Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1994-жылдын 11-январы № 1362-XII

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 63, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2008-жылдын 18-июлундагы № 156, 2008-жылдын 21-июлундагы № 161, 2008-жылдын 1-декабрындагы № 251, 2009-жылдын 6-февралындагы № 39, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 153, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31, 2015-жылдын 28-июлунда № 202, 2017-жылдын 4-январындагы № 1, 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 11-январындагы № 1363-XII токтому менен колдонууга киргизилген)

I бөлүк
Жалпы жоболор

1-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын милдети

Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу милдеттерин аткарат. Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу күчтөрүнүн негизги бөлүгү катарында өздөрүнө берилген укуктардын чегинде инсандардын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылышат, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иш-аракеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана жоюу иштерин жүзөгө ашырышат.

2-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин укуктук негизи

Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер түзөт.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин принциптери

Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттери мыйзамдуулук, маалымдуулук, инсандарды, алардын укугун жана эркиндигин урматтоо принциптеринин негизинде ишке ашырылат.

4-статья. Жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо гарантиясы

Улуттук коопсуздук органдары өз иш-аракетин жүзөгө ашырууда адамдын жана граждандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында адамдын жана граждандын укуктары жана эркиндиктери убактылуу чектелиши мүмкүн. Чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде болушу керек.

Ушул Мыйзам менен дагы башка максаттарда укуктарга жана эркиндиктерге чектөөлөр жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан ашык даражада белгилениши мүмкүн эмес.

Улуттук коопсуздук органдары жарандын талабы боюнча анын укугунун жана эркиндигинин чектелиши жөнүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Мындай түшүндүрмө жарандын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук коопсуздук органдарына жашыруун негиздеги ыктыярдуу жардамы жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт.

Улуттук коопсуздук органдарынын жана анын кызматкерлеринин иш-аракети боюнча улуттук коопсуздуктун жогорку органдарына, прокуратурага жана сотко даттанууга болот.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин өтөп жатып, жарандардын укугун жана эркиндигин бузган учурда, тийиштүү Улуттук коопсуздук органы ал укукту жана эркиндикти калыбына келтирүү, зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлөрдү жоопко тартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетиндеги ачыктык

Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик бийлик органдарына, коомчулукка, жарандарга өздөрүнө тиешелүү болгон маселелер боюнча иш-аракеттери жөнүндө маалымат берип турушат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды жана коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды, ошондой эле мыйзам жол берген учурлардан сырткары жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана абийирине шек келтирген, улуттук коопсуздук органдарына кызмат учурунда белгилүү болгон маалыматтарды жайылтууга болбойт.

(КР 2017-жылдын 4-январындагы № 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын партиядан тышкары болушу

Улуттук коопсуздук органдарына саясий партияларды жана алардын уюмдарын түзүүгө, иш-аракетин жүргүзүүгө жол берилбейт.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өз кызматында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, саясий максаттарга умтулган саясий партиялардын же коомдук кыймылдардын чечимдери менен байланышпайт.

7-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын мамлекеттик органдар, ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары, жарандар жана алардын бирикмелери менен мамилелери

Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик органдар, ошондой эле мекемелер, уюмдар жана кызмат адамдары менен өз ара аракеттенишет.

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн жарандык парзын аткарып, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында башка жагдайлар каралбаса, мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылууга ыктыярдуу башталышта көмөк көрсөтөт.

II бөлүк
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары

8-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тутуму

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары жана аларга баш ийүүчү шаардык башкармалыктар, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр), мамлекеттик күзөт органы, ошондой эле аскердик контр чалгындоо органдары.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жобосу жана башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Антитеррористтик борбор түзүлөт.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Антитеррористтик борборунун жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары текст боюнча улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун органы болуп саналат. Өз кызмат укугуна жараша улуттук коопсуздук тармагына жетекчилик кылат, улуттук коопсуздук органдарынын негизги багыттары боюнча иш алып барат, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу үчүн жоопкерчиликте болот.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын карамагындагы областтык, шаардык, райондук улуттук коопсуздук органдарынын, ошондой эле аскердик каршы чалгын органдарынын иш-аракетин багыттап, координациялап жана контролдоп турат; ушул маселелер боюнча улуттук коопсуздук органдар системасында милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, инструкцияларды, көрсөтмөлөрдү чыгарып турат.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы юридикалык тарап болуп эсептелет, өзүнүн анык жана шарттуу аты, мөөрү жана штампы, банктарда эсеби, анын ичинде валюталык эсептери, негизги фонддору, социалдык-маданий жана медициналык объекттери бар.

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 63, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Аймактык улуттук коопсуздук органдары

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары Кыргыз Республикасынын өздөрүнө тиешелүү областтарда, Бишкек ш. улуттук коопсуздукту камсыз кылуу иштерин жүргүзүшөт, карамагындагы шаардык, райондук бөлүмдөрдүн (бөлүмчөлөрдүн) иш-аракетин уюштурушат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларын өздөрү иштеген аймактагы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматтар менен камсыз кылып турушат.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары жана аларга баш ийүүчү шаардык, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр) ыкчам-кызматтык иш-аракеттеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына көз каранды эмес.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Аскердик каршы чалгын органдары

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик каршы чалгын органдары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик түзүлүштөрдү жана аскердик объекттерди каршы чалгындоону камсыз кылуу үчүн түзүлөт.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин уюштуруу

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын кызмат ордуна улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат.

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Коллегия түзүлөт. Төрага жана анын орун басарлары кызмат орду боюнча коллегия мүчөлөрү болуп саналышат. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын чет мамлекеттердин коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүсү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн чет мамлекеттердин коопсуздук органдары менен байланыш түзүп, жана алар менен мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде өз ара аракеттенет.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү

Улуттук коопсуздук органдары укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган, ошондой эле аларга ылайык улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тиешелүү ведомствонун актыларында кабыл алынган тартипте өз ара аракеттенет.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүк
Улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясы

15-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын милдеттери

Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында:

1. Чалгындоо жана каршы чалгындоо иштерин, экстремисттик ишке каршы аракеттерди жүзөгө ашырышат; чет өлкөлүк мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана уюмдарынын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иштерине, терроризмге, коррупцияга, контрабандага жана наркобизнеске каршы күрөшүүнү жүргүзүшөт, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн мыйзамга каршы кол салуудан коргоого катышат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу жана тыюу салуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат; кылмыш кылган же кылмыш кылууга шектүү адамдарга карата оперативдүү-техникалык жана башка каражаттарды колдонуу менен оперативдүү-иликтөө, алгачкы текшерүү жана алдын ала тергөө жүргүзүү иштерин жүзөгө ашырышат; бул адамдардын эсебин жүргүзөт.

3. Мамлекеттик сырды коргоо системасын уюштурат, компетенттүү бийлик органдарынын суроо талаптары боюнча жашыруун маалыматтарды алууга жол берүү жөнүндөгү маселенин белгиленген тартипте чечилгендигине байланыштуу айрым адамдар жөнүндө маалымат берет, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышат.

4. Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктаган тизмеге ылайык, коргоо өнөр жай объекттерин, транспортту, байланышты, финансы-кредиттик системаны жана стратегиялык объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат жана жүзөгө ашырат; темир жол жана аба транспортунда атайын жүк ташуулардын коопсуздугун камсыз кылууга катышат.

5. Илим-изилдөө уюмдары менен бирдикте улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү коомдук процесстер менен проблемаларды изилдөөнү жана прогноздоону жүргүзөт; чалгындоонун жана каршы чалгындоонун талаптарын канааттандыруу максатында маалымат-аналитикалык иштерди жүргүзөт; автоматташтырылган маалымат-аналитикалык системаларды иштеп чыгууну, өндүрүштөн чыгарууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырат.

6. Стратегиялык объекттерде жана аскер объекттеринде массалык тополоң жана улуттар аралык чырларды, өзгөчө окуяларды алдын алуу, тыюуу жана чектөө иштерине катышат.

7. Кыргыз Республикасынын мамлектеттик чек арасын коргоодо чек ара аскерлерине көмөк көрсөтүшөт.

8. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын башкаруу жайларынын иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу боюнча өз компетенциясына жараша чараларды иштеп чыгат, өздөрүнүн мобилизациялык даярдыгын уюштурушат жана камсыз кылат.

9. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ички аскердин, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

10. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүчү маанилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий иштердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды жүзөгө ашырат; республикада жүргөн убагында башка мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин, ошондой эле ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары аккредиттеген айрым чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоого катышат.

11. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жарандарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.

12. Кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга карата коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылат.

13. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекетке кетүү, ошондой эле чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын келүү-кетүү, республиканын аймагында жүрүү маселелери боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат.

14. Атайын байланыш (өкмөттүк, шифровкаланган, жашыруун) түрлөрүнүн, ошондой эле шифровкаланган жана дешифровкаланган иштердин корголушун камсыз кылат; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу таламында атайын техниканы иштеп чыгууга жана түзүүгө катышат.

14-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана анын чегинен тышкары төмөнкүлөрдү алып кетүүгө, транзитке, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга уруксаттарды контролдоону жана берүүнү жүзөгө ашырат:

- шифрлөө каражаттарын жана аларга карата ченемдик-техникалык документтерди;

- маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды.

15. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылууга тикеден-тике багытталган башка милдеттерди аткарат.

16. Өз коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

17. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип турат.

18. Мамлекеттик коргоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Ушул Мыйзамда каралган учурларды албаганда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.

(КР 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 153, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын укуктары

Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарыш үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туулгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды алуу максаттарында жана чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иштерине каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча оперативдүү-иликтөө иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарыш үчүн жарандардын өз макулдугу боюнча жардамын пайдаланууга;

2) мыйзам боюнча улуттук коопсуздук органдарынын укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу, бетин ачуу максаттарында зарыл болгон тергөө иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө;

3) мыйзам бекиткен тартипте, жаза катары камакка алынган адамдарды жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кармалган кылмыш кылууга шектүү адамдарды жайгаштырыш үчүн убактылуу кармоочу изоляторлорду жана тергөө изоляторун колдонууга;

4) өз күчүндөгү мыйзамдарга ылайык кылмыш кылууга шектүү же кылмыш кылган жарандардын документтерин текшерүүгө; мыйзам боюнча улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыш кылган же кылмыш кылууга аракеттенген адамдарды кармоого, зарыл учурларда өзүн, кармоо мезгилинде алар колдонгон транспорт каражаттарын кароого, ошондой эле өзүмдүк буюмдарын жана документтерин кароого жана алып коюуга;

5) кызмат максаттарында алардын менчиктик формаларына карабастан, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, аскер түзүлүштөрүнө, коомдук бирикмелерге тиешелүү болгон байланыш каражаттарын тоскоолсуз колдонууга;

6) кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда алардын менчиктик формаларына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө, коомдук бирикмелерге жана жарандарга (дипломатиялык, консулдук жана башка чет өлкөлүк мекемелердин, эл аралык уюмдардын транспорт каражаттарынан тышкары) тиешелүү болгон транспорт каражаттарын, кылмышты болтурбай коюу, кылмыш кылган же кылмыш кылууга шектүү адамдарды кармоо, кармалган адамдарды кармоо жайына жеткирүү, ошондой эле кылмыш же кырсык болгон жерге баруу, медициналык жардамга муктаж болгон жарандарды дарылоо жайларына жеткирүү үчүн колдонууга; транспорт каражаттарынын ээлеринин талабы боюнча улуттук коопсуздук органдары мыйзам бекиткен тартипте аларга чыгашанын же келтирген зыяндын ордун толуктап беришет;

7) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштардын профилактикасын ишке ашырууга; мыйзамга ылайык профилактикалык таасир берүү, анын ичинде жарандарга официалдуу эскертүү формасында чараларды көрүүгө;

8) компетенциясынын чегинде мамлекеттик сырлардын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрдик иштердин корголушун, министерстволордун, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка мамлекеттик органдардын, менчиктик формаларына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, аскердик түзүлүштөрдүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка маселелердин чечилишин контролдоону ишке ашырууга; улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү табылган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуш киргизүүгө, тиешелүү чара көрүүнү жана улуттук коопсуздук органдарга аткарылышы тууралуу маалымат берүүнү талап кылууга;

8.1. Маалыматтык-телекоммуникациялык системалардын, шифрленген, жашыруундалган системалардын жана атайын байланыштын башка түрлөрүнүн криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздукту камсыз кылууда талаптардын аткарылышына мамлекеттик контролду, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын шифрдик бөлүмдөрүндө жана анын чегинен сырттагы мекемелеринде шифрленген маалыматтар менен иштөөдө жашыруун режимди сактоого контролду, ошондой эле өзгөчө маанидеги объектилерди (жайларды) жана андагы техникалык каражаттарды техникалык каналдар аркылуу маалыматтардын жайылып кетишинен коргоону камсыз кылууга контролду ишке ашыруу.

9) министерстволордон, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле менчиктик формаларына карабастан республиканын аймагында жайгашкан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана юридикалык тараптардан, аскердик түзүлүштөрдөн жана коомдук бирикмелерден улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарыш үчүн зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга жана бекитилген тартипте алууга;

10) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарга тыюу салууда жана кылмышка шектүү адамдардын артынан түшүүдө кечеңдетүү граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган учурларда граждандарга таандык турак жайларга жана башка аймактарга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын орун жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө. Көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат;

11) алардын баш ийүүсүнө жана менчиктик формаларына карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин, кызматкерлеринен жана башка жумушчуларынан, ошондой эле өзүмдүк, эмгек жана ишкердүүлүктүн башка түрлөрүндө иштеген адамдардан текшерилген иш-аракеттерге тиешелүү маалыматтарды, документтерди талап кылууга жана алууга;

12) мамлекеттик, кооперативдик, коомдук мүлктүн санын ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын эсептик жана отчеттук маалыматтары менен салыштырууга; текшерүү, инвентаризация жана ревизия жүргүзүүнү талап кылууга, бекитилген тартипте өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышууга адистерди чакырууга;

13) мыйзамда бекитилген тартипте финансы-кредиттик мекемелерден юридикалык тараптардын, адамдардын операциялары, эсептери, салынган акчалары боюнча маалымат алууга; кассаларды, акча материалдык-соода баалуу буюмдардын жана документтерди сактоочу башка жайларды печаттоого, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; продукциянын, жарым фабрикаттын, сырьенун үлгүлөрүн алууга;

14) Кыргыз Республикасынын күчүндөгү мыйзамдарынын негизинде өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, көрсөтүүлөрдү чыгарууга, алардын аткарылышын камсыз кылууга, уюштурууга жана текшерүүгө;

15) республиканын аймагында бекитилген эрежелерди бузуп иштеген радиоэлектрондук каражаттарды, пайдаланууга, ошондой эле бекитилген талаптарды бузуп аткарылып жаткан мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар менен иштөөгө тыюу салууга;

16) улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерине тиешелүү оперативдүү, тергөө жана башка материалдарды сактоону ишке ашырууга, аларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу тартибин бекитүүгө; маалыматтар системасын түзүүгө;

17) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиңирген эмгеги үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана башка адамдарды моралдык жана материалдык жактан сыйлоого; мыйзам тарабынан бекитилген тартипте аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө;

18) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери коомдук транспорттун: шаардык, шаардын четинде жана жергиликтүү транспорттун (таксиден тышкары) бардык түрлөрүндө, айыл жеринде ыгы келген транспортто акысыз жүрүүгө, ошондой эле анын бардык түрлөрүнө жол документтерин кезексиз алууга жана командировкалык күбөлүк боюнча мейманканаларга жайгашууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 6-февралындагы № 39, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV бөлүк
Улуттук коопсуздук органдарынын күчтөрү жана каражаттары

17-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери иш-аракеттери ушул Мыйзамда каралган маселелердин чечилишин тикеден-тике байланышкан аскер кызматкерлери жана кызматчылар болуп саналат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин чектүү саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматына өздөрүнүн жекече жана ишкердик сапаттары, билими жана ден соолугу боюнча ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, чет мамлекеттин жарандыгы жок республиканын жарандары кабыл алынат. Улуттук коопсуздук органдарында аскер кызматкерлери келишимдик негизде да кызмат өтөй алышат. Улуттук коопсуздук органдарына соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон адамдар кызматка турушу мүмкүн эмес.

Аскер кызматчылары болуп саналган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Куралдуу Күчтөрдүн жалпы аскердик Уставдарынын, Кыргыз Республикасынын аскер кызматын өтөө жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларынын жана жоболорунун негизинде өтөшөт. Алар Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери үчүн каралган укуктардан жана жеңилдиктерден пайдаланышат.

Улуттук Коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары болуп саналбаган кызматкерлердин укуктук иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдары жана анын негизинде чыгарылган ведомстволук нормативдик актылар аркылуу жөнгө салынат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин айрым категориясынын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларга ылайык чыгарылуучу актылары менен аныкталат.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечиш үчүн министерстволорго, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, ошондой эле менчиктик формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга алардын макулдугу менен штаттык кызматтарды ээлөө үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери анык аскер кызматында кала берүү менен командировкаланышы мүмкүн.

Улуттук коопсуздук органдарынын офицердик составы, прапорщиктери жана мөөнөтүнөн узак кызмат өтөөчүлөрү улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кадрларында, аракеттеги резервинде же запасында турушат.

Улуттук коопсуздук органдары үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын күчүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Кадрлардын кесиптик даярдыгын камсыз кылуу максаттарында улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын окуу жайларын түзө алат.

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 63, 2008-жылдын 21-июлундагы №  161, 2008-жылдын 1-декабрындагы № 251, 2009-жылдын 6-февралындагы № 39,  2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууда бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелип, мамлекеттин коргоосунда болушат. Мыйзам менен тике укук берилген органдар жана кызмат адамдарынан башка эч ким алардын кызмат ишине кийлигишүүгө укуксуз.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызмат учурундагы мыйзамдуу талаптары жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөчүлүк, кемсинтүү, каршылык көрсөтүү, опузалоо, өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч келтирүү жана кол салуу, ошондой эле алардын кызмат милдетин аткарууга тоскоолдук кылган иш-аракеттери үчүн күнөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн, алардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана абийирин, ошондой эле мүлкүн кызмат милдетин аткарууга байланыштуу кылмыштуу кол салуудан коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызмат милдетин аткарууда кармоого, камакка алууга, ошондой эле өзүн жана буюмдарын, өзүмдүк же пайдаланган транспортун тиешелүү улуттук коопсуздук органдарынын өкүлүсүз текшерүүгө жол берилбейт.

Мыйзамга каршы буйрук же көрсөтмө алган учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери аны аткарыш үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине: иш таштоо уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга; ишкерликтин ар кандай түрлөрүнө катышууга; илимий, окутуучулук, чыгармачылык иштерди, ошондой эле оперативдүү зарылдыктан келип чыккан иштерди кошпогондо ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда кош кызматта иштөөгө тыюу салынат.

19-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону гарантиялайт.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери республикалык бюджеттин эсебинен милдеттүү түрдө мамлекеттик жекече камсыздандырылууга тийиш. Төлөнүүчү камсыздоо суммасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мүлкүнө кызмат милдетин аткарууда зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын бюджетиндеги каражаттардын эсебинен толук көлөмдө төлөнүп берилет.

Кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу же майып болгон учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери чектелген пенсиясы менен акыркы иштеген кызматындагы эмгек акысынын айырмасы түрүндө ай сайын компенсация, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджетиндеги каражаттардын эсебинен беш жылдык эмгек акынын өлчөмүндөгү бир жолку жардам алат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу каза тапса же кызматынан бошогондон кийин кызмат милдетин аткарууда жаракат алуунун, контузия болуунун же оорунун кесепетинен бир жылдын ичинде курман болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жана анын багуусундагыларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетиндеги каражаттардын эсебинен 10 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндөгү бир жолку жардам берилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.

Маркумдун үй-бүлөсү, ал курман болгонго чейинки шарттар жана негиздер боюнча турак жай алууга укуктарын сактап калат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кызматын өтөөгө байланышкан майыптык белгиленген учурда: I топтогу майыпка беш жылдык эмгек акысынын, II топтогу майыпка төрт жылдык эмгек акысынын, III топтогу майыпка үч жылдык эмгек акысынын өлчөмүндөгү бир жолку жардам төлөнүп берилет.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери кызматын өтөп жатканда оор жаракат алган учурда, ага бир жылдык эмгек акысынын, жеңил жаракат алса - алты айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку тиешелүү бюджеттин эсебинен берилет.

Кызмат максаттарында менчик транспортун колдонгон улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине белгиленген өлчөмдө акча каражаты төлөнүп берилет.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жашаган жери боюнча арыз бергенден кийин бир жылдын ичинде үйүнө телефон коюлат.

Жарандардын, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын жумушчуларын жана кызматкерлерин улуттук коопсуздукту камсыз кылууга катыштырган учурда, аларга ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган жоболор колдонулат, алар каза тапкан учурда үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган өлчөмдө жана тартипте бир жолку пособие төлөнүп берилет.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-статья. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктары жана милдеттери

Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар:

- улуттук коопсуздук органдары менен кызматташуунун жашыруун шарттары жөнүндө келишим түзүүгө;

- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен өздөрүнүн максаттары, укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат алууга;

- конспирация максаттарында инсанды шифрдоочу документтерди пайдаланууга;

- келишимде каралган учурларда сыйлык алууга;

- улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн мезгилде ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды өндүртүп алууга укуктуу.

Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар:

- улуттук коопсуздук органдарынын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды аткарууга;

- улуттук коопсуздук органдары менен келишим түзүлгөн учурда анын шарттарын аткарууга;

- билип туруп жалган же жалаа маалыматтарды берүүгө жол бербөөгө;

- улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүүдө билинген, мыйзамдын коргоосундагы маалыматтарды жайылтпоого милдеттүү.

Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар билип туруп жалган же жалаа маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопко тартылышат.

Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укугу жана социалдык коргоо гарантиясы Кыргыз Республикасынын "Оперативдүү-иликтөө иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык камсыз кылынат.

21-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын оперативдүү техникалык каражаттары

Улуттук коопсуздук органдары ушул Мыйзам жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген компетенциясынын чектеринде оперативдүү-техникалык каражаттарды иштеп чыгышат, түзүшөт жана пайдаланышат, ошондой эле алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу максаттарында алардын сакталышын камсыз кылышат.

Оперативдүү-техникалык каражаттар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын маалымат менен камсыз болушу

Улуттук коопсуздук органдарын маалымат менен камсыз кылуу алар алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон системаны түзүү жана пайдалануу аркылуу жүргүзүлөт.

Улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыш кылууга даярданган же аракет кылган, кылмыш кылган, ошондой эле кылмыш кылууга шектүү адамдар жөнүндө билдирүүлөрдү маалыматтар системасына киргизүүнүн негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бекитилет.

Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгын козгогон укук бузуулар жөнүндө, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын иш-аракети жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу тартиби жана негиздери ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн нормативдик актыларына ылайык түзүлгөн улуттук коопсуздук органдарынын нормативдик актылары менен белгиленет.

Жарандарды улуттук коопсуздук органдарынын маалыматтар системасында сакталган мыйзамдын коргоосундагы маалыматтар менен тааныштыруу тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилет.

23-статья. Улуттук коопсуздук органдарын финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздандыруу

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, ага баш ийген органдарды, уюмдарды жана мекемелерди финансылоо, материалдык-техникалык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Соттун чечими менен кылмышкер шериктештиктерден белгиленген тартипте алынган жана конфискацияланган автотранспорт, радиоэлектрондук каражаттар, үн жана видеотехника, электрондук-эсептөө каражаттары, оргтехника каражаттары жана башка мүлк Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө пайдаланылат.

(Бөлүк КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Темир жол, автомобиль жана аба транспортунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тизмесин аныктаган коргоо жана стратегиялык объекттерде коопсуздукту камсыз кылууга катышып жаткан Улуттук коопсуздук органдарынын подразделениелери тийиштүү ведомстволордун эсебинен жабдуулар, кызмат жайлары анын ичинде байланыш каражаттар менен камсыз кылынат, тийиштүү ведомстволор, ошондой эле аларды күтүү жана эксплутациялоо боюнча чыгашаларды көтөрөт. Аскердик каршы чалгындоо органдары мындан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик бирикмелердин эсебинен автотранспорт, күйүүчү-майлоочу материалдар курал-жарак жана турмуш үчүн зарыл болгон башка мүлк, ошондой эле турак жай менен камсыз кылынат.

Улуттук коопсуздук органдарынын финансы-чарбалык иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү тарабынан контролдонот.

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 63, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225, 2015-жылдын 28-июлунда № 202, 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V бөлүк
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуусу жөнүндө

24-статья. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу шарттары жана чектери

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери ушул Мыйзам бекиткен учурларда атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга укуктуу.

Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууну создуктуруу жарандын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө, ден соолугуна зыяндуу болуп же башка оор кырсыкка алып келе турган учурларды кошпогондо, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуунун алдында эскертүү жасалышы, жооп алууга жетиштүү убакыт берилиши зарыл.

Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонбоско мүмкүн болбогон учурларда коопсуздук органдардын кызматкерлери жарандардын ден соолугуна, ар-намысына, абийирине жана мүлкүнө азыраак зыян келтирүүгө умтулууга, ошондой эле жабыр тарткандарга медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

Курал колдонуунун натыйжасында жарандардын ден соолугуна зыян келтирилгендиги, жарадар болуусу же өлүмү жөнүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери тез аранын ичинде прокурорго кабарлаш үчүн өзүнүн тикеден-тике башчысына билдирүүгө милдеттүү.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу боюнча укугун ашырып жиберсе, Мыйзамда белгиленген тартипте жоопко тартылат.

Улуттук коопсуздук органдарынын атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга байланышкан шарттарда аракеттенүүгө жарактуу экендигин көрсөтүш үчүн атайын даярдыктан, ошондой эле мезгил-мезгили менен текшерүүдөн (кайра даярдоодон) өтүп турууга милдеттүү.

25-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды төмөнкү учурларда колдонушат.

1) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызмат милдетин же коомдук парзын аткарып жатышкан улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ички аскерлердин аскер кызматчыларына же башка адамдарга кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

2) коопсуздугун коргоо тапшырылган адамдарга кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

3) массалык тополоңго жана коомдук тартипти топтошуп бузууларга тыюу салуу үчүн;

4) ээсинин ким экенине карабастан имараттарга, үйлөргө, курулуштарга жана транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу, ошондой эле аталган объекттерди басып алуудан бошотуу үчүн;

5) укук бузуучуларды кармоо, аларды улуттук коопсуздук, ички иштер органдарына же башка кызматтык жайга жеткирүү үчүн, кармалгандар, административдик кармоого, камакка алынгандар улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмышкерлерге каршы күрөш жүргүзүү боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткан башка адамдарга моюн сунбаса же каршылык көрсөтсө, эгерде мындай адамдар качып кетиши же айланасындагыларга, же өздөрүнө зыян келтириши мүмкүн деп болжоого жетиштүү негиздер болсо, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине Мыйзамда жүктөлгөн милдеттерин аткарууга атайылап тоскоол болгондорду айдап баруу жана кайтаруу үчүн;

6) Барымтага кармалган адамдарды бошотуу үчүн.

Атайын каражаттардын түрү жана аларды колдонуунун ыкчамдыгы түзүлгөн шартка, кылмыштын жана кылмышкердин мүнөзүнө жараша улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери тарабынан аныкталат. Атайын каражаттарды колдонууда жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү эң аз өлчөмдө болушу керек.

Атайын каражаттардын толук тизмеси, ошондой эле аларды колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Атайын каражаттарды алар тарабынан жасалган өмүргө коркунуч алып келүүчү кол салуу, топтошуп кол салуу же куралдуу каршылык көрсөтүү учурларын кошпогондо кош бойлуулугу, майыптыгы ачык көрүнүп тургандарга, жашы жете электерге карата колдонууга тыюу салынат.

Кызмат учурунда өз коопсуздугун камсыз кылыш үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери шлем, бронежилет жана башка өзүмдүк коргонуу каражаттарын колдонушат.

26-статья. Ок атуучу куралдарды колдонуу

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери ок атуучу куралдарды дайыма сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга укуктуу.

Ок атуучу куралдар улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан аргасыз чара катары төмөнкү учурларда колдонулат:

- жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан жана өзүн өзү коргоо, ошондой эле атылма куралды зордук менен басып алуудан коргоо үчүн;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызмат милдеттерин же коомдук парзын өтөп жаткан улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ички аскердин аскер кызматчыларына, башка адамдарга топтошкон же куралданган кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган башка кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайтаруу тапшырылган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

- барымтага кармалган адамдарды бошотуш үчүн;

- жарандардын турак жайларына, маанилүү жана кайтарылуучу объекттерге, мамлекеттик жана коомдук органдардын имараттарына, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскердик же кызматтык наряддарына топтошкон же куралданган кол салуунун мизин кайтарыш үчүн.

Ок чыгаруу - курал колдонуу болуп эсептелет.

Курал колдонуудан мурда, анын колдонула тургандыгы тууралуу эскертилиши керек.

Эскертүүсүз курал колдонууга - күтүүсүз же куралданган кол салууда, аскер техникасын, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салууда, транспорт каражаттары, курал менен камактан качканда, камактагылар жүрүп бараткан каражаттардан түшө качканда, ошондой эле барымтага кармалган адамдарды бошотууда жол берилиши мүмкүн.

Эгер андан башка адамдар жапа чеге турган болсо, эгер аялдар жана жашы жетпегендер курал менен кол салбаса, куралдуу каршылык көрсөтпөсө же өмүргө коркунуч келтирип, топтошуп кол салбаса, - аларга карата курал колдонууга жана пайдаланууга тыюу салынат.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери төмөнкү учурларда да курал пайдаланууга укуктуу:

- тревога белгисин берүү же жардам чакыруу үчүн;

- эгерде айдоочу жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна ачык коркунуч келтирип жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин токтотуу талабына баш ийбесе, транспорт каражаттарына зыян келтирүү менен токтотуш үчүн;

- жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган айбанаттарды зыянсыздандыруу үчүн.

Курал колдонгон жана пайдаланган бардык учурларда - улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери айланадагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жабыр тарткандарга медициналык тез жардам көрсөтүү, ошондой эле алардын тууган-туушкандарына же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ар бир курал колдонгон учур жөнүндө команда боюнча рапорт берилет.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн маанилүү жана корголуучу объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилет.

VI бөлүк
Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетин контролдоо жана көзөмөлдөө

27-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетин контролдоо

Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетин контролдоо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.

28-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетинде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө

Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөө прокуратура органдары тарабынан ишке ашырылат.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев