Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\80072bd3-d63e-48a7-9181-30efe8ba2040\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1994-жылдын 11-январы № 1360-XII

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 1996-жылдын 19-декабрындагы № 65, 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82, 2004-жылдын 19-августундагы № 157, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2008-жылдын 21-июлундагы № 161, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 245, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55,2013-жылдын 3-августундагы № 182, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 11-январындагы № 5, 2014-жылдын 14-ноябрындагы 152, 2015-жылдын 3-мартындагы № 46,2015-жылдын 18-майындагы № 104, 2015-жылдын 21-июлундагы № 183, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207,2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55, 2019-жылдын 3-июнундагы № 69, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2019-жылдын 25-июлундагы № 102, 2021-жылдын 22-январындагы № 11, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 11-январындагы № 1361-XII токтому менен колдонууга киргизилген)

Бул Мыйзам аткаруу бийлигинин системасындагы ички иштер органдарынын ордун жана ролун аныктап, алардын негизги милдеттерин, укуктарын жана жоопкерчилигин, аларды каржылоонун жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартибин белгилейт.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары - коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, ага баш ийген облустардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалары, ички иштер органдарынын транспорттук кичи бөлүмдөрү, шаардык, райондук, шаарлардагы райондук, айылдык кичи бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объектилердеги кичи бөлүмдөрү, окуу жайлары, мекемелери, уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бирдиктүү системасын түзөт.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына баш ийет жана өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.

(КР 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2012-жылдын 23-майындагы №63, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 2014-жылдын 11-январындагы № 5 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 69, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Ички иштер органдарынын негизги милдеттери

Төмөндөгүлөр:

- коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу;

- кылмыштуулукка каршы күрөшүү;

- компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу жана жазаларды аткаруу;

- компетенциясынын чегинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ушул чөйрөдөгү контролдоо-уруксат берүү чараларын жүзөгө ашыруу.

Ички иштер органдарын мыйзамдарда аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга тартууга тыюу салынат. Мыйзам тарабынан түздөн-түз бийлик-укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан башка эч ким ички иштер органдарынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

(КР 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Ички иштер органдарынын иши жана жарандардын укуктары

Ички иштер органдары өз ишинде жарандардын укугун урматтоого негизденишет жана алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, расалык жана улуттук таандуулугуна, жынысына, курагына, билимине жана тилине, динге болгон мамилесине, саясий жана башка ишенимдерине, иштеген ишинин түрүнө жана мүнөзүнө карабастан ар бирин коргоонун кепили болуп саналат.

Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине ар кандай чек коюуга мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте гана жол берилет.

Жарандар өздөрүнүн укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелиши жаатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түшүнүк алууга укуктуу.

Ички иштер органынын кызматкеринин аракети менен өзүнүн укугуна, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына шек келтирилди деп эсептелген адамдар бул аракеттерге ички иштер органынын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.

Ички иштер органдары кармалгандарга, камакка алынгандарга жана соттолгон адамдарга юридикалык жактан коргонуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, алардын турган жери жөнүндө туугандарына, иштеген же окуган жериндеги администрацияга билдиришет.

Зарыл болгон учурда ички иштер органдары аларга токтоосуз түрдө медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аталган адамдарды кармоонун, камакка алуунун, соттоонун натыйжасында жарандардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген коркунучту четтетүүгө карата чараларды көрүшөт.

4-статья. Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, эмгек жамааттарынын жана жарандардын ички иштер органдарынын милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшү

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.

Мамлекеттик органдар, эмгек жамааттары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер ички иштер органдарына алардын милдеттерин аткарууда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын парзы.

КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Кыргыз Республикасынын ички аскерлерине жетекчилик кылуу жана алардын өз ара аракеттенүүсү

(КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

51-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине жетекчилик кылуу жана алар менен өз ара аракеттенүү

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери менен өз ара аракетте аткарат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин курамы жана ишин уюштуруу "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

Аскерлерге жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, ал эми түздөн-түз башкарууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы жүзөгө ашырат.

Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн башчылары өз компетенциясынын чегинде ведомстволук аймакта жайгаштырылган жана коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө карата улук ыкчам башчылар болуп саналат.

(КР 2019-жылдын 3-июнундагы № 69, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйздарынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм
Ички иштер органдарынын укуктук статусу

 

6-статья. Ички иштер органдарынын ишинин укуктук негизи

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер ички иштер органдарынын ишинин укуктук негизин түзөт.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

71-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

72-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын жеткен чеги

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

73-статья. Ички иштер органдарынын кызматкеринин анты

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8-статья. Ички иштер органдарынын милдеттери

Ички иштер органдары (кызматкерлери) өз компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) инсандын жана коомдун коопсуздугун жана коргоону, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылууга;

2) кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоого;

4) кылмыштарды жасаган, сотко чейинки өндүрүш органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, жазыктык жазаны өтөөдөн качып жүргөн, дайынсыз жоголгон адамдарды, ошондой эле издеп табуу ички иштер органдарына жүктөлгөн башка адамдарды издеп табууга;

5) кылмыштардан жана кырсыктардан жапа чеккен, ошондой эле жардамга муктаж болгон адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө;

6) соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдонууга;

7) Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлерде өзгөчө же согуштук абал киргизилген учурда ал жерлерде укуктук режимди камсыз кылууга жана сактоого, ошондой эле кризистик кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга мыйзамдарга ылайык катышууга;

8) компетенциясынын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, бул чөйрөдөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга;

9) жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу жана башка заттарды, нерселерди жана материалдарды, куралдарды, ок-дарыларды сатып алуунун, сактоонун, бир жерден экинчи жерге жеткирүүнүн эрежелеринин сакталышына контролдук жүргүзүүгө; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тизмелер боюнча объектилерди ачууга жана аларды иштетүүгө;

91) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жазык иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин сактоону, ташууну жана жок кылууну жүзөгө ашырууга;

10) чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, анын ичинде качкындардын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сакташын контролдоого;

11) жарандык, тышкы миграция, келүү жана кетүү жөнүндө, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга;

12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга;

13) (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароону жүзөгө ашырууга;

15) жаза чараларын аткарууга;

16) кармалган жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү;

17) атайын ташууларды уюштурууга жана аскердик ташууларга көмөк көрсөтүүгө;

18) карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө катышууга, айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоодо жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү;

19) ички иштер органдарынын тиешелүү маалымат базаларынан жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды камтыбаган маалыматтарды келишимдик негизде берүүгө;

20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого;

21) сырткы видеобайкоо тутумдарына техникалык талаптарды иштеп чыгууга жана алардын андан ары сакталышына контролдук кылууга, анын ичинде сырткы видеобайкоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди координациялоого, ошондой эле сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдылган объекттердин реестрин жүргүзүүгө;

22) жеке жана юридикалык жактар сырткы видеобайкоо тутумун орнотуп жатканда ракурс бурчун жана көрүнүү мүмкүнчүлүгүн макулдашууга;

23) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, убактылуу коргоо ордерин берүүгө, узартууга жана анын шарттарынын аткарылышына контролдук кылууга.

24) транспорттук каражаттарды жана аларга чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын жана билим берүү уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашырууга;

25) квалификациялык сынактарды кабыл алууга жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүгө;

26) автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну кошпогондо, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоону жүзөгө ашырууга, транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутууга (кайра окутууга) жана өз компетенциясынын алкагында лицензиялык контролду жүзөгө ашырууга.

Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды албаганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран ички иштер органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш жасаган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2015-жылдын 3-мартындагы № 46, 2015-жылдын 18-майындагы № 104, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

9-статья. Ички иштер органдарынын укуктары

Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды жана милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктар берилет:

1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, кылмыштарды, укук бузууларды жана ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу аракеттерди токтотууну талап кылуу; мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мыйзамдарда каралган мажбурлоо чараларын колдонуу;

2) эгерде жарандар кылмыш, укук бузуу жасады деп шектенүүгө жетиштүү негиздер бар болсо, алардын ким экендигин тастыктоочу документтерин, ошондой эле аткарылышын контролдоо ички иштер органдарына жүктөлгөн эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн зарыл болгон башка документтерин текшерүү;

3) укук бузуулар жөнүндө протоколдорду толтуруу, компетенциясынын чегинде жаза чараларын салуу, укук бузуучуларды кармоо жана ички иштер органдарына жеткирүү, буюмдарды жана транспорттук каражаттарды жеке карап чыгуу, буюмдарды жана башка нерселерди алып коюу, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамда каралган башка чараларын колдонуу;

4) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана соттолгондорду, ошондой эле кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектүү катары кармалган же болбосо селсаяктык жана кайырчылык кылгандыгы үчүн кармалган адамдарды фотосүрөткө тартуу, үнүн жана видеого жаздыруу, дактилоскопиялоо жана каттоо;

5) Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу;

6) 18 жаш куракка чыга элек, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган же болбосо укук бузууларды жана укукка каршы аракеттерди жасоосуна шарт түзгөн жагдайга туш болгон адамдарды мыйзамдуу өкүлдөрүнө (алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга) өткөрүп бергенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборлорго жеткирүү жана убактылуу кармоо;

7) укук бузууну жасаган аскер кызматчыларын кармоо жана аларды аскер коменданттарына, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине же аскер комиссарларына өткөрүп берүү;

8) кылмыштарды жасады деп шектелген жана айыпталып жаткан адамдарды мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кармоо жана камакка алуу;

9) кылмыш жана укук бузууларды жасаган адамдарды алкоголду, баңгизаттарды, токсиндүү жана башка психотроптук каражаттарды пайдалангандыгы жагынан мыйзамдарда белгиленген тартипте текшерүүдөн өткөрүү же болбосо аларды мындай текшерүүдөн өткөрүү үчүн медициналык мекемелерге жиберүү же жеткирүү;

10) өз өндүрүшүндө турган жазык иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер жана материалдар боюнча жарандарды ички иштер органдарына чакыруу, жарандардан көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү, маалымдамаларды, документтерди алуу жана алардын көчүрмөлөрүн алуу, жарандарды мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте мажбурлап алып келүү;

11) жазык иштери боюнча экспертизаларды жана изилдөөлөрдү, териштирүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү, тергөө аракеттерине, атайын тергөө аракеттерине жана ыкчам иш-чараларга катышуу үчүн адистерди, эксперттерди тартуу;

12) кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам издөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашыруу;

13) соттун чечимине ылайык сайттарды блокадалоо боюнча чараларды колдонуу менен, Интернет желесинде экстремисттик жана террористтик идеологияны пропагандалаган жана тараткан адамдарды, адамдардын топторун жана уюмдарды табуу боюнча иш-чараларды өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруу;

14) (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15) мыйзамдарда каралган негиздер бар болгондо жарандарга таандык турак жайларга жана башка жайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн тышкары) аймактарына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактоо максатында аларды карап чыгуу. Жарандардын эркине каршы алар жашап жаткан турак жайга жана жеке менчикте же башка укукта турган башка объекттерге кирүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү тергөө судьясы тарабынан 24 сааттын ичинде каралууга тийиш. Ушул пунктта белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;

16) мыйзамда каралган негиздер бар болгондо кимге баш ийгендигине жана менчигинин формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана имараттарына (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан тышкары), ошондой эле жарандар жекече же эмгектик ишмердик үчүн пайдалануучу жайларга тоскоолдуксуз кирүү, менчик ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн, ал ыйгарым укук берген жактын катышуусу менен өндүрүштүк, кампалык, соодалык, кызматтык жайларды, транспорттук каражаттарды, товарлар жана мүлктөр сакталуучу жана пайдаланылуучу башка жерлерди карап чыгуу; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен, ошондой эле жарандардан текшерилип жаткан ишке тиешеси бар зарыл маалыматтарды, маалымдамаларды, документтерди, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү алуу;

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгондо жазык сот өндүрүшүнө катышуучу күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алуу;

18) жарандардын жеке коопсуздугун, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, ошондой эле тергөө аракеттерин, атайын тергөө аракеттерин жана ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жарандардын айрым участокторго, объекттерге жана аймактарга баруусун чектөө же баруусуна убактылуу тыюу салуу;

19) камактан качкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды, ошондой эле баңгизаттарын камтыган жапайы өсүмдүктөр калың өскөн, балыктардын баалуу породалары урук чачкан жерлерде карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө, улуттук парктардын, мамлекеттик коруктардын жана заказниктердин аймагында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте контролдоо-өткөрүү пункттарын орнотуу;

20) жазык иштери, текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча менчигинин формасына карабастан банктардагы, финансылык-кредиттик мекемелердеги ыкчам жана отчеттук маалыматтарды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын кредиттик-акчалай операциялары жөнүндө компьютердик маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алуу; кассаларды, акча, товардык-материалдык баалуулуктар жана документтер сакталуучу башка жерлерди мөөр басып бекитүү, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүү; контролдук сатып алууларды жүргүзүү; чийки заттардын, жарым фабрикаттардын жана продукциянын үлгүлөрүн алып коюу;

21) кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого түрткү болуучу себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жекече жана башка эмгектик ишмердик менен жана ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенген жактарга киргизүү;

22) шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү жол каттамдардагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүн (жеңил таксиден тышкары), ал эми айыл жеринде - ошондой эле багыты бир транспортту акысыз пайдалануу; кызматтык максаттарда транспорттун бардык түрлөрүндө жол жүрүү документтерин брондоо же кезексиз сатып алуу;

23) окуялар жана чукул кырдаалдар болгон жерлерге баруу, шашылыш медициналык жардамга муктаж жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш жасаган адамдардын изине түшүү жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбогон башка учурларда транспорттук каражаттарды (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын транспорттук каражаттарынан жана атайын багыттагы транспорттук каражаттарынан тышкары) тоскоолдуксуз пайдалануу;

24) юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарын кызматтык максаттарда тоскоолдуксуз пайдалануу;

25) кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштардын жагдайларын жана аларды жасаган адамдарды аныктоо, таанылбаган өлүктөрдүн ким экенин аныктоо, тергөөдөн, жана соттон качып жүргөн адамдарды, дайынсыз жоголгондорду, автотранспортторду издөө максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын акысыз пайдалануу;

26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмектер боюнча жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уулуу жана башка заттарды, буюмдарды жана материалдарды сатып алуу, сактоо, ташуу, курал сатуучу дүкөндөрдү, ок ата турган тирлерди жана стенддерди ачуу боюнча контролдоо-уруксат берүү жана чектөө чараларын компетенциянын алкагында жүзөгө ашыруу;

27) жол кыймылынын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо, автомобиль жолдорун жана башка жол курулмаларын куруу жана пайдалануу, жаңы автотранспорт техникасынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу жагынан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин контролдоо жана сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма эскертүүлөрүн берүү; иштин ушул чөйрөлөрүнө тиешеси бар эрежелердин, ченемдердин, стандарттардын жана окуу программаларынын долбоорлорун макулдашуу; зарыл болгон учурда көчөлөрдө жана жолдордо транспорттун жана жөө адамдардын кыймылын, аларда жүргүзүлүп жаткан жумуштарды, техникалык жактан бузук транспорттук каражаттарды пайдаланууну чектөө жана тыюу салуу, транспорттук каражаттарды токтотуу жана айдоочулардын аларды пайдалануу жана башкаруу укугуна документтерин, жолдомо барактарын жана ташып бара жаткан жүктөрдүн товардык-транспорттук документтерге ылайык келишин текшерүү; мас абалдагы адамдарды, ошого тете эле транспорттук каражаттарды башкаруу же пайдалануу укугуна документтери болбогон адамдарды транспорттук каражаттарды башкаруудан четтетүү; Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузууларга карата кошумча укуктук чараларды көрүү, транспорттук каражаттарды кармоо жана убактылуу сактоо үчүн атайын токтотмолорго жеткирүү;

28) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү;

29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия берүү;

30) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке детективдердин жана детективдик, ошондой эле күзөттүк ишканалардын ишин контролдоо;

31) Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди кабыл алуунун жана каттоонун электрондук формаларын колдонуу;

32) кылмыштар, укук бузуулар жана окуялар жасалган жагдайларды документтештирүүдө, анын ичинде коомдук жерлерде, ошондой эле өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттерин жазып алуу үчүн техникалык каражаттарды, анын ичинде аудио, фото жана видео жазып алууну пайдалануу;

33) алынган маалыматтарды кийин жарандар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалымат базасына киргизүү менен жарандар жөнүндө маалыматтарды иштетүү;

34) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар менен иштөө, ошондой эле электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү.

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 1996-жылдын 19-декабрындагы № 65, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55 , 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

10-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы жана алардын ишинин кепилдиктери

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

III бөлүм
Ички иштер органдары (кызматкерлери) тарабынан күч колдонуу, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

IV бөлүм
Ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

V бөлүм
Ички иштер органдарын каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

24-статья. Ички иштер органдарын каржылоо

Ички иштер органдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан борборлоштурулган тартипте республикалык бюджеттен, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, ишканалардан, башка юридикалык жактардан жана жеке адамдардан келип түшкөн каражаттарынын, башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(Бөлүк КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ички иштер органдары юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мыйзамдуу түрдө алынып коюлган жана конфискацияланган мүлктү иште пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте сатып алууга артыкчылык укугуна ээ.

(КР 2014-жылдын 11-январындагы № 5, 2021-жылдын 22-январындагы № 11, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

25-статья. Ички иштер органдарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

Ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө жана мекемелерине кызматтык имараттарды, ал эми аймактык тескөөчүлөргө тейленген жерлеринде иш жүргүзүү үчүн жабдылган жайларды, автомототранспорт жана байланыш каражаттарын акысыз беришет.

Келишимдердин негизинде түшкөн каражаттардын эсебинен күтүлүүчү ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө тиешелүү министрликтер, ишканалар, уюмдар, мекемелер кызматтык имараттарды, транспортту, байланыш каражаттарын жана алардын талаптагыдай иштеши үчүн зарыл мүлктөрдү акысыз беришет.

Темир жол, аба, суу транспортторунда, атайын объектилерде ички иштер органдары акысыз жабдылган кызматтык жайлар, байланыш каражаттарды, автомототранспорт менен тиешелүү тармактардын эсебинен акысыз камсыз кылынат жана ал тармактар ал каражаттарды пайдалануу боюнча чыгымдарды да төлөшөт.

Коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана мекемелерине кызматтык телефондорду коюп берүүдө жана АТСтен номер бөлүп берүүдө акыркылар байланыш түйүндөрдүн өнүктүрүү боюнча үлүштүк катышууга каражат төлөөдөн бошотулушат.

Алынып коюлган, ошондой эле соттун чечими боюнча конфискацияланган автомототранспорт, үн жазма жана видеотехника, компьютерлер, оргтехникалык каражаттар жана башка мүлктөр ички иштер органдарына материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлүп берилет.

(КР 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2014-жылдын 11-январындагы № 5, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI бөлүм
Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл

26-статья. Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл

Ички иштер органдарынын ишинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев