Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-сентябры № 1086-V

К.А.Момбековду Кыргыз Республикасы Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу тууралуу

К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 4-бөлүгүн, 26-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кубаныч Алиевич Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу четке кагылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков