Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 18-сентябры № 4328-V

2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын даярдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө

2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын даярдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К.Ж.Оторбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт:

2014-жылдын 8-майындагы № 250 "2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтому) жалпысынан республика боюнча отунду төмөнкү көлөмдөрдө даярдоо пландаштырылган:

- 2233,9 миң тонна көмүр, анын ичинде бюджеттик уюмдар тарабынан 237,3 миң тонна, калк тарабынан 966,6 миң тонна, Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн 1030,0 миң тонна (630,0 миң тонна импорттук, 400 миң тонна жергиликтүү);

- отун мазуту 75,2 миң тонна (Бишкек ЖЭБи - 14 миң тонна, Ош шаарынын ЖЭБи - 20,0 миң тонна);

- жаратылыш газы 300,0 млн. куб.м (түндүк региону боюнча 297,6 млн. куб.м түштүк региону боюнча 52,4 млн. куб.м).

2014-жылдын 1-сентябрына абал боюнча бюджеттик уюмдар тарабынан 3735,0 тонна көмүр даярдалып, мында айрым министрликтер жана мекемелер тарабынан даярдоо пландары аткарылбай жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана коомчулук Бишкек шаарынын ЖЭБинде көмүр сатып алуудагы одоно тартип бузууларды бир нече жолу белгилеген. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана "Электрстанциялары" ААКсы тарабынан көмүрдү бир булактан сатып алууга мүмкүн болушу үчүн өткөрүлгөн тендердин натыйжаларын жокко чыгаруу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Бул жагдай өз кезегинде коррупциялык схеманы туудурууда.

Өтүп жаткан жылдын 14-апрелинин 00:00 саатынан тартып "Узтрнасгаз" ААКсы тарабынан жаратылыш газын жөнөтүүлөр токтотулгандыгына байланыштуу республиканын түштүк регионунун керектөөчүлөрүн газ менен жабдуу өчүрүлгөн. 2014-жылдын 15-апрелине чейин жаратылыш газын көрсөтүлгөн жөнөтүүчүдөн керектөө 12,1 млн. куб.метрди түзгөн.

Республиканын түштүк бөлүгүнө газ жөнөтүү маселеси алигиче чечиле элек. Алдыдагы сууктун түшүшүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 26-июнундагы № 4278-V "Жаратылыш газынын жетишсиздигине байланыштуу 2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын, өзгөчө Ош областын, Ош, Жалал-Абад шаарларын электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен каралган жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүсү зарыл.

2014-жылдын 1-сентябрына абал боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11793,0 млн. куб метрди түзүп, мунун өзү 2013-жылдагыдан 3836,0 млн. куб метрге аз. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтому менен каралган көлөм боюнча суу сактагычты толтуруудан артта калуу болууда. Суу-энергетикалык алдын ала эсептөөлөр боюнча суунун көлөмү 2014-жылдын 1-октябрына 12 млн. куб метрге жакынды (планын көрсөткүчтөрүнөн 1,4 куб. метрге аз), 2015-жылдын 1-январыңа 10,0 млн. куб метрди (400 млн. куб метрден аз) 2015-жылдын 1-апрелине план 6,2 куб м. болгон менен 7,1 млрд. куб метрди түзөт.

Токтогул суу сактагычына сууну агып келишинин төмөндүгүнө байланыштуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын жана "Электрстанциялары" ААКсынын эсептөөлөрү боюнча 2014-2015-жылдардын кышкы мезгилине электр энергиясынын тартыштыгы 2,3 млрд. кВтс өлчөмүндө каралууда. Мында эсептөөлөр Тажикстан Республикасынан электр энергиясын жөнөтүүлөрдү (күтүлгөн көлөм 212 млн. кВтс) жана Казакстан Республикасынан электр энергиясын жөнөтүүлөрдү (кайтарып берүү, 128 млн. кВтс).

Тажик электр энергиясын жөнөтүү өтүп жаткан жылдын 17-майынан тартып жүзөгө ашырылып, 2014-жылдын май-сентябрында импорттун пландаштырылган көлөмү 600 млн. кВтсны түзгөн; 1-сентябрга абал боюнча импорттун көлөмү 168 млн. кВтсны түзгөн. Казакстан Республикасына электр энергиясын жөнөтүү тиешелүү суу берүүлөр менен 1-августан 15-августка чейин жүзөгө ашырылган. 15 күндүн ичиндеги жөнөтүүлөрдүн жалпы көлөмү оперативдүү маалыматтар боюнча 145,4 млн. куб м көлөмдөгү суу берүү менен 127,8 млн. кВтсны түзгөн.

Республика боюнча 2014-жыпдын 7 айынын ичинде электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 8843,5 млн. кВтсны, анын ичинде гидроэлектр станцияларда (мындан ары - ГЭС) 8126,6 млн. кВтсны, ЖЭБдерде - 716,8 млн. кВтсны түзгөн.

Өтүп жаткан жылдын июль айында бийик тоолордун тургундарына республикалык бюджеттик 51,0 млн. сом өлчөмдөгү компенсациялар төлөнүп берилген, андан тышкары 2014-жылдын эки кварталынын ичинде 63,0 млн. сом бөлүп берүү зарыл.

2013-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги берилген эсептөөлөргө ылайык казыначылыктын региондук бөлүмдөрүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебине акча каражаттарын квартал сайын бөлүп берүүгө милдеттүү. Бирок иш жүзүндө көпчүлүк учурларда акча каражаттары бир жылга кечигүү менен которулууда. Мындай практиканы токтотуу жана төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилгенге ылайык жүргүзүү зарыл.

2014-жылдын апрель-июлунда электр энергиясын иш жүзүндө керектөөнүн жыйынтыктары боюнча керектөөнүн белгиленген лимиттеринен ашып кетүүгө Ош шаарынан тышкары бардык областтар боюнча жол берилген. Республика боюнча бардыгы болуп көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде ашып түшүү 280,2 млн. кВтсны түзгөн. Бөлүштүрүүчү энергетика компанияларынын (мындан ары - БЭК) алдындагы керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы ушул жылдын 1-августуна 1242,2 млн. сомду түзгөн.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин атынан Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясы боюнча тарифтик саясат тариф түзүүнүн социалдык алгылыктуу механизмдерин жана кирешелеринин деңгээли төмөн керектөөчүлөрдү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу боюнча кепилдиктерди карабайт жана көңүлгө албайт.

Өтүп жаткан жылдын 1-сентябрынан тартып үч фазалуу эсеби бар тиричилик абоненттерине электр энергиясына тарифти көбөйтүү 1,20 сом/кВтс (70%га) калктын айрым катмарларын басмырлоого алып келиши мүмкүн, мында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен кепилдик берилген өзүнө тиешелүү мүлккө (электр энергиясына, керектөөчүнүн укуктары бузулууда), анын 222-статьясына ылайык менчик ээси өз мүлкүн өзү каалагандай пайдаланууга укуктуу.

Андан тышкары, үч фазалуу эсеби бар абоненттер электр энергиясын жылытуу муктаждыктары үчүн гана эмес, өздөрүнүн башка турмуштук зарыл чарбалык муктаждыктары үчүн пайдалангандыгын өзгөчө белгилей кетүү керек. Бул баарынан мурда жарыктандыруу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, тамак-аш даярдоо ж.у.с. Мында ичүүчү суу менен камсыз кылуу, талааларды сугаруу максаттарында пайдаланылып жаткан насос станцияларынын электр энергиясына тариф 0,70 сом/кВтс деңгээлинде калып, белгилүү бир түшүнүксүздүктү түзөт. Үч фазалуу эсеби бар тиричилик абоненттеринин саны республика боюнча 10,13%ды түзөт (Жалал-Абад - 2,52%, Ош - 1,68%, Ысык-Көл жана Нарын - 10,05%, Чүй жана Талас - 1898%).

Ошондой эле түзүлгөн электр энергиясынын 2,3 млрд. кВтс көлөмдөгү тартыштыгында да электр энергиясын керектөөчүлөрдү күзгү-кышкы мезгилде чектөөгө мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин буйругу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Электр энергетикасы жөнүндө" жана "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет. Андан тышкары электр энергиясынын түпкү керектөөчүлөрү үчүн тариф бул жөнүндө буйрукка 2014-жылдын 14-августунда кол коюлгандыгына карабастан, 2014-жылдын 1-июлунан тартып 1-сентябрына чейин белгиленген, ошондой эле 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып 2015-жылдын 1-апрелине чейин үч фазалуу абоненттер үчүн тариф белгиленип, анда да "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамдын 15-1-беренесинин 1-пунктун бузуу көрүнүп турат.

Энергетика жана өнөр жай министри 2014-жылдын 2-сентябрында жылытууга үч фазалуу кошулууну өчүрүүнү расмий документ менен мыйзамдаштырууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн өтүнгөн. Мындай документтин азыркыга чейин жок экендиги байкалды. Ошону менен БЭКтин үч фазалуу кошулуусу бар абоненттерге карата мамиле боюнча аракеттери мыйзамсыз болуп саналат. Мунун өзү коомчулуктун жана керектөөчүлөрдүн кыжырдануусун пайда кылат.

Жылуулук энергиясына жана ГСЖга тарифтерди жогорулатууга байланыштуу калктан даттануулар келип түшүүдө. 2014-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген жылуулук энергиясына жаңы тарифке ылайык панель үйдөгү ченемдүү квадратурасы бар үч бөлмөлүү квартираны жылытуу үчүн бүткүл жылытуу мезгилинде 9717 сом төлөөгө туура келет. Мында эски тарифтер боюнча борборлоштурулган жылытуу үчүн керектөөчү жылытуу мезгилинин ичинде 4 миң сомдон бир аз ашык төлөгөн.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына жаңы тарифтик саясат энергетика тутумундагы акча каражаттарынын тартыштыгынын проблемасын чечүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишендирген. Иш жүзүндө үч фазалуу кошулуусу бар абоненттерге жылуулук берүүнү өчүрүүдөн жана абоненттерге үч фазалуу кошулуудан баш тартуудан бюджетке акчалай түшүүлөр 440 млн. сомго чейин азайышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын даярдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- отун даярдоо үчүн бюджеттик уюмдарды каржылоо маселесин токтоосуз чечсин;

- ысык суу, жылуулук жана электр энергиясы менен жабдууга тарифтерди жогорулатуунун шарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөөчүлөрдүн пикирин эске алуу менен кайра карап чыксын жана бир айлык мөөнөттө маалымат берсин;

- бюджеттик уюмдар тарабынан электр энергиясын керектегендик үчүн карыздарга акы төлөөнү толук көлөмдө камсыз кылсын;

- бюджеттик уюмдар жана мамлекеттик ишканалар тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн туумдарды жана айып акыларды кошуп эсептөө бөлүгүндө БЭКтердин акыркы эки жылдын ичиндеги ишин каржылык текшерүүнү уюштурсун;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан өз убагында каржылабоонун натыйжасында түзүлгөн айып акыларды жана туумдарды эсептен чыгаруунун мүмкүнчүлүгүн карасын;

- 2014-жылын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген баалар боюнча калктын көмүргө муктаждыктарын жана аларды камсыз кылууну аныктоо боюнча айылдык округдар боюнча ишти уюштурсун;

- күзгү-кышкы мезгилден өтүү боюнча чаралар жөнүндө коомчулукка маалымдоону жолго салсын;

- күзгү-кышкы мезгилден өтүү боюнча комплекстүү мамилени калыптандырсын;

- ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгымдардын ай сайынкы каржылык планына ылайык коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө 2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган каржы каражаттарын бөлүп берүүнү толук көлөмдө жүзөгө ашырсын;

- 2013-жылдын 2-апрелиндеги: № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун толук көлөмдө аткарууну камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы, өзгөчө Ош областы, Ош, Жалал-Абад шаарлары боюнча калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;

- министрликтер, ведомстволор, областтардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отун даярдоо графигинин аткарылышын, электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн белгиленген лимиттерин бөлүнүп берилген акча каражаттарынын алкагында сакталышын, керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн карыздарды өз убагында тындырууну камсыз кылсын;

- 2014-2015-жылдардын жылуулук мезгилинен өтүү боюнча жасалган иш жөнүндө Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине дайыма маалымдап турсун;

- "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсинин карыздарын тындыруу боюнча чараларды көрсүн;

- суу сактагычында гидроресурстардын болгондугун онлайн режиминде күнү-түнү байкоо максатында Токтогул гидроэлектр станциясынын плотинасына көрмө камераларды орнотуу жөнүндө маселени карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:

- 2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде энергетика тутумунун туруктуу иштешин жана керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылсын;

- электр энергиясын керектөөчүлөрдү авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтомуна ылайык Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр жөнөтүүлөрүнүн графигин аткаруу боюнча шашылыш чараларды көрсүн;

- жылуулук жана электр энергиясын сактоо жана анын жоготууларын кыскартуу боюнча иштерди дайыма жүргүзсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Ж.Рыспаев) жана Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн.

 

 

 

  Төрага

А. Жээнбеков