КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
(КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 147
Мыйзамынын редакциясына ылайык
КҮЧҮН
ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1992-жылдын 18-декабры № 1095-XII
Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык жана Граждандык кодекстерине өзгөртүү киргизүү жөнүдө
(КР 1998-жылдын 5-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз ССРинин Закону менен 1964-жылы 30-июлунда бекитилген Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексине (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1964-ж., № 33, 62-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 26-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«Сотторго»
эгерде талаш-тартышта тараптардын бири гражданин болуп саналса, анда мындай талаш-тартыштарды чечүү административдик же башка органдардын кароосунамыйзам тарабынан таандык кылынган учурларды кошпогондо, граждандык, үй-бүлөлүк, эмгектик укук мамилелеринен улам келип чыккан талаштар боюнча иштерди кароо тиешелүү».
2. 89-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 91 пункт менен толукталсын:
«91 баардык деңгээлдеги мамлекеттик салык инспекциялары - салык мыйзамдарын бузуу менен байланышкан иштер боюнча арыздардын сотко берилиши үчүн».
II. (КР 1998-жылдын 5-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
III. Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |