Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Бишкек шаары

1994-жылдын 11-январы № 1372-XII

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

                  Шаар куруу жана архитектура жөнүндө

 

              (КР 1997-жылдын 6-майындагы № 30,

               1998-жылдын 27-июнундагы № 85,

               1999-жылдын 19-мартындагы № 31,

               1999-жылдын 17-июнундагы № 56,

               2002-жылдын 11-мартындагы № 35,

               2004-жылдын 11-июнундагы № 73,

             2004-жылдын 17-августундагы № 130,

               2005-жылдын 3-мартындагы № 42,

              2006-жылдын 16-февралындагы № 59,

               2008-жылдын 2-июнундагы № 108,

                2009-жылдын 10-январындагы № 2,   

               2009-жылдын  30-мартындагы № 101,

               2011-жылдын 12-декабрындагы №234,

               2013-жылдын 24-майындагы №78,
               2014-жылдын 7-июлундагы № 115

               2014-жылдын 18-июлундагы № 144
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

               (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

                1994-жылдын 11-январындагы № 1373-XII

                токтому менен колдонууга киргизилген)

 

     Шаар куруу жана архитектура коомдун рухий жана материалдык мадани-

яттын курамдык бөлүгү катарында коомдук идеалдарды, айкын тарыхый шарт-

тарды чагылдырат жана чыгармачыл түзүүчү  иштин  натыйжасы  болуп  кала

алат.  Шаар  куруу  архитектура  процессинин  үзгүлтүксүздүгү  жана көп

түрдүүлүгү   экономикалык   факторлорго,    коомдун    социалдык-саясий

өзгөртүүлөрүнө жана мамлекеттик түзүлүшкө жараша болот.

     Шаар куруу жана архитектура кол менен  түзүлгөн  жана  эстетикалык

жагынан  ойлонулган  чөйрө катары адамдардын эмгеги,  турмуш-тиричилиги

жана эс алуусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат.

     Кыргыз Республикасынын  шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү Мый-

зам шаар куруу,  архитектура ишиндеги укуктук мамилелерди  жөнгө  салат

жана кыргыз элинин улуттук архитектурасынын жаралышы, гүлдөп өсүшү жана

сакталышы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

 

                                I бөлүм

                             Жалпы жоболор

 

     1-статья. Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү Мыйзамдын Кыргыз

               Республикасынын мыйзамдар системасындагы орду, ролу жана

               арналышы

 

     Бул Мыйзам  Кыргыз  Республикасынын  аймагында республиканын башка

мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырылып жаткан шаар куруу ишинин  жана

шаар  куруу-архитектура  процессинин бардык түрлөрүн регламенттештирет.

Ал өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу,  региондордун аймактарын, бардык тип-

теги калк жашаган жерлерди социалдык, инженердик-техникалык, транспорт-

тук инфраструктура менен камсыз кылуу,  турак жай граждандык жана башка

курулуш маселелери боюнча укуктук шарттарды түзүүгө арналган.

     Мыйзам республикадагы шаар куруунун  жана  архитектуранын  укуктук

базиси болуп эсептелет.

 

     2-статья. Мыйзамдын курамдык бөлүктөрү

 

     "Кыргыз Республикасынын  шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүн-

дө", "Өзүмдүк  турак  жай курулушу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы

инвестициялар жөнүндө"  мыйзамдар, ошондой эле архитектура, шаар куруу

жана курулуш  чөйрөсүндөгү мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча

нормалар жана  эрежелер, республикалык стандарттар, инструкциялар, көр-

сөтмөлөр жана  башка жарыялануучу актылар бул Мыйзамдын курамдык бөлүк-

төрү болуп эсептелет жана алар чогуу колдонулат.

     (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

    3-статья. Мыйзамдын максаттары жана милдеттери

 

     Төмөндөгүлөр:

     - улуттук маданияттын курамдык бөлүгү катары кыргыз архитектурасын

жана шаар куруусун кайра жаратуу;

     - жеке,  коомдук,  муниципалдык жана мамлекеттик таламдарды сактоо

менен шаар куруу жана архитектура жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү

үчүн укуктук шарттарды түзүү;

     - архитектуралык чыгармачылык үчүн шарттарды камсыз кылуу бул Мый-

замдын максаттары болуп саналат.

     Төмөндөгүлөр:

     - шаар куруу-архитектура процессин жөнгө салуу;

     - шаар куруу-архитектура ишин регламенттештирүү;

     - шаар куруу-архитектура объектилеринин жана долбоорлоо  документ-

теринин статусун белгилөө;

     - шаар куруу-архитектура ишиндеги нормаларды жана эрежелерди  рег-

ламенттештирүү;

     - шаар  куруу-архитектура  ишинин  субъектилеринин  жоопкерчилигин

аныктоо;

     - шаар куруу жана архитектура жагындагы эл аралык  кызматташтыктын

принциптерин аныктоо бул Мыйзамдын милдеттерине таандык кылынат.

     (КР 2009-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     4-статья. Шаар куруу-архитектура ишинин түрлөрү жана формалары

 

     Төмөндөгүлөр:

     - идеяларды жана варианттарды издеп табуу;

     - долбоорлорду,  концепцияларды,  схемаларды, программаларды иштеп

чыгуу;

     - илимий изилдөөлөрдү жана эксперименттерди өткөрүү;

     - шаар куруу жана архитектура объектилерин куруу;

     - башкаруу;

     - нормаларды жана эрежелерди иштеп чыгуу;

     - шаар куруу жана архитектура объектилерин реставрациялоо жана ка-

лыбына келтирүү;

     - архитектура жана шаар куруу искусствосунун эстеликтерин коргоо;

     - архитектуранын жана шаар куруунун жетишкендиктерин пропагандалоо

шаар  куруу-архитектура ишинин түрлөрүнө жана формаларына таандык кылы-

нат.

 

     5-статья. Шаар куруу-архитектура ишинин субъектилери

 

     Төмөндөгүлөр:

     - долбоордун  автору - квалификациялык сертификаты бар адис же ав-

тордук коллектив;

     - заказчылар;

     - подрядчиктер;

     - мамлекеттик бийлик органдары;

     - жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары;

     - менчигинин түрүнө карабастан шаар куруу-архитектура ишине катыш-

кан ишканалар жана уюмдар;

     - шаар  куруу  ишине катышкан коомдук уюмдар,  граждандар шаар ку-

руу-архитектура ишинин субъектилери болуп эсептелет.

 

     6-статья. Шаар куруу жана архитектуранын объектилери

 

     Төмөндөгүлөр:

     - отурукташтыруу системасы;

     - өзгөчө жөнгө салынуучу аймактык объектилер жана шаар куруу зона-

лары;

     - калк жашаган жерлер;

     - шарр четиндеги зоналар;

     - калк жашаган жерлердин бөлүктөрү (райондор, зоналар);

     - шаар куруу комплекстери;

     - имараттардын жана курулуштардын комплекстери;

     - имараттар жана курулуштар;

     - чөйрөнү ыњгайлаштыруунун элементтери;

     - инженердик-техникалык  жана транспорттук инфраструктура шаар ку-

руу жана архитектуранын объектилерине таандык кылынат.

 

     7-статья. Шаар куруу жана архитектура ишин жөнгө салуу

 

1.  Шаар куруу-архитектура иши ушул Мыйзам жана башка ченемдик укук-

тук актылар менен жөнгө салынат.

     Нормалар жана эрежелер  нормалаштырылган  жоболордун  шаар  ишинин

субъектилери тарабынан бирдей түшүнүлүшүн камсыз кылат.

     2. (КР  2004-жылдын 17-августундагы № 130 Мыйзамына  ылайык алынып

салынган).

     3. (КР  2004-жылдын 17-августундагы № 130 Мыйзамына  ылайык алынып

салынган).

     4. Шаар  куруу  архитектура ишине курулуш материалдарын, буюмдарды

жана конструкцияларды,  долбоорлоо  документтерин,  ошондой  эле  куру-

луш-монтаждоо жумуштарын  өндүрүүнү сертификациялоо сертификация боюнча

аккредиттелген органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

     (КР 2002-жылдын  11-мартындагы № 35, 2004-жылдын 17-августундагы №

130, 2011-жылдын 12-декабрындагы №234 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     8-статья. Шаар куруу ишин башкаруунун, координациялоонун,

               контролдук жүргүзүүнүн мамлекеттик жана мамлекеттен

               тышкары системалары

 

   1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө,
 ошондой эле ушул көрсөтүлгөн жааттагы контроль жана көзөмөл боюнча саясат-
ты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекет-
тик органдар тарабынан башкарылууга жана контролдонууга жатат.   

    2. Эгерде  карала турган маселе граждандардын, коомдук бирикмелер-

дин, юридикалык  жактардын таламдарын жана укуктарын козгой турган бол-

со, анда  алар  шаар  куруу ишинин кандай гана болбосун стадиясында ага

катышууга укуктуу.

     (КР 2004-жылдын  17-августундагы  №  130  Мыйзамынын,  2006-жылдын

16-февралындагы № 59 Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июнундагы № 108 Мыйзамы-

нын редакцияларына ылайык)

 

     9-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги субъектилердин укуктарын

               камсыз кылуу

 

     Мамлекеттик бийлик  органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандары жана  коомдук уюмдар, кызмат адамдары жана граждандар ушул Мый-

замга жана  Кыргыз  Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык шаар

куруу-архитетура ишинин  башка  субъектилеринин укуктарын сактоого жана

аларды жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү.

     Мамлекет ушул Мыйзамга ылайык шаар куруу-архитектура ишинин бардык

субъектилеринин бирдей юридикалык укуктарын гарантиялайт.

     (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 59 Мыйзамынын редакци-

ясына ылайык)

 

                               II бөлүм

              Шаар куруу жана архитектура объектилеринин

                          курамы жана мазмуну

 

     10-статья. Шаар куруу ресурстары

 

     Жер, жер казынасы,  аба мейкиндиги, энергетикалык, эмгек, инвести-

циялык жана башка ресурстар,  ошондой эле калк жашаган жерлердин аймагы

жана  алардын системасы жашоо турмуш чөйрөсүн калыптандыруунун ажырагыс

компоненти болуп эсептелет жана шаар куруу ресурстары деп таанылат.

     Өндүрүштүк жана социалдык структуралардын иш жүргүзүшүнүн натыйжа-

сында калк жашаган жерлердин жана алардын системаларынын  ресурстарынын

сапатын начарлатууга жол берилбейт жана ал Мыйзам тарабынан жолго салы-

нат.

 

     11-статья. Отурукташтыруу системалары

 

     Республиканын аймагы - ар кандай дењгээлдеги отурукташтыруунун ке-

лечек системаларын калыптандыруу үчүн база болуп саналат. Республиканын

отурукташтыруу системасын калыптандыруу коомдук өндүрүштү жайгаштырууга

жана өнүктүрүүгө,  калктын социалдык-экономикалык керектөөлөрүнө, таби-

гый-климаттык,  суу чарба  шарттарына,  транспорт  тармагына,  минерал-

дык-сырьелук,  отун-энергетикалык  жана башка ресурстарды жайгаштырууга

жараша болот.

     Административдик-аймактык түзүлүш  - отурукташтыруунун регионалдык

системасынын базасы болот.

     Отурукташтыруунун жергиликтүү системалары - өндүрүштүк, транспорт-

тук же башка тыгыс байланыштарга ылайык бөлүнүп берилүүчү бир аз санда-

гы айылдык калк жашаган жерлердин же чакан шаардык жана айылдык жерлер-

дин системалары болот.

 

     12-статья. Өзгөчө жөнгө салынуучу аймактык объектилер жана шаар

                куруу зоналары

 

     1. Ири дарыялардын жана көлдөрдүн айлана-чөйрөсүн, табигый-климат-

тык жана корголуучу зоналардын,  коруктардын, жањгак токойлорунун, рек-

реациялык  жана  тарыхый-маданий зоналардын,  экологиялык кырсык болгон

зоналардын,  акмактары үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын борбору

- Бишкек шаары үчүн "өзгөчө жөнгө салынуучу аймактык объектилердин жана

шаар куруу зоналарынын" статусу белгиленет.

     2. Өзгөчө  жөнгө салынуучу аймактык объектилердин,  зоналардын чек

аралары шаар куруу документтеринде аныкталат жана  административдик-ай-

мактык бөлүнүштүн чек аралары менен төп келбей калышы мүмкүн.

     3. Өзгөчө жөнгө салынуучу шаар куруу ишинин  объектилерине  аймак-

тарды бөлүп берүү жана алардын статусун белгилөө мамлекеттик бийлик ор-

гандары тарабынан жүзөгө ашырылат.

     4. Өзгөчө жөнгө салуу учурларында шаар куруу ишинин жүзөгө ашыруу-

нун тартиби атайын Мыйзам актылары жана нормативдик  актылар  тарабынан

белгиленет.

 

     13-статья. Калк жашаган жерлер

 

 

     Кыргыз Республикасынын калк жашаган пункттары шаардык (республика-

лык, областтык жана райондук маанидеги шаарлар, жана айылдык болуп бөлүнөт.

     1. Аткарган милдеттерине жараша калк жашаган пункттар:

     - Кыргыз Республикасынын борбору;

     - облус борбору;

     - район борбору;

     - облустук маанидеги шаар;

     - райондук маанидеги шаар;

     - айылдык аймактын борбору деген статустарга ээ болот.

     2. Калктын  санына жараша шаардык жана айылдык калк жашаган пункт-

тар:

     - 1000 мињден ашык адам жашаган жерлер - эњ ири шаарлар;

     - 250 мињден 1000 мињге чейин адам жашаган жерлер - ири шаарлар;

     - 100 мињден 250 мињге чейин адам жашаган жерлер - чоњ шаарлар;

     - 25 мињден 100 мињге чейин адам жашаган жерлер - орто шаарлар;

     - 25 мињге чейин адам жашаган жерлер - чакан шаарлар;

     - 5  мињден  ашык  адам  жашаган жерлер - ири айылдык калк жашаган

пункт;

     - 5  мињге  чейин  адам жашаган жерлер - орто айылдык калк жашаган

пункт;

     - 1  мињге чейин адам жашаган жерлер - кичине айылдык калк жашаган

пункт деп бөлүнөт.

     3. Эл чарбасынын түрлөрү боюнча калк жашаган пункттар:

     - көп түрдүү;  административдик борборлор; курорттук рекреациялык;

өнөр  жайлык;  илимий-өндүрүштүк;  тышкы  транспорттук;  аскердик;  аг-

роөнөржайлык; вахталык; сезондук; багбанчылык-дачалык болуп бөлүнөт.

     4. Эл  чарбасынын  түрлөрү  боюнча шаардын же айылдык калк жашаган

пункттардын статусу  калктын  шаарда  жашаган тобуна жана эл чарбасынын

басымдуулук кылган  түрүнө ылайык белгиленет. Шаарда жашаган топтун ке-

минде 30  проценти  иштин  белгилүү бир түрүндө иштегенде, калк жашаган

пункттардын статусу калктын ошол категориясы боюнча берилет.

     5. калк жашаган пунктун аймагы жерлердин, жер фондусунун башка ка-

тегорияларынан чек менен бөлүнөт.

     Калк жашаган  пунктун чеги генералдык пландын негизинде белгиленет

жана өзгөртүлөт.

     Калк жашаган пункттардын генералдык пландарынын долбоорлору Кыргыз

Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

     Калк жашаган  пункттардын  чегинин  айланасындагы  жерлер тиешелүү

мамлекеттик бийликтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

карамагында болот.

     6. Калк жашаган пункттардын чегинин айланасынан:

     - турак жай, маданий, турмуш-тиричилик, административдик жана баш-

ка имараттар жана курулуштар курулган жана курулууга тийиш болгон;

     - жалпы пайдалануудагы - аянттар,  көчөлөр, өткөөлдөр, жолдор жана

башка аймактар;

     - сейил бактардын,  токойлуу сейил бактардын, гүлзарлардын, бакча-

лардын, бульварлардын, суу жээктеринин;

     - өнөр жай,  коммуналдык-кампа объектилери курулган же курула тур-

ган:

     - тышкы транспорт,  байланыш, инженердик коммуникациялар жайгашкан

жерлердин;

     - жаратылышты коргоого,  рекреациялык ден-соолукту чыњдоого арнал-

ган, тарыхый-маданий жана табигый мурастар жайгашкан жерлердин;

     - табигый эстеликтер, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык сейил

бактар, ботаникалык бакчалар, коруктар жайгашкан жерлердин;

     - дарылоо жана башка факторлорго ээ болгон жерлердин;

     - токойлор, көлмөлөр жайгашкан жерлердин;

     - айыл чарбасында пайдаланылган - бак-дарак,  жүзүм,  огород,  чөп

чабык, жайыттар жайгашкан жерлердин;

     - жайыт  жерлер  -  шаарларды  жана  башка калк жашаган пункттарды

өнүктүрүү үчүн резерв катары пайдаланылуучу бош жаткан жерлердин аймак-

тары бөлүнүп көрсөтүлөт.

     (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 59,
2009-жылдын 10-январындагы № 2, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144

Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

     14-статья. Шаар четиндеги зоналар

 

     1. Шаар четиндеги зоналардын аймактары - шаарлардын тышкы чек ара-

сына   чектеш   жактан,   шаар   менен  туруктуу  социалдык,  эмгектик,

өндүрүштүк,  экономикалык,  рекреациялык жана  инфраструктуралык  тыкыс

байланышта болгон жерлер шаарды аймактык өнүктүрүүнүн резерви болуп са-

налат.

     2. Шаар  четиндеги зоналардын чек араларындагы жерлерди пайдалануу

жана ал жерде шаар куруу ишин жүргүзүү шаардын калкынын жана  шаар  че-

тиндеги  зонага кирген административдик-аймактык түзүлүштөрдүн таламда-

рын камсыз кылууну эске алуу менен,  шаар куруу ишин жөнгө салуунун  өз

ара макулдашылган принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Шаар четин-

деги зонада архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу
   жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен
макул-
      дашылбаган
курулушка жол берилбейт.

     Аймакты пайдалануу  жаатында  келип чыгуучу талаштар жогору турган

уюмдар тарабынан чечилет.

     3. Шаар  четиндеги зонанын чек арасы шаарларды пландаштыруунун ре-

гионалдык долбоорунун, генералдык пландарынын же башка шаар куруу доку-

менттеринин негизинде аныкталат.

(КР 2013-жылдын 24-майындандагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     15-статья. Калк жашаган жерлердин бөлүктөрү (райондор, зоналар)

 

   Аткарган милдетине  жараша  калк  жашаган  пункттарда:  турак жай,

коомдук маданий,  өнөр  жайлык жана муниципалдык-кампа, спорттук, дары-

лоо, рекреациялык,  илимий  жана башкалар сыяктуу райондор жана зоналар

бөлүнүп көрсөтүлөт.

     Ар бир  райондун же зонанын шаар куруу документтеринде аныкталуучу

ыњгайлашынын жана чарбалык ишинин мүнөзү боюнча өзүнүн статусу болот.

(КР 2009-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     16-статья. Шаар куруу комплекстери

 

     1. Турак үйлөрдү,  коомдук,  өнөр жай имараттарын жана башка куру-

луштарды  долбоорлоо,  куруу  жана пайдаланууга кабыл алуу,  шаар куруу

комплекстери түрүндө жүзөгө ашырылат.

     Турак үйлөрдүн, калкты тейлөө менен байланышкан башка имараттардын

жана курулуштардын тобу жана алар жайгашкан инженердик жабдуулардын жа-

на  чөйрөнү  ыњгайлаштыруунун элементтеринин зарыл түрлөрү менен камсыз

кылынган аймак шаар куруу комплекси болуп эсептелет.

     Шаар куруу   комплекстеринин  курамы  жана  чек  аралары  аймактын

көлөмдүк-мейкиндикте уюштурулушунун долбооруна - деталдык пландаштыруу-

нун долбооруна ылайык аныкталат.

     3. Аймакты инженердик даярдоо боюнча бардык иштер  аяктаганга  че-

йин, инженердик камсыз кылуу жана транспорттун жалпы системасынын айрым

бөлүктөрүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон участокко келүүчү жол-

дорду салуу, магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иш-

тер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар куруу  комплексин  курууну

баштоого жол берилбейт.

     4. Ар кандай заказчылардын курулушка үлүштүк катышуусунун жана ша-

ар  куруу комплексинин инженердик-техникалык жана транспорттук структу-

расын пайдалануунун тартиби "Шаар куруу комплекси жөнүндө Жобо" тарабы-

нан аныкталат.

 

     17-статья. Имараттардын жана курулуштардын комплекстери

 

     Имараттардын жана курулуштардын комплекстери органикалык бир бүтүн

нерсени түзгөн жана шаар куруу архитектура ишинин процессинде аныкталу-

учу  шаар куруу-архитектура мейкиндигинин зоналарын калыптандыруучу бир

нече архитектуралык курулуштардын бирдигин жана тыгыз байланышын билди-

рет.

 

     18-статья. Имараттар жана курулуштар

 

   Имараттар жана курулуштар: турак жай, коомдук-маданий, администра-

тивдик-ишкер, өндүрүштүк, айыл чарбалык, инженердик-техникалык, соода-,

турмуш-тиричилик, муниципалдык-кампа,  көмөкчү, рекреациялык, мемориал-

дык, диний, спорттук, гидротехникалык жана ирригациялык, энергетикалык,

коргонуу деп бөлүнөт.

(КР 2009-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     19-статья. Чөйрөнү ыњгайлаштыруунун объектилери жана элементтери

 

     Монументалдык, декоративдик-көркөм    өнөр    объектилери,   жашоо

чөйрөсүнүн,  сезондук көчө соодасынын, жашылдандыруунун, суу чыгаруунун

жана ирригациянын жабдылышы жана дизайны, ошондой эле инженердик-техни-

калык жана транспорттук инфраструктуранын жабдуулары чөйрөнү  ыњгайлаш-

тыруунун объектилери жана элементтери болуп саналат.

 

     20-статья. Инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура

                объектилери

 

     1. Суу, газ, энергия, жылуулук менен камсыз кылуунун булактар жана

тармактары,  канализациянын,  байланыштын,  автомагистралдардын,  темир

жолдордун булактары жана тармактары,  суу жана аба транспорт объектиле-

ри,  суу чыгаруу жана ирригация,  көпүрөлөр, эстакадалар, өткөөл жолдор

жана башка жер үстүндөгү,  жер астындагы тармактар жана курулуштар, ин-

женердик-техникалык  жана транспорттук инфраструктура объектилери болуп

саналат.

     2. Шаар куруу объектилеринин инженердик-техникалык жана транспорт-

тук өзүнчө инфраструктуралык дењгээли болот.

     Инженердик-техникалык жана  транспорттук-инфраструктура калк жаша-

ган жерлерди туруктуу өнүктүрүүнүн  талаптары  менен  байланыштырылууга

тийиш.

     3. Шаар куруу ресурстарын пайдалануучу ишканалар жана уюмдар  мен-

чигинин түрүнө карабастан жашоо-турмуш чөйрөсүнүн,  инженердик-техника-

лык жана транспорттук инфраструктуранын сапатынын нормативдик дењгээлин

жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетке чегерүүлөрүнүн эсе-

бинен камсыз кылууга милдеттүү.

     4. Региондор аралык,  мамлекеттер аралык маанидеги инженердик-тех-

никалык жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик бийлик

органдары  тарабынан  максаттуу  программалардын  негизинде мамлекеттик

бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.

 

                               III бөлүм

               Шаар куруу жана архитектура объектилерине

                           коюлуучу талаптар

 

     21-статья. Талаптардын түрлөрү

 

     Шаар куруу жана архитектура объектилерине:

     - архитектуралык-көркөм;

     - функционалдык-пландаштыруу;

     - инженердик-техникалык;

     - эксплуатациялык;

     - экологиялык талаптар коюлат.

 

     22-статья. Архитектуралык-көркөм талаптар

 

     1. Шаар куруу жана архитектуралык объектилерине:

     - композициялык бүтүндүккө жетишүү;

     - региондун    тарыхый,    маданий,   улуттук,   табигый-климаттык

өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу;

     - жолун улантуучулукту камсыз кылуу;

     - объектилердин сырткы турпатын калыптандыруунун көп  түрдүүлүгүнө

жетишүү сыяктуу архитектуралык-көркөм талаптар коюлат.

     2. Шаар куруу жана архитектуранын коомдун көркөм-эстетикалык, или-

мий-техникалык критерийлерине жооп берген айрым объектилери архитектура

жана шаар куруу өнөрүнүн чыгармаларына таандык деп  аныкталышы  мүмкүн.

Шаар  куруу  жана  архитектура объектилерин архитектура жана шаар куруу

өнөрүнүн чыгармаларына таандык деп аныктоо жөнүндө чечим  кесиптик  би-

рикмелер,  көз  карандысыз эксперименттер жана мамлекеттик башкаруу ор-

гандары менен биргелешип коомчулук тарабынан кабыл алынат.

     Архитектура жана  шаар  куруу өнөрүнүн чыгармаларын жаратууга жана

пайдаланууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын

автордук укук  жөнүндө  мыйзамдары  жана  ушул  Мыйзам тарабынан жүзөгө

ашырылат.

     Архитектура жана  шаар куруу өнөрчүлүгүнүн чыгармалары элдин мада-

ний жана тарыхый энчиси катары корголууга тийиш.

     (КР 1998-жылдын 27-июнундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     23-статья. Функционалдык-пландаштыруу талаптары

 

     Төмөндөгүлөр:

     - калк жашаган жерлердин табигый жана техногендик таасирлерден ко-

опсуз болушун камсыз кылуу;

     - пландаштырылып жаткан иштин табигый чөйрөгө таасирин эске алуу;

     - жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу;

     - мыйзамдарда белгиленген нормаларга ылайык экологиялык,  санитар-

дык-гигиеналык талаптарды аткаруу;

     - тарыхый-маданий,  табигый мурастардын объектилерин жана аймакта-

рын жана корголуучу табигый ландшафттарды коргоону камсыз кылуу;

     - чегинде шаар куруу жана башка чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салын-

ган же чектелген тарыхый, маданий эстеликтердин, табигый ландшафттардын

коргоо зоналарынын чек араларын белгилөө;

     - социалдык-экономикалык жана нормативдик талаптарды эске алуу ме-

нен  тейлөөнүн  социалдык чөйрөсүнүн зарыл болгон жыйындысын камсыз кы-

луу;

     - аймакты   функционалдык  зоналарга  бөлүүнү  тартипке  келтирүү,

транспорттук байланыштарды жакшыртуу функционалдык-пландаштыруу  талап-

тарына таандык кылынат.

     Айрым зоналардын, бөлмөлөр тобунун бири-бири менен өз ара байланы-

шына  ылайык  имараттарда  ички  мейкиндиктин функционалдык уюштурулушу

камсыз кылынууга тийиш.

 

     24-статья. Инженердик-техникалык талаптар

 

     Шаар куруу жана архитектура объектилери бекемдиктин, жер титирөөгө

тийиштүү түрдө туруштук берүүнүн,  коопсуздуктун,  технологиянын белги-

ленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук

инфраструктура  жана  инженердик  жабдуулар  менен  камсыз  кылынышынын

дењгээлине жооп берүүгө тийиш.

 

     25-статья. Эксплуатациялык талаптар

 

     Шаар куруу жана архитектура объектилерине:  алардын пайдаланышынын

нормативдик мөөнөтүн камсыз кылуу, модернизациялоо жана эксплуатациялык

талаптарды камсыз кылуу,  баштапкы  сырткы  турпатын  сактоо,  инженер-

дик-техникалык  коммуникациялар,  системалар жана жабдуулар менен бирге

аймакты план ченемдүү реконструкциялоо сыяктуу пайдалануу боюнча талап-

тар коюлат.

 

     26-статья. Шаар четиндеги зоналарга коюлуучу талаптар

 

     Шаар четиндеги  зона  шаар  менен  бирдиктүү шаар куруу комплексин

түзүүгө тийиш.

     Шаардын чегине  түздөн-түз чектеш жаткан шаарды өнүктүрүү үчүн ре-

зерв болуп кызмат кылган шаар четиндеги зонанын аймагы архитектура-куру-

луш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана   ишке   ашыруу   боюнча

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын контролдугу астында болууга тийиш.

     Шаарлардын шаар четиндеги зоналарында экологиялык  жактан  зыяндуу

ишканаларды курууга болбойт.

     Шаар четиндеги зонанын көлөмү шаардын көлөмүнө жараша, эреже ката-

ры административдик райондордун чектеринде белгиленет.

     Шаар четиндеги зонанын аймагында шаардык  бийлик  органдары  менен

макулдашпай  туруп шаар куруу-архитектура объектилерин курууга тыюу са-

лынат.

     Шаар четиндеги зона шаардын калкынын кыска мөөнөттүү эс ала турган

орду болууга тийиш.

 (КР 2013-жылдын 24-майындагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

                              

                                  IV бөлүм

             Шаар куруу-архитектура ишинин субъектилеринин

                          укуктук мамилелери

 

     27-статья. Граждандардын жашоонун ыњгайлуу чөйрөсүнө болгон

                укуктары

 

     1. Шаар куруу иши Кыргыз Республикасынын ар бир гражданынын шаарда

да,  айыл жеринде да жашай турган жерди,  эмгектене жана эс ала  турган

жерди  тандап алууга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылуучу за-

рыл шарттарды түзүүгө багытталынышы тийиш.

     2. Адамдар  туруктуу жашаган жерлер жашоо турмуштун сапатынын жана

коопсуздугунун нормативдик талаптарына,  жаратылыш  чөйрөсүн  коргоого,

жашоонун ыњгайлуу шарттарына ылайык келүүгө тийиш.

     3. Айрым мамлекеттик таламдар менен шартталган учурларда экология-

лык  жактан жагымсыз болгон аймактарда чарбалык иш жүргүзүүгө,  калктын

убактылуу жашашына мыйзамдарга ылайык өзгөчө режимде белгилөө менен жол

берилет.

     (КР 2004-жылдын  17-августундагы  N  130  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

     28-статья. Граждандардын шаар куруу-архитектуралык чечимдерди

                кабыл алууга катышууга болгон укуктары

 

     1. Граждандар:

     - аймактардын, калк жашаган жерлердин экологиялык, шаар куруу, со-

циалдык-экономикалык абалы жөнүндө,  аймактарды уюштуруудагы өзгөрүүлөр

жана алардын өнүгүшү менен байланышкан программаларды, долбоорлорду иш-

теп чыгуу жана алардын абалы жөнүндө маалымат алууга;

     - коллективдердин же айрым граждандардын таламдарын жана укуктарын

козгоочу шаар куруу-архитектуралык программаларды жана долбоорлорду ка-

роого жана талкуулоого катышууга;

     - жашоо турмуш чөйрөсүн жакшыртуу боюнча мамлекеттик бийлик орган-

дарына, жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдарына, архитектура жана

курулуш иштери боюнча сунуштар киргизүүгө;

     - шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндө мүлктүк жана башка  укук-

тарды  бузган  адамдардын  аракетине сот органдары аркылуу талап коюуга

укуктуу.

     (КР 2004-жылдын  17-августундагы  №  130  Мыйзамынын,  2006-жылдын

16-февралындагы № 59 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

     29-статья. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү граждандардын

                жана юридикалык жактардын милдеттери

 

     Граждандар, юридикалык жактар:

     - бекитилген шаар куруу программаларын жана долбоорлорун ишке ашы-

рууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө жана катышууга;

     - айлана-чөйрөнүн абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон 

архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке

ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу   мамлекеттик    органынын    тиешелүү

уруксатысыз өзү билип жасалган аракеттерге жол бербөөгө  жана  маданий,

тарыхый-архитектуралык  жана башка курулуштарга материалдык же архитек-

туралык-көркөм зыян келтирбөөгө;

     - республикада  колдонулуп жаткан шаар куруу,  архитектуралык жана

курулуш нормаларын, эрежелерди жана стандарттарды бузбоого милдеттүү.

 (КР 2013-жылдын 24-майындагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

          30-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги заказчынын,
                инвестордун укуктары жана милдеттери

 

     Шаар куруу-архитектура  ишиндеги  заказчынын, инвестордун укуктары

жана милдеттери  ушул  Мыйзам,  "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар

жөнүндө"  Мыйзам  жана  башка  нормативдик  укуктук  актылар  тарабынан

регламенттештирилет.

     (КР 2004-жылдын  11-июнундагы  № 73, 2004-жылдын 17-августундагы
№ 130, 2011-жылдын 12-декабрындагы № 234 мыйзамдарынын
редакцияларына ылайык)

 

     31-статья. Шаар куруу-архитектура документтеринин авторунун жана

                аларды иштеп чыгуучулардын укуктары

 

     1. Шаар куруу-архитектуралык документтерди, долбоорлорду ишке ашы-

рууда бузууга жол берилген учурларда авторлор ишти токтотууну талап кы-

лууга укуктуу.

     2. Иштеп  чыгуучулар  заказчыдан заказды аткаруу үчүн зарыл болгон

маалыматтарды жана баштапкы маалыматтарды алууга, ошондой эле мамлекет-

тик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-

нан, мекемелерден  жана  уюмдардан  зарыл  болгон  маалыматтарды алууга

укуктуу.

     (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 59 Мыйзамынын редакци-

ясына ылайык)

 

     32-статья. Документтердин бардык түрлөрүн иштеп чыгуучулардын

                милдеттери жана жоопкерчилиги

 

     1. Шаар  куруу-архитектура  документтерин  жана  иштердин   бардык

түрлөрүн иштеп чыгуучулар:

     - заказчынын тапшырмаларынын жана мыйзамдардын талаптарынын  атка-

рылышын камсыз кылууга;

     - документтердин жогорку архитектуралык-көркөм,  инженердик-техни-

калык дењгээлин камсыз кылууга милдеттүү;

     - шаар  куруу архитектура ишинин башка субъекттеринин укуктары ме-

нен мыйзамдуу таламдарын бузбоого милдеттүү.

     2. Иштеп  чыгуучулар  долбоордун кесиптик дењгээли үчүн жоопкерчи-

ликте болушат.  Бул талап бузулган учурда мурда берилген лицензия  жана

сертификатты тийиштүү органдар алып коюшка укуктуу.

     (КР 2004-жылдын  17-августундагы  №  130, 2011-жылдын 12-декабрын-

дагы № 234  Мыйзамдарынын  редакцияларына ылайык)

 

     33-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги автордук укуктарды

                коргоо

 

     1. Төмөндөгүлөр:

     - фирмалык белгиде, долбоордун титулдук барактарында жана чиймеле-

ринде,  башка официалдуу документтерде, эстелик такталарында, жарыялан-

ган материалдарда өзүнүн ысымын көрсөтүү укугу;

     - эгерде автор жана заказчынын ортосундагы келишимде атайылап баш-

кача шарттар белгиленбесе,  чыгармачыл эмгегинин жана өзүнүн чыгармачыл

продукциясынын бардык натыйжаларына интеллектуалдык  менчик  катары  ээ

болуу, пайдалануу жана тескөө укугу;

     - долбоорлор жана иштин башка түрлөрү үчүн  жана  аларды  кайталап

пайдалангандык  үчүн  автордук сыйлык алуу укугу автордук укуктарга ки-

рет.

     2. Эки же андан ашык авторлордун (соавторлордун) биргелешкен эмге-

ги менен түзүлгөн иштин натыйжаларына тийиштүү  автордук  укук  алардын

бардыгына  таандык  болот жана автордук макулдашуу менен жөнгө салынат,

ал эми андай макулдашуу болбогон учурда алардын бардыгына  таандык  бо-

лот.

     3. Шаар куруу-архитектура ишинин түздөн-түз катышуучуларынын орто-

сундагы өз ара мамилелер автордун долбоорго, анын ичинде жумушчу долбо-

оруна жана автордук көзөмөлгө катышуусунун мүнөзү белгиленген  келишим-

дик негизде жөнгө салынат.

     4. Жумушчу документтерин иштеп чыгуу процессинде жана курулуш  иш-

терин жүзөгө ашырууда автордун макулдугу болмоюнча долбоордук чечимдер-

ди өзгөртүүгө жол берилбейт.

     Тургузулган имараттардын  жана  курулуштардын архитектуралык план-

даштырган чечимдерин өзгөртүү архитектура жана  курулуш  иштери  боюнча

мамлекеттик органдын жана автордун макулдугу менен жүргүзүлөт.

 

     34-статья. Шаар куруу-архитектура ишинин чөйрөсүндөгү коомдук

                бирикмелердин укуктары

 

     Коомдук бирикмелер:

     - адамдар  жашаган чөйрөнүн абалы жана өзгөрүшү жөнүндө өз убагын-

да, толук жана так маалымат алууга;

     - мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана схемаларды иштеп

чыгууга катышууга;

     - өз  каражаттарынын жана башка каражаттардын эсебинен шаар куруу,

архитектуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга;

     - шаар  куруу-архитектура  документтери бекитилгенге жана макулда-

шылганга чейин альтернативалык долбоорлорду сунуш кылууга укуктуу.

 

     35-статья. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү коомдук

                бирикмелердин милдеттери

 

     Коомдук бирикмелер:

     - жашоо-турмуш чөйрөсүн начарлатууга, шаар куруу өнөрүнүн жана ар-

хитектуранын, табияттын, тарыхтын жана маданияттын эстеликтерин бузууга

багытталган кандай гана болбосун аракеттерди жокко чыгарууга;

     - шаар  куруу-архитектура  ишинин  башка субъектилеринин укуктарын

жана мыйзамдуу таламдарын бузбоого;

     - шаар куруу жана архитектура өнүктүрүүгө,  долбоорлорду ишке ашы-

рууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

 

36-статья. Шаар куруу-архитектура ишинин субъекттеринин өз ара
мамилелери

 

1. Шаар куруу-архитектура ишинин субъекттери   өз компетенциясынын
чектеринде акысыз, 10 күндүн ичинде:

- шаар куруу-архитектура документтеринин бардык түрлөрүн  карап чы-
гууга жана корутунду (макулдук) берүүгө, ошондой эле шаар куруу жана ар-
хитектура чөйрөсүндөгү башка маселелер боюнча түшүндүрүү берүүгө;

- өздөрүндө болгон  маалыматтарды  шаар куруу-архитектура документ-
терин иштеп чыгуучуларга берүүгө.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары башкы пландарды, райондорду,  кварталдарды  деталдык  пландаштыруу
пландарын иштеп чыгууда жана кабыл алууда тийиштүү аймактын калкынын пи-
кирин эске алуу максатында алар боюнча  коомдук угууларды өткөрүүгө мил-
деттүү.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
коомдук угууларды өткөрүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө алар өткөрүлүүчү
 күнгө чейин кеминде 2 ай мурда башкы пландардын, райондорду жана квартал-
дарды деталдык пландаштыруу пландарынын долбоорлорун бир убакта көрсөтүлгөн
 органдардын расмий сайтында жана жалпыга жеткиликтүү болгон кызматтык има-
раттарга жайгаштыруу менен жалпыга  маалымдоо  каражаттары  аркылуу калкка
 маалымдоого милдеттүү.

Калк жашаган пункттардын бекитилген генералдык пландары жергиликтүү өз
 алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жана  алардын  кызматтык
имараттарындагы жалпыга жеткиликтүү жерлерде, топографиялык негиздерин жана
 алардын координаттарын чагылдыруусуз, калк жашаган пункттарды куруунун схе-
малары түрүндө жайгаштырылуусу тийиш.

3. Курулуш  стадиясында  курулуш  субъекттери  үчүнчү жактарды курулуш
объекттери жөнүндө жер участогуна же болбосо кыймылсыз мүлк объектине, үчүн-

чү жак үчүн көрүнүктүү жерге курулуш ниетинин түрү, курулуш  объектинин гра-
фикалык сүрөтү, курулуш объектинин параметрлери, объектинин дареги, курулуш
субъекттери жөнүндө маалыматтарды (аталышы, байланыш маалыматы, лицензия но-
мери), курулуш зонасын көрсөтүү менен жер   участогунун  схемасы, курулушка
уруксат берилгени жана ал берилген мөөнөтү көрсөтүлгөн маалыматты жайгаштыруу
 аркылуу кабарландырууну камсыз кылууга милдеттүү.

4. Эгерде кыймылсыз мүлк    объекттерин  куруу жана  башка  өзгөртүүлөр
жеке же юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын түздөн
-түз бузган учурда, укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары  бузулган  жактар
көрсөтүлгөн объекттердин курулушу жөнүндө чечимге соттук тартипте даттанууга
 укуктуу.

Жеке же юридикалык жактардын  укуктарын  жана  мыйзамдуу кызыкчылыктарын
бузган кыймылсыз мүлк объекттерин  курууну  же башка өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашы-
рууга жол берилбейт.

5. Курулуш ниетин ишке ашырууга жер участогун же белгиленген тартипти бу-
зуу менен курулуш иштерине уруксат берген мамлекеттик  орган жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органы курулуш субъекттери  тарткан чыгымдардын ордун тол-
туруп берүүгө милдеттүү.

6. Көп квартиралуу үйгө караштуу жер  участогунун  чек  араларын  аныкта-
майынча жана натуралай чыгармайынча жана жайлардын менчик ээлеринин макулдугу-
суз үйдүн жанындагы жер участогунун аймагына кандай гана   болбосун курулушту
курууга жол берилбейт.

 (КР 2011-жылдын 12-декабрындагы №234, 2014-жылдын 7-июлундагы № 115
Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

                                V бөлүм

                      Шаар куруу-архитектура иши

 

     37-статья. Шаар куруу-архитектура документтеринин статусу

 

     1. Шаар куруу жана архитектура объектилерин куруу,  реконструкция-

лоо шаар куруу-архитектура документтерсиз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

     Белгиленген тартипте иштелип чыккан, каралган жана бекитилген шаар

куруу-архитектура  программалары,  схемалары,  пландар  жана долбоорлор

кайсыл ведомствого баш ийгендигине жана  менчигинин  түрүнө  карабастан

имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону

жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жактар жана  адамдар  тарабынан  мил-

деттүү түрдө аткарылууга тийиш.

     2. Калктуу  жерлердин башкы пландарынын архитектуралык-пландоо че-

чимдерин, долбоордук-пландоо  документацияларын жана алардын бөлүктөрүн

өзгөртүү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жа-

на ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана жергилик-

түү  өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жа-

на белгиленген тартипте бекитилет.

     (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 59, 
         2013-жылдын 24-майындагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     38-статья. Шаар куруудагы, архитектурадагы жана курулуштагы

                нормалар жана эрежелер

 

     1. Шаар куруудагы, архитектурадагы, курулуштагы нормалар жана эре-

желер  пландаштыруу,  архитектуралык,  курулуш,  экологиялык,  санитар-

дык-саламаттыкты  чыњдоочу  жана башка талаптарды белгилейт жана регла-

менттештирет.

     2. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы колдонуудагы че-

немдер менен эрежелердин талаптарын бузууга жол берилбейт.

     Өзгөчө учурларда  архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү   саясатты

иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча   ыйгарым   укуктуу    мамлекеттик

органдын уруксаты менен долбоорлоо ченемдеринен негизделген четтөө-

гө жол берилет.

     Өзгөчө учурларга имараттын, курулуштун жер титирөөгө бекемдүүлүгүн

азайтууга, курулуш  конструкцияларына  жарака кетирүүгө жана санитардык

ченемдерди бузууга  жөндөмдүү болгон долбоорлоо ченемдеринен четтөө ки-

рет.

     3. Нормаларды жана эрежелерди сактоо шаар куруу  жана  архитектура

процессинин  жана ишинин бардык субъектилери үчүн милдеттүү болуп сана-

лат.

     4. Нормалар  жана  эрежелер бузулганда штраф төлөтүү же жоопкерчи-

ликтин башка түрү колдонулат.

     (КР 2004-жылдын  17-августундагы  №  130,
2013-жылдын 24-майындагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби

 

     1. Кыймылсыз  мүлк  объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөр-

түүлөрдү жүзөгө  ашыруу  укугуна жер участокторуна жана башка кыймылсыз

мүлк объекттерине,  ушул  Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

белгилөөчү тартипте  менчик,  ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз

пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар ээ болушат.

     2. Жарандар өзүмдүк турак үй куруу үчүн алышкан жер  участокторуна

курулуш   куруу   "Кыргыз  Республикасында  жекече  турак-жай  курулушу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

     3. Ушул  Мыйзамды  жана  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү белгилеген

тартипти бузуу менен объекттерди курууга жол берилбейт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын  2-июнундагы № 108 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

      40-статья. Автордук, техникалык жана мамлекеттик

                архитектуралык-курулуштук көзөмөл

 

     1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер Кыргыз  Рес-

публикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автордук,  техникалык жана мамле-

кеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.

     2. Курулуш объекттеринин опурталдуулук даражасы боюнча мамлекеттик

архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө  же  курулуш  жумуштарын  аткарууда

техникалык   көзөмөлгө  алынчу  категорияларды  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтү аныктайт.

     3. Курулушка  автордук  көзөмөл  эксплуатацияга киргизилчү курулуш

объекттеринин архитектуралык-курулуштук,  технологиялык же башка техни-

калык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо макса-

тында ишке ашырылат.

     4. Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитекту-

ралык-курулуштук,  технологиялык же башка техникалык чечилиштердин ыла-

йык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.

     5. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл  курулуш  процес-

синде  аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоор-

дук документтердин талаптарына  ылайыктыгын  текшерүү  максатында  ишке

ашырылат.

     (КР 2009-жылдын  30-мартындагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     41-статья. Курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга киргизүүнүн

                ылайыктуулугун баалоо

 

     Курулган объект, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо,техникалык

 регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге  чейин   баш-

ка нормативдик укуктук актыларга жана долбоордук документтерге  ылайык-

туулугу баалануусу тийиш.

    Баалоону жүргүзүүнүн тартиби,  ылайыктуулугу   бааланууга   жаткан
объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  тарабынан  аныкталат.

    Курууга уруксат архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп
чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган  тарабынан
жүзөгө ашырылат.

Жеке турак үйлөрдөн тышкары, курулуп бүткөн объекттерди эксплуата-
циялоого кир-

гизүүнүн ылайыктыгына баа берүү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзө-

мөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө

ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган айрым объекттерди пайдала-

нууга берүү менчик ээси тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат, мында объект-

тин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси

тартат. Бул учурда объекттин менчик ээси объекттин техникалык регламенттер-

дин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө курууга уруксат берген ыйгарым укук-

туу органга кабарландыруу жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде курулуш иштери келишим-

дин негизинде жүзөгө ашырылса, кабарландырууга объекттин менчик ээси менен

подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү акты-

сынын көчүрмөсү тиркелет.

     Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга берүүгө

 жол берилбейт.

     (КР 2011-жылдын 12-декабрындагы № 234, 2013-жылдын 24-майындагы N 78 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     42-статья. Шаар куруу жана архитектура объектилеринин

                функционалдык багытын өзгөртүү

 

     1. Шаар  куруу жана архитектура объектилеринин функционалдык багы-

тын өзгөртүүгө өзгөчө учурларда, эгерде бул өзгөртүүлөр нормалардын жа-

на эрежелердин  жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына карама-каршы

келбесе, авторлордун  жана долбоорду бекиткен жана макулдук берген инс-

танциянын кошумча уруксаты менен жол берилет.

     2. Шаар  куруу жана архитектура объектилеринин функционалдык багы-

тынын бардык жол берилүүчү өзгөртүүлөрү  тиешелүү  документтерге  (шаар

куруу, архитектуралык-курулуш, инженердик-техникалык, программалык жана

башка) киргизилүүгө тийиш, зарыл учурда документтерге корректура кирги-

зилүүгө жана кайра бекитилүүгө тийиш.

     (КР 2004-жылдын  17-августундагы  N  130  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

     43-статья. Шаар куруу жана архитектура объектилерин

                реконструкциялоо, реставрациялоо, консервациялоо жана

                бузуу

 

     1. Реконструкция - жањы турмуштук талаптарга ылайык шаар куруу жа-

на архитектура объектилерин кайра куруу.

     Архитектура жана шаар куруу объектилерин реконструкциялоо  тарыхый

мурастын  сакталышын  гарантиялай  турган  катуу чектөөлөрдүн негизинде

жүзөгө ашырылат.

     2. Реставрациялоо - айрым архитектуралык комплекстерди,  комплекс-

тердин бөлүктөрүн,  имараттарды жана курулуштарды тарыхый түрүнө келти-

рип кайра түзүү.

     Архитектура жана шаар куруу эстеликтерин реставрациялоо  колдонуу-

дагы нормативдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.

     3. Консервациялоо - тарыхый жана  маданий  объектилердин  түзүлгөн

абалын белгилүү бир мезгилге сактоо.

     Шаар куруу жана архитектура объектилерин консервациялоо объектинин

эњ  алгачкы турпатына кайрылуу максатка ылайыксыз болгондугунан,  бирок

материалдык маданияттын өзгөчө маанилүү  эстелиги  катарында  милдеттүү

түрдө сактоону талап кылгандыктан улам жүргүзүлөт.

     4. Бузуу - аймакты натыйжалуу пайдалануу максатында,  ошондой  эле

мамлекеттик жана коомдук таламдар үчүн эскилиги жеткендигинен улам шаар

куруу жана архитектура объектилерин жок кылуу.

     5. Шаар  куруу  жана  архитектура  эстеликтерин пайдалануучуларга,

алардын ээлерине реконструкциялоо,  реставрациялоо, консервациялоо жана

бузуу боюнча "өзүм билем деп" иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

     6. Шаар куруу-архитектура объектилерин реконструкциялоо, реставра-

циялоо,  консервациялоо, бузуу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу, бий-

лик органдары,  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу  органдары  тарабынан  өз

компетенцияларынын чектеринде,  программалардын жана коомдук уюмдардын,

бирикмелердин, граждандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынат.

 

     44-статья. Тарых, маданият, архитектура эстеликтеринин жана

                коргоо зоналарынын статусу

 

     1. Тарых, маданият, архитектура жана шаар куруу эстеликтери мамле-

кет тарабынан корголууга тийиш.

     2. Төмөндөгүлөр:

     - калк жашаган жерлердин жеке турпатын сактоо жана регенерациялоо;

     - калк  жашаган жерлердин бардык тарыхый жана маданий баалуулукта-

рын аныктоо жана коргоо;

     - калк  жашаган жерлердин жањы курулушунун жана реконструкцияланы-

шынын тарыхый курулушун,  ландшафтын,  жеке турпатын сактаган жана калк

жашаган    жерлердин    материалдык-мейкиндик    чөйрөсүн   гармониялуу

өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү режимдерин белгилөө материалдык  маданият-

тын эстеликтерин коргоонун негизги максаттары болуп эсептелет.

     3. Коргоо зоналарынын статусу,  сактоого тийиш болгон  шаар  куруу

жана  архитектура  объектилеринин  иштөө режими долбоорлоо документтери

тарабынан аныкталат.

 

                               VI бөлүм

                     Шаар куруу-архитектура ишинин

                     субъектилеринин жоопкерчилиги

 

     45-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги субъектилердин укук

                бузууларынын түрлөрү

 

     Төмөндөгүлөр:

     - калк жашаган жерлердин  жашоо-турмуш  чөйрөсүнүн  абалы  жөнүндө

атайылап жалган маалымат берүү;

     - маалымат берүүдөн баш тартуу;

     - аймактарды,  жерлерди,  жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассей-

нин,  суу мейкиндигин пайдалануу маселелери боюнча Жер кодексинин, ушул

Мыйзамдын жана башка мыйзам актыларынын талаптарын сактабоо;

     - тарых,  маданият, шаар куруу жана архитектуралык комплекстердин,

имараттардын жана курулуштардын долбоорлорун бузуу;

     - имараттардын жана курулуштардын бекемдигин, сейсмикалык турукту-

улугунун  белгиленген дењгээлин жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү бу-

зуу;

     - автордун уруксатысыз архитектуралык долбоорду жайылтуу же кайта-

лап пайдалануу,  долбоорду өзгөртүү, ошондой эле курулган имараттар ме-

нен курулуштардын архитектуралык-пландоо чечимдерин өзгөртүү;

     - имараттарды жана курулуштарды "өзүм билем  деп"  куруу,  реконс-

трукциялоо,  реставрациялоо, бузуу курулуштардын архитектуралык чечили-

шин, деталдарын жана элементтерин өзгөртүү;

     - курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартибин бузуу;

     - долбоорлорду макулдашуу эрежелерин бузуу;

     - курулушка уруксат берүүнүн эрежелерин бузуу;

     - этабы менен бөлүп-бөлүп кабыл алуунун эрежелерин бузуу;

     - экспертизанын  жактырылсын  деген  тыянак  корутундусу  болбогон

учурда курулушту же реконструкциялоону жүзөгө ашыруу;

     - ар кандай объектилердин багытын "өзүм билем деп" өзгөртүп куруу;

     - долбоорлоонун нормаларын жана эрежелерин бузуу;

     - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө

мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу;

     - курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу;

     - объектилерди пайдаланууга кабыл алуунун эрежелерин бузуу;

     - сапаты начар долбоорлоо-курулуш продукциясы үчүн акы төлөө;

     - шаар  куруу-архитектура  ишин  лицензиясыз  жана   сертификатсыз

жүзөгө ашыруу;

     - аймактардын, имараттардын жана курулуштардын функционалдык багы-

тын өзгөртүү;

     - архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюн-

ча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын  аткаруудан баш тартуу

шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар болуп таанылат.

 (КР 2013-жылдын 24-майындагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

    

      46-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар үчүн

                жоопкерчилик

 

     Шаар куруу-архитектура  ишинин субъектилери укук бузуулар үчүн ад-

министративдик же уголовный жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

     Укук бузуулардын ушул эле түрлөрү үчүн шаар куруу архитектура иши-

нин  субъектилерине  материалдык  жана моралдык зыяндын көлөмүнө жараша

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык уголовный жоопкерчилик  бел-

гилениши мүмкүн.

     (КР 1999-жылдын 17-июнундагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     47-статья. Калк жашаган жерлердин жашоо-турмуш чөйрөсүнүн абалы

                жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

    

     48-статья. Тиешелүү маалымат берүүдөн баш тартуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     49-статья. Аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү,

                аба бассейинин, суу мейкиндигин пайдалануу маселелери

                боюнча нормативдик актылардын талаптарын сактабоо -

                (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     50-статья. Тарых, маданият, шаар куруу жана архитектура

                эстеликтеринин бир бүтүндүгүн бузуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     51-статья. Курулуштардын, архитектуралык ансамблдердин,

                комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын

                бекитилген генералдык пландарын, регионалдык

                пландаштырылышынын долбоорун бузуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     52-статья. Имараттардын жана курулуштардын белгиленген бекемдик,

                сейсмикалык туруштук берүү дењгээлин жана

                эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     53-статья. Долбоорлордун авторунун уруксатысыз архитектуралык

                долбоорду жайылтуу же кайталап пайдалануу, долбоорго

                өзгөртүүлөр киргизүү - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     54-статья. Имараттарды жана курулуштарды "өзүм билем деп"

                реконструкциялоо, архитектуралык чечимдерди өзгөртүү,

                деталдарды жана башка декоративдүү-көркөм элементтерди

                өзгөртүү - (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

    

     55-статья. Курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартибин

                бузуу - (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     56-статья. Шаар куруу-архитектура документтерин жана инвестициялык

                долбоорлорду макулдашуунун эрежелерин бузуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     57-статья. Курулушка уруксат берүүнүн эрежелерин бузуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     58-статья. Этабы менен бөлүп-бөлүп кабыл алуу эрежелерин бузуу -

                (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     59-статья. Курулушту же реконструкциялоону экспертизанын

                жактырылсын деген тыянак-корутундусу жок жүзөгө

                ашыруу - (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     60-статья. Ар кандай багыттагы объектилерди "өзүм билем деп"

                куруу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     61-статья. Долбоорлоонун нормаларын жана эрежелерин бузуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     62-статья. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын

                өндүрүүдө мамлекеттик стандарттардын талаптарын жана

                техникалык шарттарды бузуу (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     63-статья. Курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу -

                (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     64-статья. Объектини пайдаланууга кабыл алуунун эрежелерин

                бузуу - (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     65-статья. Сапаты начар долбоорлоо-курулуш продукциясына акы

                төлөө - (КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     66-статья. Жер участокторун бөлүп берүү, долбоорлоо, курулуш

                материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын

                өндүрүү, сапатсыз долбоорлоо-курулуш продукциясын

                кабыл алуу эрежелерин кайталап бузуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     67-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик

                органдардын буйруктарын аткаруудан баш тартуу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     68-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик

                органдардын буйруктарын өз убагында аткарбоо - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     69-статья. Долбоорлоо-курулуш ишин лицензиясыз жана сертификатсыз

                жүзөгө ашыруу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     70-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар жөнүндө

                иштерди карай турган органдар - ((КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     71-статья. Штраф салуу жөнүндө токтомду аткаруу жана өндүрүлүп

                алынган суммаларды пайдаланууга жиберүү - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

 

     72-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар жөнүндө

                иштерди караган кызмат адамдарынын аракеттерине

                даттануу - (КР

                1999-жылдын 17-июнундагы № 56 Мыйзамына

                ылайык күчүн жоготту деп табылган)

    

 73-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик

органдын жоопкерчилиги

 

Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке

ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик, ошондой эле көрсөтүлгөн

 жааттагы контроль жана көзөмөл боюнча органдарынын кызмат адамдары

тарабынан ушул Мыйзам туура эмес колдонулган жана шаар куруу-архитек-

тура ишинин субъектине зыян келтирген учурда, ал келтирилген зыяндардын

 ордун толтуруу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу

 (КР 2013-жылдын 24-майындагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

                              

                             VII бөлүм

            Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы

                        эл аралык кызматташтык

 

     74-статья. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы эл

                аралык кызматташтык

 

     1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарынын  негизинде  чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен шаар ку-

руу-архитектура иши жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

     2. Шаар  куруу,  архитектура  жана  курулуш жагындагы кызматташтык

Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө архитектура, шаар куруу объекти-

лерин  куруунун эки тараптуу жана көп тараптык максаттуу программаларын

жана долбоорлорун иштеп чыгуу,  ишке ашыруу, аларды биргелешип долбоор-

лоо;  биргелешкен илимий-техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды

жана иликтөөлөрдү жүргүзүү;  тажрыйба алмашуу;  кадрларды даярдоо  жана

үйрөтүү; симпозиумдарды, конференцияларды, конкурстарды жана кызматташ-

тыктын башка түрлөрүн өткөрүү формасында болот.

     3. Кыргыз  Республикасынын юридикалык жактары жана граждандары чет

өлкөдө шаар куруу-архитектура ишин жүргүзүүгө укуктуу.

     4. Адаптациялоо  жана  жергиликтүү  шарттарды толук эске алуу жана

Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын жана мыйзамдары-

нын талаптарын толук эске алуу максатында чет өлкөлүк граждандар,  уюм-

дар жана фирмалар тарабынан эл аралык контракттарды Кыргыз  Республика-

сынын субъектилеринин катышуусуз толук көлөмдө ишке ашырууга жол берил-

бейт.

     5. Чет  өлкөлүк  фирмаларга,  уюмдарга  жана граждандарга шаар ку-

руу-архитектура ишине катышууга уруксаттар архитектура жана курулуш иш-

тери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилет жана Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдары тарабынан регламенттештирилет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев