Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 19-марты 1055-IV

2008-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана

жарандын эркиндиктери менен укуктарынын абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)

Т.Акундун доклады тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун 30-пунктчасына ылайык 2008-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Т.Акундун докладын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2008-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Т.Акундун доклады эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы):

- мыйзамдар менен берилген ыйгарым укуктарды адамдын эркиндиктери менен укуктарын коргоо үчүн толук мерчемде пайдаланып, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жиберген жарандардын укуктарын сактоо боюнча сунуштарды ак ниет аткарбоонун фактыларына өз убагында жооп кайтарсын;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип орто жана жогорку жалпы билим берүү уюмдарына адам укуктары боюнча атайын курсту киргизүү үчүн мамлекеттик билим берүү стандартын жана "Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарынын жаатында укуктук агартуу жана билим берүү" мамлекеттик максаттуу программанын долбоорун иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) менен биргелешип 2009-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Адам укуктарын коргоонун концепциясынын долбоорун иштеп чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

- адам укуктарын бузуунун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишине тоскоолдук кылуунун фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) докладында берилген материалдарды талдап, тиешелүү кызмат адамдарына карата чараларды көрсүн жана алар боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине 2009-жылдын 1-июнуна чейин берсин;

- Бишкек шаарынын мэриясынын көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын үлүштүк менчиги болуп саналган үй жанындагы жер участокторун тескөө боюнча аракеттеринин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү күчөтсүн жана менчик укугун бузууга жол берген (жол берип жаткан) кызмат адамдарына карата чараларды көрсүн (көрө берсин);

- адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө практикасын өркүндөтсүн, жарандардын укуктарын коргоо максатында жарандык иштер боюнча сот өндүрүшүн козгоодо демилге көрсөтсүн.

 

Төрага

А.Тагаев