Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\ac66db58-51ff-495e-8ba0-5e2b7acaaa54\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2018-жылдын 20-июну № 2018-П-12/24-1-(НПА)

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө"  жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө" токтому.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 1-февралындагы № 6/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы № 5/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктык операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырган коммерциялык банктар, уюмдар, жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө жобонун 3.1-пунктун чечмелөө (түшүндүрүү) тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобонун 27-пункту 2018-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

4. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобонун 4.1.2-пункту 2019-жылдын 1-июлуна чейин, жана Бишкек шаарынан тышкары республиканын региондоруна таркатылат.

4. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Көзөмөл методологиясы жана банктарды лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

 

Т.Абдыгулов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2018-жылдын 20-июнундагы
№ 2018-П-12/24-1-(НПА) токтомуна карата
тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:

3-пунктунун:

- жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү (риск-аппетит) - бул, банк өз стратегиясында жана бизнес-планында каралган максаттарга жетүүсү үчүн өзүнө кабыл алууга даяр болгон, банктын аброю жана этикага жатпаган практика сыяктуу татаал өлчөнүүчү тобокелдиктерди эске алуу менен чогуу алгандагы тобокелдиктер деңгээли жана түрлөрү. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү банкты өнүктүрүү стратегиясын жана банктын бизнес-планын иштеп чыгууда эске алынат.";

- пункт төмөнкү мазмундагы жыйырма сегизинчи, жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар менен толукталсын:

"Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документ - бул, банк өз стратегиясында жана бизнес-планында каралган максаттарга жетүүсү үчүн кабыл алууга же жол бербөөгө даяр болгон тобокелдиктердин чогуу алгандагы деңгээли жана түрлөрү (кирешелүүлүк, капитал, ликвиддүүлүк жана башка тиешелүү чаралар боюнча сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү аныктоо, мисалы өсүш, өзгөрмөлүүлүк), мында банктын аброю жана этикага жатпаган практика сыяктуу татаал өлчөнүүчү тобокелдиктерди эске алуу зарыл. Мында, аталган документ банктын бизнес-планынын бир бөлүгү болушу мүмкүн.

Тобокелдиктер боюнча лимиттер - банктын чогуу алгандагы тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли деңгээлин (белгилүү бир көрсөткүчтөргө коюлуучу сандык чектөөлөр) иш чөйрөсү, банктын филиалдары, туунду компаниялары, аныкталган тобокелдик категориялары, концентрациялар, продукттар жана башка зарыл деңгээлдер боюнча бөлүштүрүү. Банк лимиттердин ар кандай түрлөрүн ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын туура бөлүштүрүү үчүн жоопкерчилик тартат.

Банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн профили - бул, банк үчүн алгылыктуу тобокелдиктердин бардык түрлөрүнүн жана алардын деңгээлдеринин жыйынтыкталган маалыматы, алар банк ишинде бардык негизги көйгөйлөрдү жана аталган тобокелдиктер боюнча колдо болгон маалыматтарга учурдагы (акыркы жаңыртылган) баа берүү жыйынтыктарын чагылдырат.";

- 5-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин.

"Банктын ишинин өлчөмүн жана стратегиясын ачып көрсөтүү максатында, банк мыйзамдын жана банктын ички документтеринин талаптарына ылайык бизнес-план түзүүгө тийиш. Тобокелдиктер боюнча лимиттер деңгээлин көрсөтүү менен тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документ банктын бизнес-планында да чагылдырылышы мүмкүн.";

- 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"12. Тобокелдик-менеджменти кызматы, кеминде ай сайын отчетторду Тобокелдик боюнча комитетке, ошондой эле чейрек сайын Директорлор кеңешине сунуштап турат. Мында, Директорлор кеңеши жана/же Тобокелдик боюнча комитет мындай отчетторду сунуштоонун башка мезгилдүүлүгүн, бирок ушул пунктта белгиленген мезгилдүүлүктөн кем эмес кошумча белгилей алышат.

Тобокелдик-менеджмент кызматы күндөлүк иштерди аткаруу жана чечимдерди оперативдүү кабыл алуу үчүн банк Башкармасынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөр жана кызматкерлер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат.";

- Жобо төмөнкү мазмундагы 14-1 - 14-5-пункттар менен толукталсын:

"14-1. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документте белгиленген лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө жактырылышы менен артышы мүмкүн болгон учурлады так аныкталууга тийиш. Бул менен Директорлор кеңеши өз алдынча белгиленген/жактырылган лимиттерди, лимиттердин артышы ким тарабынан бекитилет, кайсы органга тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли жөнүндө отчетун берилишин жана кандай маалда, мыйзам бузуулар орун алган учурда маалымат берүү тартибин жана мөөнөтүн, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу органдарына тобокелдик боюнча лимиттерди белгилөө/жактыруу жагында укук берүүнү өз алдынча аныктайт.

Мында, тобокелдиктер боюнча лимиттердин деңгээлин төмөндөтүү жагында чаралар каралышы мүмкүн.

14-2. Банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн учурдагы профилин тескөө максатында, банк тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн, атап айтканда, банк үчүн алгылыктуу болгон тобокелдиктердин бардык түрлөрүн жана алардын деңгээлдерин (тактап айтканда банктын тобокелдикке дуушар кылбаган жана банктын аманаттарынын жана кирешелүүлүгүнүн сакталышын камсыз кылган деңгээлде) так чагылдырууга тийиш. Мында, тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү банктын кыска жана узак мөөнөттүү стратегиясы менен байланыштуу болууга тийиш жана банктын бизнес планына каршы келбейт, ошондой эле банктын тиешелүү коллегиалдуу органдарынын деңгээлинде макулдашылуусу зарыл. Бул үчүн:

1) Жобонун 3-пунктунун 28-абзацында көрсөтүлгөн банктын кыска жана узак мөөнөттүү стратегиясы, бизнес-планы, анын капиталы жана финансылык планы менен байланыштуу болгон тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээли жөнүндө ички документти иштеп чыгуу жана бекитүү;

2) банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо процессин камтыган саясатты иштеп чыгуу жана банк ишинин тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлине ылайык келишин туруктуу негизде контролдоо. Мында, банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоонун ушул документи кеминде жылына бир жолу кайра каралып чыгууга тийиш;

3) баа берүү, жактыруу, маалымдоо (банк ичинде маалымдалышы) боюнча жол-жоболорду, ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган жана жактырылган тобокелдиктер жана принциптер боюнча лимиттерге мониторинг, аудит жүргүзүү процесстерин иштеп чыгуу;

4) банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ашпоого тийиш болгон тобокелдиктер боюнча лимиттерди өлчөө, белгилөө, контролдоо жана тескөө зарыл.

14-3. Директорлор кеңеши лимиттерге жана маанилерге мониторинг жүргүзүү максатында, банк Башкармасы тарабынан ишке ашырылган банктын тобокелдүүлүк профилин контролдойт жана ал үчүн жоопкерчилик тартат.

Банктын операциялык ишине байланыштуу ар кандай өлчөнүүчү тобокелдиктерге (мисалы, кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик, пайыздык чен тобокелдиги, ликвиддүүлүк тобокелдиги ж.б.) банк дуушар болушун контролдукка алууга лимиттердин топтомун белгилөө зарыл. Тобокелдиктер боюнча лимиттер негизинен банктын пайда алышына, капиталына, ликвиддүүлүгүнө жана башка ушундай сыяктуу көрсөткүчтөргө карата белгиленет (мисалы, өсүш жана өзгөрмөлүүлүк). Тобокелдиктер боюнча лимиттерди банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээлине ылайык белгилөө керек.

14-4. Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдиктер боюнча лимиттер банктын тигил же башка ишин жүзөгө ашырган адамдарга/кызматкерлерге, бөлүмгө же түзүмдүк бөлүмдөргө таркатылат.

14-5. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөр, банктын операциялык иш процессине тартылган адамдар/кызматкерлер тобокелдиктер боюнча белгиленген лимиттер жөнүндө маалым болуусу зарыл жана банк аталган лимиттер тууралуу түшүнүүсүн камсыз кылууга тийиш. Лимиттердин колдонулушуна кылдат мониторинг жүргүзүү зарыл. Банк Башкармасы тиешелүү чараларды көрүү үчүн бузууга жол берилген лимиттер тууралуу токтоосуз түрдө маалымдалууга тийиш.";

- 17-пункттун:

1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- тобокелдик-менеджменти кызматынын иш планын бекитүү жана анын аткарылышын контролдоо;";

2-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- тобокелдик-менеджменти кызматы сунуштаган тобокелдик түрлөрү боюнча утурумдук отчеттор, ошондой эле тобокелдиктер боюнча лимиттер абалы, гэп жана стресс-тестирлөө жыйынтыктары";

3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:

"3) банкта орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө маселелери жагында тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси, комплаенс-контроль кызматынын жетекчиси, ички жана тышкы аудит, ошондой эле зарыл учурларда, банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара иш алып баруу;";

5-пунктчадагы "тобокелдиктерге туруштук берүү" деген сөздөр "тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ички документ" дегенге алмаштырылсын;

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"18. Тобокелдик боюнча комитеттин сандык жана жеке курамы банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталып, бекитилет жана Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсү болууга тийиш. Мындан тышкары, аталган комитеттин кеминде эки мүчөсү Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн ичинен шайланууга жана алардын бири Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы болууга жана Аудит боюнча комитеттин жетекчиси болбоого тийиш.

Тобокелдик боюнча комитеттин бардык мүчөлөрү добуш берүү укугуна ээ, ал эми чакыртылгандарга добуш берүү укугу чегерилбейт.";

- 19-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- 20-пункттун биринчи абзацындагы "3 (үч) айда кеминде бир жолу" деген сөздөр "айына кеминде бир жолу" дегенге алмаштырылсын;

- 27-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"2) банк Башкармасы жана тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси менен биргеликте банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн чараларын иштеп чыгуу, ошондой эле банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө карата талаптарды, тобокелдик саясатынын жана лимиттеринин сакталышын көзөмөлгө алууга жана туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү.";

- 28-пункттагы:

"милдеттерин жана" деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Банктын тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банк менен макулдашылат";

- 31-пункттун 3-пунктчасындагы "айына бир жолу" деген сөздөр "чейрек ичинде бир жолу" дегенге алмаштырылсын;

- 38-пункт төмөнкү мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын.

"11) Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жана тобокелдиктер боюнча лимиттерин аныктоо.";

- 66-пункттагы "Ички документте" деген сөздөр "Ички документтерде" дегенге алмаштырылсын;

- 67-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү "Ички документте" деген сөздөр "Ички документтерде" дегенге алмаштырылсын;

- 90-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"90. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин тескөө боюнча ички документ (саясат) болууга тийиш. Ички документтерде банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин аныктоо, табуу, ага баа берүү, контролдоо жана төмөндөтүү жол-жоболору каралууга, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш".

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобонун:

- 19-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- катышуу аркылуу (комитеттин мүчөлөрдүн катышуусу менен) же катышуусуз (комитеттин мүчөлөрдүн катышуусуз, мисалы видео, - аудио конференция ж.б.) отурумдарды өткөрүү, анын ичинде комитеттин мүчөлөрүнө добуш берүү тартиби;".

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"2.2. Банктын Кыргыз Республикасынын резидент кардарлары менен иш алып баруусунда да кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдиктин болуп калуусун эске алуусу зарыл.";

- 2.3-пункту төмөнкү мазмундагы 2.3.5 жана 2.3.6-пунктчалар менен толукталсын:

"2.3.5. Макроэкономикалык тобокелдик - карыз алуучунун өз милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир эткен мамлекеттеги же чет өлкөдөгү макроэкономикалык шарттардын олуттуу өзгөрүүсүнүн (мисалы, чет өлкө борбордук банкынын улуттук валютасынын нарксыздануусун/бекемделүүсүн алдын алуу үчүн багытталган кайра каржылоо ченин жогорулатуу/төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алуусу, ал кийинчерээк аталган өлкө менен ишкердик мамилеге ээ болгон карыз алуучуларга терс таасир этиши мүмкүн) натыйжасында чыгашалардын (жоготуулардын) келип чыгуу тобокелдиги.

2.3.6. Кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдик - анда карыз алуучу олуттуу ишкердик байланышка жана кызыкчылыкка ээ болгон чет өлкөдө экономикалык, социалдык жана саясий шарттардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында карыз алуучунун карыздарын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлап кетиши тобокелдиги (2-эскертүүнү кара). Кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдик кардардардын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүдө эске алынууга тийиш.".

4. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:

- 3.1-пункттагы "иш чөйрөсүнө" деген сөздөрдөн кийин "тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээлине" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"3.4. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген рыноктук тобокелдикти тескөө саясаты банк дуушар болгон тобокелдиктин деңгээлин жана татаалдыгын эске алууга жана рыноктук тобокелдиктин банктын ишине байланыштуу түрлөрүн камтууга, ошондой эле жаңы банктык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүдөн тобокелдик деңгээлин эске алууга тийиш.

Банктар тобокелдиктерине баа берүүдө жана тескөөдө өз ишин жүзөгө ашырган жалпы жана макроэкономикалык шарттарды жана банкты олуттуу жоготууларга алып келген алардын жөндөмдүүлүгүн эске алууга тийиш.

Эскертүү: Улуттук банктын Бюллетени же башка булактар макроэкономикалык маалымат булактарынан болушу мүмкүн.

Эгерде банк тобокелдикти хеджирлөө чечимин кабыл алса, анда рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатта тобокелдиктерди хеджирлөөнүн ыкмалары жана критерийлери, анын ичинде хеджирлөөнүн натыйжалуулугу (оптималдуулугун) жана наркы боюнча критерийлер аныкталууга тийиш.";

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3.11-пункт менен толукталсын:

"3.11. Банктын ички аудити банктын рыноктук тобокелдигин тескөө бүтүндүгүн, тактыгын жана натыйжалуулугун туруктуу негизде текшерип турууга тийиш. Ички аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтер боюнча корректировкалоочу иш-чаралардын андан аркы аткарылышы боюнча маалыматты мезгил-мезгили менен кеминде чейрек ичинде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана кеминде айына бир жолу Аудит боюнча комитетке билдирилет.

Банктын ички аудит тарабынан өткөрүлгөн рыноктук тобокелдикке баа берүү кеминде төмөнкү факторлорду камтууга тийиш:

- рыноктук тобокелдикти тескөө процессинин көлөмүнүн шайкештигин (рыноктук тобокелдикке алып келген позициялардын түрүн, мазмунун жана татаалдыгы деңгээлин эске алуу менен, ошондой эле алар рыноктук тобокелдикти тескөө процессинде талаптагыдай кароого алынганын текшерүүгө тийиш);

- банк тарабынан колдонулуучу рыноктук тобокелдикке тескөө системасынын шайкештигин;

- бардык маалыматтардын аныктыгын, толук, бүтүн болушун жана макулдашылгандыгын жана мындай маалыматтардын булактарын, ошондой эле рыноктук тобокелдикке баа берүүдө колдонулган баа берүү ыкмаларын.";

- 4.1-пунктунун:

биринчи абзацындагы "курамдык бөлүгү" деген сөздөр "курамдык элементи" дегенге алмаштырылсын;

экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:

"Мындай лимиттер банктын активдерин жана милдеттенмелерин тескөөдө эсепке алынып, ошондой эле банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана капиталына дал келүүгө тийиш";

төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- жаңы продукттар менен байланыштуу процесстерди жана принциптерди аныктоо.";

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.3-пункт менен толукталсын:

"4.3. Пайыздык тобокелдикти өлчөө кайра баалоо тобокелдигин, базалык тобокелдикти, опцион тобокелдигин жана кыйыр кирешелүүлүк тобокелдигин камтууга тийиш.

Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы стресс-тестирлөөнүн натыйжаларын, анын ичинде алардын негизин түзгөн негизги божомолдорду туруктуу негизде, бирок чейрек ичинде кеминде бир жолу жүргүзүүгө тийиш. Мындай иштердин жыйынтыктары рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатты түзүүдө жана кайра карап чыгууда эске алынууга тийиш. Стресс-тесттер аркылуу болжолдонуучу потенциалдуу жоготууларды жана мындай жоготуулардын келип чыгуу ыктымалдыгын эске алуу менен банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы тобокелдиктерди тескөө ишин күчөтүү үчүн кошумча чараларды көрө алат.".

5. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун:

- 4.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"4.1.2. Эгерде банкта "Гарантиялык фонд" ААКсынын депозити жайгаштырылган болсо, банк "Гарантиялык фонд" ААКсынын гарантиясы менен камсыздалган активдин бөлүгүн "нормалдуу" актив катары классификациялашы мүмкүн.

Мында, "Гарантиялык фонд" ААКсы менен коммерциялык банк ортосунда түзүлгөн депозиттик жана гарантиялык келишимдер, кеминде төмөнкү шарттарды камтууга тийиш:

- "Гарантиялык фонд" ААКсынын гарантиясы менен камсыздалган активдер көлөмү депозиттин суммасынан эки эсе ашпоого тийиш;

- "Гарантиялык фонд" ААКсы тарабынан камсыздалган активдердин орду толук жабылганга чейин аталган фонддун депозитинин болушу жана кайтарылып алынгыстыгы шарты.".