Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\ac8bbb63-9776-494a-bef0-4c792fad584f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 17-июну ПЖ № 142

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу

(КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

2) төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө талапкерлерди компьютердик тестирлөө алыскы райондордон тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында жана анын аймактык өкүлчүлүктөрүндө жүргүзүлөт. Бланктык тестирлөө өткөрүлгөн алыскы райондордун тизмеси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан белгиленет;

- муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө техникалык жана уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан аныкталат.";

       3) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө Жободо:

- 5, 12, 20, 21-1-пункттардагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Мамкадр кызматы" деген сөздөр "КР МКК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"8. Комиссиянын түзүмү жана курамы:

- төрага - шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси;

- катчы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы аныктаган муниципалдык кызматчы;

комиссиянын мүчөлөрү:

- КР МККнын өкүлү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;

- облустук маанидеги шаарларда конкурс өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү же райондук маанидеги шаарларда жана айылдык аймактарда конкурс өткөрүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү;

- кадр жана юридикалык кызматтардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлү (кызматкери);

- жарандык коомдун өкүлү.".

      5) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

                        (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев