Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\632a2aed-4d8f-4c5a-b007-05d36fad0596\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1994-жылдын 14-апрели № 1480-XII

Салыктык эмес төлөмдөр

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1481-XII токтому менен колдонууга киргизилген)

(2004-жылдын 5-январындагы № 3, 2006-жылдын 27-январындагы № 28, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,
2009-жылдын 26-майындагы № 168, 2009-жылдын 27-июлундагы № 253, 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275,
2009-жылдын 22-октябрындагы № 2842011-жылдын 11-мартындагы № 4, 2011-жылдын 30-майындагы № 33,
2011-жылдын 16-июнундагы № 482012-жылдын 14-мартындагы №13, 2012-жылдын 20-июнундагы № 89,
2012-жылдын 9-августундагы № 1622012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 17-июлундагы № 149,
2014-жылдын 17-майындагы № 72, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 13-февралындагы № 32,
2015-жылдын 4-мартындагы № 50, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181, 3 августа 2015 года № 211,
2016-жылдын 16-апрелиндеги № 43, 2016-жылдын 29-июнундагы № 92
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Бул Мыйзам салыктык эмес төлөмдөрдүн түшүнүгүн жана тизмесин аныктайт, ыктыярдуу салым жана мажбурлап өндүрүп алуу үчүн мыйзамдуу негиз түзөт.

 

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья.

 

Салыктык эмес төлөмдөрдү белгилөө жана алып салуу, өлчөмдөрдү жана мөөнөттөрү, бюджетке чегерүүнүн тартиби, ошондой эле аларды төлөөчүлөргө жењилдиктерди берүү ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши жана мамлекеттик бийликтин башка органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кошпогондо, салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча шарттарга карата турукташтыруу режимин колдонууга байланыштуу укук мамилелери Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2015-жылдын 13-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья.

 

Жыйым, төлөм, чегерүү, киреше жана санкция түрүндө бюджетке келип түшүүчү салыктык эмес төлөмдөр Мыйзам тарабынан аныкталат.

Жыйым - бул мамлекеттик органдар көрсөткөн кызмат үчүн мамлекет тарабынан белгиленгенге милдеттүү, бир жолку мүнөздөгү акчалай салым. Жыйымдын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтын наркына ылайык келет.

Төлөм - бул мамлекеттик милдеттерди аткаргандыгы үчүн мамлекеттик органдардын көрсөткөн кызматынан пайдалануучу юридикалык жактар жана кишилер мезгил-мезгили менен төлөй турган акчалай салым.

Киреше - Мыйзам боюнча менчик ээси мамлекет болуп саналган мүлктүн толук наркы өлчөмүндө же акчалай каражат түрүндө киргизиле турган же өндүрүлө турган мамлекет тарабынан белгиленген чегерүүлөр.

Санкциялар - бул тартип бузуучуларга карата колдонула турган мүлктүк жактан таасир көрсөтүүнүн Мыйзамда каралган чаралары.

Чегерүү - жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө жер казынасын пайдалануучу тарабынан милдеттүү түрдө берилүүчү төлөмдүн мамлекет белгилеген түрү.

(КР 2012-жылдын 20-июнундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм

Жыйымдар

 

3-статья. Атайын продукцияны берүү жана алмаштыруу, экзамендерди кабыл алуу жана автомототранспортту техникалык кароону жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар

 

Автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын продукцияны берүү жана алмаштыруу, экзамендерди кабыл алуу жана автомототранспортту техникалык кароону жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.

Жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоодогу жыйым

 

Каттоо үчүн жыйым жалпыга маалымдоо каражаттарын каттагандыгы жөнүндө өзүнө берилген күбөлүк үчүн аны уюштуруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнөт.

Каттоо үчүн жыйымды төлөөнүн тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республика Өкмөтү белгилейт. Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо үчүн жыйымдардын суммасы жалпыга маалымдоо каражаттары катталган жер боюнча бюджетке чегерилет.

 

5-статья. Коомдук уюмдардын уставдык документтерин каттагандык үчүн жыйым

 

Жыйымды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө уставдык документтерин каттаткандыгы үчүн коомдук бирикмелер төлөйт. Өндүрүлүп алынган жыйымдардын суммасы коомдук бирикмелер катталган жер боюнча бюджетке чегерилет.

 

6-статья. Өнөр жайында иш жүргүзүүнүн коопсуздугу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алынуучу жыйымдар

 

Бул суммалар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тоо кен-техникалык көзөмөл органдарынын контролу астындагы кооптуу өнөр жай өндүрүштөрүнө (объектилерине) жана жумуштарына байланыштуу иш-аракеттин түрлөрүнө лицензия бергендик үчүн юридикалык жактардан жана кишилерден өндүрүлөт. Жыйымдарды төлөөнүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилейт.

Лицензияларды бергендик үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

(КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 7-статья. Адиске баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү

 укугуна күбөлүк бергендик үчүн жыйым

 

Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна адиске күбөлүк бергендик үчүн жыйым адис күбөлүктү алганын ырастаган документтерди берген күнү белгиленген беш эсе эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө төлөнөт.

Жыйымды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ кылчу күбөлүк адиске берилгендик үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 8-статья. Баалуу кагаздар боюнча профессионалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия бергендик үчүн жыйым

 

Жыйым баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча профессионалдык далдачылык ишти, баалуу кагаздар боюнча комиссиялык, коммерциялык жана башка түрдөгү иш-аракетти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар тарабынан лицензия алынганын ырастаган документтер берилген күнү белгиленген он эсе эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө төлөнөт. Лицензиянын аракетин андан кийинки жылдарында ар жылкы акы баалуу кагаздар менен операциялардын жүгүртүлүшүнүн наркынын 0,1 процент өлчөмүндө белгиленет.

Жыйымды төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү, андан кийинки төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Баалуу кагаздар боюнча профессиналдык иш жүргүзүү укугуна лицензия бергендик үчүн жыйым жана андан кийинки ар жылкы төлөм Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 9-статья. Банктык операцияларды жасоого лицензияларды бергендик үчүн жыйым

 

Жыйым банктарга жана башка кредиттик мекемелерге банктык операциялар менен иш жүргүзүү укугуна лицензияларды бергендик үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө Кыргыз Республикасынын улуттук банкы тарабынан өндүрүлөт.

Жыйымды төлөөнүн тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын улуттук банкы аныктайт.

Банктык операцияларды жасоого лицензияларды бергендик үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

 

10-статья. Чет өлкөлүк фирмалардын, банктардын жана уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачууга уруксат бергендик үчүн жыйым

 

Жыйымдар Кыргыз Республикасында өз өкүлчүлүктөрүн ачууга уруксат алганга чейин Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктөрүн ачууга таламдаш болгон чет өлкөлүк фирмалар, банктар жана уюмдар тарабынан төлөнөт.

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк фирмалардын, банктардын жана уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачууга уруксат бергендик үчүн жыйым АКШнын 700 доллары өлчөмүндө төлөнөт.

Жыйымдарды алуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык токтолушу же чектелиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк фирмалардын, банктардын жана уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачууга уруксат бергендиги үчүн алынган жыйымдардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензияларды бергендик үчүн жыйым

 

Камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензияларды бергендик үчүн жыйым камсыздандыруу уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө киргизилет.

Лицензияларды бергендик үчүн акы төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Лицензияларды бергендик үчүн камсыздандыруу уюмдарынан түшкөн суммалар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

(КР 2004-жылдын 5-январындагы № 3, 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-статья. Кыргыз Республика Өкмөтүнүн чечимдери менен белгиленген жыйымдар, ошондой эле бир жолку кайрымдуулук

 

Юридикалык жактар жана кишилер боорукердик максаттарга мамлекеттик кирешесине ыктыярдуу түрдө мүлктүк салымдарды (кайрымдуулук) бере алышат. Кыргыз Республикасынын зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен белгилүү максаттарга жыйымдарды белгилөөгө акылуу.

 

12-1-статья. Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйым

 

1. Жыйымдын төлөөчүлөрү юридикалык жана жеке жактар (курулуштардын ээлери) болот.

2. Жыйым ставкасынын өлчөмү алардын аткаруучу органдын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитип берилген аянтка жана ишканада иштегендердин санына (юридикалык жактар үчүн), курулуштун өлчөмүнө, үйдүн тургундарынын санына (жеке адамдар үчүн) жараша, бирок эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн ашык эмес өлчөмдө аныкталат жана тиешелүү жергиликтүү бюджетке өтүп жаткан жылдын 1-апрелине чейин төлөнөт.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-2-статья. Автотранспортту парковкалоо жана токтотуу үчүн жыйым

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары ушул максатта бөлүп берген же атайын жабдылган жерлерде автомашиналарга парковкалоо жана токтотуучу жай берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар жыйымдарды төлөөчүлөр болуп саналат.

2. Автотранспорт каражатын парковкалоо жана токтотуу үчүн жыйымдардын өлчөмү, аны тескөө жана төлөө тартиби парковканын же токтотуучу жайдын ордун, суткадагы убактысын жана узактыгын, транспорттун түрүн эске алуу менен аткаруучу органдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-3-статья. Апостиль коюу үчүн жыйымдар

 

1. Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан апостиль коюлгандыгы үчүн жыйым алынат.

2. Жыйымдын өлчөмү, алуу тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

(КР 2011-жылдын 11-мартындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 12-4-берене. Транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар

 

Транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин, жалпы салмагын жана октук салмагын таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары тарабынан алынат.

(КР 2012-жылдын 14-мартындагы №13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-5-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдар (акчалай салымдар)

 

Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдарды (акчалай салымдарды) этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөн субъекттер этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тиешелүү лицензияларды алгандан кийин төлөшөт.

Жыйымдын (акчалай төлөмдүн) өлчөмүн, аны жыйноонун тартибин жана төлөөнүн мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдар (акчалай салымдар) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин эсебине киргизилет.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы №33, 2012-жылдын 14-мартындагы №13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-6-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттарын киргизүү үчүн жыйым

(КР 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

12-7-статья. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн жыйым

 

Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн жыйым алынат.

Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн алынуучу жыйымдын өлчөмү, жүрүү үчүн жыйым алынган транспорт каражаттарынын категориялары, эсептешүү усулу, жыйынды эсептөөнүн жана алуунун тартиби, жыйымды алууга контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн жыйым алуудан бошотулат:

- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган жактарга акысыз таратууга, же болбосо ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүүгө арналган товарларды ташыган;

- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон.

Кыргыз Республикасында катталган, коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыз кылуу максатында пайдаланылуучу жүк ташуучу транспорт каражаттары, автобустар, өрттөн коргоо кызматынын ишин, медициналык тез жардамды жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жол жана жол инфратүзүмүн колдонуу жана техникалык тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары жолдо жүрүү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.

Ушул статьянын 3- жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын жол жүрүшү үчүн жыйым төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III бөлүм

Төлөмдөр

 

13-статья. Мамлекеттик каттоо жана лицензияларды бергендик үчүн акы

 

Мамлекеттик каттоо үчүн акы өздөрүнүн уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар тарабынан төмөндөгүдөй өлчөмдө киргизилет:

- иш-аракети (Уставды, Жобону) катталгандык үчүн – документтерди берген күнү белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;

- Уставды (Жобону) кайра каттагандык үчүн - документтерди берген күнү белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 процент өлчөмүндө.

Каттоо жана кайра каттоо үчүн акы төлөөчүнүн катталган жери боюнча бюджеттин кирешесине келип түшөт; анын төлөнүшүнүн тууралыгы үчүн жоопкерчилик төлөөчүлөргө жүктөлөт.

Лицензия бергендик үчүн акы менчигинин формасына карабастан бардык чарбалык субъектилер тарабынан, лицензиялоого таандык болгон ээлик кылуучулук иш-аракетин жүргүзүүнү каалаган граждандар тарабынан төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө киргизилет:

- юридикалык жактардан лицензияны алуу жөнүндө документтерди берген күнү белгиленген он эсе эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;

- юридикалык жакты түзбөгөн граждандардан лицензия алуу жөнүндө документтерди берген күнү белгиленген беш эсе эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө.

Лицензия үчүн акы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине келип түшөт.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 14-статья. Атайын мектептерде жана атайын келиптик-техникалык окуу жайларында тарбиялануучуларды күткөндүк үчүн акы

 

Атайын мектептерде жана атайын кесиптик-техникалык окуу жайларда балдарды күткөндүк үчүн акы балдары атайын мектептерге жана атайын кесиптик-техникалык окуу жайларга кирген кишилер (ата-энелер) тарабынан төлөнөт.

Бул окуу жайларда балдарын күткөн үчүн ата-энелердин төлөм акыларынын чек өлчөмдөрү, аны төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Атайын мектептерде жана атайын кесиптик-техникалык окуу жайларда балдарын күткөн үчүн ата-энелеринен келип түшкөн суммалар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.

 

15-статья. Мектеп-интернаттарда балдарды күткөндүк үчүн акы

 

Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда, ошондой эле адистештирилген жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарга балдарын күткөн үчүн акы балдары ушул интернаттык мекемелерге өткөн кишилерден алынат.

Жогоруда айтылган окуу жайларында балдарын күткөн үчүн акынын өлчөмү, тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республика Билим берүү министрлиги жана Финансы министрлиги менен макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Интернаттык мекемелерде балдарын күткөн үчүн алынган каражаттар интернаттык мекеме финансыланган бюджеттин кирешесине чегерилет.

 

16-статья. Кара жана түстүү металлдардын сыныгы жана таштандылары үчүн бюджетке төлөмдөр

 

Кара жана түстүү металлдардын сыныгынын жана таштандыларынын наркынын суммасын бюджеттин кирешесине төлөөчүлөр өздөрү тапшыра турган металл сыныктарын даярдоону, ылгоону жана жөнөтүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат.

Бюджет менен эсептешүүлөр төмөндөгүлөр үчүн жүргүзүлөт:

- адистештирилген уюмдардын күчтөрү менен чогултулган түстүү металлдардын ээсиз сыныктары жана таштандылары, ошондой эле даярдоо уюмдары керек-жарак кооперациясына тапшырган ээсиз сыныктар үчүн;

- мамлекеттик бюджетте турган мекемелерден жана уюмдардан (анын ичинде Кыргыз Республика коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик бөлүктөрүнөн) ылгоо үчүн базаларга (аянттарга) жана цехтерге жеткирилген кара жана түстүү металлдардын сыныктары жана таштандылары, конфискацияланган, ээсиз мүлктүн жана мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн мүлктүн жана кенчтин составында салык органдары тапшырган кенчтер үчүн. Тийиштүү сумманы бюджетке которуу ай сайын жүргүзүлөт.

Кара жана түстүү металлдардын сыныктарынын жана таштандыларынын наркынын суммасы металл сыныктарын тапшырган мекемелер, уюмдар кимге баш ийгендигине жараша бюджеттердин кирешелерине чегерүүлөргө тийиш.

 

17-статья. Тамгалоо төлөмү

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Тамгалоо төлөмү ички өндүрүштөгү, ошондой эле республикага сатып өткөрүү үчүн алынып келинүүчү кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергер, тиричилик буюмдарына белги коюу, текшерүү жана эн салуу, тамгалоо эн издерин техникалык экспертизалоо, кымбат баалуу металл кошулган буюмдарды жана материалдарды экспертизалоо жана башка лабораториялык иштер үчүн алынат.

Тамгалоо көзөмөлүн жүргүзүү тартиби, ошондой эле тамгалоо төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Акынын суммасы Кыргыз Республикасында республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.

(КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 18-статья. Майда ээнбаштык үчүн камалган адамдар аткарган жумуштар үчүн ишканалардан жана уюмдардан келип түшкөн каражаттар

 

Майда ээнбаштык үчүн камалган адамдар аткарган жумуштар үчүн ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан чегерилген суммалар бюджеттин кирешесине киргизилет. Аларды күтүүнүн жана тамактандыруунун наркы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши белгилеген тартипте жана өлчөмдө аныкталат.

Бул адамдар аткарган жумуштар үчүн ишканалар жана уюмдардан келип түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджеттердин кирешелерине чегерилет.

Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын чечими боюнча жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдар камалгандарды жана милицияны күтүүгө толугу менен чыгымдалат.

 

19-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн алынчу ижаралык акы

 

Мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган мүлктү ижарага берүүдөн ижаралык акы бул мүлктү пайдалангандык үчүн ижарага алгандар тарабынан ижара жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана шартта төлөнөт.

Мамлекеттик менчикке таандык мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелер төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- 30 пайызы республикалык бюджетке чегерилет;

- 70 пайызы мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан мамлекеттик имараттарды (жайларды) күтүүгө жана оңдоого пайдаланылат.

Административдик-аймактык түзүлүштөрдүн муниципалдык менчигине таандык мүлктү ижарага алганда ижаралык акы тийиштүү бюджеттерге чегерилет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 253, 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! Мамлекеттик маданият мекемелерине карата 19-берененин 2-бөлүгү КР 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

191-статья. Лотереялык ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу үчүн төлөм

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

192-статья. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм

 

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм Кыргыз Республикасында пайдалуу кен байлыктарды издөөгө жана/же чалгындоого жана/же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт.

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдүн суммасын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдөн түшкөн суммалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине түшөт.

Эгер лицензияланган аянт же анын бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбесе, анда бул аянттагы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке жиберилет.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы № 162, 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

III-1-бөлүм

Чегерүүлөр

 

(Бөлүм КР 2012-жылдын 20-июнундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-3-статья. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

 

1. Пайдалуу кендерди (көмүрдү, сымапты, минералдык жана термалдык сууларды жана курулуш материалдар катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жана катталган жерине карабастан пайдалуу кендердин табылган жери боюнча областтардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү (мындан ары төлөөчү) болуп саналат.

2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр областтардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кыйыр салыктарды эсепке албастан, 2 пайыз өлчөмүндө, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт.

3. Эгерде субъект казылып алынган пайдалуу кендерди кайра иштетүүнү жана алардан продукция чыгарууну өз алдынча жүзөгө ашырса, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана күтүү үчүн чегерүүлөр аларды кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарды чыгарып салуу менен пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын иш жүзүндөгү көлөмүнөн жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде кен чыккан жер ар башка райондорго кирген эки же андан ашык айылдык аймактардын аймагында жайгашкан учурда, төлөөчү эсептик каттоодон өтүүнү ар бир райондун салык органында жүзөгө ашырат, чегерүүнүн суммасы ошол же башка райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу төлөнөт. Токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймактарында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө арналган каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондунун эсебине жиберилет.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык алтындын запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

 - 50 пайыз - областы өнүктүрүү фондуна;

 - 30 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;

 - 20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.

Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

 - 80 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;

 - 20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.

6. Алтындан тышкары башка пайдалуу кендер чыккан жерлер боюнча:

- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5 - бөлүгүнүн 1-4-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт;

- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине кирбеген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5 – бөлүгүнүн 5-7-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт.

7. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө багытталган каражаттарды башка максаттарга колдонууга жол берилбейт.

Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарын максатсыз пайдаланууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2013-жылдын 17-июлундагы № 149, 2015-жылдын 4-мартындагы № 50 Мыйзамдарынын реда ылайык)

 

IV бөлүм

Кирешелер

 

 20-статья. Мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн мүлктү, конфискацияланган ээсиз мүлктү жана кенчтерди сатуудан түшкөн кирешелер

 

Соттордун же атайын укук (полномочие) берилген башка мамлекеттик органдардын өкүмдөрүнүн, аныктамаларынын жана токтомдорунун негизинде конфискацияланган мүлктөр, белгиленген тартипте ээсиз деп табылган мүлктөр, мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн мүлктөр, мамлекетке өткөрүлүп берилген кенчтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүп берилүүгө же сатылууга тийиш.

Ар кандай түрдөгү жана абалдагы кымбат баалуу металлдар, чийки жана иштетилген түрдөгү кымбат баалуу жана жарым кымбат баалуу таштар, табигый бермет, ушул металлдардан жана таштардан жасалган зергердик жана тиричилик буюмдары Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилет.

Тарыхый, илимий, көркөмдүк же башка маданий баалуулугу бар, диний сыйындуу буюмдары, китепкана штампы бар китептер, товардык түрүн жоготкон, бирок пайдаланууга жарактуу китептер, балдар темасындагы открыткалар, дары-дармек каражаттары, балдардын тамагы экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге акысыз өткөрүлүп берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдү сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана мүлктүн дайындалышынын түрүнө жараша жергиликтүү бюджеттин кирешелерине чегерилет.

 (КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 21-статья. Таркатылбаган почталык жөнөтмөлөрдү Кыргыз Республикасынын почталык байланыш органдары саткандан түшкөн кирешелер

 

Кыргыз Республикасынын почталык байланышынын таркатылбаган почталык жөнөтмөлөрдү сактоону, сатуунужүзөгө ашыруучу органдары аларды сатуудан түшкөн суммаларды жана кабыл алган күндөн тартып алты айдын ичинде жөнөтүүчү кайра талап кылбаган катталган почталык жөнөтмөлөрдү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегеришет.

 (КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 22-статья. Темир жол, суу, аба жана автомобиль транспортунда кайра талап кылынбаган жүктөрдү сатуудан түшкөн кирешелер

 

Ташыганда бузулуп, же жоголуп кете турган, жөнөткөн жак, эгер жеткирилген станциясында алуучусу жок болсо, аны эмне кылыш керектигин билдирбеген - ээсине жетпей мамлекеттик темир жолдордо, пароходдордо, аба транспорт жана автокире ишканаларында калып калган жүктөрдү, ошондой эле темир жолдор, пароход, аба транспорт жана автокире ишканалары өз маалында талап кылбаган документсиз жүктөрдү, граждандардын буюм-тайымын сатып жиберүүгө жол берилет.

Аларды сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.

 

 23-статья. Кыргыз Республика Коргоо министрлигинин мекемелеринен жана уюмдарынан түшкөн кирешелер

 

Кыргыз Республика Коргоо министрлигинин органдары ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын муктаждыгы үчүн табелдик эмес, ашык жана өздөрүнө керексиз мүлктү акы үчүн беришет.

Мүлктөрдү сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.

 

 24-статья. Кыргыз Республика Финансы министрлигине караштуу Кымбат баалуу металлдар жана таштар башкармасына ломбарддардан белгиленген мөөнөттө кайра талап кылынбаган буюмдарды тапшыруудан түшкөн кирешелер

 (КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

 25-статья. Чет өлкөлүк мекемелерден, фирмалардан жана алардын өкүлдөрүнөн белек катары граждандардын ээлигине түшкөн буюмдарды сатуудан алынган кирешелер

 

Өздөрү кызматтык милдеттерин аткарууда ишкердик карым-катнаштарды жүзөгө ашыруучу же илим, маданият, искусство, спорт жана д.у.с. жагынан кандайдыр бир башка кесиптик милдеттерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын ээлигине чет өлкөлүк (эл аралык) уюмдардын, мекемелердин, фирмалардын жана алардын өкүлдөрүнүн белектери катары түшкөн кымбат баалуу буюмдарын сатуудан алынган сумма мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш.

Мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш болгон кымбат баалуу белектерге наркы мыйзамда белгиленген элүү эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмдөрүнөн жогору болгон буюмдар таандык.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмдар Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Белектерди сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.

Кымбат баалуу белектерди мамлекеттин кирешесине өткөрүп берүүдө же кечиктирүүдө күнөөлүү адамдар колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жооп тартышат.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28, 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 26-статья. Кылмыштуу аракеттерден жапа тарткан граждандарды дарылоого чыгымдалган каражаттардын ордун толтуруу

 

Кылмыштуу аракеттерден жапа тарткан граждандарды дарылоого каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республика Өкмөтү белгилеген тартипте бөлүнүп берилет.

Мында мамлекет тарткан чыгымдар колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык күнөлүү адамдардан сот тартибинде бюджетке өндүрүлүп алынат.

 

 27-статья. Бюджеттик мекемелердин депозиттик эсептеринде турган каражаттар

 

Бюджеттик мекемелердин депозиттик эсептеринде турган кайра талап кылынбаган депозиттик суммалар доо эскилигинин мөөнөтү өткөндөн кийин бул депозиттик суммалар эсебинде турган мекеме же уюм кайсы бюджетте тургандыгына жараша тийиштүү бюджетинин кирешесине чегерилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн суммаларды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан белгиленет.

 (КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 28-статья. Кыргыз Республика Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан кирешелер

 

Кыргыз Республика Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан кирешелердин суммасын эсептөөнүн жана төлөөнүн тартибин Кыргыз Республика Өкмөтү белгилейт.

 

 29-статья. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын чыгымдарынан кирешелеринин ашып кетиши

 

Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын сметалары боюнча чыгымдарынан кирешелеринин ашып кетишинин суммасы, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен бул суммаларды башкача багыттоо белгиленбесе, алар тарабынан тийиштүү бюджеттердин кирешесине киргизилет.

Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын тизмесин, аларды төлөөнүн тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республика Өкмөтү аныктайт.

 

V бөлүм

Санкциялар

 

 30-статья. Түзөтүү жумуштарынын инспекциясынын кирешелери

 

Өзүнүн укукка каршы аракеттери менен мамлекетке же айрым граждандарга материалдык зыян келтирген граждандардын эмгек акысынын бир бөлүгүн сот тартибинде кармоодон ушул каражаттар келип түшөт.

Келип түшкөн каражаттардын бүткүл суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

 

31-статья. Материалдык байлыктарды уурдап жок кылууда жана өз пайдасына жумшоодо күнөөлү адамдардан өндүрүлүүчү суммалар

 

Материалдык байлыктарды уурдагандыгы жана өз пайдасына пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү адамдардан сот тартибинде зыян келтирилген күнү ошол жерде күчүндө турган баалар боюнча алардын наркы өндүрүлүп алынат.

Мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган материалдык байлыктарды уурдап жок кылууда жана өз пайдасына жумшоодо күнөөлүү адамдардан кармалган суммалар республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине чегерилет.

 (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 32-статья. Стандарттардан жана техникалык шарттардан чегинүү менен жасалуучу продукцияны чыгаргандыгы жана саткандыгы үчүн суммалардын келип түшүшү

 

Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле граждандар стандарттардан жана техникалык шарттардан чегинүү менен жасалуучу продукцияны чыгаргандыгы жана саткандыгы үчүн Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттө штраф төлөйт.

Суммаларды которуу Кыргыз Республика Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жүргүзүлөт.

 (КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 33-статья. Бааларды колдонуу тартибин бузгандык үчүн санкциялар

 

Баанын мамлекеттик тартибин бузууга жол берген чарбакер субъекттерге (чет өлкөлүк инвестициялуу ишканаларды кошо алганда) карата тиешелүү санкциялар колдонулат.

Баа чектөө жана аны көзөмөлдөө органдарынын чечими боюнча баанын мамлекеттик тартибин бузуудан түшкөн сумма сөзсүз түрдө тартылып алынат, ошондой эле аталган тартипти бузгандар эки эселенген өлчөмдө, эгер тартип экинчи жолу да бузулса, үч эселенген өлчөмдө айып (штраф) тартышат.

Финансылык санкцияларды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республика Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

 34-статья. Административдик штрафтар жана башка санкциялар

 

Административдик штрафтар жана башка санкциялар юридикалык жактар жана кишилер тарабынан алар укук тартибин бузууга жол берген учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнөт.

Административдик штрафтардын жана башка санкциялардын суммалары республикалык бюджетке же, эгер бул мыйзамдарда же нормативдик актыда каралса, башка дењгээлдеги бюджетке чегерилет. Административдик штрафтарды жана башка санкцияларды өндүрүп алуу үчүн контроль штраф салуу же санкцияларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Штраф салуу же санкцияны колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин салык органдары аларды ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан талашсыз тартипте, ал эми граждандардан сот тартибинде тийиштүү бюджеттерге өндүрүп алууну жүргүзүшөт.

 

VI бөлүм

Салыктык эмес төлөмдөрдү эсепке алуунун тартиби

 

Ушул Мыйзамдын 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 16, 17, 18, 19, 23, 24-статьяларында көрсөтүлгөн салыктык эмес төлөмдөрдү бюджетке төлөө боюнча ишканалардын чыгымдары продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркына киргизилет.

Санкциялар түрүндө (32, 33, 34-статьялар) бюджетке киргизилген суммалар ишкананын карамагында калган пайданын (кирешенин азайтылышына таандык кылынат.

Адамдык жактар бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдү өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.

 (КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VII бөлүм

Төлөөчүлөрдүн милдеттери жана жоопкерчилиги

 

Төлөөчүлөр салыктык эмес төлөмдөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Тартип бузган учурларда алар күчүндө турган мыйзамдарга ылайык жооп тартышат.

(КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VIII бөлүм

Жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү өндүрүп

алууга контроль

 

Салыктык эмес төлөмдөрдү бюджетке туура жана өз убагында төлөшүнө контролду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык органдары жүзөгө ашырышат.

(КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын
         Президенти

 

А. Акаев