Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3aa6c80c-bc5d-4099-a703-a35f4c6c30c0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2014-жылдын 24-июну ПЖ № 124

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө"

Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын андан ары реформалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президенгинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө", 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жө}1үндө" жарлыктарына ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестринде:

- "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главанын "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген графасында:

II топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Президенттин кеңешчиси";

III топтун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

"Атайын  мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главанын "Башка атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген графасында:

I топ төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Куралдуу Кучтөрдүн Башкы штабынын начальниги";

II топ төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин орун басары

Улуттук гвардиянын командачысы";

III топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Улуттук гвардиянын командачысынын орун басары";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

"Саясий муниципалдык кызмат орундары" деген 1-главада:

IV топ төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Республикалык маанидеги шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

Республикалык маанидеги шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы(**)

Облустук маанидеги шаардык кецештин төрагасы Облустук маанидеги шаардын мэри";

-       жогоруда аталган Реестрге эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"(**) - республикалык маанидеги шаардык кеңештердин чечими боюнча туруктуу комиссиялардын экиден коп эмес төрагасы.".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күпдон тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев