Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0fea5c4c-536a-4f29-b765-884fc5c367ee\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-сентябры № 1854-VI

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомунун аткарылышы жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.А.Султанбекованын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан толук өлчөмдө камсыздалбай жаткандыгын белгилейт. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл көлөмүндө билүүгө милдеттүү мамлекеттик кызматчылардын тизмеги аныктала элек; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе каралган эмес; орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тил боюнча кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилген эмес, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн "Кыргыз тили жана адабияты" сабагы боюнча экзамен, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында "Кыргыз тили жана адабияты" сабагы боюнча тестирлөө киргизилбеген; "Кыргыз тили жана адабияты", "Кыргызстандын тарыхы" жана "Кыргызстандын географиясы" сабактары боюнча тестирлөөнүн негизинде орто атайын жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик комплекстүү аттестациялоо киргизилген эмес.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.А.Султанбекованын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомунун толук көлөмүндө аткарылышын контролдоону күчөтсүн жана зарыл чараларды көрсүн;

- төмөнкү маселелерди карасын:

- мамлекеттик тилди жайылтуу үчүн мобилдик операторлордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;

- гуманитардык илимдер чөйрөсүндө илимий диссертацияларды мамлекеттик тилде коргоону камсыздоо.

3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 6-пункттагы "квартал сайын" деген сөздөр "жарым жылда бир жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Ч.Турсунбеков