Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 4-апрели №2970-V

"Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" (мындан ары -УАФ жөнүндө мыйзам) маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин жыйналышында каралган. Комитеттин чечими менен бир катар тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, министрликтерге жана ведомстволорго да берилген.

Өткөн үч жарым жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги тарабынан 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын архивдик ишин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыккандыгын, үч борбордук мамлекеттик архивдердин имараттары капиталдык оңдоодон өткөрүлгөндүгүн, алар өрт сигнализация системасы жана өрт өчүрүүчү автоматтык система менен жабдылгандыгын, ошондой эле Талас областтык, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаардык, Манас, Ысык-Көл, Жайыл, Аламүдүн райондук архивдеринин имараттарына капиталдык оңдоо жүргүзүлгөндүгүн белгилөө зарыл. Беш архив архивдик кызматтын балансына өткөрүлгөн. Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтык, Ош шаардык жана Ысык-Ата райондук архивдеринин имараттарына кошумча курулуштар курулган. Өрттөнүп кеткен Базар-Коргон райондук архиви тез арада калыбына келтирилген. Жаңы орун жайларды бөлүп берүү маселеси да жарым-жартылай чечилүүдө, мамлекеттик бийликтин жана өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан Сүлүктү, Талас шаардык Манас, Аламүдүн Алай, Араван, Манас, Токтогул райондук архивдери жаңы орун жайлар менен камсыз кылынган.

Архивдик документтерди электрондук вариантка өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архив, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй областтарынын архивдери үчүн китеп сканерлери сатып алынган. Компьютердик жабдуулар сатып алынган. Архив сактоочу жайлар жетишсиз болуп келген металлдан жасалган текчелер менен жабдылды. Ысык-Көл областтык архивинде көчмө механикалык текчелер коюлду.

Ошону менен бирге УАФ жөнүндө мыйзамды аткарууда бир катар көйгөйлөр жана мүчүлүштөр бар. Архивдик агенттиктин башкаруу системасына Документация борбору, Маалымат технологиялар борбору жана 65 мамлекеттик архивдер, алардын үчөөсү борбордук, сегизи областтык борбордук архивдер (Ош областында экөөсү бар), Ош жана Бишкек шаардык борбордук архивдер (республикалык баш ийүүдөгү), 52 райондук жана шаардык мамлекеттик архивдер кирет.

Жетишсиз каржылоодон жана материалдык-техникалык базаларынын эскиргендигинен улам мамлекеттик архив кызматы Улуттук архивдик фондунун документтерин сактоону камсыз кылуу боюнча УАФ жөнүндө мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын толук өлчөмдө аткарууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Мамлекеттик архивде сакталуучу документтердин саны жыл сайын есүүдө, бул кошумча материалдык ресурстарды, биринчи кезекте, кошумча аянттарды талап кылат. Бирок 30 жылдан ашык мезгилден бери мамлекеттик архив кызматы үчүн капиталдык курулуш объектилери жүргүзүлгөн эмес.

2012-жылдын 1-январына карата 65 архивдин ичинен болгону 52 архив өсүмдүк имараттарга ээ, 13 архив башка уюмдарга таандык болгон имараттарга жайгашкан (маселен, Түп, Каракол жана башка архивдери). Болгону 9 архив же жалпы санынын 14 % типтүү архивдик сактоолорго ээ, 56сы архивге ылайыкташтырылган орун жайларда жайгашкан.

Кинофотофонодокументтердин атайын архиви өздүк имаратка ээ эмес. Азыркы күндө 100 миң аудиовизуалдык документтер, анын ичинде өзгөчө баалуу жана кайталангыс документтер сактоодо турат. Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондунун баалуу аудиовизуалдык маалыматтары жок болуп кетүү коркунучу астында.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн киноматериалдарды сактоочу аймакта (Красноденцев, 1А көчөсү) атайын имаратты куруу зарыл, ал жерде эки же үч кабаттуу корпус куруу мүмкүнчүлүгү бар. Архив № 010812 мөөнөтсүз пайдалануу актысы менен имарат куруу үчүн территорияны юридикалык жактан бекемдеген. Имараттын долбоорунун эскизи бар.

2011-жылдын 20-июлундагы жер титирөөдөн кийин Кызыл-Кыя шаардык архивинин имараты олуттуу бүлүнүүгө туш болгон. Сокулук, Ала-Бука, Ак-Талаа жана Кара-Буура мамлекеттик терт архив өткөн кылымдын 40-50-жылдарында самандан курулган кыйроо коркунучу бар имаратта жайгашкан.

Сактоочу жайларында бош орундун жоктугунан улам Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин абалы етө оор. Сактоочу жайларга документтер көп топтолгондугунан улам ал жер комплектештирүү боюнча өз мүмкүнчүлүгүн толук түрдө аткарып бүттү. Азыркы учурда бул сактоочу жайда 530 миң сакталуучу бирдик жайгаштырылган. Архивдик орун жайлардын жоктугунан улам ал жоюлган мекемелердин гана документтерин кабыл алууда, ал эми пландуу кабыл алуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынан жана республикалык маанидеги башка мекемелерден 30 минден ашык документтери мамлекеттик сакталууга кабыл алынууга тийиш.

Борбордук архив мекемелеринин муктаждыгын эске алуу менен өткөн кылымдын 80-жылдарында республиканын борборунда жаңы 12 кабаттуу архив имаратын куруу пландаштырылган. Ал башталып келип, тилекке каршы, пайдубалы гана курулууга жетишилген. СССРдин талкаланышы менен курулуш токтоп, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун буйругунун негизинде жер пайдубалы менен кошо сатылып кеткен, ошентип мамлекеттик архив кызматынын объектилерин менчиктештирүүгө жол бербөө боюнча УАФ жөнүндө мыйзамдын 16-беренеси бузулган.

Жалал-Абад, Ош жана Чүй областтык, Каракол, Балыкчы шаардык, Аксы, Араван, Өзгөн райондук жана башка архивдери документтер өтө жыйылган шартта иштеп жатышат. Архивдерде документтердин өтө жыйылышы УАФ жөнүндө мыйзамдын архивдик уюмдарда документтерди сактоонун мөөнөттөрүнүн чектери тууралуу 17-беренесин бузууга алып келүүдө.

60-70-жылдарда курулган архив имараттарынын көпчүлүгү зарыл керектүү жабдуулар менен жабдылган эмес жана документтерди сактоонун заманбап талаптарына жооп бербейт. Алардын көпчүлүгүндө жылытуу жана желдетүү системалары жок, ошонун кесепетинен стандарттык жылуулук-желдетүү режими сакталбайт. Сезон учурундагы температуранын өйдө-төмөн болушу жана абанын нымдуулугу документтердин бүлүнүшүнө алып  келүүдө.

Архивдер өрт коркунучу бар объект болуп саналгандыгына карабастан республика боюнча 48 архивде өрт сигнализациясы жок. Көпчүлүк архивдер үчүн өрт өчүрүүчү заманбап каражаттар менен жабдылуу маселеси али чечилбей келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасындагы маанилүү режимдик объектилердин, жашоо-тиричиликти жүргүзгөн жана жашоо-тиричиликти камсыз кылган объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы №676 токтомуна ылайык мамлекеттик архивдер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин күзөт кызматы кайтарууга жаткан маанилүү режимдик объектилердин катарына кирет. Бирок финансылык каражаттардын жоктугунан улам архивдердин дээрлик көпчүлүгү штаттык кароочулар тарабынан кайтарылат.

Архивдик документтер улуттук баалуулукка ээ, алар чарбалык, илимий, маданий-пропагандалык, социалдык-укуктук максаттарда да кеңири колдонулат. Бирок аларды ар тараптуу жана ыкчам пайдалануу кыйынчылык түзүп келет, анткени компьютердик техниканын жетишсиздигинен улам чын-чынында маалыматтык-коммуникациялык жаңы технологиялар киргизилбей жатат. Мамлекеттик архивдин документтерин тез арада электрондук маалыматка айландыруу зарыл. Архивдик документтерди электрондук маалыматка айландыруу үчүн атайын китеп сканерлер жана серверлер зарыл керек.

Архивдик документтерди издөөнү автоматташтыруу үчүн электрондук каталогду түзүү зарыл. Компьютердик техникалардын саны жана сапаты мындай иштерди жүргүзүү үчүн бардык эле архивдерге толук өлчөмдө мүмкүнчүлүк бербейт. Архивдердеги 1-2 компьютер менен жаңы маалыматтык технологияны киргизүүнү баштоого мүмкүн эмес.

Келечекте архивдик мекемелер уюмдардан электрондук форматта түзүлгөн документтерди сактоо үчүн алууга тийиш, алардын сакталышын жана пайдаланышын камсыз кылууга милдеттүү. Бул үчүн атайын сактоочу жайлар, техника жана программалык жактан камсыз кылуу зарыл. Архивдердин материалдык-техникалык базасынын бүгүнкү оор абалынын себептеринин бири көп жылдардан бери архив тармагы арткан каражаттарды бөлүү принциби боюнча каржыланып келгендигине, бул тармакты өнүктүрүүгө каражаттар бөлүнбөй жаткандыгына байланыштуу болууда.

УАФ жөнүндө Мыйзамдын 31-беренесине ылайык мамлекеттик архив кызматы тарабынан менчигинин статусуна жана түрүнө карабастан бардык мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын архивинин ишин уюштуруучулук-усулдук жактан жетекчиликке алуу ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө республиканын мамлекеттик архивинин эсебинде 4349 уюм турат. 2012-жылы мамлекеттик архив тарабынан уюмдар үчүн 881 иш кагаздарынын номенклатурасы иштелип чыккан жана макулдашылган, ведомстволук архив жана уюмдардын эксперттик комиссиясы жөнүндө 685 жоболор даярдалган, архивдер же алардын усулдук жардамы аркылуу 69 миң иш кагаздары иштелип чыгып, сактоого 80 миң иш кагаздары кабыл алынган, бир миңге жакын Кыргыз Республикасынын УАФнын документтери менен уюмдардын иштөөсүн текшерүү жүргүзүлгөн, иш кагаздарын жана документтерди ведомстволук сактоо маселелери боюнча мекемелердин кызматкерлери үчүн 243 семинар өткөрүлгөн. Бирок бул багыттагы мамлекеттик архив кызматынын иштеринде бир катар кыйынчылыктар бар, атап айтканда бардык эле уюмдар УАФ жөнүндө Мыйзамдын талаптарын аткарып жаткан жок.

УАФ жөнүндө Мыйзамдын 17, 22-беренелерге ылайык уюмдарда атайын орун жайлар, жабдуулар менен камсыз кылынган ведомстволук архивдер түзүлүүгө тийиш. Орун жайларга жана жабдууларга коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасындагы архивдик иштин абалы жана аны жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 264 токтому менен бекитилет. Бирок бул тараптарды көпчүлүк мекемелер бузуп жатышат. Маселен, өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу, кесепеттерин жоюу боюнча департаметте, "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунда, М.В.Фрунзенин үй музейинде, Бишкек ветеринардык-санитардык башкармалыгында, Бишкек шаардык дезинфекциялоо станциясында жана башкаларда документтерди сактоо үчүн атайын орун жайлар жок.

18-беренени аткаруу максатында документтерди иштеп чыгуу жана ошол иштелген түрүндө сактоого өткөрүү уюмдардын милдети болуп саналат, бирок көпчүлүк уюмдар бул ишти аткарбай жатышат. Бир гана борбордук мекемелерде 1968-2009-жылдарда иштелбеген 40 миңге жакын иш кагаздары топтолуп турат.

20-берене уюм кайра уюштурулган же жоюлган учурда документтерди архивге өткөрүүнүн тартибин жол-жоболоштурат. Аны бузуунун фактылары жолугууда. 24-беренени бузуу менен архивдик кызматтан уруксатсыз документтерди жок кылуу учурлары жолугат. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелерин жонго салган 25-беренени бузган учурлар көп.

Бардык эле министрликтер жана административдик ведомстволор УАФ жөнүндө Мыйзамдын 33-беренесине ылайык документтерди сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн ведомстволук көзөмөлдү ишке ашырбай жатышат.

Мекемелердин басымдуу көпчүлүгүндө документтерди сактоо жана иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу штаттык кызматкерлер (82%) жок, бул улуттук архивдик фондуну начар түзүүгө, документтердин жоголушуна, документтерди өз учурунда иштеп чыгууга жана архивге өткөзүүгө жолтоо болууга алып келет.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама жөнүндө" 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтомуна тийиштүү толуктоолорду киргизүү зарыл.

УАФ жөнүндө Мыйзамдын 12-беренеси мамлекеттик архивде документтин түп нускасын алууга тыюу салат, анткени архивдик документтер өзүнүн табиятында кайталангыс, ал бир гана нускада болот. Архивдик документтерди алуу, аларды мамлекеттик архивге кайтарып бербөө кийинки пайдалануучулар үчүн алардын жок экендигин билдирет. Бул аксиома иш жүзүндө күн сайын укук коргоо органдарынын кызматкерлери аркылуу талаш-тартышты жаратууда, анткени Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн документтердин түп нускасын алууга көрсөтмө бар. Мамлекеттик архив мындай максаттар үчүн документтердин күбөлөндүргөн көчүрмөсүн берүүнү, ал эми кол тамганы таануу экспертизасын жүргүзүү үчүн түп нусканы убактылуу берүүнү сунуш кылат. Мындай карама-каршылыктарды четтетүү керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2013-2015-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын архивдик ишин өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын бекитүү жана жүзөгө ашыруу боюнча чараларды кабыл алсын;

- Кыргыз Республикасынын кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архивинин, Сокулук, Ала-Бука, Ак-Талаа, Кызыл-Кыя жана Кара-Буура райондук мамлекеттик архивдеринин имараттарын капиталдык курулуш объектилеринин тизмесине киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕВРАЗИКА архивдердин эл аралык кеңешинин Евразия бөлумүнүн 14-жалпы конференциясын, КМШга катышкан мамлекеттердин архивдик кызматынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин өткөрүү үчүн бир миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузгандыгы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар менен мекемелердин жоопкерчилигин күчөткөн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- саясий партиялардын иш кагаздарын жана күнүмдүк архивин жүргүзүүнүн тартибин жол-жоболоштурган ''Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- Кыргызстандын тарыхына тиешеси бар чет өлкөлөрдүн мамлекеттик архивдериндеги архивдик документтерди табуу боюнча программаны иштеп чыксын;

- иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу куралдарын иштеп чыгуучуларды аны мамлекеттик архив кызматы менен макулдашууга милдеттендирген; штаттык расписаниесине архивариустун кызмат ордун киргизүүнү мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга милдеттендирген "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү көрсөтмө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтомуна толуктоо киргизсин;

- архив чөйрөсүндө маалыматтык-компьютердик технологияларды жана документтерди сактоонун заманбап технологияларын киргизүү үчүн эл аралык финансылык уюмдардын максаттуу гранттарын тартуу мүмкүнчүлүгүн карасын;

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архивдик агенттик даярдаган фотодокумент жыйнактарын чыгарууга жыл сайын финансылык каражаттарды бөлүүнүн мүмкүнчүлүгүн карасын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги:

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү деңгээлде аткарылышын камсыз кылсын.

- архив кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн Окуу борборун түзсүн.

 

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

-мамлекеттик архивдин кызматкерлеринин эмгек акысын этап боюнча жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карасын.

 

5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

Ибраимов жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Борбордук мамлекеттик архивдин курула баштаган имаратынын пайдубалы менен кошо жер участогунун 2003-жылы жеке жакка сатылышынын мыйзамдуулугу женүнде 2013-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.

6.  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- мамлекеттик архивден жана уюмдардан документтердин түп нускасын териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн алып коюуну караган мыйзам актыларына юридикалык талдоо жүргүзсүн жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аларга өзгөртүү киргизсин.

 

7.  Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун органдары, уюмдар жана ишканалар:

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 18, 32, 33-беренелерине ылайык документтерди топтоо, эсепке алуу, сактоо жана аларды белгиленген тартипте мамлекеттик архивге өткөрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзсүн.

 

8.  Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

-областтык, райондук, шаардык, мамлекеттик архивдердин имараттарын (орун жайларын) документтерди сактоонун тийиштүү шарттарында кармоону камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын.

 

9.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Жээнбеков