Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\20b7abf9-328b-4691-97b0-7f290831492a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 14-февралы №2775-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Т.Кочкоров жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2012-жылдын 30-апрелиндеги №265 токтому) тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков