсүшү анын жашоосун, анын үй-бүлөсүнүн, балдарынын жашоосун жакшырткандыгын көрүүгө тийиш. 2017-жылга карата калктын орточо жашоосунун узактыгы 2012-жылдагы 69 жаштан 73 жашка чейин өсөт.

5 жылдын ичинде 350 миңден ашык кошумча жумушчу орундарын түзүү пландаштырылып жатат, демек, ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден иштеген адам болушу керек. Муну менен бирге орточо эмгек акы экономикада 11,5 миң сомдон 2017-жылга карата 26 миң сомго чейин өсөт.

2017-жылга карата кедейликтин деңгээли кагаз жүзүндө эмес, реалдуу түрдө 37%дан 25%га чейин же 12%га кыскарат. Кедейликти кыскартуунун ар бир пайызы - бул өлкөнүн бүткүл калкынын 60%дан ашыгы жашаган айыл тургундарына олуттуу жардам. Айыл чарбасы айыл калкынын кирешелеринин жана бакубаттыгынын ишенимдүү жана кепилденген булагы болот.

Фискалдык система төлөөчүлөрдүн ак ниеттүүлүгүнө жана демилгелүүлүгүнө багытталат. Жалпысынан салык системасы эл аралык жана региондук бизнес үчүн жагымдуу болууга тийиш, ошондой эле өлкөнүн ичинде ири, орто жана чакан бизнес үчүн калыс болушу керек.

Мамлекет адамдардын жашоо-турмушуна реалдуу коркунуч келтирген жана мамлекеттин жоопкерчилиги зарыл болгон тармактардагы процесстерди гана жөнгө салууну улантат. Башка багыттарда мамлекет бизнести жөнгө салууну, лицензияларды жана уруксат берүүлөрдү кеминде эки эседен ашыкка кыскартуу, текшерүүлөрдү жүргүзүү системасын минимумга жеткирүү, бизнес менен бийликтин өз ара аракеттенишин жакшыртуу аркылуу өзүнүн катыштыгын кыскартат.

Мында мамлекет кыргызстандыктардын келечектеги муундарынын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү сактоону жөнгө салуу маселелерин өзүндө калтырат.

Беш жылдын ичинде негизинен эмгекти региондук бөлүштүрүүдө Кыргызстандын орду калыптанат. Ишканалар иштеп, Кыргызстандын таанымал бренддери менен ата-мекендик өндүрүштүн продукциялары ички рынокто гана эмес, ошондой эле чет өлкөдө да бааланат. Кыргызстандын Борбордук Азия регионунда маанилүү финансылык, иштиктүү жана туристтик-маданий борборлордун бири катары калыптануусу үчүн шарттар түзүлөт.

2017-жылга карата Кыргызстан эл аралык "Бизнес жүргүзүү" рейтинги боюнча эң жакшы көрсөткүчтөрү менен отуз өлкөгө кирүүгө, экономикалык эркиндик рейтингинде КМШ өлкөлөрүнүн арасында лидерге айланууга жана 40-орундан төмөн эмес орунду ээлөөгө тийиш Экспорттук потенциалды кеңейтүүнүн эсебинен дүйнөлүк соодага аралашуу өлкөнүн ичинде жарандарыбыз үчүн жумушчу орундарын түзүүгө жана ички милдеттерди чечүү үчүн тышкы ресурстарды тартууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан дүйнөлүк соодага аралашкан өлкөлөрдүн рейтингинде кеминде 60-орунду ээлөөгө тийиш.

Коррупцияга каршы системалуу күрөш жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу 2017-жылга карата өлкөнү коррупцияга чалынуу рейтингинде элүү өлкөнүн бирине чыгарууга тийиш.

Кыргызстандын таламдары ар кандай эл аралык бирикмелерде өлкөнүн мүчөлүгүн активдүү пайдалануу менен алга илгерилейт. Биздин өлкө акырындык менен региондук жана дүйнөлүк өнүгүүдө маанилүү функцияларды аткарган эл аралык ишенимдүү өнөк катары бекемделет.

Мында 2013-2017-жылдардагы мезгилге туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында түптөлгөн кайра түзүүлөргө жетишүү жана конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу бийликтин үч: мыйзамдык, аткаруу жана сот бутагынын текшерилген, ырааттуу жана консолидацияланган ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жарандык коомдун алар менен өз ара аракеттенүү деңгээлине тикелей көз каранды экендигин так түшүнүү керек.

Стратегия экономикабызды, мамлекетти, коомду, ар бир кыргызстандыкты өнүгүүнүн стабилдүү жана туруктуу жолуна алып чыгууга тийиш. Бул жолдун аягы эмес, анын башталышы гана.

Демек, БИЗ БИРГЕЛИКТЕ алга карай ишенимдүү илгерилөө менен БИРГЕЛИКТЕ өз максатыбызга жетебиз.

12-главага тиркеме

1-таблица

Агроөнөржай комплексиндеги инвестициялык долбоорлор (2013-2017-жж.)

 

 

 

 ──┬───────────────────────────────────┬─────────┬─────────┬──────────┐

│N │        Долбоордун аталышы         │  Жалпы  │  Өлчөө  │   Ишке   │

│  │                                   │ нарктык │ бирдиги │  ашыруу  │

│  │                                   │  баасы  │         │  мөөнөтү │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│1 │Минералдык жер семирткич чыгаруу   │  2,0    │млн.долл.│2014-2015 │

│  │боюнча заводун курулушу            │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│2 │14 үрөнчүлүк чарбаны түзүү         │  7,4    │млн.долл.│2013      │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│3 │Тандалган айыл чарба               │  8,5    │млн.долл.│2013      │

│  │кооперативдеринин суроо-талаптарын │         │         │          │

│  │толук камсыз кылуу үчүн өлкөнүн ар │         │         │          │

│  │бир облусунда бирден асыл тукум    │         │         │          │

│  │чарбаларынын тармагын түзүү        │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│4 │Сапат сертификатынын эл аралык     │  1,6    │млн.долл.│2013-2016 │

│  │стандарттарына ылайык заманбап     │         │         │          │

│  │лабораториялардын комплексин түзүү │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│5 │"Кыргызпочтасы" МИни реформалоо    │  5,55   │млн.долл.│2013-2017 │

│  │жана анын базасында ар бир айыл    │         │         │          │

│  │өкмөтүнө сунуш кылынган банктык    │         │         │          │

│  │кызматтардын толук чөйрөсүн        │         │         │          │

│  │көрсөтүүчү почта-сактык системасын │         │         │          │

│  │түзүү                              │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│6 │Бодо малды жасалма уруктандыруу    │  0,5    │млн.долл.│2013      │

│  │пункттары үчүн жабдууларды сатып   │         │         │          │

│  │алуу (300 комплект)                │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│7 │Айыл чарба техникасынын лизингин - │  5,0    │млн.долл.│2013      │

│  │техниканын 325 бирдигин финансылоо │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│8 │Айыл чарба техникасынын лизингин   │ 20,00   │млн.долл.│2013-2014 │

│  │финансылоо                         │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│9 │КРАМ караштуу Суу чарба жана       │ 10,0    │млн.долл.│2013      │

│  │мелиорация департаментин курулуш   │         │         │          │

│  │техникасы менен жабдуу             │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│10│(Баткен облусунун Кадамжай         │  8,3    │млн.долл.│2013-2015 │

│  │районундагы Бүргөндү массивинде)   │         │         │          │

│  │ирригациялык курулуштарды курууну  │         │         │          │

│  │аяктоо жана 3498 га жаңы сугат     │         │         │          │

│  │жерин ишке киргизүү                │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│11│Жети-Өгүз районундагы Кара-Булуң   │  4,2    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │каналын куруу                      │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│12│Чолпон-Ата шаарында агынды сууларын│  1,7    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │колдонуу менен жерлерди сугаруу    │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│13│Ак-Талаа районунун Ак-Сай          │  1,7    │млн.долл.│2013      │

│  │дарыясында башкы суу тосмо         │         │         │          │

│  │курулмасын реабилитациялоо (500 га │         │         │          │

│  │ишке киргизүү)                     │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│14│Кадамжай районундагы Каракыштак-Боз│  8,1    │млн.долл.│2013-2015 │

│  │каналын куруу (270 га ишке         │         │         │          │

│  │киргизүү)                          │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│15│Талас облусунун Кара-Буура         │  9,4    │млн.долл.│2013-2015 │

│  │районундагы Сарымсак каналын       │         │         │          │

│  │реконструкциялоо (1000 га ишке     │         │         │          │

│  │киргизүү)                          │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│16│Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы│  4,2    │млн.долл │2013-2014 │

│  │суусунда БДР куруу                 │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│17│Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу│  8,2    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн│         │         │          │

│  │Беш-Батман каналынын түпкү бөлүгүн │         │         │          │

│  │реабилитациялоо                    │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│18│Баткен районунда Р-4 каналын куруу │  5,2    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │жана колдонуудагы Р-4 каналын      │         │         │          │

│  │арттыруу                           │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│19│Тоң районунда Ак-Өлөң каналын      │  8,4    │млн.долл.│2013-2016 │

│  │реконструкциялоо                   │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│20│Кара-Буура районунда Бахты-Ногой   │  2,5    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │каналын куруу                      │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│21│Панфилов районундагы Кара-Тума     │  5,2    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │БСРын реконструкциялоо жана        │         │         │          │

│  │чарбалык ички тармакты куруу       │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│22│Жумгал районундагы Баш-Куганды     │  0,7    │млн.долл.│2013      │

│  │жерин сугаруу                      │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│23│Ирригацияны өнүктүрүү схемаларын   │  2,2    │млн.долл.│2013-2017 │

│  │иштеп чыгуу                        │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│24│Сугат жерлерин мелиоративдик жактан│ 11,0    │млн.долл.│2013-2017 │

│  │жакшыртуу                          │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┴──────────┤

│  │Жыйынтыгы                          │141,35   │млн.долл.           │

└──┴───────────────────────────────────┴─────────┴────────────────────┘

 

2-таблица

Энергетикадагы инвестициялык долбоорлор

(2013-2017-жж.)

 

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│                             Энергетика                              │

├──┬───────────────────────────────────┬─────────┬─────────┬──────────┤

│N │        Долбоордун аталышы         │  Жалпы  │  Өлчөө  │   Ишке   │

│  │                                   │ нарктык │ бирдиги │  ашыруу  │

│  │                                   │  баасы  │         │  мөөнөтү │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│1 │500 кВ "Датка-Кемин" ЖЧ жана 500 кВ│  389,75 │млн.долл.│2012-2015 │

│  │"Кемин" КЧ куруу                   │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│2 │Кыргызстандын түштүгүн электр менен│  208    │млн.долл.│2013      │

│  │жабдууну жакшыртуу үчүн 500 кВ     │         │         │          │

│  │"Датка" КЧ жана 220 кВ ЖЧ куруу    │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│3 │Жогорку-Нарын ГЭСинин каскадын     │  412    │млн.долл.│2013-2019 │

│  │куруу                              │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│4 │Камбар-Ата ГЭС-2нин                │  131    │млн.долл.│2014-2016 │

│  │2-гидроагрегатын ишке киргизүүнү   │         │         │          │

│  │камсыз кылуу                       │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│5 │Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун ТЭНин  │   15    │млн.долл.│2013      │

│  │иштеп чыгуу                        │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│6 │Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу           │ 3400    │млн.долл.│2013-2022 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│7 │Кара-Кече жылуулук электр          │    5    │млн.долл.│2014-2016 │

│  │станциясынын курулушунун ТЭН иштеп │         │         │          │

│  │чыгуу                              │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│8 │Бишкек шаарынын Ак-Ордо турак-жай  │    5    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │конушунда эки баскычтуу ЖЧ 110 кВ  │         │         │          │

│  │жана КЧ 110 кВ куруу               │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│9 │Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо     │   18,9  │млн.долл.│2014-2017 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│10│Энергетика секторун реабилитациялоо│   55    │млн.долл.│2013-2015 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│11│Бишкек шаарынын ЖЭБин              │  150    │млн.долл.│2014-2017 │

│  │реконструкциялоо                   │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│12│Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү           │   49,3  │млн.долл.│2014-2017 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│13│Энергетика секторун өнүктүрүү      │   44,8  │млн.долл.│2013-2016 │

│  │(АСКУЭ системасын ишке киргизүү)   │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│14│Энергетика секторунун ачыктыгын    │   15    │млн.долл.│2014-2018 │

│  │жогорулатуу жана электр            │         │         │          │

│  │энергиясынын коромжусун кыскартуу  │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│15│Бөлүштүрүү компанияларын реформалоо│   15    │млн.долл.│2014-2016 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│16│Бишкек жана Ош шаарларын энергия   │   23,08 │млн.долл.│2013-2015 │

│  │менен жабдууну жакшыртуу           │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│  │Жыйынтыгы                          │ 4936,875│млн.долл.│          │

└──┴───────────────────────────────────┴─────────┴─────────┴──────────┘

 

3-таблица

 

Транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө

инвестициялык долбоорлор (2013-2017-жж.)

 

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│                             Транспорт                               │

├──┬───────────────────────────────────┬─────────┬─────────┬──────────┤

│N │        Долбоордун аталышы         │  Жалпы  │  Өлчөө  │   Ишке   │

│  │                                   │ нарктык │ бирдиги │  ашыруу  │

│  │                                   │  баасы  │         │  мөөнөтү │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│1 │Бишкек шаарынын жолдорун салуу жана│   30    │млн.долл.│2013      │

│  │реконструкциялоо (10 объект)       │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│2 │Автожол техникаларын жана          │    9,6  │млн.долл.│2013      │

│  │жабдууларды сатып алуу.            │         │         │          │

│  │Автогрейдерлер - 43 бирдик         │         │         │          │

│  │Автожүктөгүчтөр - 20 бирдик        │         │         │          │

│  │Асфальт бетон заводдору - 3 бирдик │         │         │          │

│  │Бульдозерлор - 3 бирдик            │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│3 │Тараз-Талас-Суусамыр (75 км дан    │   22,075│млн.долл.│2013-2016 │

│  │105 км чейин) автожолун            │         │         │          │

│  │реабилитациялоону камсыз кылуу     │         │         │          │

│  │(III фаза)                         │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│4 │Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун    │  154,1  │млн.долл.│2013-2016 │

│  │реабилитациялоону камсыз кылуу     │         │         │          │

│  │(9-272 км, 272-365 км, 365-539 км) │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│5 │Ош-Баткен-Исфана автожолун         │  148,2  │млн.долл.│2013-2017 │

│  │реабилитациялоону камсыз кылуу     │         │         │          │

│  │(10-28 км, 108-123 км, 220-232 км, │         │         │          │

│  │248-360 км)                        │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│6 │Исфана-Сүлүктү-Худжант автожолун   │   40    │млн.долл.│2015-2016 │

│  │реабилитациялоо долбоорун ишке     │         │         │          │

│  │ашыруу (Тажикстан Республикасы     │         │         │          │

│  │менен чек арага чейин), (360тан    │         │         │          │

│  │404 км чейин)                      │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│7 │Бишкек-Ош автожолун                │  120    │млн.долл │          │

│  │реабилитациялоону камсыз кылуу     │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│8 │Баткен, Исфана, Жалал-Абад         │   10    │млн.долл.│2014      │

│  │аэропортторун реконструкциялоо     │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│9 │Аба кыймылын уюштуруунун (АКУ)     │   28,5  │млн.долл.│2013-2014 │

│  │улуттук системасын жаңылоо боюнча  │         │         │          │

│  │долбоорду жүзөгө ашыруу            │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│10│"Манас", "Ош", "Ысык-Көл",         │   11,3  │млн.долл.│2013-2014 │

│  │аэропорттору үчүн навигациялык     │         │         │          │

│  │жабдууларды жана техникалык        │         │         │          │

│  │каражаттарды жаңылоо жана сатып    │         │         │          │

│  │алуу                               │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│11│Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген│    3,0  │млн.долл.│2014      │

│  │темир-жол бутагын куруунун ТЭНин   │         │         │          │

│  │иштеп чыгуу                        │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│12│"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир │    3,5  │млн.долл.│2013      │

│  │жол магистралын куруу боюнча ТЭН   │         │         │          │

│  │иштеп чыгуу                        │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│13│"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир │ 1500,0  │млн.долл.│2015-2016 │

│  │жол магистралын куруу (баштапкы    │         │         │          │

│  │этап)                              │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│14│Электрондук өкмөт инфраструктурасын│    6,5  │млн.долл.│2013-2014 │

│  │киргизүү жана өнүктүрүү            │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│15│Була-оптикалык магистралдык        │   19    │млн.долл.│2013      │

│  │байланыш тармагын курууну камсыз   │         │         │          │

│  │кылуу                              │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│16│Санариптик телерадио берүүгө өтүү  │   26,5  │млн.долл.│2013-2014 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│17│Түштүк-Түндүк альтернативдик    │850      │млн. долл│2013-2017 │

│  │автомобиль жолу менен бириктирүү│        │        │         │

│  │боюнча жетинчи милдетти чечүү   │        │        │         │

│  │үчүн автомобиль жолунун ТЭНин   │        │        │         │

│  │иштеп чыгууга жана куруу         │         │         │          │

├──┼────────────────────────────────┼────────┼────────┼─────────┤

│  │Жыйынтыгы                           │2982,275│ млн.долл│         │

├─┼─────────────────────────┼────── ┼──────┼───────┤

 

4-таблица

 

Инвестициялык, өндүрүштүк-логистикалык долбоорлор

(2013-2017-жж.)

 

┌──┬───────────────────────────────────┬─────────┬─────────┬──────────┐

│N │        Долбоордун аталышы         │  Жалпы  │  Өлчөө  │   Ишке   │

│  │                                   │ нарктык │ бирдиги │  ашыруу  │

│  │                                   │  баасы  │         │  мөөнөтү │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│1 │"Дордой" жана "Кара-Суу"           │   40    │млн.долл.│2014-2015 │

│  │өндүрүштүк-логистикалык            │         │         │          │

│  │комплекстерин өнүктүрүү долбоорун  │         │         │          │

│  │жүзөгө ашыруу                      │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│2 │Бажы союзунун өлкөлөрүнө           │   40    │млн.долл.│2013-2014 │

│  │агропродукцияларды экспорттоо      │         │         │          │

│  │боюнча КРнын товар өндүрүү         │         │         │          │

│  │системасынын инфраструктураларын   │         │         │          │

│  │куруу долбоорун жүзөгө ашыруу      │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│3 │"Манас" эл аралык аэропортунун     │  280    │млн.долл.│2014-2016 │

│  │базасында жүктөрдү-жүргүнчүлөрдү   │         │         │          │

│  │аба аркылуу ташуулардын түйүндүк   │         │         │          │

│  │борборун түзүү долбоорун жүзөгө    │         │         │          │

│  │ашыруу                             │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│4 │"Текстиль-кийим тигүү өндүрүшү үчүн│   22,4  │млн.долл.│2014-2015 │

│  │технополис" долбоорун жүзөгө ашыруу│         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│  │Жыйынтыгы                          │  382,4  │млн.долл.│          │

└──┴───────────────────────────────────┴─────────┴─────────┴──────────┘

 

5-таблица

 

Кен казуу секторундагы инвестициялык долбоорлор

(2013-2017-жж.)

 

┌──┬───────────────────────────────────┬─────────┬─────────┬──────────┐

│N │        Долбоордун аталышы         │  Жалпы  │  Өлчөө  │   Ишке   │

│  │                                   │ нарктык │ бирдиги │  ашыруу  │

│  │                                   │  баасы  │         │  мөөнөтү │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│1 │Кумтөр (алтын 302 т, жыл сайын     │  350    │млн.долл.│2013-2026 │

│  │18-20 т),                          │         │         │          │

│  │Алуу - 81%, 245 т                  │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│2 │Жерүй (алтын, 80-100 т; 15-18 жыл),│  450    │млн.долл.│2013-2028 │

│  │алтын өндүрүү - 2016-ж.            │         │         │          │

│  │Бардыгы - 70-85 т                  │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│3 │Талды-Булак Сол жээк (алтын, 80 т) │  300    │млн.долл.│2014-2028 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│4 │Талды-Булак (алтын, 100 т, жез     │  500    │млн.долл.│2013-2033 │

│  │400 миң т)                         │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│5 │Бозымчак (алтын, 30 т, жез         │  280    │млн.долл.│2014-2027 │

│  │203 миң т) алтын жана жез өндүрүү  │         │         │          │

│  │2014-ж. - 26 т                     │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│6 │Иштамберды (алтын - 30 т), алтын   │  100    │млн.долл.│2013-2025 │

│  │өндүрүү 26 т                       │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│7 │Куру-Тегерек (алтын - 10 т), алтын │  200    │млн.долл.│2015-2018 │

│  │жана жез өндүрүү 2015 - 8,4 т      │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│8 │Тереккан+Терек+Ашуу (80 т) Алтын   │  200    │млн.долл.│2016-2018 │

│  │өндүрүү - 2016-2017-жж. - 70 т     │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│9 │Тоголок+Жангарт (алтын 30 т). Алтын│  200    │млн.долл.│2016-2018 │

│  │өндүрүү 2016-ж. - 25 т             │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│10│Чаарат тобу (алтын, 100 т) Алтын   │  300    │млн.долл.│2016-2018 │

│  │өндүрүү 2016-ж. - 83 т.т           │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│11│Ширальджин (алтын - 22 т) Алтын    │  150    │млн.долл.│2016-2018 │

│  │өндүрүү 2016-ж. - 19               │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│12│Трудовое, Кеңсуу (калай - 148 миң т│  150    │млн.долл.│2013-2020 │

│  │+ 29 миң т, вольфрам - 95 миң, т)  │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│13│Зардалек (алюминий, 150 млн.т)     │   50    │млн.долл.│2016-2017 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│14│Туюк-Каргаша (таш көмүр, 100 млн.т)│  100    │млн.долл.│2016-2017 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│15│Кара-Кече (күрөң көмүр, 188 млн.т) │  100    │млн.долл.│2016-2020 │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│16│Сүлүктү, 11-талаа (күрөң көмүр,    │   50    │млн.долл.│2014-2017 │

│  │105 млн.т)                         │         │         │          │

├──┼───────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┤

│  │Жыйынтыгы                          │ 3130,0  │млн.долл.│          │

└──┴───────────────────────────────────┴─────────┴─────────┴─────────