Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\661f6d58-3d23-49ae-9aab-6b21bf3e4d1a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 24-декабры № 131-VI

"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 9-декабрындагы № 847 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

дүйнөлүк экономикалык кризиске, техногендик жаратылыш катаклизмдерине жана башка алдын ала белгисиз кырдаалдарга байланыштуу кырдаалда тобокелдиктерди азайтуу үчүн колдонулуучу республикалык бюджеттин туруктуулугун камсыздоо максатында аны түзүүгө жыл сайын республикалык бюджеттин 1 пайызынан кем эмес каражаттарын багыттоо менен Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзсүн;

төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, фракцияларынын жана депутаттарынын сунуштарынын аткарылышы жана аларды Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетине карата өзгөртүүлөрдүн долбоорунда кароо (№ 1, 2 жана 3-тиркемелер);

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарына ылайык макроэкономикалык туруктуулукту чыңдоо үчүн бюджеттик процессти жөнгө салуу, макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүү;

- 2016-жылга республикалык бюджеттин таңсыктыгынын өлчөмүн 10,0 млрд. сомго кыскартуу;

- объектилерди куруу жана өз мезгилинде аяктоо үчүн "Капиталдык салым" беренеси боюнча каралган каражаттардын көлөмүн 250,0 млн. сомго көбөйтүү;

- бюджеттин артыкчылыктуу эмес чыгашаларын кыскартуунун эсебинен мамлекеттин чыгаша милдеттенмелерин оптималдаштыруу;

- бардык бюджет алуучулар тарабынан чыгымдарды түзүүнү ченемдик укуктук актыларга ылайык камсыздоо;

- милдеттүү жана ыктыярдуу патенттин негизинде салыктар боюнча жергиликтүү бюджеттердин кирешелерине болжолдуу келип түшүүлөрдү көбөйтүү;

- майып балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү, аларды орто жана жогорку окуу жайларында окутуу программасын иштеп чыгуу;

- республиканын жер фонддорун инвентаризациялоону өткөрүүнү тездетүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында жана Ош жана Жалал-Абад областтарынын калктуу конуштарында болгон окуяларда мүлкү мародерлукка, талап-тоноого же өрттөөгө туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъектилеринен тышкары) мамлекеттик жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун 600,0 млн. сом көлөмүндөгү каражаттарды бөлүү менен аткаруу;

- стимулдоочу (үлүштүк) гранттарды каржылоого каралган каражаттардын көлөмүн 100,0 млн. сомго көбөйтүү;

төмөнкү маселелерди карасын:

- мамлекеттик мекемелер тарабынан атайын каражаттарды түзүү, пайдалануу тартибин өркүндөтүүнү жана ал каражаттарды республикалык бюджеттин каражаттарынын жалпы суммасында чагылдырууну;

- жалпы мамлекеттик салыктык келип түшүүлөрдөн: Бишкек жана Ош шаарлары үчүн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана сатуу салыгынан - 100 пайыз өлчөмүндө чегерүүнү;

- оорулуу балдардын ата-энелери уюштурган реабилитациялык долбоорлорду кошумча каржылоону;

- агрардык сектордун сапаттык потенциалын жакшыртуу үчүн илимий-изилдөө секторун өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүүнү;

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эмгек ардагерлерине жеңилдиктерди берүүнү;

- жаратылыш ресурстарын пайдалануудан аларды иштетип чыгууга, казып алууга, өндүрүүгө жана тиешелүү региондордун экологиясын жана социологиялык инфратүзүмүн жакшыртууга багыттоо менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө келип түшүүлөрдүн бардык түрлөрүн топтоштурууну;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине чен азык төлөөлөрүнүн бирдиктүү өлчөмүн аныктоону;

- эл аралык консультанттарды тейлөөгө чыгымдарды азайтуу менен ал каражаттарды толук пайдалануу максатында анын дизайнын тактоонун эсебинен Кыргыз Республикасына финансылык жардам берүү жөнүндө эл аралык келишимдерди макулдашуу жол-жоболорун оптималдаштырууну;

- заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, ошондой эле республиканын медициналык мекемелеринде капиталдык оңдоолорду өз мезгилинде жүргүзүү менен саламаттыкты сактоонун жаңы объектилерин курууну;

- Жалал-Абад областынын Кыпчак-Талаа-Майлуу-Суу автожолунун калып калган узундугу 19 километр участкасын капиталдык ремонттоону жана асфальт төшөөнү аяктоону;

төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:

- керектөөчүлөрдүн рыногун кеңейтүү жана экинчи рынокту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик баалуу кагаздардын (МБК) кызыктуулугун жогорулатуу үчүн иш-чараларын;

- эл аралык донорлор каржылаган долбоорлордун атайын эсептерин тейлөө үчүн коммерциялык банктарды тандоо жол-жобосун жана критерийлерин аныктаган жобону;

- калктын жакыр катмарын кыскартуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн тикелей инвестицияларды тартуу менен мамлекеттик максаттуу программаны.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) жазуу жүзүндө кабыл алынган сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

 

А.Жээнбеков

 

№ 1 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин сунуштары

 

Комитеттердин аталышы

Иш-чаралардын аталышы

Суммасы млн. сом.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын эмгегине акы төлөө үчүн

10,0

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кошумча

44,2

Комитет боюнча жыйынтыгы

 

54,2

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине "Дары дармектерди сатып алуу" беренеси боюнча зилдеме жаңы шишиктер менен ооруган адамдарды дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууга

100,0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча жалпы билим берүү жатак-мектептердин жана атайын жалпы билим берүү жатак-мектептердин имараттарын капиталдык оңдоого жана жылуулук системасын реконструкциялоого

20,0

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына

2,3

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына

13,0

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына

0,6

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментине

40,0

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына

1,0

Комитет боюнча жыйынтыгы

 

176,9

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет

КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине (мындан ары - Мамгеология агенттиги)

309,1

анын ичинде: Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматты күтүүгө

292,1

Мамгеолоагенттигинин Борбордук лабораториясын техникалык жактан кайра жабдууга

17,0

Комитет боюнча жыйынтыгы

 

309,1

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине

 

 

анын ичинде:

3707,6

Борбордук аппаратка;

6,3

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга;

34,1

Салмак-габариттик контролдоо департаментине;

1,3

Жол чарба департаментине;

459,0

Жарандык авиация агенттигине (литердик рейстерге);

120,1

Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигине;

7,4

Мамлекеттик фельдъегердик кызматка;

0,1

Өнүктүрүү бюджетине (МИП);

3068,7

Атайын каражаттар боюнча (КР ТжКМ боюнча)

10,6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (мындан ары - Мамкурулуш) Кыргыз Республикасынын Президентинин "2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыгынан келип чыккан милдеттерди аткаруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча карасын анын ичинде:

4395,9

Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын Генералдык схемасын (райондук планировканы) иштеп чыгууга;

9,1

"Сейсмикалык коопсуздук" республикалык программасын ишке ашырууга;

14,4

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштары үчүн шаар куруу документациясын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана колдонуудагы документацияны тактоого (Генералдык пландарды жаңылоо, райондук планировкалардын схемаларын иштеп чыгуу) - Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол, Чолпон-Ата шаарларына, чек арадагы калктуу конуштарга;

22,0

курулуш үчүн жаңы ченемдик-техникалык документтерди (ЧТД) иштеп чыгууга жана колдонуудагыларын өркүндөтүүгө, алардын ичинде: (жаңы ЧТД иштеп чыгуу жана колдонуудагыларын кайра карап чыгуу):

 

- колдонуудагы нормаларды эл аралык, европалык жана региондук нормаларга шайкеш келтирүүгө;

16,0

- турак жай-коммуналдык сектордун иш-аракетин камсыз кылуу максатында жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана кабыл алууга;

0,2

- турак жай-коммуналдык чарбанын мамлекеттик маалыматтык системасын түзүүгө;

0,2

- маалыматтык-коммуникациялык инфраструктуранын жаңы технологияларын -интернетти, электрондук документ жүгүртүүнү, электрондук колтамганы, Бишкек жана Ош шаарларынын электрондук картасын киргизүүгө жана колдоого;

23,5

суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу:

 

- 126 айылда суу менен жабдуу системаларын курууга жана калыбына келтирүүгө;

300,0

- 27 калктуу конушта сууну буруп агызуу системаларын курууга жана калыбына келтирүүгө;

450,0

- суу менен жабдуу жана сууну буруп агызуу системаларын талаптагыдай иштетүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылууга, өлкөнүн райондорунда техникалык сервистик борборлорду түзүүгө;

98,0

- Курулуш иш-аракетин жана курулуш тармагынын адистери үчүн мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды лицензиялоо боюнча маалыматтар базасын башкаруу жагында жаңы программаны түзүүгө;

0,8

Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун иштерине;

24,3

Суу менен жабдуу жана сууну буруп агызуу департаментин өнүктүрүүгө;

14,2

Социалдык-маданий, турмуш-тиричилик объекттерин, ошондой эле турак жайды курууга;

2500,0

Табигый кырсыктардан жабыр тарткандарды узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалар жана акысыз бир жолку жардам менен камсыз кылууга;

600,0

Мамкурулуштун ведомстволук караштуулуктагы жана аймактык бөлүктөрүн бюджеттик финансылоого өткөрүү үчүн;

323,2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигине

18,4

Комитет боюнча бардыгы

 

8121,9

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине

 

анын ичинен:

259,3

Республикадагы ирригациялык тутумдарды тиешелүү абалда күтүү жана мурунтадан башталган суу чарба объекттерин курууну алдыга жылдыруу жана реабилитациялоо жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү максатында Суу чарба жана мелиорация департаментине жылдык бюджетте киргизилген каражаттын 80% өлчөмүндө 2016-жылдын биринчи кварталында каржылоо  каралсын;

220,8

"Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтуна жер фондун инвентаризациялоо жүргүзүүгө;

23,5

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине саранча зыянкечтери менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн;

15,0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жергиликтүү бийлик органдарынын дараметин чыңдоого;

22,8

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына;

18,3

Биринчи этапта малды идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн

40,0

Комитет боюнча жыйынтыгы

 

340,4

Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет

5392,8

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына;

450,6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;

1847

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына;

98,4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына

14,6

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет

 

1193,4

Комитеттер боюнча бардыгы

 

15588,7

 

№ 2 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын сунуштары

 

Фракция

Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну

Суралуучу суммалар, млн. сом

1

"Бир-Бол" фракциясы

- турукташтыруу фонду түзүлсүн ("товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу беренесин кыскартуунун эсебинен - 6 млрд.; билим берүү, маданият саламаттык сактоо секторлорунан тышкары, атайын каражаттарды 50% алуунун эсебинен - 3-4 млрд.);

10000,0

- "ЕАЭБ көнүктүрүү боюнча иш-чаралар: пенсияларды, жөлөк пулдарды жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү боюнча чаралар;

-

- учурдагы кирешелерди экономикалык классификация боюнча учурдагы чыгашаларга ылайык келтирсин;

-

- бюджеттин тартыштыгын 50% (16 млрд.дан 8 млрд.га чейин) кыскартуу каралсын жана 2018-жылга карата бюджеттин тартыштыгы четтетилсин;

-

- 2016-бюджеттик жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдеринин негизги фонддорун инвентаризациялоо жана идентификациялоо каралсын;

-

- 2005-жылдын 24-25-мартындагы жана 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги талап-тоноолордун, мародерлуктун жана баш-аламандыктын натыйжасында жапа чеккен "Бурул -Возрождение" кредиттик бирлигинин бюджеттик ссуда боюнча карыздарын кайтарып берүү мөөнөттөрүн пролонгациялоо жөнүндө маселе каралсын

-

2

"Республика - Ата Журт" фракциясы

- 2016-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 10 млрд. сомго кыскартылсын жана 12,4 млрд. сом суммасында белгиленсин;

-

- Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтү боюнча каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Кара-Дарыя өзөнү боюнча пландаштырылган 2 км суудан коргоо тосмосунун 500 метрин курууга;

-

- Кара-Дарыя айылдык аймагын райондун борбору менен байланыштырган 17 км аралыктагы автожолдун участкасын (ЖЭИ-22 таандык участок) оңдоого;

-

- Ак-Терек каналынын курулушуна;

360,0

- Ак-Жол айылынын 9 км автожолун асфальттоого;

-

- Кашка-Суу айылынын 5 км автожолун асфальттоого;

-

- Райкомол айылындагы спорт залдын курулушуна;

-

- Кербен шаарынын жолун асфальттоого;

-

- Барпы айылындагы "Тай-Мурас" спорттук комплексине тартылгандардын эмгегине акы төлөө боюнча чыгашалар жана башка чыгашалар баланска алынсын;

-

- 7% өлчөмдөгү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн айыл чарба кредиттөөсүнө катышкан банктардын чыгашаларын субсидиялоо үчүн каржылоонун суммасы көбөйтүлсүн жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында жалпы сумма 500,0 млн. сомго чейин жеткирилсин;

-

- фитосанитардык иш-чараларга чыгашаларды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралсын;

-

- Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруудан 74,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды балдар үйлөрүн каржылоого багыттасын

-

3

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

- Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу жана мелиорация департаментине насостук станцияларды жана каналдарды каржылоого кошумча каражаттар бөлүп берилсин;

220,5

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментине зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү боюнча иш-чараларга каражаттар бөлүп берилсин;

15,0

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтуна ишканасынын жер ресурстарын толук инвентаризациялоого кошумча каражаттар бөлүп берилсин;

23,5

- салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн 2016-жылга чегерүүлөрдүн ченеми Бишкек жана Ош шаарлары үчүн 100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин;

-

- Бишкек жана Ош шаарларынан сатуулардан салыктын жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн 2016-жылга чегерүүлөрдүн ченеми республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин

-

 

Жыйынтыгы

 

10719,0

 

№ 3 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштары

 

КР ЖК депутаттары

Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну

Суралуучу суммалар,

миң сом

1

Алтыбаева А.А.

"Капиталдык салымдар" беренеси боюнча төмөнкү курулуштар үчүн каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Кара-Суу районунун Алгабас айылындагы ФАПтын жаңы имараты;

20000,0

- Кара-Суу районунун Талаа айылындагы жергиликтүү оорукананын жаңы имараты;

20000,0

- Өзгөн районунун Үч-Капчал айылындагы ФАПтын жаңы имараты;

-

- Алай районунун Гүлчө айылындагы райондук оорукананын гинекология бөлүмүнүн жаңы имараты;

-

- Чүй областынын Талды-Булак айылындагы ФАПтын имараты;

20000,0

- Ысык-Көл областынын Тамчы айылындагы төрөт үйү;

20000,0

- Нарын областынын Жумгал районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун стоматология бөлүмүнүн жаңы имараты;

10000,0

- Бишкек шаарынын Көк-Жар турак жай массивиндеги бейтапкана;

10000,0

- Бишкек шаарынын Алтын-Ордо турак жай массивиндеги бейтапкана;

10000,0

- Токтогулдук ЦПЗГСЭНдин баклабораториянын жаңы имараты;

10000,0

- Токтогул районундагы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты;

20000,0

- Токтогул районунун Жетиген айылындагы ФАПтын жаңы имараты.

20000,0

ИИМ системасындагы кызматчылардын ченазыгынын өлчөмүн көбөйтүүгө каражаттар бөлүп берилсин.

-

Интернет байланышы менен тартылган окутуу мекемелердин санын көбөйтүүгө каражаттар бөлүп берилсин.

-

Улуттук онкология борбору үчүн Кобальт-60 жарык таратуу булагы менен АГАТ-ВТ гамма-терапиялык комплексин сатып алууга каражаттар бөлүп берилсин

32000,0

2

Алтынбеков А.А.

Төмөнкүлөргө каражаттар бөлүп берилсин:

 

Жалал-Абад областынын Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы балдар бакчасынын курулушуна;

-

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн Көк-Тонду жана Кара-Ой айылдарына 100 орундуу балдар бакчасынын курулушуна;

-

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн Көк-Тонду айылдын № 15 орто мектептин чатырын оңдоого;

-

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Совет айылындагы "Россинка" балдар бакчасын капиталдык оңдоого жана эмеректерди сатып алууга каражаттар бөлүп берилсин

2900,0

3

Аманкулов М.А.

Бишкек шаарынын № 10, № 25, № 28, № 44, № 76 мектептерин капиталдык оңдоого каражаттар бөлүп берилсин

-

4

Артыкбаев О.М.

Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн А.Ибраимов атындагы орто мектептин имаратынын, ашканасынын жана спорт залынын курулушуна каражаттар бөлүп берилсин;

-

Жалал-Абад областы боюнча төмөнкү объекттерди курууга жана жолдорду оңдоого каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Такталык айылынын жолдорун оңдоого;

-

- Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы С.Чекиров атындагы № 37 орто мектебине кошумча корпусту жана ашкананы курууга;

-

- Ж.Чаргынов атындагы № 35 мектебинин жылуулук системасы менен жарык берүү системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана кошумча имарат курууга;

-

- Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Таш-Кечүү, Шайык, Бел-Кара-Суу айылдарына жаңы мектеп курууга;

-

- Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы Данканай атындагы № 15 орто мектебинин спортзалын курууга;

-

- Токтогул районунун Сары-Камыш айылында 360 орундуу жаңы мектепти жана Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунан айылга чейинки 12,8 км жолду курууга;

-

- Токтогул районунун Ничке-Сай, Бууракан жана Бел-Кара-Суу айылдарын бириктирүүчү жолду оңдоого;

-

- Термечиков атындагы № 38 орто мектебинин жаңы имаратын курууга;

-

- Токтогул районундагы Чоргочу айылындагы А.Шабданов атындагы № 40 орто мектебинин жаңы имаратын курууга;

-

- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Малабашов атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жана № 14 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 40 орундуу заманбап оорукананын имаратын жана ФАПты курууга, Кен-Туулук айылындагы ФАПты курууга, Кызыл-Өзгөрүш айылынын ички жолдорун асфальттоого;

-

- Токтогул районунун Торкент айылынын Мамыров атындагы № 27 орто мектептин жаңы имаратын курууга;

-

- Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында 5 орто, 2 башталгыч мектеп, 1 оорукана, 4 ФАП, 4 айылдык клуб, 4 бала бакча, 4 китепкана иштетүүгө 6,6 млн. сом теңдештирүү грант түрүндө бөлүп берүүгө;

6600,0

- Толук айыл аймагындагы Кызылжазы, Темиркен, Ачык, Актерек, Чалдыбулак, Куймулчак, Жээк аркылуу өткөн Толук - Кара-Жыгач жолун курууга;

-

- Үч-Терек айылынын жолун курууга;

-

- Токтогул районунун Кең-Туу айылында жаңы ФАПты курууга;

-

- Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы бейтапкананы капиталдык оңдоого жана лабораториянын кошумча корпусун курууга

 

5

Байбакпаев Е.Ж.

Чүй областынын Сокулук районунун төмөнкү обьекттерине каражаттар бөлүп берилсин:

- Сокулук айылындагы стадионду реконструкциялоого;

- Ат-Башы айыл аймагынын Манас кыштагынын жаңы курулуштарында мектептерди курууга;

- Фрунзе айыл аймагынын Студенческое айылындагы балдар бакчасын капиталдык оңдоого

-

6

Баймуратов К.Ш.

Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Барпы айыл өкмөтүндөгү "Ынтымак" мектебинин жаңы имаратынын курулушуна;

-

- Барпы айыл өкмөтүндөгү Т.Байзаков атындагы № 77 орто мектептин спорт залынын курулушуна;

-

- Сузак айыл өкмөтүндөгү Хамид Алимжан атындагы № 73 орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна;

-

- Атабек айыл өкмөтүндөгү Ж.Узаков атындагы № 69 орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна;

-

- Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү К.Сартбаев атындагы № 68 орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна;

-

- Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр Таш жана Ак Мечит айылдарынын ортосундагы 17 км аралыктагы жолду оңдоого;

-

- Комсомол жана Таштак айылдарынын ортосундагы 3,5 км аралыктагы жолду оңдоого жана асфальттоого

-

7

Бокоев К.С.

Талас областынын Кара-Бура районунун төмөнкү объекттерине каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Аманбаев айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоого;

-

- Кызыл-Адыр айылына канализация жана септик курууга;

-

- Талас мамлекеттик университетине спорттук залды курууга;

7704,3

- Кызыл-Адыр - Бакайыр трассасынын 3 км жолун асфальттоого;

-

- Аманбаев айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга;

-

- Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрын капиталдык оңдоого;

 

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборуна капиталдык оңдоо жүргүзүүгө, эски терезелерин жана эшиктерин алмаштырууга, жылытуу системасын оңдоого каражаттар бөлүп берилсин

6000,0

8

Бакчиев Дж.А.

Тилекмат айылындагы А.Алтымышев атындагы мектептин терезелерин алмаштырууга Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагына дем берүүчү грант түрүндө каражаттар бөлүп берилсин

2987,2

9

Бекешев Д.Д.

2016-жылга Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин алкактарында азис жана көрүүсү начар балдар үчүн окуу китептерин чыгарууга каражаттарды карасын

2500,0

10

Джетигенов Б.Дж.

Төмөнкүлөргө каражаттар бөлүп берилсин:

- Чүй областынын Кемин районунун Орловка шаарынын мэриясынын № 1, № 2 орто мектептерин жана "Сказка" балдар бакчасын Орловка жылытуу, суу менен камсыздоо жана суу менен камсыз кылуу ишканасынын алдындагы карыздарын тындырууга;

7289,5

(№ 1 о.м. - 3555.9 - № 2 о.м. - 3306,3, балдар бакчасы - 427,3)

- Чүй районунун Искра областтык аймагына;

 

- социалдык объекттерди курууга;

1500,0

- Искра айылындагы балдар бакчасынын имаратын сатып алууга

5500,0

11

Джумабеков Д.А.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөлөрүнө катышуу үчүн "Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо" беренеси киргизилсин

-

12

Джумалиева Э.Б.

Талас областы боюнча төмөнкү объекттерди курууга каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Талас районунун Балбал айылынын Балбал орто мектеби;

-

- Талас районунун Ак-Сай айылынын Б.Жанузаков атындагы орто мектеби;

-

- Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын Э.Капалов атындагы орто мектеби;

-

- Талас районунун Кууганды айыл өкмөтүнүн Үч-Эмчек айылындагы балдар бакчасынын имаратын оңдоону бүткөрүүгө;

10900,0

- Талас районунун И.Осмонкулов айыл аймагынын имаратын капиталдык оңдоого;

3100,0

- Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Миң-Булак айылындагы балдар бакчасына эмеректерди, инвентарларды сатып алууга;

1000,0

- Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы 1,5 км жолду оңдоого;

1500,0

- Талас районунун Өмүралиев айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылындагы футбол талаасынын курулушун дем берүүчү гранттардын тизмегине киргизсин

3100,0

13

Есенбаева Б.У.

100 орундуу балдар бакчасынын төмөнкү курулушуна каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Чүй областынын Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагында;

-

- Чүй областынын Москва районунун Петровка айылында;

-

- Чүй областынын Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл аймагындагы Т.Абдымомунов атындагы орто мектебин капиталдык оңдоого дем берүүчү грант бөлүп берилсин;

-

- Ысык-Көл областынын Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Ж.Асаналиев атындагы орто мектептин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин

3799,9

14

Жамалдинов З.И.

Ош областынын Ноокат району боюнча төмөнкү социалдык объекттердин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Бел айыл округунун Бел айылындагы "Жаш" толук эмес орто мектебинин, балдар бакчасынын жаңы имаратын куруу;

-

- Бел айыл округунун Борбаш айылындагы башталгыч мектеп;

-

- Көк-Жар айыл округунун Каранай айылындагы толук эмес орто мектебине жаңы имарат;

-

- Ынтымак айыл округуна караштуу Челекчи айылына башталгыч мектеп;

-

- Бел айыл округуна караштуу Бел айылына бала бакча;

-

- Кулатов айыл өкмөтүнүн Кожарык айылындагы спорттук комплекс;

-

- Ош областынын Ноокат району боюнча жолдорду асфальттоого каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Ош-Исфана автожолунун 63-чакырымынан түштүк тарабына кетүүчү, Нарай айылына чыгуучу, Көкжар атындагы жолдун 0 - 2,0-чакырым аралыгына;

-

- Кызыл-Кыя - Беш-Буркан автожолунун 5,0 - 7,0 чакырым аралыгына;

-

- Көк-Жар - Таш-Булак автожолунун (Төрткоргон бөлүмүнүн) 2,0 - 3,0-чакырым аралыгына;

-

- Ош-Исфана жолунун 69-чакырымынан түндүк тарабына бурулуп кетүүчү Додон-Салива-Абшыр-Сай жолунун 12,0 - 14,0-чакырым аралыгына

-

15

Жапаров А.Ү.

Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы боюнча каражаттар бөлүп берилсин:

 

- асфальт-бетон заводунун жана Казарман айылынын 5 км ички жолдорунун курулушуна;

-

- Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы Сатыбалдиев атындагы орто мектептин курулушун бүткөрүүгө;

-

- Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Дөдөмөл айылындагы Азамат уулу Калдыбай атындагы орто мектептин курулушун бүткөрүүгө;

-

- Атай айылдык өкмөтүнүн Атай айылындагы Ташматов Барктабас атындагы орто мектептин курулушуна;

-

- Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн Бейше Үрүстөмбеков атындагы орто мектептин курулушуна;

-

- Тогуз-Торо районунун балдар чыгармачыл үйүнүн курулушуна;

-

- Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Дөдөмөл айылындагы "Наристе" балдар бакчасынын курулушуна;

-

Кочкор районунун Ак-Кыя айыл округунун Жаңы-Жол айылындагы Т.Темиров атындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна каражаттар бөлүп берилсин

 

16

Жумалиев К.М.

Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Кызыл-Жар (12 км) - Ак-Суу (35 км) жана Ак-Суу -Тегене (16 км) автожолдорун оңдоого;

-

- Жетиген айылындагы балдар бакчасынын курулушуна;

-

- Ак-Дөбө айылындагы спорттук комплекстин курулушуна;

10000,0

- Авлетим айылдык ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна;

-

- Мукур айылындагы К.Алымкулов атындагы № 25 мектептин жаңы имаратынын курулушуна;

-

- Кашка-Суу айылындагы спорттук залдын курулушуна;

-

Чүй областынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы А.Жумагулов атындагы орто мектептин маңдай жагын капиталдык оңдоого дем берүүчү грант бөлүп берилсин;

1854,5

Чүй областынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Ак-Жол көчөсүнүн 1,2 чакырым жолун капиталдык оңдоого каражаттар бөлүп берилсин

7000,0

17

Жылкыбаев У.К.

Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн Бостери айылындагы көрүүчү залы менен 300 орундуу клубдун курулушуна каражаттар бөлүп берилсин

 

18

Жээнбеков А.Ш.

Ош областынын Кара-Кулжа району боюнча каражаттар бөлүп берилсин:

1. Төмөндөгү объекттердин курулушун бүткөрүүгө:

- Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылындагы Ж.Субанов атындагы орто мектептин: - Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сай-Талаа айылындагы С.Жусуев атындагы орто мектептин спорт залын;

- Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Бээ айылындагы А.Бегитаев атындагы орто мектептин;

- Сары Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы К.Чаргынов атындагы орто мектептин спорт залын;

- Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылындагы Акматалиев атындагы орто мектептин;

- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кулжа айылындагы Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин спорт залын;

- Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы Амиракулов атындагы орто мектептин жана Кара-Кочкор айылындагы маданият үйүн;

- Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы Жийде орто мектебинин спорт залын.

2. Төмөндөгү объекттердин курулушуна:

- Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Кан-Коргон айылындагы Жусуп Мамыр атындагы мектеби;

- Ой-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Ой-Тал айылындагы орто мектептин спорт залы;

- Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Буйга айылындагы Акматалиев атындагы орто мектептин спорт залы;

- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу Май айылындагы Токтогул атындагы орто мектеби

-

19

Зулпукаров Т.З.

Ош областынын Ноокат району боюнча каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Үч-Кемпир айылындагы Н.Пазылов атындагы орто мектеп;

-

- Чапаев участогундагы бала бакча;

-

- Барын участогундагы бала бакча;

-

- Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылынын К.Каримов атындагы орто мектеп;

-

- Караташ айылындагы 200 орундуу бала бакча

 

20

Зулушев К.Т.

Ош областынын Өзгөн району боюнча төмөнкү объекттердин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин:

- Алтын-Булак айылында курулуп жаткан 220 орундуу мектеп;

- Красный Маяк айылында курулуп жаткан 640 орундуу А.Төрөгелдиев атындагы № 42 мектеп;

- Мырза-Аке жана Кызыл-Дыйкан айылдарынын ортосундагы көпүрө;

- Мырза-Аке айыл аймагындагы Адыр айылын таза суу менен камсыз кылуу;

- Алтын-Булак айыл аймагынын Чечебай айылын таза суу менен камсыз кылуу

-

21

Сыдыков Б.У.

Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Жазгак айылындагы бала бакчанын курулушуна каражаттар бөлүп берилсин

-

22

Икрамов Т.И.

Жалал-Абад областынын Сузак районунун аймагынын оорукананын кардиология бөлүмүнүн имаратынын курулушун бүткөрүүгө каражаттар бөлүп берилсин

-

23

Иминов Ф.А.

2015-жылга республикалык бюджетте министрликтердин каражаттарын бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык Юсупов атындагы республикалык дерматовенерологиялык борбордун имаратынын чатырын, фасадын, лабораториясын, жер төлөсүн капиталдык оңдоо үчүн ишке чегилүүчүгө аткарылган иштерге акы төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигине каражаттар бөлүп берилсин.

Төмөнкү объекттердин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин:

9 000,0

- Бишкек шаарынын "Жеңиш" турак жай массивинин канализациясын;

8,0

- Бишкек шаарынын "Ак-Босого" турак жай массивинин жолун;

3,0

- Сокулук районундагы "Ала-Тоо-3" турак жай массивинин суу тосмосун

4,0

24

Кыдыралиев У.Т.

Нарын областынын Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагындагы спорттук комплекстин курулушуна каражаттар бөлүп берсин

-

25

Казакбаев Р.А.

Талас областынын Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Сай айылындагы бала бакчанын курулушуна каражаттар бөлүп берилсин

-

26

Мадеминов М.Г.

Төмөнкүлөргө каражаттар бөлүп берилсин:

- Кадамжай шаарынын "Аленушка" бала акчасынын курулушуна;

 

7000,0

 

 

- Кадамжай районунун Кыргыз кыштак айылдык округунун Кайтпас айылындагы 225 окуучулук орундуу Бөкөнбаев атындагы мектептин курулушуна

8000,0

27

Мамытов Т.Т.

Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарына Майлуу-Суу лампа заводунун продукцияларын ташууда экономикалык жоготууларды болтурбоо үчүн Кыпчак-Талаа - Майлуу-Суу автожолдорунун капиталдык ремонтуна каражаттар бөлүп берилсин

-

28

Масабиров Т.А.

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон району боюнча төмөнкү обьекттерге каражаттар бөлүп берилсин:

- Жон айылындагы К.Сооронбаев атындагы № 42 орто мектебинин имаратынын курулушуна;

- Катар-Жанык айылындагы К.Жоробаев атындагы № 32 орто мектебинин имаратынын курулушуна;

- Бешик-Жон айылындагы М.Мамбеталиев атындагы № 7 орто мектебинин имаратынын капиталдык оңдоого;

- Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылындагы спорт комплексинин курулушуна

 

29

Мискенбаев М.

Талас областынын Кара-Бура районунун Кайнар айылына бала бакча курууга каражаттар бөлүп берилсин;

Талас областынын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрын капиталдык оңдоого каражаттар бөлүп берилсин

-

30

Мавлянова М.Э.

Ош областынын Ноокат району боюнча төмөнкү объекттерге каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Зулпуев айыл өкмөтүнүн Жатан айылындагы Ысмайыл атындагы 320 орундуу орто мектептин курулушун бүткөрүүгө;

25000,0

- Кулатов айыл өкмөтүнүн Таш-Булак айылындагы 300 орундуу орто мектептин жаңы корпусунун курулушуна;

45000,0

- Зулпуев айыл өкмөтүнүн Ак Чабу айылындагы 400 орундуу "Уч бай" мектебинин курулушуна;

65000,0

- Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү 225 орундуу "Алашан" орто мектебинин курулушуна;

35000,0

- Мирмахмуд айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы 420 орундуу А.Үсенбаев атындагы мектептин курулушуна;

63000,0

- Зулпуев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушуна;

20000,0

- спорттук залдарды жасалгалоого, Темир Корук жана К.Бобулов атындагы мектептерди, Ноокат районундагы көркөм-эстетикалык мектеп-интернатты көрктөндүрүүгө жана тегерегин тосууга;

-

- Ынтымак айыл өкмөтүнүн Беш Буркан айылындагы Исанов атындагы орто мектептин учурдагы курулушуна;

-

- Көк Жар айылындагы 100 орундуу заманбап оорукананын учурдагы курулушуна;

30000,0

- Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык Боюу айылындагы ФАПтын же үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушуна;

6000,0

- Найман айыл аймагынын Улуу Тоо айылындагы 90 орундуу орто мектептин курулушуна

-

31

Нышанов С.К.

ИИМ Академиясынын курсанттарына, 2-курсунун курсанттарына жана нарядына тамак-аш азыктарына (поектук) компенсациялык төлөмдөрдү камсыз кылууга каражаттар бөлүп берилсин;

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн Көк-Алма айылындагы спорт залдын курулушуна каражаттар бөлүп берилсин

4661,5

32

Омуркулов И.Ш.

Резидент эмес жактардын пайдадан алынуучу салыгынын, акциздик салыгынын жана киреше салыгынын Бишкек шаарынын түшүүлөрүнүн жалпы суммасынын 50% чейинкисин жергиликтүү бюджетке бөлүштүрүү ченеми көбөйтүлсүн

-

33

Орозова К.Б.

Баткен шаарында орус класстарын ачууга каражаттар бөлүп берилсин

-

34

Примов У.Б.

Ош областынын Алай району боюнча төмөнкү курулуштарга каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кошулуш айылындагы спорт залына;

10,0

Гүлчө айылынын жолдорунун:

- Айсариев көчөсүнүн - 800 метр;

- Үмөталиев көчөсүнүн - 640 метр

6,0

35

Райымкулов Б.К.

Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнүн Панфилов айылындагы спорт комплексинин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин

-

36

Тиллаев Т.Г.

Баткен областынын Лейлек району боюнча төмөнкү объекттерге каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Т.Жапаров атындагы орто мектептин жылытуу системасын капиталдык оңдоого дем берүүчү грант түрүндө;

2826,7

- Тайлан айылындагы ФАПтын курулушуна дем берүүчү грант түрүндө;

2868,7

- Ай-Көл айылындагы спорт залдын курулушун бүткөрүүгө;

2000,0

- Самат айылындагы Самат атындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна;

-

Голбо айылындагы Казыев атындагы мектептин курулушуна

-

37

Турсунбаев А.А.

Ала-Бука району боюнча төмөнкү объекттердин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чангылов атындагы орто мектептин жана Нарпаша бала бакчасынын жаңы имараттарынын курулушуна;

-

- Падек айылындагы мектептин курулушун бүткөрүүгө;

-

- Ак-Коргон айыл аймагынын Күчүкмаала жаңы конушундагы мектептин курулушуна;

-

- Чаткал районунун Ак-Таш айылындагы К.Усупбеков атындагы, Айгыр-Жал айылындагы А.Айымбетов атындагы жана Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров атындагы орто мектептердин курулушуна

-

38

Чолпонбаев У.С.

Ысык-Көл областынын Ак-Суу району боюнча төмөнкү объекттердин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Б.Мамытов атындагы Ак-Булак орто мектебинин кошумча класстык бөлмөлөрүнүн жана спорт залынын курулушуна;

250,0

- Кара-Жал айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна;

-

- Ак-Булуң айыл аймагынын Токтогул айылындагы орто мектептин курулушуна;

-

- "Таза-Суу" программаларынын алкактарында Боз-Учук жана Ново-Возносеновка айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга;

-

- Ичке-Жергез айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушуна

-

39

Шадиев А.А.

Баткен областынын Лейлек району боюнча төмөнкү объекттердин курулушуна каражаттар бөлүп берилсин:

 

- Исфана шаарынын Голбо айылындагы спорт залды оңдоого;

3,0

- Исфана шаарынын Голбо айылындагы бала бакчанын курулушуна;

-

- Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылындагы Максат атындагы мектептин курулушун бүткөрүүгө

-

40

Юсуров A.Л.

Чүй областынын Москва районунун Александровка айылынын бала бакчасын курулушун бүткөрүүгө каражаттар бөлүп берилсин

12750,0

41

Нурматов К.С.

Ош областынын Араван районунун Октябрь айыл округунун участкасындагы Юсупов айылынын Манас атындагы орто мектебинин спорт залын курууга каражаттар бөлүп берилсин

-

 

Жыйынтыгы