Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 15-декабрындагы N 210 (15) Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2cf3d07e-6e42-4490-a411-63f3e1f6198c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1994-жылдын 14-апрели № 1476-XII

Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74, 2014-жылдын 21-январындагы № 15
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Бул Мыйзам, менчигинин түрүнө карабай, органдардын, ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын, аскер түзүлүшүнүн жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын республиканын аймагындагы жана чет өлкөдөгү мекемелеринин иштеринин бардык түрлөрүндө мамлекеттик сырды сактоо системасынын укуктук негизин аныктайт.

 

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

 

Мамлекеттик сыр - Кыргыз Республикасында сакталуучу жана бир жерден бир жерге берилүүчү, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана аны аткаруу үчүн иштелген атайын тизме жана эреже менен чектөөчү, мамлекеттин көзөмөлүндө турган маалыматтар.

Маалыматты жашырындоо - маалыматтын жайылтылышын чектөө боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы.

Маалыматтын жашырындуулугун ачуу - маалыматтардын жайылтылышын чектөөнү алып салуу боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы.

Мамлекеттик сырды сактоонун системасы (жашырындуулуктун тартиби) - ченемдик укуктук актыларда белгиленген мамлекеттик сырларды сактоону жана коргоону камсыз кылуунун бирдиктүү тартиби.

Жашырын сырды таратуу - кызматы же иши боюнча белгиленген тартипте ишенип берилген тиешелүү маалымат кызмат адамдары же граждандар тарабынан атайы же байкоосуздан укукка каршы иш жасап, жашыруун маалыматты ага уруксат берилбеген адамдарга билдиргенде, бергенде, көрсөткөндө, жибергенде, жарыялаганда же башка жолдор менен жеткиргенде же маалыматтын жашырындуулугун алып жүрүүчү маанисин жоготкондо.

Уруксат берүү - мамлекеттик сыры бар маалыматтар менен таанышууга белгиленген тартипте уруксат берүү.

Чектөөчү белги - жашырын маалыматка же аны коштоочу документке сөзсүз коюлуучу, анда камтылган маалыматтарды пайдалануунун өзгөчө тартибин аныктоочу белги.

Жашыруундулук даражасы - жашыруун маалыматтардын орчундуулугун, аларга жол берүүлөрдү чектөө даражасын жана анын мамлекет тарабынан коргоо деңгээлин мүнөздөгөн категория.

 (КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74, 2014-жылдын 21-январындагы № 15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдар

 

Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Мамлекеттик сырга маалыматты кошуунун негизги принциптери

 

Маалыматты мамлекеттик сырга кошуу төмөнкү принциптерге негизделет:

Мыйзамдуулук - маалыматтарды колдонуудагы мыйзамда белгиленген тартипте жашырындоону жүзөгө ашыруу.

Негиздүүлүк - мамлекеттик жана граждандардын кызыкчылыгы үчүн маалыматтардын жашырындуулугунда максатка ылайыктуулугун эксперттик баа берүү жолу менен аныктоо.

Өз убагындалуулук - маалыматтардын пайда болушунан баштап, алардын жайылтылышына чектөө киргизүүнү белгилөө.

 

4-статья. Маалыматтардын жашырындуулугун чектөө

 

Төмөндөгү маалыматтар жашырындоого жатпайт:

граждандардын ден-соолугуна коркунуч туудуруучу табигый кырсыктар жана өзгөчө окуялар жөнүндө;

кыйроолор жана алардын залакалары жөнүндө;

экология тармагындагы иштердин абалы, жаратылыш байлыктарын пайдалануу, саламаттыкты сактоо, тазалык, маданият, айыл чарбасы, билим берүү, соода жана укук тартибин камсыз кылуу жөнүндө;

мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдуулукту бузган фактылары жөнүндө;

граждандардын мыйзамдуу кызыкчылыгына жана укугуна доо келтирген, ошондой эле алардын жеке коопсуздугуна коркунуч туудурган фактылар жөнүндө.

 

5-статья. Мамлекеттик сырдын категориялары

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыры: мамлекеттик, аскердик, кызматтык болуп үч категорияга бөлүнөт.

Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыгына өтө оор залал келтирүүчү маалыматтар мамлекеттик маалыматтарга кирет.

Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашырын" деген белгилер коюлат.

Аскер сырын аскердик мүнөздөгү маалыматтар түзөт, аны жайылтуу Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн.

Аскердик сырды түзгөн маалыматтарга "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашырын" деген чектөө белгилери коюлат.

Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизүүчү маалымат кызматтык маалыматка кирет. Мындай маалымат мамлекеттик же аскердик сырга кирген, айрым маалымат түрүндө болот жана аларды толук ачпайт. Кызматтык сырды түзгөн маалыматтарга "жашырын" деген чектөө белгиси коюлат.

Маалыматтарга жашырындуулуктун чектөө белгилерин коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Ушул статьяда каралбаган чектөө белгилерин коюуга жол берилбейт.

 

6-статья. Мамлекеттик эмес сырлар

 

Мамлекеттик эмес сырга: коммерциялык, кызматта пайдалануучу маалыматтар, басма сөзгө жарыяланбай турган, тергөөнүн сыры, врачтык, жеке сыр жана сырдын башка түрлөрү кирет.

Мамлекеттик эмес сырды сактоо алардын менчик ээси, ошондой эле кызматы жана иши боюнча ишеним берилген адамдар тарабынан жүргүзүлөт.

Мамлекеттик эмес сырды сактоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары же алардын менчик ээлеринин мыйзамдарга ылайык иштеген эрежелери аркылуу жөнгө салынат.

 

7-статья. Мамлекеттик сырды сактоо системасынын негизги элементтери

 

Мамлекеттик сырды сактоо системасынын негизги элементтери:

иштердеги, документтердеги, жана салттуу эмес маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү, чыгарылган буюмдардагы маалыматтарды жашырындуулук даражасын аныктоочу жана белгилөөчү эрежелер;

мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнүн тартиби;

мамлекеттик сырды сактоо боюнча иштеген адамдар үчүн чектөөлөр;

мамлекеттик сырга мамиле жасоонун тартиби;

мамлекеттик сырдын сакталышын камсыз кылууга жүргүзүү;

мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар;

мамлекеттик сырды сактоо боюнча талаптарды аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик.

 

8-статья. Маалыматты мамлекеттик сырдын катарына кошуу жана аны жашырындуулукка алуунун тартиби

 

Маалыматты мамлекеттик сырга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмегинин жана Жашырындоого жаткан маалыматтардын тизмегинин негизинде иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашырындуулугунун даражасын аныктоо жана белгилөө тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасында укуктук жана жеке жактардын менчиги болуп саналган жана ушул Мыйзамдын 5-статьясынын талаптарына жооп берген маалыматтарды менчик ээлеринин чыгашасын толуктоо менен жашырууга жана аны ачыкка чыгарууга укуктуу.

Маалымат ээлери маалыматты жашыруу жана аны ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамга ылайык эмес аракеттерге Жогорку сотко даттанууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-статья. Маалыматты жашырындуулукта кармоонун мөөнөттөрү

 

Эгер белгиленген тартипте маалыматты жашырууну узартуу жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда ал сыр жашырууга алынган кездеги белгиленген мөөнөттө ачыкка чыгарылат.

Эгер муну Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык кызыкчылыгы талап кылса, же аларды оңдоо зарылдыгына алып келген факторлор пайда болсо, мамлекеттик сырдын маалыматтары мөөнөтүнөн мурун ачыкка чыгаруу же жашырындуулук мөөнөттөрү узартылуусу мүмкүн. Сырды ачыкка чыгаруу жана анын жашырындуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү чечим кызыкчылыгы бар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

 

10-статья. Мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнүн тартиби

 

Мамлекеттик сырды сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын граждандарына атайы уруксат берилет. Ошондой эле эмгек келишими түзүлгөнгө чейин, ошол граждандарга байланыштуу алардын өз каалоосу менен жазуу жүзүндө берилген макулдугу боюнча текшерүү чаралары жүргүзүлөт.

Эмгек келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруудагы граждандардын милдети; ошол маалыматты таратпоо жөнүндө милдеттенме; мамлекеттик сыр менен иштөөгө байланышкан чектөөлөр.

Текшерүү иш-чараларынын көлөмү алар менен иштөөгө уруксат берилүүчү маалыматтардын жашырындуулук даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын жашырындуулугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырлар менен иштөөгө жол берилүүчү төмөнкү үч формасы белгиленет: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтар. Жарандарда жашырындуулуктун кыйла жогорку даражасындагы маалыматтар менен иштөө үчүн жетимдүүлүктүн болушу, алардын төмөнкү даражасындагы жашыруун маалыматтар менен иштөөсүнө жол берүү үчүн негиз болуп саналат.

Граждандарга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон мамлекеттик сыр катары эсептелген маалымат гана берилиши зарыл.

Кыргыз Республикасынын граждандары администрациянын мамлекеттик сырды сактоого байланышкан эмгек келишиминин шарттарын бузуучу чечимдерине жогору турган органдарга же сот тартибинде даттанууга укуктуу.

Мамлекеттик сырлар менен туруктуу негизде иштөөгө жол берилген жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленет:

- ага иштөөгө жол берилген маалыматтардын жашыруундуулук даражасына ылайык кызмат маянасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген пайыздык кошумча акы;

- мамлекеттик бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар уюштуруучулук жана (же) штаттык иш-чараларды өткөргөндө режимдик-жашыруун бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн жумуш орундарында калууга артыкчылыктуу укук. Көрсөтүлгөн категориядагы кызматкерлерди дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Мамлекеттик сырга улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуусуз жана сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмелерди жол-жоболоштуруусуз төмөнкүлөргө жол берилет:

- Кыргыз Республикасынын Президентине;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын орун басарларына;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасына жана мүчөлөрүнө;

- Премьер-министрге, вице-премьер министрлерге, коргоо, коопсуздук, ички иштер, мамлекеттик чек араларды кайтаруу жана коргоо маселелери карамагында болгон мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына. Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан аныкталуучу аларга теңештирилген кызмат адамдарына жана алардын орун басарларына;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына.

 (КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74, 2014-жылдын 21-январындагы № 15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-статья. Жашырын сырга уруксат берүүнү чектөөнүн же токтотуунун шарттары

 

Кыргыз Республикасынын төмөндөгү граждандарына мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берилбейт:

- чет өлкөдө туруктуу жашап турган же тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгуу, чет өлкөнүн граждандыгын алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылгандарга;

- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар, атайын кылмыш жасагандык үчүн шектүү, айыпталуучу, соттолуучу катары тартылгандар, ошондой эле аларда бул кылмыштары үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу болгондор;

- тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик сыр менен иштөө үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрү барларга;

- анкеталык маалыматтарга билип туруп мамлекеттик сыр менен иштөөгө жол берүү жөнүндө чечимди кабыл алууга таасирин тийгизүүчү жалган кабарларды көрсөткөндөр;

- эки жарандуулугу барлар.

Чет өлкөлүктөргө жана граждандыгы жок адамдарга мамлекеттик жашырын сыр менен таанышууга жол берилбейт.

Граждандарга жашырын маалыматтарды алууга жол берүү мамлекеттик органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу эмгек келишими (контракт) бузулганда;

- жашырын маалыматты сактоого байланышкан эмгек келишими (контракт) одоно жана дайыма бузулганда.

Граждандарга жашырын маалыматты алууга жол берүүнү токтотуу граждандар менен эмгек келишимин (контрактты) бузуу үчүн негиз болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жашыруун сыр менен таанышууну Кыргыз Республикасынын гражданын өзүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырды таратпоо милдетинен бошотпойт.

 (КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74, 2014-жылдын 21-январындагы № 15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-статья. Мамлекеттик жана аскердик сыр менен кабардар граждандардын укугун чектөө

 

Укугун чектөө төмөндөгүлөргө тиешелүү:

- сөз эркиндиги укугунун мамлекеттик жана аскердик сырлар жөнүндөгү маалыматка тиешелүү бөлүгүнө;

- мамлекеттик жана аскердик сырга байланыштуу ачылыштарды, ойлоп табууларды пайдаланууга болгон өзгөчө укуктуулукка;

- сот органдарында ачык текшерүү укугуна.

Граждандар мамлекеттик сыр менен иштөөгө уруксат берүүнүн шарттары администрация тарабынан бузулса даттанууга жана укукту негизсиз чектөөгө байланыштуу соттук коргоону талап кылууга укуктуу.

 

13-статья. Мамлекеттик жашырын сыр менен иштөөнүн тартиби

 

Мамлекеттик жашырын сыр менен иштөөнүн тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жашырын сырды сактоонун тартибин камсыз кылуу боюнча нускоого ылайык жүзөгө ашырылат.

 

14-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик сырды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

 

(1-бөлүгү КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик сырды коргоо алкактарында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

- мамлекеттик сырды коргоо чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка норматив актыларынын аткарылышын жана мамлекеттик жашырын сырды сактоо маселелеринде мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга жетекчиликти камсыз кылат;

- бул иштин структурасын, уюштуруу тартибин, ишин, финансыланышын жана материалдык-техникалык камсыз кылынышын, ошондой эле мамлекеттик сырларды сактоо боюнча бөлүмчөлөрдү жоюуну аныктайт;

- Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн эң башкы маалыматтардын тизмесин иштеп чыгат жана бекитет;

- Ачыкка чыгарууга болбогон маалыматтардын тизмесин бекитет;

- жашырын маалыматтарды биргелешип пайдалануу жана сактоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды түзөт, аны башка мамлекеттерге берүүгө көзөмөл жүргүзөт;

- мамлекеттик жана аскердик жашырын сырды түзгөн маалыматтар менен туруктуу негизде иштөөгө киргизилген адамдар үчүн жеңилдиктерди берүүнүн өлчөмүн жана тартибин белгилейт;

- жашырын маалыматты таратуунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктайт;

- республикада мамлекеттик сырды сактоо боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана ишти уюштурууга тиешеси бар министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сырды коргоо системасындагы ыйгарым укуктары

 

Улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чектеринде:

- мамлекеттик сырдын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрлөө иштеринин коопсуздугун, чет өлкөлүк чалгындоонун техникалык каражаттарына каршы аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн көзөмөлдү уюштурат;

- мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана бирикмелерде жашырындуулуктун тартибин текшерүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтар менен иштөөгө уруксат берүүдө Кыргыз Республикасынын граждандарын текшерүү иш-чараларын жүргүзөт;

- мамлекеттик сырды сактоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана бирикмелерге методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына мамлекеттик сырды сактоо боюнча иштердин жыйынтыктары жөнүндө билдирет.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-статья. Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар

 

Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар төмөнкүлөр:

- улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- министрлердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын режимдик-жашырын бөлүмчөлөрү;

- (төртүнчү абзац КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Мамлекеттик сырды сактоо - аларга ээ болгон Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын, ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, бирикмелеринин, ошондой эле кызмат адамдарынын жана граждандарынын милдети.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Жашырын маалыматты башка мамлекетке берүү

 

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, берилүүчү жашырын маалыматты коргоо боюнча тараптардын милдеттерин караган эл аралык келишимдер жашырын маалыматты башка мамлекетке берүү үчүн негиз болуп саналат.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья. Башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жашырын сырларын сактоо

 

Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте берилген башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жашырын сырлары ушул Мыйзам менен, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде корголот.

(КР 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаргандык, ошондой эле маалыматты укукка ылайыксыз жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Мамлекеттик сырдын сакталышын камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, бирикмелердин жетекчилерине жүктөлөт.

Жашырын маалыматтарды ачыкка чыгаргандык, алардын жашырындыгынын даражасын укукка ылайыксыз жогорулаткандык же төмөндөткөндүк, жашырындыктын тарабын бузгандык, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар, келтирилген зыяндын оордугуна карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыш, административдик, тартип жоопкерчилигине тартылышат.

 

Кыргыз Республикасынын
 Президенти

А.Акаев