Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\258dc02c-310b-4ca2-899e-64b7424d4fb5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АБА КОДЕКСИ

1994-жылдын 15-апрели № 1483-XII

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 115, 2007-жылдын 20-августундагы № 154,
2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178,
2013-жылдын 3-августундагы № 181, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147
мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1484-XII токтому менен күчүнө киргизилген)

("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы" 1994-жылдын № 5, 159-ст)

 

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси калктын, экономиканын, коргоонун муктаждыктарын жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында аба мейкиндигин пайдалануунун жана авиация ишинин укуктук негиздерин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну жана авиация жагындагы ишин мамлекеттик жөнгө салуу аба кемелеринин учууларынын жана аба кыймылынын коопсуздугун, абада ташуулардын жана авиациялык иштердин натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган.

(КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

I Бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Эгемендүүлүк

 

Кыргыз Республикасы өзүнүн бүткүл аймагынын үстүндөгү аба мейкиндигинде толук жана өзүнө гана таандык эгемендүүлүккө ээ.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

2-статья. Авиациялык эрежелер

 

Кыргыз Республикасындагы авиациялык иштерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын бардык нормативдик укуктук актылары (мындан ары - Авиациялык эрежелер) ушул Кодекстин негизинде жана ага ылайык кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери Граждандык авиациянын эл аралык уюму пайдаланган тилге ылайык расмий тилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын граждандык авиация органы тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин кабыл алынышы Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынуучу Граждандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына максималдуу түрдө бирдей келишин камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери авиация ишинин төмөнкүдөй жактарын жөнгө салуучу эрежелерди камтыйт:

(а) авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү;

(б) учуулардын эрежелери;

(в) учууларды метеорологиялык жактан камсыз кылуу;

(г) аэронавигациялык карталар;

(д) өлчөө бирдиктери;

(е) аба кемелерин иштетүү;

(ж) аба кемелерин каттоо;

(з) аба кемелеринин учууга жарактуулугу;

(и) формалдуулуктарды жөнөкөйлөштүрүү;

(к) авиациялык электрбайланыш;

(л) аба кыймылын тейлөө;

(м) издөө жана куткаруу;

(н) авиациялык кокустуктарды жана окуяларды териштирүү;

(о) аэродромдор;

(п) учууларды аэронавигациялык жактан камсыз кылуу;

(р) айлана-чөйрөнү коргоо;

(с) авиациялык коопсуздук;

(т) коркунучтуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу;

(у) граждандык авиациянын ишинин Кыргыз Республикасындагы аэронавигациянын коопсуздугуна, туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна тиешелүү башка тармактары.

Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин Граждандык авиациянын эларалык уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына бирдей келишин камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурларда Кыргыз Республикасы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 37-статьясына ылайык бул тууралуу Граждандык авиациянын эларалык уюмуна билдирет.

Граждандык авиациянын эларалык уюмунун стандарттарынын жана сунуш кылынган практикасынын айрым бөлүктөрү же бөлүмдөрү, ошондой эле аба кемелерин иштеп чыгуучу башка мамлекеттердин тийиштүү стандарттары жана эрежелери, эгерде мындай стандарттар, практика же эреже ушул Кодекстин талаптарына жооп берсе жана аларды Кыргыз Республикасында иштеп чыгуунун зарылчылыгы болбосо, Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонуу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

3-статья. Колдонуу чөйрөсү

 

Бул Кодекс төмөнкүлөргө карата колдонулат:

(а) Кыргыз Республикасынын чегинде граждандык авиациянын бардык аба кемелерине жана граждандык авиация жагындагы иштин түрлөрүнө;

(б) эгерде Кыргыз Республикасы анын жактарынан болуп саналган эларалык макулдашууда, келишимде же башка документте башкача каралбаса же аба кемеси жүргөн мамлекеттин мыйзамдары же эрежелери башкача талап кылбаса, алар кайда жүргөнүнө карабастан, Кыргыз Республикасында катталган бардык граждандык аба кемелерине.

Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 12-статьясына ылайык, ачык деңиздин үстүндө ушул Конвенцияда белгиленген эрежелер колдонулат.

Ушул Кодекстин 10, 11, 29-34, 36, 38, 40, 55-57, 59-60, 66, 68-69, 72, 74-81-статьяларынын жоболору Кыргыз Республикасынын аба кемелерине карата колдонулат.

Ушул кодекстин максаттары үчүн мамлекеттин аба кемелерине мамлекеттин аскердик, бажы жана укук коргоо органдары же ведомстволору пайдалануучу аба кемелери кирет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-статья. Кыргыз Республикасынын авиациясын пайдалануу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

4-1-статья. Авиациянын түрлөрү жана аны пайдалануу тартиби Авиация мамлекеттик, эксперименталдык

 жана жарандык болуп бөлүнөт

 

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик иштерди (аскердик, чек аралык, бажылык, өзгөчө кырдаалдар боюнча жана башка мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде мобилизациялык-коргонуучулук иштерди) жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануучу аба кемелери мамлекеттик авиацияга кирет.

Тажрыйба-конструктордук, эксперименталдык, илимий-изилдөөчүлүк иштерди, ошондой эле авиациялык жана башка техникаларга сыноолорду жүргүзүү үчүн пайдалануучу авиация эксперименталдык авиацияга кирет.

Жарандык авиация төмөнкүдөй максаттарда пайдаланылат:

а) жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почта жөнөтүүлөрүн (аба ташуулары) ташууда;

б) авиация иштерин аткарууда;

в) издөө-куткаруу жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө, табигый кырсыктар болгон учурда жардам көрсөтүүдө;

г) жеке же юридикалык жактардын жеке муктаждыктарын канааттандырууда;

д) окутуучулук, спорттук, маданий-агартуучулук иш-чараларды жүргүзүүдө, техникалык чыгармачылыкты өркүндөтүүдө.

Ушул статьянын «а», «б» жана «в» пункттарында акы төлөгөн үчүн же жалдаганы боюнча көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланылган жарандык авиация коммерциялык авиацияга кирет.

Жеке жана (же) юридикалык жактардын менчигинде турган жана ушул статьянын «а», «б» жана «в» пункттарында көрсөтүлгөн максаттарда, акысына эмес жана жалдоо боюнча эмес, ошондой эле ушул статьянын «г» жана «д» пункттарында көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланылган жарандык авиациянын аба кемелери жалпы багыттагы авиацияга кирет.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 181 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

5-статья. Кыргыз Республикасынын граждандык авиация каражаттарынын таандыктыгы

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

 

6-статья. Авиациялык иштердин түрлөрүн сертификациялоо жана лицензиялоо 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

 

7-статья. Эларалык келишимдер

 

Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан кайсы бир эларалык келишимде ушул Кодекстегиден же Авиациялык эрежелерден бөлөк нормалар белгиленсе, анда ошондой келишимдин нормалары колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II Бөлүм
Мамлекеттик жөнгө салуу

 

 

(Бөлүмдун аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Граждандык авиацияны мамлекеттик жөнгө салуучу орган

 

Кыргыз Республикасында граждандык авиациянын ишин мамлекеттик жөнгө салууну граждандык авиациянын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - граждандык авиация органы) жүзөгө ашырат.

Граждандык авиация органы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана граждандык авиациянын чарбакер ёсубъекттеринин тийиштүү төлөмдөрүнүн эсебинен, Кыргыз Республикасынын тийиштүү нормативдик укуктук актысында белгиленген тартипте каржыланат.

Граждандык авиация органы коопсуздукка байланышкан бардык аспектилерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин конкреттүү жоболоруна ылайык, талаптардан бошотууларды жазуу жүзүндө бере алат. Тийиштүү бошотууларды берүү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылат.

Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылган кандайдыр бир талапка ылайык келбеген учурда, граждандык авиация органы авиациялык иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде бекитилген тийиштүү талаптарды сактоодон улам белгиленгендин эквиваленти болгон коопсуздуктун деңгээлин камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды жана жол-жоболорду белгилей алат.

 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

9-статья. Граждандык авиация органынын функциялары жана милдеттери

 

Граждандык авиация органынын функциялары жана милдеттери төмөндөгүлөрдү камтыйт:

(а) аба аркылуу ташуулардын жана граждандык авиация жагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн коопсуздугун, туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасындагы граждандык авиация ишин жөнгө салууну;

(б) граждандык авиация жагындагы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин жана башка нормативдик укук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну;

(в) авиация персоналына күбөлүктөрдү берүүнү;

(г) граждандык аба кемелерин жана авиациялык буюм-тайымдарды сертификациялоону;

(д) Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана биргелешип жайгашуучу аэродромдорун сертификациялоону;

(е) иштетүүчүлөрдү сертификациялоону;

(ж) учууларды тейлөөгө, аба кемелерин жана башка авиациялык нерселерди техникалык жактан тейлөө, ремонттоо, авиациялык персоналды даярдоо менен байланышкан иштерди сертификациялоону жана/же лицензиялоону, ошондой эле Кыргыз Республикасында граждандык авиациянын коопсуздугу, туруктуулугу жана натыйжалуулугу үчүн зарыл болгон дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү - сертификациялоону же лицензиялоону;

(з) граждандык аба кемелерин каттоону;

(и) Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана бирге жайгашуучу аэродромдорун каттоону;

(к) Кыргыз Республикасынын аба жолдорунун тизмесин каттоону;

(л) Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык информация жыйнагын чыгарууну;

(м) Кыргыз Республикасынын иштетүүчүлөрүнүн реестрин жүргүзүүнү;

(н) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин жана эларалык уюмдардын ортосунда граждандык авиация жагындагы макулдашууларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуну жана/же кол коюуга катышууну;

(ө) граждандык авиациянын эларалык уюму (ИКАО), ошондой эле башка эларалык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын атынан өз компетенциясынын чегинде эриш-аркак аракеттенүүнү;

(п) Кыргыз Республикасында аэронавигациялык жана аэропорттук кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу тарифтерди жана жыйымдарды бекитүүнү;

(р) ушул Кодекске жана Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын тиешелүү жоболоруна ылайык каттоочу мамлекеттин жана иштетүүчү мамлекеттин функцияларын аткарууну;

(с) Кыргыз Республикасындагы граждандык авиация ишин башкаруу максатында граждандык авиация органына жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функцияларды жана милдеттерди аткарууну.

Кыргыз Республикасында катталган аба кемеси ижарага алуу, жалдоо, же аба кемелерин өз ара алмашуу келишимине же ушул сыяктуу башка ар кандай келишимдерге ылайык иштетүүчү тарабынан иштетилсе, анын ишинин негизги орду, эгерде анда андай орун болбосо, туруктуу жайгашкан жери башка мамлекетте (макулдашуучу мамлекетте) болсо Кыргыз Республикасы граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83 bis статьясына ылайык андай мамлекет менен макулдашуу боюнча ал аба кемесине карата каттоочу мамлекеттин Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 12, 30, 31 жана 32"а"-статьяларында каралган өзүнүн функцияларынын жана милдеттеринин баарын же айрым бөлүгүн ага өткөрүп бере алат. Мында Кыргыз Республикасы өткөрүп берилген функциялар жана милдеттер боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

Макулдашылган башка мамлекетте катталган аба кемеси ижарага алуу, жалдоо, же аба кемелерин өз ара алмашуу келишимине же ушул сыяктуу башка ар кандай келишимдерге ылайык иштетүүчү тарабынан иштетилсе, анын ишинин негизги орду же, эгерде анда андай орун болбосо, туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасында болсо, Кыргыз Республикасы Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83 bis статьясына ылайык андай мамлекет менен макулдашуу боюнча ал аба кемесине карата каттоочу мамлекеттин Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 12, 30, 31 жана 32"а"-статьяларында каралган функцияларынын жана милдеттеринин баарын же айрым бөлүгүн өзүнө өткөрүп ала алат. Мында Кыргыз Республикасы өзүнө өткөрүп алган функциялар жана милдеттер боюнча жоопкерчилик тартат.

Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттин функцияларды жана милдеттерди өткөрүп берүүсү ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн макулдашуу Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83-статьясына ылайык катталбаса жана жарыяланбаса, же макулдашуунун болгону жана анын предмети жөнүндө Кыргыз Республикасы же ал макулдашуунун тарабы болгон башка мамлекет тарабынан кызыгдар болгон башка макулдашуучу мамлекеттин же мамлекеттердин бийликтерине түздөн-түз кабарлаганга чейин макулдашуучу башка мамлекеттерге карата жараксыз болот.

Граждандык авиация органы өзүнүн структурасында инспекторлорду кармай алат, алардын функциялары граждандык авиация органына сертификациялоо, лицензиялоо боюнча функцияларын же граждандык авиация органынын жөнгө салуучу башка функцияларын аткарууга жардам көрсөтүүдө турат жана көзөмөлдөө боюнча органдын инспекторлорунун функцияларын жана ыйгарым укуктарын алмаштырбайт же кайталабайт.

Граждандык авиация органынын инспектору атайын ырастама менен камсыздалат жана инспектордук функцияларды жана милдеттерди аткаруу максатында аба кемелерине, аэропорттордун жайларына, аэродромдорго, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча авиациялык объекттерге, техникалык тейлөө боюнча уюмдар тарабынан бекитилген ангарларга, устаканаларга, перрондорго, күйүүчү май сактоочу жайларга, күйүүчү май-куюу комплекстерине (уюмдарга), эксплуатациялоочунун кызматтык жайына, жүктөрдү тейлештирүү зоналарына, авиациялык окуу жайларына жана мамлекеттеги граждандык авиациянын бардык каражаттарына жана жабдууларына толук жана чектелбеген жеткиликтүүлүккө ээ.

Граждандык авиация органынын инспекторунун ыйгарым укуктары белгилүү болгон кемчиликтер же эреже бузуулар жөнүндө граждандык авиация субъектинин жетекчисине билдирүү жана граждандык авиация субъектинин жетекчисине сертификат, лицензия же кайсы бир уруксаттарды берүүдөн баш тартуу, иштетүүчүнүн сертификатында, лицензияларда же уруксаттарда айтылган, ошол иштетүүчүнүн же жактын аткаруусу учуулардын коопсуздугунун кызыкчылыгына карама-каршы келүү же ушул Кодекстин кайсы бир жоболоруна ылайык эмес катары каралуучу шарттарга жана чектөөлөргө тыюу салуу, бузуу, токтото туруу, кайра алып коюу, жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө рекомендацияларды берүү менен чектелет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III Бөлүм
Мамлекеттик көзөмөл

 

(Бөлүмдүн аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Аба транспортундагы көзөмөл боюнча мамлекеттик орган

 

Кыргыз Республикасында аба транспортундагы мамлекеттик коопсуздукту аба транспортундагы көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - көзөмөлдөө боюнча орган) жүзөгө ашырат.

Көзөмөлдөө боюнча орган өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик аба кемелеринин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жоопкерчилиги ошол мамлекеттик аба кемесине карата укугу бар органдарга же ведомстволорго жүктөлөт. Эгерде ошол мамлекеттик аба кемеси карамагында турган органдар же ведомстволор тарабынан ошол мамлекеттик аба кемелеринин учууларынын коопсуздугу үчүн башкача талап кылынбаса, мамлекеттик аба кемелеринин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө органынын функциялары жана ыйгарым укуктары ушул эле Кодексте аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды камтыйт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

11-статья. Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана милдеттери

 

Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана милдеттери төмөндөгүлөрдү камтыйт:

(а) Кыргыз Республикасындагы аба кемелеринин учуусундагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын аткарылышына такай көзөмөлдү жүзөгө ашырууну;

(б) Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды жана окуяларды териштирүүнү;

(в) Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринде башка мамлекеттердин аймагында болгон авиациялык кырсыктарды жана окуяларды териштирүүгө катышууну;

(г) Кыргыз Республикасындагы аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгууну;

(д) Кыргыз Республикасындагы аба транспортунда коопсуздукту көзөмөлдөө максатында көзөмөлдөө боюнча органга жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функцияларды жана милдеттерди аткарууну.

Көзөмөлдөө боюнча органдын инспектору Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун аймактарына жана аэропортторунун тийиштүү жайларына тоскоолдуксуз кирүү жана ар кандай граждандык аба кемесинин, ушул кеменин документтеринин жана экипаж мүчөлөрүнүн кызматтык документтеринин ушул Кодекстин жана эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын талаптарына ылайык келишин текшерүү үчүн атайын күбөлүк менен камсыз кылынат.

Көзөмөлдөө боюнча органдын инспекторунун ыйгарым укуктары белгилүү болгон кемчиликтер же эреже бузуулар жөнүндө Граждандык авиация субъектинин жетекчисине билдирүү жана Граждандык авиация органынын жетекчисине сертификат, лицензия же кандайдыр бир уруксатты берүүдөн баш тартуу, иштетүүчүнүн сертификатында, лицензияларда же уруксаттарында айтылган, ошол иштетүүчүнүн же жактын аткаруусу учуулардын коопсуздугунун кызыкчылыгына карама-каршы келүү же ушул Кодекстин кайсы бир жоболоруна туура келбегендей каралуучу шарттарга жана чектөөлөргө тыюу салуу, жокко чыгаруу, убактылуу токтотуу, кайра алып коюу, жоюу же өзгөртүү боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү көзөмөлдөө боюнча органдын жетекчисине берүү менен чектелет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

12-статья. Авиациялык кокустуктарды иликтөө боюнча мамлекеттик

комиссиянын атайын полномочиелери

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

IV Бөлүм
Абадагы кыймылды тейлөө

 

(Бөлүмдүн аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-статья. Абадагы кыймылды тейлөөчү орган

 

Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөөнү абадагы кыймылды тейлөөнүн бирдиктүү органы (мындан ары - абадагы кыймылды тейлөөчү орган) жүзөгө ашырат.

Абадагы кыймылды тейлөөчү орган өз ишин Кыргыз Республикасынын граждандык авиация органы тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

Абадагы кыймылды тейлөөчү пункт Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын чегинде жана анын бүткүл аба мейкиндигинин чегинде абадагы кыймылды ишеничтүү байкоого алууну жана тейлөөнү камсыз кылуу үчүн, жок эле дегенде, Кыргыз Республикасынын ар бир аэропортунда жайгашат жана ал пунктка абадагы кыймылды тейлөө үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.

Абадагы кыймылды тейлөөчү органдын функцияларына жана милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:

(а) абадагы кыймылды тейлөө жана абадагы кыймылды башкаруу;

(б) Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде аба мейкиндигин коопсуз, туруктуу жана натыйжалуу пайдалануу тартибин уюштуруу жана камсыз кылуу;

(в) мамлекеттик аба кемелеринин абадагы кыймылын тейлөөчү органдар жана башка тараптар менен аба мейкиндигин пайдалануу маселеси боюнча эриш-аркак аракеттенүү;

(г) Кыргыз Республикасынын тийиштүү аскердик органдары, граждандык авиация органдары жана башка ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте аба мейкиндигиндеги тыюу салууларды, чектөөлөрдү жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учуу иштерин аткаруунун же аба мейкиндигин пайдалануунун тартибин белгилөө жана аба мейкиндигин пайдалануучуларга бул тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө өз убагында билдирүү;

(д) аба мейкиндигинин пайдаланылышын контролдоо жана абадан коргонуу органдарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын бузууларды жана учуу иштерин аткаруунун белгиленген тартибинин дагы башка бузууларын болтурбоого жана токтотууга көмөк көрсөтүү;

(е) аба кемелеринде учуу иштерин аткарууга диспетчердик уруксаттарды берүү;

(ж) граждандык авиация органынын уруксатынын негизинде же ал орган менен макулдашуу боюнча ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөөнү жана аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык аба мейкиндигин пайдалануунун башка түрлөрүн жүргүзүүгө уруксаттарды берүү;

(з) аэродромдордун айланасында имараттарды, курулуштарды, электр өткөрүүнүн жогорку вольттуу линияларын жана учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон дагы башка объекттерди куруу мүмкүнчүлүгүнө корутундуларды берүү;

(и) Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин пайдаланууну уюштуруу максатында абадагы кыймылды тейлөөчү органга жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функцияларды жана милдеттерди аткаруу.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

14-статья. Аба кыймылын башкаруунун бирдиктүү системасына кирген органдардын полномочиелери

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

15-статья. Абадагы кыймылды тейлөөнүн жана аба мейкиндигин пайдалануунун эрежелери

 

Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөө, абадагы кыймылды башкаруу жана аба мейкиндигин пайдалануу Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөөнү, абадагы кыймылды башкарууну жана аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

16-статья. Аба мейкиндигин пайдалануудагы артыкчылыктар

 

Аба мейкиндигин пайдаланууда коомдун жана Кыргыз Республикасынын таламдарын же коопсуздугун камсыз кылууга, табигый кырсыктарда жардам берүү же гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча функцияларды аткаруу менен байланышкан иштерге артыкчылык берилет.

Кыргыз Республикасында аба мейкиндигин пайдалануудагы артыкчылык пайдалануучуларга төмөнкүдөй иретте берилет:

(а) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын таламдары үчүн Кыргыз Республикасы санкциялаган аскердик операциялар;

(б) табигый кырсыктарда, кыйроолордо, аварияларда жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна же Кыргыз Республикасынын таламдарына коркунуч келтирген дагы башка өзгөчө учурларда жана кырдаалдарда жардамдашуу же издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүү;

(в) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун эрежелерин бузууларды болтурбоо боюнча иш-чаралар;

(г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык аткарылуучу атайын учууларды, анын ичинде литердик учууларды аткаруу;

(д) Кыргыз Республикасынын таламдарындагы аскердик ташуулар менен байланышкан учууларды аткаруу;

(е) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүргүнчүлөр менен аба аркылуу туруктуу ташууларды аткаруу;

(ж) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүгү жана почта менен аба аркылуу туруктуу ташууларды аткаруу;

(з) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүргүнчүлөрү менен такай эмес аба аркылуу ташууларды аткаруу;

(и) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүгү жана почта менен такай эмес аба аркылуу ташууларды аткаруу;

(к) мамлекеттик аба кемелеринде учууларды аткаруу;

(л) башка учууларды аткаруу.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

17-статья. Байланыш каналдары менен камсыз кылуу

 

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга таламдаш министрликтер, мамлекеттик башка органдар, мекемелер өздөрүнүн карамагындагы аба кемелеринин учуулары үчүн аба мейкиндигин пайдалануу менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу органдар менен, андан тышкары - абадан коргонуу органдары менен байланыш каналдарын уюштурууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

V Бөлүм
Аба мейкиндиги

 

18-статья. Учуу ишин жүргүзүү жана аба мейкиндигин пайдалануу

 

Аба кемелеринин учуу иштерин жүргүзүү, ракеталарды атуу, атуулар, жардыруу иштери жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен байланышкан иштин дагы башка түрлөрү Кыргыз Республикасында учуу ишин жүргүзүүнү жана аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

19-статья. Аба мейкиндигин пайдаланууну уюштуруу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

20-статья. Аба мейкиндигинин структурасын түзүү

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

21-статья. Аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндөгү Жобо

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

22-статья. Аскер авиациясы интенсивдүү учкан райондор

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

23-статья. Өзгөчө абалдагы аракеттер

 

Өзгөчө абал же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудурган башка кырдаалдар болгондо Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын чечими менен Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуу боюнча функциялар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу аскердик органына убактылуу өткөрүп берилет. Мындай окуяларда же кырдаалда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин пайдалануунун тартиби Авиациялык эрежелерде айтылган, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин өзгөчө окуялардын же кырдаалдардын убагында тейлөөнүн жана пайдалануунун тартибин жөнгө салуучу атайын процедураларга ылайык, же эгерде Авиациялык эрежелердин тийиштүү жоболору мындай учурларда пайдаланууга мүмкүн эмес болсо же мындай учурларда пайдаланууга жарабаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын нормативдик укуктук актысына ылайык ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

24-статья. Аба жолдору

 

Аба жолдорунун мүнөздөмөлөрүнө, байланыштын жана аэронавигациянын ошол аба жолундагы учууларды аткарууда пайдаланылуучу каражаттарына талаптар Кыргыз Республикасынын тийиштүү Авиациялык эрежелеринде белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

25-статья. Учууларга тыюу салынган жана чектөө коюлган жерлер

 

Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин таламдарында Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учуулардын туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна негизи жок зыян келтирбеген учууга тыюу салынган же чектөө коюлган зоналар белгилениши мүмкүн, алардын чектери, жайгашкан орду жана колдонуу мөөнөтү аэронавигациялык карталарга түшүрүлөт, аэронавигациялык информациянын жыйнагына жарыяланат, ал эми антишке мүмкүн болбогон же зарылчылык болбогон учурларда аба мейкиндигин пайдалануучуларга башка документтер же аэронавигациялык информациянын каражаттары аркылуу билдирилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

26-статья. Аба мейкиндигин пайдалануу тартиби

 

Аба мейкиндигинин түзүмүнө жана классификациясына ылайык, аба мейкиндигин пайдалануунун уруксат берүү же кабарлоо тартиптери Аба мейкиндигин пайдалануунун авиациялык эрежелеринде белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 , 2013-жылдын 3-августундагы № 181 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

27-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо

 

Адамдардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү аба кемелеринин кыймылдаткычтарынын иштеген учурдагы кулак тундурган үнүнөн жана/же чыгындыларынын зыяндуу таасиринен коргоо максатында аэродромдун айланасында учуунун атайын схемалары, же аба кемелерин иштетүүнүн режимдери, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык аба кемелеринин техникалык мүнөздөмөлөрүнүн стандарттары же талаптары белгилениши мүмкүн, мындай схемаларда же аба кемелерин иштетүүнүн режимдеринде, ошондой эле андай Авиациялык эрежелерде ушул Кодекстин жана башка Авиациялык эрежелердин учуулардын коопсуздугуна карата талаптары эске алынышы шарт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VI Бөлүм
Аба кемелери

 

28-статья. Кыргыз Республикасынын аба кемелери

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

28-1-статья. Аба кемелери

 

Аба кемелери - жердин же суунун үстүндө чагылышкан аба менен өз ара аракетинен, аба менен өз ара эң мыкты аракетинин эсебинен атмосферада кармалуучу учак аппарат.

Жеңил аба кемелери - максималдуу учуу салмагы 5700 килограммдан аз салмакты түзгөн аба кемелери, анын ичинде максималдуу учуу салмагы 3175 килограммдан аз салмакты түзгөн вертолёттор.

Жогорку жеңилдиктеги аба кемелери - куткаруучу авиациялык каражаттардын салмагын эске албаганда, максималдуу учуу салмагы 750 килограммдан көп эмес салмакты түзгөн аба кемелери.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 181, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

29-статья. Аба кемелерин мамлекеттик каттоо жана атайын эсепке алуу

 

Учууларды аткаруу үчүн арналган аба кемелери мамлекеттик катталууга жатат:

- жогорку жеңилдиктеги аба кемелерин кошпогондо, жарандык аба кемелери -мамлекеттик катталганы жөнүндө күбөлүктү берүү менен, Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринде;

- жогорку жеңилдиктеги аба кемелери - жарандык авиация органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибинде.

Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү жарандык авиация органына жүктөлөт.

Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте катталган аба кемелери Кыргыз Республикасынын улуттук таандыктыгын алат.

Кыргыз Республикасындагы аба кемесинин катталгандыгынын фактысы ал аба кемесине улуттук жана катталуу белгилерин ыйгаруу жана ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык аба кемелеринин реестрине тийиштүү жазуу жазылып, катталганы жөнүндө күбөлүк берүү менен тастыкталат. Аба кемесинин Кыргыз Республикасындагы каттоодон чыгарылгандыгынын жана/же ал аба кемесинин катталгандыгы жөнүндөгү сертификаттын күчү жокко чыгарылгандыгынын фактысы ал тууралуу Граждандык аба кемелеринин реестрине тийиштүү жазуу калтыруу менен тастыкталат.

Метеорологиялык гана максатта пайдаланылуучу планерлер, аэростаттар же коммерциялык жүгү жок учкучсуз эркин аэростаттар жана ушул сыяктуу башка өтө жеңил учуучу аппараттар Кыргыз Республикасынын Аба кемелеринин реестрине катталбаса да болот. Андай учурда мындай аба кемелери граждандык авиация органы тарабынан атайын каттоого алынууга тийиш.

Мамлекеттик аба кемелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик аба кемелеринин реестрине Кыргыз Республикасынын аба кемелерин мамлекеттик каттоого алууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык катталат. Мамлекеттик аба кемелерин мамлекеттик каттоонун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 , 2013-жылдын 3-августундагы № 181 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

30-статья. Аба кемелеринин катталгандыгын таануу

 

Башка мамлекетте катталган бир дагы аба кемеси Кыргыз Республикасында катталбайт.

Эгерде аба кемеси Кыргыз Республикасынын Граждандык аба кемелеринин реестринен белгиленген тартипте чыгарылбаган болсо, Кыргыз Республикасынын аба кемесинин башка мамлекетте катталгандыгын Кыргыз Республикасы жарактуу деп тааныбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

31-статья. Аба кемелериндеги белгилер

 

Кыргыз Республикасынын чегинде учууну аткарган ар бир аба кемесинде тийиштүү улуттук жана каттоо белгилери болот.

Кыргыз Республикасында катталган граждандык аба кемелеринин бортуна каттоо жана башка белгилерди түшүрүү тартиби Кыргыз Республикасындагы граждандык аба кемелерин каттоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

Мамлекеттик аба кемелеринин бортуна каттоо жана башка белгилерди түшүрүү тартиби Кыргыз Республикасында мамлекеттик аба кемелерин каттоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

32-статья. Аба кемесин каттоодон чыгаруу

 

Граждандык аба кемелери Кыргыз Республикасындагы каттоодон Кыргыз Республикасындагы аба кемелерин каттоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:

(а) аба кемесинин ээсинин же иштетүүчүнүн арызы боюнча;

(б) аба кемеси Кыргыз Республикасында иштетүүдөн чыгарылганда же башкача жол менен алынганда;

(в) Кыргыз Республикасындагы аба кемелерин каттоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык башка учурларда.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

33-берене. Аба кемесинин учууга жарактуулугу

 

Кыргыз Республикасында катталган ар бир граждандык аба кемесинин учууга жарактуулугу Кыргыз Республикасындагы граждандык аба кемелерин сертификациялоону жана учууга жарактуулук нормаларын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык берилген учууга жарактуулугу жөнүндөгү сертификаты менен тастыкталат.

Жарандык аба кемелерин пайдалануу документтеринде каралган жана учуу жарактуулугун колдоону камсыз кылган жарандык аба кемелеринин учууга пайдалануу жана техникалык жактан тейлөө эрежелерин сактоо аба кемесинин мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө күбөлүгү бар же атайын эсепте турган аба кемесинин пайдалануучусуна жана/же ээсине жүктөлөт.

Аба кемесинин менчик ээсинде же ээсинде учуу жарактуулугунун сертификаты же сертификацияланган уюмдан берилген жана жарандык авиация органы тарабынан жактырылган жалгыз нускадагы сертификаты болгондо, эксперименталдык, спорттук, ышкыбоздук авиациянын аба кемелерин колдонууга жол берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 , 2013-жылдын 3-августундагы № 181 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

34-берене. Типтин сертификациясы

 

Аба кемесинин конструкциясына карата талаптар, аба кемесинин учууга жарактуулугунун талаптарына ылайыктуулугун тастыктоонун тартиби, типтин сертификатын берүү жана Кыргыз Республикасындагы аба кемелерин сертификациялоого байланыштуу дагы башка процедуралар Кыргыз Республикасындагы граждандык аба кемелерин сертификациялоону жана учууга жарактуулугун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасы иштеп чыгуучунун (даярдоочунун) өлкөнүн аба кемелери тибинин сертификатын, ошондой эле аба кемесинин жалгыз нускадагы тибинин сертификатын берүүгө жооптуу уюмду тааныйт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 , 2013-жылдын 3-августундагы № 181 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

35-статья. Кыргыз Республикасынын экспорттолуучу аба кемелерин сертификаттоо

 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

36-статья. Учууга жарактуулугу жөнүндөгү сертификаттын таанылышы

 

Граждандык аба кемесинин учууга жарактуулук сертификаты же ал аба кемесин мамлекеттик каттоого алуу менен күч берилген сертификат. Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 33-статьясына ылайык, ал сертификатты берүүдөгү талаптар же күч берилген сертификат Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 37-статьясына ылайык кабыл алынуучу минималдуу стандарттарга ылайык келген шартта Кыргыз Республикасы тарабынан жарактуу деп таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-статья. Граждандык аба кемелеринин зыяндуу үндөрдүн деңгээли

жана зыяндуу заттардын эмиссиясы боюнча Сертификацияланышы

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-статья. Кеме документтери

Кыргыз Республикасынын аймагында учууну аткаруучу ар бир граждандык аба кемесинин бортунда төмөнкүдөй кеме документтери болот:

(а) аба кемесинин каттоого алынгандыгы жөнүндөгү күбөлүк;

(б) учууга жарактуулук сертификаты;

(в) экипаждын ар бир мүчөсүнө тийиштүү күбөлүктөр;

(г) борт журналы;

(д) борт радиостанциясына берилген уруксат, эгерде бул аба кемеси радиоаппаратуралар менен жабдылса;

(е) эгерде аба кемесинин бортунда жүргүнчүлөр ташылса, жөнөгөн жана баруучу жерин көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдүн тизмеси;

(ж) эгерде аба кемесинин бортунда жүк ташылса, манифест жана жүктүн толук декларациясы;

(з) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде бул максат үчүн каралган башка документтер.

Эгерде аба кемесинин бортунда ушул статьяда каралган кандайдыр бир кеме документи жараксыз же жок болуп чыкса, граждандык авиация органынын же көзөмөлдөө боюнча органынын инспектору андай аба кемесинин учуусун тиешелүү граждандык авиация органынын же көзөмөлдөө боюнча органдын жетекчисине токтоосуз түрдө кабарлоо менен токтотуп тура алат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-статья. Өздүк коргонуу каражаттары 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

40-статья. Кыргыз Республикасынын чакырык радио сигналдары

 

Кыргыз Республикасынын радио байланыш каражаттары бар бардык аба кемелерине белгиленген тартиптеги чакырык радио сигналдары берилет.

 

41-статья. Граждандык аба кемесин пайдалануу укугун чектөө

 

Кыргыз Республикасынын граждандык аба кемелерин пайдалануу укугун чектөө (белгилүү айыпка тартуу, убактылуу же такай алып салуу жана өзгөчө кырдаалдардан келип чыккан башка чектөөлөр) Кыргыз Реснубликасынын Президентинин чечими боюнча киргизилет.

 

VII Бөлүм
Авиациялык персонал

42-статья. Аныктама

 

Ишинин мүнөзү учууларды уюштурууга, аткарууга, камсыз кылууга жана тейлөөгө түздөн-түз байланышкан кызматкерлер авиациялык персоналга кирет.

 

43-статья. Авиациялык персоналдын составы 

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

44-статья. Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү

 

Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде учууну аткарган ар бир аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүндө Кыргыз Республикасы тарабынан берилген же ал аба кемесин каттоого алган мамлекет тарабынан күч берилген күбөлүктөрү болот.

Кыргыз Республикасында авиациялык персоналды сертификациялоо жана лицензиялоо жана авиациялык персоналга авиациялык сертификаттарды жана лицензияларды берүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасында авиациялык персоналды сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

Авиациялык персонал өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканда жанында алардын бул милдеттерди аткарышына укук берген жарактуу сертификаттары же лицензиялары болот.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

45-статья. Авиациялык персоналдын күбөлүктөрүн таануу

 

Авиациялык персоналга тапшырылган же аба кемесин мамлекет каттаганда ага күч берген күбөлүк Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 33-статьясына ылайык ал күбөлүктү берүүдөгү же ага күч берүүдөгү талаптар Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 37-статьясына ылайык кабыл алынуучу минималдуу стандарттарга ылайык келген шартта Кыргыз Республикасы тарабынан таанылат.

Кыргыз Республикасы Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 32-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинде учууларды аткаруу максаттары үчүн өзүнүн жарандарынын кимисине болбосун башка мамлекет тарабынан берилген авиациялык персоналдын күбөлүгүн таануудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

46-статья. Аба кемесинин экипажы

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

47-статья. Экипаж мүчөлөрүнүн граждандыгы

 

Кыргыз Республикасынын граждандык Аба кемелеринин экипаждарынын курамында Кыргыз Республикасынын граждандары гана боло алат.

Бул эрежеден четтөөнүн жолдору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.

 

48-статья. Аба кемесинин командири

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

49-статья. Аба кемесинин командиринин укугу 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

50-статья. Кырсык учурундагы аракет

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

51-берене. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын (алардын аймактык органдарынын) бийлик укуктары

 

1. Товарлардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик орган, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы, курчаган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча мамлекеттик орган жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) өз компетенциясынын чегинде:

товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлуучу талаптардын сакталышына контроль жүргүзөт;

товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлган талаптарды, мындай товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) өндүрүштөн кыскартуу жөнүндө талаптарды бузууну четтетүү, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иш аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү жана колдонулуу мөөнөтү коюлууга тийиш болгон, бирок коюлбаган товарларды жана жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товраларды сатууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөлөрдү, ошондой эле товар жөнүндө ишенимдүү жана жетиштүү маалымат болбогон учурда аны сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтотуу жөнүндө, андай товарларды керектөөчүлөрдөн жыйнап алуу жана ушул туурасында керектөөчүлөргө кабарлоо жөнүндө көрсөтмөлөрдү жөнөтөт;

алар товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлган талаптарды бузган учурда даярдоочуларга (аткаруучуларга, сатуучуларга) карата доо коюп, сотторго кайрылат.

2. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында стандартташтыруу. метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик орган, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата милдеттүү талаптарды коет жана ушул талаптардын сакталышына контролдук кылат.

3. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин координациялоо, ошондой эле товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) милдеттүү түрдө сертификациялоо боюнча ишти уюштуруу жана жүргүзүү стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик органга жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-берене. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары), стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик орган (анын аймактык органдары) жана башка мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) салуучу санкциялар

 

1. Монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууну жана мыйзамсыз соода иштерин жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө өзүнүн көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тартуу үчүн же өз учурунда аткарбагандыгы үчүн айып акы салууга укуктуу.

Айып акыны монополияга каршы мамлекеттик органдын (анын аймактык органынын) кызмат адамы салат.

2. Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекттик орган (анын аймактык органдары) жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) өз компетенциясынын чегинде төмөндөгү учурларда айып акы салууга укуктуу:

алардын мыйзамдуу көрсөтмөлөрүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) аткаруудан баш тартса же өз учурунда аткарбаса;

товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) менен керектөөчүлөргө зыян келтирүү;

товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) стандарттардын милдеттүү талаптарына ылайык келишин ырастаган сертификатсыз товарларды, анын ичинде импорттук товарларды сатуу (иш аткаруу, кызмат көрсөтүү);

сертификациялоо боюнча органдар тарабынан товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) милдеттүү түрдө сертификациялоо эрежелерин бузуу, ошондой эле милдеттүү түрдө сертификациялоодо сыноо жүргүзүүчү лабораториялар (борборлор) тарабынан товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) сыноонун туура эмес натыйжаларын берүү.

3. Айып акылардын өлчөмдөрү ар бир конкреттүү учурда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык аныкталат. Даярдоочуларга, (аткаруучуларга, сатуучуларга) ошондой эле сертификациялоо боюнча органдарга, сыноо жүргүзүүчү лабораторияларга (борборлорго) салынуучу ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган айып акылар жеке ишкерге салынуучу айып акыны кошпогондо мындай айып акы салуу жөнүндө тийиштүү чечим чыккан күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө колдонулат.

Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) айып акы салган кызмат адамынын чечимине жогору турган инстанцияда даттана алат же сотко доо коюп кайрыла алат. Кызмат адамынын аракеттеринин мыйзамдуулугу ырасталган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын рефинансылоо ставкасына таянуу менен айып акыны жана келтирген зыяндын суммасын төлөп берет.

Ушул берененин 1-пунктунда жана 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган жеке ишкерлерге салынган айып санкциялары айып акы тарттыруу жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө колдонулат.

Жеке ишкерлер белгиленген мөөнөтүндө айып акы төлөөдөн баш тартса же айып акыны толук өлчөмүндө төлөбөсө, ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жеке ишкерлерден айып акынын тийиштүү суммасын, ошондой эле айып акынын салынган суммасынын бир проценти өлчөмүндө пеня же узарып кеткен ар бир күн үчүн анын төлөнбөгөн бөлүгүн өндүрүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Ушул берененин 2-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында каралган жана жеке ишкерлерге салынуучу айып санкциялары административдик мыйзамдарга ылайык колдонулат.

4. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык өндүрүлүүчү айып акылардын суммасы республикалык бюджетке жөнөтүлөт.

5. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) сертификациялоо боюнча органдар, сыноо жүргүзүүчү лабораториялар (борборлор) мамлекеттик монополияга каршы органдын (анын аймактык органдарынын), стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик органдын (анын аймактык органдарынын) жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү башка мамлекеттик аткаруучу бийлик органдарынын (алардын аймактык органдарынын) көрсөтмөлөрүн толугу менен же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө же айып акы салуу жөнүндө тийиштүү токтомдорду бузуу жөнүндө же өзгөртүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Мамлекеттик башкаруу органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (комиссияларынын) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча административдик жазапулдар салуу жөнүндөгү көрсөтмөлөрү менен токтомдоруна карата алар чыгарылган күндөн тартып он күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 мыйзамынын редакциясына ылайык)

VIII Бөлүм
Аэродромдор жана аэропорттор

 

53-статья. Аныктама

 

Аэродром - аба кемесинин учушу, конушу жана токтоп турушу учүн арналган жер бетиндеги же суу үстүндөгү (бардык имараттарды, курулуштарды жана жабдууларды кошуп алган) белгиленген участок.

Аэропорт - жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктү жана почтаны кабыл алууну жана жөнөтүүнү жүргүзгөн, аба кемелерин жана экипаждарды тейлеген, ушул максатта колдонулуучу аэродрому, аэровокзалы жана башка курулуштарды, ошондой зле зарыл жабдуулары жана персоналы бар ишкананы билдирет.

Эл аралык аэропорт - эл аралык аба катнашын жүргүзгөн, бажы, чек ара, санитардык-карантин көзөмөлүн камсыз кылган аэропорт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

54-статья. Кыргыз Республикасынын аэродромдору. Аэродромдорду биргелешип пайдалануу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

 

54-1-берене. Аэродромдор жагындагы талаптарды жарыялоо

Граждандык авиация органы учуу-конуу тилкелеринин, рулдук жолчолордун, перрондун, рулдук жолчолордун каптал тилкелеринин, учуу тилкесинин төшөндүсүнө, визуалдык каражаттарына, электр тутумдарына, морттукка жана учууларды орнитологиялык камсыз кылууга тийиштүү аяр чараларды кошуп алганда Кыргыз Республикасынын бардык аэродромдорунда техникалык тейлөөнүн программаларын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тийиштүү талаптарды граждандык авиация органынын өзүнчө директивасы түрүндө жарыялайт.

(КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

55-статья. Аэродромдор жана аэропорттор үчүн жер берүү

 

Аэродромдордун жана аэропорттордун курулушу үчүн жер бөлүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүргүзүлөт. Аэродромдор жана аэропорттор үчүн ажыратылуучу жер участкаларынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилген нормаларга жана долборлоо-техникалык документтерге ылайык белгиленет.

 

56-статья. Аэродромдорду куруу жана реконструкциялоо

 

Аэродромдорду изилдөө, долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана көчүрүү маселелери Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндөгү Жободо аныкталган тартипте тийиштүү жергиликтүү бийлик органдары жана кызыкчылыгы бар министерстволор, мамлекеттик комитеттер уюмдар менен макулдашылууга тийиш. Аэродромду (аэропортту) жабуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

57-статья. Аэродромдорду сертификациялоо жана каттоо

 

Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана аэропортторун сертификациялоонун, каттоонун жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын аэродромдорун жана аэропортторун каттоону, сертификациялоону жана иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын граждандык эмес аэродромдорун каттоонун, сертификациялоонун жана иштетүүгө уруксат берүүнүн тартиби мындай аэродромдорду каттоону, сертификациялоону жана иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын аэродромдорун каттоо жана сертификациялоо фактысы ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун тийиштүү реестринде тийиштүү жазууну жазуу жана каттоого алынгандыгы жана сертификациялоо жөнүндөгү сертификат же күбөлүк берүү менен тастыкталат.

Аэродромду Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун тийиштүү реестринен чыгаруу жана/же ал аэродромдун катталгандыгы жөнүндөгү сертификатты же күбөлүктү жокко чыгаруу фактысы ал жөнүндө ошол Реестрге тийиштүү жазууну жазуу менен тастыкталат.

Кыргыз Республикасынын аэропортторуна эларалык учууларды тейлөөгө уруксат берүү жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

58-статья. Аэродромдорду каттоо

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

59-статья. Аэродромдорду белгилөө

 

Аэродромдорду жана учуу-конуу тилкелерин бийиктен таасын көрүү жана экипаждарга аба кемелеринин учуу жана конуу мезгилинде багыт берүү максатында алар аэродромдордун пайдаланууга жарактуулук нормаларына ылайык белгиленет.

60-статья. Имараттарды жана курулуштарды маркировкалоо

 

Имараттардын жана курулуштардын ээлери аба кемелеринин учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында өз эсебинен аталган имараттар менен курулуштарда түнкү жана күндүзгү ажыратма белгилерин жама түзүлүштөрүн Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык жайгаштырууга милдеттүү. Аэродром жайгашкан райондордо аларды көрүп билүү үчүн кабыл алынган ажыратма белгилер менен түзүлүштөргө окшош кандайдыр бир башка белгилер менен түзүлүштөрдү орнотууга тыюу салынат.

(КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

61-статья. Аэродромдордун аймагында ар түрдүү объекттерди куруу жана жайгаштыруу

 

Аэродромдордун аймагында имараттарды, курулуштарды же объекттерди, байланыш же электр өткөрүү линияларын же аба кемелеринин жердеги же борттогу навигациялык жабдуулардын нормалдуу иштешине жолтоо болушу же аба кемелеринин учуусунун коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон ар кандай жабдууларды, каражаттарды курууга, жайгаштырууга, орнотууга жана пайдаланууга тыюу салынат.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

62-статья. Аэродромдор турган райондордогу курулуштарга коюлуучу

талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү

 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

63-статья. Транспорт катнашы жана аэропорттун калкттуу пункттар менен байланышы

 

Аэропорттор жакынкы шаарлар жана башка калктуу пункттар менен үзгүлтүксүз байланышта турууга тийиш.

Жергиликтүү бийлик органдары аэропортко келүүчү жолдордун курулушун, реконструкцияланышын, жашылдандырылышын жана эксплуатацияланышын, бул жолдордо жүргүнчүлөр транспортунун такай каттап турушун, ошондой эле шаарлардын жана башка калктуу пункттардын аэропорт менен туташтырган телефон байланышын камсыз кылышат.

 

IX Бөлүм
Аба кемелеринин учушу

 

64-статья. Аба кемелеринин учушуна жол берүү 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

65-статья. Аба кемесин жана анын экипажын учууга даярдоо 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

66-статья. Жер үстүндөгү жана башка тейлөөлөр

Учууларды жана аба кемелерин тейлөөнүн метеорологиялык, техникалык, аэропорттук, аэронавигациялык жана башка түрлөрү Кыргыз Республикасындагы учууларды жана аба кемелерин жер үстүндөгү жана башка тейлөөнү жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерине ылайык аэропорттун тийиштүү кызматтары жана/же сертификатталган уюмдар тарабынан ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

67-статья. Учуу планы. Учууга уруксат берүү

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

68-статья. Учуу эрежелери

 

Кыргыз Республикасы өзүнүн мамлекеттик аба кемелери үчүн эрежелерди белгилеген учурда Граждандык аба кемелеринин навигациясынын коопсуздугуна тийиштүү көңүл бурат.

Башка мамлекеттин мамлекеттик аба кемесинин Кыргыз Республикасынын аймагына же аймагы аркылуу учуусу Кыргыз Республикасы менен ошол мамлекеттин ортосунда түзүлгөн макулдашууга же башка документке ылайык берилген атайын уруксат боюнча ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасында катталган же негизги иштеген жери же туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасында болгон иштетүүчү иштетип жаткан бир дагы аба кемеси ушул Кодекстин жана Граждандык авиация жөнүндөгү эларалык конвенциянын 3 bis статьясынын "d" пунктуна ылайык Граждандык авиация жөнүндөгү эларалык конвенциянын максаттарына ылайык келбеген кандайдыр бир максатта атайылап пайдаланылбайт.

Кыргыз Республикасы кандай гана аба кемесин болбосун, эгерде ал анын аймагынын үстүнөн уруксатсыз учса же эгерде ал ушул Кодекстин же Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин максаттарына туура келбеген максаттарда пайдаланылып жатат деп ойлогонго жүйөлүү негиздер болсо, кайсы бир көрсөтүлгөн аэропортко конууга мажбурлоого укуктуу. Мында абадагы кыймылды тейлөөчү орган мындай аба кемесине анын бул өңдүү эрежелерди бузуусун токтотуу максатында көрсөтмөлөрдү берүүгө жана эларалык укуктун, анын ичинде Граждандык авиация жөнүндөгү эларалык конвенциянын 3 bis статьясынын "а" пунктунун жобосуна ылайык чараларды колдонууга укуктуу.

Аба кемелерин Кыргыз Республикасынын чегинде кармоо мындай кармоону жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык жасалат. Ал эрежелер Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык информация жыйнагында жарыяланат.

Аба кемесин кармоого байланыштуу Кыргыз Республикасы тарткан чыгымдардын баары бул аба кемесин иштетүүчү тарабынан төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

69-статья. Аба кемелеринин учуу эксплуатациясы боюнча Көрсөтмөсү

 

Аба кемесинин ар бир тиби үчүн ошол типтеги аба кемесин учууда пайдалануу боюнча Көрсөтмө (инструкция) түзүлөт.

Учуу эксплуатациясы бар Көрсөтмөдөн (инструкциядан) четтеген аба кемесин учууда пайдалануу тыюу салынат.

70-статья. Аба кемелеринин учуу иши 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

71-статья. Аба жолунан жана маршрутунан четтеген учурдагы аба

кемесинин аракети 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

72-статья. Радиобайланыш

(Статьянын аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

Учуп бараткан аба кемеси менен аба кыймылын башкаруунун органынын ортосунда үзгүлтүксүз радио байланышы болууга тийиш.

Байланыш үзүлгөн учурда аба кемесинин командири аны калыбына келтирүү үчүн чара көрүүгө милдеткер. Эгер байланышты калыбына келтирүү мүмкүн болбосо ал Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде радио байланышы үзүлгөн учурда учуу ишин аткаруу үчүн белгиленген атайын эрежелер боюнча учуу ишине өтүүгө милдеттүү.

 

73-статья. Учуунун коопсуз бийиктиги жана аралыгы 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

74-статья. Калк конуштарынын үстүнөн учуу

 

Аба кемелеринин калк конуштарынын үстүнөн учушу аба кемеси бузулган учурда аны калктуу пункттардын чегинен ары кондурууга мүмкүндүк берген бийиктикте жүргүзүлүүгө тийиш.

Аэродромдордун аймагында учуунун, издөө жана куткаруу боюнча учууларды жүргүзгөндө жана ушул сыяктуу шашылыш же өзгөчө абалдарда учууларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын тийиштүү Авиациялык эрежелеринде же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын уруксатында айтылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

75-статья. Чек ара бузган аба кемеси

 

Компетенттүү органдардын уруксатысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына, тыюу салынган аймактарга, чектелген учуу зоналарына кирип келген же болбосо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү эрежелерин бузган аба кемеси чек ара бузган аба кемеси деп таанылат жана учууну көзөмөлдөгөн органдардын талабына баш ийбесе, мажбурлоо түрүндө кондурулат.

Чек ара бузган аба кемеси конуу жөнүндө буйрук алганда көрсөтүлгөн жерге конууга милдеттүү.

Жерге кондурулгандан кийин жана чек ара бузуунун себептери аныкталгандан соң, чек ара бузган аба кемесинде андан ары учуу үчүн аба кыймылын башкаруу органдары белгиленген тартипте уруксат беришет.

Аба мейкиндиги пайдалануу тартибинин бузулушуна байланыштуу келип чыккан чыгымдар тартип бузган аба кемесинин ээси тарабынан төлөнөт.

 

76-статья. Аба кемелеринин радиожабдуусу

 

Эгерде мамлекет тарабынан каттоого алынган аба кемесине радиоберүүчү аппаратураны орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилген учурда гана Кыргыз Республикасынын аймагынын чегиндеги учууну ишке ашырган аба кемеси ага ээ боло алат. Аба кемелеринин радиоберүүчү аппаратураны Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде пайдаланышы Кыргыз Республикасындагы радиоберүүчү аппаратураны аба кемелеринин пайдаланышын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

Радиоберүүчү аппаратураны ошол аба кемесине мамлекеттик каттоо берген, буга атайын уруксаты бар учуу экипажынын мүчөлөрү гана пайдалана алышат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

77-статья. Байланыш каналдарынын берилиши

 

Граждандык авиацияда пайдалануу үчүн байланыш каналдарын берүү Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясында байланыш каналдарын пайдаланууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык мындай ыйгарым укуктар жүктөлүшү мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылат.

Бөлүп берилген ар бир байланыш каналы катардан чыккан учурда же анын иши ар кандай токтоп калганда, болгондо да байланыш каналы токтоп калганда, аэронавигациянын коопсуздугуна коркунуч келтирбегендей кылып башка байланыш каналы менен алмаштырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

78-статья. Жалпы пайдалануудагы байланыш каналдарынан пайдалануу

 

Арендага бериле турган байланыш каналдары жок болгон учурда учууну жана аба кыймылын башкарууну камсыз кылуу үчүн жалпы пайдалануудагы байланыш каражаттары колдонулушу мүмкүн.

Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемесине жардам көрсөтүү жөнүндө телефон байланышы, ошондой эле телеграммаларды кабыл алуу жана берүү экипаж жана жүргүнчүлөр үчүн кезексиз берилет жана демейдеги тариф боюнча төлөнөт.

Учуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис аракеттерге жана атайын учууларды башкарууга байланышкан телефон байланышы, ошондой эле телеграммаларды кабыл алуу жана берүү иши кезексиз жүргүзүлөт жана демейдеги тариф боюнча төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

79-статья. Радиотехникалык каражаттардын ишиндеги тоскоолдуктарды четтетүү

 

Байланыш каражаттарына жана учууларды радиотехникалык жактан камсыз кылууга тоскоолдук кылуучу жабдуулары жана аппараттары бар ишканалар, мекемелер, уюмдар жана граждандар граждандык авиация органынын же Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органынын талабы боюнча ал тоскоолдуктарды жоюуга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

80-статья. Аба кемесинин үчүнчү тарапка келтирген зыяны үчүн жоопкерчилик

 

Аба кемесинин зэси үчүнчү тараптын өлүмүнө же ден-соолугуна залака келтирүүгө байланыштуу келип чыккан зыяндар, Кыргыз Республикасынын аймагында учуп баратканда же андан түшүп калган буюм менен үчүнчү тараптын мүлкүнө келтирген зыян үчүн, эгер бул зыян жабыр тарткан тараптын атайы жасаган аракетинен келип чыкканын далилдей албаса же Кыргыз Республикасы жана тийиштүү чет мамлекеттер катышкан эл аральж келишимдерде башка жагдайлар каралбаса, жоопкерчилик тартат.

Ушул статьянын максаты үчүн аба кемеси учуп чыккандан тартып конгонго чейинки аралык аба кемесинин учуудагы абалы деп эсептелет.

 

81-статья. Аба кемелеринин кагылышуусунан улам келип чыккан зыян үчүн жоопкерчилик

 

Эки же андан көп аба кемелери кагылышкан учурда, ошондой эле кагылышпастан туруп бир аба кемеси экинчи аба кемесине зыян келтирген учурларда аба кемелеринин ээлеринин өз ара мүлк жоопкерчилиги төмөндөгүдөй тартипте аныкталат:

1. Бир тараптын күнөөсүнөн келип чыккан зыянды ошол тарап толук өлчөмдө төлөйт.

2. Эгер зыян эки (же бир нече) тараптын тең күнөөсүнөн келип чыкса, анда ар биринин жоопкерчилиги күнөөнүн өлчөмүнө жараша аныкталат: эки тараптын тең канчалык күнөөлү экендигин аныктоо мүмкүн болбогон учурда жоопкерчилик эки тарапка тең жүктөлөт.

Бир тараптын күнөөсү жок болсо, эки тарап тең бири-биринен зыяндын ордун толтурууну талап кыла албайт.

Аба кемелери кагышкан тараптардын бири да күнөөсү далилделмейинче күнөөлү деп эсептелбейт.

Жүргүнчүлөрдүн өлүмүнөн же ден соолугунун жабыр тартышынан улам келип чыккан зыян үчүн, ошондой эле аба кемесиндеги үчүнчү тараптардын мүлкүнө же ташуучуга тапшырылган мүлккө тийгизилген зыян үчүн ушул Кодекстин эрежелери боюнча ташуучу мүлк жоопкерчилигин тартат. Ошол эле мезгилде ташуучу кимдин күнөөсү боюнча зыянга кириптер болсо, ушул статьянын 1 жана 2 пункттарына ылайык, ошол тарапка талап коюуга (регресс) укуктуу.

 

82-статья. Үчүнчү тарапка келтирилген, ошондой эле аба кемелеринин

кагылышынан келип чыккан зыян үчүн жоопкерчилик чектери 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

83-статья. Жоопкерчиликти камсыздандыруу

 

Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде учууларды аткаруучу ар бир аба кемесинин ээси же иштетүүчү учууга алынган жүргүнчүгө, багажга, жүккө же почтага, экипаждын мүчөлөрүнө, тейлөөчү персоналга, анын ар бир кызматынан пайдалануучуга, ошондой эле үчүнчү жактарга учуу мезгилинде же аба кемесин иштетүү менен байланышкан ишти жүргүзүүдө келтирилген зыян үчүн өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

84-статья. Эларалык учууну аныктоо

 

Ушул Кодекстин максаттары үчүн эларалык учуу деп аба кемеси Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин мамлекеттик чегарасынан өткөн учуу таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

85-статья. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эларалык

учуулары

 

Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эларалык учуулары граждандык авиация органынын уруксаты менен ишке ашырылат.

Уруксат берүү аба кемесине жана анын экипажына карата эларалык учуулардын аткарылышы жагынан, анын ичинде мамлекеттин чегинде ушул аба кемесинин учушу же ушул иштетүүчүнүн учуулары аткарылып жаткан эрежелердин талаптарын кошкондо, Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын бардык талаптары сакталганын билдирет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

86-статья. Башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз

Республикасынын чектеринде учушу

 

Башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын чектеринде учушу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдердин негизинде жана шарттарына ылайык, ошондой эле граждандык авиация органынын тийиштүү уруксаты менен ишке ашырылат.

Башка мамлекеттердин аба кемелеринин учушуна уруксаттарды берүү башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жана аймагы аркылуу учууларын жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык ишке ашырылат.

Башка мамлекеттердин аба кемелерин иштетүүчүлөр Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учууларды аткаруу үчүн граждандык авиация органына ушул Кодекске ылайык үчүнчү жактарга жана башка аба кемелерине зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башкача камсыз кылуу жөнүндөгү документтерди беришет.

Кыргыз Республикасы башка мамлекеттердин аба кемелерине Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү, почта жана жүктөрдү сый акысына же жалдоо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде бара турган башка пунктка ташуу үчүн бортко алууга уруксат берүүдөн баш тартууга укуктуу. Кыргыз Республикасы башка мамлекетке же кайсы бир башка мамлекеттин авиаташуучусуна өзгөчө негиздеги ар кандай артыкчылык берүүчү кандайдыр бир макулдашууларга кошулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

87-статья. Чет өлкөлүк аба кемелеринин "Ачык асман" программасы

боюнча Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учушу

 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

88-статья. Эларалык учууларга арналган аба жолдору жана аэродромдор (аэропорттор)

 

Аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигиндеги эл аралык учуусу бул үчүн бөлүнгөн аба жолдору жана эларалык аэропорттор аркылуу ишке ашырылат.

Эларалык аэропорт учуулардын коопсуз аткарылышы үчүн зарыл болгон жер үстүндөгү тейлөөнүн бардык түрлөрүн бардык пайдалануучуларга бирдей негизде көрсөтөт.

Эларалык учуулар үчүн аба жолдорун жана аэропортторду (аэродромдорду) ачуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.

Эларалык учуулар үчүн ачылган эларалык аба жолдору жана аэродромдор (аэропорттор) боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Аэронавигация информациясынын жыйнагына жарыяланат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

89-статья. Эларалык учуу ишин аткарууда учуп келүүнүн жана учуп кетүүнүн эрежелери

 

Кыргыз Республикасынын аймагында эларалык учууларды аткаруучу аба кемелеринин учуп чыгуусуна жана конуусуна эларалык аэропорттордо (аэродромдордо) уруксат берилет.

Ушул статьянын талаптарынан четтөөгө Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөөчү органынын уруксаты жана функциясына жана милдетине андай уруксаттарды берүү кирген тийиштүү органынын уруксаты менен гана жол берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

90-статья. Чет өлкөлүк аба кемелеринин кеме документтеринин Кыргыз

Республикасында таанылышы 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

91-статья. Эл аралык учууларды аткарууда паспорт, бажы жана башка

эрежелерди колдонуу

 

Кыргыз Республикасына учуп келүүчү жана андан учуп кетүүчү, транзит аркылуу өтүүчү бардык аба кемелерине, алардын экипаждарына жана жүргүнчүлөрүнө, ошондой эле алардын аба кемелери аркылуу Кыргыз Республикасына алып келүүчү жана андан алып кетүүчү буюмдарына тийиштүү паспорт, бажы, валюта, санитария, карантин жана келүү-кетүү, ошондой эле буюмдарды алып келүү жана алып кетүү, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн транзит эрежелери жайылтылат.

 

X Бөлүм
Авиация коопсуздугу

 

92-статья. Авиация коопсуздугу

 

Авиация коопсуздугу - анын ишине мыйзамсыз кийлигишүү актыларын алдын алуу жана жол бербөө жолу менен камсыз болуучу авиациянын нормалдуу жана коопсуз ишин билдирет.

Авиациянын нормалдуу жана коопсуз ишине коркунуч келтирген, адамдардын бөөдө кокустукка учурашына, материалдык чыгымга алып келген, аба кемесин басып алган же мажбурлап айдап кеткен, ошондой эле аталган натыйжаларга алып келүү коркунучун түзгөн мыйзамга каршы келген бардык аракет же бей аракет - авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүү болуп саналат.

 

93-статья. Авиация коопсуздугун камсыз кылуу

 

Аба кемелерин иштетүүчүлөр, аба кемелерин кабыл алуучу, жасоочу

же тейлөөчү ишканалар, мекемелер, уюмдар жана граждандар Кыргыз Республикасынын авиациялык коопсуздугун камсыз кылууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Авиацияны анын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо:

1. Аэродромдун контролго алынган зонасына чоочун адамдардын жана транспорттун көзөмөлсүз киришине жол бербөө;

2. Курал, ок дүрмөттөрү, жарылуучу, радиактивдгүү, ууландыруучу, жеңил тутануучу, аба транспортунда алып жүрүүгө тыюу салынган башка да коркунучтуу буюмдар менен заттарды жүргүнчүлөрдүн жашырып алып өтүшүнө мүмкүнчүлүк бербөө;

3. Курал жарактарды жана ок дарыларды дүрмөттөлбөгөн абалда жүргүнчүлөрдөн окчун турган атайын жерлерде ташып кетүүнү камсыз кылуучу коопсуздуктун өзгөчө чараларын колдонуу;

4. Аба кемелерин токтоп турган жеринде аларды ондоого, эксплуатациялоого же тейлөөгө тиешеси жок адамдардын кирип кетишине жол бербегидей абалда коргоо;

5. Аба кемелерин атайын текшерип көрүп чыгуу;

6. Аба кемелерин учуу маалында зкипаждын коопсуз ишин камсыз кылуучу, ошондой эле аба кемесин укукка туура келбеген иштерге колдонууну жокко чыгаруучу техникалык каражаттар менен жабдуу;

7. Авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы атайын чараларды иштеп ыгуу аркылуу камсыз кылынат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

94-статья. Жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн жана багаждарды текшерүү

 

Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аэропорттордогу укук коргоо, бажы жана башка ыйгарым укуктуу органдарга, ал эми андай органдар жок болгон учурда - аба кемесинин командирине же анын тапшыруусу боюнча экипаждын башка мүчөсүнө жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн жана багаждарды текшерүүгө укук берилет. Текшерүүдөн баш тарткан жүргүнчү аба кемесинин бортуна киргизилбеши мүмкүн.

Учуп бараткан аба кемесинде зарыл болгон учурда аба кемесинин командиринин чечими боюнча жүргүнчүнүн макулдугуна карабастан текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Ушул статьянын максаты үчүн жүргүнчүлөрдү отургузгандан жана жүктөрдү жүктөгөндөн кийин аба кемесинин бардык эшиктери жабылган учурдан тартып жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү түшүрүү максатында эшиктердин кайсынысы болбосун ачылганга чейин аба кемеси учууда деп эсептелет.

Текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жана текшерүү жүргүзүүгө укуктуу адамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын аба кемесинин бортуна же аэропорттун атайын зонасына текшерүү жүргүзүүнү жөнгө салуучу тийиштүү Авиациялык эрежелер менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

95-статья. Текшериле турган адамдар

 

Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган адамдардын тизмесин эске албаганда текшерүү иши аба аркылуу ташуу келишимине катышкан ар бир адамга карата жүргүзүлөт.

Экипаж мүчөлөрүнө жана жердеги тейлөөчү персоналга карата тек-

шерүү иргеп жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

XI Бөлүм
Издөө жана куткаруу иштери

 

96-статья. Аныктама

 

Аба кемесине же анын бортундагы адамдарга коркунуч туулганда же болбосо радио байланышы үзүлүп, кайсы жерде тургандыгы белгисиз болгон аба кемеси кырсыкка кабылып жаткан аба кемеси деп таанылат.

Учуп чыгаарда, учуп баратканда, конуп жатканда же кулап түшкөндө олуттуу зыянга учураган же болбосо толук кыйраган, ошондой эле аэродромдон тышкары кургак жерге (суу үстүнө) конууга аргасыз болгон аба кемеси кырсыкка учураган кеме деп таанылат.

 

97-статья. Издөө жана куткаруу ишин жүргүзүү

 

(Статьянын аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемеси токтоосуз издөөгө жана куткарууга алынат.

Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемеси издөө жана анын жүргүнчүлөрү менен экипажын куткаруу ишин Кыргыз Республикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматы уюштурат жана жүргүзөт. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде аракеттенет.

Авиациялык издөө-куткаруу ишин уюштурган жана жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматы министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана граждандардын күч каражаттарын пайдаланууга, аларды ишке тартууга укуктуу.

Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемелерин, жүргүнчүлөр ме-

нен экипаждарды издөөнү жана куткарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматы издөөчү-куткаруучу күчтөрдүн жана каражаттардын суткалык дежурлугун уюштурат. Бул күчтөрдүн жана каражаттардын курамы, техниканын жана жабдуулардын тизмеси, издөө-куткаруу иштерин башкаруунун тартиби жана кызмат адамдарынын милдеттери издөөнү жана куткарууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелер менен жөнгө салынат.

Издөө-куткаруу күчтөрү жана каражаттары күзөткө ажыратылган кезде ишканалар, мекемелер, уюмдар жана граждандар аларды издөө-куткаруу ишине шаймашай абалда кармап турууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыкка учурап жаткан жана учураган аба кемесине зарыл жардам көрсөтүү үчүн бул ишке:

а) башка мамлекеттердин издөөчү-куткаруучу күчтөрү жана каражаттары;

б) ошол кемелердин ээлери жана аларды пайдалануучулар;

в) кырсыкка учурап жаткан (учураган), аба кемеси катталган мамлекеттин бийликтери катыштырылышы мүмкүн.

Издөө-куткаруу ишине катышуунун тартиби мындай учурда Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндөгү Жободо белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

98-статья. Издөө жана куткаруу иштерин камсыз кылуу 

(Статьянын аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кырсыкка учурап жаткан жана учураган аба кемесин издөө жана анын жүргүнчүлөрү менен экипажын куткаруу, аэродромдорго (аэропортторго) авиациялык издөө-куткаруу күчтөрүн жана каражаттарын топтоо, аталган иштер жүргүзүлгөн мезгилдин ичинде алардын учушун тейлөө жана камсыз кылуу боюнча иштер кезексиз, акысыз жүргүзүлөт.

Аба кемесин, анын жүргүнчүлөрү менен экипажын кырсык болгон жерде эвакуациялоо ишин кырсыюка учураган аба кемесин пайдалануучунун күчтөрү жана каражаттары же болбосо ушул пайдалануучунун эсебинен башка күчтөр жана каражаттар аркылуу жүргүзүлөт.

Кырсыкка учурап жаткан же учураган чет өлкөлүк аба кемелерине, алардын жүргүнчүлөрүнө жана экипаждарына Кыргыз Республикасынын аба кемелери менен бирдей негизде жардам көрсөтүлөт.

 

99-статья. Аба кемесин, анын жүргүнчүлөрүн жана экипажын издөөнү токтотуу

 

Издөө үчүн көрүлгөн чаралар натыйжа бербеген учурларда аба кемеси карамагында же менчигинде турган тараптын жетекчиси издөөнү токтотуу жөнүндө чечим чыгарышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк аба кемесин, анын жүргүнчүлөрүн, экипажын Кыргыз Республикасынын чектеринде издөөнү токтотуу жөнүндөгү чечим граждандык авиация органы тарабынан кабыл алынат.

Бардык каражаттарды колдонуу менен аба кемесин издөө үчүн көрүлгөн чаралар оң натыйжаларды бербеген учурда издөөнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Официалдуу түрдө издөө токтотулган аба кемеси, эгер анын турган жери же сыныктары такталбаса, дайынсыз жоголгон аба кемеси дсп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

100-статья. Авариялык куткаруу иши

 

Кырсыкка учураган аба кемесинин жүргүнчүлөрүнө жана экипажына жардам көрсөтүү үчүн аэродромдун аймагында же ал турган райондо авариялык куткаруу иштерин жүргүзүү бул аэродром карамагында же менчигинде турган министерстволордун, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун, уюмдардын, граждандардын күч каражаты аркылуу өз ара жардам көрсөтүүчү уюмдарды тартуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

 

101-статья. Кырсык сигналдары

 

Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемелерине алардын жүргүнчүлөрү менен экипаждарына өз учурунда жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү кырсык сигналдары, коркунуч жөнүндө билдирүүнүн мөөнөтү жана эрежелери колдонулат. Мындай сигналдар, ошондой эле издөө-куткаруу ишин жүргүзүү үчүн аба кемелеринде милдеттүү түрдө орнотула турган техникалык каражаттардын тизмеси граждандык авиация органы тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

102-статья. Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемелери жөнүндө кабарлоо

 

Байланыш каражаттары бар ишканалар, мекемелер жана уюмдар кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемелери жөнүндө токтоосуз кабарлоо үчүн аларды колдонууга берүүгө милдеткер.

Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемесине, анын жүргүнчүлөрүнө жана экипажына жардам көрсөтүү жөнүндө телефон аркылуу кабарлоо, ошондой зле телеграммаларды кабыл алуу жана жөнөтүү кезексиз түрдө жүргүзүлөт жана демейдеги тариф боюнча төлөнөт. Мындай кокустук жөнүндө биринчи кабар акысыз билдирилет. Жергиликтүү бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар кырсыкка учураган аба кемеси жөнүндөгү өздөрү билген бардык маалыматтарды токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматына же жакын турган аэродромго (аэропортко) билдирүүгө, кырсыкка учураган аба кемесин издөөнү уюштурууга жана издөө-куткаруу командасы келгенге чейин адамдарды куткаруу, аларга медициналык жана башка жардам көрсөтүү, ошондой эле аба кемесин, анын бортундагы документтерди, жабдууларды жана мүлктөрдү коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

Граждандар кырсыкка учураган аба кемеси жөнүндө өздөрү билген маалыматтарды токтоосуз түрдө жергиликтүү бийлик органдарына же жакын турган мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга билдирүүгө милдеттүү.

Издөө жана авариялык куткаруу жагынан камсыз кылынбаган аба кемелеринин учушуна жол берилбейт.

 

103-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы издөө жана куткаруу иши

 

Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкаркы жерлерде кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемелерин издөө, алардын жүргүнчүлөрүн жана экипажын куткаруу иши Кыргыз Республикасында колдонулган жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

XII Бөлүм
Авиациялык кокустуктарды текшерүү

 

104-статья. Авиациялык кокустуктардын жана инциденттердин аныктамасы

 

Авиациялык кокустук - бул учуп кетүүнү ойлогон кайсы бир адам бортко көтөрүлгөндөн тартып борттогу бардык адамдар аба кемесинен түшүп кеткенге чейинки аба кемесин пайдалануу менен байланышкан окуя жана анын жүрүшүндө:

(а) кайсы бир адам төмөнкүдөй натыйжалардан улам:

ошол аба кемесинде болгондуктан; же

аба кемесинин кандайдыр бөлүгүнө, анын ичинде ал аба кемесинен бөлүнүп ажырап кеткен бөлүктөрүнө урунуудан; же

реактивдүү кыймылдаткычтын газынын агымынын түздөн-түз таасиринен өлүмгө дуушарланткан же олуттуу мертинткен жаракат алса;

буга мертинүү табигый себептерден улам болгон, өзүн өзү же башка адамдар жарадар кылган, же адатта жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү гана бара турган жерлерден тышкары жерлерге жашынып алышкан белетсиз жүргүнчүлөр тарабынан жаракат алган учурлар кирбейт; же

(б) аба кемеси сынып же анын конструкциясы бузулуп, анын натыйжасында:

конструкциянын бекемдиги бузулуп; аба кемесинин техникалык же учуу касиеттери начарлап; жана

адатта чоң ремонтту же бузулган элементти алмаштыруу керек болгондо;

буга кыймылдаткыч иштебей калган же бузулган, кыймылдаткычтын өзү гана же анын капоту же көмөкчү агрегаттары бузулган; аба же баралары, канаттын учтары, антенналар, пневматиктер, тормоздук түзүлүштөр, жандатмалар гана бузулган же капталында анча чоң эмес капшыруулар же тешиктер болгон учурлар; же

(в) аба кемеси дайынсыз жоголгон же ага жетүү таптакыр мүмкүн болбогон жерде болуп калган учурлар кирбейт.

Аба кемесин расмий издөөлөр токтотулганда жана сыныктары жаткан жер табылбаганда ал дайынсыз жоголду деп эсептелинет.

Инцидент - бул аба кемесин пайдалануу менен байланышкан, авиациялык кокустуктан башка, иштетүүнүн коопсуздугуна таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон бардык окуялар.

Олуттуу инцидент - болгон жагдайы авиациялык кокустук аз жерден гана болбой калганын көрсөткөн инцидент.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

105-статья. Авиациялык кокустуктарды териштирүү

 

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон ар бир кокустук жана инцидент авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык териштирилүүгө тийиш.

Мамлекеттик аба кемесине байланыштуу авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди ошол мамлекеттик аба кеме карамагында турган органдар же ведомстволор териштиришет. Эгерде мамлекеттик ошол аба кеме карамагында турган органдар же ведомстволор мамлекеттик ошол аба кемесине байланышкан авиациялык кокустукту жана инцидентти териштирүүнүн тууралыгын камсыз кылуу максатында башканы талап кылышпаса, мамлекеттик аба кемелерине байланыштуу авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ушул Кодекс менен аныкталган ушул мамлекеттик аба кемелери менен байланышкан аба кокустуктары менен инциденттердин шайкеш келтирилишин камсыз кылуу максатындагы гана функциялар менен ыйгарым укуктар кирет.

Авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүнүн жападан-жалгыз максаты келечекте авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди болтурбоо болуп саналат. Бул иштин максаты кимдир-бирөөнүн күнөөсүнүн же жоопкерчилигинин үлүшүн аныктоо болуп эсептелбейт.

Авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирген адамдар мындай териштирүү жүргүзүлүп жаткан аба кемесинин бортуна тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ болушат.

Авиациялык кокустук же инцидент болгон аба кемесинин ээлери, иштеп чыккан, жасаган же аба кемесине кандайдыр бир тиешеси бар уюмдар ал авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүчү органдын суроо-талабы боюнча колунан келген жардамын көрсөтүшөт жана колдо болгон бардык маалыматтарды беришет.

Авиациялык кокустуктарды же инциденттерди териштирүүгө териштирүүнүн кызыкчылыгы же териштирүүчү орган өзүнүн функцияларын тийиштүү түрдө аткарышы үчүн кызматы зарыл болуучу ар кандай адистер же уюмдар тартылышы мүмкүн. Бул адистердин же уюмдардын корутундулары же отчеттору авиациялык кокустуктарды же инцидентти текшерүү боюнча орган тарабынан бекитилет.

Башка мамлекеттин аба кемеси Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык кокустукка же олуттуу инцидентке учураса Кыргыз Республикасы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 26-статьясына ылайык:

(а) Граждандык авиациянын эларалык уюмунун жол-жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын канчалык жол беришине жараша ал кокустукка же инцидентке териштирүү дайындайт;

(б) ошол аба кемеси катталган мамлекетке териштирүүгө катышуу үчүн байкоочуларды дайындоого мүмкүндүк берет жана ал мамлекетке бул териштирүү тууралуу отчет жана корутунду жиберет.

Кыргыз Республикасында катталган аба кемеси башка мамлекеттин аймагында авиациялык кокустукка же инцидентке учураганда Кыргыз Республикасы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 26-статьясына ылайык андай авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүгө катышуу үчүн жана ал териштирүү жөнүндө отчет жана корутунду алууга жетишет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

106-статья. Авиациялык кокустук жөнүндө кабарлоо

 

Авиациялык кокустук жөнүндө биринчи болуп уккан граждандык авиациянын кызмат адамдары өз карамагында турган оперативдүү байланыш каражаттарын пайдаланып кокустук жөнүндө граждандык авиация органына токтоосуз түрдө билдирүүгө милдеттүү.

Кокустукка учураган аба кемесинин командири же анын башка экипаж мүчөсү, эгер ден соолук абалы мүмкүндүк берсе, кокустук жөнүндө жергиликтүү бийлик органдарына же тийиштүү авиация кызматтарына колдон келишинче тезирээк кабарлоого милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

106-1-берене. Ыктыярдуу кабарлоо

Авиациялык кокустуктарды жана окуяларды ыктыярдуу кабарлоо маалымат булактарына карата кандайдыр бир тартип чараларын көрүү үчүн пайдаланылбайт.

(КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

107-статья. Мүлк далилдеринин сакталышы

 

Аба кемеси, анын составдуу бөлүктөрү жана сыныктары, объективдүү контролдун борттогу жана жердеги каражаттары, аба кемесинин бортундагы бардык предметтер, ошондой эле авиациялык кокустукка тиешеси бар жердеги предметтер, аба кемесинин өндүрүшүнө, ремонтуна экплуатациясына жана анын учушуна тийиштүү документтердин бардыгы мүлк далилдери деп таанылат жана алар кокустукту териштирүү боюнча комиссия келгенге чейин жергиликтүү бийлик органдары, ишканалар, уюмдар жана граждандар тарабынан толук кол тийгизилбеген абалда сакталууга тийиш.

Мүлк далилдерин кароо, аларды упаковкалоо жана кокустук болгон жерден алып кетүү иши кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын нормалары боюнча жүргүзүлөт.

 

108-статья. Авиация кокустугун териштирүү боюнча комиссияга жардамдашуу

 

Кокустук болуп өткөн аймактагы жергиликтүү бийлик органдары, ишканалар, уюмдар, анын ичинде аскер бөлүктөрү кокустук болгон жерди коргоо, аба кемесинин конструкциялык элементтерин издөө боюнча чараларды көрүүгө, авиациялык кокустукту териштирүү боюнча комиссияны транспорт, байланыш каражаттары, иштөө жана эс алуу үчүн бөлмөлөр, атайын шаймандар жана кийимдер жагынан камсыз кылууга, такелаждуу жүк иштерин, сыныктарды ташып кетүү, окуя болгон жерди санитардык иштөөдөн өткөрүү, окуя болгон жерде иштөөнүн коопсуз шарттарын түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо иш чараларын уюштуруу жана аткаруу боюнча комиссияга көмөктөшүүгө милдеттүү.

Авиация кокустуктарын териштирүү боюнча комиссияга жардам көрсөтүү учурунда бийлик органдары, ишканалар, уюмдар жана граждандар кириптер болгон чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын граждандык жана кылмыш сот иштеринин эрежелери боюнча толтурулат.

 

108-1-берене. Ишти координациялоо

Авиациялык кокустук же окуя болгон жерде териштирүү процессинин жүрүшүндө дайындалган тергөөчү менен сот органынын ортосундагы иштин координациясын жеңилдетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт.

Дайындалган тергөөчүлөр тергөө жүргүзүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ.

Экипаждын кабинасында орнотулган үн жазуучу түзүлүштү чечмелөөдө алынган маалымат териштирүү боюнча Комиссиянын жана сот органдарынын чечимине чейин ачыкка чыгарылууга жатпайт.

(КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

109-статья. Авиация кокустугу болгон жердеги иштер

 

Авиация кокустугу болгон жерде жүргүзүлүүчү кызматтык териштирүү иштери өзгөчө шарттарда жүргүзүлгөн, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге теңештирилген жумуштардын категориясына кирет.

Авиациялык кокустук болгон жердеги иштерге тартылган адамдар аба кемесинин ээсинин зсебинен атайын кийим кече, бут кийим, байланыш каражаттары, атайын шаймандар жана коргонуу каражаттары менен камсыз кылынууга тийиш.

 

110-статья. Чет мамлекеттердин граждандык аба кемелериндеги авиациялык кокустуктарды териштирүү

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

111-статья. Авиациялык кокустуктардын эсебин алуу

 

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон ар бир авиациялык кокустук, инцидент жана олуттуу инцидент, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринде болгон ушундай кокустуктар аба кемеси кайсы гана жерде жүрбөсүн, граждандык авиация органында эсепке алынууга тийиш.

Мамлекеттик аба кемелеринде болгон авиациялык кокустуктардын эсебин алуу ал аба кемеси карамагында турган Кыргыз Республикасынын органы тарабынан жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

XIII Бөлүм
Авиация ишканасы

 

112-статья. Иштетүүчүнү аныктоо

 

Ушул Кодекстин максаты үчүн иштетүүчү деген аба кемесин иштетүү боюнча алектенүүчү же бул жагынан өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн сунуш кылуучу адамды, уюмду же ишкананы билдирет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

113-статья. Артыкчылыктуу ээлик кылуу жана контроль

 

Кыргыз Республикасында авиация ишканасына толук жана артыкчылыктуу ээлик кылуу жана чыныгы контроль жүргүзүү Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жагына таандык. Мындай нормадан четтөөгө ар бир конкреттүү учур үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү нормативдик укуктук актында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын таламдарында жана Кыргыз Республикасынын граждандык авиация тармагынын өнүгүү муктаждыгы үчүн жол берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

114-статья. Конкуренция эркиндигин камсыз кылуу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

115-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына болгон талаптар

 

Аба аркылуу ташууларды жана авиациялык атайын иштерди ишке ашыруу эрежелери жана ошондой эле авиаташуучуга (иштетүүчүгө) көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына болгон талаптардын минималдуу деңгээли Кыргыз Республикасынын тийиштүү Авиациялык эрежелеринде жана/же аба аркылуу ташууларды жана авиациялык атайын иштерди ишке ашыруу тартибин жөнгө салуучу дагы башка нормативдик укуктук актыларда камтылат.

Ташуучу Кыргыз Республикасында аба аркылуу ташууларды жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерде жана/же Кыргыз Республикасындагы аба аркылуу ташуулардын эрежелерин жөнгө салуучу дагы башка нормативдик укуктук актыларда көрсөтүлгөндөн начар шарттарды белгилеген ташуу эрежесин киргизүүгө укугу жок.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

116-статья. Ташуучулардын тарифтери жана жыйымдары

 

Авиаташуучу өзүнүн такай учууларын аткара баштаганга чейин граждандык авиация органына өзүнүн ташууларын ишке ашырганда колдонулуучу тарифтерди жана жыйымдарды жактырууга берет.

Авиаташуучулардын тарифтерин жана жыйымдарын жактыруу ошол маршруттагы же ушул маршруттун участогундагы бир авиаташуучу колдонуучу тарифтер жана жыйымдар ушул эле маршрутта же ушул маршруттун участогунда ошол сыяктуу ташууларды аткаруучу башка авиаташуучуга кандайдыр бир жол менен зыян келтирсе же чыгым келтирүү божомолдонуп жаткан учурларда колдонулат. Мында чартердик же башка такай эмес ташуулар үчүн граждандык авиация органы тарифтердин жана жыйымдардын минималдуу өлчөмүн гана белгилей алат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

117-статья. Ташуу иштерин информациялык, рекламалык жактан камсыз кылуу

 

Авиа ишканасы (ташуучу) граждандык авиация органы белгилеген тартипте аба кемелеринин маршруттарын жана расписаниелерин, жүргүнчүлөр, жүк жана почта тарифтерин каттоого милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

118-статья. Ташуу иштерин камсыз кылуу боюнча кызматтарды уюштуруу

 

Абадагы ташуу иштерин камсыз кылуу боюнча бардык кызматтар сертификациялык персоналдан, граждандык авиация органы белгилеген рекомендацияларга жана стандарттарга ылайык технологиялык жабдуулар, механизация жана автоматизация каражаттары менен жабдылган операциялык зоналардан турган тийиштүү уюмдарга ээ болууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

119-статья. Камсыздандыруу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

120-статья. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк авиа ишканалардын иши

 

Чет өлкөлүк авиа ишканалар Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы жана тийиштүү чет мамлекеттер катышкан зл аралык келишимдерге, ошондой эле үзгүлтүксүз жана үзгүлтүктүү учууларды жүргүзүүгө уруксат берген граждандык авиация органы атайын эрежелерине ылайык жүргүзүшөт.

Чет өлкөлүк авиа ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн ача алат.

Чет өлкөлүк авиа ишканалар:

1. Кыргыз Республикасы жана тийиштүү чет мамлекеттер катышкан эл аралык аба катнашы жөнүндөгү келишимдерде же учуу иштерин аткаруу үчүн алынган атайын уруксаттарда каралбаган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттин аймагына ташуу үчүн жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почталарды алууга же аларды башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө;

2. Граждандык авиация органыдарынан өзгөчө уруксатсыз Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын аймагынын экинчи бир пунктуна ташып жеткирүү үчүн аба кемесинин бортуна жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почталарды алууга укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

121-статья. Аэронавигациялык, аэропорттук жана башка жыйымдарды төлөө

 

Кыргыз Республикасынын аймагынын же Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөөчү органынын жоопкерчиликтүү зонасынын чегинде учууларды аткаруучу аба кемелеринин бардык иштетүүчүлөрү аэронавигациялык каражаттардан жана учууларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланганы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органынын тиешелүү комитети менен макулдашылган мамлекеттик алымдарды, салыктарды жана башка аэропорттук же бөлөк жыйымдарды төлөшөт. Бул нормадан четтөөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын чечими менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгы үчүн учууларды аткаруучу аба кемелерине карата гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

122-статья. Авиаишканалардын иштерине контроль

 

Эгерде иштетүүчүнүн берилген уруксаттардын, лицензиялардын, ушул Кодекстин же Авиациялык эрежелердин талаптарын аткарбаганы аныкталса, анда мындай иштетүүчүгө карата эскертүү, ага берилген сертификаттарды, лицензияларды же уруксаттарды алып коюу, токтото туруу же жоюу түрүндөгү тийиштүү санкциялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында каралган башка чаралар колдонулат, алар бул өңдүү аткарбоону же эреже бузууну четтетүү үчүн шайкеш чара катары каралышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

XIV Бөлүм
Сертификаттоо жана лицензиялоо

 

123-статья. Сертификациялоо жана лицензиялоо

 

Аба кемелерин иштетүүгө же тейлөөгө, авиациялык персоналды даярдоого же учуулардын коопсуздугуна тиешеси бар башка кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү Кыргыз Республикасында иштин бул түрлөрүн сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык берилген сертификаттын жана/же лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.

Сертификат - бул жеке адамдын же юридикалык жактын, аба кемесинин же авиациялык буюм-тайымдын, жол-жоболордун, эрежелердин же практиканын ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына дал келишин ырастоочу документ.

Лицензия - бул аба кемесин же башка авиациялык буюм-тайымды иштетүүгө же тейлөөгө, учууларды тейлөөгө же камсыз кылууга, авиациялык персоналды окутууга, же учуулардын коопсуздугу же аба транспортун пайдалануучулардын укуктарын жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо максатында аба кемесинин башка иштетүүчүлөрүнө башка ар кандай кызматтарды көрсөтүүгө укук берүүчү документ.

Ар кандай сертификатта же лицензияда мөөнөттөр, чектөөлөр, атайын артыкчылыктар же Авиациялык эрежелерде жана/же граждандык авиациядагы ишкерлик ишин сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укук актыларында камтылган аларды пайдалануунун же колдонуунун башка өзгөчө шарттары айтылышы мүмкүн.

Иштетүүчү тарабынан учууга жарактуулук жөнүндө берилген күбөлүктөрдүн, сертификаттардын жана ырастамалардын (сертификаттардын), ошондой эле радиожабдууларды пайдаланууга болгон уруксаттардын жана Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 83-bis беренесине ылайык, башка мамлекет менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында чет мамлекет тарабынан тастыкталган экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүнүн аныктыгы таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154, 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

124-берене. Иштетүүчүнүн сертификатын берүүгө карата талаптар

 

Иштетүүчүнүн сертификатын берүүгө карата талаптар жана ага байланышкан эксплуатациялык өзгөчөлүктөр аба кемелерин иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылат.

Эгерде иштетүүчүнүн учууларды жүргүзүү боюнча жетекчиликке ылайык аба ташууларынын иштетүүчү тарабынан билдирилген түрүнө ылайык учууга жарактуулуктун сертификаты менен ырасталган учууга жарактуу бир аба кемеси болсо жана иштетүүчүдө учууларды жүргүзүү үчүн тийиштүү эксплуатациялык жана башкаруучулук уюштуруучулук түзүмү, өндүрүштүк жана административдик жайлар, техникалык каражаттар, жабдуулар, даярдык программалары, ошондой эле учуулардын белгиленген мүнөзүнө жана көлөмүнө ылайык келген жердеги жана техникалык тейлөө тутумунун жана ал аба кемесин эксплуатациялоо үчүн зарыл башка мүмкүнчүлүктөрү болгон шартта иштетүүчүнүн сертификаты жана аны менен байланышкан эксплуатациялык өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөр берилет. Аба кемесинин менчиктиги аба кемесин сатып алуу-сатуу жөнүндөгү келишим же макулдашуу менен тастыкталат.

Калган аба кемелерине карата иштетүүчүдө кийин сатып алуу же болбосо каржылык ижара (лизинг) келишими менен ырасталган пайдалануу жана ээлик кылуу укугунун болушу жетиштүү.

(КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

125-статья. Сертификаттоо жөнүндө жобо

 

Эксплуатанттарды сертификаттоо жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 115 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

126-статья. Чет өлкөлүк авиа ишканаларын лицензиялоо

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 115 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүнөн чыккан) 

127-статья. Лицензиянын шарттарын аткаруу боюнча көзөмөл

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 115 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүнөн чыккан) 

128-статья. Лицензиялоого байланышкан чечимдерге даттануу

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 115 мыйзамынын редакциясына ылайык күчүнөн чыккан) 

129-статья. Сертификациялоо жана лицензиялоо боюнча чыгымдарды

төлөө

 

Сертификат же лицензия алууга ар бир арыз берүүчү граждандык авиация органына сертификациялоо жана/же лицензиялоо менен байланышкан чыгымдардын наркын Кыргыз Республикасынын тийиштүү нормативдик укуктук актысында белгиленген тартипте төлөйт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

XV Бөлүм
Ташуу

 

130-статья. Аныктама

 

Жөнөтүү пункту, кабыл алуу пункту жана белгиленген бардык башка аялдоо пункттары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ташуулар ички аба ташуулары катары түшүнүлөт.

Ал эми орто жолдо кайра ташуу же тыныгуу болгондугуна карабастан жөнөтүү пункту жана кабыл алуу пункту:

1. Эки же андан ашык мамлекеттердин аймагында жайгашса:

2. Бир эле мамлекеттин аймагында жайгашкан, бирок аялдоо пункту боюнча мамлекеттин аймагында белгиленсе, анда мындай ташуу эл аралык аба ташуулар деп түшүнүлөт.

Ушул Кодекстин максаттары үчүн аба ташууларына лицензия алган аба кемесинин ар кандай эксплуатанты ташуучу деп таанылат.

131-статья. Аба аркылуу ташуусу жөнүндө келишим

Жүргүнчүлөрдү жана багаждарды аба аркылуу ташуу жөнүндөгү келишим боюнча ташуучу билетте белгиленген рейсти аткаруучу аба кемесинде жүргүнчүгө жана анын багажына орун берип, аларды белгиленген пунктка жеткирүүгө, ал эми жүргүнчү багажын тапшырган учурда аны белгиленген пунктка жеткирип, багажды алууга полномочиеси бар адамга тапшырууга милдеттенет. Жүргүнчү ташуу ишин аткаргандыгы үчүн ташуучуга бекитилген тариф боюнча, ал эми ташуу үчүн белгиленген нормадан ашыкча багаж болсо, ошол багаж үчүн да акы төлөп берүүгө милдеттенет.

Аба аркылуу жүк же почта ташуу жөнүндөгү келишим боюнча ташуучу ага тапшырылган жүктү же почтаны белгиленген пунктка жеткирүүгө жана аларды алууга полномочиеси бар адамга (алуучуга) тапшырууга милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү ташылган жүк же почта үчүн бекитилген тариф боюнча акы төлөп берүүгө милдеттенет.

132-статья. Ташуу документтери

Жүргүнчүлөрдү, багажды, почтаны жана жүктөрдү ташуу келишими авиаташуучунун авиабелетти, тийиштүү квитанцияларды бериши жана тийиштүү авиаташуу документтерин жолжоболоштурушу менен күбөлөндүрүлөт.

Авиабелеттердин, квитанциялардын, жүктүн коштоочу жана башка ташуу документтеринин формалары мындай документтерди чыгарууну, жол-жоболоштурууну жана колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

133-статья. Балалуу жүргүнчүлөрдүн укуктары

 

Ташуучу жүргүнчүгө же ташуучунун кызматынан пайдаланып жаткан жакка учуу графиги же маршруту, же анын кызыкчылыгын козгошу мүмкүн болгон ташуунун башка шарттарынын ар кандай өзгөргөнү тууралуу алдын ала кабарлайт.

Эки жашка чейинки курактагы балдары бар жүргүнчүлөр Кыргыз Республикасынын аэропортторунун же авиаташуучуларынын андай жүргүнчүлөргө аэропортто учуу кечиккен же орто аралыкта конгон учурда эс алуу үчүн ташуучунун же андай кечигүүгө себепкер болгон аэропорттун эсебинен атайын жайды берүү кызматтарынан пайдаланууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

134-статья. Аба транспортунан орун алууга заказ берүү

 

Ишканалар, мекемелер менен уюмдар, ошондой эле граждандар аба кемесинен орун алууга күн мурунтан заказ бере алат. Бош орун бар болсо ташуучу заказды кабыл алууга жана брондун мөөнөтүн көрсөтүүгө милдеттүү.

 

135-статья. Ташуучунун демилгеси боюнча ташуу келишимин токтотуу

 

Ташуучу акыл-эстүү зарылдыкка таянып, зарыл деп тапса:

1. Учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында;

2. Аба ташууларына карата аба кемеси учуп чыккан, учуп бара турган жана учуп өтө турган ар кандай өлкөнүн мыйзамдары менен токтомдорунун бузулушуна жол бербөө максатында;

3. Жүргүнчүнүн жүрүм-туруму жаш курагы, акыл-эс жана ден-соолук абалы:

- ташуучунун өзгөчө жардамын талап кылган;

- оңтойсуздук түзгөн жана башка жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын пайда кылган;

- анын өз үчүн жана башкалар үчүн, алардын мүлкү үчүн коркунуч же кооптулук туудурган жагдай менен байланышкан учурда;

4. Жүргүнчү ташуунун зрежесин сактабаган учурларда ар кандай жүргүнчү менен түзүлгөн ташуу келишимин токтотуп кое алат.

 

136-статья. Жүргүнчүнүн демилгеси боюнча ташуу келишимин токтотуу

 

Ташуу эрежелеринде белгиленген мөөнөттө учуудан баш тарта турганын билдирген учурларда жүргүнчү төлөнгөн суммасын кайра ала алат.

Эрежелерде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип учуудан баш тартарын билдирген учурларда жүргүнчү төлөнгөн сумманын тийиштүү жыйымы каралган өлчөмүн кайтарып ала алат, жыйымдын өлчөмү бир багыттагы ташуу акысынын 25 процентинен ашпоого тийиш. Эгер аба кемесинин учушу кийинкиге калтырылса же ал учуп чыккан пунктка кайра келип консо, ошондой эле ошо ташуучунун рейсинен пайдаланып, жүргүнчү ташуунун датасын жана маршрутун өзгөрткөн учурларда жогорку жыйымдар кармалбайт.

 

137-статья. Жүктү жеткирүү мөөнөтү

 

Ташуу үчүн алынган жүктү ташуучу көрсөтүлгөн пунктка белгиленген мөөнөтүнө жеткирүүгө милдеттүү.

Жүктөрдү жеткирүүнүн мөөнөтү жана мөөнөттү белгилөө тартиби ташуу эрежелеринде аныкталат.

 

138-статья. Жүк ташуу келишимин өзгөртүү

 

Жөнөтүүчү тарап ташуу эрежелеринде каралган тартипте жүк жөнөтүлгөнгө чейин аны кайтарып алганга, жүк жөнөтүлгөн адресатка берилгенге чейин анын документине өзгөртүү киргизгенге, жүктү адресат албай калган же ага тапшырууга мүмкүн болбой калган учурда жүктү өз каалоосуна ылайыктап тескегенге укуктуу.

Аба кемелеринин кыймылы үзгүлтүккө учураганда же токтоп калганда ташуучу бул туурасында жүк жөнөткөн жана жүк ала турган тараптарга билдирүүгө, алардын көрсөтмөсүн сураганга милдеттүү.

 

139-статья. Белгиленген пунктка жеткирилген жүктү алуу

 

Ташуучу жүк алуучу тарапты анын адресине жүк келгени жөнүндө эскертүүгө милдеттүү.

Жүк алуучу тарап өз адресине келген жүктү кабыл алууга жана алып кетүүгө укуктуу. Эгерде жүктүн сапаты аны көздөгөн максат үчүн толук же жарым жартылай пайдаланууга жарагыстай болуп өзгөргөнү аныкталса, жүк алуучу тарап жарактан чыккан же бузулган жүктү алуудан баш тартууга укуктуу.

 

140-статья. Жүктүн алынбай же өз маалында алынбай калышы

 

Эгерде жүк алуучу тарап ташуу эрежелеринде белгиленген мөөнөттө аны талап кылбаса же аны алуудан баш тартса, ташуучу бул туурасында жүк жөнөткөн тарапты кабардар кылып, жүк жөнөткөн тараптын эсебинен аны өзүндө сактап турууга укуктуу.

Жүк алуучу тарапты кабардар кылгандан тартып 30 күндүн ичинде алынбаган жүк талап кылынбаган жүк деп эсептелет жана белгиленген тартипте реализацияланат.

 

141-статья. Ташуунун өзгөчө шарттары

 

Жарылуучу заттарды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, уу заттарын, жеңил тутануучу, радиоактивдүү жана башка опурталдуу заттарда, предметтерди ташуунун шарттары атайын эрежелерде аныкталат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

 

142-статья. Ташуучунун жоопкерчилигин жөнгө салуунун жалпы принциптери

 

Аба кемелеринде ташуу иштерин жүргүзүү учурундагы ташуучунун жоопкерчилиги ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана кошумчалар менен бирге Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзам актыларында жөнгө салынат.

 

143-статья. Жүргүнчүнүн өлүмү же ден-соолугуна зыян келтиргени үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

Ташуу ишин аткаруу учурунда жүргүнчүнүн өлүмүнөн же ден-соолугунун жабыр тартканынан улам келип чыккан зыян үчүн, эгер ал жапа чеккен тараптын карасантай ниетинен келип чыкканын далилдей албаса, ташуучу мүлк жоопкерчилигин тартат.

Ооздукталбаган күчтөрдүн аракетинен улам жүргүнчү өлүмгө дуушар болгондо же ден соолугуна зыян келгенде ташуучу, эгер зыяндын пайда болушуна жана күч алышына жабыр тарткан тараптын одоно этиятсыздыгы көмөкчү болгонун далилдей албаса, белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Ал эми ташуучу зыяндын пайда болушуна жана күч алышына жабыр тарткан тараптын одоно этиятсыздыгы көмөкчү болгонун далилдеген учурларда төлөнө турган зыяндын өлчөмү граждандык мыйзамдардын жалпы нормаларына ылайык азайтылууга тийиш же болбосо зыяндын ордун толтуруудан баш тартылууга тийиш.

Жүргүнчү аба кемесине түшүү үчүн аэропорттун перронуна чыккандан тартып ал аба кемеси конгондон кийин перрондон чыгып кеткенге чейинки убакыт аралыгы жүргүнчүнү аба кемесине ташуу мезгилине кирет.

Эл аралык аба катнаштарында бул жоопкерчилик аба кемелериндеги ташуу иштеринин жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттер катышкан эл аралык келишимдер аркылуу жөнгө салынат.

 

144-статья. Багаждын сакталышы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

Багаж ташууга алынгандан тартып аны алуучу тарапка бергенге же эрежеге ылайыктап аны башка тарапка же уюмга өткөрүп бергенге чейинки мезгилде ташуучу анын жоголушу, кемигени же зыянга кириптер болгону үчүн, эгер ал зыянды болтурбоо үчүн бардык зарыл чараларды көргөнүн же мындай чараларды көрүүгө мүмкүн болбогонун далилдей албаса, ташуучу белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Жүргүнчүнүн жанындагы буюм ташуучунун күнөөсү боюнча жоголгону же зыянга учураганы далилденсе, ташуучу анын сакталышы үчүн жооп берет.

 

145-статья. Жүктүн сакталышы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

Жүк ташууга кабыл алынгандан тартып аны ала турган тарапка бергенге жана белгиленген эрежелерге ылайык башка тараптарга же уюмдарга өткөрүп бергенге чейинки мезгилде ташуучу анын жоголгону, кемигени же зыянга учураганы үчүн, эгер ал зыянды болтурбоо үчүн бардык чараларды көргөнүн же андай чараларды көрүүгө мүмкүн болбогонун далилдей албаса, ташуучу жоопкерчилик тартат.

Ташуучу башкача далил келтиргенге чейин жүк ташуу учурунда жоголду, кемиди же зыянга учурады деп эселтелет.

 

146-статья. Жүктүн жана багаждын жоголгону, кемигени же зыянга

учураганы үчүн ташуучунун жоопкерчилигинин өлчөмү

 

Жүктүн, багаждын же жүргүнчүнүн жанындагы буюмдун жоголгону, кемигени же зыянга учураганы үчүн ташуучу төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жоопкерчилик тартат:

(а) баасы белгиленип кабыл алынган жүктүн же багаждын жоголгону же кемигени үчүн, - белгиленген баанын өлчөмүндө, эгерде ташуучу белгиленген баа чыныгы нарктан ашык экенин далилдесе, - чыныгы нарктын өлчөмүндө;

(б) баасы белгиленбей кабыл алынган жүктүн же багаждын, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы буюмдун жоголгону, зыянга учураганы же кемиген үчүн, - чыныгы наркынын өлчөмүндө, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эларалык келишимдерде колдонулуучу чектен жогору эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

147-статья. Жүргүнчүнү, багажды же жүктү жеткирүү мөөнөтүн

создуктурганы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

Эгерде ташуучу жүргүнчүнү, багажды же жүктү жеткирүү мөөнөтүн создуктурууну болтурбай коюу үчүн зарыл чаралар көрүлгөнүн же андай чараларды көрүүгө мүмкүн болбогонун далилдей албаса, анда жүргүнчүнү, багажды же жүктү жеткирүүнү кечиктирген үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде создугуу метеорологиялык ыңгайсыз шарттардан же башка форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыкса, ташуучу жоопкерчиликтен бошотулат.

Жоопкерчиликтин өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эларалык келишимдер менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

148-статья. Почтанын жоголгону, зыянга учураганы же жеткирүү мөөнөтү создугуп кеткени үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

Ташуучунун күнөөсү боюнча почтанын жоголгону, зыянга учураганы же жеткирүү мөөнөтү создугуп кеткени үчүн байланыш Уставына жана бүткүл дүйнөлүк почта союзунун актыларына ылайык байланыш органдары почта жөнөткөн тараптар менен адресаттардын алдында кандай жоопкерчилик тартса, байланыш органдарынын алдында ташуучу ошондой өлчөмдө жоопкерчилик тартат.

 

149-статья. Жоопкерчиликти төмөндөтүү жөнүндөгү макулдашуулардын аныксыздыгы

 

Ушул Кодексте көрсөтүлгөн жоопкерчиликти төмөндөтүү жөнүндө ташуучунун жүргүнчүлөр, жөнөтүүчү жана алуучу тараптар менен түзгөн ар кандай макулдашуусу анык эмес деп табылат.

 

150-статья. Жоопкерчилик чектерин жогорулатуу жөнүндөгү макулдашуулар

 

Ушул Кодекске ылайык бекитилген чектерге салыштырганда ташуучунун жоопкерчилик чектерин жогорулатуу жөнүндө макулдашууларды түзгөнгө ташуучунун укугу бар.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

151-статья. Коммерциялык актыларды түзүү

 

Ташуучунун, жүргүнчүнүн, жөнөтүүчү жана алуучу тараптын мүлк жоопкерчилигине негиз болуучу жагдайлар коммерциялык актылары менен күбөлөндүрүлөт. Коммерциялык актыларды түзүүнүн тартиби жана коммерциялык актыларды түзүүнү талап кылбаган жагдайларды күбөлөндүрүүнүн тартиби ташуу эрежелеринде белгиленет.

Коммерциялык акт жүк, багаж же почта берүү учурунда төмөмкүдөй жагдайларды:

1. Жүк жана почта натуралай турушунда аталышы, салмагы (массасы) же саны жагынан ташуу документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбей турганын;

2. Жүктүн зыянга учураганын;

3. Багаждын кемигенин же зыянга учураганын;

4. Почтанын кемигенин же зыянга учураганын;

5. Документсиз жүктөрдүн, багаждын же почтанын, ошондой зле жүгү, багажы же почтасы жок документтер табылганын күбөлөндүрүү үчүн түзүлөт.

 

152-статья. Доомат коюу тартиби

 

Жүргүнчүнүн өлүмүнө же ден соолугунун жабыр тартканына байланыштуу келип чыккан талаптарды эске албаганда, жүргүнчү, багаж, жүк жана почта ташуу иши жагынан ташуучуга доо коюлганга чейин ага милдеттүү түрдө доомат коюлушу тийиш.

Ташуучуга жөнөтүүчү аэропортто же жеткирүүчү аэропортто доомат коюлушу мүмкүн.

 

153-статья. Доомат жана доо коюуга укуктуу тараптар

 

Ташуучуга доомат жана доо коюуга төмөндөгүлөр укуктуу:

1. Багаж келгенде, зыянга учураганда, жоголгондо же аны жеткиргүү мөөнөтү создугуп кеткенде багаж квитанциясын жана коммерциялык актыны көрсөтүү менен жүргүнчү же анын полномочиелүү адамы;

2. Жүк жоголгон учурда:

- Жүк жеткириле турган аэропорттун белгиси коюлуп, жүктүн келгенин (келбегенин) ырастаган белгиси бар, ташуучу тараптан жөнөтүүчүгө берилген кагазын көрсөтүү менен, ал эми андай кагазды көрсөтүү мүмкүн болбогондо - жүк үчүн акы төлөнгөнүн ырастаган документти жана жүктү жөнөткөндүгү жөнүндө ташуучу берген справканы көрсөтүү менен - жүк алуучу тарап;

- өзүнө берилген жүк кагазын көрсөтүү менен - жүк жөнөтүлгөн жүк кагазын жана коммерциялык актыны көрсөтүү менен - жүк алуучу тарап;

3. Жүк кемиген же зыянга учураган учурда - жүк менен кошо жөнөтүлгөн жүк кагазын жана коммерциялык актыны көрсөтүү менен - жүк алуучу тарап;

4. Жүк жеткирүү моөнөтү создугуп кеткенде - жүк менен кошо жөнөтүлгөн жүк кагазын көрсөтүү менен - жүк алуучу тарап;

5. Почтаны жеткирүү мөөнөтү создугуп кеткенде, почта кемигенде, зыянга учураганда же жоголгондо - почта алуучу пункттун байланыш ишканасы;

6. Ташуучунун демилгеси боюнча ташуу келишими токтотулган учурда жүргүнчү доомат жана доо койгонго укуктуу.

Эгерде ташуучу тараптын кызматкерлери коммерциялык акт түзүүдөн баш тартканы жана алардын ишине жөнөтүлүүчү же алуучу тараптардын даттанганы далилденсе, коммерциялык актынын жоктугуна карабастан доомат жана доо коюу укугу сакталып калат.

 

154-статья. Ички маршруттарда доомат коюу мөөнөтү

 

Ички рейстерде ташуучу тарапка алты айдын ичинде доомат коюуга болот.

Аталган мөөнөт:

1. Кемиген же зыянга учуратан багаждын жана жүктүн ордун толтуруу жөнүндөгү дооматтар боюнча - жүк же багаж берилген күндөн тартып, ал эми почта боюнча - коммерциялык акт түзүлгөн учурдан тартып;

2. Жоголгон жүктүн ордун толтуруу жөнүндөгү дооматтар боюнча жеткирүү мөөнөтү бүткөндөн кийин он күн өткөндөн тартып;

3. Жоголгон багаждын же почтанын ордун толтуруу жөнүндөгү дооматтар боюнча - жеткирүү мөөнөтү бүткөн учурдан тартып;

4. Бардык калган башка учурлар боюнча - доомат коюуга негиз берген окуя болгондон тартып эсептелет.

 

155-статья. Эл аралык рейстерде доомат коюу мөөнөтү

 

Багажды же жүктү алып жаткан учурда эч кандай нааразылык болбосо, алар тийиштүү деңгээлде жана ташуу документтерине ылайык жеткирилди деп эсептелинет.

Багаж же жүк алууга укуктуу тарапка зыян келтирилген учурда, ал багажды алгандан жети күндөн кечиктирилбей жана жүктү алгандан он төрт күндөн кечиктирилбей ташуучу тарапка жазуу түрүндө доомат коюуга тийиш. Жеткирүү мөөнөтү создуктурулган учурларда алуучу тарапка багаж же жүк берилген күндөн тартып 21 күндүн ичинде доомат коюлууга тийиш.

Багаж (жүк) жоголгон учурларда аба кемеси белгиленген пунктка келген күндөн же аба кемеси келүүгө тийиш болгон күндөн, болбосо ташуу токтотулган күндөн тартып эки жылдын ичинде ташуучуга доомат коюлууга тийиш.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жазуу түрүндө дооматтар коюлбаса ташуучуга доо коюлушу мүмкүн эмес.

 

156-статья. Дооматтарды кароо мөөнөтү

 

Ташуучу тарап коюлган дооматтарды 3 айдын ичинде, ал эми түз, аралаш рейстердеги дооматтар боюнча - 6 айдын ичинде карап чыгып, аны канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө доомат ээсине билдирүүгө милдеттүү.

 

157-статья. Доо коюу мөөнөтү

 

Ташуу ишине байланыштуу аба кемеси белгиленген пунктка келип койгон күндөн же аба кемеси келип конууга тийиш болгон күндөн, болбосо ташуу иши токтотулган күндөн тартып эки жыл ичинде добогердин каалоосу боюнча ташуучу турган жердеги же анын ташуу келишимин түзүүгө катышкан агентствосу турган жердеги, болбосо белгиленген пункттагы сот же арбитраж соту аркылуу ташуучуга доо коюлат.

XVI Бөлүм
Чартер

 

158-статья. Чартер келишими

 

Чартер келишими (аба кемесин жалдоо) боюнча бир тарап (жалдануучу) экинчи тарапка (жалдоочуга) белгиленген акы үчүм жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү же почталарды ташуу жана башка максаттар үчүн бир же бир нече рейске бир же бир нече аба кемесинин бүтүндөй же бир бөлүмүн берүүгө милдеттенет.

Чартер келишиминде тараптардын аталышы, ташыла турган жүргүнчүлөрдүн, багаждардын, жүктөрдүн жана почталардын максималдуу саны, жалдоо акысы, аба кемеси үчүн чыга турган жер жана убактысы, бараар жери көрсөтүлүүгө тийиш. Чартер келишиминде башка да шарттар каралышы мүмкүн.

 

159-статья. Жалдануучунун укугу жана милдети

 

Жалданган тарап аба кемесин өз учурунда жалдоочуга сунуш кылганга жана аба кемесин келишимдин бүткүл мөөнөтү ичинде келишимде каралган максаттар үчүн пайдаланууга жарай турган абалда күтүүгө милдеттүү.

Учуу коопсуздугунун таламында жалданган тарап учууну которууга жана алып салууга, учуу маалында конуп аялдоого, зарыл болсо ремонт жасоого, маршрутту өзгөртүүгө же учууну токтотууга, келишимдин шартына ылайык бортко алынган жүргүнчүлөрдүн, багаждардын, жүктөрдүн жана почталардын санын кыскартууга укуктуу.

 

160-статья. Жалдоочунун укугу жана милдети

 

Жалданган тарап келишимде каралгап жалдоо акысын өз учурунда төлөгөнгө, учуп чыгуу пунктуна жүргүнчүлөрдүн, багаждардын, жүктөрдүн жана почталардын өз учурунда келишин жана жеткирилишин камсыз кылууга милдеттүү.

Жалдоочу жалдануучу тараптын макулдугу менен жалданган кемени субчартерге бере алат.

Жалдоочу чартер келишиминде каралган өлчөмдө айып акы төлөп, келишимден баш тарта алат.

 

161-статья. Чартер келишими боюнча жоопкерчилик

 

Эгер тараптар келишимдин аткарылбай же жарым-жартылай аткарылышы алардын күнөөсү боюнча болбогонун далилдей алышса, келишимдин аткарылбай калышы же жарым-жартылай аткарылышы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

Жалдануучунун күнөөсүнөн тышкары аба кемеси эксплуатациялоого жараксыз болгон учурда ал жалдоочунун алдында жооп бербейт.

 

162-статья. Жалдануучунун жүргүнчүлөрдүн, жөнөтүүчүлөрдүн жана

алуучулардын алдындагы жоопкерчилиги

 

Жалданган аба кемесинин ташууларды жүргүзүү учурунда жалдануучу ушул келишимдин 15-главасында каралган ташуучунун жоопкерчилиги жөнүндөгү Жобого ылайык жүргүнчүлөрдүн, жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын алдында жоопкерчилик тартат.

 

XVII Бөлүм
Авиациялык атайын жумуштар

 

(Бөлүмдун аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

163-статья. Авиациялык атайын жумуштардын аныктамасы

 

Авиациялык атайын жумуштарга аба кемесинин учуусу кирет, анын жүрүшүндө аба кемеси айыл чарбасы, курулуш, сүрөткө тартуу, топографиялык сүрөткө тартуу, байкоо жүргүзүү жана патрулдоо, издөө жана куткаруу, абадагы реклама сыяктуу тармактарда тейлөөнүн түрлөрүн жана тейлөөнүн башка ушул өңдүү түрлөрүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

164-статья. Авиациялык атайын жумуштарды аткаруунун тартиби

 

Авиациялык атайын жумуштардын түрлөрүнүн тизмеси жана аларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасындагы авиациялык атайын жумуштарды аткарууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет. Эгерде Кыргыз Республикасынын экологияны коргоо тармагындагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгына байланыштуу болсо, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийлигинин ар бир органы ошол бийлик органынын юрисдикциясындагы аймактын чегинде авиациялык атайын жумуштардын аткарылышына чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

165-статья. Авиациялык иштердин келишими

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

166-статья. Авиациялык иштердин тарифи

 

Эксплуатант жана заказчы авиациялык иштерге келишим түзүп жатканда келишим тарифтерин белгилөөгө укуктуу. Граждандык авиация органы тарабынан авиациялык иштердин айрым түрлөрү боюнча тарифтерди жана аларды колдонуунун эрежелерин иштеп чыгышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

167-статья. Кыргыз эксплуатанттарынын чет жактарда авиациялык иштерди аткарышы

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

168-статья. Авиациялык иштерди камсыздандыруу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

169-статья. Авиациялык иштерди аткаруу учурунда келтирилген

зыян үчүн жоопкерчилик

 

Авиациялык иштерди аткаруу маалында адамдарга жана алардын мүлкүнө келтирген зыяны үчүн эксплуатант ушул кодекстин XV бөлүмгүндө каралган тартипте жана шарттарда жоопкерчилик тартат.

 

170-статья. Доомат коюунун жана аны кароонун мөөнөттөрү

 

Авиациялык иштерди аткарууга байланышкан дооматтар доомат коюуга негиз болуучу окуя байкалган күндөн тартып алты айдын ичинде коюлушу мүмкүн.

 

171-статья. Доо коюу мөөнөтү

 

Авиациялык иштерди аткарууга байланышкан доо жобогердин жашаган же турган жеринде, авиациялык иштерди аткарууга келишим түзүүгө катышкан агентстволордун турган жеринде же болбосо добогердин каалоосу боюнча иштер аткарылган жердеги сот аркылуу доо коюуга негиз болгон окуя байкалган күндөн тартып 2 жылдан кем эмес убакыттын ичинде коюлушу мүмкүн.

 

XVIII Бөлүм
Жалпы багыттагы авиация

 

172-статья. Жалпы максаттагы авиациянын аба кемесинин учушун аныктоо

 

Жалпы максаттагы авиациянын аба кемесинин учушу - бул аба кемесинин аба аркылуу коммерциялык ташуудан же авиациялык жумуштарды аткаруудан башка учуусу.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

173-статья. Жеке максаттарга пайдаланылуучу авиация

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

173-1-статья. Жеке максатта пайдаланылуучу авиация

 

Алардын көлөмүнө, салмагына жана жасалган жылына карабастан, жеке же юридикалык жактардын жеке муктаждыктарын канааттандыруу үчүн пайдалануучу аба кемелери, планерлер, дельтапландар, аба шарлары жана башка учак аппараттар жеке максатта пайдалануучу авиацияга кирет.

Иштиктүү жана ышкыбоздук авиация жеке максатта пайдалануучу авиациянын бир түрү болуп саналат.

Ышкыбоздук авиация өзүн федерациялар, клубдар, спорттук жана башка бирикмелер, ошондой эле жеке менчик түрүндө көрсөтө алат.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 181 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

 

174-статья. Спорт авиациясы

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

174-1-статья. Спорттук жана окутуу-машыгуучулук максатта пайдаланылуучу авиация

 

Авиациялык спорт жана окутуу-машыгуучу көнүгүү максаттарында коомдук уюмдар жана бирикмелер, кооперативдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген башка түзүмдөр түзүлүшү мүмкүн, алар жарандык авиация органында же атайын эсепте катталгандан кийин тийиштүү аба кемелерин менчиктик укугунда да, ошондой эле ижара негизинде да пайдалана алышат. Каттоонун жана атайын эсептин тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык авиация органы тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 181 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

 

175-статья. Жалпы багыттагы авиациянын башка максаттарда колдонулушу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)


XIX Бөлүм
Аба мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

176-статья. Аба мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш жана

административдик жоопкерчилик

 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

176-1-берене. Аба мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

177-статья. Жоопкерчиликтен бошотуу

 

Аба кемесин кылмыштуу кол салуудан коргоо учурунда зыян келтирген адам жоопкерчиликтен бошотулат.

 

178-статья. Штраф алуудан түшкөн каражаттарды пайдалануу

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

XX Бөлүм
Корутунду жоболор

 

(Бөлүмдүн аталышы 2007-жылдын 20-августунун № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

179-статья. Корутунду жоболор

 

Граждандык авиациянын иштерин жөнгө салуучу жана ушул Кодексте шилтемеси бар бардык документтер:

(а) ушул Кодекстин талаптарына ылайык кайра каралууга, оңдолууга, толукталууга же бузулууга тийиш;

(б) ушул Кодекстин 2-статьясында аныкталган аталыштарды эске алуу менен жана ал документтер жөнгө салуучу чөйрөгө ылайык өзгөртүп аталууга тийиш;

(в) бул документтер жөнгө салуучу чөйрөгө ылайык толугу менен же айрым бөлүгү Авиациялык эрежелерге киргизилүүгө тийиш;

(г) ушул статьянын "а" - "в" пункттарынын талаптары аткарылганга чейин ушул Кодекске жана Авиациялык эрежелерге карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 мыйзамынын редакциясына ылайык) 

180-статья. Граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан талаштардын чечилиши 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

181-статья. Талаштардын сотто же арбитраждык сотто чечилиши 

(КР 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

Кыргыз Республикасынын
           Президенти

 

А. Акаев