Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 16-октябры 683-IV

2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин

бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:

"Депутат А.А.Арапбаевди Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;

"2008-жылдын 20-майындагы 235 "Буудай данына, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн караманын уругуна ташып кетүү (экспорттук) мезгилдүү бажы алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Шабатоевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Жээнбековдун уулу Б.Ж.Амиражановдун жоголуу фактылары боюнча иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү укук коргоо органдарынын маалыматы тууралу;

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Балдарга эмчек эмизүүнү коргоо жана балдардын жасалма тамактануусу үчүн азыктар менен каражаттардын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.

 

Төрага

А.Тагаев