Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                     Кыргыз Республикасынын
           2009-жылдын 7-апрелиндеги N 119 Мыйзамына ылайык
                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ


Бишкек шаары
1992-жылдын 5-марты № 803-XII

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                           Маданият жөнүндө

      (КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 27-I,
                    2002-жылдын 25-июлундагы № 130,
                   2008-жылдын 17-октябрындагы № 231
                 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

     Биринчи глава.   Маданий турмуштун негиздери
     Экинчи глава.    Граждандардын маданият чөйрөсүндөгү укуктары
     Үчүнчү глава.    Маданият чөйрөсүндөгү кесиптик чыгармачыл
                      кызматкер
     Төртүнчү глава.  Маданий баалуулуктар жана улуттук-маданий энчи
     Бешинчи глава.   Маданий ишти уюштуруу
     Алтынчы глава.   Маданият чөйрөсүндөгү башкаруу
     Жетинчи глава.   Маданият чөйрөсүн финансылоо
     Тогузунчу глава. Эл аралык маданий ишке катышуу


                             Биринчи глава
                      Маданий турмуштун негиздери

     1-статья. Маданият - бул демократиялык укуктук мамлекеттин
               зарыл бөлүгү

     Бул Закон инсанды ар тараптан,  адеп-ахлактык  жагынан  өркүндөтүү
жана  аны  рухий жактан байытуу ишиндеги мамлекеттик саясатты активдеш-
тирүү максатында Кыргыз Республикасында маданиятты өнүктүрүүгө артыкчы-
лык берүүгө багытталып, искусство чыгармаларын түзүүдөгү, жайылтуудагы,
кењири таратуудагы, көркөм салттарды өнүктүрүүдөгү жана сактоодогу, та-
рыхый эстеликтерди коргоодогу коомдук мамилелерди,  уюштуруучулук укук-
тук гарантияларды, кыргыз жеринде жашап жаткан жергиликтүү улуттун жана
бардык  элдердин  кайталангыс чыгармачылыгына карата аяр мамилени жөнгө
салат.

     2-статья. Маданият жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

     Кыргыз Республикасы:
     өз граждандарынын көркөм чыгармачылыгынын эркиндигин;
     улуттук жана дүйнөлүк  маданият  жагында  билим  берүү  системасын
өнүктүрүүнү;
     маданий баалуулуктарды түзүүдө, аткарууда жана жайылтууда укуктар-
дын тењчилигин камсыз кылууну;
     маданияттын мамлекеттик бюджеттен,  коммерциялык жана кайрымдуулук
фондуларынан финансыланышын шайкеш келтирүүнү;
     республиканын граждандарынын  маданий  жетишкендиктерин талкуулоо-
нун, ага баа берүүнүн, экспертизадан жана сынактан өткөрүүнүн ар кандай
жекече жана коомдук түрлөрүн пайдаланууну;
     маданий ишти  уюштурууда  мамлекеттик  жана  коомдук башталыштарды
шайкеш келтирүүнү гарантиялайт.

     3-статья. Маданият жагындагы тил саясаты
               (КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамына ылайык
                күчүн жоготту)     

     4-статья. Маданият чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын милдеттери

     Кыргыз Республикасы:
     маданий саясатты,  аны ишке ашыруу боюнча чараларды аныктоого, ар-
тыкчылык берилүүчү багыттарды жана жењилдиктерди белгилөөгө;
     чыгармачылык ишке, маданият чөйрөсүндөгү кесиптик билим алууга жа-
на социалдык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө;
     чыгармачыл кызматкерлердин укуктарын жана закондуу таламдарын кор-
гоого;
     маданият байлыктарына кењири жол ачууну камсыз кылууга;
     маданий институттарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө;
     граждандардын жекече чыгармачыл ишине кийлигишпөөгө;
     кыргыз элинин,  ошондой  эле  республикадагы башка улуттардын жана
элдердин улуттук-маданий энчисин коргоого жана көбөйтүүгө;
     мамлекеттик-маданий баалуулуктарды законсуз түрдө алып кетүүгө жа-
на менчик укугун берүүгө тоскоолдук кылууга;
     аларга кандай  гана болбосун законсуз ээ болгондордон кайра кайта-
руунун талап кылууга;
     маданият чөйрөсүндө  эл  аралык кењири кызматташтык үчүн шарттарды
түзүүгө милдеттүү.

     5-статья. Маданий ишке мамлекеттин кийлигишүүсүнүн чектери

     Мамлекет маданий ишке согушту, зомбулукту жана мыкаачылыкты, раса-
лык,  улуттук жана диний кастыкты пропагандалоого тыюу салуу, порногра-
фиянын жана натуралдык эротикалык жайылышын болтурбай коюу жагында гана
кийлигише алат.
     Маданият чөйрөсүндөгү граждандардын укуктарын кандай гана болбосун
чектөө закон тарабынан гана белгиленет.

     6-статья. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен өз ара
               мамилелери

     Кыргыз Республикасы келишимдердин негизинде маданият боюнча  прог-
раммаларды  аныктайт  жана ишке ашырат,  башка мамлекеттер менен көркөм
баалуулуктарды алмашууну жүргүзөт.

                             Экинчи глава
             Граждандардын маданият чөйрөсүндөгү укуктары

     7-статья. Чыгармачылыктын эркиндиги

     Граждандар чыгармачылык ишке,  өзүнүн оюн билдирүүнүн тиешелүү ка-
ражаттарын жана түрлөрүн тандап алууга,  кесиптик билим алууга,  өз чы-
гармаларынын тагдырын өзү чечүүгө укуктуу.
     Мамлекет граждандарды алардын чыгармачылык процессине кайсыл  гана
тараптан болбосун кийлигишүүдөн коргойт.

     8-статья. Кесиптик чыгармачылык ишке укуктуулук

     Граждандар жекече  жана коллективдүү негизде кесиптик чыгармачылык
иш жүргүзүүгө укуктуу.
     Маданият, адабият,  көрсөтмө,  кинематографиялык,  сценалык, сүрөт
жана кол өнөрчүлүк искусствосунун, дизайн, архитектура чөйрөсүндөгү иш-
тин бардык түрлөрү,  илим изилдөө жана башка көркөм акциялар чыгармачыл
иш болуп саналат.

     9-статья. Чыгармачыл иштин натыйжаларын ишке ашырууга укуктуулук

     Кыргыз Республикасынын граждандары эгерде бул  аракеттер  Закондун
5-статьясынын талаптарына карама-каршы келбесе өзүнүн чыгармачыл ишинин
натыйжаларын бастырып чыгаруу, көргөзмөгө коюу, кайра түзүү жана калкка
көрсөтүүнүн башка түрлөрү аркылуу ишке ашыруу укугуна ээ.
     Чыгармачыл иштин натыйжаларын тыюу салынган иштердин катарына кир-
гизүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

     10-статья. Маданият байлыктарынан пайдаланууга укуктуулук

     Кыргыз Республикасынын граждандарына маданий баалуулуктардан  жана
байлыктардан пайдаланууга укук берилет.  Бул укукту чектөө баалуулуктун
өзгөчөлүгү жана алардын  сакталышын  камсыз  кылууга  байланыштуу  гана
аныкталышы мүмкүн.

     11-статья. Кыргыз Республикасынын элдеринин кайталангыс
                маданиятын коргоого жана өнүктүрүүгө укуктуулук

     Кыргыз Республикасынын граждандары улуттук, диний, маданий, кайта-
лангыстыгын  коргоого жана өнүктүрүүгө,  маданий кыймылдарга катышууга,
тиешелүү институттарды түзүүгө,  өз этносунун салттарында  тарбиялоого,
көркөм кол өнөрчүлүктү, тилди жана адабиятты өнүктүрүүгө, республикада-
гы жана чек өлкөдөгү өзүнүн мекендештери менен маданий байланышта болу-
уга укуктуу.

     12-статья. Турмуштун маданий дењгээлин камсыз кылууга укуктуулук

     Кыргыз Республикасынын  граждандары турмуштун зарыл болгон маданий
дењгээли менен камсыз болууга укуктуу. Граждандардын маданий турмушунун
зарыл  дењгээлин  эске  алуу  мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерди,
социалдык-экономикалык  инфраструктураны  калыптандырууда,  долбоорлоо-
чу-пландоочу чечимдерди кабыл алууда жана башка иште мамлекеттик орган-
дар үчүн милдеттүү болуп саналат.

     13-статья. Маданият чөйрөсүндө эркин билим алууга укуктуулук

     Кыргыз Республикасынын граждандары маданий-тарбиялык программалар-
ды жана билим алуунун түрлөрүн эркин тандап алууга укуктуу.

     14-статья. Граждандардын маданият чөйрөсүндө биригүүгө
                укуктуулугу

     Кыргыз Республикасынын граждандары маданият  чөйрөсүндө  уюмдарды,
фондуларды, чыгармачыл союздарды, бирикмелерди түзүүгө, ошондой эле бул
сыяктуу органдарга кирүүгө укуктуу.

     15-статья. Улуттардын жана этникалык топтордун маданият
                жагындагы тењ укуктуулугу

     Кыргыз Республикасы  ар  кандай улуттагы жана этникалык топтогу өз
граждандарына өздөрүнүн маданиятын жана тилин өнүктүрүүгө, маданий мек-
тептерди, ишканаларды  жана мекемелерди түзүүгө болгон укугун гарантия-
лайт.

                             Үчүнчү глава
                    Маданият чөйрөсүндөгү кесиптик
                         чыгармачыл кызматкер

     16-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкер

     Чыгармачылык иш негизги эмгектик иши жана кирешелеринин башкы  бу-
лагы болуп саналган граждандар кесиптик чыгармачыл кызматкер деп тааны-
лат.

     17-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкер деп таануунун шарттары

     Кесиптик чыгармачыл кызматкер  деп  таануунун  шарттары  төмөндөгү
факторлордун бири болгон учурда туура деп табылат:
     кесиптик окуу жайынан, же болбосо маданият жагында официалдуу таа-
нылган адистен кесиптик билим алуу;
     өз чыгармаларын  көргөзмөлөрдө,  жарыялоо,  аткаруу   жана   башка
түрлөрдө калкка тааныштыруу;
     ардак даражасын,  наамдарды,  сыйлыктарды кесиптик  байгелерди  же
сыйлыктарды ыйгаруу;
     адистер жана коомчулук тарабынан калк алдында  баа  берүү  түрүндө
таануу;
     тиешелүү кесиптик союзга (ассоциацияга, союзга) мүчө болуу.
     Кесиптик чыгармачыл  кызматкер деп таануунун фактысы ушул Закондун
7-статьясында бекемделген эркин чыгармачылык укугуна  шек  келтире  ал-
байт.

     18-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкердин укуктары

     Кесиптик чыгармачыл кызматкер колдонуудагы закондорго ылайык келип
чыгуучу автордук жана эмгектик укуктардын бардыгынан пайдаланат.

     19-статья. Кесиптик чыгармачыл коллектив

     Чыгармачыл кызматкерлердин кесиптик коллективи жергиликтүү Советте
катталган күндөн тартып бирдиктүү юридикалык субъект деп эсептелет. Чы-
гармачыл коллективдин составын өзгөртүүгө коллективдин өзүнүн гана  ма-
кулдугу менен жол берилет.
     Чыгармачыл коллективдин укуктук абалы колдонуудагы закондор  тара-
бынан жөнгө салынат.

     20-статья. Кесиптик чыгармачыл кызматкерлерди социалдык жактан
                коргоо

     Кыргыз Республикасынын  закондору тарабынан иши зыяндуу өндүрүшкө,
тобокелге салууга,  кесиптик оорулар менен ооруп калууга жана башка жа-
гымсыз жагдайлардын  коркунучу менен байланыштуу болгон кесиптик чыгар-
мачыл кызматкерлерди  коргоонун  жана камсыздандыруунун өзгөчө шарттары
белгиленет.
     Кесиптик чыгармачыл  коллектив өзүнүн составынын толук болбогонду-
гуна байланыштуу ишин жүзөгө  ашырууга  мүмкүн  болбогон  учурлар  ишти
убактылуу  аргасыздан токтотууга тењештирилип,  тиешелүү компенсациялар
берилет.

                            Төртүнчү глава
            Маданий баалуулуктар жана улуттук-маданий энчи

     21-статья. Маданий баалуулуктар

     Көркөм, тарыхый,  археологиялык жана этнографиялык мааниге ээ бол-
гон кол менен жасалган объектилер жана нерселер (менчигинин түрүнө  ка-
рабастан) маданий баалуулуктар болуп саналат.
     Кыргыз Республикасы  бийликтин  жогору  турган  органдары  аркылуу
улуттук-маданий менчикти каттоону, эсепке алууну, коргоону, пайдалануу-
ну,  көргөзмөгө коюуну камсыз кылат.  Улуттук менчиктин маданий баалуу-
луктарын  сатуу,  экспорттоо,  белекке берүү,  ижарага берүү жана башка
бүтүмдөр тиешелүү закондордо аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
     Улуттук-маданий менчиктин  предметтерин бузгандык,  жок кылгандык,
айрым нерселерин алып кеткендик үчүн жоопкерчиликке тартуу колдонуудагы
закондорго ылайык жүргүзүлөт.
     Улуттук маданий   менчиктин   объектилерин    жана    предметтерин
көргөзмөгө  коюунун тартиби маданияттын мамлекеттик органдары тарабынан
аныкталат.

     22-статья. Маданий баалуулуктарды алып келүүнүн, алып кетүүнүн
                жана башка бирөөгө берүүнүн режими

     Маданий баалуулуктарды  алып келүү,  алып кетүү жана менчик укугун
берүү анын келип чыгышын, аны жөнөткөн адамды, наркын көрсөтүү жана ма-
даний  объектинин баяндамасы менен мамлекеттин контролдугу астында ата-
йын режимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

     23-статья. Улуттук-маданий энчинин объектилерин республиканын
                чегинен тышкары жерлерде пайдалануу

     Убактылуу көргөзмөгө  коюудан,  гастролдук  иштен,  кайра калыбына
келтирүү иштеринен, аны алгачкы жолу көрсөтүүдөн, эл аралык маданий ак-
цияларды  өткөрүүдөн башка учурларда улуттук-маданий энчинин объектиле-
рин республиканын чегинен тышкары жерлерге алып кетүүгө тыюу салынат.
     Улуттук-маданий энчинин  объектилеринин  өлкөнүн  чегинен  тышкары
жерде болушунун мөөнөтү жылына алты айдан ашпоого тийиш.

     24-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги
                кыргыз коомдору жана маданий уюмдар менен мамилелер

     Кыргыз Республикасы өзүнүн чегинен тышкары жерлердеги кыргыз коом-
дору жана маданий уюмдар менен кењири маданий байланыштарды жөнгө салат
жана  өнүктүрөт,  кыргыз  маданиятынын  борборлорун  уюштурууга   көмөк
көрсөтөт,  атайын  фондуларды  түзөт,  биргелешкен маданий иш-чараларды
өткөрөт,  улуттук-маданий баалуулуктарды республикага  кайтаруу  боюнча
ишти уюштурат.

                             Бешинчи глава
                         Маданий ишти уюштуруу

     25-статья. Маданият чөйрөсүндөгү иштин түрлөрү

     Маданий баалуулуктарды түзүү, пропагандалоо, жайылтуу, пайдалануу-
га берүү жана коргоо, маданий институттарды уюштуруу жана алардын иште-
шин камсыз кылуу маданият чөйрөсүндөгү иш катары таанылат.

     26-статья. Маданият чөйрөсүндөгү иштин субъектилери

     Маданий иш Кыргыз Республикасынын закондорунда белгиленген  норма-
ларга  ылайык Кыргыз Республикасынын граждандары,  чет өлкөлүк адамдар,
граждандыгы жок адамдар жана маданий институттар тарабынан жүзөгө  ашы-
рылышы мүмкүн.

     27-статья. Маданий институттарды түзүү

     Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  жана коомдук уюмдары,  жерги-
ликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары,  эрезеге  жеткен  граждандары,  чет
өлкөлүк  юридикалык  жактар жана граждандар маданий институттарды түзүү
укугуна ээ.
     Маданий институтту  түзүүчү  анын уставдык ишин жүзөгө ашыруу үчүн
зарыл болгон каражаттарды берүүгө милдеттүү.
     Маданий институт  тиешелүү  органдарда  катталгандан  кийин өзүнүн
ишин жүзөгө ашырууга киришет.

     28-статья. Маданий институттарды каттоо

     Түзүүчүсү, финансылоо булактары жана  уставы  көрсөтүлгөн  маданий
институтту каттоо жөнүндө арыз жергиликтүү Советтерге,  жана маданиятты
башкаруу органдарына берилет жана бир айлык  мөөнөттө  каралып  чыгууга
тийиш.
     Маданий институттун уставында:  анын аталышы, ишинин чөйрөсү, тур-
ган жери,  башкаруу органдары жана алардын компетенциясы, мүлк түзүүнүн
тартиби,  пайданы (кирешени) бөлүштүрүүнүн тартиби ишин кайра уюштуруу-
нун жана токтотуунун шарттары,  ошондой эле башка маалыматтар (спонсор-
лору, кам көрүүчүлөрү жана башкалар) аныкталууга тийиш.

     29-статья. Маданий институтту каттоодон баш тартуу

     Маданий институтту максатка ылайыктуулугунун жүйөлөрү боюнча  кат-
тоодон баш тартууга жол берилбейт.
     Маданий институтту каттоодон баш тартуу:
     аталган маданий иш монополия коркунучун туудурган;
     ушул Закондун 5 жана 23-статьяларынын талаптары бузулган жана  ма-
даний баалуулуктарды пайдалануунун эрежелери сакталбаган учурларда гана
мүмкүн болот.
     Маданий институтту  каттоодон баш тартууга сот тартибинде даттаны-
лышы мүмкүн.

     30-статья. Маданий институттун иш жүргүзүшү

     Маданий институт катталган учурдан  тартып  юридикалык  жак  болуп
эсептелет,  өзүнүн атынан иш жүргүзөт,  чарбалык эсептин принциптеринде
аракеттенүүгө жана өз алдынча баланска ээ болууга укуктуу.
    Түзүүчү жана  маданий  институттун  ортосундагы  мамилелер устав же
башка контрактык документтер менен аныкталат.
    Эгерде уставдан  тышкаркы чарбалык иш анын уставдык ишине зыян кел-
тирбесе маданий институт уставдык ишин финансылоонун булактарын  толук-
тоого  багытталган  ар  кандай  уставдан  тышкары чарбалык ишти жүргүзө
алат.
     Маданий институт  убактылуу  кесиптик  жагынан иштебей калган жана
жумушсуз  калган,  кесиптик  чыгармачылык   коллектив   аргасыздан   иш
жүргүзбөй  калган,  ошондой эле кесиптик травма алган жана ооруп калган
учурлардагы мезгилге компенсация берүүнү караган медициналык жана соци-
алдык  камсыздандыруу  фондуларына  белгиленген чегерүүлөрдү жүргүзүүгө
милдеттүү.
     Маданий институттун жетекчиси катары жумушка кабыл алуу, дайындоо,
шайлоо же бул кызматты конкурстук негизде  ээлөө  жолу  аркылуу  жүзөгө
ашырылат  жана  ал  түзүүчүнүн укугу болуп саналат.  Башка кызматкерлер
(техникалык жана тейлөө персоналынан башкалары) басымдуу түрдө конкурс-
тук негизде контракт түзүү менен жумушка алынат.
     Маданий институттун  чыгармачылык  ишине  байланыштуу  маселелерди
чечүүдө  кесиптик  чыгармачыл кызматкерлердин пикирине артыкчылык бери-
лет.

     31-статья. Ышкыбоз чыгармачылыктын гарантиялары

     Ышкыбоздордун бирикмелери,  өз демилгелүү коллективдер граждандар-
дын,  коомдук уюмдардын,  ишканалардын (мекемелердин, уюмдардын) жерги-
ликтүү Советтердин,  алардын жашаган же иштеген жериндеги өзүн-өзү баш-
каруунун  аймактык-коомдук  органдарынын  демилгеси боюнча коммерциялык
(финансылык) ишке укук берилбестен түзүлөт.
     Ишканалар (мекемелер,  уюмдар), коомдук уюмдар, жергиликтүү Совет-
тер өзүн-өзү башкаруунун аймактык-коомдук органдары  чыгармачылык  жана
маданий эс алуу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында граждандарга, ыш-
кыбоздордун бирикмелерине,  өз демилгелүү коллективдерге жана элдик че-
берлерге имараттарды,  материалдарды, жабдууларды, транспорт каражатта-
рын, жер участокторун берүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
     (КР 2008-жылдын  17-октябрындагы  №  231  Мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     32-статья. Чыгармачыл заказдар

     Белгилүү бир маданий милдеттерди көрсөтүү,  чыгармачылык изденүүгө
түрткү берүү максатында маданиятты башкаруу органдары маданият  ишкана-
ларына  (мекемелерине,  уюмдарына)  эмгек коллективдерине маданият жана
искусство ишмерлерине искусствонун (театралдык, музыкалык, хореография-
лык,  кино,  архитектура,  дизайн,  сүрөт,  монументалдык,  көркөм  кол
өнөрчүлүк) чыгармаларын,  концерттик программаларды түзүү жана  маданий
кызмат  көрсөтүүлөр  боюнча  максатка багытталган чыгармачыл заказдарды
берүүгө укуктуу. Аткаруучу заказ берүүчүнүн шартталган талаптарын атка-
рууга милдеттүү.

     33-статья. Китепканалар

     Китепканалар ведомстволук  баш ийгендигине жана түрлөрүнө карабас-
тан ишинин негизги милдеттеринин жана принциптеринин жалпылыгына байла-
ныштуу бириктирилген китепканалардын бирдиктүү системасын түзөт.
     Китепканалар алардын баш ийгендигине карабастан өздөрүнүн профили-
не ылайык китептерди, брошюраларды жана башка басылып чыккан продукция-
ларды биринчи кезекте алуу укугуна ээ. Республикалык жана илимий китеп-
каналар  китептердин жана башка басылмалардын акысыз берилүүчү контрол-
дук нускалары жана милдеттүү түрдө алынуучу акы төлөнө турган  нускалар
менен камсыз кылынат.
     Китепканалардын фондуларына аяр мамиле  кылуу,  алардын  сакталышы
жөнүндө камкордук көрүү бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдардын,  иш-
каналардын, жооптуу адамдардын жана ар бир граждандын милдети.

     34-статья. Музейлер

     Кыргыз Республикасында музейлердин ар  кандай  түрлөрүн  өнүктүрүү
гарантияланат. Музейлер материалдык жана рухий баалуулуктарды, тарыхтын
жана азыркы кездеги маданияттын эстеликтерин сактоону жана кењири  таа-
ныштырууну  камсыз  кылууга чакырылган.  Жергиликтүү Советтердин чечими
жана маданиятты башкаруунун республикалык  органдары  менен  макулдашуу
боюнча жеке музейлер ачылышы мүмкүн.
     Маданиятты башкаруу органдары,  мамлекеттик музейлер тарыхый, или-
мий, маданий жана башка жагынан баалуу болгон нерселерди биринчи кезек-
те алуу укугунан  пайдаланышат.  Бардык  музейлер  көпчүлүктүн  көрүшү,
алардын  экспозицияларын  жана илимий иштерин карап чыгуу үчүн ачык бо-
лот.
     Кыргыз Республикасынын  аймагында тарыхый-маданий,  археологиялык,
жаратылыш жана башка коруктар түзүлөт жана иш жүргүзөт.

     35-статья. Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо

     Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык тарых жана маданият  эс-
теликтери  анын  менчигин түзөт,  зарылдыгына жараша кайра оњдолот жана
мамлекет тарабынан корголот.
     Тарых жана  маданият эстеликтерин коргоону камсыз кылууга,  аларды
натыйжалуу пайдаланууга жана кењири маалым кылууга байланыштуу  коомдук
мамилелер "Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Закону тарабынан жөнгө салынат.

     36-статья. Көркөм көргөзмөлөр

     Кыргыз Республикасында өз  демилгелүү  жана  кесиптик  авторлордун
көркөм  көргөзмөлөрүн  өткөрүү  үчүн шарттар гарантияланат.  Маданиятты
башкаруу   органдары,   ишканалар,   мекемелер   жана   уюмдар   көркөм
көргөзмөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө, бул максаттар
үчүн көргөзмө жайгашуучу жерлерди бөлүп берүүгө милдеттүү.
     Ачык аянтчаларда  (көчөлөрдө,  бакчаларда жана у.с.) көргөзмөлөрдү
өткөрүүнүн тартиби эл депутаттарынын  жергиликтүү  Советтери  тарабынан
жөнгө салынат.
     Бардык коммерциялык көргөзмөлөр келишимдердин негизинде уюштурулат
жана өткөрүлөт.

     37-статья. Кино жана көрсөтмө фильмдерди прокатка берүү

     Кыргыз Республикасында кинолорду жана көрсөтмө фильмдерди көрсөтүү
кино жана көрсөтмө фильмдерди прокатка берүү тармагы аркылуу жүргүзүлөт
жана республикалык закондордо белгиленген тартипте жергиликтүү Советтер
тарабынан катталат.
     Кино жана көрсөтмө продукцияларды прокатка берүү тиешелүү органдар
тарабынан берилүүчү уруксат кагазына ылайык жүзөгө ашырылат.

     38-статья. Басма иши

     Кыргыз Республикасында басма ишинин жана басылып чыккан продукция-
ларды таратуунун эркиндиги гарантияланат.
     Басмалар бастыруулардын пландарын өз алдынча түзүшөт жана  бекити-
шет,  окуучулардын талаптарын жана калк жана ведомстволук китепканалар-
дын керектөөлөрүн эске алуу менен алардын нускаларын аныкташат.
     Мамлекеттик органдар артыкчылык берилген багыттар: улуттук темати-
ка, окутууга байланыштуу адабияттар, балдар үчүн китептер, маданият жа-
на  искусство  боюнча,  ошондой  эле экспортко жиберүү боюнча басма сөз
продукцияларын чыгарууга заказ берүүгө укуктуу.

     39-статья. Театрлар

     Театр ведомстволук да,  өз алдынча юридикалык субъект катарында да
болушу мүмкүн.
     Театрдын ишинин негизги максаттары калктын  маданий  керектөөлөрүн
калыптандыруунун жана түзүүнүн милдеттери менен аныкталат.
     Тигил же бул театрдын ишине мамлекеттин кийлигишүүсү келишим  жана
Кыргыз  Республикасынын  тиешелүү  закондору  тарабынан регламенттелет.
Спектаклдерди калкка көрсөтүүгө же аны башка түрлөрдө пайдаланууга тыюу
салуу  ушул  Закондун  5-статьясынын негизинде гана жүргүзүлөт жана сот
тартибинде даттанылышы мүмкүн.

                             Алтынчы глава
                    Маданият чөйрөсүндөгү башкаруу

     40-статья. Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу

     Бийлик жана  башкаруу органдарынын маданият тармагындагы компетен-
циясы ушул Закондун 4-статьясы тарабынан аныкталган.
     Эл депутаттарынын  жергиликтүү Советтеринин, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациянын компетенциясы Кыргыз Республикасынын закондору та-
рабынан аныкталат. Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери калкты мада-
ний жактан тейлөөнү республикада белгиленген нормативдердин жана гаран-
тияланган бюджеттик каражаттардын дењгээлинде камсыз кылууга милдеттүү.
Эл депутаттарынын  жергиликтүү  Советтери  жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик жана салык закондоруна
ылайык өз каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ылайык ма-
даниятты өнүктүрүү боюнча өз программаларын жана иш-чараларын иштеп чы-
гат жана жүзөгө ашырат.
     Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери жана жергиликтүү мамлекет-
тик администрация өз аймагында маданияттын өнүгүшү үчүн толук  жоопкер-
чиликте  болот.  Маданиятты башкаруунун тармактык органдары Кыргыз Рес-
публикасынын закондоруна ылайык искусство жана  маданият  мекемелеринин
ишин  координациялоону жүзөгө ашырып,  аларга уюштуруучулук-методикалык
жардам көрсөтөт.

     41-статья. Маданият чөйрөсүндөгү коомдук уюмдардын иши

     Маданий иш чөйрөсүндөгү коомдук уюмдар өздөрүнүн максаттарына жана
милдеттерине  ылайык  искусствону өнүктүрүүгө жана жайылтууга,  маданий
дењгээлди калыптандырууга,  граждандарды ар түрдүү көркөм  баалуулуктар
менен тааныштырууга,  чыгармачыл кызматкерлердин жана ышкыбоздордун ке-
сиптик  чеберчилигин  өстүрүүгө,  алардын  таламдарын  коргоого   көмөк
көрсөтүүгө чакырылган.
     Кесиптик союздар Кыргыз Республикасынын кесиптик  союздар  жөнүндө
Законуна жана кесиптик союздардын Уставдарына ылайык иш жүргүзүп, граж-
дандардын эмгектик, социалдык, турмуш-тиричилик жана башка кесиптик та-
ламдарын коргойт. Алар өз мүчөлөрүнүн рухий жактан калыптанышына, мада-
ний жактан өнүгүшүнө жана эстетикалык тарбия алышына көмөк көрсөтөт.
     Жазуучуларды, театр ишмерлерин,  композиторлорду, архитекторлорду,
художниктерди,  кинематографтарды, дизайнерлерди, элдик таланттарды би-
риктирген чыгармачыл союздар (коомдор, бирикмелер. ассоциациялар) ыкты-
ярдуу уюмдар болуп саналат.  Бул союздар өзүнүн ишин өзүн-өзү  актоонун
жана  өзүн-өзү  финансылоонун негизинде жана тиешелүү фондулук каражат-
тардын эсебинен уюштурушат.
     Чыгармачыл союздардын, коомдордун, бирикмелердин, ассоциациялардын
укуктук абалы республиканын коомдук бирикмелер жөнүндө закондору  тара-
бынан аныкталат.

     42-статья. Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик-коомдук уюмдардын
                иши

     Маданияттын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана  чыњдоо,
республикада маданиятка жетекчилик кылуунун дењгээлин жогорулатуу масе-
лелерин чечүү үчүн республикада мамлекеттик-коомдук органдар, фондулар,
советтер,  комиссиялар жана у.с. түзүлөт жана иш жүргүзөт. Алардын ишин
уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын закондору тарабынан  аныкта-
лат.

     43-статья. Маданият жана искусствонун кесиптик кызматкерлерин
                даярдоо

     Мамлекет маданият кызматкерлерин жана искусство ишмерлерин даярдоо
үчүн зарыл шарттарды түзүү тууралу кам көрөт.
     Кыргыз Республикасы кыргыздын улуттук маданиятын жана искусствосун
кайра жаратуу жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашырууга чакырылган кадрларды да-
ярдоонун артыкчылык берилген багыттарын белгилейт.
     Кыргыз Республикасында  маданият  жана  элге билим берүү органдары
менен тиешелүү түрдө макулдашылган окуу программалары  бар  маданияттын
жана искусствонун жекече окуу жайлары ачылышы мүмкүн.

                             Жетинчи глава
                     Маданият чөйрөсүн финансылоо

     44-статья. Маданият чөйрөсүн финансылоонун булактары

     Кыргыз Республикасынын   маданият   чөйрөсү   кеминде   3  процент
көлөмүндө Республикалык бюджеттен финансыланат.
     Билеттерди сатуудан,  чыгармачылык  жана басылып чыккан продукция-
ларды,  сатып өткөрүүдөн, басма ишинен, аудио, кино жана көрсөтмө филь-
мдерди прокатка берүүдөн,  калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн
алынган жыйымдар,  мамлекеттик,  кооперативдик, коомдук ишканалар, уюм-
дар,   мекемелер  менен  келишимдер  боюнча  аткарылган  иштер  (кызмат
көрсөтүүлөр) үчүн келип түшкөн каражаттар;  акы алып  кино  көрсөтүүдөн
түшкөн  акчалар,  ишканалардын,  кооперативдердин,  коомдук  уюмдардын,
граждандардын ыктыярдуу төлөөлөрүнөн жана башка келип түшкөн каражаттар
маданият мекемелерин финансылоонун булактары болуп саналат.
     Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө Кыргыз  Республикасынын  за-
кондоруна ылайык эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери маданият меке-
мелерин күтүүгө өз бюджетинен  кошумча  каражаттарды  өз  алдынча  бел-
гилөөгө укуктуу.

     45-статья. Каражаттарды маданият чөйрөсүнө чыгымдоо

     Маданият каражаттары:
     маданият мекемелеринин ишин финансылоого:
     социалдык-чыгармачыл заказдар боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
     борборлоштурулган жана башка иш-чараларды финансылоого жумшалат.

     46-статья. Маданият чөйрөсүндөгү валюталык каражаттар

     Пайдаланылуучу маданий баалуулуктарды жана улуттук-маданий энчинин
объектилерин  пайдалануудан  түшкөн  валюталык  каражаттар толугу менен
улуттук-маданий энчинин сакталышын жана толукталышы камсыз кылууга жум-
шалат.
     (КР 2008-жылдын  17-октябрындагы  №  231  Мыйзамынын  редакциясына
ылайык)

     47-статья. Чарбалык эсептеги маданий ишканалардын,
                бирикмелердин жана уюмдардын пайдасына салык
                салуунун тартиби
                (КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 
                27-I  Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)     

     48-статья. Маданиятты материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

     Маданият мекемелерин,  ишканаларын,  уюмдарын жана чыгармачыл кол-
лективдерин  белгиленген  нормативдерге  ылайык зарыл болгон шаймандар,
музыкалык аспаптар,  жабдуулар жана башка материалдык-техникалык  кара-
жаттар  менен артыкчылык берип камсыз кылуу гарантияланат.  Балдар жана
өспүрүмдөр менен иш жүргүзгөн маданий мекемелер  материалдык-техникалык
жагынан биринчи кезекте камсыз болуу укугунан пайдаланат.

                            Сегизинчи глава
          Маданият чөйрөсүндөгү эмгекке акы төлөө, социалдык
                 гарантиялар жана укуктардын корголушу

     49-статья. Маданияттын бардык ведомстволорунун кызматкерлеринин
                бирдейлиги

     Ведомстволук таандык болгондугуна карабастан бардык маданий  ишка-
налардын,  мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери коомдук мамилелер,
социалдык камсыздандыруу жана камсыздоо  чөйрөсүндө  бирдей  укуктардан
пайдаланышат.

     50-статья. Маданият кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн
                гарантиялары

     Мамлекеттик маданий ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кыз-
маткерлеринин  акыларынын жана кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү респуб-
ликанын Өкмөтүнүн токтомдору тарабынан белгиленет.
     Эмгек акынын эњ жогорку чеги коюлбайт жана эмгектин сапатына,  са-
нына жана түрүнө, эмгек акы фондусуна бөлүнгөн каражаттын чегине ылайык
белгиленет.
     Бардык маданий  кызматкерлер,  маданий  ишканалардын, мекемелердин
жана уюмдардын,  мамлекеттик  органдардын  жетекчилери ардак наамдарына
жана ээлеген кызматтарына карабастан мезгил-мезгили менен аттестациядан
өтүшөт.

     51-статья. Маданий баалуулуктарды жењилдик берүүчү шарттарда
                көрсөтүү

     Иши улуттук-маданий энчи менен байланыштуу болгон  маданий  инсти-
туттар балдар, окуучулар, курсанттар жана мөөнөттүү аскер кызматындагы-
лар  үчүн  акысыз  көрүү  күндөрүн   белгилөөгө   милдеттүү.   Маданият
чөйрөсүндөгү башка жењилдиктер Кыргыз Республикасынын закондору тарабы-
нан белгиленет.

     52-статья. Улуттук-маданий институттарды түзүүнүн гарантиялары

     Республиканын аймагында  жашаган  улуттук  топтун  үчтөн   биринин
100дөн кем эмес адамдын колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн арызы боюнча жерги-
ликтүү Советтер улуттук-маданий институттун иши  үчүн  зарыл  шарттарды
түзүшөт.
     Улуттук-маданий борборлор,  коомдор жана  жердешчиликтер  тиешелүү
закондордун негизинде иш жүргүзөт.

     53-статья. Автордук укуктарды коргоо

     Кыргыз Республикасында  автордук  укуктарды  коргоо гарантияланат.
Автордук укуктардын объектилеринин тизмеси республиканын закондору жана
эл аралык конвенциялар боюнча актылар тарабынан белгиленет.

     54-статья. Маданият чөйрөсүндөгү монополияга каршы чаралар

     Маданий иштин белгилүү бир жагындагы монополияга каршы жүйөлөр бо-
юнча сотко кайрылуу иш боюнча соттун чечими чыгарылганга чейин  маданий
институтту каттоону токтото турат.
     Маданий иштин  белгилүү  чөйрөсүндө  монополияга алып келүүчүлүккө
жол берилбейт.
     Бир дагы маданий программа маданият чөйрөсүндө монополиялык маани-
ге  ээ болууга,  башка программаларды жана граждандык эркин тандап алуу
мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга мүмкүн эмес.

     55-статья. Маданият чөйрөсүндө менчикти мамлекеттен ажыратуу жана
                приватташтыруу

     Маданият чөйрөсүндө  менчикти мамлекеттен ажыратуу жана приватташ-
тыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн контролдугу жана уруксаты  менен
жүзөгө ашырылат.
     Мамлекеттин карамагында жана  коргоосунда  болгон  улуттук-маданий
энчинин  объектилери жана мекемелери мамлекеттен ажыратылбайт жана при-
ватташтырылбайт.

     56-статья. Маданият чөйрөсүндө закондорду бузгандык үчүн
                жоопкерчилик

     Кыргыз Республикасынын  закондору  тарабынан  маданият  чөйрөсүндө
укук бузгандыгы үчүн уголовный, административдик, материалдык жана баш-
ка жоопкерчилик белгиленет.
     Маданият чөйрөсүнө  келтирилген  материалдык  жана  моралдык  зыян
күнөөлүү адам тарабынан белгиленген тартипте оорду толтурулат.

                            Тогузунчу глава
                    Эл аралык маданий ишке катышуу

     57-статья. Маданият чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

     Маданий ишканалар,  мекемелер жана уюмдар, чыгармачыл коллективдер
жана союздар, коомдук уюмдар чет өлкөлүк юридикалык жактар жана адамдар
менен маданият чөйрөсүндө кызматташуунун кандай гана болбосун түрү  бо-
юнча  Кыргыз Республикасынын закон актыларына карама-каршы келбеген ке-
лишимдерди (контракттарды) өз алдынча түзүүгө укуктуу.
     Мамлекет маданият чөйрөсүндө эл аралык алмашууну өнүктүрүүгө көмөк
көрсөтүүгө милдеттүү,  буга кесиптик чыгармачыл кызматкерлер жана  кол-
лективдерди,  адистер жана студенттерди, маданий балуулуктарды (искусс-
твонун чыгармалары,  илимий изилдөөлөр,  музей экспонаттары жана у.с.),
ошондой эле маданият чөйрөсүнүн ар кыл чөйрөсүндөгү уюштуруучулук иштин
тажрыйбасын алмашып туруу кирет.

     58-статья. Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү эл аралык
                милдеттенмелери

     Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү эл аралык макулдашуу-
лары анын бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылат.

     59-статья. Мамлекеттин өз граждандарынын жана чет өлкөдө жашаган
                мекендештеринин маданий сунуш-талаптарын
                канааттандырууга көмөк көрсөтүүсү

     Кыргыз Республикасы өз граждандарынын жана чет өлкөдө жашаган  ме-
кендештеринин маданий сунуш-талаптарын канааттандырууга көмөк көрсөтөт.

     60-статья. Чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок
                адамдардын укуктары

     Чет өлкөлүк граждандар жана республиканын аймагында жашаган  граж-
дандыгы  жок  адамдар  Кыргыз  Республикасынын закондорунда белгиленген
тартипке ылайык көркөм чыгармачылыкка жана маданияттын жетишкендиктери-
нен пайдаланууга укуктуу.

     61-статья. Кыргыз Республикасынын гражданынын чет өлкөдөгү
                чыгармачылык иши

     Эл аралык макулдашууларга ылайык республиканын граждандарына улут-
тук  мамлекеттердин  аймагында маданий баалуулуктарды өндүрүү боюнча иш
жүргүзүүгө жана андан киреше алууга укук берилет.

     62-статья. Маданият чөйрөсүндө эл аралык уюмдарга катышуу

     Республиканын аймагында эл аралык маданий уюмдардын филиалдары жа-
на ассоциациялары түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын ар кандай ма-
даний институту эл аралык маданий уюмга кирүүгө өз катарына чет өлкөлүк
граждандарды тартууга, валюталык каражаттарды өз алдынча тескөөгө укук-
туу.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 А.Акаев