Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\d93c5f0f-7ddc-4c51-ab63-6af16112e2f3\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 7-декабры № 2078-VI

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө" өкмөттүк күнгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.

Өлкөнүн калкынын социалдык-экономикалык абалына таасир этүүчү макроэкономикалык туруксуздуктун шартында мамлекеттик мүлктү башкаруу аны сапаттуу, натыйжалуу башкарууну арттыруунун жаңы ыкмаларын жана усулдарын талап кылган актуалдуу көйгөй болуп калууда.

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна баа берүү маселелери мамлекеттик бийлик органдары үчүн, ошондой эле коом үчүн актуалдуу. Коомго ал мамлекеттик институттардын ишинин сапатын контролдоого мүмкүндүк берет, ал эми жетекчилерге жана мамлекеттик кызматчыларга өзүн-өзү контролдоо, башкаруу процессин өркүндөтүү үчүн керек.

"Өкмөттүк күндүн" тартибине киргизилген мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү башкаруунун натыйжалуулугунун маселелери жер казынасын пайдалануу жана жерлерди башкаруу чөйрөсүн козгобойт, анткени булар өзүнчө жана өз алдынча карап чыгууну талап кылган көп аспекттүү көйгөйдүн темалары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 244-б буйругу менен жактырылган Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо концепциясына (мындан ары - Концепция) ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу экономиканы мамлекеттик жөнгө салуунун жана мамлекет менчик ээсинин функцияларын ишке ашырышынын куралынын бири болуп саналуу менен төмөнкүдөй максаттарга - биздин мамлекеттин, коомдун жана калктын жалпы улуттук кызыкчылыктарында мамлекеттик менчик объекттеринин бүткүл жыйындысынын бүтүндүгүнө, сакталышына, ойдогудай колдонулушуна, сапаттык параметрлерин өнүктүрүүгө жана жакшыртууга, натыйжалуу иштешин жана сарамжалдуу колдонулушун камсыз кылууга шайкеш келүүгө тийиш.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө Кыргызстандын тажрыйбасы чейрек кылымды түзөт, бирок бул чөйрөнү натыйжалуу жана ийгиликтүү деп мүнөздөө кыйын. Практика көрсөтүп тургандай, бул сектордо натыйжалуу башкаруунун өзөктүү көйгөйлөрү чечилбеген бойдон калууда. Алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:

- төмөнкүлөрдөн улам мамлекеттик мүлктү башкарууга чакырылган мамлекеттик органдын ишинин натыйжасыздыгы:

мамлекеттик мүлктү башкаруу маселесине мамлекет тарабынан системасыз жана ырааттуу эмес мамиледен;

мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү жана аны инвентаризациялоо боюнча көп жылдык иштердин аяктабагандыгынан;

квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен, аларды материалдык жактан начар стимулдаштыруудан жана алардын көп кетип калышынан;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - ММБФ), мамлекеттик корпорацияларга (мамлекеттин катышуусу бар чарба жүргүзүүчү коомдор) жана стратегиялык башкаруу жана кадр саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга куратордук кылган тармактык министрликтердин жана ведомстволордун аракеттериндеги макулдашылбагандык. Мунун натыйжасы - мамлекеттик корпорациялардын директорлор кеңештеринин формалдуу түзүмдөргө айланышы;

- көп сандагы мамлекеттик ишканалар алардын иштешинин ачык эмес шарттары жана алардын ишинин коом үчүн белгисиз натыйжалары менен катар алар мамлекеттик каражаттарды пайдаланышынын натыйжасынын төмөндүгү жана аларга контролдун жетишсиздиги жөнүндө тастыктап турат;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууда маселелерди саясатташтыруу саясий максатка ылайыктуулуктун экономикалык натыйжалуулукка жана башкаларга басымдуулук кылышына алып келүүдө.

Саналган көйгөйлөр мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бышып жетилген реформалар жөнүндө тастыктады жана кабыл алынган Концепцияга таянуу менен 2017-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) төмөнкүлөргө тийиш болчу:

- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча реформанын айрым этабын аяктоого;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органдын ишинин жана аны каржылоонун принциптерин кайра курууга;

- башкаруунун заманбап, негизделген жана ачык усулдарына өтүүгө;

- мамлекеттик мүлктү башкаруунун жыйынтыктарына жана натыйжалуулугуна баа берүүгө;

- мамлекеттик менчикти каттоону жана баалоону аяктоого;

- бул жөнүндө коом алдында ачык отчет берүүгө.

Бирок, мамлекеттик мүлктү башкаруу системасында реформа иш жүзүндө жүргүзүлбөйт жана кабыл алынган Концепциянын аткарылышы жүзөгө ашырылбайт. Көрсөтүлгөн Концепцияны аткаруу үчүн Өкмөт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 667 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасындагы улуттук холдинг компаниялары жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамдардын долбоорлорун гана иштеп чыкты, бирок алар Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүндө колдоого ээ болгон жок. Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Өкмөттүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 140 токтому менен Жогорку Кеңештен кайра чакыртып алынган.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Граждандык кодекстен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдан, "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" мыйзамдардан тышкары, мамлекеттик ишканаларды жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду башкаруу маселелери жана башкалар Өкмөттүн дагы 30га жакын ченемдик укуктук актыларында чагылдырылган. Мында Өкмөттүн ушундай кыйла санда кабыл алынган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана жетиштүү деңгээлде башкарууга мүмкүндүк бербейт.

Мамлекеттик уюмдардын чарбалык карамагында жана ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик менчик объекттери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсепке алуу жөнүндө маалыматтардын объективдүүлүгүн камсыз кылуу көйгөй бойдон калууда.

Жогорку Кеңеш бул маселени карап чыккан жана 2016-жылдын 19-майында тиешелүү токтом кабыл алган. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасын (мындан ары - ЕРГИ МАИС) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналган ММБФ аны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсепке алуу процессин жөнгө салуучу документтердин пакети бекитилген, ошондой эле мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону жана эсепке алууну жүргүзүүгө байланышкан бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

MDTF № ТF 013478 грантын берүү жөнүндө Өкмөт менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы макулдашууга ылайык ишке ашырылган "Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу" долбоорунун 2016-жылы аяктагандыгына карабастан мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана инвентаризациялоо боюнча иш азыркы учурга чейин аяктай элек.

Ал гана эмес, жооптуу компетенттүү адамдардын, иштин логикасын түшүндүрүүчү техникалык коштоо боюнча нускаманын, бардык зарыл жеткиликтүүлүк ачкычтарынын жана программаны андан ары коштоо үчүн комментарийлери бар ЕРГИ МАИСтин толук баштапкы кодунун жоктугуна байланыштуу ЕРГИ МАИСтин иштеши үзгүлтүккө учурай турган коркунуч бар.

Мамлекеттик менчиктин түзүмүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик ишканалардын санын кыскартуу жагынан соңку жылдардын ичинде көрүлүп жаткан аракеттер системалык эмес мүнөздө. Жыйынтыгында натыйжа жок.

Алсак, ММБФнын маалыматтары боюнча 2016-жылдын 1-январына карата абал боюнча 1130 мамлекеттик ишкананын ичинен (оптималдаштырууга чейин) иштеп жаткандардын саны 236ны, иштебегендер - 894тү түздү. 2017-жылдын 22-ноябрына карата абал боюнча дагы 780и иштебеген бойдон калууда, иштеп жаткандары - 99.

Өкмөттүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 токтому менен түзүлгөн Мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алкагында 2016-жылдын жана 2017-жылдын он айынын ичинде 124 мамлекеттик ишкана боюнча жоюу, кайра уюштурууга - 43, өзгөртүп түзүүгө - 90, алардын ичинен 2017-жылы - 49 мамлекеттик ишкана боюнча чечим кабыл алынды.

Белгилеп кетүү зарыл, бул маалымат талап кылынган жол-жоболорду аяктоону эске албастан жоюу, кайра уюштуруу, өзгөртүп түзүү жөнүндө Өкмөттүн кабыл алынган токтомдорунун негизинде гана түзүлгөн жана Юстиция министрлигинин органдары аркылуу өткөн иш жүзүндө жоюлган, өзгөртүп түзүлгөн, кайра уюштурулган мамлекеттик ишканалардын саны жөнүндө толук маалымат жок.

Мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын реестрин (эсебин) ойдогудай эмес жүргүзүүдөн, ММБФнын Улуттук статистикалык комитет, Юстиция министрлиги менен өз ара аракеттенүүсүнүн жоктугунан улам мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын саны боюнча маалыматтар дал келбейт. Мисалга алсак, 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын саны, ММБФнын маалыматтары боюнча, 104тү, ал эми Улуттук статикалык комитеттин маалыматтары боюнча 265ти түзөт.

Эгерде ММБФнын маалыматтары боюнча катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын саны 59ду түзсө, өз кезегинде, Улуттук статистикалык комитет ушундай АКлар боюнча өзүнчө эсепти жүргүзбөйт.

Азыркы учурда мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жагынан көрүлүп жаткан бардык чаралар эскирген абалда турган жана моралдык жактан эскирген, менчиктештирилүүгө тийиш болгон мүлктү сатууга, ошондой эле мамлекеттик ишканалардан жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКдан алынган кирешелер боюнча (дивиденддер, пайдадан чегерүүлөр, ижарадан) маалыматтарды чогултууга келип такалууда.

Бүгүнкү күндө мамлекет 59 акционердик коомдо акционер болуп саналат, алардын ичинен 22 компания стратегиялык болуп саналат жана экономиканын эң жогорку кирешелүү чөйрөлөрүндө ишин жүзөгө ашырат.

Өкмөттүн токтомуна ылайык азыркы учурда мамлекеттик ишканалар ММБФга кураторлук кылуучу мамлекеттик органдар менен макулдашылган ишкананын бюджетин жана отчетун берет. Мында кураторлук кылуучу мамлекеттик органдар кураторлук кылынып жаткан ишканалардын ишинин натыйжалуулугуна, алардын өндүрүмдүүлүгүнө (кирешелүүлүгүнө), төмөн пайдалуулугуна (жоготууларга) таасир этүүчү факторлорду, чыгымдардын кыскарышын талдабайт, ал эми ММБФ жалпы финансылык отчеттуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн (тиркемелери бар баланс) мониторинги жана болжолдонгон бюджеттердин талдоосун жүргүзүү менен чектелген.

Алсак, ММБФнын маалыматтары боюнча 46 мамлекеттик ишкананын таза пайдасы соңку 3 жылда кыйшаюусуз төмөндөөдө жана төмөнкүлөрдү түздү:

2014-жылы - 1,2 млрд. сом;

2015-жылы - 825 млн. сом;

2016-жылы - 948 млн. сом.

Мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын финансылык-чарбалык ишти толук талдоонун жоктугу жана мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу, республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүчү акча каражаттарынын өз учурунда жана толук келип түшүшү боюнча чараларды кабыл албоо алардын ишин оптималдаштыруу боюнча жетишсиз иштин фактору болуп саналат.

"Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" Өкмөттүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 токтомуна ылайык мамлекеттик ишканалар "Кыргыздипсервис" жана ЖАМКнын алдындагы "Келечек" пайдадан 50%дык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулган, ал эми Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигацияга" бошотулган каражаттар конкреттүү кайсы максаттарга колдонууга тийиш экендигин көрсөтпөстөн; 2015-2016-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча алынган таза пайданын 25 пайызын гана которууга уруксат берилген. Бул мамишканалардын иши алда канча натыйжалуу болуп калгандыгы же жоктугу жөнүндө да маалымат жок.

Мындан тышкары, ММБФ көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар боюнча бошотулган пайданы пайдалануу жөнүндө отчетторду талап кылган эмес, мисалга, КТРКнын "Республикалык радиотелеборбору" мамлекеттик ишканасы боюнча 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча пайдадан чегерүүлөрдүн бошотулган жана мамлекеттик ишканага кала турган суммасы 42,7 млн. сомду түзгөн, ал эми "Инфоком" мамлекеттик ишканасында 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча суммасы 59,2 млн. сомду түзгөн. Мында бошотууну алуу мезгилине карата көрсөтүлгөн ишканалардын пайдасынын кескин өсүшү белгиленген. Мисалы, 2015-жылга карата "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы боюнча пайданын өсүшү 3,1 эсени түзгөн (2015-ж. - 62020,8 миң сом, 2016-ж. - 192279,6 миң сом), "Инфоком" боюнча - 9,3 эсе (2015-ж. - 12664,5 миң сом, 2016-ж. - 118375,1 миң сом, КТРКнын "Республикалык радиотелеборбору" - 32,8 эсе (2016-ж. - 2606,0 миң сом, 2015-ж. - 85411,7 миң сом).

Мамлекеттик ишканаларды башкаруу боюнча функциялар мамлекеттик тармактык органдардын жана ММБФнын ортосунда так бөлүштүрүлбөгөндүгү жана ММБФда мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча куратордук кылган тармактык министрликтерге жана ведомстволорго карата чара көрүү үчүн мыйзамдуу түрдө бекитилген өбөлгөлөрдүн жоктугу жана азыркы учурда мамлекеттик ишканалардын ишинин тиешелүү өлчөмдө жөнгө салынбагандыгы жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себеби болуп саналат.

Мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин түпкү натыйжаларга кызыкдар эместиги, куратордук кылуучу уюмдардын (министрликтердин) кызыкчылыктарын тейлөө, өндүрүмдүүлүктүн (кирешелүүлүктүн) төмөндүгү, пайданын төмөндүгү же чыгашалуулугу административдик чыгымдардын көбөйүшү, мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жетишсиз квалификациялык деңгээли, куратордук кылынуучу мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун талдоонун жоктугу иштебеген, чыгашалуу ишканалардын санынын көбөйүшүнө алып келди, андай ишканалардын саны республикада 800дөн ашуун.

Мамлекеттик органдардын макулдашылбаган аракеттери, алар тарабынан кадрларды дайындоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун талаптарын аткарбагандыгы ошондой эле мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугуна таасирин тийгизүүдө.

Мисалы, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине жана "Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерди башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Өкмөттүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык (2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясында) мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу куратордук кылуучу мамлекеттик органдар Фондго сунуш кылган адамдардын ичинен ММБФнын сунушу боюнча Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырылат.

Бирок бүгүнкү күнгө карата абал боюнча иштеп жаткан 99 мамлекеттик ишкананын ичинен Премьер-министр тарабынан 45 ишкананын гана жетекчилери дайындалган, калган 54ү куратордук кылган тармактык мамлекеттик органдардын чечимдери менен дайындалган, ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык министрликтер менен ведомстволор өз чечимдерин кураторлук кылынуучу мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин дайындоо тартибине ылайык келтирүүгө тийиш болучу.

Ошентип, айрым мамлекеттик органдар жогоруда көрсөтүлгөн токтомду ушул мезгилге чейин аткара элек.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматтары боюнча катышуунун мамлекеттик үлүшү бар 13 субъект банкроттук процессте, ал 4 жылдан 21 жылга чейин уланууда ("Чаткал көмөк" АКсы - 1996-жылдын ноябрынан тартып мамлекеттик үлүшү 70%, "Продукцияны клирингдик берүү үчүн эсептешүүлөр боюнча борбор" МИси - 2000-жылдан тартып - мамлекеттик үлүшү 100%, 4 ишкана боюнча 14 жыл бою ("Кыргыз атайын курулуш монтаж" АООТ, 80% , "Көк Жаңгак шахтасы" МАКы - 2003-жылдан тартып 70%, "Коргон-Таш шахтасы" АООТу, 70% жана "Ак-Була" АКсы 2004-жылдан тартып 51%, 2009-жылдын октябрынан тартып - "Ак-Улак" разрези" ААКсы 70%, "Комсвязь" ЖЧКсы - 2011-жылдан тартып 100% жана башкалар (2017-жылдын 14-ноябрындагы маалыматтар).

ММБФнын маалыматтары боюнча, катышуунун мамлекеттик үлүшү бар 6 ААК банкроттук процессинде: "Азия Универсал Банк" ААКсы (100%)", "Жибек Жолу" ААКсы (100%)", "Кыргызалко" МАКы (97,5%)", "Строитель" ААКсы (10%)", "Сүлүктүкөмүр" ААКсы (45%)", "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ААКсы (100%)".

Көрсөтүлгөн фактылар субъекттердин саны жана аталышы боюнча маалыматтардын шайкеш келбей тургандыгын тастыктап турат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу мамлекет бул маселени чечүүгө кызыкдар эмес деген пикир пайда болот.

Республиканын мамлекеттик мүлкүнүн ижара келишимдеринин реестрин талдоодо Кыргыз Республикасында укуктук реформага жана мамлекеттик бюджеттин ачыктыгына көмөктөшүү боюнча Европалык бирликтин, USAID'дин жана ПРООНдун долбоорлорунун колдоосу менен Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча 2013-жылы жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуулугун талдоонун натыйжалары боюнча ижара акысы боюнча суммалар жагынан реалдуу кырдаалга дал келбестиктер табылган.

Алсак, мамлекеттик мүлктү ижарага алуучулардын көпчүлүгү пайда алышынын деңгээли жогору болгон, финансылык жактан туруктуу уюмдардын бири болуп саналганына карабастан, ижара акысынын суммасы аларга рыноктук бааны эсепке албастан берилген жана дээрлик 10 эсе төмөндөтүлгөн.

Айрым көйгөйлөр Эсептөө палатасы тарабынан, Салык кызматынын текшерүүлөрү менен ММБФнын, мамлекеттик ишканалардын, катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын ишинин аудитинин натыйжалары боюнча табылды.

Эсептөө палатасынын пикири боюнча, мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катары, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары ММБФнын ишинде төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:

- ММБФ республикалык бюджеттин башкарылуучу кирешелерин эсепке алууну кассалык метод менен жүргүзөт, анын натыйжасында ММБФнын балансында мезгилдин башталышына жана аягына карата ижара акысы боюнча пайдадан жана балансты кармоочулардын дивиденддер жана чегерүүлөр боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин бюджетине төлөмдөр боюнча карыздардын калдыктары, ошондой эле төлөмдөрдүн убактысын өткөрүп жибергендиги үчүн пайыздардын суммалары чагылдырылбайт;

- мамлекеттик ишканалардын пайдасын республикалык бюджеттин кирешесине чегерүү жана алдыдагы жылга жана орточо мөөнөттүү келечекке карата чарба жүргүзүүчү коомдордун дивиденддерин чегерүү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү түзүү тартиби жок, бул республикалык бюджеттин кирешелерин так эмес пландаштырууга өбөлгө болуп саналат;

- ижарага алынган мамлекеттик мүлк үчүн ижара акысын өз учурунда төлөө контролдонбойт жана камсыз кылынбайт;

- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы аткарылбайт;

- дивиденддер боюнча кирешелерди ойдогудай божомолдоо жана контролдоо камсыздалбайт;

- ижарага алуучу келишимдик милдеттенмелерди аткарышынын мониторинги жүргүзүлбөйт, ошондой эле ижарага тапшырылуучу имараттардын жана курулмалардын аянттары, жер участоктору боюнча жыйынды маалымат жок;

- мамлекеттик органдардын эсебиндеги жер участокторун ижарага берүүнү жөнгө салуучу ченемдик актылар жок.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, 2015-жылдын ичинде мамлекеттик ишканаларда жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар 46 ишканада аудит жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп 101732,3 миң сомго финансылык бузуулар табылган, 103274,2 миң сомдун орду толтурулууга тийиш жана 83341,2 миң сомдун орду толтурулду. 2016-жылдын ичинде 46 аудит жүргүзүлдү, 52487,3 миң сомдук финансылык бузуулар табылды, 52631,93 миң сомдун орду толтурулууга тийиш жана 25055,83 миң сомдун орду толтурулду. 2017-жылдын 9 айынын ичинде 12 аудиттин жыйынтыктары боюнча 12439,9 миң сомдук бузуулар табылды, 11639,6 миң сомдун орду толтурулууга тийиш, 2224,4 миң сомдун орду толтурулду.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2014-жылдан тартып азыркы учурга чейинки мезгилдин ичинде республиканын укук коргоо органдары мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун кызматкерлерине карата 258, анын ичинде прокуратура органдары - 147, ИИМ - 45, УКМК - 52, ЭККМК - 14 жазык ишин козгогон.

Тергөөнүн натыйжалары боюнча козголгон жазык иштеринин ичинен 91 өндүрүш иши убактылуу токтотулган, 32 өндүрүш иши токтотулган, 120 маңызы боюнча кароо үчүн республиканын тиешелүү аймактык сотторуна жөнөтүлгөн, 15 иш азыркы учурда тергөө стадиясында турат.

Мында, алда канча көп сандагы козголгон жазык иштери төмөнкүлөргө туура келет: "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасына - 50; Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер Курулушка" - 16; "Кыргызтемиржолуна" - 9; "Ошэлектро" ААКсына - 9; "Майлуу-Сай жылуулук менен жабдуу ишканасына" - 7; "Электр станциялары" ААКсына - 6; "Ош Тазалык" МИсине - 6; "Инфокомго" - 6; "Дан" ишканасына - 6.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтары боюнча, 2014-жылдан тартып 2016-жылга чейинки мезгилдин жана 2017-жылдын 6 айынын ичинде жалпы суммасы 130811,3 миң сом салык кошумча чегерилген, салыктарды жана туумдун суммасын төмөндөткөндүгү үчүн салык санкцияларынын өлчөмү 48321,9 миң сомду түзгөн. Кошумча чегерилген жалпы сумманын ичинен 64117,2 миң сомдун же 49%дын ордун толтуруу камсыздалган.

Бүгүнкү күндө учурдагы салыктар боюнча 56 мамлекеттик ишкананын 79666,1 миң сомдук жалпы суммадагы карызы бар. Ири карызкорлор болуп төмөнкүдөй мамлекеттик ишканалар саналат: "Бишкек штамптоо заводу" - 63991.7 миң сом, "Кыргызкөмүр" - 11923,4 миң сом, "Президенттин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаментинин алдындагы № 3 дирекция" - 456,2 миң сом, "Сокулук гидрогеологиялык партиясы" - 435,7 миң сом.

Көрсөтүлгөн маалыматтар катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттер каражаттарды максаттуу, натыйжалуу пайдаланышына, бюджеттин алдындагы милдеттенмелерди аткарышына куратордук кылуучу министрликтер, ведомстволор тарабынан контролдун жоктугу жөнүндө тастыктап турат. Мында салыктарды жана туумдун суммасын төмөндөтүү үчүн чегерилген салык санкциялары каражаттарды чарба жүргүзүүчү субъекттин жүгүртүүсүнөн ашкере алып коюуга алып келээрин жана алардын финансылык абалына терс таасирин тийгизээрин белгилеп кетүү керек.

Эсептөө палатасы, ошондой эле Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары куратордук кылуучу мамлекеттик органдарда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талкууланбайт, ага ылайык табылган бузууларга жол берген кызмат адамдарына карата чаралар көрүлбөйт. Бирок алар сөзсүз түрдө аңдап-түшүнүүнү, талдоону жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууну талап кылат.

Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жөнүндө маселеде кардиналдуу реформаны жүргүзүү үчүн талдоо изилдөөлөрү өз убагында жүргүзүлгөн, атап айтканда төмөнкү темалар боюнча:

- Кыргыз Республикасында укуктук реформага жана мамлекеттик бюджеттин ачыктыгына көмөктөшүү боюнча Европа Бирлигинин, USAIDдин жана ПРООНдун долбоорлорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча даярдалган жана 2013-жылы жарыяланган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуулугун талдоо";

- 2014-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту даярдаган "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсы жана "Кыргызтелеком" ААКсы боюнча катышуунун мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишин финансылык талдоо".

Бул изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруунун учурдагы практикасында кемчиликтер жана көйгөйлөр табылган жана ага ылайык аларды жоюу боюнча тиешелүү сунуштамалар берилген.

Тилекке каршы, иш жүзүндө бардык табылган сын-пикирлер жана белгиленген көйгөйлөр азыркы учурда да орун алуусун улантууда.

Мында Өкмөт өз учурунда жана радикалдуу чараларды көргөн эмес, министрликтер менен ведомстволордун, анын ичинде ММБФнын ишине жетиштүү контролдук жүзөгө ашырылбаган, Өкмөттүн жыйналыштарында мамлекеттик мүлктү башкаруу маселеси боюнча мамлекеттик органдардын отчеттору угулган эмес.

"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунда Өкмөт токтоп турган же колдонулбаган аянттарды, башпааналарды жана башка негизги фонддорду ишкердик субъекттерине жеңилдетилген негизде берүү системасын жетиштүү өлчөмдө колдонбой жатат деп белгиленген. Ошентип, көрсөтүлгөн тапшырма боюнча да ушул учурга чейин тиешелүү чаралар көрүлө элек.

Мамлекеттик менчик иштөөгө жана киреше алып келүүгө тийиш. Бул үчүн ушул мүлктү башкаруунун усулдарын, формаларын жана механизмдерин жаңылоо зарыл жана мамлекет бул чөйрөдө туруктуу иш алып баруусу керек.

Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.С.Абдыгуловдун маалыматы эске алынсын.

2. Өкмөт:

кураторлук кылынуучу мамлекеттик ишканаларда божомолдонгон көрсөткүчтөрдү аткарбоого, салык жана финансылык мыйзамдарды бузууга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилигин карасын;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу, анын ичинде жер казынасын пайдалануу жана жерлерди башкаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын;

менчиктештирилген, улутташтырылган объекттерди башкарууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу боюнча маселелерди иштеп чыксын жана бул чөйрөгө инвестицияларды тартуу боюнча ишти жандандырсын;

мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо Концепциясын ишке ашыруунун мониторингин жана ага баа берүүнү жүргүзсүн жана тиешелүү сунуштарды киргизсин;

2018-жылдын 1-февралына карата эксперттердин жана кеңешчилердин тобун тартуу менен, катышуунун мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун натыйжалуулугун талдоо, каржылык абалын жана критерийлерди баалоо усулун жана бизнес-планды аткаруу көрсөткүчтөрү боюнча жетекчилердин ишмердүүлүгүн натыйжалуу баалоо усулун (КРI) иштеп чыксын;

2018-жылдын 1-февралына карата мамлекеттик менчик объекттерин толук инвентаризациялоону жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестринин" автоматташтырылган маалымат системасын киргизүүнү аяктасын;

мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын тизмесин тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Юстиция министрлигинин органдары менен биргелешкен ишти жүргүзсүн;

мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын ишинин натыйжалуулугун жана жыйынтыктуулугун аныктоо максатында кийин ММБФнын сайтына жарыялоо менен алардын финансылык абалынын мониторингин жана баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзсүн;

иштин ачыктыгын камсыз кылуу максатында кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жарыялоо менен мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын реестрин алардын финансылык ишинин натыйжалары менен дайыма жаңылап турсун;

иштебеген акционердик коомдор боюнча маммүлк объектилерин мындан ары оптималдаштыруу жана акционердик коомдордо мамишканаларды кайра түзүү боюнча сунуштарды киргизсин;

рентабелдүү эмес, чыгашалуу жана банкроттук процессинде турган мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын төлөө кудуретин калыбына келтирүү жана чыңдоо максатында реабилитациялоо, санациялоо жана реструктуралаштыруу жол-жоболорун колдонуу механизмдерин жандандырсын жана өркүндөтсүн;

мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар АКлардын ишин жөнгө салуучу бирдиктүү ченемдик укуктук актыга бириктирүү максатында мамлекеттик менчикти башкаруу боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоону жүргүзсүн жана системага келтирсин;

бюджетке кошулуучу суммаларды өз убагында төлөбөгөн учурда ММБФ тарабынан чараларды камсыз кылуучу жана жөнгө салуучу же төлөмдөрдүн келип түшүшүн контролдоону алда канча таасирдүү чараларды көрүү үчүн кураторлук кылуучу ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин;

мамлекеттик ишканаларды башкаруу боюнча функцияларды тармактык мамлекеттик органдардын жана ММБФнын ортосунда так бөлүштүрсүн, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишин контролдоо боюнча ММБФнын ыйгарым укуктарын күчөтсүн;

ведомствого караштуу мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкаруу маселелери боюнча куратордук кылынган министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин отчетторун угууну практикаласын;

баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу жана мүлктү баалоо боюнча адистерди кесиптик даярдоого жогорку талаптарды белгилөө маселелерин караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;

"Красная Гвоздика" (Таш-Дөбө айыл өкмөтү) жайкы эс алуу лагери, "Алтын-Балалык" реабилитациялоо борбору (Чолпон-Ата шаары), Москва крахмал-патока заводу, Айдаркен сымап комбинаты боюнча, Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка ооруканасын сатуу, "Идеал Хаус" мүлк комплексинин 48 коттеджин сатуу, "Элдик" МИсине өткөрүлүп берилген К.Батыровдун улутташтырылган объектилерин Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү, "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын иши, ошондой эле рентабелдүү эмес мамлекеттик ишканалар боюнча 2018-жылдын 1-февралына карата кеңири маалымат берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына катышуунун мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишинин эффективдүүлүгү боюнча аудит жүргүзүү жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине (өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө ошондой эле, каралган убакытта конкреттүү жетекчилерди көрсөтүү менен) баа берүү тапшырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Идеал Хаус" мүлк комплексинин 48 коттеджинин сатылышына жана укуктук баа берилишин 2018-жылдын 1-февралына карата тапшырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты 2018-жылдын 1-июнуна чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков