Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1998-жылдын 2-июну № 72

Автомобиль жолдору жөнүндө

(КыргызРеспубликасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2011-жылдын 26-июлундагы № 132, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2012-жылдын 11-октябрындагы №171,
2014-жылдын 27-февралындагы № 37,
2014-жылдын 1-июлундагы № 102, 2015-жылдын 2-июлундагы № 141,
2015-жылдын 3-августундагы № 211, 2018-жылдын 11-январындагы № 3
, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66, 2019-жылдын 24-июлундагы № 99, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

 

(Преамбула КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

1-статья. Автомобиль жолдору тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

Автомобиль жолдору тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

(экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Жол ээлеринин гана кызыкчылыгы үчүн пайдалануучу муниципалдык жолдордун, ошондой эле ведомстволук жана менчик жолдорду пайдаланууга байланышкан иш, эгерде ушул Мыйзамга карама-каршы келбесе, башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынса болот.

Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жана ведомстволор өз компетенциясына жараша өз карамагында турган автомобиль жолдорун пайдалануу маселелери боюнча кабыл алган чечимдери ушул Мыйзамдын талаптарын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздерин жөнгө салуучу, жол ишин жүзөгө ашыруучу жоболорду бузбашы керек.

(бешинчи бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү, оңдоону, күтүүнү камсыз кылуучу транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюмдары жана жол органдары тарабынан автомобиль жолдорун башкаруудагы экономикалык, укуктук негиздерди жана принциптерди, автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин, ээлик кылуучуларынын жана пайдалануучуларынын укуктарын, милдеттерин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктайт.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасындагы бардык автомобиль жолдоруна, анын бардык пайдалануучуларына, менчигинин формасына жана кайсы ведомствого баш ийгенине карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава
Автомобиль жолдору түшүнүгү, менчиктин жана башкаруунун формалары

 

3-статья. Автомобиль жолу, автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн тилке жана автомобиль жолдорунун боюндагы тилке түшүнүктөрү

 

Автомобиль жолу - транспорт каражаттарын ченемдик укуктук актылар аркылуу чектелген ылдамдык, салмак жана көлөм менен коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүнө арналган инженердик курулмалар комплекси.

Жол тилкеси - автомобиль жолунун тиешелүү конструкциялык элементтерин жана инженердик курулмаларын, ошондой эле пайдалануу үчүн зарыл имараттарды, курулмаларды жайгаштырууга, коргоочу жана декорациялык өсүмдүктөрдү отургузууга бөлүнгөн автомобиль жолдору ээлеген жерлер.

Жалпы пайдалануудагы долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун тилкесинин өлчөмү стандартка ылайык анын категориясына жараша белгиленет. Пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө чектелет:

1-категория-жол огунан 32 метр;

2-категория-жол огунан 16 метр;

3-категория-жол огунан 14 метр;

4-категория-жол огунан 13 метр;

5-категория-жол огунан 12 метр.

Жол боюндагы тилке - автомобиль жолуна бөлүнгөн жол тилкесинин эки тарабында аны бойлото жайгашкан жана алардын чектеринде автомобиль жолунун өнүгүү келечегин эске алуу менен, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана эксплуатациялоо, аны сактоонун тийиштүү шарттарын камсыз кылуу максатында, аларды пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген жер участоктору. Жол боюндагы тилкенин туурасын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Автомобиль жолдорунун курамына жол тилкесинин ичинде жайгашкан жол боюнча инженердик курулмалар, өзүнө эксплуатациялык ишканаларды жана көмөкчү өндүрүштү камтыган жол кызматынын бирдиктүү техникалык комплекси кирет.

Республиканын автомобиль жолдору жалпы пайдалануудагы жолдор, мекемелик жолдор, ошондой эле жеке менчик жолдор, муниципалдык жолдору деп бөлүнөт.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна Кыргыз Республикасынын менчиги болгон, өлкөнүн калктын социалдык-экономикалык жана коргонуу муктаждыгын алымсындыруу үчүн кызмат кылуучу шаарлар менен калктуу конуштардын ортосунда жүк, жүргүнчү ташууга кызмат кылуучу шаар сыртындагы автомобиль жолдору жана алардагы курулмалар кирет.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун комплексине жол тилкесиндеги аба мейкиндиги жана жер байлыктары да кирет.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору өзүнүн эл чарбалык жана административдик маанисине жараша эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдору деп бөлүнөт.

Эл аралык маанидеги автомобиль жолдоруна эгемендүү мамлекеттердин борборлорун байланыштыруучу, ошондой эле мамлекет аралык макулдашууларга ылайык автомобиль жолдорунун эл аралык тармагына кирүүчү автомобиль жолдору кирет.

Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна республиканын административдик, маданий жана өнөр жай борборлорун, ошондой эле коңшу мамлекеттер менен транспорт жагынан өз ара катнашты камсыз кылуучу жолдор кирет.

Жергиликтүү маанидеги жолдорго республиканын жана областтын административдик борборлорун райондор, айыл-кыштактар менен байланыштыруучу, ошондой эле район борборлорун мамлекеттик маанидеги жолдор менен байланыштыруучу автомобиль жолдору кирет.

Ведомстволук автомобиль жолдоруна негизинен жол ээлеринин, анын ичинде айыл чарба ишканаларынын муктаждыгын тейлөөчү чарбалык ички, технологиялык, кызматтык, патрулдук, дагы башка автомобиль жолдору кирет.

Жеке менчик автомобиль жолдоруна юридикалык жана жеке жактар курган жана алардын менчиги болуп саналган автомобиль жолдору кирет.

Муниципалдык жолдорго калктуу конуштардын чегинин ичинде жайгашкан жана транспорт байланышын камсыз кылган жана алардын инфраструктурасынын курамдык бөлүгү болгон жолдор, көчөлөр, өтмөктөр жана транспорттук жолдор кирет.

Автомобиль жолдорун квалификациялоо жана номерлөөгө коюлуучу талаптар менен тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, ведомстволук жана жеке менчик жолдор, шаарлар менен калктуу конуштардын көчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик эсепке алынууга тийиш.

Автомобиль жолдорун мамлекеттик эсепке алууда төмөндөгүлөр эске алынат:

- автомобиль жолунун расмий картасын киргизүүнү;

- ар бир жолдун наамын, индексациясын жана узактыгын көрсөтүү менен автомобиль жолдорунун тизмегин түзүүнү;

- автомобиль жолунун баланстык наркынын өзгөрүшүн жана эскиришин;

- автомобиль жолунун техникалык паспортун, жолго тиешелүү маалыматтар корун, автомобиль жолдору ээлеген жерлердин аянты тууралу маалыматты ж.б.

(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

4-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору:

- мамлекеттик менчикте турат;

- сатылууга тийиш эмес, жеке менчикке берилбейт.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттин атынан башкаруу жолдорду өнүктүрүүнү, сактоону, оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуучу, чарбачылыкты жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга укугу бар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

(3-бөлүк КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

5-статья. Ведомстволук автомобиль жолдору

 

Ведомстволук автомобиль жолдору:

- мамлекеттик менчикте турат, мамлекеттик ишкананын башкаруусуна же башка бир жактын чарбалык ээлик кылуусуна же оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн;

- сатылууга тийиш эмес, жеке менчикке берилбейт.

Жолдор кайсы мекемелердин карамагында турса, алардын өнүктүрүлүшү, оңдолушу, күтүлүшү жана сакталышы ошол мекемелердин каражатынын эсебинен камсыз кылынат.

Ведомстволук автомобиль жолдору транспорт жана жолдор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу алынгандан кийин алардын менчик ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Жеке менчик автомобиль жолдору

Жеке менчик автомобиль жолдору юридикалык жана жеке жактар тарабынан курулат жана алардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кызмат кылат.

Жеке менчик автомобиль жолдору транспорт жана жолдор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу алынгандан кийин алардын менчик ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Муниципалдык жолдор

 

Муниципалдык жолдор:

- мамлекеттик менчикте турат, тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын чарбалык ишине жана оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилип, жалпы пайдаланууга ачык болот;

- муниципалдык менчикте турат, жалпы пайдалануу үчүн ачык болот.

Аларды башкаруу ишин алардын сакталышын, оңдолушун, күтүлүшүн жана өнүгүшүн өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары жүзөгө ашырат.

(3-бөлүк КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Өзгөчө кыймыл режими бар автомобиль жолдору

Автомобиль жолдоруна өзгөчө режимдүү кыймылы бар жолдор статусун берүү жана аларды пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Мындай жолдорго жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, ведомстволук жолдор, шаарлардын жана калктуу конуштардын көчөлөрү, өзгөчө бир кырдаалдарда (өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктары учурунда ж.б.) пайдаланылуучу жеке менчик жолдор да кире алат.

Өзгөчө кыймыл режими бар автомобиль жолдору ведомстволук жана жеке менчик, муниципалдык автомобиль жолдорунун ээлеринин макулдугу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын оперативдүү башкаруусуна берилиши мүмкүн.

Ведомстволук, муниципалдык жана жеке менчик автомобиль жолдорун өзгөчө режимдүү кыймылы бар жолдор катары компенсация төлөөнүн жана аларды оңдоо, күтүү иштерин каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Стратегиялык маанидеги ведомстволук, муниципалдык жана жеке менчик жолдорду башкаруу

Стратегиялык мааниси бар ведомстволук жана жеке менчик жолдор, шаарлардын, калктуу конуштардын көчөлөрү же алардын бир бөлүгү мамлекеттин кызыкчылыгы же улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына убактылуу оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилиши мүмкүн.

Транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын убактылуу оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилген, стратегиялык мааниси бар ведомстволук жана жеке менчик жолдор, шаарлардын, калктуу конуштардын көчөлөрү же алардын бир бөлүгүн оңдоо жана күтүү иштерин каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Ведомстволук, муниципалдык жана менчик автомобиль жолдорун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү

Ведомстволук, муниципалдык жана менчик автомобиль жолдорун же алардын бир бөлүгүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүү ведомстволук, муниципалдык жана менчик автомобиль жолдорунун ээлеринин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Транспорттук мааниси бар жана ведомстволор тарабынан тейленилбей калган автомобиль жолдоруна көзөмөлдүк кылуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча тарнспорттук мааниси бар жана ведомстволор тарабынан тейленилбей калган автомобиль жолдору транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Транспорттук мааниге ээ болгон жана ведомстволор тарабынан тейленилбей калган автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү иштерин каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Автомобиль жолдоруна менчик укугу

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору республикадагы негизги катнаш жолу болуп эсептелет да, мамлекеттин менчигинде турат.

Ведомстволук автомобиль жолдоруна менчик укугу көрсөтүлгөн жолдор кайсы ишканалар менен уюмдардын менчигинде турса, ошол ишканалар менен уюмдардын менчик формасы аркылуу аныкталат.

Жеке менчик автомобиль жолдору жеке жана юридикалык жактардын менчиги болуп саналат.

Муниципалдык жолдор жергиликтүү жамааттардын менчиги болуп эсептелет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө болот.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Автомобиль жолдорун башкаруучу органдар. Жол органдары

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттик башкаруу алардын өнүгүшүн, сакталышын, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат.

Жеке менчик жана ведомстволук жолдорду башкаруу ушул жолдордун менчик ээлери тарабынан ишке ашырылат.

Муниципалдык жолдорду башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жол органдары - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өз балансында күтүүчү жана ошол эле учурда алардын өнүгүшүн, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу жол ишин башкаруу иш милдетин жүзөгө ашырууга ыйгарым укугу бар ишканалар жана уюмдар.

Жол иши - автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу, автомобиль жолдорун иликтөө, долбоорлоо, куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү, ошондой эле ушул максаттар үчүн кадрларды даярдоо.

Жол иши төмөндөгүдөй принциптердин негизинде ишке ашырылат:

- жол ишин жүзөгө ашыруу учурунда уюмдар менен граждандын укуктарынын теңдиги;

- Кыргыз Республикасынын коргонуу мүдөөсүнө жана экономикасынын өнүгүшүнө ылайык автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү мамлекеттик пландоо;

- мамлекеттик жол саясатына ылайык автомобиль жолдорун оңдоонун жана күтүүнүн артыкчылыгын камсыз кылуу;

- автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун бирдиктүү тармагын түзүүнү камсыз кылуу;

- автомобиль жолдорунун ээлеринин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсү жана контролдо болуусу;

- автомобиль жолдору жана анын кыймылынын шарттары тууралуу маалыматтын жалпыга жеткиликтүүлүгү;

- эл аралык кызматташтыкты кеңитип, автомобиль жолдор тармагынын эл аралык жол катнаш тутумуна биригиши.

Жол ишин мамлекеттик башкаруу төмөндөгүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылат:

- Кыргыз Республикасынын калкынын, экономикасынын жана коргонуу ишинин ташуу жумуштарына болгон муктаждыгын камсыз кылуучу автомобиль жолдорунун транспорттук коммуникацияларынын бири-бири менен байланышкан бирдиктүү тутумунан турган республиканын автомобиль жолдорунун тармагын түзүү;

- үзгүлтүксүз жана коопсуз жол кыймылын камсыз кылуу үчүн автомобиль жолдорун пайдалануунун жалпы принциптерин белгилөө;

- жол кыймылын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

- автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу боюнча амамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;

- автомобиль жолдорунун абалына жана пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу;

- жол жумуштарын пландоону жана каржылоону камсыз кылуу.

Транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун мамлекеттик планын иштеп чыгат, ошондой эле республиканын автомобиль жолдорун оңдоп куруу, реабилитациялоо жана инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт.

(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Жол чарбасы

Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун иликтөөнү, издеп табууну, долбоорлоону, курууну, оңдоп курууну, оңдоону жана күтүүнү, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү, кадрлар даярдоону, жол техникасын камдап, оңдоону, автомобиль жолдорун куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү иштери менен байланышкан руда эмес материалдарды казып алып, кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишканалар менен уюмдар өзүнчө бир комплексти - жол чарбасын түзөт.

15-статья. Жол чарбасынын мүлкүнүн курамы жана анын пайдаланылышы

Мамлекеттин гана менчигинде турган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен катар жол чарбасынын мүлкүнүн курамына аларды күтүүгө жана башкарууга зарыл инженердик жол курулмалары жана жабдуу-шаймандар, ошондой эле жол тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелердин чегиндеги автомобиль жолдорунун жерлери кирет. Мүлктүн таандыктыгы Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган укукту күбөлөндүрүүчү жана укукту белгилөөчү документтердин негизинде аныкталат.

Жол чарбасынын мүлкүн башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте ишке ашырылат.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору жана ал жолдор ээлеген жерлер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача жагдай каралбаса, сатып алуунун-сатуунун, аманат калтыруунун, дагы башка граждандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоонун предмети боло албайт.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Жол органдарынын, автомобиль жолдорунун ведомстволук ээлеринин жана муниципалдык, жеке менчик ээлеринин милдеттери

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору карамагында турган жол органдары, ведомстволук автомобиль жолдорунун ээлери жана жеке менчик автомобиль жолдорунун ээлери ал жолдорду эл чарбасынын жана калктын ташуу иштерине болгон муктаждыктарына жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жол кыймылынын коопсуздук талаптарына жооп бергидей абалда кармоого, алардын тармактарын көрктөндүрүп, сарамжал өнүктүрүүнү камсыз кылууга, бул иштер үчүн бөлүнгөн каржылоо каражаттарын максатка ылайык пайдаланууга милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-глава
Автомобиль жолдорун пайдалануудагы укуктар жана чектемелер

 

17-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар, алардын укуктары жана милдеттери

Автомобиль жолдорун пайдалануу - бул жол кыймылын, ошонун ичинде жүктү жана жүргүнчүлөрдү автомобиль аркылуу ташууну, ошондой эле автомобиль жолдоруна караган жерлерде дагы башка ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылчу иш.

Автомобиль жолдорун пайдалануучулар - жол кыймылына катышуучулар, ошондой эле автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн жерлерде иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар.

Чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат.

Максималдык салмак-габариттик параметрлер боюнча талаптарды сактаган жол кыймылынын катышуучулары, жалпы пайдалануудагы бардык автомобиль жолдору боюнча, ошондой эле жалпы пайдалануу үчүн ачык болгон ведомстволук, менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору боюнча өтүүгө укуктуу.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 132, 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби

Жалпы пайдалануудагы, жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун жана ведомстволук автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Жеке менчик автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча алардын менчик ээлери тарабынан белгиленет.

Муниципалдык жолдорду пайдалануу жана сактоо тартиби транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу максималдык өлчөмдөрдүн, жалпы массанын, октук жүк көтөрүмдүүлүктүн жана башка линиялык параметрлердин белгиленген ченемдеринен ашпаган транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана механизмдердин жүрүүсүнө уруксат берилет.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн уруксат берилген автотранспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрү, жалпы массасы, октук жүк көтөрүмдүүлүгү жана башка линиялык параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн белгиленген жабдууларды пайдалануу менен стационардык жана өткөрмө транспорттук контроль пункттарында жүргүзүлөт. Транспорттук контроль пункттарында автоматташтырылган тутум болгондо салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль автоматташтырылган тутум менен гана жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттердин аймагында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн жыйымдарды алуудан бошотуу Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилет.

Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана аларды таразага тартуу, максималдык өлчөмдөрүм жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Иш өндүрүшү башталганга чейин уюмдар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүүнүн технологияларын жана мөөнөттөрүн макулдашууга милдеттүү.

Иш өндүрүшү башталганга чейин уюмдар тиешелүү жол органдарынан иштерди жүргүзүүгө жооптуу адамдарды, технологияларын жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ордер алууга жана аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашууга милдеттүү.

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүүнүн тартиби

Автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты болгон учурда гана жол берилет.

Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Атайын жана бөлүнгүс жүгү бар транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн алардын ээлеринен транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жыйымдар алынат жана жыйымды төлөө автомобиль жолдорун пайдалануучуларды келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

(Бөлүк КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ош - Бишкек автомобиль жолу боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсү мамлекет үчүн өзгөчө учурларда гана жол берилет. Калган учурларда жол берилбейт. Мындай уруксат жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-статья. Акы төлөмө автомобиль жолдору

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте Кыргыз Республикасында акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун ачууга болот.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда тиешелүү шарттарды кыйла жакшыртуу жана жол кыймылынын убактысын байкаларлык үнөмдөө максатында жол кыймылынын жалпы ургалдуулук көлөмүнө таянып, ошол жолдор менен жүргөн транспорт каражаттарынан жыйым алынса болот. Мындай учурда тиешелүү багыт менен жүрүүдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун сөзсүз болушу зарыл.

Акы төлөмө автомобиль жолдорун иштетүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына автомобиль жолдорун пайдалануучулар үчүн салык, жыйым, төлөм жана чегеримдерди киргизүүгө тыюу салынат, буларды колдонгон учурда автомобиль транспорттору менен жүргүнчүнүн жана жүктүн бир жерден экинчи жерге эркин барышына, ташылышына тике же кыйыр түрдө чектөө коюлуп калат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы төлөмө жолдор жана жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өткөнү үчүн жыйымдар

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

22-статья. Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же ага чек коюу

Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же ага чек коюу табигый мүнөздөгү шарттар түзүлгөндө, жол-климат абалына же оңдоо-курулуш иштерине байланыштуу, ошондой эле автомобиль жолдорунда түзүлгөн абал жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына жооп бербеген учурларда гана жүргүзүлөт.

Жол кыймылына чек коюу же аны токтотуу тууралуу чечим канчага чейин күчүндө тураары көрсөтүлүп, төмөндөгүлөр тарабынан кабыл алынат:

- эл аралык жолдордо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

- мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунда - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- жергиликтүү маанидеги жолдордо - транспорт жана жолдор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик бийликтин областтык органдары;

- ведомстволук жолдордо - тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол ээлери;

- жеке менчик автомобиль жолдорунда - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол менчик ээлери;

- муниципалдык жолдордо - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары.

Кечиктирилгис учурларда транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жолду пайдалануу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурганда же чоң жүк ташыган технологиялык транспорттун кыймылы жолдо транспорт кыймылына кыйынчылык келтиргенде, жолдун айрым участокторунда жол кыймылына тыюу сала алат же чектөө кое алат.

 (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

23-статья. Автомобиль жолдорунун бөлгүч тилкесин эксплуатациялоонун тартиби

 

Автомобиль жолдорунун жерлери өзүнө автомобиль жолдорун куруу жана эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле жол-эксплуатациялык кызматтын, жол жана жол боюндагы сервистин объекттеринин нормалдуу иштешин камсыз кылуучу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу үчүн жол органдарына туруктуу жана убактылуу, анын ичинде ижара шартында пайдаланууга берилген жол тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелердин жерилерин камтыйт.

Жол сервисинин объекттерине жол тилкелеринин чектеринде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар (автобустардын токтоочу, анын ичинде павильондору бар пункттары, транспорт каражаттарынын кыска убакытка токтоп туруусу үчүн аянтчалар, транспорт каражаттарын токтотуучу жайлары бар эс алуу аянтчалары, авариялык-чакыруу байланышынын түзүлүштөрү жана башка курулмалар) кирет.

Жол боюндагы сервис объекттерине жол боюндагы тилкеде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын жол жүрүп баратканда тейлөөгө багытталган имараттар жана курулмалар (мотелдер, мейманканалар, кемпингдер, техникалык тейлөө станциялары, май куючу станциялар, тамактануу, соода кылуу, байланыш, медициналык жардам пункттары, транспорт каражаттарын жуучу жайпар, жарнама каражаттары жана башка курулмалар) кирет.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, бөлүнгүс болуп саналат жана жеке менчикке өткөрүп берүүгө жатпайт.

Автомобиль жолдору ээлеген жерлер белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат.

Автомобиль жолдорунун жерлери:

- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында жалпы пайдаланууда болот;

- калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын карамагында болот.

Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун жерлери алардын ээлеринин жана менчик ээлеринин карамагында болот.

Автомобиль жолдорунун тилкелери жана жол боюндагы тилкелер жол жана жол боюндагы сервис комплекстерин өнүктүрүү, абаттоо жана жайгаштыруу үчүн гана пайдаланылат.

Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу долбоорлоо документтеринин, автомобиль жолдорун куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн, жол кыймылынын коопсуздугунун жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттардын ченемдеринин жана эрежелеринин негизинде аныкталат.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкелеринде жана жол боюндагы тилкелерде жолдогу жана жол боюндагы сервис объекттерин өнүктүрүүнүн, абаттоонун жана жайгаштыруунун генералдык схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Жолдогу жана жол боюндагы сервис объекттерин жайгаштыруу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык шартка ылайык жүзөгө ашырылат.

Автомобиль жолдорунун жерлеринде бул жерлерди пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу менен тургузулган кандай болбосун конструкциялар, курулмалар жана жайлар мыйзамсыз деп таанылат жана автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан, мыйзамда аныкталган тартипте, курулушту өзү билемдик менен жүзөгө ашырган адамдардын эсебинен сүрдүрүп салууга жатат.

Автомобиль жолдорунун жерлерин өзү билемдик менен пайдалануу бул жерлерди мыйзамсыз пайдалануу убагында жумшалган өндүрүштүк сарптоолордун орду толтурулуп берилбестен токтотулат.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-статья. Автомобиль жолдорунун контролдонуучу зонасын куруунун тартиби

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

25-статья. Автомобиль жолдоруна чектеш участкаларда иштеген дыйкандардын жана жер ээлеринин милдеттери

 

Аймагы аркылуу автомобиль жолдору өткөн жер ээлери жана жерди пайдалануучулар буларга милдеттүү:

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна кирүүчү жана андан чыгуучу жолчолорду техникалык жактан оң абалда кармоого;

- жан жолдорду, жөө киши жүрүүчү жолдорду акыр-чикирден, баткактан жана кардан тазалоого;

- бойлорунда тигилген бак-даракты сактоого жана тиешелүү тартипте күтүүгө;

- жолдун чекелериндеги тосмолорду жана курулмаларды оң абалында кармоого;

- жолдон 50 метр аралыкта таш, куурай, чөп-чар жана башка материалдар жыйналышына жол бербөөгө.

 

26-статья. Автомобиль жолдоруна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Автомобиль жолдорун пайдалануучулар жүк жана жүргүнчү ташуу учурунда автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын оң абалда сакталышын камсыз кылууга, ушул Мыйзамдын талаптарын, жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасында аларды коргоонун тартибин, муниципалдык жолдорун пайдалануунун эрежелерин, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдоруна алардын ээлери кандай тартип чектесе, ошолордун баарын сактоону камсыз кылууга милдеттүү.

Автомобиль жолдорун, андагы жасалма курулмаларды, жол органдарынын мүлкүн, жол белгилерин, жол кыймылын жөнгө салуучу техникалык каражаттарды, көрсөткүчтөрдү, автопавильондорду, жол бойлорундагы бак-даракты, кардан коргоочу курулмаларды жана автомобиль жолдорун оң абалда кармоого зарыл дагы башка элементтерди бузууга жол бергендер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттары менен автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Жол чарбасына зыян келишине күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2014-жылдын 1-июлундагы № 102, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-статья. Автомобиль жолдорун пайдаланууга тыюу салуу

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жана жол тилкесинде буларга тыюу салынат:

- таманы өркүндөтүлүп төшөлгөн жолдор менен каз таман транспорттун, дөңгөлөктөрүндө урчуктары, темир текөөрү, темир тикенектери, чынжыры, дагы башкасы бар машиналардын жана механизмдердин жүрүшүнө;

- жолдорду жана жол курулмаларын тышкаркы предметтер менен бөгөттөп, булгоого, жол-транспорт кырсыктарында каза болгондорду эскерүүгө тургузулган эстелик плиталарды жана мамыларды орнотууга, жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен керектен чыккан автотранспорт каражаттарынын кузовдорун, каркастарын коюуга, жол бетинде айыл чарба продуктыларын кургатууга, ошондой эле жол бетине акыр-чикирди, карды төгүүгө, материалдарды жыюуга;

- күйүүчү-майлоочу материалдардын, химиялык заттардын, битумдун төгүлүшү мүмкүн болгон иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле жол үстүндө материалдарды жүктөөгө жана түшүрүүгө;

- кум, шагыл алууга;

- жыгач көпүрөлөрдө жана таманы жыгачтан жасалган көпүрөлөрдө от жагууга, тамеки тартууга;

- мал жаюуга, ошондой эле атайын чектелбеген жана жабдылбаган жерлерде жол аркылуу малды айдап өтүүгө;

- жерлерди айдоого, чөп чабууга, бак-даракты кыюуга;

- көпчүлүк эс алуучу жайга айландырууга;

- канализациядан, өнөр жай объекттеринен жана арыктагы сууларды суу бөлгүч курулмаларга жана резервдерге кое берүүгө;

- атайын чектелбеген жерлерде жолго кирүүгө жана андан бурулуп чыгууга;

- жол четинде соода жүргүзүүгө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарынын макулдугусуз жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же атайын ыйгарым укук берилген жол органдарынын тиешелүү уруксатысыз жалпы пайдалануудагы жолдордо жана жол боюндагы тилкелерде төмөндөгүдөй операцияларды жасоого тыюу салынат:

- геологиялык, чалгындоочулук, курулуштук, мелиоративдик, айыл чарбачылык, дагы башка жумуштарды жүргүзүүгө, байланыш жана электр линияларын, дагы башка коммуникацияларды өткөрүүгө;

- туруктуу жана убактылуу негизги жолго кирүүчү жана андан чыгуучу имерилиштерди, башка жолдор менен жанаша кетүүчү жана алар менен кесилишүүчү жерлерди курууга;

- жол кыймылынын коопсуздугуна тиешеси жок белгилерди, көрсөткүчтөрдү, көрнөктөрдү жана ураандарды жол тилкесинде орнотууга;

- темир жол өтмөктөрүн, плотиналарды, шлюздарды, кудуктарды, дагы башка мелиоративдик жана гидротехникалык курулмаларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, анын ичинде чакан гидроэлектр станцияларын пайдалануу боюнча объекттер үчүн арналган суу жүгүртүүчү жана башка курулмаларды курууга, оңдоп курууга, оңдоого жана жоюуга, дарыялардын нугун жана суу куюлуучу жерлерди тереңдетүүгө;

- көпүрө-өтмөктөрдүн, эстакадалардын алдына транспорт каражаттарын жайгаштырууга;

- таманына катуу заттар төшөлгөн жолдордо автомобиль, трактор, дагы башка өзү жүрүүчү жана чиркегич транспорт каражаттарын сыноого;

- бак-дарак тигүүгө, транспорт каражаттарын, токтотуу жана жууш үчүн сервис объекттерин салууга;

- киоск, павильон, дагы башка ушуга окшогон башка курулмаларды жайгаштырууга;

- спорт мелдештерин (кросс, авто- жана мото жарыш, дагы башка көпчүлүк иш-чаралары) өткөрүүгө;

- шлагбаумдарды коюуга.

Темир жол өтмөктөрүн куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана жоюу учурунда Кыргыз темир жолунунун бул иштерди анын Башкармалыгы менен кошумча иретинде макулдашуу талап кылынат.

Ушул статьяда саналып өткөн тыюу салуулар жана чектөөлөр транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды аткарып жаткан жол чарба ишканаларына таралбайт.

Муниципалдык жолдорун, жеке менчик автомобиль жолдорун пайдаланууга чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволор, менчик ээлери тарабынан коюлат.

 (КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 , 2019-жылдын 24-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

28-статья. Жол кыймылын башкаруу укугу

 

Жол органдарынын жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматчылары кызматтык күбөлүгүн көрсөтсө, төмөндөгүлөргө укугу бар:

- автомобиль жолдорун, жол курулмаларын жана алардын элементтерин буза же булгай турган транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан сырткары жакка чыгарууну жана токтотууну талап кылууга;

- өзүлөрү тейлеген жолдордун участкаларында көпчүлүк жүрүүчү рейстик (маршруттук) автобустарда багыты туура келсе, бекер жүрүүгө.

Жолдо бекер жүрүүгө уруксат берилген жол органдарынын кызматчыларынын тизмеси Өкмөтү тарабынан бекитилет.

- Жүк ташуучу автомобилдердин (аскердик, почта, инкассаторлук дагы башка атайын жүктөрдү ташыгандан башка) айдоочулары бараткан багыты туура келсе, өзү тейлеген жол участкасында кызмат милдетин аткарып жүргөн жол органдарынын кызматчыларын кызматтык күбөлүгүн көрсөтсө, бекер ала кетүүгө, ошондой эле алардын талабы боюнча жолдун таманынан чыгарылып салынышы зарыл бузук транспорт каражаттарын сүйрөтүп чыгарууга милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

29-статья. Автомобиль жолунда транспорт каражаттарына техникалык жардам көрсөтүү

 

Бардык автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарына техникалык жардам буга атайын уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлөт.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда техникалык жардам пункттарын жайгаштыруу транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

30-статья. Автомобиль жолдорундагы медициналык жардам

 

Автомобиль жолдорунда жол-транспорт кырсыгынан жапа чеккендерге медициналык жардам жакынкы дарыгер мекемеге жеткирүүгө, бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарына жана жол органдарына кабарлоого жол кыймылынын бардык катышуучулары тарабынан милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Автомобиль жолдорунда жол-транспорт кырсыгынан жапа чеккендерге медициналык жардамды жакынкы дарылоочу мекеме көрсөтөт.

 

4-глава
Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү

 

31-статья. Автомобиль жолдорунун абалына жоопкерчилик

 

Транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары ведомстволук жана жеке менчик жолдордун, шаарлар менен калктуу конуштардын көчөлөрүнүн ээлери жана алардын кызматчылары тиешелүү тартипте жол кыймылы токтотулгандан башка учурларда, ошондой эле өзүлөрү четтетүүгө мүмкүн болбогон же четтетиши өзүлөрүнө байланыштуу эмес кырдаалдардын кесепети дуушар кылган автомобиль жолдорунун тиешелүү абалда күтүлбөгөнүнө жоопкерчилик тартышат.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктары жана авария болушу мүмкүн коркунучтуу участкалар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарында жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүүгө жана эсепке алынууга тийиш.

Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар натыйжалуу болсун үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык органдарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт окуялары жана ошол жолдордогу аварияга учуратуу коркунучу бар участкаларды эске алуу жана жоюу боюнча ар кварталдык отчеттору транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү жол органдары менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек.

Жолдун начар шарттарына байланышкан бардык автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктарынын чыгышы тууралу материалдар ошол автомобиль жолунун тиешелүү участкасын караган жол органынын өкүлүн милдеттүү түрдө катыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары тарабынан жазылып-катталат. Жол органынын өкүлү келбеген учурда канааттандырарлык эмес жол шарттарына байланыштуу келип чыккан жол-транспорт кырсыгы жөнүндөгү материалдар Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары тарабынан жазылып-катталат жана транспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет да, жол органдары зыяндын ордун толтурууга милдеттүү болот.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Автомобиль жолдорун күтүү боюнча милдеттер. Жолдорду оңдоого жана күтүүгө коюлуучу стандарттар

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун башкарган транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жол органдары, ведомстволук жана жеке менчик жолдордун, шаарлар менен калктуу конуштардын ээлери өзүлөрүнө караган жолдорду жол кыймылынын коопсуздук талаптарына жооп бергидей абалда оңдоп күтүүгө, көрктөндүрүүгө, алардын тармактарын өнүктүрүүгө, бул максаттар үчүн бөлүнгөн каржылоо каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү.

Жол иштери - автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жүргүзүлүүчү иштер.

Автомобиль жолдорун күтүү - автотранспорт каражаттарынын натыйжалуу иштешин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылгыдай кармоо максатында автомобиль жолдорунда жол иштеринин комплексин аткаруу.

Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү төмөндөгүлөр аркылуу камсыз кылынат:

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору - транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдары аркылуу;

- ведомстволук жана жеке менчик жолдордо - бул жолдордун тиешелүү ведомстволору жана ээлери аркылуу;

- муниципалдык жолдор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.

Автомобиль жолдорун жана темир жол өтмөктөрүн оңдоонун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(6-бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө ченемдик финансылык сарптоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

32-1-статья. Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштерди ар жылы пландаштыруу

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштердин ар жылдык планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылууга жатат.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштердин ар жылдык планына долбоорлоо документтери жана финансылык ырастоосу жок куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо объекттерин киргизүүгө тыюу салынат.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү ушул Мыйзамдын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

 

5-глава
Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана оңдоп куруу

 

33-статья. Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана оңдоп куруу

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жол-жоболору жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда транспорттун жүрүшүнө ылайык пландоону архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы автомобиль жолдорунун долбоорлору, ошондой эле ал жолдорду куруу жана оңдоп курууга карата долбоорлор жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдары менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек.

Ведомстволук автомобиль жолдорун куруу жана оңдоп куруу ишинин долбоорун жактыруу транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат.

 (4-бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Автомобиль жолдорун курууга жана оңдоп курууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен тиешелүү макулдашууну түзгөндөн кийин бул иш-чараларды каржылоого катыша алат.

Автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу, жаңы курууну жана реконструкциялоону стратегиялык планга киргизүү тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

33-1-статья. Техникалык жөнгө салуу объекттерине карата коопсуздук талаптары

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо долбоордук документтердин, ушул Мыйзамдын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.

Жол-курулуш материалдары жана буюмдар Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

 

34-статья. Жол кыймылынынын муктаждыгы үчүн жерлерди бөлүп берүү

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана иштетүү, ошондой эле атайын зоналарды түзүш үчүн транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жол органдарына мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдары тарабынан дайыма же убактылуу пайдаланыш үчүн жерлер бөлүнүп берилет.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

 

35-статья Кыртыш карьерлерин, резервдерди жана жергиликтүү курулуш материалдары алынуучу карьерлерди уюштуруу

 

Кыртыш карьерлерин, резервдерди жана жергиликтүү курулуш материалдары алынуучу карьерлерди (жол боюндагы карьерлер) жайгаштыруу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан тышкаркы жерлерде мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары менен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган жол долбоору боюнча аныкталат.

Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жол долбооруна ылайык карьерлерди жайгаштырыш үчүн жер бөлүп берүүгө милдеттүү.

Карьерлерди рекультивация жасоо жана жерлерди жер пайдалануучуларга өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Курчап турган чөйрөнү коргоо

 

Автомобиль жолдорун куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү учурунда, ошондой эле ал жолдорду пайдаланганда курчап турган чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоо камсыз кылынып, жолдун булганышына жол берилбейт.

Курчап турган чөйрө эрежелеринин бузулушуна күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

6-глава
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу

 

37-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу

 

Автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу транспорт каражаттарын айдоочулардын, автотранспорт ишканаларынын, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарынын, ведомстволук автомобиль жолдорунун иштешине, абалына жооп берүүчү уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети.

(2-бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Бардык автомобиль жолдорунда жол кыймылынын ченемдерин жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды сактоону камсыз кылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.

Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды коргоонун тартибин сактоого милдеттүү.

Төрт же андан ашык кыймыл тилкелери бар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлүү үчүн тосмолорду орнотуу милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

38-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга карата жол органдарынын жана жол ээлеринин милдеттери

 

Карамагында ведомстволук автомобиль жолдору турган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин жол органдары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясына жараша транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жол шарттарына жараша жол-транспорт кырсыктарынын себептерин иликтеп, техникалык дагы башка зарыл иш-чараларды аткаруу жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга карата чараларды көрүүгө милдеттүү.

 (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

39-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга карата автомобиль жолдорун пайдалануучулардын жоопкерчилиги

 

Автомобиль жолдорун, жол курулмаларын жана алардын элементтерин бүлдүрүү менен жол-транспорт кырсыгына себеп болгон күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

6-1-глава
Автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө
көзөмөлдүктү камсыз кылуу

 

39-1-статья. Көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун максаты

 

Көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун максаты жол жумуштарын жүргүзүүнүн бардык баскычтарында аны жүргүзүүнүн сапатын камсыз кылуу болуп саналат.

Буюртмачы - автомобиль жолдору карамагында (балансында) турган мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Көтөрмөчү - менчигинин түрүнө карабастан, автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жол жумуштарын жүргүзүүгө буюртмачы менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак.

Жол консультациялык кызматтары - автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлгө алууну жүзөгө ашыруу боюнча жана жол жумуштарын жүргүзүүдө уюштуруу жана жол жумуштарынын өндүрүш технологиясы боюнча сунуштамаларды (көтөрмөчү тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон) иштеп чыгуу боюнча кызматтар.

Кеңешчи-инженер - жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүчү жана буюртмачынын же көтөрмөчүнүн түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналбаган жеке же юридикалык жак.

Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө базалык баалар - автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө каражаттардын көлөмүн пландаштыруу үчүн гана пайдаланылуучу жол консультациялык кызматтарынын түрлөрүнүн наркы.

Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткаруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликтерге алып келет.

Автордук көзөмөл - эксплуатацияга киргизилүүчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык жана башка техникалык чечимдеринин долбоордук чечимдерге ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашыруу.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл - курулуш процессинде аткарылган жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашыруу.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

39-2-статья. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө өндүрүлгөн жол иштерин ишке ашыруунун бардык баскычтарын көзөмөлдөө буюртмачы тарабынан жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен камсыз кылынат.

Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо ушул бөлүмдүн жол жумуштары үчүн жоболору 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо учурларын кошпогондо, ушул бөлүмүнүн жол жумуштары үчүн жоболору 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн бааларын аныктоонун усулу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2015-жылдын 2-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

39-3-статья. Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана буюртмачынын, көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз ара мамилелери жөнүндө жобо

Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана буюртмачынын, көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз ара мамилелери жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2015-жылдын 2-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

39-4-статья. Автомобиль жолдорун куруу, оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим

 

Автомобиль жолдорун куруу. оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим келишимди аткарууну кепилдик жактан камсыз кылуунун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт.

Кепилдик мөөнөт курулушу бүткөрүлгөн жаңы автомобиль жолдору буюртмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет жана эки жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жана оңдолгон автомобиль жолдору үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.

Кепилдик мөөнөттүн чектеринде анын катышуусу менен комиссия тарабынан белгиленген көтөрмөчүнүн күнөөсү боюнча кемтиктер табылган учурда, автомобиль жолунун ошол элементине же участогуна кепилдик мөөнөтү кемтиктерди четтетүү боюнча иштер буткөрүлгөн учурдан тартып кайрадан белгиленет. Табылган кемтиктерди четтетүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн узактыгы кепилдик мөөнөткө кошуп эсептелбейт.

Эскертүү. Кепилдик мөөнөт - автомобиль жолунун участогун куруу. ондоп куруу жана оңдoo боюнча иштерди аткарган котормочу буюртмачыга автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун эрежелерин сактоо шартында мындай иштердин сапатынын коюлган талалтарга ылайык келишине кепилдик берген убакыттын мезгили.

(КР 2014-жылдын 27-февралындагы № 37, 2018-жылдын 11-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

39-5-статья. Автордук жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүү жөнүндө жобо

 

Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте автордук жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга жатат.

(КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

 

 

7-глава
Автомобиль жолдору тууралу талаш-тартышты чечүү

 

40-статья. Талаш-тартышты чечүүнүн тартиби

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, ведомстволук жана жеке менчик жолдорду куруу, оңдоо жана күтүү учурунда чыккан талаш-тартыш сотто чечилет.

 

41-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Өз ишин жүзөгө ашыруу учурунда ушул Мыйзамды, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында кабыл алынган дагы башка ченемдик укуктук актылардын бузулушуна жол берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтер, административдик ведомстволор, жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жоопкерчилик тартышат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

42-статья. Ушул Мыйзамды ишке киргизүү жөнүндө

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 222-ст.);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 27-майындагы № 1541-XII "Автомобиль жолдору жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тууралу" токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 223-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:

- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз чечимдерин, токтомдорун жана ведомстволук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүсүн камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев