КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-майы № 19/13
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы № 5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу;
- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы № 48/4 "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы № 5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 9-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 7-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 2-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-абзацы жана ага карата тиркеменин 1-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 11-абзацы жана ага карата тиркеменин 10-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорун, кредиттик бюролорду, адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
|
Н. Жениш |