Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\6a7f6bc0-b4e0-425e-af17-818697579354\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 27-сентябры ПЖ № 194

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы женүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгертүү киргизүү
тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында:

1) 4-глава төменкү мазмундагы 4.6-пункт менен толукталсын:

"4.6. Борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү

Калкты жана башка керектеечүлөрдү суу түтүктөрүнөн берилүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын стратегиялык негизги багыттарынын бири болуп эсептелет. Ичилүүчү суу адамдын жашоо-тиричилигинин, өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп эсептелип, стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ.

Калкты сапаттуу ичилүүчү суу менен борборлоштуруп туруктуу камсыздоо калктын кедейлигинин деңгээлин төмөндөтүүнүн абдан маанилүү факторлорунун бири, калктын саламаттыгын жакшыртуунун өбөлгөсү, анын бакубат жашоосунун жана эмгек рыногун кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүнүн жана адамдын өмүрүн узартуунун негиздеринин бири болуп эсептелет.

Учурдагы абал. Республикадагы борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын көпчүлүгүнүн техникалык абалы канааттандыраарлык эмес болууда, мындай абал өлкөнү маданий өнүктүрүүнүн, өзгөчө айылдык калктуу конуштарда, калктын саламаттыгын сактоонун жана чындоонун талаптарына жооп бербейт жана тургундардын жүйөлүү нааразычьшыгын жаратат.

Кыргызстандын калкынын 87,8 %ы чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдылган, айылдык калктын камсыз болушу 71,7 %ды түзөт.

2000-жылдан бери республикада чет элдик инвесторлордун эсебинен 545 айылда 2 млрд. 500 млн. сом суммасына суу түтүктөрү реабилитацияланды жана курулду, азыркы мезгилде бул жааттагы улантылып жаткан иштердин көлемү аз болууда.

Азыркы мезгилде республиканын айылдарынын 700 минден ашык тургуну чарбалык-ичүү муктаждыктары үчүн сууларды аргасыздан ачык булактардан алып пайдаланууда. Суу менен жабдуу кызматын керсөтүүнү жакшыртууга муктаж болгондордун жалпы саны болжол менен 1,5 млн. адамды түзет.

Борборлоштуруп саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалы кыйла проблемалуу бойдон калууда. Республиканын калкынын 24 %ы, Бишкек шаарында 78 %ы, башка шаарларда 6 %дан 17 %га чейинкиси борборлошкон канализация системасын туруктуу колдоно алат. Ал тургай, бар болгон инфраструктуранын деградациясынын айынан айрым шаарларда жана райондук борборлордо канализация системасын колдонуу жылына 1,5 %га кыскарууда. Айыл жергесинде коомдук имараттардын 3 %ы гана канализация системасы менен камсыз кылынган (мектептер, ооруканалар ж.б.).

Борборлошкон саркынды суу чыгаруунун 350 системасыньш (канализациянын) ичинен 101 система иштеген абалда болгон. 132,8 млн. куб. м түзгөн саркынды суулардын 93,4 %ы канализациянын тазалоо курулмаларына жиберилет.

Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоого, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарларындагы борборлошкон канализация, суу менен жабдуу системаларын жана санитария объекттерин реабилитациялоого жана курууга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.

Ичилүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу маселелерин чечүүдөгү көптөгөн проблемалардын ичинен төмөнкүдөй башкыларын бөлүп көрсөтсө болот

-    суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун көптөген системаларынын техникалык абалынын етө начар болушу;

-    суу менен жабдуу, канализация жана санитария системаларын реабилитациялоого жана жацыларын курууга финансылык каражаттын жоктугу;

-    айылдарда ичилүүчү суунун сапатына өндүрүштүк контролдун жоктугу;

-    чакан шаарларда суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык тейлөөнүн жетишсиздиги жана айылдагы суу түтүктерүн техникалык тейлөөнүн жоктугу;

-    башкаруу түзүмүн өнүктүрүүнүн жетишсиздиги жана айылдарда адистердин жоктугу.

Максаттар. Белгиленген талаптарга жооп берген, чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуунун борборлошкон системаларынан калктын коопсуз ичилүүчү сууну алуусун көбөйтүү жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү башкы стратегиялык максат болуп эсептелет.

Жогоруда баяндалган проблемаларды эске алып, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторундагы мамлекеттик саясатта, орто меөнеттүү келечекте, төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга басым коюлат:

-    2017-жылга чейин 50 айылдын тургундарынын коопсуз ичилүүчү суу алуусун көбөйтүү;

-    2017-жылга карата айылдык калктуу конуштардагы чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуу системаларында ичилүүчү суунун жылдык сынамыктарынын 90%ынын ченемдик сапатка туура келишин камсыз кылуу;

-    ичилүүчү суунун коромжусун 12 %га чейин азайтуу жана суу ресуртарын сарамжалдуу пайдалануу;

-    калктын жакшыртылган канализация жана санитария объекттерин колдонуусун 2013-жылы 24 %дан тартып 2017-жылы 40 %га чейин жогорулатуу;

-    ичилүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйресүндөгү ченемдик укуктук базаны еркүндетүү;

суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана коомчулукту тартуу;

-    Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоону камсыз кылуу;

-    ичилүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторун енүктүрүүгө инвесторлорду тартуу.

Бекитилген мамлекеттик программалардын чегинде суу менен жабдууну жана саркынды сууларды чыгарууну енүктүрүү боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин елкөнүн бюджетинин финансылык мүмкүнчүлүгү менен теңештирүү боюнча артыкчылыктын алкагында темөнкудөй чараларды керүү зарыл:

-    айылдык калктуу конуштардагы ичилүүчү суунун сапатын өндүрүштүк контролдоо үчүн Суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин үч өндүрүштүк жана бир көчме лабораториясын уюштуруу;

-    суу түтүктөрүн жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык тейлөө боюнча райондук чарбалык эсептеги сервис борборлорун түзүү;

-    кадрларды даярдоо жана квалификациясын көтерүү боюнча республикалык окутуу борборун түзүү;

-    агып чыккан сууларды борборлошкон канализация системаларына кабыл алуунун жана агып чыккан сууларды суу объекттерине агызуунун шарттары боюнча; борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуу үчүн булактарды тандап алуу боюнча; суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун тышкы тармактарынын жана курулмаларынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерди иштеп чыгуу;

-    суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалыматтар базасын түзүү;

-    Кыргыз Республикасында 2013-2023-жылдарга ичилүүчү суу менен жабдууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча планды иштеп чыгуу;

-    Бишкек жана Ош шаарлары үчүн суунун коопсуздугун камсыз кылуу пландарын иштеп чыгуу;

-    ичилүүчү суу жеткирүүчүлердүн өндүрүштүк контролдоо пландарына "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти киргизүү;

-    100 % мектептердеги жана мектепке чейинки балдар мекемелериндеги суу менен жабдуу системаларынын абалына жана модернизациялоо үчүн инвестициялардын көлөмүне баалоо жүргүзүү жана анын негизинде реабилитациялоо жана аларды туруктуу каржылоо булактары менен камсыз кылуу программаларын иштеп чыгуу;

-    канализациянын жакшыртылган, анын ичинде кичи системаларынын типтүү долбоорлорун жана аларды пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу;

-    Азия өнүктүрүү банкынын "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү;

ичилүүчү суулардын коромжу болушуна талдоо жүргүзүү, жыйынтыктарын кеңири коомчулукка билдирүү; ,

-' суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин учурдагы оңдоолорун жүргүзүү боюнча алдын алуу иштеринин методикасын жана графигин иштеп чыгуу жана киргизүү;

-    коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн веб-сайттарды иштеп чыгуу;

-    ЖМКда маалымат материалдарын жана басылмаларды чыгаруу аркылуу ичилүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча калк арасында кеңири уюштуруу-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-    борборлошкон суу менен жабдуу системаларындагы ичилүүчү сууну лабораториялык изилдөелөрдүн жыйынтыктарын жол берилип чектелген концентрациядан ашкан ар бир көрсөткүчү боюнча өзүнче эсепке алуу тартибин киргизүү;

-    борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуунун булактарынын санитардык коргоо зоналарынын абалын, Чүй дарыясынын бассейниндеги аларды булгоочу азыркы жана потенциалдуу булактарды тандап алып изилдөөнүн ведомстоволор аралык механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү;

-    изилдөөлөрөдүн негизинде борборлошкон чарбалык-ичилүүчү суу менен жабдуунун Чуй дарыясынын бассейниндеги булактарын реабилитациялоонун комплекстүү программасын иштеп чыгуу;

-    Чүй дарыясынын бассейни үчүн борборлошкон, борборлошпогон ичилүүчү багыттагы суу алгычтардын реестрин иштеп чыгуу;

-    Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинде мониторинг жүргүзүү бөлүмүн түзүү.";

2) 10.4-пунктта:

-    төртүнчү абзац "; (7) Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобиль жолунун ТЭНин иштеп чыгуу жана куруу" деген сөздөр менен толукталсын;

-    төменкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Республиканын түндүк жана түштүк региондорун альтернативдик автомобиль жолу менен бириктирүү боюнча жетинчи милдетти чечүү үчүн автомобиль жолунун ТЭНин иштеп чыгууга жана курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.";

3) 12-главанын тиркемесинин 3-таблицасында: -төменкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

 

┌──┬───────────────────────────────────┬─────────┬─────────┬──────────┐

│17│Разработка ТЭО и строительство     │  850    │млн.долл.│2013-2017 │

│  │альтернативной автомобильной дороги│         │         │          │

│  │Север-Юг                           │         │         │          │

└──┴───────────────────────────────────┴─────────┴─────────┴──────────┘

 

 

 - "Жыйынтыгы" деген саптагы "2132,275" деген цифралар "2982,275" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев