КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
1-тиркеме
|
|
Кыргыз
Республикасынын Президентинин |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык
кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун,
төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун
ТАРТИБИ
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101, 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибин аныктайт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга (мындан ары - кызматчылар) Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык колдонулат.
3. Кызматчылардын класстык чендери "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү административдик кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптарга кызматчылардын даярдыгынын деңгээли шайкеш келээрин көрсөтөт.
4. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкү тартипте класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
- мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
5. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкү тартипте класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
- муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
6. Класстык чендердин улуулашуусу ушул Жобонун 4 жана 5-пунктунда саналып өткөн ырааттуулук менен аныкталат.
7. Класстык чендер кызматчыларга жекече, кызмат орундарынын тобунун чегинде алардын ээлеген кызмат орундарына ылайык ырааттуулукту сактоо менен, ошондой эле кесиптик деңгээлин, мурдагы класстык ченде жана ээлеген административдик кызмат ордунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында болушунун узактыгын эске алуу менен ыйгарылат, буга ушул Тартиптин 21, 22-пункттарында каралган учурлар кирбейт.
(КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгына ылайык пункт күчүн жоготту)
9. Класстык ченди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу менен байланышкан кызматчылардын бардык талаш-тартыштары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечилет.
10. Кызматчыга класстык чен ыйгаруу жөнүндө маалымат кызматчынын эмгек китепчесине жана өздүк ишине жазылат. Кызматчынын класстык ченин төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалымат кызматчынын өздүк ишине жазылат.
2. Класстык чендерди ыйгаруунун тартиби
11. Класстык чен биринчи жолу, кезектеги тартипте же кезексиз тартипте ыйгарылышы мүмкүн.
Биринчи жолу класстык чен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын класстык чени болбогон мамлекеттик кызматчыга ыйгарылат. Муну менен бирге ушул Жобонун 35-пунктуна ылайык кызматчыга мурдагы кызматында ыйгарылган атайын класстык чен, дипломатиялык ранг, аскердик же атайын наам эске алынат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Биринчи класстык чендер (мамлекеттик жарандык кызматчы ээлеген мамлекеттик кызмат орундары тиешелүү болгон административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна жараша) төмөнкүлөр саналат:
1) кенже топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
2) улук топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору;
3) башкы топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
4) жогорку топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
13. Биринчи класстык чендер (муниципалдык кызматчы ээлеген административдик муниципалдык кызмат орундары тиешелүү болгон административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобуна жараша) төмөнкүлөр саналат:
1) кенже топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
2) улук топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;
3) башкы топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
4) жогорку топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
14. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын класстык чени болбогон кызматчыга биринчи класстык чен сыноо мөөнөтүн кошуп алганда (ушул Тартиптин 35-пунктунда каралган учурду кошпогондо) кызматчы административдик кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылат. Эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн бүткүл мезгилинин жыйындысы боюнча эсептелет.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Кезектеги класстык чен кызматчыга мурдагы класстык ченинде кызмат өтөө үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндө жана ал ошол класстык чен, ага теңдеш же андан жогорку класстык чен каралган административдик кызмат ордун ээлеген шартта ыйгарылат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Мамлекеттик жарандык кызматчынын ар бир класстык ченде болуу мөөнөтү кеминде төмөнкүдөй болот:
- мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору үчүн 1 жыл;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору үчүн 3 жыл;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси үчүн 3 жыл.
17. Муниципалдык кызматчынын ар бир класстык ченде болуу мөөнөтү кеминде төмөнкүдөй болот:
- муниципалдык кызматтын кенже инспектору үчүн 1 жыл;
- муниципалдык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору үчүн 3 жыл;
- муниципалдык кызматтын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси үчүн 3 жыл.
18. Ушул Тартиптин 16 жана 17-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөр мамлекеттик жарандык кызматчы, муниципалдык кызматчы кыйла жогорку административдик кызмат ордуна дайындалган учурларга колдонулбайт.
19. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинин класстык ченинде кызмат өтөө үчүн мөөнөт белгиленбейт.
20. Ыйгарылган класстык ченде кызмат өтөө мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет. Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгилдер гана кирет.
(КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Кызматчыны мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогорку категориядагы тобуна кирген административдик кызмат ордуна дайындоодо ага тийиштүү класстык ченде кызмат өтөө үчүн ушул Жобонун 16 жана 17-пункттарында белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок ушул административдик кызмат ордуна ылайык келген класстык ченден жогору болбогон класстык чен административдик кызмат ордун ээлеп турган мезгилден бир жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Кызматчыны ал мурда ээлеген административдик кызмат орундарына караганда кыйла жогорку тобуна кирген административдик кызмат ордуна дайындоодо аталган кызматчыга ушул Тартиптин 12, 13-пункттарына ылайык кызмат орундарынын ушул тобу үчүн биринчи болуп саналган кезексиз класстык чен, эгерде бул класстык чен андагы болгон ченден жогору болсо, ыйгарылышы мүмкүн.
Мындай учурда класстык чен ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы класстык чендеги кызматтын узактыгын эске албастан, бирок кызматчынын административдик кызмат ордун ээлегенден бир жылдан эрте эмес ыйгарылат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
23. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгына ылайык пункт күчүн жоготту)
24. Мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын топторун эске алуу менен төмөнкүдөй класстык чендер туура келет:
1) кенже топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору класстык чени;
2) улук топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени;
3) башкы топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени;
4) жогорку топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени.
25. Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын топторун эске алуу менен төмөнкүдөй класстык чендер туура келет:
1) кенже топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык чени;
2) улук топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени;
3) башкы топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени;
4) жогорку топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чени.
26. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууну персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда – персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси жүргүзөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
27. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууну персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жетекчиси жүргүзөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
28. Биринчи, кезектеги жана кезексиз класстык чендерди ыйгаруу ушул Тартиптин 14, 16, 17, 21, 22-пункттарында белгиленген мөөнөттөр өткөндөн кийин, ошондой эле ушул Тартиптин 35-пунктунда белгиленген учурларда жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчыга тиешелүү класстык ченди өз убагында ыйгаруу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
Класстык ченди ыйгаруу жөнүндө сунушту өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчилик персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт. Сунуш кызматчыга тиешелүү класстык ченди ыйгаруу үчүн укугу пайда болгон учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде киргизилиши керек.
Класстык ченди ыйгаруу жүйөлүү себептерсиз кечиктирилген учурда мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жеке жоопкерчиликти тартат.
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
29. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууну Кыргыз Республикасынын Президенти төмөнкүдөй тартипте жүргүзөт:
1) функцияларына Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу кирген, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагына тиешелүү болгон мамлекеттик органдарда, мамлекеттик бийликтин атайын статусу бар органдарында жана мамлекеттик башка органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
2) функцияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу кирген, мамлекеттик органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
3) аткаруу бийлигинин органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын позициясын тиркөө менен тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
30. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга сунуштар төмөнкү документтер менен киргизилет:
1) кадрларды каттоо боюнча жекече баракча;
2) өмүр баяны;
3) сунуш кылынып жаткан талапкерге чогуу иштеген жери боюнча аны билген кызматкерлердин кеминде 3 пикири;
4) 4x6 фотосүрөтү (2 даана);
5) билими жөнүндө, илимий даража, илимий наам ыйгаруу жөнүндө дипломдордун көчүрмөсү;
6) паспорттун көчүрмөсү;
7) нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
(КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-классташ муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) карайт.
Комиссия берилген материалдарды иликтейт жана кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуш киргизет.
Берилген материалдар ушул Жободо каралган талаптарга туура келбесе, Комиссия материалдарды туура эместиктерди жоюу үчүн кайтарууга укуктуу.
32. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгына ылайык пункт күчүн жоготту)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүнө ылайык дайындалган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча класстык чендер ыйгарылат.
33. Ыйгарылган класстык чен кызматчынын кызматтык күбөлүгүндө жана өздүк ишинде көрсөтүлөт, ал эми мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгарууда - тийиштүү күбөлүк берилет.
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
34. Класстык чен тартип жазасы бар кызматчыларга, ошондой эле кызматтык териштирүү жүргүзүлүп же жазык иши козголгон кызматчыларга ыйгарылбайт.
3. Класстык ченди сактоонун тартиби
35. Мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча муниципалдык кызматтын класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени ыйгарылат.
Муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча мамлекеттик кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени ыйгарылат.
Кызматчы кызматкерлерине аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды ыйгаруу каралган бир мамлекеттик органдан кызматкерлерине ушул Жобого ылайык класстык чен ыйгаруу каралган башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөн учурда алардын бар болгон аскердик наамы, агайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы сакталып калат.
Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен ушул Тартиптин 12 жана 13 пункттарында каралган жоболорду сактабастан ыйгарылат. Бул абзац аскердик же атайын наамдарына, атайын класстык чендерине, дипломатиялык рангдарына караганда төмөн класстык чендери бар кызматчыларга да колдонулат.
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
36. Ыйгарылган класстык чен мамлекеттик кызматчыда ал ээлеген мамлекеттик жарандык кызматтын, муниципалдык кызматтын административдик кызмат ордунан бошотулганда жана мамлекеттик жарандык кызматтан, муниципалдык кызматтан кеткенде (анын ичинде пенсияга чыккандыгына байланыштуу) "отставкага кетти" деген көрсөтмө менен, ошондой эле кайрадан мамлекеттик жарандык кызматка, муниципалдык кызматка кирген учурда сакталып калат.
37. Кызматчылар аларга ыйгарылган класстык ченде өмүр бою калат жана ушул Жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча гана класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.
4. Класстык ченден ажыратуу, төмөндөтүү тартиби
38. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1 - класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууну, төмөндөтүүнү персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси жүргүзөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
39. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууну, төмөндөтүүнү Кыргыз Республикасынын Президенти төмөнкүдөй тартипте жүргүзөт:
1) функцияларына Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу кирген, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагына тиешелүү болгон мамлекеттик органдарда, мамлекеттик бийликтин атайын статусу бар органдарында жана мамлекеттик башка органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
2) функцияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу кирген мамлекеттик органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
3) аткаруу бийлигинин органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын позициясын тиркөө менен тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
40. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууга жана төмөндөтүүгө материалдарды Комиссия карайт.
Комиссия сунуш кылынган материалдарды иликтейт жана кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуш киргизет.
41. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууну, төмендөтүүнү персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жүргүзөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
42. Кызматчы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.
Кызматчы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугуна байланыштуу класстык ченден ажыратылат.
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101 Жарлыгынын редакциясына ылайык)