Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1992-жылдын 1-июлу № 930-XII

Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө

(КР 1994-жылдын 14-январындагы № 1388-XII, 1999-жылдын 17-июнундагы № 55, 2002-жылдын 21-июнундагы № 108,
2004-жылдын 13-августундагы № 125, 2004-жылдын 19-августундагы № 156, 2005-жылдын 6-августундагы № 123,
2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319,
2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54,
2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2018-жылдын 13-январындагы N 5, 2018-жылдын 2-августундагы N 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I бөлүм
 Жалпы жоболор

1-статья. Аскер кызматчыларынын статусу

 

Аскер кызматчыларынын статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана анын негизинде чыккан мыйзамдарда жана башка актыларда белгиленген, мамлекет тарабынан кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин, ошондой эле милдеттердин жана жоопкерчиликтердин жыйындысы.

Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынан жана эркиндиктеринен аскер кызматынын шарттары менен шартталган чектөөлөр менен пайдаланышат. Аларга конституциялык, башка жалпы жарандык, ошондой эле аскердик-кызматтык милдеттер жүктөлөт.

Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кандайдыр бир укуктарынан жана эркиндиктеринен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача ажыратууга же алардын укуктарын чектөөгө эч ким укуксуз.

Жалпы жарандык укуктарды чектөөлөр, ошондой эле аскер кызматчыларына кошумча укуктарды берүү жана аларга аскер кызматынын шарттары менен шартталган кошумча милдеттерди берүү ушул Мыйзамда, жалпы аскердик уставдарда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында аныкталат.

Согуш убагында, мобилизациялоо мезгилинде, өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Аскер кызматчыларынын статусу бар адамдар

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам мекен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аскердик жыйындарда жүргөн аскерге милдеттүүлөр аскер кызматчыларынын статусуна ээ.

СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматта турган жана КМШга катышкан-мамлекеттерде аскердик кызматты улантып жаткан, аскердик кызматтан бошотулгандан кийин туруктуу жашай турган жери катары Кыргыз Республикасын тандаган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарга жана социалдык кепилдиктерге ээ болушат.

СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматты улантып жаткан аскер кызматчылары 1993-жылдын 1-январынан кийин үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн шартта Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды жана кепилдиктерди пайдаланышат.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Аскер кызматчыларынын статусуна ээ болуу жана андан ажыроо

 

Кыргыз Республикасынын жарандары аскер кызматына (ыктыярдуу тартипте же контракт боюнча кирген) же жыйынга чакырылган күндөн тартып аскер кызматчыларынын статусуна ээ болот.

Аскер кызматынан бошотулганда (аскер бөлүгүнүн тизмесинен чыгарылган күндөн тартып) же жыйындар аяктаганда аскер кызматчыларынын статусунан ажырашат.

Аскер кызматына чакыруу (кирүү) же жыйындарга чакыруу, ошондой эле аскер кызматынан (жыйындардан) бошотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

Аскер кызматчыларынын статусу төмөнкү учурларда аскер кызматчыларында сакталып калат:

эгерде алар мында аскердик антты бузбаса жана Кыргыз Республикасынын алдында кылмыш жасабаса, барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары туткунда болгондо. Мында мамлекеттик бийлик органдары жана аскердик командачылык көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын эл аралык укуктун ченемдерине ылайык бошотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү;

аларды мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп тааныганга же каза болду деп жарыялаганга чейин дайынсыз жоголгондо.

Аскер кызматчыларынын статусунун чектеринде жарандарга берилген саясий жана социалдык укуктар аларды аскер кызматынан бошоткондон кийин да аларда сакталып калат.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Аскер кызматчыларынын аскер кызматынын милдеттерин аткарышы

 

Аскер кызматчыларынын укуктарынын, милдеттеринин жана юридикалык жоопкерчилигинин мазмуну жана көлөмү алар аскер кызматынын милдеттерин аткарып жүргөнүнө же аткарбагандыгына жараша болот.

Аскер кызматчыларынын аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу же аны аткарбоо шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Зарыл болгондо аскер кызматчысы командирдин (начальниктин) буйругу боюнча же өз демилгеси боюнча кандай убакытта жана кандай жерде болбосун өз милдеттерин аткарууга киришүүгө тийиш.

Граждандарга карата алганда аскер кызматчыларына бийлик полномочиелерин берүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын закондору жана башка нормативдүү актылар тарабынан жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдар

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер аскер кызматчыларынын статусунун укуктук негизин түзөт.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм
 Аскер кызматчыларынын укуктары

 

6-статья. Саясий укуктар жана эркиндиктер

 

Аскер кызматчылары болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте шайлоого жана мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.

Аскер кызматчыларына мамлекеттик жана аскердик сырды, ошого тете кат жазышуу, телефон менен сүйлөшүү жана телеграфтык билдирүү сырларын сактаган шартта сөз жана басма сөз эркиндигине, ынандыруу эркиндигине жана аларды эркин билдирүүгө кепилдик берилет.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Дин тутуу эркиндиги

 

Аскер кызматчыларына динге ишенүү эркиндиги гарантияланат. Алар кайсы болбосун динди тутууга же эч бирин тутпоого укуктуу.

Аскер кызматчысы динге мамиле жасоо жүйөлөрү боюнча аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана динге карата тигил же бул мамилесин пропагандалоо үчүн өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланууга укуксуз.

Мамлекет жана анын органдары аскер кызматчыларынын диний ынанымдарынан келип чыгуучу муктаждыктарын канааттандыруу милдеттеринен бошотулат.

Аскердик бөлүктүн аймагында диний бирикмелерди (мекемелерди) түзүүгө жана алардын ишине жол берилбейт.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Инсандын кол тийбестиги

 

Аскер кызматчысына инсандык кол тийбестикке кепилдик берилет.

Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болот.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары менен ыйгарым укук берилген адамдарды кошпогондо, аскер кызматчыларынын кызматтык ишине эч ким кийлигишүүгө укуксуз.

Аскер кызматчыларын кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү жана зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, алардын өмүрүнө, ден соолугуна, ар-намысына, беделине, турак жайына, мүлкүнө кол салуу, ошого тете алардын аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланышкан укуктарын буза турган жана кемсинткен башка аракеттер (аракетсиздик) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Аскер кызматчылары мыйзамдарда, жалпы аскердик уставдарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган негиздер боюнча жана тартипте гана кармалышы же, анын ичинде тартип жазасы катары камакка алынышы мүмкүн.

Аскер кызматчылары аскердик кызматын өтөп жаткан аскер бөлүгү жайгашкандан башка жерде кармалгандыгы жөнүндө аскердик башкаруу органдарына токтоосуз кабарландырылат.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-статья. Эмгекке укуктуулук

 

Аскер кызматы коомдук пайдалуу жана мамлекет үчүн зарыл иш болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын граждандары аскер кызматына кирүүдө бирдей укукка ээ. Граждандардын аскер кызматында болгон мезгили алардын эмгек стажына эсептелет. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жарандарга аскердик кызматта жүргөн убагы мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызмат стажына, эгерде адистиги боюнча иштесе адистиги боюнча иш стажына кошулат.

Бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын зоналарда аскер кызматын өтөгөн мезгил аскер кызматчыларынын эмгек стажына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жеңилдик шартта эсептелет.

Аскер кызматын өтөп жүргөн мезгилде аскер кызматчыларын аскер кызматы шарттабаган жумуштарга жана башка милдеттерди аткарууга тартууга жол берилбейт.

Эгерде бул алардын аскер кызматынын милдеттерин аткаруусуна зыян келтирүүсүз жүзөгө ашырылса, аскер кызматчыларына илимий, техникалык жана көркөм эркин чыгармачылык гарантияланат.

Айрым учурларда аскер кызматчыларына (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) аскер бөлүгүнүн командири (мекеменин, уюмдун начальниги) тарабынан жекече тартипте илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик ишке байланышкан мамлекеттик, коомдук жана менчик ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштырып иш иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн.

Чакырылганга чейин ишканаларда, мекемелерде же уюмдарда иштеген адамдарга ошол эле ишканага, мекемеге же уюмга мурдагы же ошого теңдеш кызматка ишке кирүү укугу сакталат.

Аскер кызматынан бошонушкан жана мурда иштеген жерине кабыл алынган аскер кызматчылары ишканалардан, мекемелерден же уюмдардан материалдык жардам алуу укугуна ээ.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Акчалай жана материалдык камсыз кылынуу укугу

 

Мамлекет аскер кызматчыларына кызматтын негизги мүнөзүн эске алуу менен алар аскер кызматынын милдеттерин аткарышы үчүн зарыл болгон материалдык жана моралдык башка шарттарды түзүп берет.

Аскер кызматчылары аскер кызматынын шартына, квалификациясына, аскердик кесибине, аскердик наамына жана аскер кызматында болуу узактыгына жараша мамлекеттин эсебинен акча менен камсыз болууга укуктуу. Мында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын ээлеген кызмат орундары боюнча маяналардын эң аз өлчөмү Кыргыз Республикасындагы орточо эмгек акыдан төмөн болушу мүмкүн эмес.

Эл чарбасынын кызматкерлерине жана адистерине, мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы жогорулаганда жана жашоо наркынын индексин өзгөрүлгөндө аскер кызматчыларынын акча менен камсыз болушунун нормалары да жогорулайт.

Аскер кызматчыларынын акча менен камсыз болушунун тартибин жана анын нормаларын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык салык алуу жана жыйымдар боюнча жеңилдиктерден пайдаланышат.

Аскер кызматчылары мамлекеттин эсебинен азык-түлүк жана буюм менен камсыз болот. Алар (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) азык-түлүк жана буюм менен камсыз болуу үчүн акчалай компенсация алуу укугуна ээ. Жашоо наркынын индекси өзгөргөндө акча менен камсыз болуунун компенсациясынын нормалары кайра каралып чыгат.

Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү темир жол, аба, дарыя, деңиз жана автомобиль транспорту менен жүк ташуулар боюнча жеңилдик алуу укугуна ээ. Мында мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчылары шаардык жүргүнчүлөр транспортунун (таксиден тышкары) жана айылдык жерде автомобиль транспортунун бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланышат.

Узак жылдар иштегендиги үчүн пенсияга укуктуу болгон жана аскер кызматын улантып жаткан аскер кызматчыларына негизги акчалай акысын төлөп берүү учурунда тиешелүү болгон пенсиясынын суммасынын 50 проценти өлчөмүндө кошумча төлөп берүү жүргүзүлөт.

Аскер кызматчылары кезектеги өргүүгө чыккан учурда (мөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын кошпогондо) кызматы боюнча акчалай акысынын төрт эселенген өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары туткунда болгон бардык убакка аскер кызматчыларына бардык укуктар жана кепилдиктер, анын ичинде акыркы ээлеген кызмат орду боюнча акчалай камсыз болууларды төлөп берүүлөр аскер кызматчыларын туткунга же барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары кармоонун жагдайлары толук такталганга же алар бошотулганга же болбосо алар мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп таанылганга же каза болгон деп жарыяланганга чейин сакталып калат.

Аскер кызматчылары дайынсыз жоголгон учурда, аларда аскер кызматчыларынын статусу сакталып калат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларында аларды мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп тааныганга же каза болду деп жарыялаганга чейин аскер кызматчыларынын жубайларына же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнө төлөнүүчү (берилүүчү) акчалай камсыз болуулар, материалдык жана камсыз кылуунун башка түрлөрү сакталып калат.

Тергөө органдары же сот тарабынан белгиленген аскер кызматчысынын бөлүктү өз алдынча таштап кетүү же качуу фактысы камсыз болуунун көрсөтүлгөн түрлөрү менен камсыз кылууну токтотууга негиз болуп саналат.

Катардагы, сержант жана старшина курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларына кийинки кызмат өтөө мөөнөтүнө контракт узартылган учурда, акчалай күтүү маяналарынын эки өлчөмүндө, ал эми андан кийин ар бир жолу контракт түзүүдө акчалай күтүү маяналарынын беш өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Кадыр-баркты кетирүүчү негиздерди кошпогондо, катардагы, сержант жана старшина курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары бошотулган учурда, көрсөтүлгөн адамдар 10 жана андан көп жыл иштеген шартта башка жөлөкпулдарга кошумча акчалай күтүүнүн беш маянасын алышат.

(КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 55, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-статья. Аскер кызматчыларынын эс алууга укугу

 

Аскер кызматчылары эс алуу укугуна ээ.

Бул укук жумасына 40 сааттан ашпаган кызмат убактысын белгилөө, жумалык эс алуу күндөрүн, майрам күндөрүн, ар жылдык жана башка акы төлөнүүчү отпускаларды, ошондой эле эс алуу жана тамактануу үчүн күнүмдүк тыныгууларды берүү менен камсыз кылынат.

Кызмат убактысынын узактыгы жана бөлүштүрүлүшү аскер бөлүгүнүн күн тартиби жана аскер бөлүгүнүн (бөлүмдөрүнүн) күжүрмөн даярдыгын такай камсыз кылуунун талаптарына ылайык контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын убактысынын регламенти менен аныкталат.

Кызмат жумалыгынын узактыгы мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчылары, аскер-окуу жайларынын (окуу борборлорунун) угуучулары (курсанттары) жана окутуучулар курамы үчүн - бир дем алыш күнү бар алты күндүк; контракт боюнча кызмат өтөп жаткан калган аскер кызматчылары үчүн - эки дем алыш күнү бар беш күндүк болуп белгиленет.

Күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты камсыз кылууга байланыштуу машыгуулар, күжүрмөн ок атуулар жана башка иш-чаралар кызмат убактысынын жалпы узактыгы чектелбестен жуманын кайсы күнүндө болбосун план боюнча кыйшаюусуз өткөрүлөт.

Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрүндө аскер кызматынын милдеттерин аткарууга тартылган контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына жуманын башка күндөрүндө ушундай эле узактыктагы дем алыш берилет же алардын каалоосу боюнча бул күндөр кезектеги отпускка кошулат.

Отпускту өткөрүүчү жерге баруу жана кайтып келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебестен аскер кызматында болуунун жалпы узактыгына, аскер кызматынын өзгөчөлүктөрүнө жана шарттарына жараша ар жылдык отпусктун узактыгы: аскер кызматында 10 календардык жылдан кемдерге - 30 сутка, 10дон 15 жылга чейинкилерге -35, 15тен 20 жылга чейин - 40, 20 жана андан ашык жылга - 50 сутка белгиленет.

Аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын өтүнүчү боюнча негизги отпуск аларга бөлүп-бөлүп берилиши мүмкүн.

Кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемесин аяктаган аскер кызматчыларына негизги отпуск көрсөтүлгөн билим берүү мекемесин аяктагандыгы боюнча берилет.

Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына адъюнктурага, аскердик докторантурага кирүү экзамендерине даярдануу жана кирүү экзамендерин тапшыруу үчүн, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелерине өтүүдө кирүү экзамендерин жана аларда окуп жаткан мезгилде экзамендерди тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте окуу отпускалары берилет.

Илимий даражалардын изденүүчүлөрү болуп саналган, контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте чыгармачылык отпускалар берилет.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-статья. Турак жайлар менен камсыз кылынууга укугу, жер участокторуна акы төлөө

 

Аскер кызматчылары турак жайлар менен мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте камсыз кылынат.

Аскер кызматчыларына (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө аскер кызматчысы кызмат ордуна келгенден тартып мыйзамдардын талаптарына жооп берүүчү турак жайлар берилет. Турак жайлар ошол региондогу калк үчүн кабыл алынгандан кем эмес ченемдер боюнча мамлекеттин фонддорунан бөлүп берилет. Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү туруктуу турак жай алганга чейин кызмат орду боюнча (аскер бөлүгүнүн дарегине, убактылуу жашаган дарек боюнча) каттатышат. Аларга кызматтык турак жайлар берилет же кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Үй-бүлөсү бар жогорку аскер-окуу жайларынын курсанттары үй-бүлөлүк жатаканаларга жайгаштырылат, ал эми мындай жатаканалар жок болгон учурда аларга убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Жашы, оорусу, штаттарды кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска бошотулган же отставкага чыгышкан контракттык кызматтын аскер кызматчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жайлар менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынат. Мында офицерлерди кошпогондо, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын турак жайлар менен камсыз кылуу эгерде алар 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн шартта көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу мезгилинде майып болушкан жана ушуга байланыштуу аскер кызматынан бошотулган аскер кызматчыларына турак жай аянты тандап алган жери боюнча кезексиз берилет.

Полковник, ага теңдеш жана жогору наамдагы аскер кызматында турган, запаска же отставкага бошотулган офицер курамындагы адамдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, аскер-окуу жайларынын окутуучу-аскер кызматчыларына, окумуштуу даражасы бар аскер кызматчыларына колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленген өлчөмдөгү кошумча турак жай аянты берилет.

Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмекке ылайык бийик тоолуу райондорго, алыскы жана барууга кыйын зоналарга аскердик кызмат өтөөгө жиберилген, 20 календардык жыл жана андан ашык иштеген контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн алар ээлеген турак жай аянты (кызматтык турак жай аянтынан жана жабык же обочолонгон аскер шаарчаларында турган жайдан тышкары) алар чегарадан тышкары жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон бардык мезгилге брондолот.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында турак жай аянтын брондоонун башка негиздери да кошумча каралышы мүмкүн.

Турак жай-курулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак үй (квартира) курууну жүзөгө ашырган (сатып алган) жана башка турак үйү (квартирасы) жок аскер кызматчылары жеңилдетилген шарттарда ипотекалык кредит алууга укуктуу.

Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайга акы төлөө же жекече турак жай курууга, жеке турак үй (квартира) сатып алууга финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит боюнча карыздарын төлөөдө 15 календардык жыл ичинде аскер кызматын кынтыксыз жана үзгүлтүксүз өтөгөндөргө - 50 пайыз өлчөмүндө, 20 календардык жыл же андан ашык иштегендерге - 100 пайыз өлчөмүндө акысыз финансылык жардам көрсөтүлөт.

15 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына алар запаска же отставкага бошогондон кийин жашай турган калктуу пункттарда турак жай-курулуш (турак жай) кооперативдерине кирүү укугу берилет.

Аскер кызматчылары (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары), ошондой эле аскер кызматынан жашы, ден соолугу, штаттардын кыскарышы, үй-бүлөлүк абалы жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска же отставкага бошотулган, 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн адамдар жерге ижара акысын төлөөдөн бошотулушат.

Жашы, ден соолугу, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска же отставкага бошотулган, 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн офицер курамындагы адамдарга, прапорщиктерге жашоого тандап алган жеринде алар ээлеп турган же аларга берилген мамлекеттик квартиралар жеке менчикке бекер берилет.

2 жылдык мөөнөткө запастан кыска мөөнөттүк аскер кызматына чакырылган, ошондой эле 3 жылга чейинки мөөнөткө контракт боюнча аскер кызматына кабыл алынган офицерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө алар запастан аскердик кызматка аныкталганга чейин ээлеген турак жайы бул кызматты өтөөнүн бүткүл мезгилине сакталып калат. Алар турак жай аянтын алуу тизмесинен чыгарылышы мүмкүн эмес.

Мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчыларына алар кызматка чакырылганга чейин ээлеп турушкан турак жайы сакталып калат жана алар турак жай алуу кезегинин тизмесинен чыгарылышы мүмкүн эмес. Эгерде үй-бүлөнүн курамында өз алдынча эмгек акысы бар адамдар болбосо, мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү алар ээлеп турган турак жайы үчүн колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленген учурдагы квартира акысынын эң аз ставкасы боюнча төлөнөт.

Ушул статьяда каралган турак жайга болгон укуктар бузулган учурда аскер кызматчылары, аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү алардын мыйзамдуу укуктарын канааттандыруу жана зыян келтирилген учурда ордун толтуруу жөнүндө тиешелүү аскер башкармасынын органына же башка мамлекеттик органга доо коюу менен сотко кайрылуу укугуна ээ.

Турак жайлар менен камсыз болгон аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик орган менен турак жай жалдоо келишимин түзөт. Келишимде турак жайды берүү, аны күтүү жана бошотуу тартиби аныкталат. Келишимди түзүү шарты жана тартиби аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.

Эгерде алар мамлекет тарабынан турак жай менен камсыз кылынган болсо, аскер кызматчыларын бир мамлекеттик органдан башкасына которууда мындай аскер кызматчылары турак жай шарттарын жакшыртуу учурларынан тышкары, жаңы кызмат өтөө орду боюнча турак жай алууга талапкер боло алышпайт.

Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жана аскердик кызматта календардык эсептөөдө 10 жана андан көп жыл иштеген жылдары бар аскер кызматчылары турак жай алууга, жеке турак жай курууга зайым алуу жолу, анын ичинде курулушка үлүштүк катышуу жолу менен турак жайга укугун ишке ашыра алышат.

Аскердик кызматынын календардык узактыгы 20 жана андан көп жылды түзгөн, аскердик кызматтан бошотулуп жаткан убакта турак жай менен камсыз болбогон офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер бошотулуунун алдында акыркы аскердик кызмат өтөгөн орду боюнча турак жай алууга (турак жай шартын жакшыртууга) кезекке тургандардын тизмесинен алардын макулдугу жок чыгарылбайт жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыз болушат.

Аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын жана жарандардын  ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кандай болбосун формаларда турак жайга болгон укугун ишке ашыруусу, аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын жана жарандарынын мамлекеттик турак жай менен камсыз кылууга байланышкан мындан аркы укуктук мамилелерин токтотот.

Аскердик кызматтын милдеттерин аткарган мезгилде, Кыргыз Республикасын куралдуу коргоодо, жамааттык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда же тынчтыкты сактоочу операцияларга кагышууда, ошого тете эле жаратылыш кырсыктарынын, катастрофалардын жана авариялардын кесепеттерин жоюуда майып болгон жана ушуга байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан тандап алып жашаган жери боюнча биринчи кезекте турак жайга укугун ишке ашырышат.

Эскертүү. Аскер шаарчасы - аскердик бөлүктү (мекемени) квартирага айландыруу жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу бир жер участогунда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары ачык жана жабык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу пункттарда жайгашкан өткөрмө тутуму бар аскердик бөлүктөрдүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу пункттардан тышкары жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54, 2018-жылдын 2-августундагы N 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Саламаттык сактоо укугу жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

Аскер кызматчылары, ошондой эле аскер жыйындарында жүргөн аскер кызматына милдеттүүлөр санитардык-гигиеникалык, эпидемияга каршы, дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, ден соолуктун абалына туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, медициналык бөлүмдөрдө, бөлүктөрдө жана мекемелерде медициналык жардамдын бардык түрүн көрсөтүү менен ишке ашырылуучу саламаттык сактоо укугуна ээ.

Аскер кызматчылары амбулаториялык же стационардык медициналык текшерүүдөн милдеттүү түрдө жыл сайын өтүшөт.

Аскер жыйындарында жүргөн аскер кызматчыларын жана аскер кызматына милдеттүүлөрдү өздөрүнүн кат түрүндөгү макулдугусуз жана ден соолукка тийгизген таасиринин мүмкүн болуучу кесепеттерин алдын ала түшүндүрүүсүз аларга тажрыйба, эксперимент жана башка илим-изилдөө иш-чараларын жүргүзүүгө тыюу салынат. Изилдөөгө алынгандын талабы боюнча ар кандай этапта жана анын ден соолугуна коркунуч келип чыккан учурда эксперимент токтотулат.

Аскер кызматчылары жана аскер жыйындарында жүргөн жарандар акысыз медициналык жардам алууга, акысыз дары-дармектер, медициналык арналыштагы буюмдар менен аскердик-медицина мекемелеринде камсыз болууга укуктуу. Аскер кызматы жеринде жана аскер кызматчылары жашаган жерде аскердик-медицина мекемелери, аларда тиешелүү бөлүмдөр, же болбосо атайын медициналык жабдуулар жок болсо, ошондой эле, шашылыш учурларда медициналык жардам алардын ведомстволук таандыгына карабастан, саламаттык сактоо жайларында акысыз көрсөтүлөт. Аскер кызматчыларына жана аскер жыйындарында жүргөн жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын чыгымдары көрсөтүлгөн саламаттык сактоо мекемелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөнүп берилет.

Аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыз кылуу аскер кызматкерлери менен бирдей жүзөгө ашырылат.

Аскер кызматынан бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) жана 20 жыл жана андан ашык иштеген аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле аскердик милдеттерин аткарууда алган жаракаттын (контузиянын), травманын же майыптыктын же болбосо аскер кызматында болуу менен байланышкан оорулардын кесепетинен майып болуп бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан саламаттык сактоонун аскердик жана жарандык уюмдарында акысыз медициналык жардамга укуктуу.

Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары) жылына бир жолудан ашык эмес аскердик санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда жана туристтик базаларда жеңилдетилген шарттарда 12 күндүн ичинде санаториялык-курорттук дарыланууга укуктуу. Көрсөтүлгөн аскер кызматчылары жолдомонун наркынын - 25 пайызын, ал эми алардын үй-бүлө мүчөлөрү - 50 пайызын төлөшөт.

Аскердик санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда жана туристтик базаларда санаторийлик-курорттук дарылануу укугу 20 жыл жана андан ашык иштеген контракттык кызматтын бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) аскер кызматчыларына жолдомонун наркынын 50 пайызын төлөө менен сакталып калат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жолдомонун наркынын - 75 пайызын төлөшөт.

Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда алардын ден соолугуна зыян келтирилген учурда аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда зыяндын ордун толтуртуу укугуна ээ.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-статья. Билим алуу укугу

 

Аскер кызматчылары аскер-окуу жайларына жана квалификацияны жогорулатуу курстарына кирүү жана окуу укугуна ээ.

Катардагы, сержант жана старшина курамдарындагы кызмат орундарында турган контракттык кызматтын аскер кызматчылары орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына 10 жыл ичинде үзгүлтүксүз аскер кызматын өтөгөн шартта өткөн учурда окуу үчүн акы төлөө мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар Кыргыз Республикасында башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укукка ээ. Адам мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы 3 жыл ичинде жарактуу.

Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары аскердик кызмат ордун өзгөрткөндө, ошондой эле алар аскердик кызматта болуунун чектүү жашына чыккандыгы, деп соолугунун абалы боюнча же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу аскердик кызматтан бошотулганда, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окугандар (тарбиялануучулар) жаңы аскердик кызмат ордуна же жашаган жерине жакын билим берүү мекемесине которулууга укуктуу.

Аскер кызматчыларынын балдарына алардын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана жайкы ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде орундар биринчи кезектеги тартипте берилет.

 (КР 2005-жылдын 6-августундагы № 123, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54, 2018-жылдын 13-январындагы N 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-статья. Пенсия менен камсыз болуу укугу

 

Аскер кызматынан бошотулгандан кийин аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн пенсия менен камсыз болуу укугу мамлекет тарабынан гарантияланат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аларга ылайык басылып чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери тарабынан белгиленет.

Кызматы оорусуна байланыштуу, өзүнүн өтүнүчү боюнча, кызматка дал келбегендиги боюнча токтотулган мыйзамдарда каралган учурлардан, офицердин аскердик наамынын беделин кетирүүчү жосундарды жасагандыгына байланыштуу кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан соттолгон учурлардан тышкары офицер курамындагы адамдар кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсия укугуна ээ болгонго чейин аскер кызматынан бошотулушу мүмкүн эмес.

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана катышуучуларынын, контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын ичинен жоокер-интернационалчылардын пенсияларынын өлчөмү аскер кызматынан бошотулган ошондой эле категориялардагы аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсиялардын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

Аскер кызматчыларынын ичиндеги адамдарга пенсиялар ушул максаттарга республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Бул адамдарга пенсияларды Кыргыз Республикасынын КМЫнын келишимине катышуучу мамлекеттердин макулдашуусу тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөө алардын КМЫнын аймагында жашаган жерине карабастан жүргүзүлөт.

(КР 2005-жылдын 6-августундагы № 123, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

16-статья. Аскер наамын ыйгаруу укугу, аскер формасын кийип жүрүү жана аскер кызматчыларын сыйлоо

 

Аскер кызматчысы кызмат өтөө даярдыгын жана ээлеген кызматын эске алуу менен ага кезектеги аскер наамы өз убагында ыйгаруу укугуна ээ. Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда жогорку моралдык-күжүрмөн сапаттарды көрсөтүшкөн, аскердик парзын өрнөктүү аткарышкан аскер кызматчыларына кезектеги аскердик наам мөөнөтүнөн мурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарылышы мүмкүн.

Аскер кызматчылары аскердик наамы жана аскерлердин түрү боюнча айырмалуу белгилери бар аскер формасын кийип жүрүү укугуна ээ. Кызматка ынтаа коюусу жана артыкчылык көрсөткөндүгү үчүн аскер кызматчылары сыйлануу укугуна ээ, ал эми аскердик парзын аткаруу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн жана аскер кызматынын милдеттерин өрнөктүү аткаргандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

Аскер кызматчылары аскердик кызматынан бошотулганда аскер кызматчыларында ыйгарылган аскердик наамдары сакталат. Жасаган кылмышы үчүн жаза катары сот тарабынан аскердик наамынан ажыратуу колдонулган учурларды кошпогондо, аскер кызматчылары ыйгарылган аскердик наамдарынан ажыратылышы мүмкүн эмес.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Кызмат орундарын ээлөөгө жана кызмат боюнча которулууга укугу

 

Аскер кызматчысы:

кызматтык квалификациясына, аскердик наамына жана кызматтык ишинде жетишилген натыйжаларга ылайык кызматтарды ээлөөгө;

өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;

аскер кызматчысынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу боюнча, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча, бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын зоналарда белгиленген кызмат мөөнөттөрүн өтөгөндүгү боюнча кызматтан которулууга укуктуу.

Аскер кызматчылары ошондой эле кызматтан көтөрүлүү укугуна ээ. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары бул укукту, эреже катары альтернативдик (сынактык) негизде ишке ашырышат.

 

18-статья. Аскер кызматчыларынын аскер кызматынан бошонуу укугу

 

Мыйзам тарабынан белгиленген же келишим тарабынан аныкталган кызмат мөөнөтүн өтөгөн, ошондой эле аскер кызматындагы абалдын чектелген курагына жеткен же болбосо ден соолугу боюнча тынчтык мезгилде аскер кызматына жараксыз деп табылган аскер кызматчылары запаска же отставкага бошонуу укугуна ээ.

Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте алардын өтүнүчү боюнча аскер кызматында болуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин үй-бүлөлүк абал жана башка маанилүү жагдайлар боюнча, ал эми офицер курамындагы адамдар, андан тышкары офицердик кызматтарда он жыл өткөндөн кийин аскер кызматынан бошоно алышат.

Аскер кызматчылары өздөрү аскер кызматына чакырылганга же аскер кызматына киргенге чейин туруктуу жашаган калктуу пункттарга бошонуу укугуна ээ же каттоонун колдонуудагы тартибин эске алуу менен жашоо үчүн кайсы гана болбосун башка калктуу пунктту тандап алууга укуктуу.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Куралдарды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы, кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу укугу

 

Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда, ал эми зарыл болгондо кызматтан тышкаркы убакта да штаттык (жеке) куралды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы алып жүрүү, сактоо жана колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды пайдалануу укугуна ээ болот.

(КР 2018-жылдын 2-августундагы N 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Пособие алуу укугу. Башка укуктар

 

Аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу учурларда жана тартипте акчалай пособиелер төлөнүшү мүмкүн.

Мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчылары аскер бөлүгү тарабынан жөнөтүлө турган акысыз кат жиберүү укугуна ээ. Мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларына алардын аскердик кызмат өтөгөн жерине даректелген каттар жана почта посылкалары акысыз жиберилет. аскер кызматына чакырылган граждандар өзүнүн кийимин посто посылкалары менен акысыз жөнөтүшөт.

Балдарын атасыз (энесиз) тарбиялап жатышкан аскер кызматчылары үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты коргоо жөнүндө мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды пайдаланышат.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

21-статья. Аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жактан корголуу укугу

 

Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө эмгектик укук мамилелеринин жана социалдык жактан камсыз кылуунун маселелеринде алардын укуктарына төмөнкүдөй гарантиялар белгиленет:

аскер кызматчыларынын аялдарына (күйөөлөрүнө) алардын каалоосу боюнча күйөөсүнүн (аялынын) отпускасынын мезгилинде жыл сайын берилүүчү отпуск берүү;

аскер кызматчыларынын аялдарына (күйөөлөрүнө) күйөөсүн (аялын) башка жердеги кызматка которууга байланыштуу алар менен эмгек келишимин бузуу учурунда орточо айлык кызмат акы өлчөмүндө пособие төлөө;

адистиги боюнча эмгекке орношууга мүмкүнчүлүк болбогон жерлерде күйөөсү (аялы) менен бирге жашаган бардык мезгилди, бирок 15 жылдан ашык эмес, жашы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон жалпы иш стажына кошуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кирешелери белгиленген жашоо минимумунан төмөн болгон мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте материалдык жардам көрсөтүшөт. Ал эмгек тартибин такай бузган учурларды кошпогондо администрациянын демилгеси боюнча мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчысынын аялы менен эмгек келишимин бузууга жол берилбейт.

Мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын, мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын жана граждандык жаштардын ичинен чыккан аскер-окуу жайларынын курсанттарынын балдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте акчалай пособие төлөнөт.

(4-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Курман болгон (өлгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө сөөк коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө пособие төлөнүп берилет.

Аскердик кызматынын милдеттерин аткарууда курман болушкан аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнүн балдары башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларына сынактан тышкары кирүүдөн пайдаланышат.

Аскер кызматчысын кызмат боюнча башка регионго которгондо жергиликтүү бийлик органдары аскер кызматчысынын кайрылуусу боюнча анын үй-бүлө мүчөлөрүнө адистиги боюнча ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.

(КР 2005-жылдын 6-августундагы № 123, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

22-статья. Сунуш киргизүү, арыздануу жана даттануу укугу

 

Аскер кызматчылары мамлекеттик органдарга, коомдук уюмдарга жана бирикмелерге, аскердик башкаруу органдарына сунуштарды киргизүү, арыздарды жиберүү, ошондой эле аскердик-кызматтык мамилелердин маселелери боюнча даттануулардан тышкары кызмат адамдарынын, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, аскердик башкаруу органдарынын, ошондой эле граждандардын (анын ичинде аскер кызматчыларынын) укукка сыйбас иш-аракеттерине даттанууларды берүү укугуна ээ.

Аскер кызматчыларынын тиешелүү акчалай камсыз кылынууга канааттанбагандыгы жөнүндө, командирлердин, начальниктердин же башка аскер кызматчыларынын аларга карата мыйзамсыз буйруктары (иш-аракеттери) тууралуу жана аскердик-кызматтык мамилелердин маселелери боюнча даттануулары Куралдуу Күчтөрдүн Дисциплинардык уставында каралган тартипте берилет, каралат жана чечилет.

Аскер кызматчылары ошондой эле кызмат адамдарынын жана аскердик башкаруу органдарынын уставдык мамилелердин чектеринен чыгып кеткен жана аскер кызматчыларынын укуктары менен ар-намысын кыскан укукка сыйбас иш-аракеттерине сотко даттанууга укуктуу.

Даттанууларды берүүгө жолтоо болууга жана бул үчүн анын берүүчүсүн жазалоого же куугунтуктоого тыюу салынат. Мында ага күнөөлүүлөр мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Атайылап жасалган жалган фактылар же ушактар камтылган даттанууну берген аскер кызматчысы жоопкерчиликке тартылат.

Талаш учурда аскер кызматчысы ишти кароо үчүн райондук (шаардык) сотко кайрылуу укугуна ээ.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

23-статья. Аскер кызматчыларынын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуунун тартиби

 

Ушул Мыйзамдын 6-22-статьяларында каралган аскер кызматчыларынын укуктары ушул Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.

 

24-статья. Аскер кызматчыларын аскер кызматы менен шартталган укуктарда чектөөлөр

 

Аскер кызматчылары аскердик кызматынын мүнөзүнө жана шарттарына жана алардын кызматтык милдеттерин аткаруу өзгөчөлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген төмөнкү укуктарда чектелет:

аскер кызматчылары иш таштоо укугуна ээ эмес;

аскер кызматчылары кесиптик бирликтердин мүчөлөрү боло алышпайт;

аскер кызматчыларына жеке ишкердик иш менен алектенүүгө тыюу салынат;

аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставында аныкталуучу тартипте эс алуу убактысы чектелиши (кызмат убактысы көбөйтүлүшү) мүмкүн;

мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына жарандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окууга уруксат берилбейт;

аскер кызматчыларына аскер бөлүктөрүнүн жайгаштырылуучу шарттарына байланыштуу жашаган жерин тандоо жана жер которуп жүрүү эркиндиги чектелген;

аскер кызматчыларына саясий партиялардын мүчөсү болууга же саясий партиялардын жана саясий максаты бар уюмдардын ишине катышууга, ошондой эле кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгууга жол берилбейт;

аскер кызматчылары башка өлкөнүн жараны боло алышпайт, ал эми аскердик кызматтагы мезгилинде башка өлкөнүн жарандыгын алгандар кызматтан бошотулууга жатат;

аскер кызматчыларына кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон мамлекеттик, аскердик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

Бири-бири менен жакын туугандар (ата-энелери, балдары, жубайлары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелери) болуп саналган аскер кызматчылары (мамлекеттик кызматчылардын иши), эгерде кызмат өтөөсү (иши) алардын бири экинчисине түздөн-түз баш ийүүгө же контролдоого байланышкан болсо, аскердик кызматты бир аскердик бөлүктө, бир кошуунда, башкармалыкта (департаментте) өтөөгө жол берилбейт.

Укуктарын жана эркиндиктерин башка чектөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган учурларда жана тартипте жол берилиши мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III бөлүм
 Аскер кызматчыларынын милдеттери

 

25-статья. Жалпы милдеттер

 

Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн каралган милдеттерден тышкары аскер кызматынын өзгөчөлүктөрү менен шартталган кошумча милдеттерди аткарышат.

Аскер кызматчылары:

Кыргыз Республикасынын күнкорсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоого, анын кубатын чыңдоого, республиканын элинин укуктарын жана эркиндиктерин коргоого;

аскердик ант берүүгө, Мекенге тайбастан жана берилгендик менен кызмат кылууга, ал эми согуш мезгилинде - Ата Мекенди коргоо;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамын так сактоого, командирлердин жана начальниктердин буйруктарын аткарууга;

Куралдуу Күчтөрдүн уставдарында каралган башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.

Аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттери жана ал милдеттерди аткаруунун тартиби Куралдуу Күчтөрдүн уставдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана башкаруунун жогорку органдарынын чечимдеринин негизинде чыгарылган нормативдик актылар тарабынан аныкталат.

 

26-статья. Атайын милдеттер

 

Аскер кызматчылары күжүрмөн дежурлукта, күжүрмөн кызматта, суткалык жана гарнизондук наряддарда турганда, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартылганда атайын милдеттерди аткарат. Бул милдеттердин мазмуну жана аларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV бөлүм
 Статусту ишке ашыруунун гарантиялары

 

27-статья. Аскер кызматчысынын статусун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын милдети жана жоопкерчилиги

 

Мамлекеттик органдар, ишканалар жана алардын бирикмелери, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары, аскердик башкаруу органдарынын командирлери (начальниктери) өзүлөрүнүн полномочиелеринин милдеттеринин чектеринде аскер кызматчыларынын статусун ишке ашырууну камсыз кылышат. Аскер кызматчыларынын жана аскер кызматчыларынын статусу таркатылган башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу талаптарын ишке ашыруу боюнча милдеттердин аткарылбагандыгына же тиешелүү түрдө аткарылбагандыгына күнөөлүү кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Административдик башкаруу жагындагы милдеттерин аткаруу көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери тарабынан, ошондой эле мыйзамсыз соттоонун, уголовный жоопкерчиликке мыйзамсыз тартуунун, тыюу салуу чарасы катары камакка алууну мыйзамсыз колдонуунун натыйжасында аскер кызматчысына келтирилген зыяндын орду мыйзамдарга ылайык толук көлөмүндө толтурулат.

Көрсөтүлгөн мыйзамсыз иш-аракеттерге байланыштуу аскер кызматынан запаска бошотулган, аскер наамынан ажыратылган жана аскер наамынан төмөндөтүлгөн офицер курамындагы адамдар, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары мурдагы наамына, мурда ээлеген кызмат орду боюнча ээлеген кызматынан кем эмес кызматка же аскер-окуу жайындагы окуусуна калыбына келтирилет. Мыйзамсыз бошотулган күндөн тартып аскер кызматына калыбына келтирилгенге чейинки убак, мыйзамсыз камакта отуруунун жана мыйзамсыз соттолуунун натыйжасында жаза өтөөнүн убагы аскер кызматчыларына аскер кызматынын мөөнөтүнө, аскердик наамды өтөөнүн узактыгына, тиешелүү кызматтарда кызмат өтөөнүн узактыгына, пенсия дайындоо үчүн кызматтын узактыгына, ал эми ашык мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларына болсо - аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелет.

Аларга карата жол берилген мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында турак жайларынан ажыраган аскер кызматчыларына бир айлык мөөнөттө мурда ээлеп турган турак жайлар кайтарылып берилет же 3 айдан кечиктирилбестен ага тете ыңгайлуулуктары бар турак жайлар кезексиз берилет.

Сурак жүргүзгөн органдардын, алдын ала тергөөнүн, прокуратуранын жана соттун мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында аскер кызматчыларына келтирилген зыян министерстволор жана ведомстволор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте төлөнүп берилет.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аскер кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик кызматтан бошотулган жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөөгө укуктуу.

Аларды укуктук коргоо чараларын, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган камсыз кылуунун материалдык жана башка түрлөрүн кошуп алганда, аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктер ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары аркылуу жокко чыгарылышы же андан башкача төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес.

Аскер кызматчыларына коюлган милдеттерди кандай гана шарттарда болбосун, анын ичинде өмүр үчүн тобокелдик менен кыйшаюусуз аткаруунун зарылдыгына байланышкан Кыргыз Республикасын куралдуу коргоого карата даярдык боюнча милдеттер жүктөлөт. Аскер кызматчыларына жүктөлгөн милдеттердин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларга социалдык кепилдиктер жана компенсациялар берилет.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

28-статья. Аскер кызматчыларын милдеттүү мамлекеттик жеке камсыздандыруу

 

Аскер кызматчылары, ошондой эле убактылуу аскер жыйындары өткөрүлгөн мезгилде аскер кызматына милдеттүүлөр аскер кызматына убактылуу аскер жыйынга кирген (тартылган) учурдан тартып аскер кызматынын милдеттерин аткаруу мезгилинде кызмат адамдарынын укукка сыйышбас иш-аракеттеринин айынан алар курман болгон (өлгөн), майып (жарадар, контузия) болгон, ден соолугунан ажыраган, жашоо үчүн өздөрү тандап алган жерде аскер кызматын өтөөгө байланыштуу бөөдө кырсык учурларына милдеттүү мамлекеттик жеке камсыздандырууга жатат.

Камсыздандыруунун тартиби, шарты жана камсыздандыруу суммаларын төлөө өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

29-статья. Курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылуу

 

Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон аскер кызматчысынын үй-бүлөсүнө зарыл учурда ыңгайлуулуктары бар кезексиз квартира алуу же турак жай шартын жакшыртуу укугу берилет.

 

30-статья. Аскер кызматчысына анын менчик мүлкүн бузуу, жок кылуу же жоготуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

Аскер кызматчысына жана анын үй-бүлөсүнө аскер кызматынын милдеттерин же аскердик парзын аскер кызматчысынын аткаргандыгына байланыштуу менчик мүлкүн бузуу, жок кылуу же жоготуу менен келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук көлөмүндө толтурулуп берилет.

 

V бөлүм
 Аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги, мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

31-статья. Аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги

 

Аскер кызматчылары же аскер жыйындарына чакырылганда жарандар жасаган укук бузуулардын мүнөзүнө жана оордугуна жараша колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тартиптик, администрациялык, материалдык, жарандык-укуктук жана жазык жоопкерчиликтерине тартылышат.

Аскер кызматчылары аскердик наамына жана кызмат абалына карабастан мыйзам алдында бирдей.

(КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев