Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин
2014-жылдын 14-ноябрындагы
ПЖ № 203 Жарлыгы менен
бекитилген

 

2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫ

КИРИШ СӨЗ

2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) диний уюмдардын жана бирикмелердин ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги багыттарын жана принциптерин аныктайт.

Концепция мамлекеттин дин аралашпаган конституциялык принцибинин негизинде (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренеси), мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылаарын (5-берене), ошондой эле Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес; дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган; диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат деген Конституциянын 7-беренесинин жоболорун эске алуу менен иштелип чыккан.

Бул Концепция - 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын "Мамлекеттик-диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди оптималдаштыруу" бөлүмүнүн приоритеттерин ишке ашыруу боюнча максаттарга, милдеттерге жана зарыл болгон чараларга мамлекеттин расмий өңүтүн билдирет.

Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы № 24 ПЖ "Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу" Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.

Дин Кыргыз Республикасын социалдык, маданий жана руханий өнүктүрүүнүн олуттуу бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасында эгемендик жылдарында диний чөйрөнү эркин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Диний уюмдардын ырасымдык, социалдык, өндүрүштүк-чарбалык ишиндеги чектөөлөр алып салынды. Мамлекет менен конфессиялардын ортосундагы цивилизациялык мамилеге негиз салынды, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалог, социалдык өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлдү.

Ошол эле учурда диний саясаттын концептуалдуу негиздерин иштеп чыгуунун жана мамлекет менен диндин өз ара аракеттенүү форматын аныктоонун зарылдыгын мамлекеттик органдар жана коомчулук түшүнүп калды. Муну Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы Чечими, ошондой эле ушул Концепцияны иштеп чыгууда коомдук талкуунун жүрүшүндө айтылган пикирлер айгинелеп турат.

Концепцияны иштеп чыгуунун жүрүшүндө Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү натыйжалуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун методологиялык негиздерин жана концептуалдык базасын иштеп чыгууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана кеңири коомчулуктун катышуусу үчүн шарттар түзүлдү. Коомдук жана эксперттик талкуунун форматында документти иштеп чыгуунун жүрүшүндө төмөнкүлөр иштелип чыкты жана макулдашылды:

- диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка негиз болгон башкы түшүнүктөр, принциптер жана баалуулуктар;

- мамлекет менен диндин өз ара аракеттенүүсү жааттарындагы мамлекеттик диний саясаттын приоритеттүү багыттары;

- диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун этаптары жана механизмдери.

I. ДИНИЙ ЧӨЙРӨДӨГҮ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫН ПРИНЦИПТЕРИ ЖАНА МАКСАТЫ

 

1.1. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык диний чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун өңүтү жана анын принциптери

Конституциялык принциптерди, азыркы мезгилде диний чөйрөдө түзүлгөн кырдаалды талдоону эске алуу менен Концепцияда Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен диндин ортосундагы келечектеги өз ара аракеттенүүгө төмөнкүдөй өңүт берилет.

Диний уюмдар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт, мамлекет тарабынан диний конфессияларга бирдей мамиле кылынат.

Мамлекет регуляторлорду киргизет, алар адам укуктарын сактоонун негизги принциптерин жана мамлекеттин дин аралашпаган мүнөзүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний бирикмелердин жана уюмдардын ишин жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылат.

Ошол эле учурда диний бирикмелер жана уюмдар мамлекеттик башкарууга, мамлекеттин ички жана тышкы саясатына кийлигишпейт, өз ишинде саясий максаттарды көздөгөнгө, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жүргүзгөнгө укугу жок.

Мамлекет жана диний бирикмелер социалдык, маданий, билим берүү, кайрымдуулук жана экономика чөйрөлөрүндө, ошондой эле экстремизмди алдын алууну кошкондо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде кызматташат.

Жарандардын мыйзам алдындагы бирдейлигин камсыз кылуу максатында мамлекет Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүктү өнүктүрүүгө тоскоол болбойт. Диний көп түрдүүлүк жарандардын руханий муктаждыктарын канааттандыруу укугун ишке ашырууну камсыз кылат, инсандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, элди бириктирүү үчүн зарыл болгон жарандык демократиялык аң-сезимди калыптандырууга өбөлгө болот. Кыргызстандын полиэтностук жана поликонфессиялык коомунда дин элдин биримдигин чыңдоодо жана маданий окшоштукту, Кыргызстан үчүн салттуу болуп калган диний сабырдуулукту, ынак коңшулукту жана ынтымакты сактоодо маанилүү ролду ойнойт.

Диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу кыргыздардын жана жалпы алганда Кыргызстандын улуттук маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат, аларга кайсыл бир диний баалуулуктарды карама-каршы коюуга жол бербейт.

Диний бирикмелердин жакшы потенциалы социалдык чөйрөдөгү проблемаларды чечүү, Кыргызстандын элинин тарыхый маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү, коомдогу руханий-адеп- ахлактык жагдайды жакшыртуу үчүн тартылат.

Мамлекет диний бирикмелер менен өзүнүн мамилесин баамчылдык менен, максаттуу жана дифференциалдуу түзөт, мында диний бирикмелердин мыйзам алдындагы теңдигинин принциби жана реалдуу коомдук муктаждыктар эске алынат.

Кыргыз Республикасында конституциялык түзүлүштү алмаштырууну, дин аралашпаган системаны теократиялык системага которууну элге ачык пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологиялар мыйзам менен тыюу салынат.

Кыргызстан диний чөйрөнү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун, биринчи кезекте бардык диний уюмдардын жана бирикмелердин кызматташуусунун деңгээлин жогорулатуу аркылуу Борбордук Азия регионундагы калкынын көпчүлүгү мусулман болгон дин аралашпаган демократиялуу мамлекеттин моделин түзөт.

Диний чөйрөдөгү азыркы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясында баяндалган өлкөнүн негизги мүнөздөмөлөрү менен аныкталган. Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын жетекчиликке алат.

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкү негизги принциптерди ишке ашырууну камсыз кылат.

Кыргыз Республикасы - эгемендүү мамлекет. Кыргыз Республикасында дин жана диний уюмдар боюнча мамлекеттик саясат кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, мамлекеттин эгемендигин жана элдин биримдигин сактоого багытталат.

Мамлекет диний уюмдарга карата бейтараптуулугун сактап, диний, маданий, улуттук өзгөчөлүктөргө таянып, өзүнүн саясатын салттуу адеп-ахлак баалуулуктарды сыйлоо форматында ишке ашырып, Кыргызстан элинин руханий дараметин жана маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

Кыргыз Республикасы - укуктук мамлекет. Кыргыз Республикасында динге жана диний уюмдарга карата мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерине жана ченемдерине, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерге негизделет.

Мамлекет ар бир жаранга абийир жана дин тутуунун эркиндигине болгон укуктун кепилдигин камсыз кылат, аларга төмөнкүлөр кирет:

- диний жана башка ынанымдарды эркин тандоо, тутуу жана жайылтуу, жөрөлгө жасоодо, диний жана расымдык ырым- жырымдарды аткарууда аларга ылайык аракеттенүү;

- өз алдынча же башкалар менен бирдикте ачык же жеке өзүнчө ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугу;

- динге болгон мамилесине, диний же коомдук уюмдарга жана бирикмелерге таандыктыгына карабастан, адамдын жана жарандын укугунун жана эркиндиктеринин бирдейлиги;

- диний уюмдардын мыйзам алдындагы бирдейлиги, мында дин тутуунун жана диний иштин эркиндигинин бирдиктүү укуктук негиздерин жана кепилдиктерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында орнотуу каралат;

- ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын жеке ынанымдарына ылайык өздөрүнүн балдарына диний жана адеп- ахлактык тарбия берүүнү камсыз кылуу эркиндиги;

- жашы жете элек балдарды диний бирикмелерге тартууга, ошондой эле алардын эркине каршы жана ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын макулдугусуз диний окууга тартууга тыюу салуу;

- жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ченемдик укуктук актылары менен гана жана конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын адеп-ахлагын, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында зарыл болгон өлчөмдө гана чектөө.

Кыргыз Республикасы - дин аралашпаган мамлекет, ар бир адамга абийир жана дин тутуунун эркиндиги кепилдик кылынат. Мамлекет дин боюнча өзүнүн саясатын дин аралашпаган система менен баалуулуктардын диний системасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана эриш-аркак мамиленин негизинде жүргүзөт.

Диний уюмдарды мамлекеттик жөнгө салуунун дин аралашпаган принциби мамлекеттик органдардын ишине диний уюмдардын жана ырасымдардын кызматчыларынын кийлигишүүсүн болтурбоо жолу менен дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылгандыгы тууралуу конституциялык ченемди ишке ашырууну билдирет.

Кыргызстанда мамлекет дин аралашпаган мүнөздө болгондуктан, эч ким өзүнүн диний же башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбайт жана туткан дининин белгилери же анысынын жоктугу боюнча басмырланбайт.

Абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу дин аралашпаган мамлекетте мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын функцияларын ажыратуу принцибинин негизинде жүргүзүлөт. Бул принцип төмөнкү шарттар сакталганда ишке ашырылат:

- мамлекет конфессиялык жактан нейтралдуу болуп эсептелет, эч бир динге артыкчылык бербейт жана кандайдыр бир диний идеологияны жарандар үчүн милдеттүү расмий катары колдонбойт;

- диний уюмдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине кийлигишпейт; алар сунуштары, арыздары жана диний уюмдар өткөрүүчү иш-чараларга катышууга чакыруу менен мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу;

- диний уюмдар кандайдыр бир мамлекеттик функцияларды аткарбайт;

- диний уюмдар саясий партиялардын жана партиялык кыймылдардын ишине катышпайт;

- мамлекет конфессиялар ортосундагы ынтымакты, ар кандай конфессиялардын жамааттарынын, ошондой эле динге ишенгендер менен динсиздердин ортосундагы өз ара сый мамилени чыңдоого өбөлгө түзөт;

- мамлекеттин диний уюмдардын ички конфессиялык ишине кийлигишүүсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында гана каралган учурларда жол берилет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын диний уюмдар тарабынан сакталышына мамлекеттик контролдоо динге ишенгендердин диний түшүнүктөрүнө мамлекеттик бийлик органдары тарабынан сый мамиле кылуу принцибине негизделет.

Мамлекет абийирдин жана дин тутуунун эркиндигин камсыз кылып, жеке, коомдук жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо принциптерин негиз кылып, стабилдүүлүктү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында төмөнкүдөй чараларды көрөт:

- диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбайт жана аларды чечүү үчүн чараларды көрөт;

- инсан, коом жана мамлекет үчүн кооптуу болгон диний уюмдардын жана кыймылдардын ишин чектейт;

- экстремисттик же деструктивдүү идеяларды пропагандалоону, диний жаатчылыкты жана зомбулукка чакырыктарды болтурбоо максатында диний билим берүүнүн, диний адабияттардын, ЖМКдагы диний материалдардын мазмунуна контролдук кылат.

Кыргыз Республикасы - социалдык мамлекет. Мамлекеттик бийликке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын ачыктыгы жана жоопкерчилиги, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүргүзүүсү сыяктуу принциптер негиз болот.

Мамлекет өзүнүн маданий жана билим берүү саясатында диндердин Кыргызстандын жалпы улуттук маданиятына кошкон салымын эске алат жана диний уюмдар менен бирдикте тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоо жана пайдалануу боюнча чараларды көрөт.

Мамлекет Кыргызстандын коомунун руханий, этикалык, маданий негиздерин калыптандырууга жакшы таасир тийгизген диний уюмдар менен приоритеттик тартипте кызматташат.

Мамлекет диний уюмдардын кайрымдуулук, маданий- агартуучулук, патриоттук, илимий, тынчтыкты сактоочулук ишин өнүктүрүүгө, өлкөнүн коомдук жашоосуна алардын конструктивдүү катышуусуна өбөлгө болот.

1.2. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаты жана милдеттери

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаты - жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөө, диний радикализмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча диний жана коомдук институттардын ишин адам укуктарынын жана дин тутуу эркиндигинин принциптеринин негизинде натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу аркылуу мамлекеттин дин аралашпаган мүнөзүнө негизделген мамлекеттик- конфессиялык кызматташтыгынын оптималдуу моделин түзүү.

Коюлган максатка жетишүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл:

- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний уюмдары менен мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын базасын өркүндөтүү;

- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний чөйрөдөгү ишин системалуу кылуу жана натыйжалуулугун арттыруу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тармактык министрликтер, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийликтин жана өз алдынча башкаруунун органдары менен, ошондой эле жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин өркүндөтүү;

- конфессиялар ортосундагы диалогду, ар кандай ишенимдерге жана дүйнө таанымдарга сый мамиле кылуу, толеранттуулук жана диний сабырдуулук, диндердин радикалдашуусун жана экстремизмин болтурбоонун принциптерин бекемдөөгө багытталган мамлекеттик билим берүүчүлүк, маданий жана маалыматтык саясаттын комплекстүү чараларын көрүү;

- мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө, деструктивдүү жана радикалдуу агымдарга каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү.

II. ДИНИЙ САЯСАТТЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

 

2.1. Диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу

Кыргыз Республикасында поликонфессиялык коом түзүлдү. Өлкөдө жарандардын олуттуу бөлүгү ушул аймакта тарыхый жактан калыптанып калган, Кыргызстан элинин маданиятын өнүктүрүүдө маанилүү рол ойногон диндерди тутунат. Көп учурларда, суннит исламынын ханафий мазхабынын жана православ христианчылгынын бириктирүүчү ролунун натыйжасында Кыргызстандын элинин маданиятынын бөтөнчө биримдиги жана көп түрдүүлүгү пайда болгон жана сакталып калган.

Советтик бийликтин жылдарында диний уюмдардын иши катуу чектелген, алардын көпчүлүк бөлүгүнө тыюу салынган. Эгемендүү Кыргызстандагы мамлекеттик жана коомдук системанын демократияга өтүү процесси республикада диндердин өнүгүшүнө алып келди, ал диний жагдайдын кескин өзгөрүшүнө өбөлгө болду. Жарандарда дүйнө таанымы жана дин жаатында өзүн-өзү эркин аныктоонун, өзүнүн динин үйрөнүүнүн жана жайылтуунун мүмкүнчүлүгү пайда болду. Натыйжада динге ишенгендердин саны кескин өстү, диний арналыштагы объекттердин саны көбөйдү, жаңы диний уюмдар жана бирикмелер пайда болду.

1990-жылдары динге ишенгендердин көпчүлүк бөлүгү эки конфессияны: суннит ислмынын ханафий мазхабын жана православ христианчылыгын тутунган. Бирок эгемендиктин мезгилинде өлкөнүн аймагында постсоветтик өлкөлөр үчүн жаңы болгон христиандык, исламдык багыттагы ар кандай идеяларды жана дүйнө таануучу агымдарды жайылткан башка диний уюмдар ишин активдүү жүргүзө баштады.

Борбордук Азия элдери салттуу түрдө тутунган ханафий мазхабы өзүнүн диний сабырдуулукту тутунгандыгынын натыйжасында ислам баалуулуктарын улуттук салттарга жана каадаларга карама-каршы койбогондугу, мамлекет менен өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн идеологиялык негизге ээ болгондугу менен исламдын башка мазхабдарынан жана агымдарынан айырмаланып турат. Мунун өзү советтик мезгилде активдүү атеисттик пропагандага карабастан, салттуу исламга мамлекет менен ачыктан- ачык чыр-чатагы жок өнүгүүгө мүмкүндүк берди.

Эгерде 1990-жылы Кыргызстанда 39 мечит болсо, ал эми 2014- жылы өлкөдө 2362 мечит жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (мындан ары - КМДБ) түзүмүнө кирген 81 ислам окуу жайы иштейт. Ошондой эле 2014-жылы Кыргыз Республикасында 68 мусулман борбору, фонддор жана бирикмелер катталган, алар билим берүү, агартуу, кайрымдуулук иштерин жүргүзөт жана ырасымдык объекттерди курушат.

Ырасымдык объекттердин санынын кескин өсүшү түркиялык, пакистандык, арабдык, ирандык жана башка диний уюмдардын жана өкүлдөрдүн таасиринин жана финансылык колдоосунун негизинде болду. Бул процесс жаңы ырасымдык практикалардын пайда болушуна жана мусулман жамаатынын катмарларга бөлүнүшүнө алып келди, бул келечекте диний негизде карама-каршылыктардын жана чыр-чатактардын жаралышына алып келиши мүмкүн.

Өлкөдө христиан уюмдарынын саны да өсүүдө, алардын саны 2014-жылы 378ге жетти. Алардын ичинен динге ишенгендеринин саны боюнча эң ириси болуп Москва Патриархатынын Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан епархиялары эсептелет. 1991-жылы Кыргызстанда 29 чиркөө коому болсо, азыркы мезгилде 49 чиркөө коому жана 1 аялдар монастры иштейт. 2012- жылы православ дини Кыргызстанда пайда болгондугунун 140 жылдыгын белгиледи.

Өлкөдө башка христиандык диний уюмдардын ичинен расмий түрдө: 4 католиктик, 50 баптисттик, 20 лютерандык, 56 элүүнчүлөр, 31 жетинчи күндүн адвентистери, 38 пресвитериан, 43 харизматикалык, 41 Иегова күбөлөрү, 18 башка христиандык уюм, 26 чет элдик протестанттык миссия бар. Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан ошондой эле 1 еврей жамааты, 1 буддисттик, 12 бахаи дининин жамааты каттоодон өткөн.

Саналгандардан тышкары Кыргызстанда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтпөстөн, негизинен коомдук, кайрымдуулук, маданий-агартуучулук, саламаттыкты чыңдоочу жана башка уюмдар катары диний ишти жүргүзгөн диний бирикмелер да бар.

Мамлекет менен диндин өз ара мамилесинин натыйжалуулугу демократиялык коомдун туруктуулугун жана өнүгүшүн камсыз кылуунун маанилүү аспекти болуп эсептелет. Диндин эгемендик жылдарында калыптанып калган коомчулуктун жана мамлекеттин турмушуна тийгизген таасиринин жакшы жактары бар:

- дин Кыргызстан элинин маданиятынын салттуу негиздерин, коом менен инсандын адеп-ахлактык-баалуулуктарын бекемдөөгө өбөлгө болот, ар кандай турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга кризистен чыгууга жана руханий жактан колдоого жардам көрсөтөт;

- социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн, локалдуу жана глобалдуу кризистердин жана чыр-чатактардын мезгилинде Кыргызстанда дин жарандарды интеграциялоонун кошумча институту болуп калды, ал эми диний лидерлер бир катар окуялардын жүрүшүндө тынчтыкка чакыруучу катары жана динге ишенгендерди бириктирүүгө жана жакшы нукка бурууга жөндөмдүү адамдар катары өздөрүнүн натыйжалуулугун көрсөтө алышты;

- Кыргызстандын диний уюмдары кайрымдуулук ишин жүргүзүп, социалдык өнүгүүгө өзүнүн салымын кошуп жатат;

- мамлекет диний уюмдардын жакшы, жаратман, гуманисттик мүнөздөгү ишине колдоо көрсөтүүдө;

- биргелешкен акциялардын, илимий-практикалык жана билим берүүчү конференциялардын, эксперттик кеңешмелердин алкагында жүргүзүлүүчү мамлекеттик-конфессиялык жана конфессиялар ортосундагы диалогдун натыйжасында чыр-чатактарды алдын алуу, диний чөйрөдөгү проблемаларды чечүү мүмкүн болууда.

Инсанга жана коомго жакшы таасир тийгизгенден тышкары, ошондой эле жалпысынан диний иштин формаларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жакшы практикадан тышкары, коомдук тартипке жана мамлекеттин улуттук коопсуздугуна келтирилүүчү потенциалдуу коркунучтар бар. Бүгүнкү күндө каттоо, ажылыкты уюштуруу, прозелитизм, маалыматтык коопсуздук, диний билим берүү, диний экстремизмдин көрүнүштөрү жана башка ушул сыяктуу бир нече проблемалуу аспектилер аныкталды.

Диний чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдардын жеткире иштелип чыкпагандыгынын айынан диний уюмдарды жана ырасымдык арналыштагы объекттерди каттоо процессинде тоскоолдуктар бар. Биринчи кезекте, бул диний уюмдардын мүчөлөрүнүн тизмесине жергиликтүү кеңеш тарабынан ырастама берүүнүн зарылдыгы. Мындай абал иш жүзүндө макулдашууну ала албаган уюмдардын өз ишин каттоосуз жүргүзүшүнө алып келүүдө.

Экинчи жагынан ырасымдык арналыштагы объекттерди курууда курулуш, техникалык жана башка нормалардын талаптарын сактабоонун, зарыл болгон документтердин жоктугунун айынан айрым ырасымдык арналыштагы объекттер каттоодон өтпөй калат. Мисалы, азыр бар болгон мечиттердин 20%ы каттоодон өткөн эмес.

Мындан тышкары акыркы жылдары намазканалардын тармагы, анын ичинде мамлекеттик мекемелерде кеңейтилди. Ошол эле учурда намазкана түрүндө мыйзамсыз мечиттер иштейт. Ал жерлерде мыйзамсыз диний, билим берүү жана үгүт иштери жүргүзүлөт. Мечиттерди ачуу үчүн мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткаруудан качып, жарандар контролдонбогон диний объекттердин санынын көбөйүшүнө өбөлгө болот.

Өлкөдө өткөн жылдары ажылыкты уюштуруунун оптималдуу модели аныкталган эмес. Аны өткөрүүнүн ар кандай моделдери колдонулду, алардын ар биринде көптөгөн проблемалар табылууда. Бул чөйрөдө кыянаттык кылуунун негизги себеби болуп ажылыкты өткөрүүнүн бардык этаптарында ачык-айкындыктын, кызмат көрсөтүүнүн бекитилген стандарттарынын (квоталарды бөлүп берүү, тизмелерди түзүү жол-жобосу, визаларды тариздөө, кызмат көрсөтүүнүн наркы, жыйынтыгы боюнча отчет берүү жана салык төлөө) жоктугу, ошондой эле таасир тийгизүүнүн ар кандай топторунун кызыкчылыктарын көшөрүп сүрөмөлөө эсептелет. Ыйгарым укуктарына ажылыкты коопсуз жана адилеттүү өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча техникалык жол-жоболор жана ар кандай аспектилер кирген мамлекеттик органдардын КМДБ менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин өркүндөтүү талап кылынат.

Чыр-чатактардын дагы бир булагы - өз динин алмаштырган адамдарды көмүү менен байланышкан тоскоолдуктар. Коомчулуктун нааразычылыгын диний уюмдардын жана кээ бир адамдардын прозелитизми жаратууда.

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекет дини, динге болгон мамилеси боюнча жарандардын артыкчылыгын, бөтөнчөлүгүн же жарамсыздыгын ЖМКда пропагандалоого тыюу салат. Диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Бирок ЖМКда мындай маалыматты берүүгө чара көрүүнүн колдонулуп жаткан методдору айрым учурларда натыйжалуу болбой калат, себеби салттуу ЖМКга удаа эле интернет-порталдар, социалдык тармактар, онлайн видео-каналдар жана онлайн чаттар сыяктуу жаңы коммуникациялык каражаттар пайда болду, алар деструктивдүү диний идеологияны жайылтуу үчүн кеңири колдонулууда.

Жаңы массалык медианын өзгөчөлүгү - алар маалыматты берүүнүн гана булагы болбостон, жарандык жана саясий активдүүлүк үчүн платформа, мамлекеттик органдардан дайыма көңүлгө алууну талап кылган маалыматтык системанын интерактивдүү формасы болуп эсептелет.

Коомдогу динди кабылдоонун өзгөрүүсү жаштар арасында диний аң-сезимдин жана идеялардын жайылышына өбөлгө болду. Руханий принциптердин жана багыттардын калыптануусу, коомдун жана үй-бүлөнүн алдындагы жоопкерчиликтин күчөшү бул процесстин жакшы жактары болуп калды.

Ошол эле мезгилде, өлкөнүн ичинде, ошондой эле чет өлкөдө дин аралашпаган жана диний билим алуунун мүмкүнчүлүгү жана кесепеттери жөнүндө маалыматты алуусу айылдык жана шаардык жаштардын арасында бирдей болбогондугу байкалууда. Ушул проблеманы чечүү үчүн Кыргызстандагы дин аралашпаган жана диний билим алуунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты жаштарга берүү системасын түзүү, ошондой эле өлкөдөгү дин аралашпаган жана диний билим берүүнүн сапатын көтөрүү зарыл.

Ушул сыяктуу чечилбеген проблемалардын бар болушу мамлекеттик диний саясаттын натыйжалуулугу жана системалуулугу жетишсиз экендигин айгинелеп турат. Тактап айтканда:

- Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү азыркы диний процесстерди талдоо, баалоо жана болжолдоо үчүн системалуу изилдөөлөр өткөрүлбөйт, методикалар иштелип чыккан эмес;

- дин аралашпаган мамлекеттин негизги принциптерин түшүндүрүү, абийир жана дин тутуу эркиндигинин идеяларын коргоо жана пропагандалоо, толеранттуулукту тарбиялоо боюнча план ченемдүү иштер аткарылбайт;

- мамлекеттик-конфессиялык мамилелер чөйрөсүнө жооптуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринде жетиштүү түрдөгү системалуулук жана ырааттуулук жок;

- диний экстремизмге жана радикалдуу идеяларды пропагандалоого каршы күрөшүүнүн натыйжалуу саясатын өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жетиштүү түрдө потенциалга ээ эмес;

- дин таануу жана теологиялык экспертизасын өткөрүүнүн колдонулуп жаткан практикасы жеткире иштелип чыккан эмес;

- диний уюмдардын ишиндеги деструктивдүү жана экстремисттик көрүнүштөрдүн чакырыктарына өз убагында чара көрүүнүн механизмдери жеткиликтүү иштелип чыккан эмес.

Диний уюмдардын иш чөйрөсү

Дин аралашпаган мамлекеттин негизги мүнөздөмөлөрүнүн бирин - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурларды кошпогондо, диний уюмдардын ички конфессиялык ишине кийлигишпөөнү - бузбастан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуу чараларын аныктоо үчүн диний уюмдардын ишинин чөйрөсүн конкреттештирүү зарыл.

Ички конфессиялык ишке диний бирикмелердин ички уюштурулушу жана иштөөсү, тактап айтканда төмөнкүлөр менен байланышкан бардык маселелерди чечүү кирет:

- диний окуунун мазмунуна, диний канондорго, ырасымды, жөрөлгөлөрдү жүргүзүүгө, диний билим берүү процессине, буга бул иштин натыйжасында жарандардын психикалык жана дене боюнун саламаттыгына зыян келтирүү, алардын укуктарын бузуу учурлары кирбейт;

- кадрдык саясатка, буга диний кызматчылар мыйзамдарды бузган учурлар кирбейт;

- ички өз алдынча башкарууга;

- диний уюмдардын органдарынын өз ара мамилесине;

- алардын динге ишенгендер менен мамилелерине;

- диний уюмдар менен эмгектик (кызматтык) мамилелерде турган адамдардын ишинин ички эрежелерине.

Диний ишмердүүлүккө, ошондой эле коомдун социалдык-маданий турмушуна тиешелүү сөздүн кеңири маанисинде, төмөнкүлөр таандык:

- дин окуусун калыптандыруу, өнүктүрүү жана таркатуу;

- динге ишенгендердин диний билимин жана тарбиялоону ишке ашыруу;

- миссионердик ишмердүүлүк;

- диний ырасымдык ырым-жырымдарды аткаруу үчүн жерлерди түзүү жана күтүү;

- кайрымдуулук мекемелерин түзүү жана күтүү;

- ырасымдык ырым-жырымдар, каада-салттар же ынанымдар менен байланышкан зарыл предметтерди жана материалдарды өндүрүү, сатып алуу, пайдалануу.

Диний уюмдар өз уставына ылайык жана Кыргыз Республикасында эсептик каттоодон өтүү шарты менен миссионердик ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу менен өз диний окуусун жайылтууга укугу бар. Миссионердик ишке динден тышкаркы мамлекеттин принциптерине, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка, жарандардын абийир жана дин тутуу эркиндигинин укуктарына карама-каршы келбеген деңгээлде жол берилет.

Жол берилгис прозелитизм методдорун колдонууга тыюу салынат.

Диний уюмдар адеп-ахлактуулукту, коомдук тартипти чыңдоого жана бекемдөөгө төмөнкү багыттарда аракеттенүү менен жигердүү көмөк көрсөтө алышат:

- үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты колдоо жана бекемдөө;

- балдарды жана жаштарды руханий-адеп-ахлактуулукта тарбиялоо;

- укук бузууларды алдын-алуу;

- коррупцияны алдын-алуу;

- кайрымдуулук иштерин ишке ашыруу;

- конфессиялар аралык жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо.

Диний уюмдар социалдык, илимий, агартуу, маданий жана башка ишмердүүлүк менен өз алдынча да, ошондой эле башка диний уюмдар менен бирдикте, дин аралашпаган жеке же мамлекеттик мекемелер менен кызматташтыкта иштей алышат.

Кыргыз Республикасы мусулман калкы көпчүлүктү түзгөн өлкө экендигин эске алсак, мамлекеттик органдардын ислам уюмдары жана бирикмелери менен өз ара аракеттенүү мүнөзү өзгөчө актуалдуулукка ээ.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана процесстерди гармониялаштыруу приоритеттеринен алганда, улуттук коопсуздукту жана маданий өзгөчөлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекет ханафий жана матуридит дин ынанымынын диний-укуктук мектебинин негизиндеги сунниттик исламдын салттуу сабырдуу формаларын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгү туткан бул багыт этностук жана диний көп түрдүүлүк шартында диний сабырдуулукка, жакшы коңшулаштыкка, өз ара урмат-сыйга жөндөмдүү экендигин далилдей алды.

Мындан тышкары, Кыргызстанда башка ислам окуулары жана тажрыйбалары бар, алардын ишине мамлекет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына карама-каршы келген, жеке жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган аракеттерди кошпогондо, тоскоолдук кылбайт.

Мамлекет кайрымдуулук, социалдык кызматтарды көрсөтүү, үй- бүлөнү жана калктын социалдык-аялуу катмарын колдоо жагында, дене тарбия, көркөм чыгармачылык, инсанды ар тараптуу өнүктүрүүгө, ошондой эле жалпысынан жашоо-турмуштун сапатын жогорулатууга өбөлгө болгон маданий жана сергек жашоо ыңгайын уюштуруунун башка формалары боюнча иш-чараларды уюштурууга диний уюмдардын ишин колдойт.

Жарандын сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга укугун эске алып, мамлекет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбаган ЖМКда диний-агартуу ишине тоскоолдук кылбайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, каттоодон өткөн диний уюмдар маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтууга, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштурууга укугу бар.

Ошол эле мезгилде мамлекет экстремисттик мазмундагы, мамлекеттин коопсуздугуна, коомдук тартипке, өлкөнүн жарандарынын саламаттыгына коркунуч келтирген маалыматтын таркалышын болтурбоо, диний кастыкты алдын-алуу максатында ЖМКларда диний маалыматтын формаларын, ыкмаларын жана мазмунун жөнгө салат.

Диний уюмдар жана бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнүн мамлекеттик саясатын өркүндөтүү боюнча приоритеттер

Коюлган милдеттерге жетишүү диний чөйрөдөгү жөнгө салуунун натыйжалуу саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү системасын төмөнкү приоритеттер боюнча оптималдаштырууну талап кылат:

Ченемдик-укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү

1. Диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салган мыйзамдарды 2014-жылдын 3-февралында Коргоо кеңешинин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ өткөргөн талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келтирүү.

2. Диний уюмдарды эсептик каттоо жана кайра каттоо системасын, мамлекеттик органдар тарабынан мониторинг жүргүзүү жол-жобосун жана диний уюмдардын отчеттуулугун ачык-айкындуулук, калыстык принциптеринде оптималдаштыруу.

3. Динге болгон мамилесине карабастан, ишке орношууда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, укук коргоо органдарында жана сот системасында кызмат орундарын ээлөөдө, кадр резервин түзүүдө жарандардын тең укуктуулук принцибин ишке ашырууну камсыз кылуу.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын өз кесиптик милдеттерин аткарууда диний таандыктыгынын таасиринин жол берилгистигин так аныктоо максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жөнгө салуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү.

5. Укуктук коргоо системасын өркүндөтүү, укук коргоо органдарынын ишинде мыйзамдын адилет колдонушун камсыз кылуу жана диний белгиси боюнча кодулоону болтурбоо.

Улуттук деңгээлде өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү

6. Диний саясат боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешти түзүү.

7. Диний кырдаалга мониторинг жүргүзүүнүн заманбап системасын иштеп чыгуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү;

8. Мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын сапаттуу, бири-бирине ишеничтүү жана өз убагында өз ара аракеттенүүсү үчүн мамлекеттик-конфессиялык кеңешти түзүү.

9. Диний маселелер боюнча иштеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин тактоо, потенциалын жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу жана бири-бирин кайталашын болтурбоо максатында ишмердүүлүгүнө функциялык талдоонун негизинде ыйгарым укуктарына экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү кирген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүмүн жана санын оптималдаштыруу.

10. Концепцияны ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүү жана контролдукту ишке ашыруу үчүн бардык деңгээлдерде жооптуу адамдардын жана уюмдардын системасын түзүү, жогоруда аталган мамлекеттик органдардын дараметин жогорулатуу, диний маселелер боюнча мамлекеттик кызматчылар үчүн билим берүүчү программаларды ишке ашыруу, сабырдуулукту, дүйнөлүк диндер жөнүндө маалымдарлыкты, мамлекеттик жана муниципалдык, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоонун критерийлеринин бири катары өлкөдөгү, дүйнөдөгү диний кырдаалды кароо.

11. Борбордук, региондук, жергиликтүү деңгээлдерде диний негизде карама-каршылыктарды эрте аныктоо жана чыр-чатактарды алдын-алуу үчүн бийликтин бардык органдары үчүн оперативдүү чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу, алардын жарандык коомдун уюмдары, диний лидерлер, КМДБ, башка диний уюмдар менен туруктуу өз ара аракеттенүү системасын түзүү.

12. Илимий-агартуу жана теологиялык базаны, анын ичинде өлкөнүн диний жамаатынын муктаждыктарына, суроо-талаптарына жана өзгөчөлүктөрүнө жооп берген азыркы илимдин жетишкендиктерине таянган базаны түзүүгө көмөк көрсөтүү.

Жергиликтүү деңгээлде өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук платформанын алкагында жергиликтүү жамааттар жана диний уюмдар, бирикмелер жана лидерлер менен өз аракеттенүү аркылуу диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат.

Коомдук платформалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги астында жана жергиликтүү бийлик органдарынын, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн жана диний лидерлердин катышуусунда дин иштери жагында жергиликтүү деңгээлде каралган коомдук комитеттерди билдириши мүмкүн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний уюмдар менен бирдикте диний чөйрөдөгү кырдаалды гармониялаштыруусу үчүн приоритеттүү багыттар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

13. Өз аймагында диний кырдаалга тиешелүү маселелерди кароо жана аны жакшыртуу үчүн зарыл чараларды кабыл алуу.

14. Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын сунуштарын жана рекомендацияларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

15. Диний касташууну козутуу, динге ишенгендердин диний сезимин кордоо, ошондой эле зомбулукка чакырыктарды же мындай актыларга шыкактоо учурларын болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды кабыл алуу.

16. Диний сабырдуулук жана толеранттуулук, балдарды жана жаштарды атуулдук жана укуктук тарбиялоо, үй-бүлө институтун колдоо жана чыңдоо жагында ишти уюштуруу.

17. Ар бир калктуу конуштун аймагында диний билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу.

18. Конфессиялар аралык мамилелер чөйрөсүндө келип чыккан чакырыктарга коомдук мониторинг жүргүзүү, кырдаалды баалоо жана өз убагында чара көрүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарында облустук кеңешүүчү комитеттердин, башка консультативдик-кеңешүүчү түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

19. Диний жамааттарда түзүлгөн позитивдүү идеяларды жана практиканы колдоо, алардын дараметин жергиликтүү жамааттагы кырдаалды жакшыртуу үчүн пайдалануу.

Маалыматтык саясат

20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан басма-сөздүн, диний темада болгон теле жана радио берүүлөрдүн контент-талдоосун камтыган ЖМК материалдарына мониторинг жүргүзүү, талдоонун натыйжаларын жарыялоо жана кеңири талкуулоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз убагында чараларды көрүү.

21. Деструктивдүү жана экстермисттик пропаганданын көз боемо ыкмаларын ашкерелөө максатында радикалдык-экстремисттик дискурска альтернативалуу маалыматтык мейкиндикти түзүү аркылуу дин жөнүндө конструктивдүү дискурсту ЖМКларда жана социалдык медиаларда илгерилетүү боюнча маалыматтык өнөктүктүн методологиялык базасын иштеп чыгуу.

22. Санарип көрсөтүүгө өтүүнүн алкагында динден тышкаркы көп конфессиялуу коом, жарандык бирдейлик жана укуктук маданият идеяларын алга жылдырган, дүйнөлүк диндердин тарыхына арналган, аудиториянын кругозорун кеңейтүүгө багытталган илимий-таанытуучу, агартуучу программаларды, дискуссиялык берүүлөрдү түзүү боюнча медиа-долбоорлорду колдоону приоритеттүү милдеттердин бири катары кароо.

23. Диний уюмдардын, эксперттердин, изилдөөчүлөрдүн, саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин күч-аракеттерин координациялоо жана диний, уюмдардын, менчик сектордун, жарандык коомдун, коомдук бирикмелердин жана жеке жактардын позитивдүү жарандык жигердүүлүгүн жайылтуу жана ЖМКда бүлүндүрүүчү маалыматтык ишке каршы аракеттенүү боюнча жакшы демилгелерин колдоо.

2.2. Диний билим берүү жана дин таануу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу

Көз карандысыздык жылдары диний уюмдардын кескин түрдө көбөйүп кетиши дин жаатындагы даярдалган кадрлардын жана диний сабактарды окутуучулардын жетишсиздиги менен коштолгон. Бул муктаждыкка жооп катары түрдүү деңгээлдеги диний окуу жайларынын саны өскөн, аларда окугандардын контингенти кыйла көбөйгөн, ошондой эле чет өлкөдө диний билим алуу кадыресе көрүнүш болуп калган. Бирок мында мамлекет тараптан ушул процесстерге мониторинг жүргүзүү механизмдери иштелип чыккан эмес.

Динге, анын тарыхтагы, маданияттагы жана Кыргызстандын күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыкчылык дин жөнүндө объективдүү илимий билимге жапырт муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мамлекеттик орто жана жогорку билим берүү структурасында дин аралашпаган дин таануу билим берүү системасы, ошондой эле маданий-агартуучу мекемелер жана ЖМК тарабынан ишке ашырылуучу диний агартуу канааттандырууга багытталган.

Коомдо дин таануу билимине да, диний билимге да муктаждыктын болушуна карабастан алардын чөйрөсү, маңызы жана функциялары так бөлүштүрүлгөн эмес, экөөнүн тең сапаты учурдагы билим берүү стандарттарына жооп бербейт. Ошондой эле бул чөйрөнү так жөнгө сала турган ченемдик укуктук база жок.

Ислам педагогикасын жана билим берүүсүн модернизациялоо милдети актуалдуу болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстанда сексенден ашык билим берүүчү исламдык диний мекемелер иштейт.

Бир да исламдык диний окуу жайы мамлекеттик сертификатка ээ эмес, диний билим берүү стандарттары жок. Окуу программалары бирдейлештирилген эмес. Айрым окуу жайларда окуу Курандын сүрөөлөрүн жаттоо жана ибадат ырым-жырымдарын окуу менен чектелген.

Казыяттардын отчеттору боюнча болгону 20% ислам дин кызматкерлеринин медреседе жана ислам институттарында алган базалык диний билими бар.

Азыркы учурда мамлекеттик жогорку окуу жайларда теологиялык факультеттер бар, анда дин таануу сабактары менен катар эле теологиялык сабактар да окутулат.

Акыркы убакта балдар жана аялдар үчүн үйдө диний билим берүүнүн кеңири жайылышы жөнүндө маселе актуалдашууда, түрдүү диний уюмдар жана айрым адамдар тарабынан уюштурулуучу балдардын жайкы эс алуу лагерлери популярдуу болууда. Мындай окутуунун маңызын контролдоо өтө кыйын, ал системалаштырууну жана укуктук жактан регламенттөөнү талап кылат.

Өлкөдө диндин радикалдашуусу белгилүү бир деңгээлде чет өлкөлүк диний-экстремисттик борборлордун жана уюмдардын таасиринен улам болууда. Чет өлкөлүк окуу жайлардын айрым бүтүрүүчүлөрү окуусун аяктагандан кийин окуган өлкөсүнүн идеологиясынын жана менталитетинин өкүлү, жайылтуучусу болуп, Кыргызстандын эли үчүн жат болгон жашоо мүнөзүн, маданиятты, сырткы кебетени, кийимди жана жүрүм-турум стандарттарын таңуулашууда.

Мында диний билим алуу үчүн чет өлкөгө чыгууну дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуунун(1) мыйзамда каралган жол-жобосу бардык кетип жаткандарды камтый албайт.

Кыргызстандын элинин дин маданияты, дин аралашпаган жана дин тутуу эркиндиги принциптери маселелеринде жарандардын, айрыкча жашы жетпегендердин маалыматы жоктугу алардын радикалдуу идеялардын пропагандасына туш болушуна, исламдын жана башка дин окууларынын негиздерине бурмаланган түшүнүк берүүгө шарт түзөт.

Мамлекеттик мектептерде окуучу кыздардын, окутуучулардын жана кызматкерлердин хиджаб кийип жүрүүсүнө байланышкан жыл сайын келип чыгуучу проблемалар чечилбеген бойдон калууда.

Айрым окуучулар диний көз караштан улам негизги билим берүү программаларынын талаптарын толук көлөмдө аткарбайт. Билим берүү (мамлекеттик жана менчик диний эмес) мекемелеринде айрым мугалимдер өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ашкере колдонуп, окуучуларга өзүнүн диний ишенимдерин пропагандалап, жол берилгис прозелитизм менен иш жүргүзгөн учурлары аз эмес.

Билим берүү чөйрөсүндө саясаттын приоритеттери

Кыргыз Республикасында мамлекеттик билим берүү системасынын дин аралашпаган мүнөзү жападан-жалгыз мыйзамдуу болуп саналат, ал бир дагы дин мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн милдеттүү катары белгилениши мүмкүн эместигинде камтылган. Ага тете эле мектептерде динге атеисттик жана агностикалык көз карашты таңуулоого да жол берилбейт.

Дин аралашпаган билим берүү мекемелеринде дин окутуунун негизги максаты жана маңызы дин маданиятынын тарыхы, диндердин тарыхы жана теориясы, дин аралашпаган мамлекеттин, абийир жана дин тутуу эркиндигинин принциптери жөнүндө илимий билим алуу болуп саналат. Окуп жаткандарды аналитикалык түрдө ой жүгүртүүгө жана сын көз карашта болууга, диний жана социалдык проблемаларды түшүнүүгө, дин аралашпаган көп конфессиялуу коомдо чыр-чатаксыз жашоо көндүмдөрүнө үйрөтүү, жарандык бирдейликти жана укуктук маданиятты калыптандыруу да маанилүү болуп саналат.

Коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөр приоритеттүү багыттар болуп эсептелет:

Дин аралашпаган дин таануу билим берүү системасын өркүндөтүү

24. Дин таануу билим берүүсүнүн диний маданиятынын тарыхын окутуу концепциясын жана орто мектептердин жогорку класстары, атайын-орто жана жогорку окуу жайлар үчүн диний маданияттын негиздерин окуп үйрөнүү үчүн окуу курстарынын программаларын иштеп чыгууну аяктоо жана ишке ашыруу.

25. Мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин, тиешелүү программаларды иштеп чыгууда эсепке алуу үчүн диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоонун жана аларды чечүүнүн чет өлкөлүк тажрыйбасын үйрөнүү.

26. Билим берүү системасын квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу, мамлекеттик тапшырыктын алкагында окуп жаткан студенттердин арасында дин таануучу-адистердин үлүшүн жогорулатуу.

27. Диний кырдаалга, маалыматтык материалдарга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн методологиялык базаны түзүү жана дин таануу билим берүү сапатын арттыруу максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.

28. Дүйнөлүк диндердин тарыхы, теориясы, дин чөйрөсүндө учурдагы глобалдуу процесстер маселелерин чагылдыруучу чет өлкөлүк илимий, илимий-популярдуу, көркөм адабияттарды мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу.

29. Кыргызстан үчүн өзүнүн социомаданий маанилүүлүгүн көрсөткөн диний уюмдар менен бирдикте маданий-агартуучу, башка иш-чараларды өткөрүү жана жаштарга рухий-адеп-ахлактык, жарандык-укуктук жана патриоттук тарбия берүүгө багытталган билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу (эгерде бул диний ишке байланышпаса).

30. Дин аралашпаган окуу жайларда (мамлекеттик жана менчик) окуучулар, окутуучулар жана администрация тараптан ар кандай түрдө жана көрүнүштө миссионердик иш жүргүзүү аракеттерине жол бербөө.

31. Үй-бүлөнү, ата-энелер коомчулугун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, кесиптик-педагогикалык коомчулукту, илимий, маданий, коммерциялык жана коомдук институттарды, волонтерлорду диний агартуу саясатынын активдүү субъекти катары тартуу.

Диний билим берүүнүн сапатын арттыруу

32. Диний окуу жайлар дин аралашпаган компонентке ээ же ээ эместигине жараша лицензиянын тибин аныктоо үчүн окутуу максаттарына жана окуу программасынын мазмунуна ылайык категориялар боюнча диний окуу жайларды классификациялоо стандарттарын иштеп чыгуу.

33. Билим берүү чөйрөсүндөгү жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарына ылайык диний билим берүү мекемелерин лицензиялоо процессин тартипке салуу.

34. Окуу программаларынын жана окуу практикасынын мазмунунда радикалдуу идеологиянын жайылтылышын аныктоо боюнча диний окуу жайларга мониторинг жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу.

35. Кыргызстандын жарандары окуп жаткан чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелерине талдоо жүргүзүү, ушул окуу жайларда окуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жарандарга маалымат берүү.

36. Чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү жана окуп жаткандарга консультациялык жана башка жагынан жардам берүү үчүн чет өлкөлүк окуу жайларда диний билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуу үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү.

37. Имамдардын жана башка дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында республиканын ЖОЖдорунун дин таануу жана теология факультеттеринин жана бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик түзүмдөрдүн адистерин тартуу менен борбордоштурулган окутуу системасын түзүү.

38. КМДБ жана башка диний уюмдар менен бирдикте аялдардын диний мектептерин (мастураттарды) кошо алганда үйдө диний билим берүү системасын тартипке салуу.

2.3. Диний радикализмди жана экстремизмдин алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат

Соңку жылдары бүткүл дүйнөдө да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин күч алышынан улам социалдык-саясый кырдаал оордошуп жаткандыгы байкалууда. Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруучу зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылуу коркунучун жаратат. Тактап айтканда, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөнүн башка региондорундагы экстремисттик жана террордук уюмдардын ишинин активдешүүсү, алардын идеологиялык таасиринин Борбордук Азия өлкөлөрүнө жайылышы жарандардын радикалдашуусунун жана диний негизде коомдун дестабилдешүүсүнүн коркунучун жаратат.

Диний экстремизмди дегеле дин менен жакындаштырбастан, көздөгөн максатына жетүү үчүн рухий жана маданий түзүмдөрү ар кандай каражатты, анын ичинде зордук-зомбулукту актоочу идеологиялык куралга айланып кеткен анын радикалдуу түрлөрүнө каршы аракеттенүү зарыл.

Бул проблемага эл аралык деңгээлде көп көңүл бурула баштады. Алсак, мисалы ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) "Дин же дин тутунуу жөнүндө мыйзамдарды талдоо боюнча сунуштамаларында" акыркы жылдары диний экстремизмдин жана мамлекеттик коопсуздуктун мааниси өстү деп белгиленген. "Албетте, диндин атынан аракеттенген кээ бир топтор жана айрым өкүлдөр саясий зомбулуктун акттарына катышкан. Алардын умтулуулары чын көңүлдөн жана диний болгондугуна же саясат жана манипуляциялоо менен байланышкандыгына карабастан, албетте мамлекеттер мындай проблемаларга тиешелүү түрдө чара көрүүгө тийиш"(2).

Кыргызстанда айрым диний уюмдар, кыймылдар жана индивиддер тараптан динди саясатташтыруу байкалууда, ал саясий лобби жаратуу максатында диний баалуулуктарды өз мүдөөсү үчүн пайдаланууда турат: шайлоо алдындагы күрөштүн жүрүшүндө диний факторду колдонуу, шайлоочулардын добуштарын тартуу, коомдук дискуссияларда диний жана салттуу темаларды манипуляциялоо.

Конституциялык түзүлүштүн негиздерин кыйратууга чейин барган өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу саясий, экономикалык, криминалдык жана кызыкчылыктар менен максаттарды көздөгөн деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын(3) иши байкалууда. Диний уюмдардын жана айрым жарандардын деструктивдүү иши кайрымдуулук, билим берүү же башка социалдык маанилүү иштин аркасынан жабынуу менен ишке ашырылууда жана белгилүү бир этапта экстремизмдин жана зомбулуктун белгилерин көрсөтпөйт, бирок ал айрым жарандардын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин жашоо-турмушу үчүн коркунуч жаратат.

Мамлекеттик органдардын экстремизмдин көрүнүштөрүн алдын алуу жана жоюу боюнча иши Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана колдонуудагы мыйзамдарды бузган айрым диний уюмдарга же айрым адамдарга каршы багытталууга тийиш.

2003-2014-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында түрдүү инстанциядагы соттор тарабынан төмөнкүдөй экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү уюмдардын ишине тыюу салынган: "Аль-Каида", "Талибан кыймылы", "Түндүк Түркстандын ислам кыймылы", "Күрддөрдүн элдик конгресси" ("Конгра-Гель"), "Түндүк Түркстанды бошотуу уюму", "Хизб-ут-Тахрир аль Ислами", "Джихад тобу" ("Ислам джихадынын союзу"), "Түркстандын ислам партиясы" ("Өзбекстандын ислам кыймылы"), "Жайшуль Махди", "Джундуль Халифат", "Ансаруллох", "Ат-Такфир Валь-Хиджра", Мун бирикмесинин чиркөөсү, "Акромия".

Ушул сыяктуу деструктивдүү жана экстремисттик кыймылдар колдонгон пропагандалоо методдору калктын кыйла аялуу катмарына таасир этүүнүн мыйзамдуу эмес ыкмаларын камтыйт. Өлкөнүн жаш жарандары, айрыкча социалдык жактан ордун таппагандар тобокелдик тобуна туш болушат, алар радикалдуу экстремисттик идеялардын таасирине көбүрөөк дуушар болушат. Чет өлкөгө ислам билим берүү мекемелерине көп учурда контролсуз, ар кандай жолдор менен кеткен жаштардын саны стабилдүү түрдө өсүп жаткандыгы өтө тынчсызданууну жаратууда. Алардын айрымдары экстремисттик уюмдардын ишине тартылууда. Алар Кыргызстанга келгенден кийин алардын идеологиясы менен саясатын жайылтуучулар болууда.

Көптөгөн экстремисттик диний уюмдар негизинен жаштарга жана аялдарга багыт алышат, бул коомдук коопсуздукка жана үй-бүлөлүк салттуу баалуулуктарга коркунуч жаратат. Демек, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, диний уюмдардын, жарандык коом институттарынын жаштар менен аялдардын арасында экстремисттик идеологияны жайылтуунун алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүүсү өзгөчө актуалдуу болууда.

Деструктивдүү жана экстремисттик кыймылдардын ишин аныктоонун жана бөгөт коюунун татаалдыгы Кыргызстандын аймагында алар көп учурда жашыруун иштеп, алардын көпчүлүгүнүн формалдуу түрдө уюштуруу түзүмү жок болуп, көп учурда тыштан башкарылгандыгында турат. Алар жашыруун топтордон болуп, колдо бар бардык байланыш жана маалымат каналдары аркылуу пропаганда жүргүзүп, жергиликтүү коомчулуктун ар кандай социалдык түзүмдөрүндө иштейт. Бул аларга мамлекеттик органдар үчүн "көрүнбөс" бойдон калууга, күнүмдүк турмушка оңой киришүүгө жана калктын бир бөлүгүнүн аң-сезимин башкарууга мүмкүндүк берет.

Радикалдуу жана экстремисттик диний идеяларды жайылтуу үчүн кыйла чабал болуп маалыматтын альтернативдүү булактары болбогон, дин аралашпаган билим начар берилген, экономикалык иш жана социалдык коргоо үчүн мүмкүнчүлүктөр чектелген, ошондой эле профилактикалык иштер жүргүзүлбөгөн өлкөнүн райондору саналат.

Ошол эле мезгилде дүйнөнүн түрдүү региондорунда болгон окуялар радикалдуу жана экстремисттик диний идеяларды жайылтуу үчүн жагымдуу чөйрө болуп калктын жакыр жана сабатсыз катмары саналат деген ишенимдин жаңылыш экендигин көрсөттү. Билимдүү жана жашоодо экономикалык жактан орун тапкан жарандар, бизнес- коомчулуктун айрым өкүлдөрү да экстремисттик идеяларды диверсификациялоонун жана алардын таасиринин өсүшүнүн татаал процессинин активдүү же пассивдүү катышуучусу болуп калышы мүмкүн. Экстремисттик идеяларды киргизүү жымсалданып, латенттүү түрдө, диний иш-чаралардын аркасынан, кайрымдуулук акцияларын өткөрүү жана кайыр садакалар аркылуу болууда.

Диний радикализмди жана экстремизмдин алдын алуу боюнча саясаттын приоритеттери

Диний радикализимдин жана экстремизмдин көрүнүштөрүн аныктоо жана бөгөт коюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында гана жүргүзүлүп, алар бөгөт коюуга тийиш болгон коркунучтарга тете болушу керек. Диний экстремизмдин алдын алууда негизги маани билим берүү, агартуу иш-чараларына, радикалдашуунун баштапкы себептерин талдоого жана жоюуга берилиши керек.

Мамлекет менен диний коомчулуктун деструктивдүү диний агымдарга жана алардын ишине биргелешип каршы аракеттенүүсү экстремизмдин алдын алуу механизмдеринин бири болуп калышы керектигин белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу жарандарга жана коомго потенциалдуу коркунуч аныкталган учурда деструктивдүү диний уюмдардын иши административдик, кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жана чектөөнүн объектиси болуп калууга тийиш.

Мамлекеттин деструктивдүү жана экстремисттик агымдарга каршы аракеттенүүсү төмөнкүдөй бир катар чараларды ишке ашыруу аркылуу болот:

39. Конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугуна каршы багытталган диний уюмдардын ишин алдын алуу, бөгөт коюу жана Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салуу.

40. Диний касчылыкты тутандыруунун, динге ишенгендердин диний сезимдерин кемсинтүүнүн ар кандай көрүнүштөрүнө, ошондой эле ар кандай топтогу адамдардын динге болгон мамилесине карата аларга каршы багытталган зомбулук актыларына активдүү каршы аракеттенүү.

41. Деструктивдүү диний ишке алып келе турган жол берилгис прозелитизмге тыюу салуу.

42. Диний экстремизмге шыкактаган ар кандай азгырыктарга бөгөт коюу.

43. Дин таануу экспертизасын жана теологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн так критерийлерин жана ачык-айкын жол- жоболорун иштеп чыгуу максатында укуктук жана методологиялык базаны түзүү, ошондой эле эксперттерди коргоо боюнча механизмдерди камсыз кылуу.

44. Өз кесиптик ишинде диний радикализм жана экстремизм маселелери менен иштеген мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин дин таануу компетенциясын системалуу түрдө жогорулатуу.

III. КОНЦЕПЦИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ

 

3.1. Концепцияны ишке ашыруу этаптары

Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүдөй үч этапты карайт:

I этап: Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, дин чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, ыйгарым укуктарына диний уюмдар жана бирикмелер менен өз ара аракеттенүү кирген мамлекеттик органдарга функциялык талдоо жүргүзүү.

II этап: 2015-2020-ж. - Иш-чаралар планын ишке ашыруу жана Концепциянын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү: тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши аркылуу мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жөнгө салуу. Мамлекеттик кызматчылардын дин таануу жана укуктук жактан компетенттүүлүгүн жогорулатуу, институттук механизмди жана мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү, Концепцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарды бөлүү менен максаттуу мамлекеттик программаларды кабыл алуу.

III этап: 2020-ж. - Концепциянын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча жыйынтыкка баа берүү, дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.

3.2. Концепцияны ишке ашыруу механизмдери

Концепцияны координациялоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы саналат.

Концепцияны ишке ашыруунун түздөн-түз аткаруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы саналат, алар Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгат, ага мониторинг жүргүзөт, баа берет жана түзөтүүлөрдү киргизет. Сунуш кылынган чаралардын ар бири зарыл бюджеттик камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү пландарында жана программаларында өнүгүүгө тийиш.

Концепцияны ишке ашыруу жалпы мамлекеттик жана тармактар аралык мүнөзгө ээ. Концепцияда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүү үчүн дин саясаты боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш түзүү талап кылынат.

Концепциянын жергиликтүү деңгээлде аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору Концепциянын аларга жүктөлгөн милдеттерине ылайык келген бөлүгүндө ишке ашырылышына жоопкерчилик тартат.

Мамлекеттик органдар Концепцияны диний уюмдар, жарандык коом институттары жана эксперттик коомчулук менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.

Концепциянын негизги терминдери жана түшүнүктөрү

атеизм - бардыгын Кудай жараткандыгына жана анын дүйнөнү башкаруусуна ишенбөө;

атеисттик көз караш - табигый жашоонун (табияттын) өз алдынча болушун, динди адам жаратты деп тааныган жана табияттан тышкары турмушту четке каккан ишеним;

диний ишеним - салттуу көз карашка жана маданий баалуулуктарга негизденген диний түшүнүк;

динге ишенүү - кандайдыр бир динге, диний көз карашка таандуулук;

деструктивдүү диний уюм - мындай ишти диний жүйөө боюнча жасаган уюм жана ал адамдын жана жарандын негиз болуучу укуктары менен эркиндиктерине, коомдо орун алган жаратуучу каада- салттарга жана ченемдерге жана коомдун бүтүндүүлүгүнө коркунуч жаратат;

мамлекеттик жөнгө салуу - колдонуудагы мыйзамдардын алкагында мамлекеттик-коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруучу жана башка расмий ишинин жыйындысы;

мамлекеттик-конфессиялык мамилелер - мамлекеттик органдардын диний бирикмелер жана уюмдар менен мамилелеринин жыйындысы;

ырасым - 1. диний ырым-жырым, сыйынуу; 2. динге ишенгендердин биригүүсү же диний кыймылдар уюмунун тиби, анда лидерге сыйынуу, аны кудай катары көрүп, пайгамбар кылууга чейин барат;

ырасымдык курулма (имарат) - кудайга кызмат кылуу, ибадаттык жана диний чогулуштарды, ырым-жырымдарды, зыяратка баруулар жана башка иш-чаралар үчүн арналган объект;

миссионердик иш (миссионердик) - динге ишенбегендердин же башка диндин өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу максатында дин негиздерин окутууну жайылтуу, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар тарабынан;

ибаадат бөлмөсү (намазкана) - динге ишенгендер намаз окушу үчүн гана арналган курулма же жай;

жол берилгис прозелитизм - кысым көрсөтүү, мажбурлоо, анык эмес маалымат берүү аркылуу адамдарды диний уюмга тартуу боюнча мыйзамсыз иш;

диний иш - динге ишенгендердин диний муктаждыгын канааттандырууга багытталган иш;

диний уюм - биргелешип дуба кылуу, динди жайылтуу жана биргелешип диний жана башка ишти жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн уюм;

мамлекеттик дин саясаты - коомдогу болгон диндердин көп түрдүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик-конфессиялык мамилелер, абийир жана дин тутуу эркиндигин ишке ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттин иш-аракеттер системасы;

дин таануу билими - диндерди, алардын бүтүндөй адамзатынын жана айрым өлкөлөрдүн тарыхый-маданий жана рухий өнүгүүсүндө, ошондой эле коомдук мамлекеттик мамилелерде ордун изилдөө менен байланышкан дин аралашпаган билим;

диний билим алуу - диний окуу жайларда берилүүчү билим;

диний бирикме - диний жөрөлгөлөрдү жасоо жана диний иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу максатында динге ишенгендердин диний топторго биригүүсү;

диний окуу жай - жарандарга системалуу диний билим берүү, дин кызматкерлерин, окутуучуларды, аалымдарды жана диний уюмдар үчүн кызматкерлерди даярдоо максатын көздөгөн билим берүү уюму;

диний канон - диний мыйзамдардын, нормалардын жана эрежелердин өзгөрүлбөс, салттуу, кайрадан каралып чыгууга жатпаган жыйындысы;

диний чыр-чатак - диндин негиздерин окутуу, дин иши, жөрөлгөлөр, диний уюмду куруу принциптери, ырасымдык курулмалар ж.б. маселелеринде түрдүү позициялар боюнча топтордун же жамааттардын кагылышуусу;

диний символ - белгилүү бир динге таандыктыкты көрсөтүүчү шарттуу белги;

диний экстремизм - учурдагы түзүлүштү конституциялык эмес жол менен өзгөртүүгө, диний риториканы колдонуу менен мамлекеттин, коомдун бүтүндүүлүгүн жана инсандын коопсуздугун бузууга багытталган зордук-зомбулукка, радикалдуу иш-аракеттерге умтулуу;

дин - Кудайга жана/же табияттан тышкары күчтөргө болгон ишенимге негизденген көз караш, ошондой эле жүрүм-турумдун, ырым-жырымдардын жана жөрөлгөлөрдүн ушуга ылайык келген адеп-ахлак ченемдеринин жана типтеринин жыйындысы;

дин аралашпаган - түшүнүк, анын жардамы менен коомдук, саясый жана маданий жашоо-турмуштун көрүнүшү диний эмес катары, башкача айтканда диний фактор тарабынан аныкталбаган катары мүнөздөлөт;

дин аралашпаган мамлекет - дин мамлекеттик башкаруудан өзүнчө турган, абийир жана дин тутуу эркиндиги камсыз кылынган мамлекет;

дин тутуу эркиндиги - адамдын ар кандай динди тутууга же эч бирин тутпоого, өзүнүн диний көз карашын өзгөртүүгө укугу; тигил же бул динге таандыктыгына карабастан ар бир адамдын бардык саясый жана жарандык укуктары менен эркиндигин колдонуу мүмкүндүгү;

абийир эркиндиги - адамдын башка жарандык укуктарында жана эркиндигинде чектөөлөргө алып келбеген эркин диний же башка көз карашта тандоого укугу;

дин кызматкери - тиешелүү диний уюм (бирикме) тарабынан дин жана имам кызматын аткарууга ыйгарым укук берилген адам;

сабырдуулук - чыдамдуулук, бөтөн сезимди, ой-пикирди, идеяны, диний ишенимди, каада-салтты, жашоо мүнөзүн касташпастан кабыл алууну, башка маданияттардын болушуна укукту таанууну жана көп этностук жана көп конфессиялуу коомдо туруктуу жашоону таанууну билүү;

экстремисттик уюмдар - иши бийликти зордук-зомбулук менен басып алууга же бийликти зордук-зомбулук менен кармап турууга, ошондой эле мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күчкө салып өзгөртүүгө багытталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча экстремисттик ишти жүргүзгөндүгүнө байланыштуу ишин жоюу же тыюу салуу жөнүндө соттук чечим мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук бирикмелер же уюмдар.

 (1) КР Президентинин 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын граждандарынын дин тутуу эркиндигине жана ага тыюу салбоого болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген убактылуу жобо.

(2) "Дин же дин тутунуу жөнүндө мыйзамдарды талдоо боюнча сунуштамалары" ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ), 2004-ж., 9-б.

(3) ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) "Дин же дин тутунуу жөнүндө мыйзамдарды талдоо боюнча сунуштамаларында" "секта" жана "ырасым" деген терминдерди колдонуу көп учурларда талдоого караганда басмырлоону билдирет деп белгиленген. Аныктамаларды камтыган мыйзамдар менен иштегенде аларды кароого өзгөчө көңүл буруп, аяр мамиле кылуу зарыл, ал басмырлоону болтурбоого тийиш жана мындай аныктамалар кайсыл бир дин тутууга же белгилүү бир динди туткан топторго башкалардын алдында артыкчылык бербей тургандыгын кепилдик кылышы керек. Ошондуктан бул Концепцияда "секта" түшүнүгү колдонулбайт, ал көптөгөн дискуссияларды жана сын-пикирди жаратууда. Концепцияда кыйла бейтарап болгон "деструктивдүү уюмдар" термини колдонулат жана анын аныктамасы "Негизги терминдер жана түшүнүктөр" бөлүмүндө берилген.