Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\eb2269de-e995-4c20-8cbe-72ff6f525f31\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 31-майы № 2445-VI

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-февралында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Бекешев Дастан Далабаевич - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, макулдашуу тобунун төрагасы;

Жунус уулу Алтынбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Сабиров Максат Эсенович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Кодуранова