Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 13-марты №2872-V

"Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиялык иш планына жараша жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдү белгилейт.

2009-жылдын 2-июнундагы күчүнө кирген "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы Кыргыз Республикасындагы майыптар коомдорунун товарларын контракттык (келишимдик) негизде сатып алууга жана жөнөтүүгө мамлекеттик заказдардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик ведомстволор менен мекемелерди калыптандыруунун, жайгаштыруунун жана аткаруунун жалпы укуктук жана экономикалык принциптеринин тартибин белгилейт.

Бул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын тапшырмасы боюнча мамлекеттик орган ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап майыптар коомдорунун республикалык борбордук органдарынын макулдугу менен товарлардын ассортиментин, көлөмүн, баасы менен мөөнөтүн, ошондой эле мамлекеттик заказчылар үчүн товар өндүрүүчүлөрдөн товар жана кызмат көрсөтүүнү сатып алууга квотаны (мамлекеттик брондоону) аныктоого, заказдарды өз убагында жайгаштырууну жана заявкалардын чегинде тендердик соода жол-жоболорун колдонбой туруп, аларды тандап алууну камсыз кылууга тийиш.

Бирок, мыйзамдын ишке киришинен эки жылдан кийин гана анын жоболорун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылдын 2-мартында № 88 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтом кабыл алган, аны менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - мамлекеттик заказды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары майыптар коомунун ишканаларынын товарларына мамлекеттик муктаждыктарды канааттандырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин, товарлардын ассортиментин, алардын көлөмдөрүн жана берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле мамлекеттик заказчылар үчүн квоталарды (мамлекеттик брондоону) Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому менен макулдашууну аныктоого тийиш болгон.

Өз кезегинде, мамлекеттик заказчылар Финансы министрлигинин квотасы менен Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу үчүн керектүү товарлардын жана кызматтардын зарыл ассортиментин Финансы министрлигине тактап берүүлөрү керек эле.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогорудагы токтом кабыл алынгандан бир жылдан кийин өзүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 174 токтому менен Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитет, ага өздөрүнүн чарбалык иш-аракетинде Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары чыгарган товарларды колдонуучу мамлекеттик заказчылардын тизмесине министерстволор, мамлекеттик мекемелер, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, акцияларында мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор кирген (бардыгы 54 субъект).

Ушуну менен Финансы министрлигинин ыйгарымдуу мамлекеттик орган катары жасаган иши токтоп, квота, товарлардын ассортименти жана баалары аныкталбай, каржылоо маселеси чечилген эмес.

Бул мыйзамды ишке ашыруудан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн четке чыга берүүсү жана ыйгарымдуу мамлекеттик органдын өз милдетин аткарбагандыгы майыптар коомдорунун товарларын сатып алуучу мекемелердин көпчүлүгү майыптар коомдорунун ишканаларынан товарларды сатып албоосуна, ал эми айрым өз алдынча сатып алуулар өтө эле аз өлчөмдө, квотасысыз жүргүзүлүшүнө алып келген.

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун маалыматы боюнча министерстволор жана мекемелер (мамлекеттик заказчылар) ар кандай шылтоолор менен майыптар коомдорунун ишканаларынын товарларын сатып алуу жана кызмат көрсөтүүлөрү боюнча келишимдерди түзүүдөн баш тартышууда.

Анын жыйынтыгында, коомдун ишканалары тарабынан мамлекеттик заказ боюнча 2011-жылы болгону 26,8 млн. сомдук, 2012-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 24,1 млн. сомдук товардык продукция чыгарылган, бул коомдун бардык өндүрүш кубаттуулугунун 8% пайызын гана түзөт.

Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

"Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;

өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирсин;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

- 15-апрелге чейинки мөөнөттө мамлекеттик заказчылар менен бирге Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому менен 2013-жылга 500 млн. сомго товарлардын ассортиментин, көлөмүн жана жөнөтүүнүн мөөнөттөрүн макулдашуу жана жыл сайын ал көлөмдү 500 млн. сомго көбөйтүү жана 2015-жылы 1,5 млрд. сомго жеткирүү менен аларды каржылоо маселесин чечүү;

- мамлекеттик заказчылардын бюджетинде кезектеги жана андан кийинки жылдарга майыптар коомдорунун ишканалары чыгарган товарларды сатып алууга жана кызмат көрсөтүүлөрүнө финансы каражаттарын өзүнчө берене менен кароо жана алардын максаттуу колдонулушун контролдоо;

товарларды жөнөтүү жөнүндө келишимдин предмети болуп саналган товар өндүрүүнү стимулдоо максатында келечекте товар жөнөтүүлөрдүн эсебинен ишкана-товар жөнөтүүчүлөр тарабынан чийки заттарды жана материалдарды сатып алуусу үчүн мамлекеттик заказдын көлөмүнөн 50 пайызга чейин алдын ала төлөөнү мамлекеттик заказчыларды милдеттендирүү;

аталган коомдордун ишканаларында чыгарылган ошол сыяктуу товарларды сатып алууга Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесине кирген ведомстволор жана чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан 2013-жылы жана кийинки жылдары өткөрүлө турган бардык тендерлерди жокко чыгаруу.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 27-августундагы № 243 "Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн Кыргыз коомунун өндүрүштүк ишканаларын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык жыл сайын республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө өз ара эсептешүүлөр үчүн Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун өндүрүштүк ишканалары үчүн өзүнчө сап менен төмөндөгүдөй ассигнованиелерди карасын:

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде бошотуу каралбаган салыктар жана жыйымдар боюнча;

- Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун өндүрүштүк ишканалары тарабынан товардык продукцияларды чыгаруунун эсебинен "иштеп жатышкан азиздиги жана дүлөйлүгү боюнча майыптарга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу төлөөлөр" чыгымдарынын беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өз бюджетинин чектеринде министрликтин алдында тендердик жол-жоболорду өткөрбөй туруп (бир булактан сатып алуу ыкмасы менен) ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатып алууну жөнгө салуу боюнча түзүмдүк бөлүкчө түзүү тапшырылсын жана анын иш милдеттерине мамлекеттик заказчылар тарабынан майыптар коомдорунун товарларын сатып алууну контролдоо киргизилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты 2013-жылдын 15-июнуна карата берсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча жана Социалдык саясат боюнча комитеттерине жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Жээнбеков