Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

3-тиркеме

  

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин
2016-жылдын 30-декабрындагы
ПЖ № 308 Жарлыгы менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу
ЖОБО

1.    Жалпы жобо

 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт.

2. Комиссия туруктуу негизде иштеген консультациялык-кеңешүүчү орган болуп эсептелет. Комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.

3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет жана анын кароосуна класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана жогорку административдик кызмат ордун ээлеген кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.

2. Комиссиянын функциялары

 

5. Комиссия төмөнкү функцияларды жүргүзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана жогорку административдик кызмат ордун ээлеген кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу сунуштарын карайт жана алар боюнча корутунду даярдайт;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана жогорку административдик кызмат ордун ээлеген кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет. Комиссиянын чечими анын жыйналышынын протоколу менен таризделет.

3. Комиссиянын ишин камсыз кылуу

 

6. Комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн кадрлар сектору камсыз кылат, ал Комиссиянын катчылыгы болуп эсептелет.

7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен Комиссиянын функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде жашыруун документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды суроого жана алууга;

2) зарыл болгон учурда, анын ичинде консультацияларды өткөрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүн, ошондой эле мүчөлөрүн чакырууга же маалымат суроого;

3) каралуучу маселеге тиешелүү болгон органдардын жетекчилерин өзүнүн жыйналыштарына чакырууга.

4. Комиссиянын жетекчилиги жана ишин уюштуруу

 

8. Комиссияны анын төрагасы жетектейт.

9. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Жыйналышты Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жетектейт.

10. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, анда Комиссиянын жыйналышы мыйзамдуу. Эгерде жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүгү добуш берсе, анда Комиссиянын чечими кабыл алынды деп эсептелет.