Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3af3f45b-ea74-4ae5-9fe3-b2ad61ba0fd0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2007-жылдын 27-октябры ПЖ № 481

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана

күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96

Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376 "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык жана структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө" Жарлыгынын бүткүл тексти боюнча ", өнөржай" деген сөз алынып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 23-июлундагы № 284 "Ишкердик субъекттеринин ишине контролдоочу, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясында", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинде", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинде", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полицияга" деген тийиштүү сөздөргө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген аскердик кийим формасын жана айырмалоочу белгилерди кызматкерлер кийүүгө укуктуу болгон министрликтердин жана ведомстволордун тизмесинин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын кийиминин, бут кийиминин, жабдыктарынын жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн сунуш кылынган параддык жана күнүмдүк погондорунун сыпаттамасынын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы", "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын чегара аскерлеринин аскер кызматчылары", "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жарандык коргонуу жана өрткө каршы кызматынын аскер кызматчылары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети", "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер кызматчылары", "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жарандык коргонуу жана өрткө каршы кызматынын аскер кызматчылары" деген тийиштүү сөздөргө алмаштырылсын.

6. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-ноябрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын андан ары реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-5 жана 8-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин. 2004-жылдын 11-майындагы № 163 "Россия Федерациясы боюнча GITESтин Администрациялык органы менен байланышуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 31-июлундагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын Кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-майыңдагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 448 "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигин түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-ноябрындагы № 533 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 19-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору жөнүндө" Жарлыгынын 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 100 буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев