Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\18b93989-d247-4457-9190-2bc5069b5d14\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2016-жылдын 30-декабры ПЖ № 308

Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө

(КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2018-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 141, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын уланмалуулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу, кесиптик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык;

- Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 4-тиркемеге ылайык.

(КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган "мамлекеттик кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чендердин түшүнүгү "мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген түшүнүккө окшош экендиги;

- башкы административдик кызмат орундарын ээлеген жана 2012-2014-жылдары аттестациядан өткөн муниципалдык кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу ушул Жарлыктын 1-пунктунда бекитилген жобого ылайык баа берилбестен жүргүзүлөөрү.

3. (КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ №43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун экинчи, төртүнчү абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы № 409 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 257 "2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пунктунун 3, 5-пунктчалары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 10-сентябрындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ N 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 6-январында № 1 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын
КУРАМЫ

(КР Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профсоюздук комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын катчысы.