Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c66c545c-ff7e-4504-80cc-2c813392ed5f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 15-ноябры № 1991-VI

"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1853-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1853-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кенекеев Дайыр Атакулович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Кодуранова