Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\072b5216-4a3b-4af4-b462-f09b3ced5ff9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 3-марты №136

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Терминдерди конкреттештирүү, эрежелерди жана жол кыймылына катышуучулардын өз ара мамилелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:

- 1-бөлүмүнүн 1.1. жана 1.2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.1. Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежелери(*) (мындан ары - Эрежелер) айрыкча мүнөздүү жол кырдаалдарында көп жылдык практиканын негизинде иштелип чыккан жол кыймылына катышуучулардын жүрүм-турумдарынын комплекстүү чагылдырылышы.

Эрежелердин максаты - кургак жердеги транспорт жана жол кыймылынын башка катышуучулары жолдорду пайдалануусунун бирдей тартибин белгилөө.

Эрежелердин негизин төмөнкүдөй укуктар түзөт:

адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна укук;

жолдордун комплекси, транспорт каражаттар жана материалдык баалуулуктар сакталышына укук;

мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоого укук;

Жол кыймылынын катышуучулардын Эрежелерди сакташын контролдоо укугу.

Бул Эрежелер жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын жана ички иштер органдарынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагында атайын контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин өз ара мамилелерин белгилейт. Жол кыймылына тиешелүү башка нормативдик укуктук актылар ушул Эрежелердин талаптарына негизделүүгө жана аларга каршы келбөөгө тийиш.

1.2. Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

"Автомагистраль" - автотранспорт каражаттардын ылдам жүрүшү үчүн арналган, ар бир багыт үчүн экиден кем эмес жүрүү тилкеси бар, бири-биринен бөлүүчү тилке менен (ал жок болсо - жолдун тосмосу менен) ажыратылган, башка жолдор менен, темир жол же трамвай жолдор, жөөлөр үчүн же велосипед үчүн жолдор менен бир деңгээлде кесилишпеген, 5.1(**) белги менен белгиленген, өткөрүүгө жарактуулугу жогорку жол.

"Авариялык кырдаал" - жол кыймылынын учурунда жол кыймылына катышуучулардын аракеттери же аракетсиздиги жол-транспорт кырсыгы болуу коркунучун жараткан кырдаал.

"Автопоезд" - чиркегич (чиркегичтер) чиркелген механикалык транспорт каражат.

"Жол кыймылынын коопсуздугу" - жол кыймылына катышуучулардын жана мамлекеттин жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен корголуу даражасын чагылдыруучу жол кыймылынын абалы.

"Коопсуз дистанция" - ошол эле тилкеде алдыда бараткан транспорт каражатка чейинки, ал капыстан тормоз берген же токтогон учурда артта келаткан транспорт каражаттын айдоочусуна капыстан катуу тормоз бербестен сүзүшүүнү болтурбоого мүмкүндүк берчү аралык.

"Коопсуз интервал" - жүрүп бараткан транспорт каражаттардын же алар менен башка объекттердин капталдарынын арасындагы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу аралык.

"Коопсуз ылдамдык" - айдоочу транспорт каражатты коопсуз башкарууга жана конкреттүү жол шарттарында анын кыймылын контролдоого мүмкүндүк алуучу ылдамдык.

"Буксирлөө" - бир транспорт каражат менен экинчи транспорт каражатты катуу же ийилчээк илгич менен же бир бөлүгүн платформага же атайын таяныч түзүлүшкө жүктөө жолу менен сүйрөө, бул транспорттук составдарды эксплуатациялоого кирбейт.

"Велосипед" - майыптар коляскаларынан тышкары эки же андан ашык дөңгөлөгү бар жана анда отурган адамдын кара күчү менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

"Көрүнөөлүк" - айдоочунун ордунан жолдун элементтеринин чектерин жана жүрүүгө катышуучулардын орундарын даана көрүүгө болуучу максимум аралык, бул айдоочуга транспорт каражатты башкаруу учурунда коопсуз ылдамдыкты тандоо жана коопсуз маневр жасоо үчүн ориентир алууга мүмкүндүк берет.

"Айдоочу" - кандайдыр-бир транспортту башкарган адам, жүк жүктөлүүчү, мингич жана башка малды айдап бараткан адам. Айдоону үйрөтүп жаткан адам да айдоочуга теңештирилет.

"Аргасыздан токтоо" - транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушунан же ташылып бараткан жүк келтирген коркунучтан, айдоочунун (жүргүнчүнүн) абалынын начарлоосунан же жолдо тоскоолдук пайда болушунан улам кыймылдын токтотулушу.

"Транспорт каражатынын ээси" - балансында транспорт каражаты бар юридикалык жак болуп саналган уюм же транспорт каражатына менчик укугу бар адам.

"Башкы жол" - кесип өткөн (кошулган) жолго карата 2.1, 2.3.1. 2.3.3. же 5.1. белгилери менен көрсөтүлгөн жол же топурак жолго салыштырмалуу катуу кыртыштуу (асфальт жана цемент-бетон, таш материалдар жана ушул сыяктуулар менен капталган) жол же жамаатташ аймактардан чыккан жолдорго карата ар кандай жол. Кесилишке жакын жердеги экинчи даражадагы жолдун капталган кыртышы бар болушу аны мааниси боюнча кесилишип жаткан жолго карата теңдеш кылбайт.

"Араба (чана)" - жаныбарлар чегилип кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

"Тоодогу жолдор" - жүрүүнүн коопсуздугуна таасир этүүчү техникалык мүнөздөмөлөрү: деңиз деңгээлинен орчундуу бийиктиги, тик өйдөлүштөрү, чукул радиустагы бурулуштары, серпантини, горизонталь участоктордун кыскалыгы, бүтөлүп калуу, суу жеп кетүү, таш кулоо, кар көчкү жүрүшү мүмкүндүгү, жолго жакын жарлар ж.б.у.с; аба ырайынын шарты тез өзгөрүшү менен түз жердеги жолдордон айырмаланган жолдор.

"Жүк ташуучу автомобиль" - конструкциясы жана жабдылышы боюнча жүктөрдү ташууга арналган автомобиль.

"Кызмат адамдары" - өздөрүнө кызматтан көз каранды эмес адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча тескөө укуктарын жүзөгө ашырган же мыйзамдарда белгиленген тартипте буга укуктуу болгон адамдар, ошондой эле мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же администрациялык-чарбалык функцияларды аткарган адамдар.

"Жол" - ылайыкташтырылган же ыңгайлаштырылган жана транспорт каражатынын кыймылы үчүн пайдаланылуучу жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүңкү бети. Жол өзүнө бир же бир нече жүрүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле трамвай жолдорун, жөө адамдар басуучу жолду, жол жээгин жана тилкелер болгон учурда аларды бөлүштүрүүчү сызыктарды камтыйт.

"Жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол кыймылынын процессинде жана анын катышуусу менен келип чыккан, адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, транспорт каражатынын, жүктүн, курулуштун бузулушуна же материалдык зыянга алып келген окуя.

"Жол кыймылы" - жолдордун бетинде транспорт каражаттардын жардамы менен же аларсыз адамдарды жана жүктөрдү ташуу процессинде болуучу коомдук мамилелердин жыйындысы.

"Жолдогу кырдаал" - жолдун шарттары, жолдун тийиштүү участогунда тоскоолдуктардын болушу, жол кыймылынын ургаалдуулугу жана уюштурулуш деңгээли (жол бетиндеги чийиндердин, жол белгилеринин, жолдук жабдуулардын, светофорлордун болушу жана алардын абалы) менен мүнөздөлүүчү факторлордун жыйындысы, айдоочу ылдамдыкты, жүрүү тилкесин жана транспорт каражатты башкаруу ыкмасын тандоодо ушуларды эске алууга тийиш.

"Темир жол өткөөлү" - жолдун темир жол менен бир деңгээлде кесилишкен жери.

"Турак жай зона" - калктуу конуштагы 5.38 жана 5.39. белгилер менен белгиленген аймак.

"Жасалма курулмалар" - жолдор дарыялар, жарлар, тоо кыркалары, жолдор жана башка тоскоолдуктар менен кесилишкенде жасалчу, кардан, кулоолордон тосуучу курулмалар. Автомобиль жолдорундагы негизги жасалма курулмалар: көпүрөлөр, кабат жолдор, тоннелдер, эстакадалар, түтүктөр, сууну агызуучу түзүлүштөр, галереялар, тирөөч дубалдар ж.б.

"Транспорт жүрүүчү бөлүктүн чети" - жол бетиндеги чийин менен, эгер ал жок болсо - жол бетинин четин бойлото, ошондой эле жүрүүчү бөлүк трамвай жолу менен кошулган жерде шарттуу линия менен аныкталат. Жол бетинин чекесин аныктоого мүмкүн эмес болсо, анын ичинде жол шарттары боюнча да аныктоого болбосо, жүрүүчү бөлүктүн четин айдоочу өзү тапталган тилкенин чети боюнча аныктайт.

"Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал" - транспорт каражаттын жүрүүчү бөлүктүн четинен жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге карата абалы, бул удаалаш бараткан транспорт каражатка (анын ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражатка) жүрүүчү бөлүктүн четине, жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге андан да жакыныраак жүрүүгө мүмкүндүк бербейт.

"Жеңил автомобиль" - уруксат берилген салмагы 3500 (үч миң беш жүз) кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары отуруучу орундардын саны сегизден ашпаган, конструкциясы жана жабдылышы боюнча зарыл ыңгайды жана коопсуздукту камсыздоо менен жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн ташууга арналган транспорт каражат.

"Маневр жасоо" - транспорт каражаттын жүрүп башташы, токтошу, аялдамасы, бурулушу (кайрылышы), орун которуусу, тормоз бериши жана артка жүрүшү.

"Маршруттук транспорт каражат" - жолдор аркылуу адамдарды ташууга арналган жана белгиленген токтоочу пункттары (аялдамасы) бар белгиленген багыт боюнча жүргөн жалпы пайдалануудагы транспорт каражат (автобус, троллейбус, трамвай, маршруттук такси).

"Көпүрө" - дарыя, жар же башка тоскоолдуктар аркылуу өтүүгө арналган курулма, анын чектери өткөрүүчү курулмалардын башталышы жана аягы болуп эсептелет.

"Механикалык транспорт каражат" - мопедден тышкары кыймылдаткыч менен жүрүүчү транспорт каражаты. Термин ошондой эле ар кандай тракторлорго жана өзү жүрүүчү машиналарга жайылтылат.

"Мопед" - 50 куб.см ашпаган жумуш көлөмүндөгү кыймылдаткыч менен жүрүүчү жана эң жогорку конструкциялык ылдамдыгы саатына 50 километрден ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Орнотулуучу кыймылдаткычы бар велосипеддер жана ушундай мүнөздөмөсү бар башка транспорт каражаттары мопедге теңештирилет.

"Мотоцикл" - капталында чиркегичи бар же анысы жок болгон эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражат. Жүктөлгөн абалда салмагы 400 килограммдан ашпаган үч же төрт дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаттары мотоциклдерге теңештирилет.

"Калктуу конуш" - курулуштары бар аймак, ага кире бериште жана андан чыккан жолдор 5.22 - 5.25 белгилери менен көрсөтүлгөн.

"Начар көрүнүү" - туманда, жамгыр, кар жааганда жана ушуга окшош шарттарда, ошондой эле күүгүмдө алдыдагы жолдун 300 м нары көрүнбөшү.

"Уюшулган жөө колонна" - жол боюнча чогуу бир багытта бараткан, Эрежелердин 4.2-пунктуна ылайык белгиленген адамдардын тобу.

"Токтоо" - транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөткө чейинки убакытка токтотуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү үчүн, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү зарыл болгондо андан узак убакытта атайылап токтотуу.

"Кулоо" - тик беттерден таштардын, шагылдын жана асканын чоң бөлүктөрүнүн кулап түшүүсү.

"Ашып өтүү" - жүрүп бараткан бир же бир нече транспорт каражатты башка транспорт каражаттын ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде утурлаш тилкеге чыгуу менен кууп өтүшү.

"Жолдун чети" - жолдун жүрүүчү бөлүккө туташ, аны менен бир деңгээлдеги, бетинин капталышы боюнча айырмаланган же 1.2.1. чийин менен бөлүнгөн элементи. Жолдун чети транспорт каражаттарды токтотуу жана аялдамасы, жөө адамдардын, мопеддердин, велосипеддердин (тротуарлар, велосипед жолдору жок же алар боюнча жүрүү мүмкүн эмес болгон учурда), арабалар (чаналар) жүрүшү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

"Көрүүнүн чектелиши" - бараткан багыттагы жолдо көрүүнүн жолдун геометриялык параметрлери, жол боюндагы инженердик курулмалар, өсүмдүктөр жана башка объекттер, ошондой эле транспорт каражаттар менен чектелген көрүнүшү.

"Опурталдуу жүк" - касиеттерине байланыштуу ташууда адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтириши, табигый чөйрөгө зыян келтириши, материалдык баалуулуктарды бузушу же жок кылышы мүмкүн болгон заттар, алардан жасалган нерселер, өндүрүштүк же чарбалык иштин калдыктары.

"Жүрүүдөгү коркунуч" - жол кыймылынын процессинде пайда болуп, ошол багытта ошол ылдамдык менен жүрүүнү андан ары улантуу жол-транспорт кырсыгы чыгышына опурталдуу болгон кырдаал.

"Озуу" - транспорт каражаттын жанаша тилкелер боюнча удаалаш бараткан транспорт каражаттардын ылдамдыгынан ашык ылдамдык менен жүрүшү.

"Жол кыймылын уюштуруу" - жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруучу-техникалык жана тескөөчү иш-чаралардын комплекси.

"Уюшулган транспорттук колонна" - жаркылдаган көк түстөгү же айкалышкан көк жана кызыл түстөгү атайын өчүп-күйгөн жарыгы бар эң алдыдагы транспорт каражатынын коштоосунда дайыма күйгүзүлгөн жарыктары менен бир гана тилкеде биринин артынан бири бараткан үч же андан ашык механикалык транспорт каражаттарынын тобу.

"Көрбөй калуу" - көзгө жарыктын тийишинен улам айдоочу минимум аралыктагы жол элементтерин көрүүгө же айырмалап таанууга мүмкүнчүлүгү болбой калган физиологиялык абал.

"Кесилиш" - жолдор бир деңгээлде кесилишкен, кошулган же айрылышкан, элестетип боолголонгон сызыктар менен чектелип, жолдордун кесилишинин борборунан кыйла алыс турган карама-каршы жактарда жайгашкан бурулуштардын башталыштарын бириктирип турган жол кесилиши. Жол боюндагы аймактардан кошулган жолдор кесилиш деп аталбайт.

"Жөө адам" - транспорт каражатында болбогон жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын кыймылдаткычы жок коляскасында бараткандар, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелегендер, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн адамдар жөө адамдарга теңештирилет.

"Жөө адам өткөөлү" - 5.16.1, 5.16.2 белгилери жана (же) 1.14.1-1.14.3(***) чийини менен белгиленген жана жөө адамдар жолдон өтүшү айырмаланып көрсөтүлгөн жол бөлүгү. Чийин жок болгон учурда жөө адамдын өткөөлүнүн туурасы 5.16.1 жана 5.16.2 белгилеринин ортосундагы аралык менен аныкталат.

"Кыймыл тилкеси" - жолдун узатасынан кеткен тилкелеринин ар бири, алар чийин менен белгиленет же белгиленбейт жана туурасы автомобилдердин бир катар кыймылы үчүн жетиштүү болот.

"Артыкчылык (приоритет)" - жол кыймылынын башка катышуучуларына караганда белгиленген багытта биринчи кезекте өтүү укугу.

"Жанаша аймак" - түздөн-түз жол боюнда жайгашкан жана транспорт каражаттары кесип өтүшүнө арналбаган аймак (короолор, турак-жай массивдери, автомобиль токтоп туруучу жай, автомобилге май куюучу станция (АЗС), ишканалар жана башкалар).

"Чиркегич" - кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында жүрүүгө арналган транспорт каражаты. Бул термин жарым-жартылай жүктөлүүчү жана өзүнчө сүйрөлүүчү чиркегичтерге да колдонулат.

"Жүрүүчү бөлүк" - рельсте жүрбөөчү транспорт каражаттар жүрүшү үчүн арналган жолдун бөлүгү.

"Жүргүнчү" - транспорт каражаттагы айдоочудан башка адам, ошондой эле транспорт каражатка кирген (отурган) же транспорт каражаттан чыгып (түшүп) жаткан адам.

"Жолдордун кесилиши" - автомобилдик жолдордун тоому, анда бири-бирине кошулган жолдор үзүлүп калбайт жана алардын ар бири боюнча аралап өтүү мүмкүндүгү бар.

"Башка катарга өтүү" - бараткан багытты өзгөртпөстөн ээлеп турган тилкеден же катардан чыгуу.

"Үйлөтмө коопсуздук жаздыгы" - жол-транспорт кырсыгы болгон учурда айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү сактап калуучу түзүлүш, ал катуу токтогондо баллондон же генератордон келүүчү газ менен бат толтурулчу атайын каптан турат.

"Жүрүүгө тоскоол" - жүрүүчү бөлүктүн ошол тилкеси же жолдун бүткүл бети боюнча андан ары жүрүүнү кыйындаткан же такыр мүмкүндүк бербеген ар кандай материалдык объект.

"Авариядан сактануучу бурулуш" - тик ылдый түшкөндө транспорт каражаттын тормоздук түзүлүштөрү иштебей калган учурда жүрүүгө тоскоолдук (өйдөлүш) жаратуу менен транспорт каражатты мажбурлап токтотууга арналган, бети жумшак материал (кум, шагыл) менен капталган, жолдон чыга берме туюк участок.

"Өткөөл жолдор" - башка жол (темир жол) менен кесилишкен жерде ал боюнча ар кыл деңгээлдерде жүрүүнү камсыздоочу жана башка жолго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү, көпүрө тибиндеги инженердик курулма.

"Ажыратуучу тилке" - жолдун конструкциясынын бөлүнгөн элементи, ал чектеш карама-каршы жүрүүчү бөлүктөрдү ажыратып турат жана ал рельс менен жүрбөгөн транспорт каражаттары менен жөө адамдардын кыймылы жана токтоп турушу үчүн арналган эмес.

"Уруксат берилген максимум масса" - жүк, айдоочу жана жүргүнчүлөр жүктөлгөн транспорт каражатынын массасы, аны максималдуу жол берилген масса катарында чыгарган ишкана белгилейт. Бир курамга кирген транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу массаларынын суммасы транспорт каражаттарынын курамынын, башкача айтканда бир бүтүн катары чиркелишкен жана кыймылдагы курамдын уруксат берилген максималдуу массасы катары каралат.

"Жөнгө салуучу" - тиешелүү күбөлүгү жана кийими (формалык кийими же айырмалоочу белгиси - колуна оролгон чүпөрөгү, жезли, кызыл сигналы же жарык чыгаргычы бар дискасы, кызыл фонары же желекчеси) бар ички иштер органынын, аскер автоинспекциясынын, жол-эксплуатациялоо кызматынын кызматкери, темир жол өткөөлүндөгү, сал өткөөлүндөгү кезметчи, кошуундун адамы, ички иштер органынын штаттан тышкаркы кызматкери.

"Рельсте жүрүүчү транспорт каражат" - трамвай жана трамвайдын жолу менен жүрүүчү атайын жабдуулуу платформалар. Жол кыймылына катышкан бардык башка транспорт каражаттар рельсте жүрбөөчүлөр деп эсептелет.

"Коопсуздук куру" - жол-транспорт кырсыгында айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттын ичиндеги өз орундарында кармоого арналган ийкемдүү тасма.

"Токтоп туруу" - жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү менен байланышпаган себептер боюнча транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөттөн ашык убакытка атайылап токтотуу.

"Жарыкты чагылдыргыч" - жарык нурларды чагылдыргыч, ал тийген жарыктын нурларын келген багытын карай чагылдырганы менен айырмаланат.

"Светофор" - жол кыймылын жөнгө салууга арналган жарык менен сигнал берүүчү түзүлүш.

"Транспорт каражат" - адамдарды жана (же) жүктөрдү ташууга арналган түзүлүш.

"Такси" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, "Такси" деген таануучу белгиси бар транспорт каражаттар. Таанылуучу "Такси" белгиси "Т" деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат.

"Сутканын караңгы мезгили" - кеч күүгүмдөн таңкы күүгүмгө чейинки убакыттын аралыгы.

"Тоннель" - транспорт каражаттарды, сууну ж.б. өткөрүү үчүн арналган, жер катмарынын, тоо массивинин же суу катмарынын астынан өтүүчү жер алдындагы инженердик курулма.

"Тормоздук жол" - шашылыш тормоз берген учурда транспорт каражат тормоздук системанын башкаруу органына (педаль, сап) таасир эткенден баштап ал толук токтогонго чейинки аралык.

"Тротуар" - жолдун элементи, ал жөө адамдар басышы үчүн арналган жана жүрүүчү бөлүккө кошулуп же андан газон менен бөлүнүп турат.

"Жол берүү (тоскоолдук түзбөө)" - эгерде кайсы бир жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, улантууга же кыймыл багытын өзгөртүүгө болгон аракеттери ага караганда салыштырмалуу артыкчылыгы бар башка жол кыймылынын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, ал жол кыймылынын катышуучусуна жогорудагыдай аракеттерди жасоого болбой тургандыгын билдирүүчү талап.

"Жол кыймылынын катышуучусу" - айдоочу, жөө адам, транспорт каражаттын жүргүнчүсү, малды айдоочу катары кыймылдын процессине түздөн-түз катышкан адам.

"Көчө" - калктуу конуштун ичиндеги шаардык автомобиль жүрүүчү жол.

"Айдоочунун чарчашы" - транспорт каражатты башкаруу убагындагы иштин натыйжасында көңүл коюунун азайышынан, кыймыл-аракеттин координациясы бузулушунан, уйку басуудан көрүнгөн организмдин физиологиялык абалы.

"Транспорт каражаттын экологиялык коопсуздугу" - транспорт каражаттын айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуучу касиеттери.

"Эстакада" - кесилишкен жерде бир жол экинчи жолдун үстүнөн өткөндө транспорт каражаттардын жана (же) жөө адамдардын жүрүшү үчүн арналган, ошондой эле бош эмес жерлерди же транспорттордун агымын айланып өтүү үчүн жердин деңгээлинен жогору турган жол жасоого арналган инженердик курулма.";

- 2-бөлүмүндө:

2.1.1-пунктта:

биринчи абзацындагы ", ошондой эле кошундарга жана штаттан тышкаркы милиция кызматкерлерине" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"айдоочулук күбөлүккө талон;";

2.3.2-пункттун биринчи абзацындагы "кыймылга тыюу салынат" деген сөздөр "кыймыл токтотулат" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2.7-пункт "кырсыкты тариздөө" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми материалдык зыян анча эмес болсо айдоочулар келтирилген зыянды өз ара макулдашуу боюнча төлөө жөнүндө чечимге келе алышат".

2.8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын атайын автомобилдери коштобостон уюшулбаган колонна менен авариялык жарык сигналдарын, тышкы жарык приборлорун, ошондой эле ушул Эрежелерде каралбаган кошумча жарыктандыруу сигналдарын күйгүзүп, үн сигналдарын иштетип алып жүрүүгө;

өзүнүн тиешеси бар жол-транспорт кырсыгынан кийин, же транспорт каражат милиция кызматкеринин талабы боюнча токтотулгандан кийин мастыгын аныктоо үчүн текшерүү же андай текшерүүдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин алкоголь ичимдиктерди, наркотик же психотроптук каражаттарды колдонууга;

транспорт каражатты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен макулдашуу боюнча белгилеген, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген эмгек жана эс алуу режимин бузуу менен башкарууга;

жүрүп бараткан убакта колго кармабастан сүйлөшүүгө мүмкүндүк берчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду пайдаланууга;

токтоп турган транспорт каражатта жолдун жүрүүчү тарабындагы каалганы ачык калтырууга.".

- 3-бөлүмдө:

- 3.3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Көк жана кызыл түстөгү жандырылган маягы жана атайын үн сигналы менен бараткан транспорт каражатты, ошондой эле ал коштоп жүргөн транспорт каражатты (транспорт каражаттарды) кууп өтүүгө тыюу салынат.";

3.5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Аталган жарык чыгаруучу маяктар оор салмактагы жүктөрдү, жарылгыч, тез от алуучу, радиоактивдүү жана коркунучтуулук даражасы жогору уулуу заттарды ташыган же коштогон транспорт каражаттарда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу подразделениесинин уруксаты менен колдонулушу мүмкүн.".

- 4-бөлүмдө:

бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жөө адамдардын укуктары жана милдеттери";

төмөнкүдөй мазмундагы 4.9-пункт менен толукталсын:

"4.9. Жөө адам төмөнкүлөргө укуктуу:

- жашоого жана ден соолукка;

- жолду жана транспорт каражатты пайдаланууга;

- жолдордун абалы жөнүндө маалымат алууга;

- тез медициналык жардам алууга;

- ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аны кармагандыгынын себебин билүүгө.".

5-бөлүмдүн 5.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"жөнгө салуучулар же ички иштер органдарынын кызматкерлери сутканын караңгы мезгилинде транспорт каражатты токтоткон учурда кызматкердин негизсиз болушу мүмкүн деп болжолдонгон аракеттерин далилдөө үчүн автомобилден айдоочу менен кошо чыгууга. Мында жүргүнчүлөр милиция кызматкерине өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууга жолтоо кылбоого тийиш;

жасаган заводдо караштырылган коопсуздук курун арчынданбастан жүрүп бараткан автомобилде болууга;

мототранспорт каражатта топчуланбаган шлемсиз же аны кийбестен жүрүүгө;".

7-бөлүмдүн 7.1-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"балдарды уюштурулган ташууда аларды салуу жана түшүрүү учурунда;"

- 8-бөлүмдө:

8.8-пункттун экинчи абзацы "Эгерде" деген сөздөн кийин "1.1. жана 1.3. белгилер жок болсо" деген сөздөр менен толукталсын;

8.10-пункттун биринчи абзацындагы "бурулууга" деген сөз "токтоого же оңго бурулууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-бөлүмдө:

9.3-пунктта:

биринчи абзацы "чийин" деген сөздөн мурда "1.5" деген цифралар менен толукталсын;

экинчи сүйлөмү "четки сол тилкеге" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жүрүп бараткан багыттагы жолдун сол жаккы четине" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 9.10-пункт менен толукталсын:

"9.10. Эки багытта жүрүүчү жолдордо транспорт каражаттардын айдоочулары (эки бөлүүчү тилке же коопсуздук аралчасы жок болсо), эгер жол белгилери жана жол бетиндеги чийиндер башканы көрсөтпөсө, жүрүүчү бөлүктүн оң тарабынын ортосундагы жол курулмасынын элементтерин, тумбаларды (көпүрөлөрдүн, өткөөл жолдордун тирөөчтөрү жана ошол сыяктуулар) айланып өтүүгө тийиш.";

- 11-бөлүмдүн 11.5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"артында жарык бергич маягы (кызгылт сары жана сарыдан башка) жандырылган транспорт каражат келаткан транспорт каражаттардын колоннасын;".

- 12-бөлүмдө:

бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Транспорт каражаттын аялдашы жана токтоп турушу";

12.2-пунктта:

биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "коюуга" деген сөз "токтотуп коюуга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "коюуга" деген сөз "(токтотуп коюуга)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи абзац "коюуга" деген сөз "(токтотуп коюуга)" деген сөздөр менен толукталсын;

12.4-пунктта:

биринчи абзац "Транспорт каражаттарды" деген сөздөр менен башталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ички иштер органдарыныкынан жана атайын кызматтардыкынан башка транспорт каражаттарды көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнүн коопсуздук аралчасына токтотуп коюуга.";

12.5-пункт "Транспорт каражаттарына" деген сөздөр менен башталсын.

Бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12.9-пункт менен толукталсын:

"12.9. Жол кыймылына тоскоол болгон транспорт каражаттарды токтотуунун (коюунун) эрежесин бузганы үчүн мажбурлап эвакуациялоого (айдоочусу жок болсо), дөңгөлөктүн блокираторлордун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга жол берилет.";

- 13-бөлүмдө:

13.3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кесилиштерден транспорт каражат менен солго бурулуп өтүүдө же солго бурулуп артка кайрылууда, транспорт агымдарын бөлүп туруучу 1.1. жол бетиндеги чийин бар бир багытта жүрүүчү көчөлөрдөн башкасында кесилиштин борбору транспорт каражаттан оң жакта калууга тийиш.";

13.4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Эки же андан көп тилке бар болсо утурлаш келаткан транспорт каражаттардын бир багытка бир учурда бурулушуна уруксат берилет.";

13.10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Бирдей маанидеги жолдордун кесилишине ар тараптан бир нече транспорт каражат бир убакта келгенде айдоочулардын бири кесилиштен биринчи болуп өтүү жөнүндө ниетин башкаларына үн сигналы же башкача ыкма менен эскертүүгө тийиш, андан кийин калган айдоочулар бир маанидеги жолдордун кесилишинен өтүүнүн эрежесин өз ара колдонууга тийиш.".

- 17-бөлүмдүн 17-2-пунктундагы "20 км/сааттан" деген цифра жана сөздөр "10 км/сааттан" деген цифрага жана сөздөргө алмаштырылсын";

- 19-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19.10-пункт менен толукталсын:

"19.10. Калктуу конуштардын сыртта сутканын жарык мезгилинде бардык механикалык транспорт каражаттарда жүрүү фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүү менен ишке ашырылууга тийиш.";

- 21-бөлүмдө:

21.5-пункттагы "жабдылууга" деген сөз "тормоздун, ылдамдыкка которуунун сыңар педалдары жана артты көрүүчү күзгү менен жабдылууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 21.7-пункт менен толукталсын:

"21.7. Курсанттардын же окуп жаткан катталган топтордун окуулук айдоосу автодромдордо же автополигондордо 20-30 саат айдагандан кийин окутуучу уюмдардын (автомектептердин, ийримдердин) автомобилдеринде гана көчөлөрдүн жана жолдордун уруксат берилген участокторунда гана ишке ашырылат. Мында жанында айдоо китепчеси болууга тийиш.";

- Эрежелердин № 1 тиркемесинде:

1-бөлүмү:

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Бул топтогу белгилер 1.3.1, 1.3.2, 1.4.1-1.4.6, 1.31.1-1.31.3. белгилерден башкалары ак фондуу жана жээктүү кызыл үч бурчтуу формада болушат.";

1.1. жана 1.2-пункттар бириктирилип, төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.1 "Шлагбаум коюлган темир жол өткөөлү" жана 1.2. "Шлагбаум коюлбаган темир жол өткөөлү" - айдоочуга тийиштүү өткөөлгө келгенин эскертет, ал жерде айдоочу ашып өтүүгө, кайрылууга, артка берүүгө, аялдоого жана токтоп турууга байланыштуу чектөөлөрдү аткарууга милдеттүү.";

1.5-пункт "Трамвай линиясын кесилиштен башка жерде кесип өтүү жөнүндө эскертет, ал жерде рельссиз транспорт каражаттын айдоочусу трамвайга жол берүүгө милдеттүү (трамвай деподон чыгып жаткандан башка учурларда)" деген сөздөр менен толукталсын;

1.6-пункт "Кесилишкен теңдеш жолдордон өтүү жөнүндө эскертет, ал жерде айдоочу оң жакта келаткан транспорт каражатка жол берүүгө милдеттүү" деген сөздөр менен толукталсын;

1.13. жана 1.14-пункттар бириктирилип, төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.13. "Тик ылдый түшүү" жана "Тик өйдө чыгуу". Жолдун ылдый түшүү же өйдө чыгуу жүрүп бараткан транспорт каражаттар үчүн опурталдуу болгон участогуна келгенин эскертет. Ылдый түшүүдө ылдамдык жана которгучтар кошулуу менен жай ылдамдыкта ишке ашырылууга тийиш. Өйдө чыгууда айдоочу өргө баратканда которулбачу тийиштүү жай ылдамдыкты тандоого тийиш. Андай участоктордо токтогон учурда айдоочу транспорт каражат жүрүүчү бөлүктө жылып кетпестен турушун камсыздоочу чараларды көрүүгө милдеттүү. Кайчы өтүү татаал болгондо өйдө чыгып келаткан транспорт каражатка жол берүү зарыл. Өрдүн аягында утурлаш тилкеге чыгып озуп өтүүгө, кайрылууга, аялдоого жана жүрүүчү бөлүктө токтоп турууга тыюу салынат.

төмөнкүдөй мазмундагы 1.16.1-пункт менен толукталсын:

"1.16.1. "Жасалма тегиз эмес жол" - ылдамдыкты азайттыруу үчүн жолдун жасалма тегиз эмес участогу. Мектептердин, бала бакчалардын ж.б. жанындагы көчөлөрдө жана жолдордо МАИнин көрсөтмөсү боюнча тийиштүү жол-коммуналдык органдар орнотушат.";

1.17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Мындай учурда айдоочу ылдамдыкты азайтып, башка транспорт каражаттардан дистанцияны жана каптал интервалды алыстатып, айнектер жана фаралар сынбашы үчүн ашып өтүүдөн жана озуп өтүүдөн карманышы зарыл.".

1.18.1-1.18.3 "Жолдордун тарышы" деген пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Айдоочу ылдамдыкты азайтып жана чоң эмес интервалда кайчы өтүүгө даяр болушу зарыл. Кайчы өтүү татаал болсо бараткан тилкени алмаштырган айдоочу багытын өзгөртпөстөн өз тилкеси менен бараткан айдоочуга жол берүүгө милдеттүү. Жол эки жагынан тарыган учурда айдоочулар өз ара макулдашуу боюнча кайчы өтүүгө тийиш.";

1.20 "Жөө адам өткөөлү" деген пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Айдоочуларга ылдамдыкты азайтуу жана тийиштүү өткөөлдөрдөн өтүүнүн эрежелерин сактоо зарыл болгон өткөөлгө келгенин эскертет. Андай участоктордо озуп өтүүгө, кайрылууга, аялдоого жана жүрүүчү бөлүктө токтоп турууга байланыштуу чектөөлөрдү да унутпоо зарыл.";

1.24 жана 1.25-пукнттар бириктирилип, төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.24. "Мал айдоо" жана 1.25 "Жапайы жаныбарлар" жүрүүчү бөлүктө мал жана жапайы жаныбарлар болушу же жолго чыгышы мүмкүн болгон жол участокторуна жакындагандыкты эскертет. Жаныбарларды тебелеп кетүү оор кесепеттерге дуушарлантышы мүмкүн. Айдоочу жаныбарлар чыга калганда өз убагында токтоону камсыздоочу коопсуз ылдамдык менен жүрүүгө тийиш.";

1.27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.27. "Капталдан соккон шамал" айдоочуларга жолдун катуу соккон шамал транспорт каражаттын чайпалып, туруктуулугу жоготулушуна алып келиши мүмкүн болгон участогуна жакындагандыкты эскертет. Андай жерлерге жолдордун көлмөлөрдүн жанындагы участоктору, тоодогу капчыгайлар ж.б.у.с. кирет. Андай учурларда айдоочуга ылдамдыкты азайтып жана абдан этият болуу сунушталат.";

2-бөлүмдүн 2.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.2. "Негизги жолдун бүтүшү" негизги жолдун аягына же кесилиштин башталышына орнотулат. Мындай учурда айдоочу жүрүп бараткан кесилиштеги багытында биринчи болуп өтүп кетүүгө артыкчылыктуу укугу болбойт.";

3-бөлүмдүн 3.10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3.10. Жөө кишилердин жүрүшүнө тыюу салынат. Жөө кишилердин жүрүшүнө тыюу салат жана жолдун өзү орнотулган тарабына карата гана колдонулат. Жөө кишилердин жүрүшү коркунучтуу болгон жана транспорт каражаттардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон жол участокторунда колдонулат (көпүрөлөр, эстакадалар, өткөөл жолдор, тоннелдер, жол четтери ж.б.у.с.)";

4-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:

"Бул топтогу белгилер айдоочуга жүрүүнүн тийиштүү багытын, жүрүүнүн уруксат берилген минимум ылдамдыгын көрсөтөт, андан ары транспорттун тийиштүү түрлөрү гана жүрүшүнө уруксат берет, ошондой эле жөө адамдардын жана велосипедчендердин жүрүүчү жолдорун көрсөтөт.";

б) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат кылуу боюнча негизги жоболордо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринде:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Акырын жүрүүчү транспорт каражат" - флюоресценциялуу кызыл түстөгү жана жарыкты кайра чагылдыруучу сары же кызыл түстөгү жээктүү тең жактуу үч бурчтук түрүндө (үч бурчтуктун жактарынын узундугу 350дөн 365 мм чейин, жээгинин эни 45тен 48 мм чейин) - механикалык транспорт каражаттардын артына орнотулат, алар үчүн жасаган ишканада максимум ылдамдык 30 км/сааттан ашык эмес белгиленген.";

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"жол кыймылынын катышуучуларына тийиштүү техникалык каражаттарды, маалыматтык такталарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен жол кыймылын уюштуруудагы чектөөлөр жана өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоого.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 16-25-пункттар менен толукталсын:

16. Сары же кызгылт-сары түстөгү жаркылдоочу маяктар төмөнкүдөй транспорт каражаттарга орнотулат:

- чоң көлөмдүү же оор салмактагы жүктөрдү, жарылгыч, тез от алуучу, радиоактивдүү жана катуу таасир этүүчү заттарды ташыгандарга, ошондой эле атайын эрежеде белгиленген учурларда, - андай ташууларды коштогон транспорт каражаттарга;

- жолдорду куруу, оңдоо же күтүү, бузулган, оң эмес транспорт каражаттарды, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурларда башка транспорт каражаттарды жүктөө жана ташуу боюнча жумуштарды аткаруучуларга;

- жол кыймылына катышуучу, габарити Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген нормадан ашкандарга (2.3.4, 2.3.5-пп.).

17. Тийиштүү транспорт каражаттарды жаркылдак маяктар жана (же) атайын үн сигналдар менен жабдууга уруксаттар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилеген тартипте берилет.

18. Стандартка ылайык сыртына атайын түстүү графикалык схемалар тартылбаган транспорт каражаттар белгиленген учурларда атайын үн сигнал жана бийиктиги 230 мм ашпаган жана корпусунун негизинин диаметри 200 мм ашпаган бир жаркылдак маяк менен жабдылышы мүмкүн.

19. Бардык түстөгү жаркылдак маяктар транспорт каражаттын төбөсүнө же анын үстүнө орнотулат. Тагуунун ыкмалары транспорт каражаттын бардык жүрүү режимдеринде ишеничтүү орнотулушун камсыздоого тийиш. Мында жарык сигналдын горизонталь мейкиндиктен 360 градуста көрүнөө болушу камсыздалууга тийиш.

20. Транспорт каражаттар бардык түстөгү жаркылдак маяктар жана үн сигналдар менен жабдылганы жөнүндө маалыматтар транспорт каражаттарды каттоо документтерине киргизилүүгө тийиш.

21. Оперативдүү кызматтардын кызматкерлери үчүн оперативдик жашырындык үчүн мамлекеттик номер белгилерди пайдалануу Кыргыз Республикасынын ИИМи белгилеген тартипте ишке ашырылат.

22. Транспорт каражатка ар түрдүү жарнактарды, фотографияларды жазуу, ошондой эле эмблемаларды тарткан сыяктуу эле негизги түсүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын ИИМинин Мамавтоинспекциясынын уруксатына ылайык ишке ашырылат.

Жалпы пайдалануудагы жолдордо пайдаланылчу жол тандабас автомашиналарга туманга каршы экиден ашык фара, фара издегич орнотууга тыюу салынат.

Жарандык транспорт каражаттарга аскердик-байкалбас боекторду жана түстөрдү (камуфляждарды) пайдаланууга тыюу салынат.

23. Айдоочуларга атайын жарык жана үн сигналдар менен жабдылган транспорт каражатты башкарууга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипте ишке ашырылат.

24. Автожолдордо, кесилиштерде жана темир жол өткөөлдөрүндө атайын техникалык каражаттар, анын ичинде айдоочулар Жол кыймылынын эрежелерин бузганын фотого жана видеого тартуу үчүн каражаттар орнотулушу мүмкүн.

25. Айдоочу (же айдоого укугу жок адам) транспорт каражатты мас абалда башкарганы үчүн кармалганда аны текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүү белгиленген тартипте "Соолукту контролдоо" индикаторлук түтүгүн же мындай максатка арналган атайын каражаттарды колдонуу менен ишке ашырылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен протоколдун тийиштүү бөлүгү толтурулат.";

- № 1 тиркемеде:

5-бөлүмдүн 5.5-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5.5. Транспорт каражаттын бир огуна ар башка өлчөмдөгү, конструкциядагы (радиустагы, диагоналдагы, камерадагы, камерасыз), моделдеги, протекторунун быдыры ар бөлөк, тиштүү же тишсиз. Суукка туруктуу жана суукка туруксуз, жаңы жана кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөр орнотулган.";

6-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 6.4-пункт менен толукталсын:

"6.4. Картердин желдетүү системасынын жылчыксыздыгы бузулган.";

7-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 7.15.-7.20-пункттар менен толукталсын:

"7.15. Запас дөңгөлөктүн кармагычы, лебедка жана запас дөңгөлөктү көтөргүч-түшүргүч механизм иштебейт. Лебедканын храп түзүлүшү барабанды бекиткич канат менен бекитпейт.

7.16. Жарым чиркегичте тирөөч түзүлүш, тирөөчтөрдүн транспорттук абалынын фиксаторлору, тирөөчтөрдү көтөрүүчү жана түшүрүүчү механизмдер, ошондой эле жүк ташуучу автомобилдер жана автобустар үчүн 4 даана жана жеңил автомобилдер үчүн - 2 даана өзүнөн өзү жылып кетүүнү болтурбоочу түзүлүштөр (тамандар) жок же оң эмес.

7.17. Кыймылдаткычтын, ылдамдыкты которуу коробкасынын, борттук редукторлордун, арткы октун, чиркештирүүнүн, аккумулятордук батареянын, муздатуу жана абаны кондициялоо системаларынын жана транспорт каражатка кошумча орнотулчу гидравликалык түзүлүштөрдүн чыптамаларынын жана кошулган жерлеринин жылчыксыздыгы бузулган.

7.18. Азыктануунун газ системасы менен жабдылган автомобилдер менен автобустардын газ баллондорунун сырткы бетинде көрсөтүлгөн техникалык параметрлер техникалык паспорттогу маалыматтарга ылайык келбейт, акыркы жолку жана пландалган текшерүүнүн даталары көрсөтүлгөн эмес.

7.19. Маңдайкы айнекке, алдыңкы эшиктердин каптал терезелерине караңгылаштырчу кабык капталган же пардалар пайдаланылат, ошондой эле арткы каптал эшиктерде жана арткы айнектерде чагылдыруучу караңгылаштырган кабык пайдаланылат.";

"Жол белгилери" деген иллюстрацияланган тиркеменин "Эскертүүчү белгилер" деген 1-бөлүмү төмөнкүдөй эскертүүчү белги менен толукталсын:

 

1.16.1 Искуственная неровность".

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүккө талондун үлгүсүн, аны каттоонун, тариздөөнүн, берүүнүн, администрациялык эреже бузууларды жана талондун башка функцияларын тариздөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө чечимдин долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтом 2009-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов