Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8b18ac77-9fd6-4650-bbd7-196b9b2b6a1e\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 24-августу ПЖ № 169

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:

- "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главанын "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, вице-премьер-министрлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты" графасында:

III топ төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзундагы туруктуу өкүлү";

VI топ төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:

"Башкы эксперт";

"Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген 3-главада:

3.9-пункттун "Өкмөткө караштуу администрациялык ведомстволор, Жогорку аттестациялык комиссия" деген графасынын "Башкы кызмат орду" тобунун "Г-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Жогорку аттестациялык комиссиянын башкы окумуштуу катчысы";

3.11-пункттун "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы биринчи-үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Премьер-министрдин консультанты Биринчи вице-премьер-министрдин консультанты Вице-премьер-министрдин консультанты".

2. Ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев